Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 102 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 234 токтомуна) |
Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди алуу, эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө ТИПТҮҮ НУСКАМА
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди алуу, эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө типтүү нускама (мындан ары - Нускама) бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди алуунун, эсепке алуунун, сактоонун, өткөрүп берүүнүн жана жок кылуунун бирдиктүү тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Эгерде буюмдук далилдер жабырлануучуларга, алардын туугандарына, тараптарга же башка адамдарга белгиленген тартипте берилбесе, буюмдук далилдерди сактоодо алардын буюмдук далилдер катары укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча мааниге ээ болгон белгилерин жана касиеттерин, ошондой эле андагы издерди сактоо, буюмдук далилдердин өзүн сактоо боюнча чаралар көрүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Буюмдук далилдерди сактоо жана берүү
3. Буюмдук далилдерди сактоо үчүн ыйгарым укуктуу органдын жетекчилиги өзүнчө жайды - буюмдук далилдерди сактоо камерасын бөлүп берүүгө тийиш.
4. Буюмдук далилдерди сактоо камерасы текчелер, металл шкафтар, күзөт жана өрткө каршы сигнализация, тартып киргизүүчү-чыгаруучу желдетүү, өрт өчүрүүчү каражаттар, ошондой эле бекитме түзүлмөсү бар металлдан жасалган же металл капталган эшик менен жабдылат. Сактоочу жайда терезе болсо ага решетка орнотулат.
5. Буюмдук далилдерди сактоо үчүн мындай жайды бөлүп берүүгө мүмкүн болбосо, ушул Нускамага ылайык буюмдук далилдердин сакталышын жана талаптагыдай сактоо шартын камсыздай турган атайын сактагыч - мөөр басылуучу металл шкаф же жетиштүү өлчөмдөгү сейф менен жабдылат (мындан ары - атайын сактоочу жайда).
6. Эгерде өтө көлөмдүү болгондугуна же башка себептерге байланыштуу буюмдук далилдерди иште сактоого мүмкүн болбосо, алар фото же видео каражаттарына тартылып, мөөр басылып, ыйгарым укуктуу адамдын белгилеген жеринде сакталышы керек. Укук бузуулар жөнүндө ишке буюмдук далилдин үлгүсү, бузуулар жөнүндө иштеги анын турган жери жөнүндө тийиштүү маалым кат тиркелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Тез бузулуучу буюмдук далилдер фото, видео жазуу түзүлмөлөрүнө тартылат жана акты түзүлгөндөн кийин сактоого же болбосо пайдаланууга ээсине кайтарылып берилет. Актыда милдеттүү түрдө буюмдук далилдердин тизмеги, алардын саны жана/же өлчөмү, ошондой эле документ менен ырасталган болжолдуу баасы көрсөтүлөт.
Укук бузуулар жөнүндө иш мамлекеттин пайдасына чечилген учурда буюмдук далилдерди сактоого алган алардын ээси буюмдук далилдерди кабыл алуу-өткөрүп берүү актысында көрсөтүлгөн тизмеге ылайык бузуулар жөнүндө ишти жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берүүгө милдеттүү. Сактоого берилген буюмдук далилдер бузулган учурда сактоого алган алардын ээси актыда көрсөтүлгөн наркын мамлекеттин кирешесине төлөп берүүгө милдеттүү.
Мүлктүк зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаш жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде сот тарабынан чечилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Эгерде санынын көптүгүнө же аба-ырайынын шартына байланыштуу алынган буюмдук далилдердин тизмесин түзүүгө мүмкүн болбосо, алар тиешелүү жазуулары менен таңгакталат жана ыйгарым укуктуу органдын начальниги аныктаган курамда үчтөн кем эмес адамдан турган комиссиянын мүчөлөрүнүн колу коюлат.
9. Укук бузуулар жөнүндө протокол жана буюмдук далилдердин тизмеги эки нускада түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарына жооп берүүгө тийиш, ага алууну жүргүзгөн адам жана анда катышкан адамдар, анын ичинде буюмдук далили алынган адам, ал жок болгон учурда - анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөсү же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлү кол коюшат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Протоколдун жана тизменин көчүрмөсү буюмдук далили алынган адамга, ал жок болгон учурда - анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөсүнө же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлүнө берилет.
11. Буюмдук далилдер укук бузуулар жөнүндө ишке тиркелет. Алар бузуу, алуу жөнүндө протоколго же башка протоколго толук жазылат, анда буюмдук далилдердин саны жана сапаттык мүнөздөмөлөрү, объектти ал сыяктуулардан бөлүп алууга мүмкүндүк берүүчү жана анын далилдик маанисин шарттаган бардык башка жеке белгилери көрсөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Каралып жаткан заттар, предметтер жана объекттер алардын жоголуп кетүү, бузулуу жана бүтүндүгүн бузбай алуу мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу жана андагы болгон издердин сакталышын камсыз кылуучу таңгакка (идишке) салынышы керек. Жоголбой, бузулбай, алардын бүтүндүгүн сактаган, андагы издердин сакталышын камсыздай турган бышык жана ишенимдүү таңгакка (идишке) салынууга тийиш. Таңгакка мөөр басылып, кароо жүргүзгөн жана ага катышкан адамдар тарабынан кол коюлат, бул тууралуу протоколго тиешелүү белгилер жазылат.
13. Буюмдук далил катары таанылган автомототранспорт жана башка транспорт каражаттары (анын ичинде сууда сүзүүчү жана учуучу аппараттар) ыйгарым укуктуу адамдын тапшырмасы боюнча (эгерде аларды ээсине, анын туугандарына же башка адамдарга, ошондой эле башка уюмдарга берүүгө мүмкүн болбосо) атайын бөлүнгөн жерде сакталат. Жооптуу адамдар кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзүшөт, ал укук бузуулар жөнүндө ишке тиркелет, кабыл алынган транспорт каражатын сактоого жооп берген жооптуу адам актыда көрсөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Транспорт каражатын адистин катышуусунда же мүмкүндүк болсо анын ээсинин катышуусунда алууда, ошондой эле сактоого өткөрүп берүүдө аталган транспорт каражатынын абалын кароо актысы түзүлөт.
15. Эгерде укук бузуулар жөнүндө ишке жеке документтер маанилүү болбосо, алар бузуучуга же болбосо анын макулдугу менен жакын туугандарына кайтарылып берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси сактоо камерасында (атайын сактоочу жайда) буюмдук далилдерди сактоого, аларды туура эсепке алууга, негиздүү берүүгө жана өткөрүп берүүгө жооптуу адамды (мындан ары - жооптуу адам) кызматкерлердин ичинен аныктайт жана жок болгон учурда аны алмаштыруунун тартибин белгилейт.
17. Буюмдук далилдерди сактоо камерасындагы (атайын сактоочу жайдагы) эшик жооптуу адамдын жеке мөөрү менен басылат. Буюмдук далилдерди сактоо камерасынын (атайын сактоочу жайдын) ачкычтарын жана алардын дубликатын сактоо тартиби ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан аныкталат.
18. Буюмдук далилдерди сактоо камерасына (атайын сактоочу жайга) жооптуу адамдын же аны алмаштырган адамдын катышуусунда гана кирүүгө болот.
19. Жооптуу адам жок болгон учурда ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси ведомстволук акт менен анын ордун алмаштырган адамды аныктайт.
20. Мында комиссия тарабынан ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлөт, анда сактоого алынган буюмдар жана аларды алуунун же которуштуруунун негиздери көрсөтүлөт. Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы ушул Нускаманын 2-тиркемесине ылайык форма боюнча сактоого алынган буюмдук далилдерди эсепке алуу китебине (мындан ары - эсепке алуу китеби) тиешелүү жазууларды жазуу үчүн жооптуу адамга өткөрүлүп берилет.
21. Жооптуу адам буюмдук далилдерди сактоого кабыл алууда таңгактын бүтүндүгүн, буюмдук далилдердин ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин келип түшкөн токтомундагы коштомо документтерде жазылган тизмеге шайкеш экендигин текшерүүгө милдеттүү.
22. Буюмдук далилдерди сактоо камерасына (атайын сактоочу жайга) кабыл алууда (же кайтарып берүүдө) жооптуу адам ушул Нускаманын 3-тиркемесине ылайык форма боюнча квитанция (тил кат) (мындан ары - квитанция (тил кат) тариздейт жана буюмдук далилдерди берүүчү адамга тапшырат.
23. Көп сандагы буюмдук далилдер кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча сактоого кабыл алынат жана кайтарылып берилет.
24. Квитанция (тил кат) жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы эки нускада түзүлөт, алардын бири укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө, экинчиси - көктөмөгө (наряд) тиркелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Укук бузуулар жөнүндө ар бир иш боюнча буюмдук далилдер өз алдынча сакталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча материалга тиркелбеген, мамлекеттик жашыруун сырга ээ болгон маалыматтар жашыруун иш кагаздарды жүргүзүүнүн эрежелерине ылайык сакталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Буюмдук далилдерди кызматтык бөлмөлөрдө жана сактоого туура келбеген жайларда, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин кызматтык сейфтеринде (металл ящиктерге жана шкафтарга) сактоого тыюу салынат.
28. Сактоо камерасынан (атайын сактоочу жайдан) буюмдук далилдер укук бузуулар жөнүндө ишти карап жаткан ыйгарым укуктуу адамдын чечими боюнча жана анын жетекчилигинин макулдугу менен берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Буюмдук далилдерди эсепке алуу
29. Сактоо камерасына (атайын сактоочу жайга) сактоо үчүн берилген буюмдук далилдерди жооптуу адам эсепке алуу китебине киргизет.
30. Эсепке алуу китеби көктөлөт жана барактарына номер коюлат. Эсепке алуу китебинин барактарынын саны ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин же жооптуу кызмат адамынын колу менен акыркы барагында күбөлөндүрүлүп, герби бар мөөр басылат.
31. Эсепке алуу китебине тиешелүү жазууларды киргизүү менен буюмдук далилдерди кошумча катары электрондук түрдө эсепке алууга да болот.
32 Эсепке алуу китебине буюмдук далилдерди сактоого кабыл алуу, берүү, кайтарып берүү же өткөрүп берүү тууралуу жазуулар жана аларды которуштуруу тууралуу керектүү маалыматтар киргизилет.
33. Сактоого келип түшкөн буюмдук далилдер түшкөн күнү эсепке алуу китебине катталат.
34. Ар бир буюмдук далилге катар номер ыйгарылып, эсепке алуу китебинде хронологиялык тартипте өз алдынча жазылат.
35. Буюмдук далилдер катталгандан кийин алардын таңгагын (биркасын), ошондой эле андагы болгон маалыматтарды бузбаган же болбосо өзгөртпөгөн ыкма менен эсепке алынат жана идентификацияланат.
36. Жооптуу адам эсепке алуу китеби менен бирге көктөмө ачат, анда соттун чечиминин (аныктамасынын, токтомунун, кызмат адамынын же комиссиянын чечиминин), ошондой эле буюмдук далилдерди кабыл алууга, берүүгө, кайтарып берүүгө жана өткөрүп берүүгө негиз болгон башка документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү сакталат.
4. Буюмдук далилдерди жана алардын абалын эсепке алууну контролдоо
37. Ишти сотко жиберүүдө, укук бузуулар жөнүндө иш боюнча материалды кароону кыскартууда, ишти башка тергөө же алгачкы текшерүү органына, башка сотко жиберүүдө ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси иш боюнча алынган буюмдук далилдердин, предметтердин жана баалуу буюмдардын турган жерин чагылдырган документтин бар экендигин текшерүүгө, аларды буюмдук далилдерди эсепке алуу китебиндеги жазуулар менен салыштырып текшерүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси буюмдук далилдердин абалын жана алардын сактоо шартын, аларды кабыл алуу, эсепке алуу, өткөрүп берүү боюнча документтерди ушул Нускамага ылайык туура жүргүзүүнү жылына эки жолудан кем эмес текшерүүгө милдеттүү. Зарыл учурларда текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу акты түзүлөт, ал жогору турган жетекчиликке жиберилет.
39. Буюмдук далилдерди эсепке алууга, сактоого жооптуу адам жумуштан которулганда, кызматтан бошотулганда органдын чечими менен буюмдук далилдерди алуу документиндеги жазуулар менен алардын иш жүзүндөгү шайкештигин текшерүү боюнча комиссия түзүлөт. Текшерүүнүн жыйынтыгы кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы менен жаңы жооптуу адамга таризделет.
40. Ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүмүнө ревизия жана пландык текшерүү жүргүзүүдө буюмдук далилдерди эсепке алуу жана сактоо абалы милдеттүү түрдө текшерилет, анын жыйынтыгы маалым катта жана актыда белгиленет. Тиешелүү чечим кабыл алынган укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдердин абалы жана сакталышы өзгөчө белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Буюмдук далилдерди эсепке алуу жана сактоо шарты талаптагыдай камсыздалбагандан улам, алар жоголсо же болбосо бузулса, күнөөлүү адамдар тартиптик жоопкерчилик, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
42. Жооптуу адамдар тарабынан буюмдук далилдерди, баалуу буюмдарды жана башка мүлктү эсепке алуу жана сактоо шарты талаптагыдай камсыздалбагандан улам, алардын жоголушу же болбосо бузулушу жооптуу адамдарды тартиптик жана жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн негиз болуп эсептелет.
43. Буюмдук далилдерди кызматтык же башка максатта пайдаланууга тыюу салынат.
5. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча жооптуу сактоодо турган буюмдук далилдерди жок кылуу, кайра иштетүү жана сатуу тартиби
44. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча жооптуу сактоодо турган буюмдук далилдерди жок кылуу, кайра иштетүү үчүн төмөнкүлөр негиз болуп эсептелет:
- ыйгарым укуктуу органдын мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген токтому же болбосо соттун чечими;
- ыйгарым укуктуу органдын бузуулар жөнүндө иштин өндүрүшүн кыскартуу жөнүндө токтому;
- ээсинин макулдугу же болбосо бузуулар жөнүндө иш боюнча алынган буюмдук далилдердин өтө көлөмдүү болгон себебинен аларды сактоого мүмкүн болбогондуктан же сактоого мүмкүн болбогон башка себептерден улам аларды жок кылуу же сатуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын, соттун чечими.
45. Жооптуу сактоодо турган буюмдук далилдер ар бир квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин ыйгарым укуктуу органдын токтому же соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин жок кылынат.
46. Ок атуучу куралдар, ок-дарылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 591 токтому менен бекитилген Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын ыкчам башкаруусунда турган ок атуучу куралдардын жана кадимки ок-дарылардын запастарын башкаруу эрежелеринде каралган тартипте жок кылынат.
47. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча алынган буюмдук далилдерди жок кылуу жана кайра иштетүү ведомстволор аралык комиссия тарабынан ишке ашырылат. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- саламаттыкты сактоо органдарынын;
- экологиялык же техникалык коопсуздук органдарынын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын;
- сот органдарынын өкүлдөрү;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буюмдук далилдерди сактоого жооптуу адамы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Буюмдук далилдерди сактоого жооптуу адам жок кылуу, кайра иштетүү же сатуу боюнча комиссиянын кароосуна документтерди даярдайт.
49. Калктуу пункттардын аймагында иштеп жаткан от казандар, жылуулук электр борборлору, ошондой эле металлды ысык иштетүү цехтери бар ишканалар (мекемелер, уюмдар) ж.б. болсо, предметтерди жана объекттерди жок кылуунун же кайра иштеп чыгуунун кыйла оптималдуу жана экологиялык коопсуз ыкмаларын иштеп чыгуу жана пайдалануу үчүн ошол уюмдун жетекчилери жана айлана чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен жазуу жүзүндө макулдашып, жумушчу температурасы Цельсия шкаласы боюнча 500 (беш жүз) градустан кем болбогон мештери бар цехтерде буюмдук далилдер жок кылынат.
50. Күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттар айлана чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен жазуу жүзүндөгү макулдашуу боюнча уулуу жана күчтүү таасир этүүчү заттарды зыянсыздандыруу жана жок кылуу боюнча адистештирилген уюмдарга (мекемелерге) андан ары жок кылуу үчүн өткөрүлүп берилет.
51. Буюмдук далилдерди жок кылуунун, кайра иштетүүнүн же сатуунун алдында ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү жок кылынуучу буюмдук далилдердин иш жүзүндөгү маалыматын эсепке алуу документтериндеги маалыматтар менен кылдат салыштырып текшеришет. Алардын көз көрүнөө шайкешсиздигинде комиссия жок кылуу же кайра иштетүү маселесин кароону токтотууга жана кызматтык териштирүү (текшерүү) дайындоого укуктуу.
52. Жок кылынуучу, кайра иштетилүүчү же сатууну талап кылуучу буюмдук далилдердин иш жүзүндөгү жана эсепке алуу маалыматтарындагы айырмачылык фактылары боюнча кызматтык териштирүүнү (текшерүүнү) ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси уюштурат.
53. Буюмдук далилдерди жок кылуу, кайра иштетүү же сатуу фактыларын ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү ушул Нускаманын 4 жана 5-тиркемелерине ылайык форма боюнча актыда күбөлөндүрөт, акт төрт нускада түзүлөт:
- биринчи нуска - укук бузуулар жөнүндө ишке тиркелет;
- экинчи нуска - аткаруу өндүрүшүнө же буюмдук далилдерди берген ыйгарым укуктуу органдын катчылыгындагы (жалпы бөлүмүндөгү) ишке тиркелет;
- үчүнчү нуска - укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча алынган буюмдук далилдерди сактоого жооптуу адамга берилет;
- төртүнчү нуска - буюмдук далилдерди жок кылуу ишин контролдоочу тармактык органга жиберилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| "Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди алуу, эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө типтүү нускамага 1-тиркеме |
Форма
Кабыл алуу-өткөрүп берүү АКТЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
____________________________________ (түзүлгөн жери) |
| "_____" _________________ 20__-ж. |
Акт __________________________________________________________________________
(адамдын кызмат орду, атайын наамы (класстык чени), фамилиясы, инициалдары)
______________________________________________________________________________
(комиссия түзүлгөн учурда - комиссия мүчөлөрүнүн кызмат орду, фамилиясы
жана инициалдары)
өткөрүп берди, _________________________________________________________________
(кызмат орду, атайын наамы (класстык чени), фамилиясы, инициалдары)
______________________________________________________________________________
(комиссия түзүлгөн учурда - комиссия мүчөлөрүнүн кызмат орду, фамилиясы
жана инициалдары)
______________________________________________________________________________
(юридикалык жакка же жеке ишкерге сактоого өткөрүп берүүдө - юридикалык жактын
______________________________________________________________________________
аталышы, анын өкүлүнүн фамилиясы, инициалдары,
жеке ишкердин фамилиясы, инициалдары)
Кабыл алды ___________________________________________________________________
(кабыл алуу-өткөрүп берүүнүн максаты, өткөрүлүп берилүүчү буюмдук
далилдердин аталышы, алардын саны, салмагы, көлөмү,
таңгагы тууралуу маалыматтар,
башка маалыматтар, жазык ишинин номери)
Өткөрүп берди |
| Кабыл алды |
__________________________________ |
| __________________________________ |
(буюмдук далилдерди өткөрүп берген адамдын фамилиясы, инициалдары, колу) |
| (буюмдук далилдерди кабыл алган адамдын фамилиясы, инициалдары, колу) |
|
|
|
"___" __________________ 20__-ж. |
| "___" __________________ 20__-ж. |
|
| Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди алуу, эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө типтүү нускамага 2-тиркеме |
Форма
Сактоого кабыл алынган буюмдук далилдерди эсепке алуу КИТЕБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Сактоого кабыл алынган датасы | Сактоого берилген буюмдук далилдердин аталышы, таңгактын түрү жана андагы түшүндүрмө жазуулар (токтомдун номери) | Сактоого берген адамдын аты-жөнү, кызмат орду | Сактоого кабыл алган жооптуу адамдын колу | Негизи жана берилген датасы | Берилүүчү буюмдун бүтүндүгү жөнүндө белги | Буюмду алган адамдын аты-жөнү, кызмат орду | Буюмду алган адамдын колу | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү: зарыл болгон учурда, бузуучунун аты-жөнү, бузуунун түрү.
|
| Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди алуу, эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө типтүү нускамага 3-тиркеме |
Форма
Сактоо камерасына (атайын сактоочу жайга) буюмдук далилдерди кабыл алуу, сактоо камерасынан (атайын сактоочу жайдан) буюмдук далилдерди берүү жөнүндө квитанция (ТИЛ КАТ) № __________
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
____________________________________ (түзүлгөн жери) |
| "_____" _________________ 20__-ж. |
________________________________________________________________________
(буюмдук далилдерди сактоо камерасына (атайын сактоочу жайга) сактоого
________________________________________________________________________
өткөрүп берген, буюмдук далилдерди сактоо камерасынан
________________________________________________________________________
(атайын сактоочу жайдан) берген адамдын кызмат орду, атайын наамы
________________________________________________________________________
(класстык чени), аты-жөнү)
________________________________________________________________________
(буюмдук далилдерди сактоо камерасына (атайын сактоочу жайга)
________________________________________________________________________
сактоого кабыл алган, буюмдук далилдерди сактоо камерасынан
________________________________________________________________________
(атайын сактоочу жайдан) алган адамдын кызмат орду, атайын наамы
________________________________________________________________________
(класстык чени), аты-жөнү)
________________________________________________________________________
(буюмдук далилдерди сактоо камерасына берүү, сактоо камерасынан
________________________________________________________________________
(атайын сактоочу жайдан) алуу датасы)
________________________________________________________________________
(өткөрүлүп берилген (берилген) буюмдук далилдердин аталышы)
________________________________________________________________________
(зарыл болгон учурда буюмдук далилдердин саны, салмагы, көлөмү,
________________________________________________________________________
ошондой эле алардын таңгагы тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт)
________________________________________________________________________
(укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомдун номери)
________________________________________________________________________
(сактоого кабыл алынган же берилген буюмдук далилдерди эсепке алуу
________________________________________________________________________
китебинин номери, жазуунун катар номери)
Өткөрүп берди |
| Кабыл алды |
__________________________________ |
| __________________________________ |
(буюмдук далилдерди өткөрүп берген адамдын фамилиясы, инициалдары, колу) |
| (буюмдук далилдерди кабыл алган адамдын фамилиясы, инициалдары, колу) |
|
|
|
"___" __________________ 20__-ж. |
| "___" __________________ 20__-ж. |
|
| Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди алуу, эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө типтүү нускамага 4-тиркеме |
Форма
Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча алынган буюмдук далилдерди жок кылуу же кайра иштетүү жөнүндө АКТ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
_______________________________ (калктуу конуштун аталышы) |
| "_____" ___________ 20__-ж. |
Биз, төмөндө кол койгондор:
комиссиянын төрагасы:
________________________________________________________________________,
(кызмат орду, аты-жөнү)
комиссия мүчөлөрү:
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________,
(акты түзгөн адамдардын кызмат орду, аты-жөнү)
министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү:

актыда саналган буюмдук далилдер соттун чечиминин, ыйгарым укуктуу органдын
токтомунун негизинде жок кылынууга же кайра иштетилүүгө тийиш деп ушул актыны түздүк.
№ | Иштин № | Жок кылуу жөнүндө чечим кабыл алынган документтин аталышы (соттун аталышы) | Документтин номери жана датасы | Бузуучунун аты-жөнү | Аталышы | Өлчөмү (грамм, литр, даана) | Пакеттердин саны | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жок кылынууга же кайра иштетилүүгө тийиш болгон бардык буюмдар:
1. _______________________________________________________________________,
(буюмдук далилдин аталышы)
жалпы салмагы (көлөмү) ____________________________________________________,
(грамм, литр, жазуу менен)
2. ______________________________________________________________________,
(буюмдук далилдин аталышы)
жалпы салмагы (көлөмү) ___________________________________________________.
(грамм, литр, жазуу менен)
Жогоруда саналган буюмдук далилдер жок кылуунун же кайра иштетүүнүн алдында
соттун чечими, ыйгарым укуктуу органдын токтому менен салыштырылып текшерилди
жана "_____" барактагы актыда саналып көрсөтүлдү.
Буюмдук далилдер "_____" ___________ 20__-ж. _______________________________
__________________________________________________________________ дареги
боюнча _________________________________________________ от казанда өрттөө
жолу менен жок кылынды же кайра иштетилди.
Комиссия мүчөлөрүнүн колу:
1. ______________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү, датасы)
2. ______________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү, датасы)
3. ______________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү, датасы)
4. ______________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү, датасы)
5. ______________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү, датасы)
6. ______________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү, датасы)
|
| Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди алуу, эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө типтүү нускамага 5-тиркеме |
Форма
Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча алынган буюмдук далилдерди сатуу жөнүндө АКТ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
_______________________________ (калктуу конуштун аталышы) |
| "_____" ___________ 20__-ж. |
Биз, төмөндө кол койгондор:
комиссиянын төрагасы:
________________________________________________________________________,
(кызмат орду, аты-жөнү)
комиссия мүчөлөрү:
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
(акты түзгөн адамдардын кызмат орду, аты-жөнү)
министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү:
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________,
(акты түзгөн адамдардын кызмат орду, аты-жөнү)
актыда саналган буюмдук далилдер соттун чечиминин, ыйгарым укуктуу органдын
токтомунун негизинде сатылууга тийиш деп ушул актыны түздүк.
№ | Иштин № | Сатуу жөнүндө чечим кабыл алынган документтин аталышы (соттун аталышы) | Документтин номери жана датасы | Бузуучунун аты-жөнү | Аталышы | Өлчөмү (грамм, литр, даана) | Пакеттердин саны | Эскертүү |
Жок кылынууга же сатылууга тийиш болгон бардык буюмдар:
1. _______________________________________________________________________,
(буюмдук далилдин аталышы)
жалпы салмагы (көлөмү) ____________________________________________________,
(грамм, литр, жазуу менен)
2. ______________________________________________________________________,
(буюмдук далилдин аталышы)
жалпы салмагы (көлөмү) ___________________________________________________.
(грамм, литр, жазуу менен)
Жогоруда саналган буюмдук далилдер сатуунун алдында соттун чечими, ыйгарым
укуктуу органдын токтому менен салыштырылып текшерилди жана "____" барактагы
актыда саналып көрсөтүлдү.
Буюмдук далилдер "_____" ___________ 20__-ж. _______________________________
___________________________________________________________ дареги боюнча
______________________________________________________ жолу менен сатылды.