Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 12-апрели № 140
"Электрондук коммерция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары демилгелеген "Электрондук коммерция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | У.Марипов |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 140 токтому менен жактырылган |
"Электрондук коммерция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары демилгелеген "Электрондук коммерция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 1-августундагы № 108 Мыйзамына ылайык "виртуалдуу актив" түшүнүгүнө аныктама берилген. Ушул түшүнүк салык милдеттенмесин аныктоодо жалпы салык режиминин эрежелери боюнча атап айтканда, пайда салыгы жана киреше салыгы боюнча эсептөө колдонулат.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 396-беренесинен "санарип финансы активи" жаңы түшүнүгүн ушул Салык кодексинин 4-беренесине көчүрүүнү сунуштайбыз.
Мындан тышкары Мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча "санарип каржы активи" деген сөздөрдү тиешелүү жөндөмөдө "виртуалдык актив" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорун иш жүзүндө колдонууда кайчы пикирлерди четтетүү максатында Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 1-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"1) 4-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 38-40-пункттар менен толукталсын:
"38) "Виртуалдык актив" - парктын санариптик туюнтмасы, ал жарандык укуктун объекти катары электрондук (санариптик) формада түзүлөт, сакталат жана жүгүртүлөт жана белгиленген тартипте эмитирленген акча каражаты, (валюта), баалуу кагаз же электрондук акча болуп саналбайт;
39) "Виртуалдык активди сатуу" - виртуалдык активди улуттук же чет өлкөлүк валютага алмашуу.
Бир виртуалдык активди башка виртуалдык активге алмашуу аны сатуу болуп саналбайт;
40) "Салык төлөөчүнүн кабинети" - салыктарды эсептөө жана төлөө маселелери боюнча салык кызматынын органдары менен салык төлөөчүнүн ортосунда аралыктан өз ара аракеттенүү үчүн арналган ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу көрсөтүлгөн онлайн-сервис.".
2. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 3-пункту менен Салык кодексин "Электрондук формадагы кызмат көрсөтүүлөр" 27-1-беренеси менен толуктоо сунушталууда. "Электрондук коммерция чөйрөсүндөгү ишмердигине салык" атайын салык режиминин алкагында салык төлөөгө укуктуу боло турган салык төлөөчүлөрдү белгилөө максатында 27-1-беренесинин 8-пунктун төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
"8) Кыргыз Республикасынын электрондук коммерция жөнүндө мыйзамдарына ылайык соода платформасынын сатуучусу жана/же операторунун ишин жүзөгө ашыруу.".
3. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 6-пункту менен Салык кодексинин 50-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда, ага ылайык электрондук формада кызмат көрсөткөн салык төлөөчүгө салыктык текшерүү жүргүзүүдө салык кызматынын органы мыйзамдарда каралган учурда мындай бүтүмдүн катышуучуларынан электрондук бүтүм жөнүндө маалыматты суратууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 77 жана 78-пункттарынын ченемдерине шайкеш келтирүү максатында, башкача айтканда жалпысынан мыйзамдарга бланкеттик шилтемелерге, ошондой эле тавтологияга жол бербөө максатында Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 6-пунктунда жана Салык кодексинин 50-беренесинин 1-бөлүгүнүн преамбуласында "мыйзамдарда каралган учурда, укуктуу" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
4. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 16-пункту менен электрондук коммерциялык чөйрөдөгү ишкердик ишин өнүктүрүүгө дем берүү максатында Салык кодексин "Электрондук коммерция чөйрөсүндөгү ишине салык" 61-главасы менен толуктоо сунушталууда.
Салык кодексинин главаларынын жана беренелеринин номерлерин аны колдонуудагы редакциясына шайкеш келтирүү максатында 61-главаны 62-главага алмаштыруу, ал эми 396-402-беренелерин тийиштүүлүгүнө жараша 404-410-номерлерине алмаштыруу керек.
Мыйзам долбоорун практикалык колдонууда кайчы пикирлерди четтетүү максатында Салык кодексинин 396-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"1. Ушул главанын жоболору ушул Кодекстин 25-беренесинин 2-бөлүгүнүн 11-пунктунда жана 27-1-беренесинин 8-пунктунда белгиленген, уюмдардын жана жеке ишкерлердин (мындан ары - салык төлөөчүлөр) ишине карата колдонулат.
2. Электрондук коммерция чөйрөсүндөгү ишке салык төлөгөн салык төлөөчүлөр банкта атайын ачылган эсеп, анын ичинде электрондук капчык жана мындай эсепке байланган башка виртуалдык төлөм инструменттери аркылуу ушул ишке таандык бардык операциялар боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү.".
Ошондой эле салык салуудан качуу учурларына жол бербөө максатында 396 (404)-беренесин төмөнкүдөй редакциядагы 4 жана 5-бөлүктөр менен толуктоону сунуштайбыз:
"4. Электрондук коммерция чөйрөсүндөгү салык төлөөчүлөр ушул Кодекске ылайык ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленбеген салыктарды төлөшөт.
5. Электрондук коммерция чөйрөсүндө ишин жүзөгө ашырган, ушул берененин талаптарына жооп бербеген салык төлөөчүлөр салыктарды жалпы белгиленген тартипте төлөшөт.".
5. Укук колдонуу практикасында кайчы пикирлерди четтетүү максатында 398-беренесинде салыктык базанын аныктамасын тактоону сунуштайбыз. Ушуга байланыштуу 398-беренени төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
"406-берене. Салыктык база
Соода платформасынын оператору - электрондук коммерциянын катышуучусу үчүн электрондук коммерция чөйрөсүндөгү ишке салыктын салык салуу базасы болуп төмөнкүлөр саналат:
электрондук формада кызмат көрсөтүүдөн түшкөн пайда;
товарларды сатуудан түшкөн пайда.
Сатылуучу товарлар соода платформасынын операторунун менчиги болуп саналбаган учурларда, ушул берененин 1-пунктунда белгиленген салыктык база сатылган товар үчүн сатып алуучудан алынган пайда менен сатылган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн менчик ээсине төлөнгөн/менчик ээси алган акча каражаттарынын ортосундагы айырмадан төмөн болбошу керек.".
6. Долбоордун сунушталган 61-главасындагы 399-беренеге ылайык 3 жылды түзгөн өткөөл мезгилде электрондук коммерция чөйрөсүндөгү иштерге салыктын ставкасы 0,1 пайыз өлчөмүндө белгиленсе, кийин электрондук коммерция чөйрөсүндөгү иштерге салыктын ставкасы 2 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
Мында 2% өлчөмүндөгү ставка электрондук жана салттуу соода субъекттери үчүн бирдей атаандаштык чөйрө түзүү максатында бизнес-коомчулук менен макулдашуу боюнча белгиленди:
1) соода жүргүзүүнүн салттуу ыкмасы үчүн товарларды сатуу боюнча кызмат көрсөтүү товардын баасынын бөлүгү болуп саналат;
2) товарларды электрондук түрдө сатууда товарлар үчүн төлөм электрондук коммерциянын эки катышуучусунун ортосунда бөлүнөт: сатуучу жана электрондук платформа.
Ошондуктан баадагы дисбалансты жок кылуу жана электрондук сооданын катышуучулары үчүн сооданын салттуу ыкмасына карата салык жүгүн бирдей кылуу максатында мыйзам долбоорунда товарлар үчүн накталай эмес төлөм соодасы үчүн белгиленген бирдиктүү салыктык ставкасына окшош - 2% ставка белгиленди.
Ошону менен бирге электрондук коммерциянын катышуучулары үчүн атайын салык режимди киргизүү салыктардын санын көбөйтпөй турганын белгилөө зарыл.
Ушуга байланыштуу 399-берененин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
"1. Электрондук коммерциялар чөйрөсүндөгү иштерге салыктын ставкасы 2 пайыз өлчөмүндө белгиленет.".
7. Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин (мындан ары - Кодекс) 209-беренесинин 2-бөлүгүнө маалыматтык-коммуникативдик технология каражаттарын колдонуу менен лицензиясыз (күбөлүксүз) чет өлкөлүк валюта менен алмашуу операцияларын кошкондо, банк операцияларын ишке ашыруу үчүн айып пул салууну караштыруу менен толуктоо каралууда.
Ошону менен бирге Кодекстин 209-беренесинде мыйзамдарда белгиленген тартипте берилүүчү лицензиясы (күбөлүгү) болбостон, банк операцияларын, анын ичинде чет өлкөлүк валюта жагындагы алмаштыруу операцияларын жүзөгө ашыруу 8-категориядагы айып пул салууга алып келиши караштырылган.
Ушуга байланыштуу айып пулдун бирдей категориясын эске алуу менен Кодекстин 209-беренесинин биринчи абзацын маалыматтык-коммуникациялык технология каражаттарын пайдаланууга тиешелүү жобо менен толуктоону максатка ылайыктуу деп эсептейбиз. Мында Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 3-пунктун алып салууну сунуштайбыз.
8. Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 4-пунктуна ылайык Кодекстин 211-беренесинин 2-бөлүгүнө эгерде мындай операциялар (кызмат көрсөтүүлөр) банктык лицензияда (күбөлүктө) каралбаса, маалыматтык-коммуникативдик технология каражаттарын пайдалануу менен жүргүзүлүп жаткан банктык операциялар же банктык кызмат көрсөтүүлөр жана башка финансы-кредиттик кызмат көрсөтүүлөр менен операциялар тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгаруу, ошондой эле аларды көрсөтүүнүн шарттарын анык эмес чагылдыруу (банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жалган жарнамалоо) 5-категориядагы айып пул салууну толуктоо менен караштырылган. Мында "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жарнама - бул адамдардын белгиленбеген чөйрөсү үчүн арналган, ошол жеке жана юридикалык жактарга, товарларга, идеяларга жана саамалыктарга карата кызыкчылыкты калыптандырууга же колдоого, ошондой эле товарларды, идеяларды жана саамалыктарды ишке ашырууга көмөк берүүгө чакырылган, жеке же юридикалык жактар, товарлар, идеялар жана саамалыктар жөнүндө ар кандай каражаттардын жардамы менен, кандай таризде болсун таратылуучу маалымат (жарнамалык маалымат).
Ошол эле учурда жарнакты заказ кылуу, өндүрүү жана жайылтуу эрежелерин бузуу маселелери ушул Кодекстин 277-беренесинде каралган.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен 4-беренесинин 4-пунктун төмөнкүдөй редакцияда берүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейбиз:
"4) 277-берене "жарнаманы жайылтуу" деген сөздөрдөн кийин "анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жалган жарнакты жайылтуу" деген сөздөр менен толукталсын.
9. Ушуну менен бирге ушул Мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу зарыл, ушуга байланыштуу мыйзамдар менен мыйзам алдындагы актылардын ортосундагы укуктук вакуумду болтурбоо максатында Мыйзам долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтүн көбөйтүү зарыл.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 9-беренесин төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"9-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамдын ченемдерин ишке ашырууга алсын.".
10. Электрондук түрдө кызмат көрсөтүүлөргө толук салык салуу максатында Мыйзам долбоорунда сунушталган "электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык" деген атайын салык режиминен тышкары, биринчи кезекте, биздин өлкөдө ишмердигин жүргүзүүдө туруктуу мекемени түзүүгө алып келбеген чет өлкөлүк компанияларга карата "санариптик салык" киргизүү зарылдыгы келип чыгууда, экинчиден алар тарабынан электрондук түрдө көрсөтүлүүчү кызматтардын жери Кыргызстандын аймагы таанылат.
"Санариптик салыкты" белгилөө Салык кодексинин жоболоруна "салык төлөөчүнүн кабинети", салыктык каттоо, КНС боюнча салык төлөөчү катары катталуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн орду, "салык салынуучу берүүлөр" жана "салык салынуучу нарк", эсепке алуу укугу сыяктуу түшүнүктөр аппаратына байланыштуу өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго алып келет.
Ушуга байланыштуу электрондук коммерция чөйрөсүндөгү ишмердүүлүккө салыктын, ошондой эле "санариптик салыкка" салык төлөөчүлөр салык кызматынын маалыматтык ресурсу аркылуу катталышы керек болгондуктан. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 7-пункту боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-1. Ыйгарым укуктуу салык органынын ачык расмий веб-сайтында жайгаштырылган маалыматтык ресурс аркылуу төмөнкүлөр ишке ашырылат:
1) Кыргыз Республикасынын электрондук коммерция жөнүндө мыйзамдарына ылайык кызматтарды көрсөткөн чет өлкөлүк уюмдун туруктуу мекемесин салыктык каттоо;
2) ушул Кодекстин 25-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген чет өлкөлүк уюмду салыктык каттоо, ал бир эле мезгилде аны КНС төлөөчү катары катталган деп таанылат.
Ыйгарым укуктуу салык органынын ачык расмий веб сайтында жайгаштырылган маалыматтык ресурс аркылуу салыктык каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"төмөнкүдөй мазмундагы 1-2-бөлүк менен толукталсын:
"1-2. Ушул берененин 1-1-бөлүгүндө белгиленген субъект берүүлөр ишке ашырылганга чейин ыйгарым укуктуу салык органынын ачык расмий веб-сайтында жайгаштырылган маалыматтык ресурс аркылуу салыктык каттоо жөнүндө арызын берүүгө милдеттүү.";
төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ушул Кодекстин 96-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген чет өлкөлүк уюмду салыктык каттоо жери ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан мындай уюмдарды салыктык башкарууга укук ыйгарган салык органы болуп саналат.".
11. Ушул корутундуда "санариптик салыкты" белгилөө сунушталгандыктан, Мыйзам долбоорунун 2-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү белгилөөнү максатка ылайык деп эсептейбиз:
- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) 153-беренесинде:
54-пунктунун "г" пунктчасынын үчүнчү абзацы ", ошондой эле электрондук формадагы кызмат көрсөтүүлөр" деген сөздөр менен толукталсын;
"д" пунктундагы "башкача каралбаса," деген сөздөр "каралган жумуштардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн тышкары," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 55-пункт менен толукталсын:
"55) "Соода иши" - сатуу максатында сатып алынган товарларды сатуу боюнча, анын ичинде электрондук коммерция аркылуу ишке ашырылуучу иш.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
"13) 224-беренесинде:
2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "а-1" пунктчасы менен толукталсын:
"а-1) ушул Кодекстин 27-1-беренесинде каралган Кыргыз Республикасынын аймагы берүү жери болуп таанылган кызмат көрсөтүүлөр;";
төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) Салыктык агенти - Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердигин жүргүзүүдө туруктуу мекемени түзүүгө алып келбеген чет өлкөлүк уюм тарабынан аткарылган жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн КНСтин суммасын эсептөөгө, кармап калууга жана бюджетке төлөөгө милдеттүү салык салынуучу субъект.
Бул пунктча электрондук коммерция чөйрөсүндө аткарылган жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата колдонулбайт.
Эгер салыктык агент ушул бөлүмдө белгиленген салыктык милдетти кармап калбаса же толугу менен кармап калбаса, анда бул аткарылбаган салыктык милдет салыктык агент тарабынан аткарылат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:
"14) 228-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "бөлүмгө" деген сөз "Кодекске" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 13-16-пункттары 15-18-пункттар деп эсептелсин;
15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15) 229-беренесинде:
1-бөлүгүнүн биринчи абзацы "КНС төлөөчү катары катталууга милдеттүү" деген сөздөрдөн кийин ", милдеттүү патенттин негизиндеги салыкты жана/же электрондук коммерция чөйрөсүндөгү ишке салыкты салууга тийиш болгон иштин түрлөрү боюнча берүүлөрдөн тышкары, ошондой эле КНС төлөөчү катары каттоо тартиби ушул Кодекстин 96-беренесинде аныкталган, ушул Кодекстин 25-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген чет өлкөлүк уюмдар" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын:
"3-1. Ушул Кодекстин 25-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген чет өлкөлүк уюмдун КНС төлөөчү катары каттоо милдети ушул Кодекстин 96-беренесинин 1-2-бөлүгүндө каралган мөөнөттө пайда болот.";
6-бөлүгүндөгү "КНС боюнча каттоо" деген сөздөр "Ушул Кодексте башкасы белгиленбесе, КНС боюнча каттоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 16-пункт менен толукталсын:
"16) 230-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Берүүлөрдүн салык салынган наркы акыркы 12 айдагы КНС боюнча каттоо чегинен ашпаса, ушул Кодекстин 25-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттен тышкары, КНС боюнча катталган салык салынуучу субъект каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арыз берүүгө укуктуу.";
16-18-пункттары 17-19-пункттар деп эсептелсин;
- төмөнкүдөй мазмундагы 20-22-пункттар менен толукталсын:
"20) 265-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүгү менен толукталсын:
"1-1. Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердигин жүргүзүүдө туруктуу мекемени түзүүгө алып келбеген чет өлкөлүк уюм тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жумуштарды аткаруу жана кызмат көрсөтүү боюнча берүүлөрдүн салык салынуучу наркы болуп КНСти эсептен чыгаруу менен төлөнүүчү же төлөнүүгө тийиш болгон жалпы сумма эсептелет.";
21) 270-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Ушул Кодекстин 25-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген чет өлкөлүк уюмга салык салынуучу берүүлөрдү ишке ашыруу үчүн сатып алынган материалдык ресурстар боюнча төлөнүүчү же төлөнүүгө тийиш болгон КНСтин суммасын эсепке алуу укугу берилбейт.";
22) 274-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Эгерде салык агенти ушул бөлүмдө каралган салык милдеттенмесин кармабаса же толугу менен кармабаса, анда бул аткарылбаган салык милдеттенмеси салык агенти тарабынан аткарылат жана ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган мөөнөттөрдө төлөнөт.".
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Электрондук коммерция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жогоруда белгиленген сунуштарды жана сын пикирлерди эске алуу менен кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.