Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 токтомуна ылайык күчүн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2021-жылдын 22-январы № 20

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Коронавирустук инфекция пандемиясынын шарттарында жүргүзүлүүчү салык саясатынын ырааттуулугун камсыз кылуу, ошондой эле салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын натыйжалуу киргизүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-пунктунда:

- 1 жана 4-пунктчаларындагы "январынан" деген сөз "апрелинен" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 2-пунктчасындагы "январына" деген сөз "апрелине" деген сөз менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын ишке киргизүүнүн алкагында субъекттердин контролдук-кассалык машиналарга өтүү жана колдонуу графигинде:

- 3 жана 4-пункттарындагы "январынан" деген сөз "апрелинен" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 1-таблицасынын "1-этап (Бишкек жана Ош шаарларында)" главасынын 1 жана 2-пункттарындагы "январынан" деген сөз "апрелинен" деген сөз менен алмаштырылсын;

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө жараша контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алган субъекттердин тизмегинде:

1-таблицасынын 1-пунктунун 1, 2 жана 3-пунктчаларындагы "январына" деген сөз "апрелине" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана  2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

 

А.Э. Новиков