Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
2021-жылдын 15-февралы № 40
"Телемедициналык кызмат көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Иманалиев, К.Ж.Рыспаев, А.У.Жапаров, Жунус уулу А., Н.В.Никитенко, М.А.Маматалиев, Дж.А.Бакчиев, Б.С.Турусбеков, Б.И.Сулейманов, А.Б.Баатырбеков, А.А.Аскарова, А.Ш.Осмонова, М.Э.Мавлянова, Д.Э.Толонов, Т.Г.Тиллаев, Ж.К.Акаев, Д.Д.Бекешев, С.Шер-Нияз, М.И.Бакиров демилгелеген "Телемедициналык кызмат көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| У.Марипов |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-февралындагы № 40 токтому менен жактырылган |
"Телемедицина кызматтары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Иманалиев, К.Ж.Рыспаев, А.У.Жапаров, Жунус уулу А., И.В.Никитенко, М.А.Маматалиев, Дж.А.Бакчиев, Б.С.Турусбеков, Б.И.Сулейманов, А.Б.Баатырбеков, А.А.Аскарова, А.Ш.Осмонова, М.Э.Мавлянова, Д.Э.Толонов, Т.Г.Тиллаев, Ж.К.Акаев, Д.Д.Бекешев, С.Шер-Нияз, М.И.Бакиров демилгелеген "Телемедицина кызмат көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзамдын долбоору) карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Сунушталып жаткан мыйзамдын долбоорунда Кыргыз Республикасында телемедицина кызматтарын көрсөтүү процесстерин жөнгө салуу сунушталат.
Мында мыйзамдын долбоорунун 2-беренесине ылайык "телемедицина" - аралыктык консультациялык-диагностикалык медициналык кызмат көрсөтүү системасынын ишин камсыз кылуучу уюштуруу, технологиялык дана финансылык иш-чаралардын комплекси, мында түздөн-түз текшерилген пациент же пациентти дарылоо жүргүзгөн врач заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияны пайдалануу менен адис-медиктерден аралыктык консультацияларды ала алышат.
Аралыктык методду пайдалануу менен медициналык консультация өткөрүүнү ушундай таризде түшүнүүгө болот.
Ошондой эле "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык аталган Мыйзам Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо маселелерин жөнгө салуучу негизги ченемдик укуктук акт болуп санала тургандыгын белгилеп кетебиз.
Мындан тышкары, жарандардын саламаттыгын сактоо маселелери "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө", "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө", "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана саламаттык сактоо жаатындагы башка адистешкен ченемдик укуктук актылар менен регламенттелет.
Ушуга байланышуу жарандардын саламаттыгын сактоого байланышкан укуктук мамилелер адистешкен ченемдик укуктук актылар болуп эсептелген, жогоруда аталган мыйзамдар менен жөнгө салына тургандын эске алуу менен аларга телемедицина кызматтарын көрсөтүү боюнча тиешелүү түзөтүүлөрү киргизүү аркылуу жогоруда аталган актылардын алкагында телемедицина кызматтарын көрсөтүү маселелерин регламенттөө максатка ылайык деп эсептейбиз.
2. Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинде телемедицина жаатындагы мамлекеттик саясат жөнүндө жоболор белгиленген.
Атап айтканда мыйзамдын долбоорунун жогоруда аталган беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде телемедицина жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырышат деп белгилөө сунушталган.
Бирок Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик - мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш милдеттери менен ыйгарым укуктарын так ажыратуунун принциптерине негизделе тургандыгын белгилен кетүү зарыл.
Ошондой эле "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишин жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө ылайык жүргүзүшөт. Мында мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 2-бөлүгүндө чагылдырылган маселелер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына кирбей тургандыгын белгилейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде мыйзамдын долбоорунун 4 беренесин кошумча талдап, толуктан иштен чыгууну сунуштайбыз.
3. Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинде телемедициналык кызмат көрсөтүү системасын түзүүчү жана пайдаланууга берүүнү каржылоо милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттеринин, бюджеттик эмес фонддордун каражаттарынын эсебинен ишке ашырыла тургандыгын белгилөө сунушталууда.
Муну менен бирге "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык медициналык милдеттүү камсыздандыруунун максаты болуп камсыздандырылган жарандардын медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасынын чектеринде сапаттуу медициналык жана алдын алуу жардамдарын кепилденген камсыздоо саналарына көңүл бурабыз.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети республикалык жана жергиликтүү бюджеттен турат, ал мамлекеттин кирешелерин жана чыгашаларын өзүнө камтыйт.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 14-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыктыярдуу кайрымдуулуктардын эсебинен түзүлүүчү фонддорду кошпогондо, бюджеттик эмес фонддорду түзүүгө тыюу салына тургандыгын белгилеп кетүү керек.
Баяндалгандарды эске алуу менен мыйзамдын долбоорунун 6-беренесин кайра карап, толуктан иштен чыгууну сунуштайбыз.
4. Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинде телемедицина жаатындагы адистерди даярдоо жана сертификациялоо маселелерин жөнгө салуу сунушталат.
Ушуну менен бирге тиги же бул тармактагы адистерди даярдоо маселелери "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынарын эске алуу менен мыйзамдын долбоорунун 7-беренесин алып салууну сунуштайбыз.
5. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинде "телемедициналык кызмат көрсөтүүчүлөр", "телемедициналык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр", "телемедициналык кызмат көрсөтүүнүн провайдерлери" деген сыяктуу түшүнүктөрдү ачып бергендиктен, мыйзамдын долбоорунун ченемдеринин кайталоосун болтурбоо үчүн мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинин 1-бөлүгүн, 10-беренесин жана 11-беренесинин 1-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз.
6. 9-берене боюнча:
1) мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык телемедициналык кызмат көрсөтүүчүлөр өздөрүнүн укуктук статусу жөнүндө маалыматты электрондук түрдө берүүгө, ошондой эле мындай маалыматка жетүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
Бирок мыйзамдын долбоорунун аталган ченеминде телемедициналык кызмат көрсөтүүчүлөр жогоруда аталган маалыматты кимге жана кайда бере тургандыгы так көрсөтүлгөн эмес.
Мыйзамдын долбоорунун 11-беренесинин 3-бөлүгү, 15-беренесинин 1-бөлүгү жана 17-беренесинин 1-бөлүгү боюнча да ушундай эле сын пикирлер:
2) мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда телемедициналык кызмат көрсөтүүчүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда лицензиясынын бар экендиги жөнүндө маалыматты (лицензиянын номери, аны колдонуу мөөнөтү, лицензия берген органдын аталышы) берүүгө тийиш деп каралган.
Мында "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинде лицензияланууга тийиш болгон иштин түрлөрүнүн тизмеги берилген, ал тизмеге телемедициналык кызмат көрсөтүү боюнча иш киргизилген эмес.
7. Мыйзамдын долбоорунун 11-беренесинин 4-бөлүгүндө телемедициналык кызмат көрсөтүүчү провайдерлерден чыккан, маңызы боюнча жарнамалык болуп эсептелген маалыматтарды берүүгө карата талаптар каралган.
Мыйзамдын долбоорунун 11-беренесинин аталган бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз, анткени жарнама жаатындагы ак ниет эмес атаандаштыктан коргоо, жарнаманын керектөөчүлөрүн адаштырууга же жеке же юридикалык жактардын ден соолугуна, мүлкүнө зыян келтирүүгө алып келген же болбосо аталган адамдардын ар-намысына же ишкердик аброюна шек келтире турган талаптагыдай эмес жарнамага болот коюу - "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын максаты болуп саналат.
8. Мыйзамдын долбоорунун 14-беренесинин 2-бөлүгүндө телемедициналык кызмат алууга маалыматтык макулдук медициналык кызмат көрсөтүүгө кайрылган жерде документтештирилүүгө тийиш деп белгиленген.
"Телемедицина" термининин аныктамасын көңүлгө алып, ошондой эле телемедициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн максаты болуп кызматтарды аралыктан көрсөтүү эсептелерин эске алуу менен мыйзамдын долбоорунун бул ченемдерин ишке ашыруунун конкреттүү механизмдерин карап чыгууну сунуштайбыз.
9. Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинин 6-пунктунда, 8 беренесинде, 9-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда, 11-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда, 12-беренесинде, 14-беренесинин 3-бөлүгүндө, 20-беренесинде, 22-беренесинин 1-бөлүгүндө, 23-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүндө, 24-беренесинин 2-бөлүгүндө, 26-беренесинин 1-бөлүгүндө жана 29 беренесинин 1-бөлүгүндө толугу менен мыйзамдарга бланкеттик шилтемелер пайдаланылган.
Мында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 78-пунктуна ылайык толугу менен мыйзамдарга бланкеттик шилтемелер жасоого жол берилбей тургандыгын белгилен кетүү керек (мисалы, "мыйзамдарга ылайык жөнгө салынат").
Ушуга байланыштуу жогоруда аталган Нускаманын ченемдерин эске алуу менен мыйзамдын долбоорунун жогоруда аталган ченемдерин толуктап иштеп чыгуу керек.
10. Мыйзамдын долбоорунун 16-беренесинин 1-бөлүгүндө телемедициналык кызмат көрсөтүүчү телемедициналык кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон толук жана анык маалыматтарды керектөөчүгө бербеген учурда телемедициналык кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга укуктуу деп белгилөө сунушталган.
Дискрециялык ыйгарым укуктарды алып салуу максатында берилген маалыматтын аныктыгы кандай таризде текшериле тургандыгын тактоону жана телемедициналык кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон толук тизмесин көрсөтүүнү сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 18-беренесинин 1-бөлүгү боюнча да ушундай эле сын пикир.
11. Мыйзамдын долбоорунун 27-беренесин алып салууну сунуштайбыз, анткени Кыргыз Республикасынын аймагында автордук укук чөйрөсүндө келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен регламенттелет.
12. Мыйзамдын долбоорунун 29-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын каралып жаткан мыйзамдын долбооруна ылайык келтирүү тапшырмасы берилген.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык. Эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Ошону менен бирге кароого сунушталып жаткан мыйзамдын долбоору кабыл алына турган болсо, кайра каралууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары жөнүндө маалымат мыйзамдын долбоорунун негиздеме маалым катында да чагылдырылган эмес.
Ушундан улам Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу же аларга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгы тууралуу маалыматтар менен негиздеме маалым катты толуктоону сунуштайбыз.
Мында эгерде талдоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыкса, анда Мыйзам менен мыйзам алдындагы актылардын ортосундагы укуктук боштукту жоюу максатында Мыйзамдын долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтүн көбөйтүү зарыл.
13. Мыйзамдын долбоору ишкерликти жүргүзүү маселелерин козгойт.
Ушуга байланыштуу аталган "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык мыйзамдын долбоорунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен методикага ылайык жөнгө салуучу таасири талданууга тийиш.
14. Мыйзамдын долбооруна тиркелген негиздеме маалым кат "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин талаптарына ылайык келбейт, анткени мыйзамдын долбоору кабыл алына турган болсо. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзгөртүлүүгө тийиш болгон чечимдери жөнүндө; ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу учурунда колдонуудагы ченемдик укуктук актыны талдоо; коомдук мамилелердин ушул тармагында иштеп жаткан мыйзамдарга мониторинг жүргүзүү жана баалоо жөнүндө маалыматтар; кабыл алынуучу ченемдик укуктук актынын мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттеринин болжолдору; аны каржылоо булагынын болушу; жөнгө салуу таасирин талдоонун натыйжалары тууралуу маалыматтар жок.
Ушуну менен бирге жогоруда аталган Мыйзамдын 23-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун мөөнөтү ал жеткис күчтүн жагдайларынын шарттарында жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кошпогондо, бир айдап кем эмес болот.
Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун негиздеме маалым катын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына мыйзамдын долбоорун жайгаштыруу датасы тууралуу маалымат менен толуктоону сунуштайбыз.
15. Мыйзамдын долбоорунун негиздеме маалым катында бул мыйзамдын долбоорун кабыл алууга байланышкан чыгымдар мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат деп көрсөтүлгөн.
Ушуга байланыштуу сунушталган мыйзамдын долбоору кабыл алынса, аны ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнүүчү чыгымдарды жогорулатууну талап кыла тургандыгын белгилөө зарыл.
Бирок мыйзамдын долбооруна каржылоо көлөмү жана бюджеттин мүмкүндүгү аныктала турган финансылык-экономикалык эсептөөлөр тиркелген эмес, ошондой эле бул долбоорду ишке ашырууга керектелүүчү каржылоо булактары аныкталган эмес.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык бул мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алуу - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каржылоо булагын аныктагандан кийин гана мүмкүн болот.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук аткылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ишке ашырылуусу мамлекеттик бюджеттен каржылана турган ченемдик укуктук актыларды алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алууга болбойт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Иманалиев, Э.Б.Иманкожоева жана Б.И.Сулейманов тарабынан демилгеленген "Телемедициналык кызмат көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий корутундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы № 211 токтому менен жактырылып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилгендигин маалымат катары билдиребиз.
Мында сунушталган мыйзамдын долбоору 2012-жылы демилгеленген мыйзамдын долбоорунун жоболоруна окшош экендигин талдоо көрсөтүү.
Жалпысынан мыйзамдын долбоору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамага ылайык тыкыр иштеп чыгууну талап кылат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогорула аталган мыйзамдын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.