Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 23-августу № 147
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүү киргизилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна киргизилүүчү өзгөртүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- V “Маалымат берүү тармагында” бөлүмүндө:
13 жана 14-главалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
13. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Адамдын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө, адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугунун болушу же жоктугу жөнүндө маалымкаттарды берүү – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 6-главасынын 39-пункту |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ИИМ). ИИМдин ишине маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды, ошондой эле байланыш системаларын киргизүү жана колдонуу чөйрөсүндөгү ИИМдин ведомстволук бөлүмү. ИИМдин аймактык бөлүмдөрү |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы жөнүндө жобо; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын акыркы натыйжасы | Маалым кат: - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугунун болушу тууралуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугунун жоктугу тууралуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы тууралуу маалыматтардын болушу жөнүндө |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызматтарды көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулушу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын (мындан ары – ДМЧА) пандустар, кармагычтар менен жабдылган имаратка (имараттарга, жайларга) жана санитардык гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо; - кезек күтүү жана/же электрондук кезек принциби боюнча. Жайларда күтүү үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүн болбогон учурда – сырттагы ажатканалар), жылуулук, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылат. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн аларга өзү түшөт. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жайында кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу жана кызмат көрсөтүүнү алууга иш-аракеттер үчүн чектелген убакыт – 15 мүнөткө чейин; мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү – 7 күндөн ашпайт; кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүү үчүн чектелген убакыт – 30 минутка чейин |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтын тизмеги) жана стандартташтырууүчүн жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан: https://mvd.gov.kg; - адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке кайрылууда; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында; - адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы маалымат такталарында, брошюралардан, буклеттерден. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалыматтар төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты: https://mvd.gov.kg; - маалымат такталары, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы; - адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен чогуу адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында, сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин каалгаларына маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, сүйлөшүп жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдерди, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоого тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыкка ээ адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада берилет |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук суроо-талапты жөнөтө алат. Электрондук форматтагы суроо-талапты берүүгө карата талаптар Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында көрсөтүлгөн. Электрондук тапшырык мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына тапшырыкты жиберген учурда түзүлүүчү PDF (Portable Document Format) форматындагы электрондук документ болуп саналат. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу жиберилүүчү электрондук тапшырык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн квалификацияланган электрондук кол тамгасы менен ырасталууга тийиш. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү жеке кабинетинде электрондук тапшырыктын статусуна байкоо жүргүзө алат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы электрондук түрдө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн жеке кабинетине Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталындагы бар-код жана штрих-код менен жиберилет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү арызды жазуу жүзүндө да толтура алат. Арыздын формасы ИИМ тарабынан белгиленет. Эгерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн идентификациялык жеке номери жок болсо, толтурулган арызга анын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсүн тиркөө зарыл. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти көрсөтүүсү зарыл. Эгерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү кызмат көрсөтүүнү өз алдынча алуу үчүн органга кайрыла албаган учурда, башка жеке же юридикалык жак кызмат көрсөтүүнү алууга муктаж болуп жаткан жарандын нотариалдык ишеним каты жана паспортунун көчүрмөсү менен кайрыла алат. ИИМдин ишине маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды, ошондой эле байланыш системаларын киргизүү жана пайдалануу чөйрөсүндөгү ИИМдин ведомстволук бөлүмү менен келишим болгон шартта юридикалык жактар да мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр боло алышат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү – юридикалык жак төмөнкүлөрдү көрсөтүшү зарыл: - белгиленген формадагы арызды; - текшерилүүчү адамдардын тизмегин жана алардын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык алынган текшерүүгө карата жазуу жүзүндөгү макулдугун; - текшерилүүчү адамдардын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтеринин көчүрмөлөрүн. Типтүү келишимдин, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн – юридикалык жактын мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арызынын формалары ИИМ тарабынан бекитилет |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат: - кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартында берилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында көрсөтүлүшү; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка ишенимдери, билими, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүүлөр Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта жүргүзүлөт. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы – 5 |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талап жөнөтүлгөндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тарабынан жалган маалыматтар берилген же ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбеген учурда кызмат көрсөтүүдөн баш тартылышы мүмкүн |
17 | Даттануу тартиби | Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын, датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө үзгүлтүксүз кайра каралып турууга тийиш |
14. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Адамдын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө, адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугунун болушу же жоктугу жөнүндө маалымкаттарды берүү – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 6-главасынын 39-1-пункту |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ИИМ). ИИМдин ишине маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды, ошондой эле байланыш системаларын киргизүү жана колдонуу чөйрөсүндөгү ИИМдин ведомстволук бөлүмү. ИИМдин аймактык бөлүмдөрү |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 336 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы жөнүндө жобо |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын акыркы натыйжасы | Маалымкат: - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугунун болушу тууралуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугунун жоктугу тууралуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы тууралуу маалыматтардын болушу жөнүндө |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызматтарды көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулушу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын (мындан ары – ДМЧА) пандустар, кармагычтар менен жабдылган имаратка (имараттарга, жайларга) жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо; - кезек күтүү жана/же электрондук кезек принциби боюнча. Жайларда күтүү үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүн болбогон учурда – сырттагы ажатканалар), жылуулук, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылат. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн аларга өзү түшөт. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жайында кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу жана кызмат көрсөтүүнү алууга иш-аракеттер үчүн чектелген бакыт – 15 мүнөткө чейин; мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү – 3 жумуш күндөн ашпайт. Маалымкатты берүү кошумча текшерүүлөрдү талап кылган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн макулдугу менен 3 жумуш күнгө узартылышы мүмкүн; кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын чыгарууга чектелген убакыт – 30 мүнөткө чейин |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтын тизмеги) жана стандартташтыруу үчүн жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан: https://mvd.gov.kg; - адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке кайрылууда; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында; - адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы маалымат такталарында, брошюралардан, буклеттерден. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалыматтар төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты: https://mvd.gov.kg; - маалымат такталары, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы; - адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен чогуу адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында, сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин каалгаларына маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, сүйлөшүп жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдерди, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоого тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыкка ээ адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада берилет |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү автоматташтырылган маалыматтык системага туташтырылган электрондук капчык же төлөм терминалы аркылуу өзүнүн идентификациялык жеке номерин (ИЖН) киргизиши зарыл, анын натыйжасында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда арыз автоматтык түрдө түзүлөт. Ошондой эле мамлекетттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук суроо-талапты жөнөтө алат. электрондук форматтагы суроо-талапты берүүгө карата талаптар Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында көрсөтүлгөн. Электрондук тапшырык мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына тапшырыкты жиберген учурда түзүлүүчү PDF (Portable Document Format) форматындагы электрондук документ болуп саналат. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу жиберилүүчү электрондук тапшырык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн квалификацияланган электрондук кол тамгасы менен ырасталууга тийиш. Төлөм Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын онлайн-төлөм сервиси аркылуу төлөнөт, ал автоматтык түрдө электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасына жөнөтүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү жеке кабинетинде электрондук тапшырыктын статусуна байкоо жүргүзө алат. Ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү арызды жазуу жүзүндө да толтура алат. Арыздын формасы ИИМ тарабынан белгиленет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү кызмат көрсөтүү үчүн төлөм жүргүзүлгөндүгү тууралуу квитанцияны көрсөтүүсү зарыл. Эгерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн ИЖНи жок болсо, толтурулган арызга анын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсүн тиркөө зарыл. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти көрсөтүүсү зарыл. Эгерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү кызмат көрсөтүүнү өз алдынча алуу үчүн органга кайрыла албаган учурда, башка жеке же юридикалык жак кызмат көрсөтүүнү алууга муктаж болуп жаткан жарандын нотариалдык ишеним каты жана паспортунун көчүрмөсү менен кайрыла алат. ИИМдин ишине маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды, ошондой эле байланыш системаларын киргизүү жана пайдалануу чөйрөсүндөгү ИИМдин ведомстволук бөлүмү менен келишим болгон шартта юридикалык жактар да мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр боло алат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү – юридикалык жак төмөнкүлөрдү көрсөтүшү зарыл: - белгиленген формадагы арызды; - текшерилүүчү адамдардын тизмесин жана алардын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык алынган текшерүүгө карата жазуу жүзүндөгү макулдугун; - текшерилүүчү адамдардын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтеринин көчүрмөлөрүн. Типтүү келишимдин, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн – юридикалык жактын мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арызынын формалары ИИМ тарабынан бекитилет |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөө негизинде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарына жана расмий сайтына жайгаштырылат (https://mvd.gov.kg;) |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында берилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында көрсөтүлүшү; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка ишенимдери, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта жүргүзүлөт. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы – 5. Ошондой эле автоматташтырылган маалымат системасына туташтырылган электрондук капчыктар же төлөм терминалдары аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууга карата мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр тарабынан суроо-талапты берүү этабында кызмат жарым-жартылай электрондук форматта көрсөтүлөт, анын жыйынтыгында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда арыз автоматтык түрдө түзүлөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талап жөнөтүлгөндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тарабынан жалган маалыматтар берилген же ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбеген учурда кызмат көрсөтүүдөн баш тартылышы мүмкүн |
17 | Даттануу тартиби | Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын, датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө үзгүлтүксүз кайра каралып турууга тийиш |
”.