Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 26-апрели № 172
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий-практикалык "Окуу китеби" борборун түзүү менен байланышкан уюштуруу маселелерин чечүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2 (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 7-майындагы № 42 (3251) жарыяланды
Премьер-министр | К.А. Боронов |
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
".
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
|
Билим берүү уюмдарынын айрым категориядагы кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
№ | Билим берүү уюмдарынын, кызмат орундарынын аталышы | Бир айга кызматтык маяна, сом |
1. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары | ||
1 | Дефектолог, логопед, сурдопедагог | 9750 |
2 | Психолог, психиатр, сурдолог, музыкалык кызматкер, методист | 7800 |
3 | Бухгалтер | 7410 |
4 | Лаборант, ашпозчу, медициналык айым | 7020 |
5 | Тарбиячынын жардамчысы, санитарка-няня | 6300 |
2. Жалпы билим берүү уюмдары (мектептер жана бардык типтеги жана аталыштагы интернат мектептер, балдар үйлөрү) | ||
6 | Башкы бухгалтер, мектептеги окуучулардын контингенти |
|
| 1) 100гө чейин | 6864 |
| 2) 100дөн 880ге чейин | 7800 |
| 3) 880ден 1360ка чейин | 8112 |
| 4) 1360тан ашык | 8424 |
7 | Мектептин, интернат мектептин жана балдар үйүнүн бухгалтери | 7020 |
8 | Мектептин, интернат мектептин жана балдар үйүнүн бухгалтер-кассири | 6708 |
9 | Интернат мектептин жана балдар үйүнүн башкы бухгалтери, тарбиялануучулардын контингенти: |
|
| 1) 100гө чейин | 7800 |
| 2) 100дөн 200гө чейин | 8112 |
| 3) 200дөн ашык | 8424 |
10 | Дефектолог, логопед, сурдопедагог | 9750 |
11 | Социалдык педагог, психолог, врач | 8580 |
12 | Музыкалык жетекчи, китепканачы, библиограф, психиатр, сурдолог, стоматолог врач, дарылоочу дене тарбия боюнча инструктор, шеф-ашпозчу | 7800 |
13 | Ийримдин жетекчиси, класстан тышкаркы дене тарбия боюнча жетекчи | 7375 |
14 | Лаборант, медайым, ашпозчу | 7020 |
15 | Тарбиячынын жардамчысы | 6300 |
3. Мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары | ||
16 | Башкы бухгалтер, окуучулардын контингенти: |
|
| 1) 280ге чейин | 6864 |
| 1) 280ден 640ка чейин | 7488 |
| 3) 640тан 1000ге чейин | 7956 |
| 4) 1000ден ашык | 8424 |
17 | Бөлүм башчы, окуу бөлүгүнүн башчысы | 8424 |
18 | Методист, педагог-уюштуруучу, сүрөтчү, жасалгалоочу сүрөтчү, уюштуруучу | 7800 |
19 | Бухгалтер | 7410 |
20 | Ансамблдин көркөм жетекчиси, хормейстер, балетмейстер, дирижер. концертмейстер, китепкананы, врач | 7800 |
4. Кесиптик орто билим берүү уюмдары | ||
21 | Бөлүмдүн, китепкананын башчысы, дене тарбиянын, өндүрүштүк практиканын жетекчиси, аскердик жетекчи, лаборатория башчысы | 7020 |
22 | Врач | 7150 |
23 | Башкы бухгалтер, студенттердин контингенти: |
|
| 1) 280ге чейин | 6240 |
| 2)280ден 640ка чейин | 6500 |
| 3) 640тан 1000ге чейин | 6760 |
| 4) 1000ден ашык | 7020 |
24 | Улук лаборант, инженер, программист, адис, инспектор | 6500 |
25 | Бухгалтер, экономист, юрист | 6175 |
26 | Бухгалтер-кассир, тарбиячы | 5980 |
27 | Лаборант | 5850 |
28 | Окуу устаты, китепканачы, комендант | 5590 |
29 | Архивариус, иш кагаздарын жүргүзүүчү | 5200 |
5. Жогорку кесиптик билим берүү уюмдары | ||
30 | Башкы бухгалтер, студенттердин контингенти: |
|
| 1) 280ге чейин | 5400 |
| 2) 280ден 640ка чейин | 5600 |
| 3) 640тан 1000ге чейин | 5800 |
| 4) 1000ден ашык | 6000 |
31 | Врач | 5500 |
32 | Окуу, пландоо-финансылык, редакциялык-басма, маалыматтык бөлүмдөрдүн начальниктери, башкы инженер, башкы бухгалтердин орун басары, студенттердин контингенти: |
|
| 1) 280ге чейин | 4900 |
| 2) 280ден 640ка чейин | 5100 |
| 3) 640тан 1000ге чейин | 5300 |
| 4) 1000ден ашык | 5500 |
33 | Окумуштуу катчы, докторантуранын жана аспирантуранын башчысы, лабораториянын жана башка бөлүмдөрдүн башчысы, сектор башчы, китепкананын директору, музейдин директору, өндүрүштүк практиканын жетекчиси, башкы адис, башкы илимий кызматкер | 5200 |
34 | Жетектөөчү адис, жетектөөчү илимий кызматкер, жетектөөчү концертмейстер, юрист, улук экономист, бухгалтер, инженер-программист, улук лаборант, башкы китепканачы, башкы библиограф | 5000 |
35 | Улук адис, методист, бухгалтер-кассир, улук инспектор, улук китепканачы, концертмейстер, экономист, реставратор, улук илимий кызматкер, улук китепканачы | 4700 |
36 | Ректордун жардамчысы, китепканачы, окуу устаты, комендант, адис, лаборант, сүрөтчү, тарбиячы, улук архивариус, жогорку билимдүү иллюстратор, жогорку билимдүү инженер | 4500 |
37 | Инспектор, статист-аналитик, диспетчер, архивариус, иш кагаздарын жүргүзүүчү, секретарь-референт, кесиптик орто билимдүү иллюстратор | 4000 |
6. Кыргыз билим берүү академиясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий-практикалык "Окуу китеби" борбору, Санжарбек Бакирович Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институту жана анын Түштүк филиалы | ||
38 | Борбордун директору | 14040 |
39 | Окумуштуу секретарь, башкы инженер. лаборатория башчысы | 13338 |
40 | Башкы бухгалтер | 12636 |
41 | Бөлүмдүн, китепкананын, канцеляриянын башчысы, башкы бухгалтердин орун басары, башкы адис, башкы илимий кызматкер | 11700 |
42 | Бухгалтер, экономист, юрист, жетектөөчү адис, жетектөөчү китепканачы, методист, редактор, инженер-программист, жетектөөчү илимий кызматкер, улук лаборант | 11115 |
43 | Улук инспектор, инженер, бухгалтер-кассир, улук илимий кызматкер | 10764 |
44 | Комендант, илимий кызматкер, лаборант | 10530 |
7. Облустук билим берүү институттары, билим берүүнүн облустук окуу-методикалык борборлору, мугалимдердин билимин өркүндөтүү облустук институттары | ||
45 | Башкы бухгалтер | 6760 |
46 | Бөлүмдүн, кабинеттин башчысы, башкы адис | 6370 |
47 | Жетектөөчү адис, методист, бухгалтер, китепкана башчысы | 6175 |
48 | Комендант, адис, китепканачы | 5590 |
8. Психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация | ||
49 | Башчы | 7150 |
50 | Психолог, олигофренопедагог, сурдопедагог, логопед, психиатр, невропатолог, офтальмолог | 6500 |
51 | Лаборант | 5850 |
Эскертүү:
1. Республикалык "Алтын түйүн" балдардын инженердик-техникалык академиясынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына 1,8 коэффициенти колдонулат.
2. Окуучулардын саны 226га чейин болгон жалпы билим берүү уюмдарында китепкана иши үчүн айына 3000 сом өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.
3. Кесиптик орто билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине кабинетке башчылык кылуу, класс жетекчилик, циклдик комиссияга жетекчилик үчүн жана окуу жылында 720 саат окуу жүктөмү менен дептер текшерүүгө айына 65 сом өлчөмүндө кошумча акы төлөнөт.
Эгерде окутуучунун окуу жылындагы окуу жүктөмү ушул пункттун биринчи абзацында белгиленгенден көбүрөөк же азыраак болсо, анда дептер текшерүү үчүн кошумча төлөм тийиштүү түрдө көбөйөт же азаят.
Кесиптик орто билим берүү уюмдарында аскердик жетекчилердин кызматтык маяналарына жылына 480 саат педагогикалык иш үчүн акы төлөө киргизилет. Бул педагогикалык ишке окуучуларга баштапкы аскердик даярдык боюнча сабактарды (анын ичинде факультативдик сабактарды) жана тактикалык сабактарды окутуу кирет.
Мындан тышкары, кесиптик орто билим берүү уюмдарында аскердик жетекчинин милдетине баштапкы аскердик даярдык боюнча класстан тышкаркы сабактарды өтүү, студенттер менен уюштуруучу жана аскердик-патриоттук иш, ошондой эле аскер ишинин негиздерин үйрөнүү боюнча ийримдерди жетектөөчү милдеттерди аткаруу жана аскердик кабинетти жетектөө кирет (кошумча төлөмдөрсүз).
Эгерде кесиптик орто билим берүү уюмдарында жогоруда аталган ченемде жүктөм камсыз кылынбаса, ага толук кызматтык маяна төлөнөт.
Кесиптик орто билим берүү уюмдарында аскердик жетекчилер тарабынан жылына 480 сааттан ашык аткарылган окуу (педагогикалык) ишине окутуучулар үчүн белгиленген ставка жана тартип боюнча кошумча акы төлөнөт. Мында кошумча акы төлөнүүгө тийиш болгон окуу (педагогикалык) ишинин көлөмү жылына 480 сааттан