Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 102 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 234 токтомуна) |
Жазык иштери боюнча буюмдук далилдерди эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө ТИПТҮҮ НУСКАМА
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү нускама (мындан ары - Нускама) эгерде буюмдук далилдер кылмыштын куралы катарында кызмат кылган же өзүндө кылмыштын издерин сактап калган же укукка каршы аракеттердин, ошондой эле кылмышты табуу, иштин факт жүзүндөгү жагдайын белгилөө, күнөөлүүлөрдү аныктоо же болбосо айыпты төгүнгө чыгаруу же жоопкерчиликти жеңилдетүү каражаты катары колдонулушу мүмкүн болгон акчалардын, предметтердин, документтердин жана башка баалуу буюмдардын объектиси болгон деп болжолдоого негиз болгон учурда жазык иштери боюнча буюмдук далилдерди эсепке алуунун, сактоонун, өткөрүп берүүнүн, берүүнүн, ташуунун, жөнөтүүнүн, жок кылуунун, кайра иштетүүнүн, ишке ашыруунун бирдиктүү тартибин, ошондой эле тергөөнүн жана соттун чечимдерин аткаруу тартибин белгилейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Жазык иштери боюнча буюмдук далилдерди эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, ишке ашыруу тартибин уюштуруу жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер өндүрүшүндө болгон укук коргоо (ыйгарым укуктуу мамлекеттик) органынын тиешелүү жетекчилерине жүктөлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Укук коргоо (ыйгарым укуктуу мамлекеттик) органынын аймактык бөлүмүндө жазык иштери боюнча буюмдук далилдерди эсепке алууну, сактоону, өткөрүп берүүнү, берүүнү, ташууну, жөнөтүүнү, жок кылууну, кайра иштетүүнү, ишке ашырууну уюштуруу алардын жетекчилерине жүктөлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Жооптуу сактоого берилгенге чейин жазык иштери алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы боюнча буюмдук далилдерди сактоого тиешелүү жазык иши алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы өндүрүшүндө болгон тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы жооптуу болуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Жазык ишин тергөөчүлөрдүн тобу териштирген учурда алынган буюмдук далилдерди сактоого тергөө тобунун жетекчиси жооптуу болот.
6. Укук коргоо (ыйгарым укуктуу мамлекеттик) органынын сактоо камерасына тапшырылган жазык иши боюнча буюмдук далилдерди сактоого жооптуу болуп укук коргоо (ыйгарым укуктуу мамлекеттик) органынын жетекчисинин буйругу менен дайындалган кызматкерлер (кызмат адамдары) же укук коргоо (ыйгарым укуктуу мамлекеттик) органынын аймактык бөлүмдөрүнүн тиешелүү жетекчилеринин буйруктары менен дайындалган кызматкерлер (кызмат адамдары) эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Жазык иштери боюнча буюмдук далилдер болуп Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин 86-статьясында каралган предметтер, заттар жана объекттер эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Жазык иштери боюнча буюмдук далилдерди сактоо камерасы болуп жазык иштери боюнча буюмдук далилдерди сактоо үчүн бөлүнгөн атайын жабдууланган бөлмө эсептелет.
Буюмдук далилдерди, алардын сакталышын камсыздаган, ошондой эле ичиндеги буюмдук далилдерди алуу, алмаштыруу, бузуу мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу төмөнкү сактоо каражаттарында сактоого жол берилет:
- металл шкафтар - бекем, атайын ылайыкташтырган металл шкафтар;
- металл же жыгач ящиктер - бекем, атайын ылайыкташтырган идиштер;
- сейфтер - бекем отко күйбөс, бузулбас металл шкафтар;
- таңгактар - полиэтиленден же кагаздан, же болбосо айнектен жасалган атайын коргоочу нерсе.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Жазык иштери боюнча буюмдук далилдерди тариздөө жана өткөрүп берүү тартиби
9. Өндүрүшүндө тиешелүү жазык иши болгон тергөөчү тарабынан табылган же алынган буюмдук далилдер каралып, мөөр басылып, жооптуу сактоого берилиши керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Буюмдук далилдерди алуу фактысы Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде белгиленген процесстик аракеттердин протоколунда чагылдырылат.
11.Буюмдук далилдер менен иштөөдө белгилүү көндүмдөрдү, алардын сапаттык мүнөздөмөлөрүн, жеке белгилерин так фиксациялоону жана наркын аныктоону талап кылган буюмдук далилдерди алуу үчүн тиешелүү адистер тартылат.
12. Буюмдук далилдер кароо протоколунда толук жазылып, видеого жана (же) сүрөткө тартылышы керек Буюмдук далилдер тергөөчүнүн, судьянын токтомуна, соттун аныктамасына ылайык ишке тиркелет жана анда сакталууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Жардыруучу түзүлмөлөрдү, ок атуучу куралды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды, радиоактивдүү материалдарды, баңгизаттарды, психотроптук, күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттарды кызматтык бөлмөлөрдө сактоого тыюу салынат.
14. Алынган жардыруучу түзүлмөлөр, ок атуучу курал, ок-дарылар, жарылуучу заттар, радиоактивдүү материалдар, баңгизаттар, психотроптук, күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттар алынган кезден тартып изилдөө үчүн тийиштүү эксперттик мекемелерге жиберилет.
15. Алынган жардыруучу түзүлмөлөр, ок атуучу курал, атылбоочу курал, ок-дарылар, жарылуучу заттар, радиоактивдүү материалдар, баңгизаттар, психотроптук, күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттар боюнча эксперттик изилдөөдөн жана корутунду алынгандан кийин эки сутканын ичинде зарыл болгон башка тергөө аракеттерин жүргүзүү жана жазык иштери боюнча буюмдук далилдерди эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, ишке ашыруу боюнча милдеттерди аткарган адамга тапшырып берүү зарыл.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Процесстик аракеттердин протоколунда бардык алынган буюмдук далилдер, ошондой эле эсепке алынган мүлк жазылат. Көп сандагы буюмдук далилдерди алууда протоколго тиркелүүчү жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналуучу атайын тизме түзүлөт, анда ар бир алынган буюмдук далилдердин так аталышы, саны, өлчөмү, салмагы, сериясы, номери жана башка айырмалоочу белгилери, алардын табылган убагы жана орду чагылдырылат.
17. Эгерде буюмдук далилди толугу менен алууга мүмкүндүк болбосо, тергөөчү иштин жагдайына жараша буюмдук далилдин ишке тиешеси бар издер (микроиздер) калтырылган бөлүгүн алууга укуктуу. Мында тергөөчү жабырлануучуларга жана башка адамдарга тиешелүү болгон буюмдарды бузуп алуудан сактанууга, бузуп алган учурда жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде жарандарга келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү.
18. Буюмдук далилдер Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекстин 87-статьясында аныкталган талаптарга жана шарттарга ылайык сакталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Ордендер, медалдар жана алардын документтери төмөнкү учурларда алынат:
1) оор же өзгөчө оор кылмыш жасоого шектелген же айыпталган адамга таандык экендиги аныкталганда;
2) таандыгы жана тагынып жүрүү укугу аныкталбаган сыйлыктар жана алардын документтери табылганда;
3) шектүүнү же айыпталуучуну камоодо алардын сакталышын камсыздоо мүмкүн болбогон учурда.
20. Буюмдук далилдер алынат жана процесстик (тергөө, атайын тергөө) аракеттеринин өндүрүшүнө катышкан адамдарга көрсөтүлөт, аларды бузуу мүмкүндүгүнө жол бербөөчү жана андагы издердин (микроиздердин) сакталышын камсыздоочу таңгакка салынат, биркалар тагылып, ырастоочу жазуулар калтырылат жана буюмдук далили алынган адамдын, алгачкы текшерүүнүн кызматкерлеринин, тергөөчүнүн, прокурордун колу коюлуп, тийиштүү органдын мөөрү басылат.
21. Эгерде санынын көптүгүнө же аба-ырайынын шартына байланыштуу алынган буюмдук далилдердин тизмесин түзүүгө мүмкүн болбосо, алар ушул Нускаманын 20-пунктунда аталган адамдардын колу коюлган жана тиешелүү жазуулары бар биркалар тагылган таңгакка салынат. Мындай учурда тизме процесстик (тергөө, атайын тергөө) аракеттери жүргүзүлгөн жерде жазык-процесстик мыйзамдардын талаптарын сактоо менен түзүлөт.
22. Процесстик (тергөө, атайын тергөө) аракеттердин протоколу жана тизме эки нускада түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарынын ченемдеринин талаптарына жооп бериши керек, ага алууну жүргүзгөн адам жана анда катышкан адамдар, анын ичинде буюмдук далили алынган адам, ал жок болгон учурда - анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөсү же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлү кол коюшат.
23. Протоколдун жана тизменин көчүрмөсү буюмдук далили алынган адамга, ал жок болгон учурда - анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөсүнө же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлүнө берилет.
24. Алынган буюмдук далилдер каралып, кароо протоколуна толук жазылат, анда буюмдук далилдердин саны жана сапаттык мүнөздөмөлөрү, объектини ал сыяктуулардан бөлүп алууга мүмкүндүк берүүчү жана анын далилдик маанисин шарттаган бардык башка жеке белгилери көрсөтүлөт. Атайын билимди жана көндүмдөрдү талап кылган учурларда Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 168-статьясына ылайык адис тартылышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Каралып жаткан буюмдук далилдер алардын жоголуп кетүү, бузулуу жана бүтүндүгүн бузбай алуу мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу жана андагы болгон издердин сакталышын камсыз кылуучу таңгакка салынышы керек. Таңгакка мөөр басылып, кароо жүргүзгөн адамдын жана ага катышкан адамдардын колу коюлат, бул тууралуу протоколдо тийиштүү белги жазылат.
26. Ар бир мөөр басылган таңгакка милдеттүү түрдө номер коюлат, мында таңгактын сырткы бетине же мөөр басылган таңгактагы этикеткага мөөр басууда жана протоколду тариздөөдө катышкан бардык адамдар жөнүндө кыскача маалымат, кароонун убагы жана орду жөнүндө маалымат жазылат.
27. Буюмдук далилдерге кароо жүргүзүлгөндөн кийин тергөөчүнүн токтомуна ылайык буюмдук далилдерди ишке тиркөө же соттун өкүмү күчүнө киргенге же болбосо ишти токтотуу жөнүндө маселе чечилгенге чейин атайын бөлүнгөн жайга жооптуу сактоого берүү жөнүндө маселе чечилет.
28. Сайлуу ок атуучу куралды колдонуу менен байланышкан кылмыштар жөнүндө иштер боюнча тергөөчүлөр алуу, кароо иштеринен жана тийиштүү изилдөөлөрдөн кийин окторду, гильзаларды, патрондорду жана куралдын издери калтырылган башка ок-дарыларды, ошондой эле курал болгон учурда аны Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын криминалисттик бөлүмүнө жиберүүгө милдеттүү. Ок-гильзатекадан текшерүү менен бирге сайлуу курал жоголгон жана табылган куралдардын ыкчам эсеби боюнча ички иштер органынын маалыматтык-издөө эсебинде текшерилет.
29. Радио берүү түзүлүштөрүн мыйзамсыз даярдоо жана пайдалануу менен байланышкан жазык иштерин териштирүүдө бардык колдонулган аппаратура, деталдар жана комплекттөөчү буюмдар алынат, алардын сакталышын иш боюнча өндүрүштү жүргүзгөн орган камсыздайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Буюмдук далилдерди сактоого берүү үчүн негиз болуп буюмдук далил катары таануу жана аны ишке тиркөө жөнүндө тергөөчүнүн токтому эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Жазык иштери боюнча буюмдук далилди өткөрүп алуу-өткөрүп берүү актысы ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык формада түзүлөт, ал эми аларды сактоого жооптуу адам буюмдук далилди сактоого берген адамга ушул Нускаманын 2-тиркемесине ылайык форма боюнча буюмдук далилди кабыл алгандыгы жөнүндө квитанция берет, ал ишке тиркелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Транспорт каражаттары комиссиялык кароо жүргүзүү актысы менен биргеликте ушул Нускаманын 3-тиркемесине ылайык форма боюнча өткөрүлүп сактоого берилет.
3-глава. Жазык иштери боюнча буюмдук далилдерди сактоо
33. Буюмдук далилдерди сактоо тартиби Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдары менен аныкталат.
34. Эгерде буюмдук далилдер жабырлануучуларга, алардын туугандарына, тараптарга же башка адамдарга, ошондой эле уюмдарга Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 87-статьясында аныкталган тартипте берилбесе, буюмдук далилдерди сактоодо алардын буюмдук далилдер катары жазык иштери боюнча мааниге ээ болгон белгилерин жана касиеттерин, ошондой эле андагы издерди сактоо, буюмдук далилдердин өзүн сактоо боюнча чаралар көрүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Жазык иштери боюнча алынган буюмдук далилдерди сактоо үчүн тийиштүү укук коргоо (ыйгарым укуктуу мамлекеттик) органдарында текчелер орнотулган атайын бөлмөлөр (сактоо камералары) жабдууланат. Куралдарды жана ок-дарыларды аталган бөлмөдө жыгачтан же металлдан жасалган ящиктерде, ал эми баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду - сейфтерде же болбосо металл шкафтарда (ящиктерде) сактоо зарыл.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Эгерде өтө көлөмдүү болгондугуна же башка себептерге байланыштуу буюмдук далилдерди иште сактоого мүмкүн болбосо, алар фото же видео каражаттарына тартылып, мөөр басылып, тийиштүү мамлекеттик органдын ведомстволук актысы менен ушул максаттар үчүн аныкталган жайда сакталышы керек. Ишке буюмдук далилдин үлгүсү, анын турган жери жөнүндө маалымат, ошондой эле тийиштүү маалым кат тиркелет.
37. Баңгизаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор башка буюмдук далилдерден, ал эми прекурсорлор - баңгизаттардан жана психотроптук заттардан өз алдынча сакталышы керек.
38. Курал жана ок-дарылар башка буюмдук далилдерден өз алдынча сакталууга тийиш.
39. Укук коргоо (ыйгарым укуктуу) мамлекеттик органдардын, ошондой эле алардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери имараттын периметри боюнча курулуш конструкцияларына: терезелер жана эшиктер, люктар, желдетүү каналдары, жылуулук коммуникациялары кирүүчү жерлер, жука тосмо дубалдар жана сырттан кирүү үчүн ыңгайлуу болгон башка элементтер боюнча санкцияланбаган кирүүлөрдү жана бузууларды алдын алуу чараларын көрүшөт.
40. Бөлмөлөр ушул Нускаманын 4-тиркемесине ылайык жооптуу сактоодо турган жазык иштери боюнча буюмдук далилдер сакталуучу жайларга коюлуучу талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Сейфтердин, шкафтардын (ящиктердин) ачкычтарынын биринчи нускасы, ошондой эле мөөр жана пломбир буюмдук далилдердин сакталышын камсыздоого жооптуу адамда болот. Ачкычтардын экинчи нускасы тубуска салынып, буюмдук далилдерди сактоого жооптуу адам тарабынан пломба басылат жана тийиштүү укук коргоо (ыйгарым укуктуу) органынын нөөмөт бөлүмүндө сакталат.
42. Сактоо камераларынын ачкычтарынын экинчи нускасы пайдаланылгандан кийин таңгакталып, ушул Нускаманын 84-пунктунда каралган тартипте түзүлүүчү ведомстволук комиссиянын төрагасы тарабынан пломба басылат жана укук коргоо (ыйгарым укуктуу) органынын нөөмөт бөлүмүнүн башчысына сактоого тапшырылат.
43. Жазык иштери боюнча сактоого өткөрүлүп берилген буюмдук далилдердин сакталышына жооптуу катары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыкчам-тергөө курамындагы адамдарды дайындоого тыюу салынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Жазык иштери боюнча буюмдук далилдердин сакталышын камсыздоого жооптуу адам башка кызмат орунга которулганда же ал кызматтан бошотулганда анын түздөн-түз жетекчиси үч сутканын ичинде ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын атына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жооптуу сактоосундагы буюмдук далилдерди кабыл алуу-өткөрүп берүү акты боюнча өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
45. Жазык иштери боюнча алынган мөөр басылган таңгак түрүндөгү буюмдук далилдер жазык иши жана жоруктар жөнүндө иш, материалдар өндүрүшүндө же изилдөөсүндө болгон органдын сактоо камераларынын өзүнчө бөлмөсүнө жайгаштырылат, алар төмөнкү мөөнөткө чейин сакталат:
- даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин жазык иши боюнча чечим кабыл алуу;
- токтомго же аныктамага даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин кылмыш ишин токтотуу;
- соттун өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кирүү;
- эксперттин корутундусун чыгаруу.
Эгерде сотко чейинки өндүрүшкө жана соттук териштирүүгө зыян келтирилбесе, тергөөчү буюмдук далилдерди ээлерине кайтарып берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
46. Сактоо жайларына жазык иштери боюнча буюмдук далилдерди сактоого жооптуу адамдын катышуусунда гана кирүүгө болот. Анын катышуусу мүмкүн болбогон учурда буюмдук далилдер ыйгарым укуктарын аныктоо менен үч адамдан кем эмес санда түзүлгөн комиссия, алардын сакталышын камсыз кылган органдын жетекчиси тарабынан берилет жана сактоого кабыл алынат. Мындай учурда акт үч нускада түзүлөт, анда эмнеге байланыштуу жана кандай объекттер бөлмөдөн (сактоочу жайдан) алынгандыгы же ага коюлгандыгы чагылдырылат. Актынын биринчи нускасы буюмдук далилдерди каттоо китебине тиешелүү маалыматтарды киргизүү үчүн буюмдук далилдердин сакталышына жооптуу адамга, экинчиси - канцелярияга берилет, үчүнчүсү - ишке тиркелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
47. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө алынган жардыруучу түзүлмөлөр, ок атуучу курал, курал-жарактар, ок-дарылар, жарылуучу заттар, радиоактивдүү материалдар, күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар соттук экспертиза өндүрүшүнө чейин белгиленген тартипте өзүнчө бөлмөлөрдө сакталат.
48. Буюмдук далил катары таанылган автомашиналар, мотоциклдер жана башка транспорт каражаттары (анын ичинде сууда сүзүүчү жана учуучу аппараттар), ошондой эле камакка алынган транспорт каражаттары тергөөчүнүн токтому боюнча (эгерде аларды ээсине, анын туугандарына же башка адамдарга, ошондой эле башка уюмдарга берүүгө мүмкүн болбосо) адистештирилген токтотуучу жайларда сакталат, алардын жетекчилери ишке тиркелүүчү тил кат жазып беришет, анда кабыл алынган транспорт каражатын сактоого жооптуу адам көрсөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
49. Транспорт каражатын алууда, ошондой эле аны сактоого өткөрүп берүүдө адистин, анын ээсинин, ал жок болгон учурда - анын өкүлүнүн же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлүнүн катышуусунда аталган транспорт каражатынын техникалык абалына акт түзүлөт.
50. Айыпталуучулардын паспорттору, өздүк күбөлүктөрү, аскердик билеттери (туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү, жашы жете электердин күбөлүктөрү) өзүнчө номерленген баракка тиркелип, өз алдынча мөөр басылган пакетке салынат жана жазык ишине кошо тиркелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
51. Кызматтык күбөлүк алынган учурда документ анын ээсинин камакка алынгандыгы тууралуу кабарлама менен биргеликте аны берген органга жиберилет.
52. Башка жеке документтер, эгерде алар иш үчүн мааниге ээ эмес болсо, айыпталуучуга же анын макулдугу менен жакын туугандарына кайтарылып берилет.
53. Жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча жарандардан алынган, соттун өкүмүнүн негизинде конфискациялануучу Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы акча каражаттар, сактык жана чектик китепчелер, чектер, сактоо күбөлүктөрү, акча-буюм лотерея билеттери, чет элдик валюта жана башка баалуу кагаздар, баалуу металлдар жана таштар, берметтер, алардан жасалган буюмдар, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктары, колго жасалган зер буюмдар, баалуу металлдардан жасалган тыйындар, аларды мыйзамдуу ээсине кайтаруу далилдөө үчүн зыян келтирбеген учурлардан сырткары үч күндөн кечиктирбей ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын финансылык бөлүмүнө жазык-процесстик мыйзамдарда каралган мөөнөткө өткөрүлүп берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
54. Буюмдук далилдер катары ишке тиркелген документтер, каттар жана башка жазуулар таза кагаздын ортосуна салынган конверттерде сакталышы керек. Аларга кандайдыр бир белгилерди коюуга, жазууларды калтырууга жана аны бүктөөгө тыюу салынат. Конверттерге мөөр басылып, ишке тиркелет жана анын өзүнчө барагы менен номерленет. Ишке тиркелген каттардын жана документтердин саны көп болгон учурда алар ишке тиркелүүчү өзүнчө пакетке салынат. Конвертте ага салынган документтердин тизмеси жазылышы керек.
55. Жазык ишинин материалдарына мамлекеттик архивдерден жана алардын ведомстволук уюмдарынан алынган документтердин түп нускасын тиркөөгө тыюу салынат. Изилдөө (экспертиза) аяктагандан кийин алар таандыгы боюнча кайтарылууга тийиш. Жазык ишинин материалдарына ошол мамлекеттик орган күбөлөндүргөн документтердин көчүрмөлөрү тиркелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
56. Жашыруун мүнөздөгү маалыматтарды камтыган, бирок буюмдук далил катары эсептелбестен алынган документтер, чиймелер, фото сүрөттөр жашыруундук режимин сактоо менен таандыгы боюнча уюмдардагы жана мекемелердеги жашыруун документтерди тескеген бөлүмдөргө жиберилет.
57. Буюмдук далилдерди сактоого нымдуу абалда берүүгө тыюу салынат, бул алардын бузулушуна жана андан ары изилдөө жана далил катарында пайдалануу мүмкүндүгүн жокко чыгарууга алып келиши мүмкүн.
58. Зарыл болгон учурда алынган объекттерди, алардын андан ары сакталышын камсыз кылуучу абалга келтирүү боюнча чаралар көрүлүшү керек.
59. Биологиялык, анын ичинде тез бузулуучу, микроскопиялык же химиялык изилдөөгө тийиш болгон объекттер таңгакталып, герметикалык жабылган идиштерде сакталат. Мындай объекттерди (анын ичинде өлүктүн мүчөлөрүн андан ары изилдөөнү талап кылган) соттук-эксперттик мекемелердин кызматкерлери таңгактайт.
60. Атайын шарттарда сактоону талап кылган биологиялык объекттердин эксперттик изилдөөсү аяктаганда ал жетекчиси менен жазуу жүзүндө макулдашуу боюнча соттук-медициналык мекемелерде ушул Нускаманын 45-пунктуна ылайык сактоо мөөнөттөрүн аныктоо менен сакталат.
61. Буюмдук далил катары алынган үйдөгү мал жазык иши боюнча чечим чыкканга чейин ээлерине (жабырлануучуларга) же уюмдарга, алар жок болгон учурда - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрүнө тийиштүү акт түзүү менен кайтарылып берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
62. Айыптоо актысына тиркелген маалым катта иш боюнча алынган буюмдардын, документтердин же башка мүлктүн сактоого берилгендигин ырастаган документтер тиркелген иштин тийиштүү барагына шилтеме жасоо менен алардын сакталган орду көрсөтүлөт.
63. Камакка алынган мүлк тергөөчү тарабынан жазык-процесстик мыйзамдарга ылайык иштин конкреттүү жагдайларына жана кызыкчылыктарына жараша жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле зыян келтирилген уюмга же мүлктүн ээсине, же болбосо анын тууганына өткөрүлүп берилет, кабыл алган мүлктүн сакталышы үчүн жоопкерчиликтери түшүндүрүлөт, ал тууралуу кол коюлат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
64. Искусство чыгармалары жана антиквариат сактоого кабыл алууга мүмкүн болбогон учурда музейде сакталат.
65. Ачылбаган кылмыштар жөнүндө өндүрүшү токтото турулган иштер боюнча буюмдук далилдер сактоо жана андан ары пайдалануу мүмкүндүгүн камсыздай турган түрдө таңгакталып жана мөөр басылып, башка иштердин буюмдук далилдеринен өз алдынча аларды териштирүү жери боюнча сакталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
66. Өндүрүшү токтото турулган ачылбаган кылмыштар боюнча иштердин ар бир таңгагы иштин номерин, анын фабуласын, Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган күнүн, ошондой эле таңгакта турган объектинин аталышын көрсөткөн жазууларды камтууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
67. Өндүрүшү токтото турулган ачылбаган кылмыштар боюнча иштерди сактоонун шарты ушул Нускамада аныкталган объекттердин категориясына карата тандалат.
4-глава. Жазык иштери боюнча буюмдук далилдерди эсепке алуу, берүү, ташуу жана жөнөтүү
68. Жазык иштери боюнча алынган буюмдук далилдерди эсепке алуу үчүн ар бир укук коргоо (ыйгарым укуктуу) органында ушул Нускаманын 5-тиркемесине ылайык формада журнал ачылат. Буюмдук далил болуп эсептелбеген баалуу буюмдар, ошондой эле накталай акчалар ушул Нускаманын 6-тиркемесине ылайык формадагы журналда эсепке алынат. Аталган журналдар буюмдук далилдерди жана башка алынган мүлктү, баалуу буюмдарды сактоого жооптуу адамда болот. Эсепке алуу так отчеттук документтерди жүргүзүү эрежелери боюнча ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
69. Журналдын ар бир барагына номер коюлуп, көктөлүп, сактоону камсыздоочу органдын жетекчисинин колу менен күбөлөндүрүлөт жана мөөр басылып, иш кагаздарын жүргүзүү чөйрөсүндөгү бөлүмдө катталат.
70. Сактоого жооптуу адам гана документтердин негизинде эсепке алуу журналын толтура алат, анда алуу фактысы, сактоого келип түшкөн дата жөнүндө маалымат, алардын аталышы, саны, жазык ишинин номери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 86 жана 538-статьяларында каралган максаттарда буюмдук далилдерди берүү жөнүндө маалыматтар чагылдырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
71. Эсепке алуу журналына каттоо хронологиялык тартипте жүргүзүлөт, анда келип түшкөн дата, токтом чыгарган тергөөчүнүн аты-жөнү, буюмдук далилдердин аталышы, пакеттердин саны, граммдагы (литрдеги) саны, жазык ишинин номери, айыпталуучунун аты-жөнү, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин беренелери көрсөтүлөт. Кабыл алынган буюмдук далилдерге катардагы каттоо номери ыйгарылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
72. Эсепке алуу китебине тиешелүү жазууларды киргизүү менен буюмдук далилдерди кошумча катары электрондук түрдө эсепке алууга да болот.
73. Жазык иштери боюнча буюмдук далилдер тергөө органынын жазуу жүзүндөгү талабы, соттун өкүмү (алуу ж.б.) же токтому (аныктамасы) боюнча буюмдук далилдерди сактаган адам тарабынан берилет, ал тууралуу каттоо журналына тиешелүү белги коюлат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
74. Буюмдук далилдерди сактоого жооптуу адамдар соттун жазуу жүзүндөгү талабы боюнча буюмдук далилдерди соттун кароосуна көрсөтүшөт.
75. Жазык иштери боюнча алынган жардыруучу түзүлмөлөрдү, ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды, радиоактивдүү материалдарды, баңгизаттарды, психотроптук, күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттарды, буюмдарды жана объекттерди ташуу же жөнөтүү ушул буюмдарды сактоого алган укук коргоо (ыйгарым укуктуу) органынын адамдарынын коопсуздугун камсыздоо максатында куралдуу күзөттүн коштоосу менен жүзөгө ашырылат.
Бул пункттагы жогоруда аталгандардан тышкары буюмдук далилдерди коштоо жана ташуу куралдуу күзөтсүз ишке ашырылышы мүмкүн.
Буюмдук далилдерди сактоого жана жөнөтүүгө сарпталган сумма мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан же болбосо Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 139-статьясынын талаптарына ылайык жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын каражаттарынан эсебинен кайтарылып берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
76. Куралдуу күзөт буюмдук далилдерди сактоого жооптуу адамды аларды сактоого берүүчү жерге чейин коштойт.
77. Эсепке алуу журналы белгиленген тартипте дайыма сакталат.
78. Жазык иштери боюнча буюмдук далилдерди эсепке алуунун, сактоонун, өткөрүп берүүнүн, берүүнүн, ташуунун, жөнөтүүнүн, жок кылуунун, кайра иштетүүнүн, сатуунун абалына ведомстволук контролду тиешелүү укук коргоо (ыйгарым укуктуу) органдарынын бардык бөлүмдөрүндө түзүлүүчү ведомстволор аралык комиссия ишке ашырат. Аталган комиссия жазык-процесстик мыйзамдарга жана ушул Нускамага ылайык жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу боюнча иштерди жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
79. Комиссия отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин жазык иштери боюнча буюмдук далилдердин абалын жана аларды сактоонун шартын, кабыл алуу, эсепке алуу, берүү жана өткөрүп берүү боюнча иш кагаздарды уюштурууну текшерет. Текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө эки нускада акт түзүлөт, ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат, анын биринчи нускасы тиешелүү укук коргоо (ыйгарым укуктуу) органынын катчылыгына, экинчи нускасы буюмдук далилдерди сактоого жооптуу адамга берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
80. Текшерүүнүн жүрүшүндө мөөр басылып таңгакталган буюмдук далилдерди ачууга тыюу салынат.
5-глава. Жазык иштери боюнча жооптуу сактоодо турган буюмдук далилдерди жок кылуу жана кайра иштетүү тартиби
81. Жазык иштери боюнча жооптуу сактоодо турган буюмдук далилдерди жок кылуу же кайра иштетүү үчүн төмөнкүлөр негиз болуп эсептелет:
- мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү же болбосо токтому (аныктамасы);
- даттануу мөөнөтү бүткөндөн кийин жазык ишин кыскартуу жөнүндө тергөөчүнүн токтому;
- даттануу мөөнөтү бүткөндөн кийин ээсинин макулдугу же жазык иштери боюнча алынган буюмдук далилдердин өтө көлөмдүү болгон себебинен аларды сактоого мүмкүн болбогондуктан же сактоого мүмкүн болбогон башка себептерден улам аларды жок кылуу же сатуу боюнча соттун, тергөөчүнүн (ыйгарым укуктуу адамдын) чечими.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
82. Жооптуу сактоодо турган буюмдук далилдер ар бир квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин соттун өкүмү же башка соттук чечимдер, тергөөчүнүн же прокурордун токтому мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин жок кылынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
83. Ок атуучу куралдар, ок-дарылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 591 "Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын ыкчам башкаруусунда турган ок атуучу куралдардын жана кадимки ок-дарылардын запастарын башкаруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому менен белгиленген тартипте жок кылынат.
84. Жазык иштери боюнча алынган буюмдук далилдерди жок кылуу жана кайра иштетүү ведомстволор аралык комиссия тарабынан ишке ашырылат.
Жооптуу сактоодо турган буюмдук далилдерди жок кылууда комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- саламаттык сактоо органдарынын;
- экологиялык же техникалык коопсуздук органдарынын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын;
- сот органдарынын өкүлдөрү;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буюмдук далилдерди сактоого жооптуу адамы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
"КР Юстиция Министирлигинин Укуктук Маалымат Борборлоштурулган Банкы" эскертет: Берилген типтүү нускаманын 84-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 84-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
85. Буюмдук далилдерди сактоого жооптуу адам жок кылуу же кайра иштетүү боюнча комиссиянын кароосуна документтерди даярдайт.
86. Калктуу пункттардын аймагында иштеп жаткан от казандар, жылуулук электр борборлору, ошондой эле металлды ысык иштетүү цехтери бар ишканалар (мекемелер, уюмдар) ж.б. болсо, буюмдук далилдерди жок кылуунун же кайра иштетүүнүн кыйла оптималдуу жана экологиялык коопсуз ыкмаларын иштеп чыгуу жана пайдалануу үчүн ошол уюмдун жетекчилери жана айлана чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен жазуу жүзүндө макулдашып, жумушчу температурасы Цельсия шкаласы боюнча 500 (беш жүз) градустан кем болбогон мештери бар цехтерде буюмдук далилдер жок кылынат.
87. Күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттар айлана чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен жазуу жүзүндөгү макулдашуу боюнча уулуу жана күчтүү таасир этүүчү заттарды зыянсыздандыруу жана жок кылуу боюнча адистештирилген уюмдарга (мекемелерге) андан ары жок кылуу үчүн өткөрүлүп берилет.
88. Буюмдук далилдерди жок кылуунун же кайра иштетүүнүн алдында комиссиянын мүчөлөрү жок кылынуучу буюмдук далилдердин иш жүзүндөгү маалыматын эсепке алуу документтериндеги маалыматтар менен кылдат салыштырып текшеришет. Алардын көз көрүнөө шайкешсиздигинде комиссия жок кылуу же кайра иштетүү маселесин кароону токтотууга жана кызматтык териштирүү (текшерүү) дайындоого укуктуу.
89. Жок кылынуучу же кайра иштетилүүчү буюмдук далилдердин иш жүзүндөгү жана эсепке алуу маалыматтарындагы айырмачылык фактылары боюнча кызматтык териштирүүнү (текшерүүнү) ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси уюштурат.
90. Буюмдук далилдерди жок кылуу, кайра иштетүү же сатуу фактыларын комиссиянын мүчөлөрү ушул Нускаманын 7 жана 8-тиркемелерине ылайык форма боюнча актыда күбөлөндүрөт, акты төрт нускада түзүлөт:
- биринчи нуска - жазык ишине тиркелет;
- экинчи нуска - аткаруу өндүрүшүнө же буюмдук далилдерди берген органдын катчылыгындагы (жалпы бөлүмүндөгү) ишке тиркелет;
- үчүнчү нуска - жазык иштери боюнча алынган буюмдук далилдерди сактоого жооптуу адамга берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
"КР Юстиция Министирлигинин Укуктук Маалымат Борборлоштурулган Банкы" эскертет: Берилген типтүү нускаманын 90-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 90-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
6-глава. Жазык иштери боюнча жооптуу сактоодо турган буюмдук далилдерди сатуу тартиби
91. Жазык иштери боюнча жооптуу сактоодо турган буюмдук далилдерди сатуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп эсептелет:
- мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү же болбосо токтому (аныктамасы);
- даттануу мөөнөтү бүткөндөн кийин жазык ишин кыскартуу жөнүндө тергөөчүнүн токтому;
- даттануу мөөнөтү бүткөндөн кийин жазык иштери боюнча алынган буюмдук далилдердин өтө көлөмдүү болгон себебинен аларды сактоого мүмкүн болбогондуктан же сактоого мүмкүн болбогон башка себептерден улам аларды сатууга өткөрүп берүү үчүн ээсинин макулдугу же судьянын чечими (токтому).
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
92. Ушул Нускаманын 78 жана 84-пункттарына ылайык түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия жазык иштери боюнча алынган буюмдук далилдерди сатууну уюштурат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
93. Сатуу жөнүндө материалды (сатуу актысын) ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна жазык иши өндүрүшүндө турган адам даярдайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
94. Буюмдук далилдерди сатуунун алдында комиссиянын мүчөлөрү сатылуучу буюмдук далилдердин иш жүзүндөгү маалыматын эсепке алуу документтериндеги маалыматтар менен кылдат салыштырып текшеришет. Алардын көз көрүнөө шайкешсиздигинде комиссия сатуу маселесин кароону токтотууга укуктуу, ал тууралуу акты түзүлөт.
95. Сатылуучу буюмдук далилдердин иш жүзүндөгү жана эсепке алуу маалыматтарындагы айырмачылык фактылары боюнча кызматтык териштирүүнү (текшерүүнү) укук коргоо (ыйгарым укуктуу) органынын жетекчиси уюштурат.
96. Буюмдук далилдерди сатуу фактыларын комиссиянын мүчөлөрү ушул Нускаманын 7-тиркемесине ылайык форма боюнча ушул Нускаманын 90-пунктуна ылайык төрт нускада түзүлүүчү актыда күбөлөндүрөт.
|
| "Жазык иштери боюнча буюмдук далилдерди эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускамага 1-тиркеме |
Форма
Жазык иштери боюнча буюмдук далилдерди кабыл алуу-өткөрүп берүү АКТЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
_______________________________ (калктуу конуштун аталышы) |
| "_____" ___________ 20__-ж. |
Биз, төмөндө кол койгондор,
_________________________________________________________________________,
(актыны түзгөн адамдардын кызмат орду, аты-жөнү)
актыда саналган буюмдук далилдер жооптуу сактоого өткөрүлүп берилүүгө тийиш
экендиги тууралуу ушул актыны түздүк:
_________________________________________________________________________
№ | Жазык ишинин № | Айыпталуучунун, шектүүнүн аты-жөнү | Аталышы (буюм, жуулган жер, тест, таңгак, кесилген жер ж.б.) | Пакеттердин саны | Өлчөмү (грамм, литр, даана) | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
Буюмдардын колдо болгон документтерге шайкештиги - түрү, алардын саны, салмагы ж.б., өткөрүп берүүнүн алдында салыштырып текшерилди жана актыга жазылды.
Өткөрүп берди: ___________________________________________________________
(кызмат орду, колу, аты-жөнү, датасы)
Кабыл алды: _____________________________________________________________
(кызмат орду, колу, аты-жөнү, датасы)
Кабыл алуу-өткөрүп берүүгө катышкандардын коюлган колдору:
1. ______________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү, датасы)
2. ______________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү, датасы)
|
| Жазык иштери боюнча буюмдук далилдерди эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускамага 2-тиркеме |
Форма
Жазык иштери боюнча буюмдук далилдерди жооптуу сактоого кабыл алуу жөнүндө КВИТАНЦИЯ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
_______________________________ (калктуу конуштун аталышы) |
| "_____" ___________ 20__-ж. |
Кабыл алынды:
________________________________________________________________________,
(буюмду сактоого берген адамдын аты-жөнү, кызмат орду)
________________________________________________________________________,
(буюмдук далилдердин аталышы)
________________________________________________________________________,
(пакеттердин саны, салмагы грамм менен, өлчөмү литр менен, даанасы)
________________________________________________________________________,
(кабыл алуу-өткөрүп берүү актынын № )
________________________________________________________________________,
________________________________________________________________________,
(жазык ишинин №, датасы)
________________________________________________________________________,
(айыпталуучунун аты-жөнү)
Тапшырды:
______________________________________________ ________________________
(датасы, кызмат орду, аты-жөнү) (колу)
Кабыл алды:
______________________________________________ ________________________
(датасы, кызмат орду, аты-жөнү) (колу)
|
| Жазык иштери боюнча буюмдук далилдерди эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускамага 3-тиркеме |
Форма
Жазык иштери боюнча буюмдук далил катары алынган, жооптуу сактоого өткөрүлүп бериле турган транспорт каражатына комиссиялык кароо АКТЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
_______________________________ (калктуу конуштун аталышы) |
| "_____" ___________ 20__-ж. |
Тергөөчү:
________________________________________________________________________,
(кызмат орду, аты-жөнү)
автотранспорт боюнча өкүл (адис):
________________________________________________________________________,
(кызмат орду, аты-жөнү)
буюмдук далилдерди сактоого жооптуу:
________________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү)
________________________________________________________________________
транспорт каражатынын техникалык абалы кароодон өткөрүлдү:
Маркасы, модели жана түсү: ________________________________________________
________________________________________________________________________
Мамлекеттик номери: ______________________________________________________
Чыгарылган жылы: ________________________________________________________
Жалпы жүргөн чакырымы: __________________________________________________
Кыймылдаткычы: __________________________________________________________
Шассиси: ________________________________________________________________
Кузову: __________________________________________________________________
Техникалык паспорту: ______________________________________________________
(номери, ким тарабынан берилген)
Транспорт каражатынын сырткы абалы: _______________________________________
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
(комплект, комплект эмес, дат басуунун жана бузулуунун болушу)
Транспорт каражатында төмөнкү тетиктер, түйүндөр, агрегаттар жок:
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
________________________________________________________________________.
Негизги түйүндөрдүн, агрегаттардын техникалык абалынын мүнөздөмөсү:
_________________________________________________________________________
шасси: ___________________________________________________________________
кузов: ____________________________________________________________________
кыймылдаткыч: ____________________________________________________________
өткөрүү коробкасы: _________________________________________________________
алдыңкы мост: _____________________________________________________________
арткы мост: _______________________________________________________________
башка түйүндөр жана агрегаттар: _____________________________________________
Транспорт каражатынын техникалык абалы жөнүндө корутунду:
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________.
(пайдаланууга жарактуу же жарактуу эмес)
Ээсинин дареги:
_________________________________________________________________________
Тергөөчү:
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
Автотранспорт боюнча өкүл (адис) ____________________________________________
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
Буюмдук далилдердин сакталышын камсыздоого жооптуу адам:
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
|
| Жазык иштери боюнча буюмдук далилдерди эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускамага 4-тиркеме |
Форма
Жооптуу сактоодо турган жазык иштери боюнча буюмдук далилдерди сактоо жерлерине коюлуучу ТАЛАПТАР
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
Ишенимдүү сакталышын камсыз кылуу үчүн баңгизаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор ушул максаттар үчүн атайын бөлүнгөн жайларда орнотулган сейфтерде, металл шкафтарда (ящиктерде) сакталууга тийиш, ал жай төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1. Капиталдык сырткы дубалы, бекем шып каптамы жана полу болушу керек.
2. Бекем жана ишенимдүү жабылган эки эшиги: эки бети тең цинктелген темир менен капталган, калыңдыгы 40 ммдан кем эмес сырткы тактай эшиги жана диаметри 15 ммдан кем эмес болот зымдан даярдалган торлуу ички эшиги болушу керек.
3. Жайдын ички тарабынан терезелерде же рамалардын ортосунда темир торлор болушу керек. Терезе коюлуучу жерлерде тордун зымдарынын учтары дубалга 80 мм кем эмес тереңдикте киргизилип, бетон куюлат.
4. Сейфтер, металл шкафтар (ящиктер) жабык абалда турууга тийиш. Жумуш күнү аяктагандан кийин аларга мөөр коюлат же пломба басылат. Сейфтердин, шкафтардын (ящиктердин) ачкычтары, мөөр жана пломбир буюмдук далилдердин сакталышына жооптуу адамдарда сакталууга тийиш.
5. Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо үчүн жайлар милдеттүү түрдө оперативдүү нөөмөттүк ички иштер органынын же ведомстводон тышкаркы күзөт бөлүмүнүн пультуна кошуу аркылуу күзөт-өрт сигнализация каражаттары менен жабдылат.
6. Жайдын периметри боюнча курулуш конструкциялары - терезелер жана эшиктер, люктар, желдетүү каналдары, жылуулук коммуникациялары кирүүчү жерлер, жука дубалдуу тосмолор жана сырткы тараптан кирүү үчүн мүмкүн болгон жайдын башка элементтери милдеттүү түрдө корголууга тийиш.
7. Баңгизаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор башка буюмдук далилдерден өзүнчө, ап эми прекурсорлор - баңгизаттардан жана психотроптук заттардан өзүнчө сакталууга тийиш.
8. Өрт сигнализация системасы 02.04.09-84 "Имараттардын жана курулмалардын өрт автоматикасы" курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарына шайкеш келүүгө жана күнү-түнү иштөөгө тийиш.
|
| Жазык иштери боюнча буюмдук далилдерди эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускамага 5-тиркеме |
Форма
Жазык иштери боюнча буюмдук далилдерди эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
Башталышы "___" ___________ 20__-ж.
Аякташы "___" ______________ 20__-ж.
№ | Келип түшкөн датасы | Актынын № | Токтомду чыгарган тергөөчүнүн аты-жөнү | Буюмдук далилдин аталышы | Пакеттердин, идиштердин саны | Пакеттердин саны (грамм, литр менен) | Жазык ишинин № | Айыпталуучунун аты-жөнү | Берененин № | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жазык иштери боюнча буюмдук далилдерди эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускамага 6-тиркеме |
Форма
Буюмдук далилдер болуп саналбаган баалуулуктарды, ошондой эле накталай акчаларды эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
Башталышы "___" ___________ 20__-ж.
Аякташы "___" ______________ 20__-ж.
№ | Келип түшкөн датасы | Актынын № | Токтом чыгарган тергөөчүнүн аты-жөнү | Буюмдук далилдин аталышы | Пакеттердин, идиштердин саны | Пакеттердин саны (грамм, литр менен) | Жазык ишинин № | Айыпталуучунун аты-жөнү | Берененин № | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жазык иштери боюнча буюмдук далилдерди эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускамага 7-тиркеме |
Форма
Жазык иштери боюнча алынган буюмдук далилдерди жок кылуу же кайра иштетүү жөнүндө АКТ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
_______________________________ (калктуу конуштун аталышы) |
| "_____" ___________ 20__-ж. |
Биз, төмөндө кол койгондор:
комиссиянын төрагасы:
________________________________________________________________________,
(кызмат орду, аты-жөнү)
комиссия мүчөлөрү:
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________,
(акты түзгөн адамдардын кызмат орду, аты-жөнү)
министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү:

актыда саналган буюмдук далилдер соттун өкүмүнүн, тергөөчүнүн, соттун токтомунун
негизинде жок кылынууга же кайра иштетилүүгө тийиш деп ушул актыны түздүк.
№ | Жазык ишинин № | Жок кылуу жөнүндө чечим кабыл алынган документтин аталышы (соттун аталышы) | Документтин номери жана датасы | Айыпталуучунун аты-жөнү | Аталышы | Өлчөмү (грамм, литр, даана) | Пакеттердин саны | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жок кылынууга же сатылууга тийиш болгон бардык буюмдар:
1. ____________________________________________________________________,
(буюмдук далилдин аталышы)
жалпы салмагы (көлөмү) _________________________________________________.
(грамм, литр, жазуу менен)
2. _____________________________________________________________________,
(буюмдук далилдин аталышы)
жалпы салмагы (көлөмү) __________________________________________________.
(грамм, литр, жазуу менен)
Жогоруда саналган буюмдук далилдер жок кылуунун алдында соттун өкүмү, соттун,
тергөөчүнүн токтому менен салыштырып текшерилди жана "_____" барактагы актыда
саналып көрсөтүлдү.
Буюмдук далилдер "_____" ___________ 20__-ж. _______________________________
__________________________________________________________________ дареги
боюнча ________________________________________ от казанда өрттөө жолу менен
жок кылынды (кайра иштетилди).
Комиссия мүчөлөрүнүн колу:
1. ______________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү, датасы)
2. ______________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү, датасы)
3. ______________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү, датасы)
|
| Жазык иштери боюнча буюмдук далилдерди эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускамага 8-тиркеме |
Форма
Жазык иштери боюнча алынган буюмдук далилдерди сатуу жөнүндө АКТ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
_______________________________ (калктуу конуштун аталышы) |
| "_____" ___________ 20__-ж. |
Биз, төмөндө кол койгондор:
комиссиянын төрагасы:
________________________________________________________________________,
(кызмат орду, аты-жөнү)
комиссия мүчөлөрү:
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________,
(акты түзгөн адамдардын кызмат орду, аты-жөнү)
министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү:
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________,
(акты түзгөн адамдардын кызмат орду, аты-жөнү)
актыда саналган буюмдук далилдер соттун өкүмүнүн, тергөөчүнүн, соттун токтомунун
негизинде сатылууга тийиш деп ушул актыны түздүк.
№ | Жазык ишинин № | Сатуу жөнүндө чечим кабыл алынган документтин аталышы (соттун аталышы) | Документтин номери жана датасы | Айыпталуучунун аты-жөнү | Аталышы | Өлчөмү (грамм, литр, даана) | Пакеттердин саны | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жок кылынууга же сатылууга тийиш болгон бардык буюмдар:
________________________________________________________________________
(буюмдук далилдин аталышы)
жалпы салмагы (көлөмү) ___________________________________________________,
(грамм, литр, жазуу менен)
________________________________________________________________________
(буюмдук далилдин аталышы)
жалпы салмагы (көлөмү) ___________________________________________________.
(грамм, литр, жазуу менен)
Жогоруда саналган буюмдук далилдер сатуунун алдында соттун өкүмү, соттун,
тергөөчүнүн токтому менен салыштырып текшерилди
жана "____" барактагы актыда саналып көрсөтүлдү.
Буюмдук далилдер "_____" ___________ 20__-ж. _______________________________
__________________________________________________________________ дареги
боюнча ________________________________________________ жолу менен сатылды.
Комиссия мүчөлөрүнүн колу:
1. ______________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү, датасы)
2. ______________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү, датасы)
3. ______________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү, датасы)
4. ______________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү, датасы)
5. ______________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү, датасы)
6. ______________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү, датасы)