Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 токтомдоруна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 1-тиркеме | |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 182, 2021-жылдын 21-октябрындагы № 226 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги (мындан ары - Министрлик) төмөнкүдөй функцияларды ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин борбордук органы болуп саналат:
1) төмөнкү тармактарда мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча:
- мамлекеттик финансыларды башкаруу;
- макроэкономикалык, соода, монополияга каршы (отун-энергетика комплексинен тышкары), тарифтик, лицензиялык, инвестициялык, тышкы экономикалык, салыктык, ошондой эле бажы, камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу жана экспорттук контролдоо;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу;
- техникалык жөнгө салуу жана метрология;
- шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоонун улуттук системасы;
- адал индустриясын өнүктүрүү;
- ишкердикти өнүктүрүү;
- "жашыл" экономиканы өнүктүрүү, климаттык өзгөрүүнүн кесепеттерин жеңилдетүү жана ага адаптациялоо;
- эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү;
- мамлекеттик башкаруу секторунун ички аудити, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулугу;
- бюджеттик кредиттерди берүү;
- мамлекеттик сатып алуулар;
- салыктык эмес кирешелер;
- Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу;
- өндүрүш (баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган рудаларды казуу жана баштапкы кайра иштетүүгө байланышкан операциялардан тышкары), баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды пайдалануу, жүгүртүү, эсепке алуу жана сактоо, Кыргыз Республикасынын аймагында аталган баалуулуктар менен операцияларды аткаруу;
- банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алууну жана финансылык отчеттуулукту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу;
- интеллектуалдык менчикти коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү;
- туристтик тармакта;
2) Экономикалык кылмыштар, ошондой эле баалуу металлдар жана баалуу таштар менен операцияларды жүргүзүүдөгү бузуулар менен күрөшүү чөйрөсүндө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик төмөнкүлөрдүн укугун улантуучу болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берилүүчү аймактарды өнүктүрүү чөйрөсүндөгү функциялардан тышкары, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин;
3) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин туризм чөйрөсүндөгү функциялары бөлүгүндө.
4. Министрлик өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар, мекемелер менен өз ара аракеттенүүдө ишке ашырат.
5. Министрлик юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик, расмий жана англис тилдерине өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, банктарда эсептик, валюталык жана башка эсептери бар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаңы эсептерди ачууга укуктуу.
6. Министрлик өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерди түзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга укуктуу.
7. Министрликтин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги";
- расмий тилде: "Министерство экономики и финансов Кыргызской Республики";
8. Министрликтин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Экономфинмин";
- расмий тилде: "Минэкономфин".
9. Министрликтин жайгашкан жери: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58.
2. Министрликтин максаттары
10. Министрликтин максаттары социалдык-экономикалык прогрессти камсыздоо жана Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү, ошондой эле мамлекеттик финансыларды натыйжалуу башкаруу болуп саналат.
3. Министрликтин милдеттери
11. Министрликтин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) өлкөнү экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктоо;
2) мамлекеттик экономикалык саясатты жана мамлекеттик финансыларды жана мамлекеттик мүлктү башкаруу саясатын түзүү;
3) салык жана бажы саясатын түзүү;
4) өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана ишкердик ишти жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
5) төмөнкү маселелер боюнча ченемдик укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү:
- макроэкономикалык, соода, монополияга каршы (отун-энергетика комплексинен тышкары), тарифтик, лицензиялык, инвестициялык, тышкы экономикалык, салыктык, бажылык жөнгө салуу, камсыздандыруу төгүмдөрүн, салыктык эмес кирешелерди башкаруу;
- өндүрүш (баалуу металлдарды жана баалуу таштарды камтыган рудаларды казуу жана баштапкы кайра иштетүүгө байланышкан операциялардан тышкары), баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды пайдалануу, жүгүртүү, эсепке алуу жана сактоо;
- мамлекеттик сатып алуулар;
- бюджеттик кредиттерди берүү;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк; техникалык жөнгө салуу жана метрология;
- мамлекеттик башкаруу секторунун ички аудити, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулугу, ошондой эле банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсепке алууну жана финансылык отчеттуулукту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу;
- адал индустриясын өнүктүрүү;
- туристтик тармак;
- ишкердикти өнүктүрүү;
- "жашыл" экономиканы өнүктүрүү, климаттык өзгөрүүнүн кесепеттерин жөнгө салуу жана адаптациялоо;
6) Кыргыз Республикасынын тышкы жана ички мамлекеттик карыздарын башкаруу;
7) инновацияларды киргизүү жана андан ары өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, интеллектуалдык менчик объекттерин коргоо жана аларды коммерциялаштыруу;
8) (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9) экономикалык, кызматтык жана коррупциялык кылмыштар менен күрөшүү;
10) тышкы жана ички соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу;
11) атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү.
4. Министрликтин функциялары
12. Министрлик төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясат функциялары:
- мамлекеттик (консолидацияланган) бюджеттин киреше жана чыгаша бүлүктөрүнүн болжолун түзөт, иш жүзүндө түшүүлөргө мониторинг жана талдоо жүргүзөт;
- кирешелерди мобилизациялоо жана бюджеттик ассигнованиелерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдерин белгилөө боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана бекитилген ченемдерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеткирет;
- бюджеттер аралык мамилелер системасын өркүндөтүү боюнча бирдиктүү саясат жүргүзөт;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бюджеттик ссудаларды берүү жөнүндө чечимди кабыл алат;
- республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар формасында ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмесин түзөт жана планын белгилейт;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) тарабынан бекитилген бюджетке ылайык кирешелердин жана чыгашалардын жазуусун түзөт;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин аткарылышын кассалык тейлөөнү ишке ашыруу;
- мамлекеттик (консолидацияланган) бюджеттин туруктуулугуна карата фискалдык тобокелдиктерге талдоо жана баалоо жүргүзөт;
- мамлекеттик (консолидацияланган) бюджетти финансы ресурстары менен камсыз кылууну кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү болжолдоону ишке ашырат;
- мамлекеттик (консолидацияланган) бюджеттин кирешелерине фискалдык кайра түзүүлөрдүн таасирине баалоо жүргүзөт;
- өнүктүрүү бюджетин (мамлекеттик инвестициялар, капиталдык салымдар жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттар программалары), тышкы финансылык, техникалык жардамдарды жана кепилдиктерди аткарууну, эсепке алууну жана талдоону ишке ашырат;
- мамлекеттик ички жана тышкы карыздарды болжолдойт жана талдайт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчеттун курамында республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө жылдык отчетту түзөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө (мындан ары - Өкмөт) берет;
- мамлекеттик башкаруу секторунун балансын түзөт;
- Бирдиктүү казыналык эсептеги бюджеттик каражаттар менен операцияларды белгиленген тартипте башкарат;
- Борбордук казыналыктын Кыргыз Республикасынын банктар аралык төлөм системаларына, ошондой эле корпоративдик төлөм карталарынын эмитенти катары катышуусун уюштурат;
- республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттерди башкарат, ошондой эле алардын кайтарылып берилишин камсыздайт;
- өндүрүш (баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган рудаларды казуу жана баштапкы кайра иштетүүгө байланышкан операциялардан тышкары), баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды пайдалануу, жүгүртүү, эсепке алуу жана сактоо, Кыргыз Республикасынын аймагында аталган баалуулуктар менен операцияларды аткаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- эл аралык ченемдерге жана эрежелерге ылайык Кыргыз Республикасында өлчөө бирдейлигин камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттик каражаттарын эсепке алуу боюнча эсепти Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары - Улуттук банк) ачат;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу эркин каражаттарын Улуттук банкка жана коммерциялык банктарга жайгаштырат;
- мамлекеттик (консолидацияланган) бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн өзгөртүүгө тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорун карап чыгат жана аларга корутундуларды берет;
- банктык эмес финансы рыногун өнүктүрүү, анын ичинде банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук системасы жаатындагы тобокелдиктерди башкаруу боюнча саясатты иштеп чыгат;
- макулдашылган макроэкономикалык саясатты ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдоолорун иштеп чыгат, талдайт жана баалайт;
- экономиканы өнүктүрүүнүн бирдиктүү мамлекеттик саясатын, анын ичинде макроэкономикалык туруктуулукка жетүү методдорун жана каражаттарын иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- экономиканы мобилизациялык даярдоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзөт;
- туруктуу өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгат;
- "жашыл" экономиканы өнүктүрүү жана климаттык өзгөрүүнүн кесепеттерин жеңилдетүү жана ага адаптациялоо боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгат;
- экономикалык өнүктүрүүгө фискалдык таасир этүү чараларына баалоо жана экспертиза жүргүзөт;
- бирдиктүү мамлекеттик салык жана бажы саясатын, бажылык жөнгө салуу жана камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу саясатын иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- экономиканы өнүктүрүүгө жана мамлекеттик бюджеттин кирешелерине салыктык жана салыктык эмес демилгелердин таасирине талдоо жана баалоо, ошондой эле салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугуна жыйынтыктоочу баалоо жана талдоо жүргүзөт;
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жана алыскы чет өлкөлөрдүн салык жана бажы мыйзамдарына талдоо жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ченемдерин колдонуу жөнүндө салык төлгөчүлөрдүн суроо-талаптарына жазуу жүзүндөгү жоопторду берүү боюнча иштерди жүргүзөт;
- салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин колдонуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү жоопторду берүү боюнча иштерди жүргүзөт;
- Евразия экономикалык комиссиясы жана Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен ЕАЭБ бажы мыйзамдарын шайкеш келтирүү жана өркүндөтүү боюнча биргелешкен иштерди жүргүзөт;
- Евразия экономикалык комиссиясы менен техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана өркүндөтүү боюнча биргелешкен иштерди жүргүзөт;
- ЕАЭБ бажы мыйзамдарынын ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын жоболорун колдонуу маселелери боюнча тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын суроо-талаптарына жазуу жүзүндөгү жоопторду берүү боюнча иштерди жүргүзөт;
- эл аралык финансы уюмдары тарабынан каржылануучу өнүктүрүү долбоорлоруна катышуучу чарбалык субъекттер үчүн салыктык жеңилдиктерди ырастайт;
- Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген кош салык салууну болтурбоо (четтетүү) жана кирешеге жана капиталга салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө эл аралык келишимдердин ченемдерин колдонуу жөнүндө салык төлөөчүлөрдүн суроо-талаптарына жазуу жүзүндөгү жоопторду берүү боюнча иштерди жүргүзөт;
- экономиканы өнүктүрүү артыкчылыктарын эске алуу менен, инвестициялар жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана жөнгө салат;
- тийиштүү чөйрөдөгү кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирге мамлекеттик тышкы карыз алууларды жана өнүктүрүүгө расмий жардамды тартуунун жана жайгаштыруунун мамлекеттик саясатын жана стратегиясын аныктайт жана ишке ашырат;
- Өкмөттүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин кароосуна чейин мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун экономикалык максатка ылайыктуулугун баалайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашыруунун жыйынтыктарынын экономикалык натыйжалуулугуна баалоо жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун социалдык-экономикалык таасирине мониторинг жана баалоо жүргүзөт;
- мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан даярдалган өнүктүрүүгө расмий жардам, эл аралык макулдашуулардын, меморандумдардын жана келишимдердин долбоорлоруна талдоо жана баалоо жүргүзөт;
- өз компетенциясынын чегинде долбоорлорду даярдоо, ишке ашыруу баскычтарында жана ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча эл аралык гранттык жана техникалык жардам долбоорлорунун экономикалык максатка ылайыктуулугун жана натыйжалуулугуна баалоо жүргүзөт;
- тышкы экономикалык байланыштар маселелери, ошондой эле Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте иштеп чыгат, ушул келишимдер боюнча кыргыз тараптын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасында инвестициялык климатын жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн сунуштарды иштеп чыгат;
- тышкы жана ички зайымдык каражаттарды тартуу, ошондой эле мамлекеттик кепилдиктерди берүү боюнча Өкмөттүн жалгыз агентинин функцияларын ишке ашырат;
- лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо-көзөмөлдөө чөйрөлөрүндө ишкердик ишти жөнгө салуу саясатын иштеп чыгат, ошондой эле лицензияларды жана уруксат документтерин алуу тартибин жөнөкөйлөтүү жана оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизет;
- ишкердик иштерди жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу процессинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылат;
- эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү жана иштетүү боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгат;
- бирдиктүү мамлекеттик монополияга каршы саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, жарнама, бааларды (тарифтерди) түзүү жана колдонуу тартибин жакшыртуу боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү сунуштарын киргизет;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн атаандаштыкты коргоого жана өнүктүрүүгө, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган иш-чараларды өткөрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- социалдык маанилүү товарлардын чекене бааларынын абалына байкоо жүргүзөт жана талдайт, белгиленген тартипте бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жана алып салуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- тышкы жана ички соода жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ички жана тышкы сатуунун көлөмүн болжолдойт;
- соода балансын талдайт, аны жөнгө салуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат;
- ЕАЭБдин алкагында тиешелүү товарды импорттоого/экспорттоого квоталарды белгилөө маселелери боюнча бирдиктүү позицияны түзөт;
- тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" принцибин илгерилетүү боюнча бирдиктүү саясатты ишке ашырат;
- тышкы соода ишин жакшыртуу, продукцияларды экспорттоону өнүктүрүү жана дем берүү, республиканын экспорттук потенциалын жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгат;
- тышкы соода ишин Дүйнөлүк соода уюмунун (мындан ары - ДСУ) ченемдерине жана эрежелерине, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдин алкагындагы милдеттенмелерине ылайык шайкеш келтирүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- тышкы соода ишин тарифтик жөнгө салуу чараларын колдонуу, атап айтканда, тиешелүү товарды экспорттоого карата бажы алымдарын белгилөө боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- ЕАЭБдин алкагында тиешелүү товарга карата ташып кирүү бажы алымдарынын ставкаларын өзгөртүү боюнча демилгелүү сунуштарды иштеп чыгууга катышат;
- ЕАЭБдин алкагында тарифтик эмес жөнгө салуунун бирдиктүү чараларын киргизүү боюнча демилгелүү сунушту иштеп чыгат;
- ЕАЭБдин алкагында тарифтик эмес жөнгө салуунун бирдиктүү чараларын киргизүү боюнча демилгелүү сунуштардын бирдиктүү позициясын түзөт;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча ЕАЭБдин алкагында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
- ДСУнун жана ЕАЭБдин ченемдерине жана эрежелерине ылайык антидемпингдик, компенсациялык жана атайын коргоо чараларын колдонуу маселелери боюнча бирдиктүү позицияны түзөт;
- экспорттук контролдоо жаатындагы чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары менен башка уюмдардын ортосунда техникалык жөнгө салуу жана өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы функцияларды чектөө боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- техникалык жөнгө салуу жана өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун интеграцияланган маалыматтык системасын түзөт жана иштөөсүн камсыз кылат;
- экономиканын керектөөлөрүн жана кызыкчылыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасында адал индустрияны эл аралык талаптарга ылайык өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
- экономиканын байкоого алынбаган (көмүскө) секторунун көлөмүн кыскартуу боюнча чараларды киргизет;
- кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - экономика жана финансы министри (мындан ары - вице-премьер-министр - экономика жана финансы министри) кыргыз бөлүгүнүн төрагасы болуп саналган Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин өкмөттөр аралык комиссияларынын кезектеги жыйындарын уюштурат жана өткөрөт;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча Өкмөткө караштуу ведомстволор аралык комиссиялардын ишин уюштурат;
- бюджеттик системанын бардык деңгээлдеринде бюджеттик процесстин бөлүштүрүлгөн автоматташтырылган системасынын маалыматтык-телекоммуникациялык тармагынын иштөөсүн жана өнүгүшүн камсыз кылат;
- мамлекеттик турак жай жана жер фонддорунан жана жаратылыш ресурстарынан тышкары, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- мамлекеттик резервдин номенклатурасына кирген товардык-материалдык баалуулуктардын запасын талдоону жана божомолдоону даярдоого катышат;
- Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдары менен каралган банктардын жана башка финансылык-кредиттик уюмдардын банкроттугу чөйрөсүндөгү саясатты кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкроттук жана анын алдын алуу жаатында макулдашылган мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана жүргүзөт;
- баалоо иши жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат, Кыргыз Республикасында баалоо институтун өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзөт;
- банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан алардын ишинин алкагында маалыматтарды ачыкка чыгаруу боюнча талаптарды иштеп чыгат жана алардын аткарылышын контролдойт;
- ачык компаниялардын жана кесипкөй катышуучулардын финансылык отчетторуна аудит жүргүзүү боюнча аудитордук уюмдарга жана жеке аудиторлорго карата талаптарды иштеп чыгат;
- тейлөөчү тармагында укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
- туристтик иштин субъекттери тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын талдайт;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик стратегияларды, программаларды, концепцияларды жана башка долбоорлорду иштеп чыгат;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
- финансылык ижара (лизинг) боюнча операцияларды ишке ашырат;
2) жөнгө салуучу функциялары:
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жүргүзөт;
- салыктардын, жыйымдардын жана башка төлөмдөрдүн ашыкча төлөнгөн/өндүрүп алынган суммаларын, анын ичинде аларга карата колдонулган айып пулдарды жана пайыздарды алардын келип түшүүлөрүн эсепке алуу жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин ортосунда бөлүштүрүү үчүн кайтарып берет;
- салыктык эмес кирешелер жөнүндө отчетторду белгиленген тартипте кабыл алат;
- өндүрүштү (баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган рудаларды казууга жана баштапкы кайра иштетүүгө байланышкан операциялардан тышкары), анын ичинде баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды пайдаланууну, жүгүртүүнү, эсепке алууну жана сактоону, Кыргыз Республикасынын аймагында аталган баалуулуктар менен операцияларды аткарууну мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылат;
- тиешелүү товарлардын экспортун/импортун лицензиялоону киргизүү боюнча белгиленген тартипте сунуштарды киргизет;
- өзгөчө товарлардын экспортуна жана импортуна уруксат берүүчү документтердин реестрин жүргүзөт;
- өзгөчө товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортуна/импортуна/транзитине уруксат берүүчү документтерди (лицензия/уруксат/корутунду) берет;
- шайкештикти баалоо боюнча органдардын ишин жөнгө салат;
- берилген шайкештик сертификаттарынын жана кабыл алынган шайкештик жөнүндө декларациялардын мамлекеттик реестрлерин жүргүзөт;
- ЕАЭБдин берилген шайкештик сертификаттарынын жана катталган шайкештик жөнүндө декларацияларынын Бирдиктүү реестринин улуттук бөлүгүн түзөт жана жүргүзөт;
- шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш болгон продукциялардын тизмегин түзөт;
- техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин баалоо (ырастоо) боюнча органдарга ыйгарым укук берет;
- өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында өлчөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого юридикалык жактарга белгиленген тартипте укук берет жана чакыртып алат;
- эталонду улуттук эталон катары бекитүү тууралуу чечимди белгиленген тартипте кабыл алат;
- техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын ишин тармактар аралык координациялоону ишке ашырат;
- туризмди өнүктүрүүнүн негизги тенденцияларын жана багыттарын комплекстүү талдоо жана божомол жүргүзөт;
- юридикалык жана жеке жактардын баалуу металлдар жана таштар менен операцияларды жүргүзүүдө, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар боюнча кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатындагы мыйзамдарды сактоосун камсыз кылат;
- мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан берилген ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуу таасирин талдоого (ЖТТ) экспертиза жүргүзөт;
- мамлекеттик өнөктөштөр демилгелеген мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун баалайт жана бекитет;
- лицензиялоо чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулар тууралуу каралган иштер боюнча материалдарды эсепке алат жана сактайт;
- эл аралык инвестициялык, программалык гранттык жана техникалык жардам долбоорлорунун реестрин жүргүзөт;
- эл аралык гранттык жана техникалык жардам долбоорлорун ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө корутундуларды берет;
- Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген донорлор менен долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорун белгиленген тартипте каттайт;
- массалык жок кылуучу куралдарды жайылтпоо боюнча эл аралык милдеттенмелердин мамлекет тарабынан аткарылышын камсыз кылат;
3) координациялоо, контролдоо, көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын туруктуу өнүктүрүү, анын ичинде "жашыл" экономиканы өнүктүрүү жана климаттык өзгөрүүлөргө карата кесепеттерди жеңилдетүү, ыңгайлашуу жаатындагы иштерин координациялайт;
- туруктуу өнүктүрүүнүн моделин эске алуу менен стратегиялык пландоонун негиздерин киргизүү үчүн методологиялык колдоону камсыз кылат;
- лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо-көзөмөлдөө чөйрөлөрүндө оптималдаштыруу процессин координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын ДСУга мүчөлүгүнүн алкагындагы, анын ичинде соодадагы техникалык тоскоолдуктар, санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылат;
- ДСУ макулдашууларын аткаруу маселелери боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин координациялайт;
- көргөзмө-жармаңке иши маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
- өзгөчө товарлардын экспортун/импортун/транзитин лицензиялоодо, тышкы соода ишин жөнгө салуунун тарифтик жана тарифтик эмес чараларын киргизүүдө мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
- соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук кеңешинин катчылыгынын функциясын аткарат;
- ЕАЭБдин алкагында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин координациялоону камсыз кылат;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү ишин координациялайт;
- болжолдонгон мезгилдерге Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн аткаруунун жүрүшүн контролдоо боюнча уюштуруучулук жана координациялык ишти жүргүзөт, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын маалыматтарын жалпылайт жана талдайт;
- Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдорун иштеп чыгуу маселелери боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин координациялайт;
- мамлекеттик органдарга административдик регламенттерди жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын иштеп чыгуу боюнча методикалык жана консультациялык колдоо көрсөтөт;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо боюнча иш жүргүзөт;
- ички соода чөйрөсүндөгү абалды жакшыртуу, чек арага чектеш жана биржалык сооданы өнүктүрүү боюнча чараларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзөт;
- кош жана аскердик багыттагы товарлардын максаттуу пайдаланылышын контролдойт;
- техникалык регламенттердин долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ишти координациялайт жана уюштурат;
- техникалык жөнгө салуу жана өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоо системасымын катышуучуларынын ишин координациялайт жана методологиялык жактан камсыздайт;
- техникалык регламенттердин талаптарын сактоону көзөмөлдөө органдарынын ишин координациялайт;
- экономикалык туруктуу жана тең салмактуу өсүштү эсепке алуу менен Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программаларын иштеп чыгууну уюштурат жана координациялайт;
- баалуу металлдар, асыл таштар, жана алардан жасалган буюмдар менен операцияларга, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча мониторингди, жөнгө салууну, контролдоону жана көзөмөлдөөнү камсыз кылат;
- мамлекеттик (консолидацияланган) бюджетти аткаруунун жүрүшүн контролдойт жана талдайт;
- республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттердин максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдойт;
- белгиленген тартипте эл аралык инвестициялык, программалык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу маселелерин жалпы координациялоону ишке ашырат;
- жүргүзүлгөн мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалары боюнча бюджеттик мекемелердин милдеттенмелерин жана контракттарын эсептик каттоону жүргүзөт;
- жалпы мамлекеттик салыктардын, салыктык эмес жана бюджеттер ортосундагы башка кирешелердин бөлүштүрүлүшүнө, ошондой эле бюджеттер аралык трансферттердин пайдаланышына мониторинг жүргүзөт жана контролдойт;
- эл аралык финансы институттары жана донордук уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү координациялайт жана ишке ашырат;
- өкмөттөр аралык соода-экономикалык комиссиялардын катчылыгынын функциясын аткарат, өкмөттөр аралык комиссиялардын жыйындарына материалдарды даярдоо, ошондой эле кийин протоколдук чечимдердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү боюнча иштерди координациялайт;
- экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин координациялайт;
- эркин экономикалык зоналар жаатындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин координациялайт;
- туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландоону координациялайт;
- керектөө рыногунун абалына байкоо жүргүзөт, товар ресурстарына болгон керектөөлөрдү аныктоо үчүн продукциянын болжолдуу эсептерин жана суроо-талапты талдоону даярдайт;
- товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүргүзүү боюнча сатып алуучу уюмдардын ишин координациялайт жана жөнгө салат;
- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү, финансылык башкаруу органдарынын маалыматтык системаларынын ортосундагы маалымат алмашууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын финансылык башкаруу органдарынын тармактык маалыматтар базасын камтыган борборлоштурулган маалыматтарды сактоочу жайды уюштуруу боюнча иш-чараларды аткаруунун жүрүшүн координациялайт жана интеграциялайт;
- мамлекеттик ички финансылык контролго мониторинг жүргүзөт жана мамлекеттик ички контроль маселелери боюнча методологиялык колдоону камсыз кылат;
- мамлекеттик башкаруу секторунда финансылык отчеттуулуктун жана ички аудиттин стандарттарынын Эл аралык стандарттарына ылайык бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту киргизүү процессин координациялайт;
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин интеграциялык бирикмелеринин жана Кыргыз Республикасы мүчө болгон жана мүчөлүк төгүмдөрдү бюджетине төлөгөн эл аралык уюмдардын бюджетинин каражаттарын пайдаланууга ревизия жүргүзүү (контролдоо) процессине катышат;
- Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин алкагында жазаларды колдонуу жана бузуулардын кошумча укуктук кесепеттерин колдонуу боюнча чараларды ишке ашырат;
- гранттык каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдойт жана мониторинг жүргүзөт;
- өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоо жаатындагы (метрологиялык көзөмөл) ченемдик укуктук актылардын талаптарынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин даярдоо эрежелеринин талаптарынын сакталышын контролдойт жана көзөмөлдөйт;
- жөнгө салуучу чөйрөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына мамлекеттик контроль жүргүзөт;
- керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин координациялайт;
- салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүүнү киргизүүнү координациялайт жана контролдойт;
- болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткарууну камсыздоо боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт жана контролдойт;
4) кызматтарды көрсөтүү функциялары:
- Министрликтин карамагына тийиштүү болгон маселелер боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын белгиленген тартипте карайт;
- министрликтин карамагына тийиштүү болгон маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактарга маалыматтык-консультациялык көмөк көрсөтүүнү камсыз кылат;
5) колдоо функциялары:
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий мекемелердин, жарандардын жана алардын бирикмелеринин сунуштарынын негизинде техникалык регламенттердин долбоорлорун иштеп чыгуунун программасын түзөт;
- техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссиялардын жеке курамын түзөт, бекитет жана алардын ишин камсыздайт;
- техникалык регламенттердин талаптарын бузуунун кесепетинен адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, жаныбарларга жана өсүмдүктөргө, айлана-чөйрөнү коргоого зыян келтирилген учурлар жөнүндө маалыматты топтоону жана талдоону ишке ашырат;
- техникалык жөнгө салуу жана өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоо жаатында эл аралык кызматташууну өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- бюджеттик мекемелердин атайын эсептериндеги каражаттардын методологиялык базасын, мамлекеттик бюджетти кассалык аткаруу боюнча операцияларды, программалык негизде бюджеттерди түзүүнү жана алардын аткарылышы жөнүндө отчетторду иштеп чыгат жана өркүндөтөт;
- Финансылык отчеттуулуктун жана мамлекеттик башкаруу секторунун ички аудитинин эл аралык стандарттарына ылайык бухгалтердик эсептин, финансылык отчеттуулуктун методологиялык базасын иштеп чыгат жана өркүндөтөт;
- эл аралык келишимдерди түзүү жол-жобосуна, эл аралык долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, ошондой эле Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдар, чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар жана эл аралык уюмдар менен кызматташууга катышат;
- ишкерлерге демпингге каршы териштирүүлөрдү жүргүзүүдө жана Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоо боюнча жол-жоболордо консультациялык жардам көрсөтөт;
- атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу боюнча сунуштарды киргизет;
- бир айга, кварталга жана жылга мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө отчёттук маалыматтарды топтойт жана талдайт, ошондой эле товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга багытталган мамлекеттик каражаттарды пайдаланууну кварталдык жана жылдык талдоону даярдайт;
- мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө маалыматты таратат;
- сатып алуучу уюмдардын бирдиктүү республикалык реестрлерин, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимдерди жана жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын маалымат базасын, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниетсиз жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын маалымат базасын түзөт жана жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудит системасын өнүктүрүү боюнча ишти уюштурат;
- банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук системасын өнүктүрүү жана жөнгө салуу маселелери боюнча чет өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташат;
- жөнгө салынуучу субъекттердин жана инвесторлордун арасында финансылык рыноктун натыйжалуу жана ачык принциптерин жайылтат;
- кош салык салууну болтурбоо, кирешеге жана капиталга салык төлөөдөн баш тартууну алдын алуу үчүн келишимдерди түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштурат;
- белгиленген тартипте ички аудиторлорду сертификациялоону жүргүзөт;
- өз функцияларын жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун алкагында жөнгө салынуучу субъекттер менен кызматташат;
- атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн тоскоолдуктарды жоюу жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
- кошумча кесиптик билим берүү программалары боюнча окутууну уюштурат жана жүргүзөт.
5. Министрликтин укуктары
13. Министрлик белгиленген иш чөйрөсүндөгү функцияларды жүргүзүү максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Министрликтин иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча сунуштарды киргизүүгө;
2) соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссияларды түзүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
3) Министрликтин иш чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен түзүлүүчү эл аралык келишимдери боюнча сунуштарды киргизүүгө;
4) Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо кеңешин түзүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын атынан эл аралык келишимдерге белгиленген тартипте кол коюуга;
6) Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча, анын ичинде ведомстволор жана өкмөттөр аралык деңгээлдерде эл аралык институттардын, комиссиялардын, эксперттик топтордун, атайын жумушчу топтордун ишине катышууга;
7) экономикалык чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн чет өлкөлөрдө министрликтин өкүлчүлүктөрүн белгиленген тартипте ачууга;
8) Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык (региондук) уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоого;
9) Министрликтин компетенциясына кирген иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донор өлкөлөрдүн гранттарын белгиленген тартипте тартууга;
10) Министрликтин иш чөйрөсүндө координациялык жана консультативдик органдарды (кеңештер, комиссиялар, топтор), анын ичинде ведомстволор аралык органдарды түзүүгө;
11) Министрликтин иш чөйрөсүнө тиешелүү багыттар боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, илимий-изилдөө жана башка мекемелердин өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди (макулдашуу боюнча) мамлекеттик программаларды, концепцияларды жана башка долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн ишке тартууга;
12) мыйзам бузуулар боюнча иштерди кароодо, текшерүүлөрдү жана экспертизаларды жүргүзүүдө, ошондой эле ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда консалтингдик, баалоочу, аудитордук, юридикалык жана айрым иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу укугуна ээ болгон башка уюмдарды, анын ичинде чет өлкөлүк эксперттерди жана адистерди ишке тартууга;
13) министрликтин кызыкчылыктарын соттук инстанцияларда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана башка уюмдарда коргоого;
14) Министрликтин иш чөйрөсүнө тийиштүү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана ишканалардан, кызмат адамдарынан жана жарандардан белгиленген тартипте суроого жана алууга;
15) маалыматтык-маалымдама кызмат көрсөтүүлөрүн белгиленген тартипте берүүгө;
16) мыйзам бузуулар жөнүндө иштер боюнча протоколдорду түзүүгө жана токтомдорду чыгарууга, жазаларды колдонууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуулардын кошумча укуктук натыйжаларын колдонууга;
171) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча мамлекеттин атынан юридикалык жактарды уюмдаштыруучу катары чыгууга жана уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдордо акционердин укуктарын ишке ашырууга;
17) Министрликтин грамоталарын, төш белгилерин жана башка ведомстволук сыйлыктарын белгиленген тартипте уюштурууга;
18) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 226 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Министрликтин ишин уюштуруу
14. Министрликти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу вице-премьер-министр - экономика жана финансы министри жетектейт.
15. Министрликте статс-катчынын, министрдин экономика боюнча биринчи орун басарынын, министрдин финансы боюнча биринчи орун басарынын жана министрдин орун басарларынын кызмат орундары каралууда.
16. Статс-катчыны кызмат ордуна дайындоонун жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби, функциялары жана ыйгарым укуктары мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдар менен аныкталат.
17. Министрдин биринчи орун басарлары жана орун басарлары вице-премьер-министр - экономика жана финансы министринин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, вице-премьер-министр - экономика жана финансы министрине түздөн-түз баш ийишет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Министрликтин ишин уюштурушат.
18. Вице-премьер-министр - экономика жана финансы министри:
1) Министрликтин ишине жалпы жетекчилик кылат жана министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик алат;
2) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, мекемелер жана уюмдар менен мамилелерде Министрликтин атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттешүү жана кызматташуу жөнүндө келишимдерге белгиленген тартипте кол коёт;
3) өзүнүн компетенциясынын же берилген ыйгарым укуктарынын чегинде чет мамлекеттерде жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана анын тапшырмасы боюнча эл аралык келишимдерге кол коёт;
5) Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине министрдин биринчи орун басарларынын жана орун басарларынын кызмат ордуна дайындоого талапкерлерди көрсөтөт;
6) министрдин биринчи орун басарларынын, министрдин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
7) эгерде укук коргоо органдарынын иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык макулдашууларда башкача тартип каралбаса, Министрликтин борбордук аппаратынын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмүн бекитет, ал Министрликтин милдеттери менен функцияларынын өзгөрүшүнө байланыштуу гана өзгөрүшү мүмкүн. Мында вице-премьер- министр - экономика жана финансы министрин дайындоо министрликтин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
8) эгерде укук коргоо органдарынын иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык макулдашууларда башкача тартип каралбаса, белгиленген ченемдердин чегинде министрликтин борбордук аппаратынын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн штаттык ырааттамасын бекитет;
9) Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, аймактык бөлүмдөрүнүн жоболорун бекитет;
10) Өкмөттүн кароосуна ведомстволук түзүмдөр жөнүндө жоболордун долбоорун киргизет;
11) Министрликтин коллегиясы жөнүндө жобону бекитет;
12) статс-катчынын сунуштамасы боюнча Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерин, аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин орун басарларын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
13) Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, ошондой эле бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилеринин орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер- министрине сунуштама киргизет;
14) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилеринин орун басарларынан тышкары Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин орун басарларын ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин сунуштамасы боюнча кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
15) ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин сунуштамасы боюнча Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн карамагындагы чөйрөгө кирген мамлекеттик мекемелердин жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин кызмат ордуна дайындайт жана ээлеген кызмат ордунан бошотот, аларга карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Швейцария Конфедерациясындагы ДСУда министрликтин өкүлүн дайындайт;
17) Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмесине кирген, акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар чарбалык коомчулуктун директорлор кеңешинин мүчөсүнүн, жеке башкаруучу аткаруу органынын же коллегиялык аткаруу органынын жетекчисинин, орун басарынын кызмат ордуна шайлоого көрсөтүлгөн талапкерлерди макулдашат;
18) Министрликтин системасынын кызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат;
19) Министрликтин кызматкерлеринин өкүлдүк органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
20) белгиленген тартипте Министрликтин мүлкүн башкарат жана каражаттарын тескейт, бүтүмдөрдү түзөт;
21) Министрликтин системасындагы өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого, ардак наамдарды ыйгарууга көрсөтөт;
22) кызмат орду боюнча жарандык коргонуунун начальниги болуп эсептелет жана Министрликте жарандык коргонууга жетекчилик кылат;
23) Министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнө тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
24) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында чечимдерди жокко чыгаруунун башка тартиби белгиленбесе, Министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн чечимдерин жокко чыгарат;
25) айрым ыйгарым укуктарды ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерине өткөрүп берүүгө укуктуу;
251) Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңештин курамын бекитет;
26) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 182 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Статс-катчы, министрдин экономика боюнча биринчи орун басары, министрдин финансы боюнча биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министр тарабынан алардын карамагына берилген маселелер боюнча өз алдынча чечим кабыл алышат, тейлөөчү иш багыттары боюнча ишти уюштурушат.
20. Статс-катчы, эгерде укук коргоо органдарынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача тартип каралбаса, вице-премьер-министрдин - экономика жана финансы министринин номенклатурасына кирген административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген Министрликтин мамлекеттик жарандык кызматчыларын кызматка дайындоо, которуу, ротациялоо жана кызматтан бошотуу үчүн сунуштамаларды даярдайт.
21. Министрликте 15 адамдан турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын мүчөлөрү болуп кызмат орду боюнча министр, статс-катчы, министрдин экономика боюнча биринчи орун басары, министрдин финансы боюнча биринчи орун басары, министрдин орун басарлары жана укуктук маселелерди тейлөөчү министрликтин түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси саналат. Коллегиянын курамына милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эки өкүлү кирет.
22. Экономика жана финансы министрлигинин коллегиясынын мүчөлөрүнүн жеке курамы министр тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча бекитилет.
Коллегиянын төрагасы болуп кызмат орду боюнча министр, өзгөчө учурларда - ал ыйгарым укук берген биринчи орун басары эсептелет.
23. Министрликтин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында белгиленген тартипте министрликтин Коомдук кеңеши түзүлөт жана иштейт, ал коомдук башталышта иштеген консультативдик-көзөмөлдөөчү орган болуп саналат.
24. Министрликте мамлекеттик жана жарандык кызматкерлердин этикасы боюнча комиссия иштейт.
25. Ведомстволук түзүмдөр өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилүүчү жоболор боюнча жүргүзүшөт жана түздөн-түз Министрликке баш ийишет.
26. Аймактык түзүмдөр өз ишин вице-премьер-министр - экономика жана финансы министри тарабынан бекитилүүчү жоболорго ылайык жүргүзүшөт.
27. Министрликтин борбордук аппаратын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн күтүү чыгымдары республикалык бюджеттин каражатынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен каржыланат.
7. Корутунду жоболор
28. Министрликтин ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
29. Министрликтин иши токтотулганда, анын ишинин жүрүшүндө түзүлгөн документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.