Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7 сентябрындагы №164 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттерин сатып алуунун артыкчылыктуу укугун ишке ашыруунун тартиби жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 690 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Жобо “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттерин сатып алуунун артыкчылыктуу укугун ишке ашыруунун тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) Стратегиялык объекттердин тизмеги - “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен Стратегиялык объекттердин тизмеги;
2) стратегиялык объект:
- Стратегиялык объекттердин тизмегине киргизилген кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, мүлктүк комплекстер, жер казынасы, кен-металлургия өндүрүшүнүн калдык сактоочу жайлары;
- менчигинде Стратегиялык объекттердин тизмегине киргизилген кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, мүлктүк комплекстер болгон юридикалык жактардын акциялары (катышуу үлүштөрү);
- Стратегиялык объекттердин тизмегине киргизилген юридикалык жактардын акциялары (катышуу үлүштөрү, пайлар);
3) стратегиялык объекттин менчик ээси:
- менчигинде стратегиялык объект болгон жеке, юридикалык жак, анын ичинде чет өлкөлүк адамдар;
- акциялары (катышуу үлүштөрү) стратегиялык объект болуп саналган юридикалык жактардын акционерлери (катышуучулары).
3. Ушул Жобонун колдонулушу төмөнкүлөргө карата да жайылтылат:
1) Кыргыз Республикасынын жер казынасы жөнүндө мыйзамдарына ылайык стратегиялык объекттер болуп саналган жер казыналарын, кен-металлургия өндүрүшүнүн калдык сактоочу жайларын пайдалануу укугуна ээ болгон жер казынасын пайдалануучуга;
2) Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык стратегиялык объекттин активдерин же стратегиялык объектини реструктуризациялоонун алкагында түзүлгөн юридикалык жактын үлүшүн администратор тарабынан кредиторлордун кызыкчылыгына ээликтен ажыратууну караган, стратегиялык объекттин банкроттук процессинин жол-жоболорун белгиленген тартипте ишке ашыруучу администраторго;
3) Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдарына ылайык стратегиялык объект болуп саналган күрөө предметин ачык торуктарда сатууну жүзөгө ашырган күрөө кармоочуга же ал тарабынан күрөө башкаруучу катары дайындалган жакка.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүдөй учурларда стратегиялык объекттерди сатып алуунун артыкчылыктуу укугуна ээ болот:
- стратегиялык объект болуп саналган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү, мүлктүк комплекстерди сатуу же башкача түрдө ээликтен ажыратуу;
- чарбалык шериктештиктин жана коомдун катышуучулары же чарбалык шериктештиктин жана коомдун өзү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган үлүштү сатып алуунун артыкчылыктуу укугун пайдаланбаган учурда, стратегиялык объект болуп саналган же менчигинде стратегиялык объект болгон чарбалык шериктештиктин жана коомдун үлүшүн ээликтен ажыратуу;
- жабык акционердик коомдун акционерлери жана жабык акционердик коомдун өзү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган акцияларды сатып алуунун артыкчылыктуу укугун пайдаланбаган учурда, стратегиялык объект болуп саналган же менчигинде стратегиялык объект болгон акционердик коомдун акцияларын ээликтен ажыратуу;
- акционердик коомдун акционерлери Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган акцияларды сатып алуунун артыкчылыктуу укугун пайдаланбаган учурда, стратегиялык объект болуп саналган же менчигинде стратегиялык объект болгон акционердик коомдун кошумча чыгарылуучу акцияларын жайгаштыруу (ээликтен ажыратуу);
- банкроттук процесстин алкагында банкрот деп таанылган (жарыяланган) стратегиялык объектти же банкрот деп таанылган (жарыяланган) стратегиялык объектти реструктуризациялоонун алкагында түзүлгөн юридикалык жактын үлүшүн тооруктарда (аукцион же конкурс) сатуу. Банкроттук процесстин алкагында тооруктарда стратегиялык объектти сатууда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бардык кийинки тооруктарда өзүнүн сатып алуунун артыкчылыктуу укугун сактап калат, анын алкагында стратегиялык объект Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык конкурстук шарттарды өзгөртүү же баштапкы баасын төмөндөтүү менен коюлушу мүмкүн;
- күрөө кармоочу же ал күрөө башкаруучу катары дайындаган жак тарабынан стратегиялык объект болуп саналган күрөө предметин ачык торуктарда сатуу;
- чарбалык шериктештиктин жана коомдун катышуучулары же чарбалык шериктештиктин жана коомдун өзү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган үлүштү сатып алуунун артыкчылыктуу укугун пайдаланбаган учурда, стратегиялык объекттер болуп саналган жер казыналарын, кен-металлургия өндүрүшүнүн калдык сактоочу жайларын пайдалануу укугуна ээ болгон чарбалык шериктештиктин жана коомдун үлүшүн ээликтен ажыратуу;
- жабык акционердик коомдун акционерлери же жабык акционердик коомдун өзү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган акцияларды сатып алуунун артыкчылыктуу укугун пайдаланбаган учурда, стратегиялык объекттер болуп саналган жер казыналарын, кен-металлургия өндүрүшүнүн калдык сактоочу жайларын пайдалануу укугуна ээ болгон акционердик коомдун акцияларын ээликтен ажыратуу.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине кабарлабастан, ушул Жобонун талаптарын бузуу менен түзүлгөн стратегиялык объектти ээликтен ажыратуу боюнча бүтүмдөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин талабы боюнча соттук тартипте бузулушу мүмкүн.
6. Ушул Жобонун 4-пунктунда каралган учурларда стратегиялык объекттин менчик ээси ушул Жобонун 8-пунктуна ылайык түзүлүүчү Ведомстволор аралык комиссиянын катчылыгына тапшыруу жөнүндө кабарлоо аркылуу заказдык кат менен кайрылуусун жөнөтөт.
7. Кайрылууда стратегиялык объекттин баасы жана сатуунун башка маанилүү шарттары көрсөтүлүүгө, ал эми Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында бүтүмдү жасоо үчүн мүлктүн рыноктук наркын баалоо жүргүзүү жөнүндө талап белгиленген учурда – көз карандысыз баалоочу тарабынан түзүлгөн стратегиялык объекттин рыноктук наркы жөнүндө отчет көрсөтүлүүгө тийиш.
Стратегиялык объекттин формасына жараша кайрылууда кошумча төмөнкү негизги маалыматтар көрсөтүлөт:
1) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин, мүлктүк комплекстерди сатуу жөнүндө кайрылууда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
- стратегиялык объекттин аталышы, жайгашкан жери жана анын мүнөздөмөсү;
- кыймылсыз мүлк объекттеринин жана мүлктүк комплекстин жер участокторунун курамы, жалпы аянты жөнүндө маалымат;
- объектти пайдаланууга жана тескөөгө карата чектөөлөрдүн (күрөө, сот, тергөө органдары, соттук аткаруучулар жана нотариустар салган сервитут, камак, тыюу салуу) бар же жок экендиги тууралуу маалымат.
Кайрылууга имаратка, курулмага жана жер участогуна техникалык документтердин көчүрмөлөрү (техникалык паспорт, жер участогуна карата укукту күбөлөндүрүүчү документ), объектке укукту белгилөөчү документтердин көчүрмөлөрү тиркелет;
2) мүлктүк комплекстер үчүн: мүлктүк комплекстин кырдаалдык планы (обзордук схемасы) имараттардын (курулуштардын) жана курулмалардын жайгашкан планы, имаратка, курулмага жана жер участогуна техникалык документтердин көчүрмөлөрү (техникалык паспорт, жер участогуна карата укукту күбөлөндүрүүчү документ), укукту белгилөөчү документтердин көчүрмөлөрү;
3) акционердик коомдун акцияларын сатуу (жайгаштыруу) жөнүндө кайрылууда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
- акционердик коомдун аталышы жана юридикалык дареги;
- сатылуучу акциялардын саны, алардын категориялары жана тиби, номиналдык наркы жана бир акциянын сатуу баасы;
- акциялардын чыгарылган датасы жана мамлекеттик каттоо номери.
Кайрылууга төмөнкүлөр тиркелет:
- акционерлердин реестринен көчүрмө;
- акционердик коомдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн акыркы 3 жылга бухгалтердик баланстын, кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчеттун, аудитордук корутундунун көчүрмөлөрү;
- акционердик коомдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн юридикалык жактын уставынын жана мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөлөрү;
- эркин формада даярдалган акционердик коом тарабынан жүргүзүлүүчү иштин негизги түрү жөнүндө маалымкат (резюме);
4) чарбалык коомдун уставдык капиталындагы үлүшүн сатуу жөнүндө кайрылууда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
- чарбалык коомдун аталышы жана юридикалык дареги;
- катышуучунун үлүшүнүн өлчөмү;
- эркин формада даярдалган чарбалык коом тарабынан жүргүзүлүүчү иштин негизги түрү жөнүндө маалымкат (резюме).
Кайрылууга төмөнкүлөр тиркелет:
- чарбалык коомдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн юридикалык жактын уюштуруу келишиминин, уставынын, мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөлөрү;
- чарбалык коомдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн акыркы 3 жылга бухгалтердик баланстын, кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчеттун, аудитордук корутундунун көчүрмөлөрү.
8. Стратегиялык объекттердин менчик ээлеринин кайрылуулары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан стратегиялык объекттерди сатып алуунун артыкчылыктуу укугун ишке ашыруу маселелери боюнча туруктуу иштеген ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан каралат.
Комиссиянын катчылыгы болуп мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат.
Комиссиянын төрагасы болуп мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү саналат. Комиссиянын курамы мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталат.
Комиссиянын курамына милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдүн жетекчисинин орун басарынан төмөн эмес деңгээлдеги өкүлдөр кирет:
- мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
- экономикалык өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
- мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
- энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
- жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
- коргоо иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
- улуттук коопсуздук маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңишинин катчылыгынын (макулдашуу боюнча).
Зарыл болгон учурда Комиссиянын ишине тармактык министрликтердин жана ведомстволордун, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү тартылышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 690 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Комиссиянын ишин жүргүзүү формасы жыйындарды өткөрүү болуп саналат. Жыйынды өткөрүү мыйзамдуу болушу үчүн кворум Комиссиянын курамынын үчтөн экисинен кем эмесин түзөт. Комиссия жыйынга катышкан мүчөлөрдүн үчтөн экисинен кем эмес добушу менен чечим кабыл алат. Добуштар тең болгон учурда, Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
Комиссиянын чечими протокол түрүндө таризделет, ага жыйынга катышкан Комиссия мүчөлөрү кол коюшат.
10. Комиссия белгиленген тартипте стратегиялык объекттин менчик ээсинен, мамлекеттик каттоочу, контролдоочу жана көзөмөлдөөчү органдардан стратегиялык объектти сатып алуунун максатка ылайыктуулугун изилдөө үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди суроого жана алууга укуктуу.
Комиссия стратегиялык объекттин менчик ээси тарабынан берилген стратегиялык объектти баалоо жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын баалоо иши жаатындагы ченемдик укуктук актыларына ылайык рецензиялоого же экспертизага жиберүүгө укуктуу. Стратегиялык объектти баалоо жөнүндө отчет рецензиялоого же экспертизага жиберилген учурда тиешелүү чыгымдардын орду тараптардын макулдашуусу боюнча стратегиялык объекттин менчик ээсинин каражатынын эсебинен толтурулушу мүмкүн.
Стратегиялык объектти карап чыгуу зарыл болгон учурда стратегиялык объекттин менчик ээси Комиссиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн стратегиялык объектке кирүүсүн камсыз кылат.
Комиссиянын мүчөлөрү жана анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү өзүнүн иш процессинде Кыргыз Республикасынын коммерциялык сыр жана купуя маалыматты коргоо жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын сактоого милдеттүү.
11. Комиссиянын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин стратегиялык объекти сатып алуусунун максатка ылайыктуулугун изилдөө;
- стратегиялык объектти сатып алууга финансы каражаттарын табуу мүмкүнчүлүгүн изилдөө.
12. Комиссия стратегиялык объекттин менчик ээсинен бардык зарыл болгон документтер менен сатуу ниети жөнүндө кайрылууну алган күндөн тарып 60 календардык күндүн ичинде ушул Жободо аныкталган милдеттерге ылайык корутунду чыгарат.
Комиссиянын катчылыгы Комиссиянын жыйынынын протоколуна кол коюлган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде стратегиялык объекттин менчик ээсине Комиссия чыгарган корутунду жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
Комиссиянын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан стратегиялык объектти сатып алуунун артыкчылыктуу укугун ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө корутундусунун негизинде мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган стратегиялык объектти сатып алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү буйругунун долбоорун демилгелейт.
Эгерде стратегиялык объектти сатып алуу үчүн республикалык бюджеттин көрсөткүчтөрүн өзгөртүү зарылдыгы келип чыккан учурда, мындай сатып алуу тууралуу чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык республикалык бюджетке белгиленген тартипте өзгөртүү киргизилгенге чейин кабыл алынат.
Эгерде Комиссия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан стратегиялык объектти сатып алуунун артыкчылыктуу укугун ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө корутунду чыгарса, бирок республикалык бюджеттен каражат бөлүү мүмкүнчүлүгү жок болсо, Комиссия мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга стратегиялык объектти сатып алуу үчүн керектүү каражатка ээ, акцияларынын (үлүштүн) контролдук мамлекеттик пакети бар акционердик (чарбалык) коомдун стратегиялык объектти сатып алуусу жөнүндө маселени белгиленген тартипте демилгелөөсүн сунуштоого укуктуу.
13. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети стратегиялык объекти сатып алуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же акцияларынын (үлүштүн) контролдук мамлекеттик пакети бар акционердик (чарбалык) коом стратегиялык объекттин менчик ээси менен Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте сатып алуу-сатуу келишимин түзөт.
Сатып алынуучу стратегиялык объектти кабыл алуу-өткөрүп берүү шарттары жана акы төлөө мөөнөтү, тартиби тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.
Стратегиялык объект болуп саналган же менчигинде стратегиялык объект болгон акционердик коом тарабынан кошумча чыгарылуучу акцияларды жайгаштырууда, акцияларды сатып алуу үчүн акы төлөө мөөнөтү, тартиби акцияларды чыгаруу жөнүндө акционерлердин жалпы чогулушунда кабыл алынган чечимге ылайык аныкталат.
Тараптардын макулдашуусу боюнча стратегиялык объект кайра бааланышы мүмкүн.
Стратегиялык объекттин менчик ээси сатып алуу-сатуу келишими түзүлгөнгө чейин каалаган убагында стратегиялык объектти ээликтен ажыратуудан, ал эми Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети – аны сатып алуудан баш тартууга укуктуу.
14. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети стратегиялык объектти сатып алуудан баш тарткан учурда же эгерде Комиссия өзүнүн корутундусун ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде чыгарбаса, стратегиялык объекттин менчик ээси стратегиялык объектти каалаган үчүнчү жакка ээликтен ажырата алат. Стратегиялык объектти ээликтен ажыратуу боюнча бүтүм аяктагандан кийин 10 календардык күндүн ичинде стратегиялык объекттин менчик ээси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине мындай бүтүмдүн баасын жана тараптарын көрсөтүү менен кабарлама жөнөтөт.