Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 13-августу № 133
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Юстиция органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:
- 2-пунктундагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пунктунда:
1-пунктчасында:
үчүнчү жана сегизинчи абзацтарындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
алтынчы абзацындагы "Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын" деген сөздөр "Конституциялык сотунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пунктчасынын экинчи абзацындагы "Өкмөтү" жана "Өкмөтүнүн" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" жана "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5-пунктчасынын он төртүнчү абзацындагы "Өкмөтүнүн" жана "Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Министрлер Кабинетинин" жана "Конституциялык сотунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
11-пунктундагы "Премьер-министринин" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Премьер-министри" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пунктунда:
алтынчы жана жетинчи абзацтарындагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Премьер-министр" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
тогузунчу абзацындагы "мыйзамдарга ылайык" деген сөздөр "мыйзамдарда каралган учурларда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- он төртүнчү жана жыйырма биринчи абзацтарындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 15-пунктундагы "өкүлү" деген сөз "өкүлдөрү" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 20-августундагы № 89 жарыяланды
Төрага | У.А. Марипов |
Тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ