Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-майындагы № 269 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры № 703
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-июлундагы № 469 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын бөлмөдө жүрүүчү кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын кресло-коляскасы менен камсыздоо тартибин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-июлундагы № 469 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын бөлмөдө жүрүүчү кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана 1-3-пункттарындагы түрдүү жөндөмөдөгү "бөлмөдө жүрүүчү" деген сөздөр алып салынсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын бөлмөдө жүрүүчү кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө жободо:
- аталышындагы жана преамбуласындагы "бөлмөдө жүрүүчү" деген сөздөр алып салынсын;
- 1.1-пунктундагы "(мындан ары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар)" деген сөздөр алып салынсын;
- 1.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1.2. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга, анын ичинде "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала" категориясына ээ болгон балдарга үйдө жана көчөдө туруктуу пайдалануу үчүн кресло-коляскалар бекер берилет.";
- 1.7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1.7. Кресло-коляскаларды майда-барат оңдоо РПОБМ тарабынан жүргүзүлөт.
Кресло-колясканы мөөнөтүнөн мурда алмаштыруу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын арызынын жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) кресло-колясканын жараксыз абалга келгендиги тууралуу актысынын негизинде жүргүзүлөт.
Кресло-коляскаларды пайдалануу мөөнөтү аяктагандан кийин же оңдолбос болуп бузулгандыгынан улам алмаштыруу зарылдыгы келип чыкканда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар аймактык бөлүмдөргө кайрылууга тийиш.";
- 1.8-пунктундагы "райондук (шаардык) социалдык жактан коргоо кызматтарына" деген сөздөр "аймактык бөлүмгө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби
2.1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды кресло-коляскалар менен камсыздоо алардын иш жүзүндө жашаган жери боюнча аймактык бөлүмдөр тарабынан ишке ашырылат.
2.2. Кресло-колясканы бекер берүүгө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) корутундусу негиз болот.
2.3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар кресло-коляска алуу үчүн аймактык бөлүмдөргө төмөнкүлөрдү беришет:
- арызды;
- иш жүзүндө жашаган жеринен маалым катты.
2.4. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын кресло-коляскаларды алууга арызы аймактык бөлүмдөр тарабынан кабыл алынат жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун (мындан ары - СЖКМТ) маалыматтар базасынын журналында катталат.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга кресло-коляскалар аймактык бөлүмдөргө келип түшкөнүнө жараша СЖКМТ маалыматтар базасынын журналына катталган жазууларга ылайык электрондук кезек тартибинде берилет.
2.5. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам кресло-коляска алып жаткан учурда, алуу датасын көрсөтүү менен СЖКМТ маалыматтар базасынын журналынын басып чыгарылган вариантына кол коёт.
2.6. Аймактык бөлүмдөр СЖКМТ аркылуу социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын социалдык камсыз кылуу боюнча ведомстволук бөлүмүнө (мындан ары - социалдык камсыз кылуу боюнча ведомстволук бөлүм) кресло-колясканы алууга арызды социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча берет.
2.7. Аймактык бөлүмдөр кресло-коляскаларга берилген корутундулар жөнүндө СЖКМТдан алынган МСЭКтин маалыматтарынын негизинде, ошондой эле учурдагы жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды кресло-коляскалар менен камсыз кылуунун жыйынтыктары боюнча келерки отчеттук жылга республика боюнча кресло-коляскаларга болгон муктаждык жөнүндө маалыматтарды түзөт жана социалдык камсыз кылуу боюнча ведомстволук бөлүмгө разнарядканы жөнөтөт.
2.8. Социалдык камсыз кылуу боюнча ведомстволук бөлүм кресло-коляскаларды аймактык бөлүмдүн өтүнмөлөрүнө ылайык бөлүштүрөт.
2.9. РПОБМ социалдык камсыздоо боюнча ведомстволук бөлүмдүн разнарядкасы боюнча кресло-коляскаларды аймактык бөлүмдөргө берет.
2.10. Кресло-коляскаларды жеткирүү боюнча чыгымдар аймактык бөлүмдөрдүн каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
2.11. РПОБМ аймактык бөлүмдөр боюнча кресло-коляскаларды берүү жөнүндө квартал сайын социалдык камсыз кылуу боюнча ведомстволук бөлүмгө отчет берет.
2.12. Ыйгарым укуктуу орган социалдык камсыз кылуу боюнча ведомстволук бөлүмдүн өтүнмөсүнүн негизинде сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн кресло-коляскаларды сатып алат.".
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:
- бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |