Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-майындагы № 269 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2003-жылдын 25-июлу № 469
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795, 2011-жылдын 27-октябрындагы № 687, 2012-жылдын 29-июнундагы № 461, 2019-жылдын 25-декабрындагы № 703 токтомдорунун редакцияарына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-майындагы № 395 "2006-2010-жылдарга Майыптарды мамлекеттик колдоонун комплекстүү чараларын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2006-2010-жылдарга Майыптарды мамлекеттик колдоонун комплекстүү чараларын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795, 2019-жылдын 25-декабрындагы № 703 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. Майыптардын кресло-коляскалары менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды социалдык өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795, 2011-жылдын 27-октябрындагы № 687, 2012-жылдын 29-июнундагы № 461, 2019-жылдын 25-декабрындагы № 703 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги майыптардын кресло-коляскаларын сатып алууга социалдык өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органын толук көлөмдө каржылоону камсыздасын.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795, 2011-жылдын 27-октябрындагы № 687, 2012-жылдын 29-июнундагы № 461, 2019-жылдын 25-декабрындагы № 703 токтомдорунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2011-жылдын 27-октябрындагы № 687, 2012-жылдын 29-июнундагы № 461 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Н.Танаев |