Загрузка документа…
| УТРАТИЛО СИЛУ в соответствии с постановлением Кабинета Министров КР от 23 мая 2023 года № 269
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-июлундагы № 469 токтому менен бекитилген |
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-июлундагы № 508, 2007-жылдын 28-августундагы № 377, 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795, 2011-жылдын 27-октябрындагы № 687, 2012-жылдын 29-июнундагы № 461, 2015-жылдын 5-июнундагы № 347, 2019-жылдын 25-декабрындагы № 703 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бул Жобо ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык коргоо максатында иштелип чыкты жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды кресло-коляскалар (мындан ары кресло-коляскалар) менен камсыздоонун тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795, 2019-жылдын 25-декабрындагы № 703 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, бул категориядагы жарандар оор мертинүүнүн же оорунун кесепетинен протез жасоо мүмкүн болбогон учурларда кресло-коляска алууга укук берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык)
1.2. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга, анын ичинде "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала" категориясына ээ болгон балдарга үйдө жана көчөдө туруктуу пайдалануу үчүн кресло-коляскалар бекер берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык)
1.3. Майып өз каалоосу боюнча жеңилдетилген шартта (жарым-жартылай акысын төлөө менен) акысыз берилүүчү кресло-колясканын наркын кошо эсептөө менен жакшыртылган үлгүдөгү кресло-коляска алуу укугуна ээ.
1.4. Кресло-коляскаларды чогултуу, сактоо жана берүү Кыргыз Республикасынын калкын социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси (мындан ары - РПОБМ) тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 461 токтомунун редакциясына ылайык)
1.5. Кресло-коляскалар майыптарга 3 жашынан баштап берилет.
1.6. Кресло-коляска 5 жылга берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 461 токтомунун редакциясына ылайык)
1.7. Кресло-коляскаларды майда-барат оңдоо РПОБМ тарабынан жүргүзүлөт.
Кресло-колясканы мөөнөтүнөн мурда алмаштыруу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын арызынын жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) кресло-колясканын жараксыз абалга келгендиги тууралуу актысынын негизинде жүргүзүлөт.
Кресло-коляскаларды пайдалануу мөөнөтү аяктагандан кийин же оңдолбос болуп бузулгандыгынан улам алмаштыруу зарылдыгы келип чыкканда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар аймактык бөлүмдөргө кайрылууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык)
1.8. Акысыз кресло-коляска алган майып өлгөн учурда, ал берилген жери боюнча аймактык бөлүмгө кайтарылууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби
(Глава КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык)
2.1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды кресло-коляскалар менен камсыздоо алардын иш жүзүндө жашаган жери боюнча аймактык бөлүмдөр тарабынан ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык)
2.2. Кресло-колясканы бекер берүүгө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) корутундусу негиз болот.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык)
2.3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар кресло-коляска алуу үчүн аймактык бөлүмдөргө төмөнкүлөрдү беришет:
- арызды;
- иш жүзүндө жашаган жеринен маалым катты.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык)
2.4. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын кресло-коляскаларды алууга арызы аймактык бөлүмдөр тарабынан кабыл алынат жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун (мындан ары - СЖКМТ) маалыматтар базасынын журналында катталат.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга кресло-коляскалар аймактык бөлүмдөргө келип түшкөнүнө жараша СЖКМТ маалыматтар базасынын журналына катталган жазууларга ылайык электрондук кезек тартибинде берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык)
2.5. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам кресло-коляска алып жаткан учурда, алуу датасын көрсөтүү менен СЖКМТ маалыматтар базасынын журналынын басып чыгарылган вариантына кол коёт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык)
2.6. Аймактык бөлүмдөр СЖКМТ аркылуу социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын социалдык камсыз кылуу боюнча ведомстволук бөлүмүнө (мындан ары - социалдык камсыз кылуу боюнча ведомстволук бөлүм) кресло-колясканы алууга арызды социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча берет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык)
2.7. Аймактык бөлүмдөр кресло-коляскаларга берилген корутундулар жөнүндө СЖКМТдан алынган МСЭКтин маалыматтарынын негизинде, ошондой эле учурдагы жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды кресло-коляскалар менен камсыз кылуунун жыйынтыктары боюнча келерки отчеттук жылга республика боюнча кресло-коляскаларга болгон муктаждык жөнүндө маалыматтарды түзөт жана социалдык камсыз кылуу боюнча ведомстволук бөлүмгө разнарядканы жөнөтөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык)
2.8. Социалдык камсыз кылуу боюнча ведомстволук бөлүм кресло-коляскаларды аймактык бөлүмдүн өтүнмөлөрүнө ылайык бөлүштүрөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык)
2.9. РПОБМ социалдык камсыздоо боюнча ведомстволук бөлүмдүн разнарядкасы боюнча кресло-коляскаларды аймактык бөлүмдөргө берет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык)
2.10. Кресло-коляскаларды жеткирүү боюнча чыгымдар аймактык бөлүмдөрдүн каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык)
2.11. РПОБМ аймактык бөлүмдөр боюнча кресло-коляскаларды берүү жөнүндө квартал сайын социалдык камсыз кылуу боюнча ведомстволук бөлүмгө отчет берет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык)
2.12. Ыйгарым укуктуу орган социалдык камсыз кылуу боюнча ведомстволук бөлүмдүн өтүнмөсүнүн негизинде сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн кресло-коляскаларды сатып алат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 703 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Каржылоо булактары
3.1. Кресло-коляскаларды алууга кеткен чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан жүргүзүлөт.