ИнструкцияКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускама (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 токтомуна)

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

 

 

Тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2021-жылдын 11-мартындагы

№ 90 токтомуна)

Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускама

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 649, 2022-жылдын 15-мартындагы № 143, 2023-жылдын 29-июнундагы № 329  токтомдорунун редакциясына ылайык)

 

1-глава. Жалпы жоболор

1. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону ишке ашыруучу органдар тарабынан жүргүзүлөт.

Төмөнкү жарандык абалдын актылары мамлекеттик катталууга тийиш:

- туулгандыгы;

- никелешүүсү;

- никесинин бузулгандыгы;

- фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү;

- өлгөндүгү.

2. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону ишке ашыруучу органдар болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер.

Жарандык абалдын актылары жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөр менен жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого ыйгарым укуктар жарандык абалдын актыларын жазуу органдары жок болгон административдик-аймактык бирдиктердеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (айыл өкмөттөргө) өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

3. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо арыз ээлери кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык системасында (мындан ары - "ЖААЖ" АМС) жарандык абалдын актысын жазууну түзүү жолу менен жүргүзүлөт жана кагазга басып чыгарылат. Мында кагаздагы жазууга арыз ээси жана кызматкер кол коёт, андан кийин жарандык абалдын актыларын жазуу органынын гербдүү мөөрү менен бекитилет.

Жарандык абалдын актысын жазуунун электрондук түрдөгү текстинин кагаздагы текстинен айырмаланган учурда кагаздагы текст түп нуска болуп эсептелет.

"Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан көрсөтүлгөн жарандык абалдын актыларын каттоо күбөлүктөрү (туулгандыгы, никелешүү, никени бузуу, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү) өзүнүн колу коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү документтер менен бирдей юридикалык күчкө ээ.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

31. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган коопсуздук чаралары жүзөгө ашырылып жаткан адамдар үчүн жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдын жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосундагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү акты менен аныкталат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 649 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жарандык абалынын актыларын мамлекеттик каттоо эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка каралбаса, жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы негиздерде ишке ашырылат.

5. Жарандык абалдын актыларын жазуунун бардык түрлөрү идентификациялык жеке номер болгондо гана жүргүзүлөт.

Жарандарда идентификациялык жеке номерлер жок болгон учурда жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн арыз "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан мындай адамдарга идентификациялык жеке номерлер ыйгарылгандан кийин берилет.

6. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жана жарандык абалдын актылары тууралуу күбөлүктөрдү кайрадан берүү арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү төмөнкү документтердин биринин негизинде жүргүзүлөт:

- Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуу паспорту (ID-карт). Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (мындан ары - КБМР) арыз ээсин ID-карта паспорту менен документтештирүү жөнүндө маалыматтар жок болгон учурда жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жалпы жарандык паспорттун (туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болгон учурда барган өлкөдө консулдук эсепке алынгандыгы же болбосо Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин консулдук эсепке алынгандыгы жөнүндө маалым каты бар экендиги тууралуу белги менен) негизинде жүргүзүлөт;

- офицердин ким экендигин күбөлөндүрүү;

- жарандыгы жок адамдар үчүн жашап туруу укугу;

- чет өлкөлүк жарандын паспорту;

- "Кайрылман" күбөлүгү (баланын туулгандыгын жана "Кайрылман" статусуна ээ адамдын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоодо);

- эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулгандыгы жөнүндө маалым кат (күбөлүктөрдү жана жарандык абалдын актыларын жазуулардан көчүрмөлөрдү кайрадан берүүдө);

- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637 токтомунун редакциясына ылайык)

7. Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жарандык абалынын актыларын мамлекеттик каттоо фактысын ырастоочу, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн көрсөтүлүүчү документтердин аныктыгы, эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка каралбаса, консулдук легалдаштыруу же апостилдештирүү аркылуу ырасталат жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилдерине которулууга тийиш. Документтерди которгон котормочунун колунун аныктыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

8. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жана жарандык абалдын актылары тууралуу күбөлүктөрдү кайрадан берүү үчүн берилген бардык документтер КБМРде маалымат болбогон учурда милдеттүү сканерленүүгө тийиш.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 токтомунун редакциясына ылайык)

9. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого байланышкан кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

10. Арыздарды, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдү эсепке алуу жана отчеттуулук "ЖААЖ" АМС аркылуу жүргүзүлөт.

11. Жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолорду, толуктоолорду киргизүүгө жана жарандын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоого байланыштуу маалымат алмашуу "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу төмөнкү мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт:

- статистика органдары;

- калкты социалдык коргоо органдары;

- Социалдык фонддун органдары;

- салык органдары;

- аскер комиссариаттары.

2-глава. Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү кайрадан берүү тартиби

12. Күбөлүктүн бланкы жоголгондо, бузулганда, эскилиги жеткенде, ламинациялоодо, тексти жана/же мөөрү окулбай калганда жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк жазуу органы тарабынан арыз ээси кайрылган жер боюнча жана ал кайрылган күнү жарандык абалдын актыларын кайрадан берилет.

13. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк төмөнкүлөргө кайрадан берилет:

- жашы жеткен учурда, жарандык абалдын актысын жазуу түзүлгөн адамга;

- камкорчулук жөнүндө соттун чечими берилген учурда, эмгекке жарамсыз деп таанылган камкорчу адамдарга;

- туугандык байланышын ырастоочу документтер (өлгөндүгү тууралуу күбөлүк) берилген учурда, өлгөн адамдын жакын тууганына;

- эгерде туулгандыгы тууралуу актыны жазуу түзүлгөн адамдын күбөлүк кайрадан берилген күнгө карата жашы жете элек болсо ата-энесине (алардын ордундагы адамдарга) же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн, балдар үйлөрүнүн жана интернаттардын өкүлүнө;

- жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү кайрадан алууга укуктуу адамдан нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат берилген учурда башка адамга.

Арыз ээсинин кайрылуусу боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан жарандык абалдын актыларын жазуунун бардык түрлөрү боюнча жарандык абалдын актыларын жазуудан көчүрмөлөр берилет.

14. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк төмөнкүлөргө кайрадан берилбейт:

- ата-энеси (атасы же энеси) ата-энелик укуктарынан ажыратылган же ата-энелик укуктары чектелген баланын ата-энесине (ата-энесинин бирине) - баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;

- никеси бузулган адамдарга жана никеси жараксыз деп таанылган адамдарга - никелешүү тууралуу күбөлүк.

Аталган адамдардын жана алар тарабынан ыйгарым укук берилген адамдардын арызы боюнча баланын туулгандыгын же никелешүүнү мамлекеттик каттоо фактысын ырастоочу көчүрмө берилет.

Жарандык абалдын актылары тууралуу күбөлүктөрдү кайрадан берүүдө кагаз түрүндөгү жарандык абалдын актыларын жазуу санариптештирилет.

15. Жердин аталышы күбөлүк берилген күнгө карата бар болгон Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү боюнча же жарандык абалдын актысын жазууга ылайык арыз ээсинин каалоосу боюнча көрсөтүлөт.

Жарандык абалдын актыларын жазуу китептеринде маалыматтар жок болгон учурда, жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу кайрадан берилүүчү күбөлүктөрдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- "Туулган жери" графасы жок болгон туулгандыгы тууралуу күбөлүктө - туулган жери болуп жазуу катталган жер же ата-энесинин жашаган жери көрсөтүлөт;

- "Атасынын аты" графасы жок болгон туулгандыгы тууралуу күбөлүктө - атасынын аты "атасы" графасында көрсөтүлгөн адамдын аты боюнча көрсөтүлөт;

- "Өлгөн жери" графасы жок болгон өлгөндүгү тууралуу күбөлүктө -өлгөн жери болуп өлгөндүгү катталган жер же өлгөн адамдын жашаган жери көрсөтүлөт;

- жубайлардын "Туулган жери жана күнү" графасы жок болгон никелешүү тууралуу күбөлүктө - никелешүү тууралуу күбөлүктүн ушул графалары толтурулбайт.

Эгерде жубайлар (алардын бири) никелешүү тууралуу күбөлүктү кайрадан алуу үчүн кайрылганда туулган күнүн жана жерин көрсөтүү менен же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы паспортун паспортун беришсе, никелешүү тууралуу күбөлүктү кайрадан берүүдө жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкери берилип жаткан күбөлүккө жетишсиз маалыматтарды киргизет.

Мындай учурларда оңдоолорду, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө арыз талап кылынбайт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637 токтомунун редакциясына ылайык)

16. Адамдын же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде ал тарабынан ыйгарым укук берилген адамдын арызынын негизинде жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан жарандардын кайрылган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуунун бардык түрлөрү боюнча жарандык абалдын актыларын жазуулардан көчүрмөлөр, ошондой эле жарандык абалдын актыларын жазуулардын бар экендиги жана/же жоктугу тууралуу маалым каттар жана билдирүүлөр берилет.

3-глава. Туулгандыгын мамлекеттик каттоо

17. Баланын туулгандыгы жөнүндө арыз бала төрөлгөн күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.

Бир айлык мөөнөт өткөндөн кийин туулгандыгын мамлекеттик каттоо "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 8-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө же консулдук мекемелеринде туулгандыгы мамлекеттик катталган учурлардан тышкары Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарын эске алуу менен жүргүзүлөт.

18. Баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

- ата-энесинип бири, жакын тууганы же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү арыз;

- бала төрөлгөн саламаттык сактоо уюму тарабынан берилген, баланын туулгандыгы тууралуу белгиленген үлгүдөгү маалым кат же болбосо медициналык мекемеден тышкары төрөттөрдө врач же медициналык башка кызматкер, ыйгарым укуктуу саламаттык сактоо органы тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалым кат;

- баланын ата-энесинин же алардын биринин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтери же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтери (КБМРде жок болгон учурда);

- никелешүү тууралуу күбөлүк (КБМРде жок болгон учурда);

- ата-энеси (же ата-энесинин бири) Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган бала чет мамлекетте төрөлгөн учурда чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген, туулгандыгынын фактысын ырастоочу документ (туулгандыгы тууралуу медициналык маалым кат, реестрден көчүрмө, туулгандыгы тууралуу сертификат жана башкалар);

- баланын туулгандыгынын фактысын аныктоо жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими - туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк жок болгон учурда.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

19. Башка аялга эмбрионду көтөрүү үчүн аны имплантациялоого макулдук берген жубайлардын арызы боюнча баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоодо жогоруда аталган документтер менен бир эле убакта нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карын энелик тууралуу келишим жана медициналык уюм тарабынан берилген эмбрионду имплантациялоо фактысын ырастоочу документ берилүүгө тийиш.

20. Баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоодо баланын фамилиясы анын ата-энесинин фамилиясы боюнча жазылат. Ата-энесинин фамилиялары ар башка болгондо, баланын фамилиясы ата-энесинин макулдашуусу менен атасынын фамилиясы боюнча же энесинин фамилиясы боюнча жазылат. Кош фамилия берүүгө жол берилбейт.

Баланын аты ата-энесинин макулдашуусу боюнча жазылат. Кош ат берүүгө жол берилет.

Баланын аты жана/же фамилиясы боюнча ата-энесинин ортосунда макулдашуу жок болгон учурда (ата-энесинин фамилиялары ар башка болгондо) келип чыккан пикир келишпестиктер соттук тартипте чечилет.

Баланын атасынын аты атасынын аты боюнча жазылат.

Эгерде энеси баланын атасы менен никеде турбаса жана балага карата аталыгы аныкталбаса, баланын аты энесинин көрсөтмөсү боюнча, атасынын аты-энеси баланын атасы катары көрсөткөн адамдын аты боюнча (же болбосо көрсөтүлбөйт), баланын фамилиясы - энесинин фамилиясы боюнча же болбосо энесинин атасынын аты боюнча жазылат.

Кыргыздын улуттук салттары боюнча баланын фамилиясы төмөнкүдөй жазылышы мүмкүн:

- эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" жана аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деп кошуу менен же аларды кошпостон атасынын аты боюнча. Мындай учурларда балага атасынын аты берилбейт (мисалы: Таалайбек уулу Асан, Таалайбек кызы Алина, Таалайбек Асан, Таалайбек Алина);

- "тегин" деп кошуу менен чоң атасынын аты боюнча (мисалы: Бактыбек тегин Асан (Алина), ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын атын кошууда эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" (мисалы: Бактыбек тегин Асан Таалайбек уулу) жана аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" (мисалы: Бактыбек тегин Алина Таалайбек кызы). Түздөн-түз туугандык байланышын ырастоочу документтер болгон учурда же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивинде болгон учурда ата-энесинин каалоосу боюнча баланын фамилиясы жети атасына чейинки ата-бабаларынын аты боюнча берилиши мүмкүн.

Ата-эненин каалоосу боюнча баланын фамилиясы баланын атасынын же чоң атасынын аты боюнча, "-ов", "-ев" жана "-ова", "-ева" деген мүчөлөр улануу менен жазылышы мүмкүн.

Башка улуттагы адамдардын аттары жана фамилиялары алардын каалоосу боюнча алардын салттарына ылайык көрсөтүлөт.

21. Ата-энесинин (атасынын же энесинин) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтери жок болгон учурда баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо бир жашка чейинки балдарга карата төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

- бала төрөлгөн саламаттык сактоо уюму тарабынан берилген баланын туулгандыгы тууралуу белгиленген үлгүдөгү маалым каттын;

- никелешүү тууралуу күбөлүктүн (бар болсо) - КБМРде маалымат жок болгон учурда.

Туулгандыгы тууралуу жарандык абалдын актысын ырастоо иретинде ата-энелерге социалдык жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга укук берген туулгандыгы тууралуу актыны жазуудан көчүрмө берилет.

Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк ата-энеси (алардын бири) паспорт же алардын ким экендигин күбөлөндүрүүчү башка документ менен документтештирилгенден кийин берилет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 токтомунун редакциясына ылайык)

22. Бир жашка чыккан же андан ашкан баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо төмөнкүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт:

- ата-энесинин (ата-энесинин биринин);

- жакын тууганынын;

- балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн;

- камкорчулук жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими болгон учурда камкорчунун;

- он алты жашка чыкканда туулгандыгы тууралуу медициналык маалым катты тиркөө менен баланын өзүнүн;

Ошондой эле туулгандыгы тууралуу медициналык маалым кат жок болгон учурда туулгандыгынын фактысын аныктоо жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечиминин негизинде.

Он алты жашка чыккан бала туулгандыгы тууралуу медициналык маалым катты тиркөө менен арыз берген учурда, энеси тууралуу маалыматтар КБМРден жазылат, ал эми маалыматтар жок болгон учурда - Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобонун талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоо боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде жазылат.

23. Кыргыз Республикасынын аймагында туулган, ата-энеси Кыргыз Республикасынын аймагында жашап жаткан чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар болуп саналган баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо жалпы тартипте жүргүзүлөт.

24. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнүчү боюнча туулгандыгын мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтердин негизинде жүргүзүлөт:

- төрөт болгон саламаттык сактоо уюму тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү баланын туулгандыгы тууралуу маалым каттын же болбосо медициналык мекемеден тышкары төрөлгөндө врач же медициналык башка кызматкер, саламаттыкты сактоонун ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалым каттын;

- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгүнүн жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишеним катынын;

- ата-энесинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтердин (КБМРде жок болгон учурда);

- никелешүү тууралуу күбөлүктүн (бар болсо) - КБМРде маалымат жок болгон учурда.

Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өтүнүчү боюнча катталган баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү акысыз негизде берилет.

Эгерде баланын ата-энесинин экөө тең белгисиз болсо, баланын аты, фамилиясы, атасынын аты балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн көрсөтмөсү боюнча жазылат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

25. Кыргыз Республикасынын айрым же бардык аймагында өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал киргизилген мезгилде төрөлгөн баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо ушул Нускамага ылайык жана өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал алынгандан кийин бир айдан ашпаган мөөнөттө ишке ашырылат.

26. Баланын ата-энеси жөнүндө маалыматтар төмөнкүчө киргизилет:

1) баланын никеде турган атасынын жана/же энесинин арызы боюнча;

2) аталыгын аныктоодо никеде турбаган атасынын жана энесинин биргелешкен арызы боюнча;

3) энеси өлгөн, энеси эмгекке жарамсыз деп таанылган, анын жүргөн жери жөнүндө маалыматтар жок болгон же ал ата-энелик укуктарынан ажыратылган учурда атасынын арызы боюнча;

4) аталыгы аныкталбаган учурда энесинин арызы боюнча;

5) соттун чечими боюнча.

Баланын никеде турган атасынын жана/же энесинин арызы боюнча туулгандыгы тууралуу актыны жазууга ата-энеси жөнүндө маалыматтарды киргизүүдө төмөнкүдөй документтер берилет:

- атасынын жана энесинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер;

- никелешүү тууралуу күбөлүк - КБМРде маалымат жок болгон учурда;

- белгиленген формадагы арыз.

Баланын никеде турбаган атасы менен энесинин биргелешкен арызы боюнча туулгандыгы тууралуу актыны жазууга ата-энеси жөнүндө маалыматтарды киргизүүдө төмөнкүдөй документтер берилет:

- атасынын жана энесинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер;

- белгиленген формадагы арыз.

Баланын энеси менен никеде турбаган атасынын арызы боюнча туулгандыгы тууралуу актыны жазууга ата-энеси жөнүндө маалыматтарды киргизүүдө төмөнкүдөй документтер берилет:

- атасынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;

- белгиленген формадагы арыз;

- төмөнкү документтердин бири:

- энесинин өлгөндүгү тууралуу күбөлүк;

- энесин эмгекке жарамсыз деп таануу жөнүндө же аны ата-энелик укуктардан ажыратуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими;

- энесин дайынсыз жок деп таануу жөнүндө соттун чечими;

- жашы жете элек адамга карата аталыгын аныктоо жөнүндө атасы арыз берген учурда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан берилген ушул органдын аталыгын аныктоого макулдугун ырастоочу документ;

Эгерде аталыгы аныкталбаса, энесинин арызы боюнча туулгандыгы тууралуу актыны жазууга ата-энеси жөнүндө маалыматтарды киргизүүдө төмөнкүдөй документтер берилет:

- энесинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;

- белгиленген формадагы арыз.

Соттун чечими боюнча туулгандыгы тууралуу актыны жазууга ата-энеси жөнүндө маалыматтарды киргизүүдө төмөнкүдөй документтер берилет:

- арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ";

- мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими;

- белгиленген формадагы арыз.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

27. Баланын энеси баланын атасы анын жубайы (мурунку жубайы) эмес экендиги жөнүндө билдирген учурда, баланын энеси менен никеде турбаган адамдын аталыгы төмөнкүлөрдүн негизинде аныкталат:

- баланын атасынын жана энесинин биргелешкен арызы боюнча;

- аталыгын аныктоого жубайынын (мурунку жубайынын) макулдугун бербестен мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими боюнча.

Баланын ата-энеси жөнүндө маалыматтарды киргизүүдө, аталыгын аныктоо боюнча туулгандыгын каттоодо туулгандыгы тууралуу актыларды жазууга ээ эмес жарандык абалдын актыларын жазуу органы суроо-талапты тариздейт жана корпоративдик почта аркылуу туулгандыгы тууралуу актыны жазуу жайгашкан жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органына аны санариптештирүү үчүн жиберет.

28. Баланын ата-энесинин аталыкты аныктоо жөнүндө биргелешкен арызды берүүгө мүмкүн болбогон учурда, алардын каалоосу атасынын жана энесинин өзүнчө арыздары менен таризделиши мүмкүн. Мындай арыздагы колдун аныктыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Атасынын арызы жарандык абалдын актыларын жазуу органына эненин арызы менен бир эле убакта берилет. Арызда балага фамилия ыйгаруу жөнүндө атасынын жана энесинин пикири жазылышы керек. Атасынын же энесинин катышуусу милдеттүү.

Бала төрөлгөндөн кийин аталыкты аныктоо жөнүндө биргелешкен арыз берүүгө мүмкүн болбогон учурда, бала төрөлгөн учурда өз ара никеде турбаган баланын келечектеги ата-энеси мындай арызды эненин кош бойлуу кезинде бере алышат. Мындай учурда аталыкты аныктоо жөнүндө маалыматтарды киргизүү баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо менен бир эле убакта жүргүзүлөт жана аталыкты аныктоо жөнүндө жаңы арызды тариздөө талап кылынбайт.

Ошондой эле бала төрөлгөнгө чейин туулгандыгы тууралуу актыны жазууга маалыматтарды киргизүү үчүн төмөнкүлөр берилет:

- баланын ата-энесинин биргелешкен арызы;

- медициналык уюм же жекече иштеген врач тарабынан берилген эненин кош бойлуулугун ырастоочу документ.

Аталыгын аныктоого байланыштуу туулгандыгы тууралуу актыны жазууга киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жарандык абалдын актыларын жазуу органы туулгандыгы тууралуу жаңы күбөлүк берет.

29. Жашы жете элек эненин баласынын туулгандыгын мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтер берилгенде жүргүзүлөт:

- эненин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү күбөлүк (бар болсо);

- эненин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ жок болгон учурда эненин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү - КБМРде маалымат жок болгон учурда;

- эненин атасынын же энесинин жана/же ата-энесинин, же болбосо камкорчусунун баланын туулгандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү ырастоосу.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

30. Ата-энеси белгисиз болгон, табылган (ташталган) баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өтүнүчүнүн негизинде жүргүзүлөт.

Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өтүнүчү бала табылган күндөн тартып жети күндөн кечиктирилбестен жарандык абалдын актыларын жазуу органына берилет.

31. Өлүү төрөлгөн баланын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жүргүзүлбөйт.

Бала жашоосунун биринчи жумасында өлгөн учурда анын туулгандыгы жана өлгөндүгү тууралуу мамлекеттик каттоо жүргүзүлөт.

Жашоосунун биринчи жумасында өлгөн баланын туулгандыгын жана өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо саламаттык сактоо уюму же жекече практикалануучу врач тарабынан берилген туулгандыгы жөнүндө жана перинаталдык өлүмү жөнүндө белгиленген формадагы документтердин негизинде жүргүзүлөт.

Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына өлгөн баланын туулгандыгы жана жашоосунун биринчи жумасында өлгөн баланын туулгандыгы жана өлгөндүгү тууралуу билдирүү милдети төмөнкүлөргө жүктөлөт:

1) төрөт болгон же бала өлгөн саламаттык сактоо уюмунун жетекчисине;

2) врачы өлгөн баланын төрөлүү фактысын же жашоосунун биринчи жумасында өлгөн баланын туулгандыгынын жана өлгөндүгүнүн фактысын белгилеген саламаттык сактоо уюмунун жетекчисине же болбосо саламаттык сактоо уюмунан тышкары төрөттөрдө жекече иштеген врачка.

Өлүү баланын туулгандыгы жөнүндө же жашоосунун биринчи жумасында өлгөн баланын туулгандыгы же өлүмү жөнүндө билдирүү баланын өлүү төрөлгөндүгүнүн фактысы же баланын жашоосунун биринчи жумасында өлгөндүгүнүн фактысы аныкталган күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш.

4-глава. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо

32. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо никеге туруп жаткан адамдар кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

Никелешүүнү мамлекеттик каттоо нике курагына толгон адамдарга карата жүргүзүлөт. Эркектер жана аялдар үчүн нике курагы жүйөлүү себептер болгон учурда жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн комиссиялык корутундусунун негизинде бир жылдан ашык эмес төмөндөтүлүшү мүмкүн.

Никеге туруп жаткан адамдардын ишеним каты боюнча, ошондой эле өкүл аркылуу никелешүүнү мамлекеттик каттоого жол берилбейт.

Никелешүүнү мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтер берилген учурда бир айлык мөөнөт өткөндөн кийин жүргүзүлөт:

- никеге туруп жаткан адамдардын биргелешкен арызы;

- биргелешкен арыз берүүгө мүмкүн болбогон учурда, никеге туруп жаткан адамдардын өзүнчө арыздары;

- никеге туруп жаткандардын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер;

- эгерде алардын бири мурда никеде турган болсо никесинин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк - КБМРде маалымат жок болгон учурда;

- мурдагы никеде жубайлардын бири каза болгон учурда өлгөндүгү тууралуу күбөлүк - КБМРде маалымат жок болгон учурда;

- эгерде никеге туруп жаткан адамдардын биринин жашы жете элек болсо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн корутундусу.

Эгерде никеге туруп жаткан адамдар белгиленген күнү никелешүүнү мамлекеттик каттоого келишпесе, анда никени каттоо арыз берилген күндөн тартып 3 айдын ичинде жүргүзүлөт.

3 ай өткөндөн кийин никеге туруп жаткандар никелешүүнү мамлекеттик каттоого жаңы арыз берүүгө милдеттүү.

Эгерде никече туруп жаткандардын биринин, эркектин же аялдын биргелешкен арыз берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, никеге туруп жаткан адамдын каалоосу никелешүү тууралуу өзүнчө арыз менен таризделиши мүмкүн. Никеге туруучу адамдын колунун аныктыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

Никелешүүнү мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй өзгөчө жагдайлар болгондо арыз берилген күнү жүргүзүлөт:

- кош бойлуулукта,

- бала төрөлгөндө,

- тараптардын биринин өмүрүнө түздөн-түз коркунуч болгондо (анын ичинен ооруганда).

Ошондой эле мындай учурларда кошумча төмөнкүдөй документтер берилет:

- медициналык мекемеден кош бойлуулук тууралуу маалым кат;

- жалпы балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү - КБМРде маалымат жок болгон учурда;

- ден соолугунун абалы жөнүндө маалым кат (ооруган учурда).

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

33. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо жөнүндө арызда никеге туруп жаткан адамдар менен никелешүүнү каттоо күнү жана убактысы макулдашылат жана дайындалат.

Никелешүүнү мамлекеттик каттоо салтанаттуу жагдайда жүргүзүлүшү мүмкүн (никелешүүнү салтанаттуу каттоого арналган атайын имараттарда, жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын жайларында, ошондой эле жарандык абалдын актыларын жазуу органдары менен никеге туруп жаткан адамдардын макулдашуусу боюнча башка жерлерде).

34. Жубайлардын тандоосу боюнча никелешүү тууралуу актыны жазууга жубайлардын жалпы фамилиясы же никеге туруп жаткан адамдардын биринин никеге чейинки фамилиясы киргизилет.

Жубайлар жалпы фамилия катары жубайлардын биринин фамилиясын тандап алышат же болбосо аялынын фамилиясын күйөөсүнүн фамилиясына бириктирүү аркылуу түзүлгөн фамилияны жубайлардын бирине жазууга укуктуу, мында жубайлардын фамилиясы жазууда дефис менен бириктирилген экиден ашпаган фамилиядан турушу мүмкүн.

Эгерде улуттук салт боюнча фамилияга ээ жубайы -ов менен аяктаган жубайынын фамилиясын алууну кааласа, анда жубайына -ова менен аяктаган фамилия ыйгарылат жана атасынын аты жубайынын атасынын аты менен толукталат (каалоосу боюнча).

Никеге туруп жаткан адамдардын фамилияларын улуттук салт боюнча "уулу"/"кызы" деп жазылган фамилияга өзгөртүүгө жол берилбейт.

35. Жубайынын фамилиясын алган жубайлардын биринин паспорту бир айдын ичинде милдеттүү алмаштырылууга тийиш.

36. Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан соттолгон адамдар менен никелешүүнү мамлекеттик каттоо түзөтүү мекемеси жайгашкан жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органынын бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт.

37. Соттолгон адам никелешүү жөнүндө арыздын өзүнүн маалыматтарына тийиштүү бөлүгүн толтурат. Көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгы, соттолгон адамдын колу тийиштүү документтерди (соттолгон адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти (паспортту) же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти, аталган түзөтүү мекемесинде кармалгандыгы тууралуу маалым катты) берүү менен түзөтүү мекемесинин начальниги тарабынан текшерилет жана күбөлөндүрүлөт.

Соттолгон адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документи (паспорту) же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документи жок болгон учурда никелешүүнү мамлекеттик каттоо жүргүзүлбөйт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637 токтомунун редакциясына ылайык)

38. Соттолгон адам менен никелешүүнү мамлекеттик каттоо никеге туруп жаткан адамдардын катышуусунда, түзөтүү мекемесинин администрациясы аныктаган жайда жарандык абалдын актыларын жазуу органы менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.

39. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка каралбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте нике жана үй-бүлө мамилелеринде Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктарга ээ жана жоопкерчиликке тартылышат.

40. Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам менен никелешүүсүн мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан төмөнкүдөй документтер берилген учурларда жүргүзүлөт:

- белгиленген формадагы биргелешкен арыз;

- эгерде никеге туруп жаткан адамдардын биринин биргелешкен арыз берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, никелешүүнү каалаган адамдардын өзүнчө арыздары, мында чет өлкөлүк нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн арыз легалдаштырылууга тийиш;

- никеге турууну каалаган адамдардын ким экендигин күбөлөндүргөн документтер же Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер;

- эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка каралбаса, белгиленген тартипте консулдук легалдаштыруу же апостиль тууралуу белгиси бар, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу менен чет өлкөлүк жарандын жараны болуп саналган мамлекеттин аймагында катталган никеде турбагандыгын ырастоочу маалым кат. Мурунку никесинин токтотулганын ырастоочу документтер (никесинин бузулгандыгы тууралуу, өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, соттун чечими) талап кылынбайт.

Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында чет мамлекеттердин жарандарынын ортосунда никелешүүнү мамлекеттик каттоо жүргүзүлбөйт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637 токтомунун редакциясына ылайык)

5-глава. Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо

41. Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо жубайлар (жубайлардын бири) кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

42. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 26-беренесине ылайык жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын бөлүмдөрүндө бузулуучу нике никенин бузулгандыгы тууралуу акты мамлекеттик катталган күндөн тартып, нике сотто бузулганда - соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.

43. Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

1) ортосунда жашы жете элек жалпы балдары болбогон жана бири-бирине мүлктүк жана башка дооматтары болбогондо жубайлардын никени бузуу жөнүндө берилген биргелешкен арызынын;

2) жубайлардын биринин никени бузуу жөнүндө арызынын жана жубайлардын бирине карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин (өкүмүнүн), эгерде жубайлардын бири сот тарабынан дайынсыз жок деп таанылса, сот тарабынан эмгекке жарамсыз деп таанылса же жасаган кылмышы үчүн үч жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон болсо;

3) никенин бузулгандыгы тууралуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин.

44. Чет мамлекеттин жараны менен никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо учурунда чет өлкөлүк жарандын паспорту мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен берилет, котормочунун колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

45. Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоого нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча жол берилет, анын негизинде никенин бузулгандыгы тууралуу актыны жазуу түзүлөт. Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо боюнча кызыкчылыктарды коргоого жана никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүктү алууга ыйгарым укуктар ишеним катта атайын каралууга (макулдашылууга) тийиш.

46. Ортосунда жашы жете элек жалпы балдары болбогон жана мүлктүк талаш-тартыштары болбогондо жубайлардын өз ара макулдашуусу боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо жубайлар тарабынан никени бузуу жөнүндө биргелешкен арыз берилген күндөн тартып 1 ай өткөндөн кийин жубайлардын экөөнүн тең же алардын биринин катышуусунда жүргүзүлөт.

Мында төмөнкүдөй документтер берилет:

- никени бузуу жөнүндө биргелешкен арыз;

- арыз ээлеринин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер же Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер;

- никелешүү тууралуу күбөлүк.

Эгерде жубайлардын биринин биргелешкен арыз берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, жубайлардын биринин каалоосу никени бузуу жөнүндө өзүнчө арыз менен таризделиши мүмкүн. Жубайынын колунун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан жубайлардын экөөнүн тең нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катынын негизинде, жубайлардын өз ара макулдугу боюнча никенин бузулгандыгын каттоого жол берилбейт. Жубайлардын биринин катышуусу милдеттүү.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637 токтомунун редакциясына ылайык)

47. Никеси чет мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан катталган, жубайлардын бири Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган жубайлардын өз ара макулдугу боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтер берилгенде жалпы негиздерде жүргүзүлөт:

- белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостилирленген, мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен никелешүү тууралуу күбөлүк, котормочунун колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш;

- мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен чет өлкөлүк жарандын паспорту, котормочунун колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

48. Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо кайрылган жери боюнча төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

- жубайлардын биринин арызынын;

- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин, эгерде жубайлардын экинчиси сот тарабынан дайынсыз жок деп таанылса, сот тарабынан эмгекке жарамсыз деп таанылса жана жасаган кылмышы үчүн үч жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолсо.

Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо никени бузуу жөнүндө арыз берилген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин анын кагышуусунда жүргүзүлөт.

Жарандык абалдын актыларын жазуу органы үч күндүн ичинде жаза өтөп жаткан адамга, же болбосо эмгекке жарамсыз жубайынын камкорчусуна же дайынсыз жок болгон жубайынын мүлкүн башкаруучуга, ал эми алар жок учурда - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо жөнүндө билдирүүнү жиберет.

49. Соттун чечиминин негизинде никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

- никелешүү мамлекеттик катталган жер боюнча;

- мурдагы жубайлардын (же болбосо жубайлардын биринин же эмгекке жарамсыз жубайынын камкорчусунун) эсепке алып катталган жери боюнча;

- соттун чечими чыгарылган жер боюнча.

Никенин бузулгандыгы тууралуу соттун чечиминин негизинде никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтер берилгенде жүргүзүлөт:

- никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз;

- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;

- мурдагы жубайлардын (жубайлардын биринин), жубайлардын биринин кызыкчылыгын коргогон адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер;

- жубайлардын биринин кызыкчылыгын коргогон адамдын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты.

Мурдагы жубайлар Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актылары жөнүндө мыйзамдарына ылайык никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кайсынысына болбосун кайрылууга укуктуу.

Кийинчерээк кайрылган жубай жөнүндө маалыматтар никенин бузулгандыгы тууралуу актыдагы мурда жазылган жазууга киргизилет.

Мындай учурда жубайдын экинчисинин соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимин көрсөтүүсү талап кылынбайт.

Никенин бузулгандыгы тууралуу актыны жазууга жубайдын экинчисинин маалыматтары киргизилгенден кийин маалымат "ЖААЖ" АМС аркылуу никенин бузулгандыгы тууралуу актыны жазуу жайгашкан жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органына тийиштүү толуктоолорду киргизүү үчүн кагаз жүзүндө жиберилет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637 токтомунун редакциясына ылайык)

50. Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоодо өзүнүн фамилиясын өзгөрткөн жубай ушул фамилияны сактап калууга же никеге чейинки фамилиясын кайра алууга укуктуу.

51. Кыргыз Республикасынын жараны менен чет өлкөлүк жарандын ортосундагы никенин бузулгандыгы тууралуу соттун чечиминин негизинде никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо жалпы негиздерде жүргүзүлөт.

Чет мамлекеттердин жарандарынын ортосундагы никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын сотунун никенин бузулгандыгы тууралуу чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

6-глава. Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо

52. Он алты жашка толгон адам фамилиясы камтылган өзүнүн атын, атап айтканда атын жана/же атасынын атын өзгөртүүгө укуктуу.

Атасынын атын өзгөртүү атасынын, асыроочунун, өгөй атасынын (баланын энеси менен никелешүү тууралуу күбөлүктү берген учурда) же чоң атасынын жана таятасынын аттары боюнча жүзөгө ашырылат.

Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо кайрылган жери боюнча он жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.

Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо кайрылган жери боюнча арыз ээсинин каалоосу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте акы төлөнүүчү негизинде шашылыш түрдө жүргүзүлүшү мүмкүн.

Жарандык абалдын актысын жазуу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болгон учурда, жарандардан фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоого арыз жарандык абалдын актыларын жазуулардын көчүрмөлөрү алынгандан кийин кабыл алынат.

Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан жылына бирден көп эмес жолу жүргүзүлөт.

53. Он алты жашка толо элек адамга карата фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо ата-энесинин биргелешкен арызынын негизинде жана төмөнкүдөй документтер берилгенде жүргүзүлөт:

- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;

- ата-энесинин (алардын биринин) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер;

- эгерде арыз ээси никеде турса, никелешүү тууралуу күбөлүк - КБМРде жок болгон учурда;

- аталыгын аныктоо тууралуу күбөлүк (болсо) - КБМРде маалымат жок болгон учурда;

- ата-энесинин биринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу (ата-энесинин биринин биргелешкен арызын берүү мүмкүн болбогон учурда);

- жаранды дайынсыз жок деп таануу, аны ата-энелик укуктарынан ажыратуу, аны эмгекке жарамсыз деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген чечими (ата-энесинин пикирин эске алуу милдеттүү эмес).

Он жашка толгон, жашы жете элек балага карата фамилиясын, атын жана атасынын атып өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт.

Аталыгы мыйзамдуу түрдө аныкталбаган баланын фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо энесинин арызы боюнча, ал мындай өтүнүч менен кайрылган учурда алып жүргөн фамилияга өзгөртүү менен жүргүзүлөт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

54. Жашы жеткен адамдын фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтер берилгенде жүргүзүлөт:

- арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта) же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;

- арыз ээсинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (КБМРда туулгандыгы тууралуу актыны жазуу болбогон учурда);

- эгерде арыз ээси никеде турса, никелешүү тууралуу күбөлүк (КБМРда никелешүү тууралуу актыны жазуу болбогон учурда);

- жашы жете элек балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү (эгерде арыз ээсинин жашы жете элек балдары болсо) (КБМРда туулгандыгы тууралуу актыны жазуулар болбогон учурда);

- эгерде арыз ээси никесинин бузулгандыгына байланыштуу ага никеге чейинки фамилиясын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч менен кайрылса, никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк (КБМРда никенин бузулгандыгы тууралуу актыны жазуулар болбогон учурда).

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

55. Жашы жете элек балага карата ата-энесинин экөөнүн тең же алардын биринин фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүсүн мамлекеттик каттоодо фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо жүргүзүлөт.

56. Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоого арыз кабыл алынгандан кийин жарандык абалдын актыларын жазуу органы жарандык абалдын актыларын жазуулар жайгашкан жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органына үч жумуш күндүн ичинде санариптештирүү үчүн электрондук почта боюнча суроо-талап жиберет.

Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоодон кийин жаран бир айдын ичинде ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтерин алмаштырууга милдеттүү.

57. Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларынын тийиштүү жазууларына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана жарандык абалдын актыларынын күбөлүктөрүн берүүгө алып келет (туулгандыгы тууралуу күбөлүктөн тышкары).

Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоодон кийин фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк берилет, ал эми туулгандыгы тууралуу жаңы күбөлүк берилбейт. Мында электрондук жана кагаз жүзүндөгү туулгандыгы тууралуу актыны жазууга фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу белги коюлат.

Мурда берилген жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөр алып коюлат, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөн тышкары.

58. Никелешүүдөн кийин фамилиясы жалпы фамилия катарында тандалып алынган жубайдын фамилиясы өзгөргөн учурда, жубайынын экинчиси фамилиясын жубайынын жаңы фамилиясына же өзүнүн никеге чейинки фамилиясына өзгөртүүгө милдеттүү.

59. Ата-энелери фамилияларын жана аттарын өзгөрткөндүгүнө байланыштуу жашы жете элек балдарынын фамилиясы жана атасынын аты алардын арызы боюнча гана, жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн белгиленген тартипте жалпы негиздерде өзгөртүшөт.

60. Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү каттоодон кийин маалымат "ЖААЖ" АМС аркылуу жарандык абалдын актыларын жазуулар жайгашкан жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органына фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу белгини киргизүү үчүн кагаз жүзүндө жиберилет.

61. Бир эле убакта фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоого жол берилбейт.

Ишеним кат боюнча фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүгө жол берилбейт.

7-глава. Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо

62. Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо арыз ээси кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

63. Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:

- ыйгарым укуктуу саламаттык сактоо органы тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү өлгөндүгү тууралуу маалым кат;

- өлгөн адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (паспорту, аскердик билети), болсо;

- өлгөндүгүнүн фактысын белгилөө же адамды өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;

3) негизсиз репрессияланган жана кийин "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде акталган адамдын өлгөндүгүнүн фактысы жөнүндө компетенттүү органдар тарабынан берилген документ.

64. Өлгөндүгү жөнүндө төмөнкүлөр билдирүүгө милдеттүү:

- өлгөн адамдын жубайы, башка үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле өлгөн учурда жанында болгон же өлгөндүгү жөнүндө башкача түрдө кабардар болгон кандай болбосун башка адам;

- медициналык уюм же калкты социалдык коргоо мекемеси - эгерде адам ушул уюмда же мекемеде жүргөн учурда өлүмгө учураса;

- жазаларды аткаруу мекемеси - эгерде соттолгон адам эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза өтөп жаткан мезгилде өлүмгө учураса;

- алгачкы текшерүү же тергөө органы - өлгөн адамдын ким экендиги аныкталбаган учурда, адамдын өлүмүнө байланыштуу же өлгөндүгүнүн фактысы боюнча тергөө жүргүзүлүп жаткан болсо;

- аскердик бөлүктүн командири - эгерде адам аскер кызматын өтөп жаткан мезгилде өлүмгө учураса.

65. Эгерде жол жүрүп бараткан учурда кемеде, поездде, самолётто же башка транспорт каражатында өлүмгө учураса, өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо өлгөн адам транспорттук каражаттан чыгарылган аймактын чегинде жайгашкан жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

66. Эгерде экспедицияда, илимий станцияда же жарандык абалдын актыларын жазуу органы болбогон алыскы жерде өлүмгө учураса, өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо адам өлгөн жерге жакын жайгашкан жарандык абалдын актысын жазуу органы тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

67. ИЖПи жок Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан анын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин негизинде ошол адамга ИЖН ыйгарылгандан кийин жүргүзүлөт.

68. Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоодон кийин өлгөн адамдын туулгандыгы тууралуу жазуу "ЖААЖ" АМСтин базасында болгон учурда, маалымат "ЖААЖ" АМС аркылуу туулгандыгы тууралуу жазуу жайгашкан жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органына өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо тууралуу белгилерди киргизүү үчүн электрондук жана кагаз жүзүндө жиберилет.

69. Сканерленген документтер - өлгөндүгү тууралуу врачтык күбөлөндүрүүлөр, фельдшердик маалым каттар, соттук-медициналык экспертизанын корутундусу, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдөрү жана чечими кагаз жүзүндөгү өлгөндүгүн каттоо тууралуу актыны жазууга тиркелет.

70. Белгисиз, таанылбаган адамдардын өлгөндүгүн каттоо жөнүндө соттук-медициналык экспертиза органынын арызы боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан өлгөндүгү тууралуу медициналык күбөлүктүн негизинде өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жүргүзүлөт.

Өлгөн адам таанылган жана анын маалыматтары менен медициналык күбөлүк берилген учурда, жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берилет, андан кийин өлгөндүгү тууралуу актыны жазууга тийиштүү маалыматтар киргизилет.

71. Мыйзамда белгиленген тартипте өлдү деп таанылган адамдардын өлгөндүгүн каттоодо "Өлгөн датасы" графасына соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген дата жазылат. Эгерде соттун чечими менен адамдын белгилүү бир убакта өлгөндүгүнүн фактысы белгиленсе, анда өлгөндүгү тууралуу актыны жазууга өлгөн датасы болуп соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминде көрсөтүлгөн дата жазылат.

72. Өлгөн адамдын паспортунун же аскердик билетинин (каттоо күбөлүгүнүн) жоктугу өлгөндүгү тууралуу актыны каттоодон баш тартууга себеп болуп саналбайт, мындай учурда өлгөндүгү тууралуу актыны жазууга белги коюлат.

73. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо кайрылган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында жүргүзүлөт.

74. Чет өлкөлүк жарандардын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

- өлгөндүгү тууралуу медициналык күбөлүктүн;

- мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен өлгөн адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү паспорт, котормочунун колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш;

- качкындын күбөлүгү;

- "Кайрылман" күбөлүгү

75. Жарандыгы жок адамдардын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

- өлгөндүгү тууралуу врачтык күбөлүктүн;

- жарандыгы жок адамдын жашап туруу укугу.

76. Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары өлгөн учурда, өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органынын бөлүмдөрү тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

- чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостилирленген, мамлекеттик же расмий тилге которулган өлгөндүгү тууралуу маалым кат;

- өлгөн адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ.

77. Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын бөлүмү өлгөндүгү тууралуу актыны жазуунун негизинде арыз ээсине өлгөн адамдын өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү берет. Өлгөн адамдын жакын туугандарынын арызынын негизинде өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү берүү талап кылынган учурда, аларга да "Кайталап берилди" белгиси менен өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берилет.

Өлгөн адамды көмүүгө жөлөк пул алуу үчүн белгиленген формадагы маалым кат арыз ээсине бир эле жолу берилет.

Өлгөн адамдардын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер алып коюлат жана акт боюнча калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тийиштүү түзүмдүк бөлүмүнө өткөрүп берилет.

8-глава. Жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү

78. Жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:

1) аталыгын аныктоо жөнүндө арыз:

а) баланын никеде турбаган атасынын жана энесинин;

б) бала төрөлгөн учурда баланын энеси менен никеде турбаган атанын, энеси өлгөн же ал ата-энелик укуктарынан ажыратылган учурда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өтүнүчү боюнча.

Баланын туулгандыгы катталгандан кийин баланын энеси менен никеде турбаган атасы тарабынан аталыгын аныктоо жөнүндө белгиленген формадагы арыз берилгенде, төмөнкүдөй документтердин бири берилүүгө тийиш:

- энесинин өлгөндүгү тууралуу күбөлүк ("ЖААЖ" АМСте өлгөндүгү тууралуу актыны жазуу болбогон учурда);

- энесин эмгекке жарамсыз деп таануу же аны ата-энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;

- энесин дайынсыз жок деп таануу жөнүндө соттун чечими;

- атасы тарабынан жашы жете элек балага карата аталыгын аныктоо жөнүндө арыз берилгенде, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан берилген, аталыгын аныктоого бул органдын макулдугун ырастаган документ;

2) аталыгын аныктоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими.

Соттун чечими боюнча аталыгын аныктоо жөнүндө арыз баланын атасы жана энеси (алардын бири), же болбосо нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча ыйгарым укуктуу адам тарабынан берилет;

3) бала асырап алуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими.

Соттун чечими боюнча бала асырап алуу жөнүндө арыз бала асырап алуучулар же алардын бири, же болбосо нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча ыйгарым укуктуу адам тарабынан берилет.

Бала асырап алуу жөнүндө соттун чечиминин негизинде баланын туулган күнү жана (же) жери, баланын туулгандыгы мамлекеттик катталган жер өзгөртүлгөн учурда, арыз ээси кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан соттун чечиминде көрсөтүлгөн баланын туулган жери боюнча баланын туулгандыгы тууралуу актыны жаңы жазуу түзүлөт. Баланын туулгандыгы тууралуу актыны жаңы жазуу түзүлгөндүгү жөнүндө маалыматтар анын туулгандыгы тууралуу мурда түзүлгөн актыны жазууга киргизилет;

4) фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу актыны жазуу;

5) оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими.

Соттун чечими боюнча ЖААЖга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз кызыкдар адам, же болбосо нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча ыйгарым укуктуу адам тарабынан берилет;

6) баланын атасы менен никеде турбаган энесинин баланын атасы жөнүндө маалыматтарды туулгандыгы тууралуу актыны жазууга киргизүү, же болбосо аларды өзгөртүү же алып салуу жөнүндө арызы;

7) он алты жашка толгон адамдын атасы же энеси (ата-энелери) атын өзгөрткөн учурда, анын туулгандыгы тууралуу актыны жазуудагы атасы же энеси (ата-энеси) жөнүндө маалыматтарды өзгөртүү жөнүндө арызы;

8) өлгөндүгү белгисиз адамдын өлүмү катары катталган өлгөн адамдын ким экендигин аныктоо тууралуу алгачкы текшерүү же тергөө органы тарабынан берилген белгиленген формадагы документ;

9) негизсиз репрессияланган жана кийин "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде акталган адамдын өлгөндүгүнүн фактысы тууралуу белгиленген формадагы документ - эгерде өлгөндүгү мурда катталган болсо;

10) "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесинде каралган учурларда, жарандык абалдын актысын жазууга оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жарандык абалдын актыларын жазуу органынын корутундусу.

79. Баланы асырап алгандыгына жана аталыгы аныкталгандыгына байланыштуу туулгандыгы тууралуу актыны жазууга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жаңы туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилет.

Кызыкдар адамдардын ортосунда талаш-тартыш болгон учурда, жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

80. Жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолор, өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин маалымат "ЖААЖ" АМС аркылуу жарандык абалдын актыларын жазуулар жайгашкан жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органына оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу белгилерди коюу үчүн кагаз жүзүндө жиберилет.

81. Баланы асырап алгандыгына жана аталыгы аныкталгандыгына байланыштуу туулгандыгы тууралуу актыны жазууга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин жаңы туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилет.

82. Бала асырап алуу тууралуу маалыматтар жеке мүнөздөгү маалымат, купуя болуп саналат жана ачыкка чыгарылууга тийиш эмес. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын кызматкерлери асырап алуучулардын (асырап алуучунун) макулдугусуз асырап алуу жөнүндө кандайдыр бир маалыматтарды билдирүүгө жана мазмунунда асырап алуучулар (асырап алуучу) асырап алынган баланын ата-энеси (ата-энесинин бири) эмес экендиги көрсөтүлгөн документтерди берүүгө укуксуз.

83. Ага карата асырап алуу жөнүндө актыны жазуу бар жашы жеткен адам кайрылган учурда, анын арызы боюнча анын туулгандыгы тууралуу маалыматтар берилет.

84. Жарандык абалдын актысын жазууга оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө корутунду жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан төмөнкү учурларда түзүлөт:

- эгерде жарандык абалдын актысын жазууда туура эмес же толук эмес маалыматтар көрсөтүлсө, ошондой эле орфографиялык каталар кетирилсе;

- эгерде жарандык абалдын актысын жазуу Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинде, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Нускамада белгиленген ченемдерди эске албастан жүргүзүлсө.

Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жарандык абалдын актысын жазууга өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү жөнүндө корутундусу электрондук форматта түзүлөт, анын негизинде жарандык абалдын актысын каттоо тууралуу жаңы күбөлүк жазылып берилет.

85. Жарандык абалдын актысын жазууларга өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү жөнүндө арызды кароо мүмкүн болбогондо, жарандык абалдын актыларын жазуу органынын бөлүмү тарабынан жарандарга жазуу жүзүндө негизделген баш тартуу берилет жана ага даттануу тартиби түшүндүрүлөт.

86. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана жарандык абалынын актыларын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында каттаган чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жарандык абалынын актыларын жазууларга өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү кайрылган жери боюнча жалпы негиздерде жүргүзүлөт.

87. Жарандык абалдын актыларын жазууларга өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү жарандык абалдын актыларын жазуу органынын бөлүмдөрү тарабынан арыз түшкөн күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.

Жарандык абалдын актысын жазуулар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болгон учурда, жарандардын өзгөртүүлөрдү, оңдоолорду киргизүү жөнүндө арызы жарандык абалдын актыларын жазуулардын көчүрмөлөрү алынгандан кийин кабыл алынат.

88. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан жарандык абалдын актыларын жазууларга өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү боюнча мамлекеттик кызматтар арыз ээсинин каалоосу боюнча Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте акы төлөө негизинде шашылыш түрдө көрсөтүлүшү мүмкүн.

89. Кагаз жүзүндөгү жарандык абалдын актыларын жазууларга киргизилген өзгөртүүлөр жана оңдоолор жөнүндө белги жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкеринин колу менен күбөлөндүрүлөт.

9-глава. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китептерин (акт китептерин) сактоо тартиби жана мөөнөттөрү

90. Жарандык абалдын актыларын жазуулардын кагаз жүзүндөгү нускаларынан чогултулган, жип өткөрүлүп көктөлгөн, номер коюлган жана мөөр менен бекитилген жарандык абалдын актыларын жазуулар жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында сакталат.

91. Номер коюлган жана мөөр менен бекитилген, жарандык абалдын актыларын жазуулардын автоматташтырылган маалыматтык системасында түзүлгөн жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун электрондук базасы, ошондой эле жарандык абалдын актыларын жазуу органдары түзүлгөнгө же калыбына келтирилгенге чейин түзүлгөн метрикалык китептер, ошондой эле жарандык абалдын актыларын жазуулардын автоматташтырылган маалыматтык системасы киргизилгенге чейин түзүлгөн жарандык абалдын актыларын жазуулардын архивдик китептери компетенциясына жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо кирген жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында сакталат.

92. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан түзүлгөн, жарандык абалдын актыларын жазуулардын кагаз жүзүндөгү нускаларынан чогултулган жарандык абалдын актысын жазуулар бир ай өткөндөн кийин ушул актыларды мамлекеттик каттоо үчүн негиз болгон документтер менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагындагы жарандык абалдын актыларын жазуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүнүшүнүн тиешелүү бөлүмүнө сактоого өткөрүлүп берилет.

93. Жарандык абалдын актыларын жазуу органы Кыргыз Республикасынын архив мыйзамдарында белгиленген тартипте жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китептерин (акт китептерин) жана жарандык абалдын актыларынын электрондук жазууларын сактоонун талаптагыдай шарттарын түзүүнү камсыз кылат.

94. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китептери (акты китептери) жана электрондук жазуулар жарандык абалдын актыларын жазуулар түзүлгөн күндөн тартып жүз жыл бою жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында сакталат.

95. Жүз жыл өткөндөн кийин жарандык абалдын актыларын жазуу органдары кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө чогултулган метрикалык китептерди мамлекеттик архивдерге өткөрүп берет.

10-глава. Жарандык абалдын актыларын жазууларды калыбына келтирүү жана жок кылуу

96. Жарандык абалдын актыларын жазуулар арыз ээси кайрылган жер боюнча соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген чечиминин негизинде жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан калыбына келтирилет.

97. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо фактысын белгилөө жөнүндө сотко кайрылуу үчүн негиз болуп жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жарандык абалдын актысын жазуунун биринчи жана экинчи нускаларынын жок экендиги жөнүндө билдирүүсү саналат.

98. "ЖААЖ" АМСте жарандык абалдын актысын жазуунун жоктугу калыбына келтирилүүчү жазуу болгон жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы, ошондой эле экинчи нускасы сакталган жер боюнча калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тийиштүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан ырасталууга тийиш. Мында текшерүү арызда көрсөтүлгөн калктуу конуштун китептери боюнча жети жыл үчүн (арызда көрсөтүлгөн жыл үчүн, ошондой эле мурдагы үч жыл жана кийинки үч жыл үчүн) жүргүзүлөт.

99. Жазуунун жоктугу жөнүндө билдирүү жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китептеринин биринчи нускалары сакталган жер боюнча текшерүүдөн кийин гана, экинчи нускасы сакталган жер боюнча калкты жапа жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тийиштүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан берилет (жиберилет).

100. Калыбына келтирилген жазуунун негизинде берилүүчү жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарына жазуунун калыбына келтирилгенин ырастоочу белги коюлат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 143  токтомунун редакциясына ылайык)

101. Чет өлкөдө туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын, ошондой эле жарандык абалынын актыларын тийиштүү жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында каттаган чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жоголгон жарандык абалынын актыларын жазууларын калыбына келтирүү арыз ээлери кайрылган жер боюнча сот органдарынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

102. Жарандык абалдын актысын жазууларды жок кылуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жарандык абалдын актысын жазуу сакталган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

Мында жокко чыгаруу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими арыз ээси кайрылган жер боюнча аткарылат.

103. Баланын туулган жери жана күнү өзгөргөнүнө байланыштуу соттун бала асырап алуу жөнүндө чечими боюнча туулгандыгы тууралуу актыны жаңы жазууну түзүүдө баланын туулгандыгы тууралуу актыны биринчи жазуу жокко чыгарылууга тийиш. Соттун бала асырап алуу жөнүндө чечими жокко чыгарылган учурда, баланын туулгандыгы тууралуу актыны жаңы жазуу жокко чыгарылат, ал эми биринчи жазуу мурунку абалына келтирилет.

104. Жарандык абалдын актыларын жазууларды жокко чыгарууда жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан маалымат "ЖААЖ" АМС аркылуу актыны жазуунун экинчи нускасы болгон жер боюнча кагаз жүзүндөгү жазууну жокко чыгаруу жөнүндө белгини коюу үчүн жиберилет.

105. Жарандык абалдын актыларын каттоодо жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкери техникалык каталарга жол берсе, "ЖААЖ" АМСтеги жарандык абалдын актыларын ырасталган жазуулар калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тийиштүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан өчүрүлүүгө тийиш.

106. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан күбөлүктөр жана жокко чыгарылган жарандык абалдын актыларын жазуулардан көчүрмөлөр берилбейт. Жокко чыгарылган актыларды жазуулардын көчүрмөлөрү сот органдарынын, ички иштер, улуттук коопсуздук жана прокуратура органдарынын суроо-талаптары боюнча берилет.

11-глава. "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин бузгандыгы үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жоопкерчилиги

107. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун тууралыгы жана сапаты жана маалыматтардын купуялуулугу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкерине жана анын түздөн-түз жетекчисине жүктөлөт.

Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын алардын күнөөсүнөн улам Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын укуктары бузулган кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.

108. Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин бузгандыгы, ошондой эле жарандык абалдын актыларын каттоо үчүн берилүүчү маалыматтардын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.