Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2016-жылдын 25-октябры № 563
"Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Б.Исакунова, И.Ш.Омуркулов, Ч.А.Турсунбеков, Ч.И.Джакупова, А.Ш.Жээнбеков, К.К.Исаев, С.Шер-Нияз, К.Ж.Рыспаев, А.Т.Алтыбаева, Н.В.Никитенко, А.Э.Самигуллина, Г.С.Молдобекова, А.Ж.Салянова, Г.К.Асылбаева, А.Т.Мамашова, М.Э.Мавлянова, Е.Г.Строкова, А.Ж.Исмаилова, Ч.А.Султанбекова, Э.Ж.Сурабалдиева, А.С.Кодуранова, К.Б.Орозова, А.С.Омурбекова, Ж.А.Мусабекова, А.С.Токторов, Асылбек уулу Д., Р.М.Туманбаева, Г.А.Скрипкина тарабынан демилге кылынган "Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-октябрындагы № 563 токтому менен жактырылган |
"Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Б.Исакунова, И.Ш.Омуркулов, Ч.Л.Турсунбеков, Ч.И.Джакупова, А.Ш.Жээнбеков, К.К.Исаев, С.Шер-Нияз, К.Ж.Рыспаев, А.Т.Алтыбаева, Н.В.Никитенко, А.Э.Самигуллина, Г.С.Молдобекова, А.Ж.Салянова, Г.К.Асылбаева, А.Т.Мамашова, М.Э.Мавлянова, Е.Г.Строкова, А.Ж.Исмаилова, Ч.А.Султанбекова, Э.Ж.Сурабалдиева, А.С.Кодуранова, К.Б.Орозова, А.С.Омурбекова, Ж.А.Мусабекова, А.С.Токторов, Асылбек уулу Д., Р.М.Туманбаева, Г.А.Скрипкина тарабынан демилге кылынган "Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
"Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (мындан ары - мыйзамдын долбоору) боюнча:
1. Мыйзамдын долбоорунун 6-беренеси менен үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону жана сактоону жүзөгө ашырган субъекттердин чөйрөсү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү; Өкмөт тарабынан аныкталган үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча субъекттердин ишин координациялаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган; сот; прокуратура; ички иштер органдары; социалдык өнүктүрүү органдары; саламаттык сактоо органдары; билим берүү органдары; юстиция органдары; балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган; Акыйкатчы (Омбудсмен); жергиликтүү мамлекеттик администрациялар; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; аксакалдар соту; жалпыга маалымдоо каражаттары жана электрондук басмалар; өз компетенциясынын чегинде ишин жүргүзгөн башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар аныкталган.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө (мындан ары - Өкмөт) баш ийген аткаруучу бийлик органдарынын иши, ыйгарым укуктары жана функциялары менен байланышкан кандайдыр бир ченемдерди мыйзамдуу деңгээлде бекитүү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине каршы келе тургандыгын белгилейбиз.
Ушул Мыйзамдын 10-беренесине ылайык Өкмөттүн негизги ыйгарым укуктарына министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жоболорун, башкаруу схемаларын жана чектүү штаттык санын бекитүү кирет.
Ошондой эле аталган Мыйзамдын 10-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Өкмөт Кыргыз Республикасынын Конституциясы (мындан ары - Конституция) менен Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) компетенциясына таандык болгон, ошондой эле Конституция жана мыйзамдар менен соттордун, башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына таандык болгон маселелерден тышкары, мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чечет. Мында, көрсөтүлгөн Мыйзамдын 11-беренесине ылайык Өкмөт Конституцияны, мыйзамдарды, Президенттин актыларын, Жогорку Кеңештин токтомдорун, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди аткарууну камсыз кылат, өзүнө баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан алардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат. Демек, Өкмөт аталган конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга ылайык аткаруучу бийлик органдарынын ортосунда функцияларды бөлүштүрөт.
Баяндалгандардын негизинде, Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинин 5-10 жана 12-пункттарын алып салууну же аларды бириктирип төмөнкүдөй редакцияда баяндоону максатка ылайык деп эсептейбиз: "ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган мамлекеттик аткаруу бийлик органдары".
2. Массалык маалымат каражаттары чөйрөсүндө "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын тармактык Мыйзамы колдонууда, ага ылайык массалык маалымат каражаттары аркылуу маалыматтарды уюштуруунун жалпы укуктук, экономикалык жана социалдык негиздери аныкталган, ошондой эле алардын мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер, ишканалар, уюмдар, жарандар менен мамилеси жөнгө салынган. "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптеринин бири болуп жарандардын маданий жана маалыматтык керектөөлөрүн телерадио берүү каражаттары аркылуу камсыз кылуу үчүн шарт түзүү, ошондой эле маалыматка, коомдук маанилүү программаларды эркин жана ачык талкуулоого укуктарды ишке ашырууга кепилдиктер саналат. Демек, массалык маалымат каражаттары жөнүндө колдонуудагы мыйзамдар жетиштүү деңгээлде үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо маселелери боюнча маалыматка болгон укукту камсыздоо менен байланышкан маселелерди жөнгө салат.
Электрондук басылмалар боюнча азыркы учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аталган терминге аныктама берилбегендигин белгилөө зарыл. Ушуга байланыштуу 6-берененин 15-пунктун алып салууну сунуш кылабыз.
3. Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 16-пунктундагы "башка мамлекеттик жана" деген сөздөр алып салынсын.
4. Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин 6-пункту "үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо" деген сөздөргө чейин төмөнкүдөй мазмундагы: "тиешелүү мыйзамдар менен аныкталган алардын көз карандысыздык кепилдиктерин эске алуу менен" деген сөздөр менен толукталсын. Бул толуктоону киргизүү Конституциянын 109-беренесине мыйзамдын долбоорунун аталган ченеминин шайкештигин камсыздоо максатында зарыл болууда.
5. Ушуну менен бирге, жогоруда көрсөтүлгөн субъекттердин ар биринин ыйгарым укуктарын жана милдеттерин конкреттештирген мыйзамдын долбоорунун 7-22-беренелеринин айрым жоболору кайталанып жаткандыгын белгилейбиз.
Мисалы, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу боюнча; үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу боюнча; үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин уюштуруу боюнча; үй-бүлөлүк зомбулук чөйрөсүндө коргоо, сактоо жана жардам көрсөтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү мамлекеттик органдардын ишинин стандарттарын иштеп чыгуу жана алардын аткарылышын контролдоо боюнча; тиешелүү мамлекеттик органдардын ишине мониторинг жүргүзүү боюнча; жыл сайын отчет, маалымат, статистикалык маалыматтарды берүү жана жайгаштыруу, ошондой эле аталган субъекттердин өз ара карым-катышы боюнча функциялар.
Ушуга байланыштуу Жогорку Кеңештин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 1-главасындагы жоболорду эске алып, кайталоолорду болтурбоо максатында мыйзамдын долбоорунун 8, 11-15, 16, 18, 19 жана 34-беренелерин, 35-берененин 2-бөлүгүн, 36-берененин 2-бөлүгүн жана 39-беренесин кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Ушул сыяктуу сунуштар мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин 1 жана 4-пункттары, 35-беренесинин 2-бөлүгү, 36-беренесинин 2-бөлүгү жана 39-беренеси боюнча берилет.
6. 14-берененин 2-пунктунун 4-пунктчасын алып салуу сунушталат, анткени ата-эненин укуктарын чектөө боюнча доо менен сотко кайрылуу Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 27-беренесине ылайык балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирет.
7. Мыйзамдын долбоорунун 17-беренесинин аталышында жана андан ары текст боюнча "Милдеттер" деген сөз "Ыйгарым укуктар" деген сөздөр менен алмаштырылсын. Бул өзгөртүүнүн киргизилиши Акыйкатчынын (Омбудсмен) бул беренеде аталган функциялардын айрымдарын өз ишинин алкагында аларды аткарууга милдеттүү болбостон, максатка ылайыктуулук принцибине таянуу менен ишке ашыра тургандыгы менен байланышкан.
Мындан тышкары, мыйзамдын долбоору менен үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону жана сактоону жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү боюнча функциялары каралган. Ушуга байланыштуу бул мыйзамдын долбоорунун максаттарын эске алып, аталган функцияны ишке ашыруу тартиби кандай экендиги белгисиз боюнча калууда. Каралып жаткан маселелер боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү тартибин так жөнгө салган жоболордун жоктугу укук колдонуучу практикада айрым кыйынчылыктарды пайда кылышы мүмкүн.
Ошондой эле, укук колдонуу практикасын жөнөкөйлөштүрүү максатында "үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо чөйрөсүндөгү кызматтарды көрсөтүүнүн жана жардам берүүнүн стандарттары" боюнча түшүнүк берген жоболорду мыйзамдын долбоорундагы аныктамалар аппаратына киргизүүнү максатка ылайык деп эсептейбиз.
8. Өкмөттүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобого ылайык үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча юстиция органдарынын милдеттерин караган мыйзамдын долбоорунун 15-беренеси боюнча 1-3-пункттарды бириктирүүнү жана төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылабыз: "1) үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча өз компетенциясынын алкагында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, ошондой эле мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн стандарттарынын долбоорлорун даярдоого катышат;".
9. Мыйзамдын долбоорунун 15-беренесинин 4-пункту боюнча азыркы учурда Жогорку Кеңеш экинчи окууда "Мамлекет кепилдик берген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алгандыгын белгилейбиз, ага ылайык мамлекет кепилдик берген юридикалык жардам тергөө жана сот стадиясында консультациялык-укуктук жана квалификациялык юридикалык жардам болуп экиге бөлүнгөн. Ошентип, консультациялык-укуктук жардам алууга Кыргыз Республикасынын жарандары, чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар укуктуу. Квалификациялуу юридикалык жардам (минималдуу кирешени эске алуусуз) алууга укугу бар адамдардын чөйрөсү так аныкталган. Бардык калган жарандар квалификациялуу юридикалык жардам алышат, эгерде алардын минималдуу эмгек акысы 60-эселик өлчөмүнөн жогору болбосо.
Ушуга байланыштуу баяндалгандарды эске алып, 4-пунктту тиешелүү түрдө 2-пункт деп эсептөөнү жана төмөнкү редакцияда баяндоону сунуштайбыз: "2) консультациялык-укуктук жардам берет, ошондой эле мамлекет кепилдик берген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдын талаптарына ылайык квалификациялык юридикалык жардам көрсөтөт;".
10. Мыйзамдын долбоорунун 15-беренесинин 5-пункту боюнча "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен ченемдик укуктук актыларды жайылтуу Интернет тармагы аркылуу акысыз жүргүзүлө турганын белгилөө зарыл.
Ушуга байланыштуу 5-пунктту тиешелүү түрдө 3-пункт деп эсептөөнү жана төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз: "3) үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды жайылтат;".
11. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктуна ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрине киргизилген кызмат көрсөтүүлөрдү гана көрсөтүшөт. Жогоруда аталган Мыйзамдын 5-беренесинин 7-пунктуна ылайык муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестри муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринен жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесинен турат. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеси ар бир административдик-аймактык бирдиктин өзгөчөлүгүн эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша түзүлөт.
Өкмөттүн 2015-жылдын 14-январындагы № 6 токтому менен бекитилген Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр киргизилген эмес. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан 85 пайыздан ашыгы дотациялык болуп эсептелгендиктен, аларда жергиликтүү бюджетте үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жарандарды коргоону жана сактоону жүзөгө ашырган адистештирилген социалдык кызматтарды түзүү мүмкүнчүлүгү жок.
Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 19-беренесинин 2-7 жана 10-пункттарын алып салуу сунушталат.
12. Мыйзамдын долбоорунун 22-беренеси менен үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо маселелери боюнча коммерциялык эмес уюмдардын жана жарандардын укуктарын аныктоо сунушталат.
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында бул Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт деп белгиленген. Бирок 22-берененин 2-пунктунда үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча мамлекеттик эмес коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар мамлекеттик бюджеттен каржылоону алууга укуктуу деп көрсөтүлгөн. Ушуну менен бирге, негиздеме-маалымкатта кризистик борборлордун үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган адамдарга кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы боюнча маалымат чагылдырылган эмес.
Мындан тышкары, "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык коммерциялык эмес уюмдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү айрым коомдук пайдалуу программаларды максаттуу каржылоо формасында, ошондой эле мыйзам тарабынан тыюу салынбаган башка формаларда берилиши мүмкүн.
Ушуга байланыштуу, мыйзамдын долбоорунун 22-беренесинин 2-бөлүгүн толуктап иштеп чыгуу же алып салуу сунушталат, себеби аталган жобо тиешелүү "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
13. Мыйзамдын долбоорунун 32-беренесинде мыйзамдын долбоорунун 30-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар үй-бүлөлүк зомбулукту көрсөткөн адамга бир же бир нече талап коюу менен сотко кайрылууга укуктуу, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулукту көрсөткөн адамдар үчүн түзөтүү программасынан өтүү керек экендиги белгиленген.
Ушуга байланыштуу, үй-бүлөлүк зомбулук иштери ар түрдүү себептерден улам сотко кайрылуу стадиясына сейрек жеткендиктен, ошондой эле сунуш кылынган мыйзамдын долбоору үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоого жана сактоого жетүү теңчилик принциптерине негизделгендиктен, келтирилген үй-бүлөлүк зомбулукка жана алдын алуу багытына жоопкерчиликке негизделгендигин эске алып, 25-берененин 1-бөлүгүн үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн адамдар үчүн түзөтүү программасынан милдеттүү түрдө өтүүсү жөнүндө коргоо ордерлеринин шарттары тууралуу 3-пункт менен толуктоону максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
Мындан тышкары, зомбулук болжолдуу түрдө болуп жаткан жайга кирүү тартиби каралган 25-беренени Конституциянын 30-беренесине ылайык келтирүү сунушталат.
14. Мыйзамдын долбоорунун 25-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун "б" пунктчасы "тараптарды сурамжылоого" деген сөздөрдөн кийин "күбөлөрдүн жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрү тиркеле турган тиешелүү процессуалдык документти түзүү менен" деген сөздөр менен толукталсын;". Бул толуктоо тараптардын кызыкчылыктарын коргоо жана алардын көрсөтмөлөрүн тиешелүү түрдө белгилөө максатында зарыл болууда.
15. Мыйзамдын долбоорунун 35-беренесинин 4-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоо сунушталат: "4. Мамлекет кепилдик берген юридикалык жардам "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталган тартипте көрсөтүлөт".
16. Мыйзамдын долбоорунун 37-беренесинин 4-бөлүгү андан ары текст боюнча "жеке" деген сөздөн кийин "же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн" деген сөздөр менен толукталсын. Бул толуктоо үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган адамдардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болот.
17. Сунуш кылынган мыйзамдын долбоорун кабыл алуу республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге кошумча жүк келтире тургандыгын белгилөө зарыл (19-берененин 7-пункту, 23-берененин 2-пункту, 21-берененин 2-бөлүгү, 37-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту жана 6-бөлүгү).
Ушуну менен бирге, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык ишке ашырылуусу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар боюнча каржылоо булагы аныктаганга чейин алар кабыл алынууга тийиш эмес.
18. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин экинчи абзацы менен коопсуз жер үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн ою боюнча анын өмүрү же ден соолугу үчүн коопсуз болгон аймак же жай (кризистик борбор, башкалкалаган жер ж.б.) түшүндүрүлө тургандыгын аныктап көрсөтүү сунушталууда.
Сунуш кылынган туюндурма коррупциогендик факторду камтыгандыктан жана субъекттерге так мыйзамдуу түрдө бекитилген критерийлерге таянбастан тигил же бул кырдаалды өз каалоосу боюнча чечмелөөгө укук бергендиктен Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин экинчи абзацынын редакциясын толуктап иштеп чыгуу сунушталууда.
19. "Мыйзамдар", "ченемдик укуктук акт" деген түшүнүктөр жалпыланган түшүнүктөр болуп эсептелет жана кеңири чечмелөөгө мүмкүндүк берүүчү чаржайыт мүнөзгө ээ. Алсак, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык мыйзамдар дегенде коомдук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын жыйындысы, ал эми ченемдик укуктук акт - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясынын чегинде же болбосо референдум аркылуу кабыл алынган, укук ченемдерин белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, аныкталган формадагы расмий документти түшүнөбүз.
Ушуга байланыштуу, мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 2-бөлүгүн, 9-беренесин, 10-беренесинин 6-пунктун, 12-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, 16-беренесинин 4-пунктун, 20-беренесин, 24-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктун, 31-беренесинин 1-бөлүгүн, 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктун, 35-беренесинин 1-бөлүгүн, 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 2 жана 5-бөлүктөрүн жана 41-беренесин толуктап иштеп чыгуу сунушталат.
20. "Башка ыйгарым укуктар", "башка иштер", "башка жүйөлүү себептер боюнча", "башка учурларда", "укуктуу", "мүмкүн", "зарылдыгына жараша" ж.б. ушул сыяктуу так эмес жалпылап берилген туюндурмалар же толук болуп эсептелбеген ыйгарым укуктардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык тизмеси укук колдонуу практикасында коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болуусуна өбөлгө болот, себеби тиешелүү субъектке кеңири, дискрециялык ыйгарым укуктарды берет. Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорундагы текстинде бул сыяктуу туюндурмаларды алып салуу же кайра карап чыгуу (1-берененин сегизинчи абзацы, 7-берененин 8-пункту, 8-берененин 7 жана 14-пункттары, 10-берененин 6-пункту, 11-берененин 3 жана 9-пункттары, 12-берененин 1-бөлүгүнүн 19-пункту жана 2-бөлүктүн 2 жана 8-пункттары, 13-берененин 1-бөлүгүнүн 11-пункту жана 2-бөлүгүнүн 1, 2, 4, жана 7-пункттары, 14-берененин 1-бөлүгүнүн 13-пункту жана 2-бөлүгүнүн 7-пункту, 15-берененин 10-пункту, 17-берененин 4 жана 6-пункттары, 18-берененин 8-пункту, 22-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту, 2-бөлүгү, 23-берененин 1-пункту, 24-берененин 4-бөлүгү, 25-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун е) жана л) пунктчалары, 27-берененин 2 жана 7-бөлүгү, 30-берененин 2-бөлүгү, 32-берененин 1-бөлүгүнүн 7-пункту, 34-берене, 35-берененин 1-бөлүгү, 37-берененин 1-бөлүгүнүн 7-пункту, 3, 6 жана 8-бөлүктөрү, 38-берененин 3-бөлүгү жана 40-берене) сунуштайбыз.
21. Мыйзамдын долбоорунун 32-беренесине ылайык 30-берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар үй-бүлөлүк зомбулукту көрсөткөн адамга бир же бир нече талаптары менен, анын ичинде бирге жашаган жерин бул турак жайга ким ээ болгондугуна карабастан таштап кетүүнү талап кылуу менен Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгууга тыюу салуу менен сотко кайрылууга укуктуу.
Ушуну менен бирге, Конституциянын 20-беренесине ылайык турак жайынан өзүм билемдик менен ажыратууга тыюу салуулар боюнча белгиленген кепилдиктерге эч кандай чектөө коюлууга тийиш эмес.
Мындан тышкары, Конституциянын 25-беренесинде Кыргыз Республикасында ар бир адам ары-бери эркин жүрүүгө, бара турган жана жашоочу жерин тандап алууга укуктуу.
Ошону менен катар, Конституциянын 26-беренесине ылайык ар бир адам мыйзамда каралган тартипте күнөөлүү экени далилденмейинче жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргени аныкталмайынча кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептелбей тургандыгын белгилейбиз. Бул принциптин бузулушу материалдык жана моралдык зыяндын орду сот аркылуу толтуруп берилүү үчүн негиз болуп эсептелет.
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча.
"Мыйзамдар", "ченемдик укуктук акт" деген түшүнүктөр жалпыланган түшүнүктөр болуп эсептелет жана кеңири чечмелөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү чаржайыт мүнөзгө ээ. Алсак, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык мыйзамдар дегенде коомдук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын жыйындысы, ал эми ченемдик укуктук акт - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясынын чегинде же болбосо референдум аркылуу кабыл алынган, укук ченемдерин белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, аныкталган формадагы расмий документти түшүнөбүз. Ушуга байланыштуу 2-берененин 2-бөлүгүн, 4-берененин 3-бөлүгүн толуктап иштеп чыгуу сунушталат.
Ушул корутундунун 11-пунктуна ылайык Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесин алып салуу сунушталат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда көрсөтүлгөн эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен ушул мыйзамдардын долбоорлорун кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.