Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 36-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишкана (мындан ары - Ишкана) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын (мындан ары - Кызмат) карамагында турат, мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштеген өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
2 . Ишкана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
4. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав саналат. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
5. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кызмат саналат, ал тейлеген тармактык маселелер боюнча Ишкананын ишин жалпы жетектейт, координациялайт жана стратегиялык пландайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ишкананын толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишкана";
- расмий тилде: "Государственное предприятие по землеустройству "Кыргызгипрозем" при Службе земельных ресурсов при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргызмамжердолбоорлоо" МИ";
- расмий тилде: "ГП "Кыргызгипрозем".
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
8. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
9. Ишкананын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, стандарттык бланктары жана башка атрибуттары бар.
10. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти өзүнө алган учурлардан тышкары, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
11. Ишкананын бөлүмдөрү өзү бекиткен жоболордун негизинде иштешет.
Ишкананын бөлүмдөрү Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
12. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 44.
2. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
13. Ишкананын ишинин максаты Кыргыз Республикасынын аймагында жерге жайгаштыруучу долбоорлоо-изилдөө жана жер-кадастрдык жумуштардын комплексин чарбалык субъекттердин менчигинин түрүнө карабастан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактар менен келишим боюнча аткаруу болуп эсептелет.
14. Ишкананын милдети болуп жерге жайгаштыруу, картографиялык, топуракты, агрохимиялык, геоботаникалык жана башка изилдөө иштерин жүргүзүү, топуракка жана өсүмдүк үлгүлөрүнө анализ жүргүзүү болуп саналат.
15. Ишкананын функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- жерге жайгаштыруу, топографиялык жана кадастрдык жумуштарды аткаруу;
- аймактын шаар куруу, экологиялык жана экономикалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жер ресурстарын пайдалануунун жана коргоонун республикалык, региондук программаларын жана болжолдорун иштеп чыгууга катышуу;
- чек аралардагы туташпаган, кирип кеткен бөтөн тилкелерди жоюу менен менчик ээлеринин жана пайдалануучулардын (анын ичинде ижарачылардын) жер участокторунун чек араларынын жаңы долбоорлорун түзүү жана мурдагыларын тартипке келтирүү, сервитуттарды белгилөө, жер участокторунун иш жүзүндөгү чектерин (жеринде) аныктоо, жерге жайгаштыруу иштеринин долбоорлорун даярдоо;
- менчик ээлеринин жана жер пайдалануучулардын жерлерин пайдалануу, коргоо боюнча долбоорлорду жаратылыштык ландшафтты жакшыртууну эске алуу менен иштеп чыгуу;
- топуракты суу, шамал эрозияларынан, селден, жер көчкүдөн, суу каптоодон, сазга айлануудан, кургап кетүүдөн, тыгыздалуудан, шор басуудан, өндүрүштүк калдыктар менен, химиялык жана радиоактивдүү заттар менен булгануудан коргоо жана бузулган жерлерди рекультивациялоо боюнча жумушчу долбоорлорду иштеп чыгуу;
- күрдүүлүгү төмөн айыл чарба жерлерин айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн өздөштүрүүгө долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу жана долбоордук-сметалык документтер боюнча аткарылуучу жумуштардын сапатына автордук көзөмөл жүргүзүү;
- пландык-картографиялык материалдарды, жерге жайгаштыруу, мелиорациялык курулуш долбоорлорун, кыртыштык, кыртыштык-мелиорациялык, геоботаникалык изилдөөлөрдүн, шордуулукту изилдөөнүн материалдарын, жер кадастрынын, жерди инвентаризациялоонун маалыматтарын изилдөөнүн негизинде жерлерди жерлердин башка түрлөрүнө которуу (трансформациялоо) талап кылынган айыл чарба жерлеринин, жерлердин категорияларын, түрлөрүн жана алардын кыртыштык-мелиорациялык абалын аныктоо жана которуунун (трансформациялоонун) негиздүүлүгү жөнүндө корутунду берүү;
- кыртыштын бонитетинин баллы, чабындылардын, жайыттардын кургак желүүчү массасынын түшүмдүүлүгү боюнча сапаттык абалын изилдөөнүн жыйынтыгынын негизинде жер участогунун күрдүүлүгүнүн төмөн экендиги жөнүндө корутунду даярдоо;
- айыл чарба жерлерин өздөштүрүү боюнча долбоорлонгон иштердин аткарылышы жөнүндө корутунду даярдоо;
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынан тышкары, жаратылышы өзгөчө корголуучу жана башка укуктук режимдеги аймактардын чек араларын чектөөнү жана аныктоону негиздөө;
- жерлердин, шаардын, айылдык калктуу конуштардын жана поселоктордун чек араларын бекитүүгө катышуу;
- административдик аймактардын же анын бир бөлүгүнүн чегинде бардык категориядагы жерлерге инвентаризация жүргүзүү;
- айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун, салык салуунун өлчөмдөрүн аныктоо, жер рыногун уюштуруу жана өнүктүрүү максатында жерди баалоо жумуштарын жүргүзүү;
- мамлекеттик жер фондуна мониторинг жүргүзүү;
- жер ресурстарын пайдалануунун абалы боюнча кадастрдык, тематикалык карталарды жана атластарды түзүү;
- мамлекеттик, административдик-аймактык чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумуштарга катышуу;
- жерге жайгаштыруу жана жер кадастрын жүргүзүү үчүн өндүрүштүк иштерде геомаалыматтык системаларды пайдалануу;
- лицензиялык аянттын курамына кирген айыл аймактарынын так чек арасы жана аянты жөнүндө маалымат берүү;
- картографиялык материалдарды системага салуу жана сактоо;
- максаттарга жетүү жана өз милдеттерин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган иштин башка түрлөрүн аткаруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Ишкана аткарылган иштердин сапаты үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
17. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- башка юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген тартипте эсептешүүлөрдү, анын ичинде накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга, материалдык жана материалдык эмес активдерге ээ болууга жана милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
- уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар менен Ишкананын милдеттерине жана функцияларына ылайык келишимдерди түзүүгө;
- Кызматка Ишкананын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- Кызматтын кароосуна өзүнүн компетенциясынын чегинде мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- белгиленген тартипте Ишкананын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерине сыйлыктарды берүү жана сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- консультация берүү, окутуу үчүн жана башка максаттарда Ишкананын кызматкерлерин келишимдик негизде тартууга;
- Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте Ишканада жумуштарды аткарууга жеке жактарды эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде тартууга;
- Кызмат менен макулдашуу боюнча Ишкананын кызматкерлерин чет өлкөгө командировкаларга, анын ичинен эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте Кызмат менен макулдашуу боюнча эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө жана кызматташууга;
- Кызмат менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте банктык кредиттерди жана гранттарды пайдаланууга;
- Ишканага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн инвестицияларды жана алдыңкы технологияларды тартуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- компетенциясынын чегинде басма жана башка иштерди жүргүзүүгө;
- белгиленген тартипте акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жерге жайгаштыруу, кадастрдык, топографиялык ж.б. жумуштарды аткаруу боюнча конкурстарга катышууга;
- кеңешүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөө топторун түзүүгө;
- өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансы жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык өзүнө чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарды жана башка материалдык баалуулуктарды юридикалык жана жеке жактарга келишимдик негизде ижарага берүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Ишкана өз максатына жетүү жана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкана жумуштарын аткарып жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерди так аткарууга;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери аткарган иштерди Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
- Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек, жарандык, жазык мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бузуулар, жоруктар жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
- ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын финансы-чарбалык жана өндүрүштүк ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетторду өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдө салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
- өндүрүштүк иштен жана Ишкананын чарбалык карамагында турган мамлекеттик мүлктү пайдалануудан киреше алууга жана аны натыйжалуу башкарууга;
- Ишкананын директору тарабынан бекитилген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды, анын ичинде Ишканада иштөөнү токтотуудан кийин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган, жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына таасирин тийгизген маалыматтарды сыр сактоого милдеттүү.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясы
20. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананын Уставын иштеп чыгуу, Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо же Уставды жаңы редакцияда бекитүү;
- Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча уюштуруучуга сунуштарды киргизүү;
- Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
- Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун бекитүү;
- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планынын ишке ашырылышына талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
- Ишкананын директору кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн Ишкананын директору кызмат ордуна талапкерлерди мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизүү;
- фонддордун, ассоциациялардын (союздардын), коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына ылайык мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
21. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
- Ишканага тейлеген иш чөйрөсүндөгү тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттук документтерди, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга;
- аткаруу органынын отчетторун угууга;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу, ага тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын көрүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
Мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын ишин тейлеген чөйрөлөрдөгү тармактык саясатты башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына ылайык башка укуктарга да ээ.
22. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
- Ишкананын ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
- Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулгандыгы боюнча ага белгилүү болгон фактылар жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
- Ишкананын коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча белгиленген тартипте Ишкананын иши жөнүндө маалыматты берүүгө.
Мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын ишин тейлеген чөйрөлөрдөгү тармактык саясатты башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын Уставында каралган башка милдеттерди да аткарат.
5. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
23. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту, республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишине талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишин баалоо;
7) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарларына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкананын жетекчисин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
9) Ишкананын жетекчисинин сунушу боюнча Ишкананын жетекчисинин орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу;
10) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарларына карата иш берүүчүнүн укуктарын камсыздоо жана милдеттерин аткаруу;
11) Ишкананын жетекчиси менен эмгек келишиминин типтүү формасын бекитүү;
12) Ишкананын жетекчиси жана анын орун басары менен эмгек келишимин түзүү;
13) канааттандырарлык эмес иши үчүн мамлекеттик ишканалардын жетекчилери катары ыйгарым укуктары токтотулган адамдардын реестрин жүргүзүү;
14) Ишканага таандык мүлктүн багыты боюнча пайдаланылышын жана анын сакталышын контролдоо;
15) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген жана ушул Уставга ылайык башка маселелерди чечүү.
24. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттун документтерин, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
2) Ишкананын жетекчисинин ишин баалоонун жана ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ишкананын жетекчисин кызмат ордунан бошотуу, ага карата сыйлоо же тартиптик жаза чараларын көрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
3) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Ишкананын жетекчисинин орун басарын кызмат ордунан бошотууга, ага карата сыйлоо же тартиптик жаза чараларын көрүүгө;
4) Ишканага тышкы аудит жүргүзүүнү демилгелөөгө;
5) Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечимди кабыл алууга;
6) Ишканага таандык мүлктүн натыйжалуу пайдаланылышын, багыты боюнча пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо максатында жооптуу кызматкерлерге текшерүү жүргүзүүгө жана Ишкананын аймагына барууга ыйгарым укук берүүгө.
25. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин Ишкананын жетекчисинен аталган документтер келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде макулдашат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишкананын түзүмүнүн жана штаттык расписаниесинин сунушталган долбоору менен макул болбогон учурда, аталган документтер келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде Ишкананын жетекчисине жазуу жүзүндөгү жүйөлүү баш тартууну ж.б. жиберет.
6. Ишкананын аткаруучу органы
26. Ишкананын ишин мамлекеттик башкаруу органы сунуш кылган адамдардын ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу директор жетектейт.
27. Ишкананын директору мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан ээлеген кызмат ордунан бошотулат.
28. Директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
29. Ишкананын директору төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
- иши канааттандырарлык эмес деп бааланган учурда жана Ишкананын жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча;
- Ишкананын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
- эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу;
- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз иш-аракеттер;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер болгондо.
30. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
- Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
- Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө киргизүү;
- республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон Ишкананын таза пайдасынын бөлүгүнүн өлчөмүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө киргизүү;
- Ишкананын финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө ар кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
- тармактык саясат маселелери боюнча Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын чечимдерин аткарууну уюштуруу;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;
- эмгек акы төлөө фондун кошкондо, кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу шарттарын бекитүү;
- кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
- Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
- бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну уюштуруу;
- Ишкананын Уставына ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
31. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
- өз компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар менен мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга кайрылууга;
- Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Ишкананын Уставына жана стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
- Ишкананын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан белгиленген тартипте зарыл болгон маалыматтарды суроого жана алууга.
32. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
- мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттун документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштарды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
- мамлекеттик башкаруу органынын кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ишинин кайсы бир чөйрөсүнө байланыштуу бардык зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыздоого;
- Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
- Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулгандыгы боюнча ага белгилүү болгон фактылар жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
- Ишкананын коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча белгиленген тартипте Ишкананын иши жөнүндө маалымат берүүгө.
Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын иш чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
33. Ишкананын директорунун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
34. Ишкананын директору:
- Ишкананын атынан ишеним катсыз иштейт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыгын коргойт;
- Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын көрөт;
- компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
- Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
- Кыргыз Республикасынын жарандык жана бюджеттик мыйзамдарында жана Ишкананын Уставында каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
- финансылык (бухгалтердик) отчеттордун абалы, Ишкананын финансы каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
35. Ишкананын директору өзүнө жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
36. Ишканада директордун эки орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басарлары мамлекеттик башкаруу органынын макулдугу менен Ишкананын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
37. Ишкананын директорунун орун басарлары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
38. Ишкананын директору жок учурда Ишкананын ишин директордун буйругу менен аныкталуучу директордун орун басары аткарат.
Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, анын милдеттерин бош кызмат ордуна жаңы адам дайындалганга чейин Ишкананын директорунун орун басарларынын бири аткарат.
39. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, түздөн-түз директорго баш иет, ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктарды пайдаланат.
40. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын ички аудитти жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарында каралган тартипте Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын ишин жөнгө салуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
41. Ишкананын түзүмү жана штаттык расписаниеси мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору тарабынан бекитилет. Ишкананын директору Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо тартибин аныктайт.
42. Ишкананын башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, жарандар менен чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндөгү мамилелери келишимдердин негизинде түзүлөт.
7. Ишкананын жетектөөчү курамы
43. Ишкананын жетектөөчү курамына төмөнкү адамдар киришет:
- директор;
- директордун орун басарлары;
- башкы бухгалтер.
44. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын Уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында иштөөсү тийиш.
Жетектөөчү курамга кирген адамдар Ишкананын мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
45. Ишкананын жетектөөчү курамына төмөнкү адамдар кире алышпайт:
- чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашоого уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
- менчикке жана экономикалык иш жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, коррупциялык жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
- канааттандырарлык эмес иши үчүн мурда уюмдун жетекчиси ээлеген кызмат ордунан бошотулган адамдар;
- менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте жетектөөчү кызмат орундарын ээлеген, анын банкрот болушуна алып келген адамдар;
- мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар кызмат ордунда турган мезгилде бир эле учурда жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик иш менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укуксуз.
8. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
46. Ишкана өз ишин мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган жылдык иш планынын же 3 жана андан ашык жылга узак мөөнөттүү иш планынын негизинде жүргүзөт.
47. Ишкананын иш пландарынын негизин мамлекеттик заказдар боюнча иштер, ошондой эле жеке жана юридикалык жактар менен келишимдер боюнча аткарылуучу иштер түзөт.
Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында каралган тартипте Ишканага максаттуу бюджеттик ассигнованиелер жана республикалык бюджеттен субсидиялар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча берилиши мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Ишкана келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди, чарбалык өз ара мамилелердин Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген кандай болбосун башка шарттарын аныктоодо эркин.
49. Ишкана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчетторду түзөт. Ишкананын финансылык отчету кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүшү керек.
50. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансы-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө берет:
- ички аудиторго (эгерде болсо, ички аудит кызматына);
- Ишкананын мамлекеттик башкаруу органына;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
51. Ишкана финансы-чарбалык ишин стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыгуучу жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.
Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мөөнөткө иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
52. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- Ишкананын ишинин максаттарынын жана негизги багыттарынын түшүндүрмөсүн;
- Ишкана тарабынан аткарылган жумуштардын, көрсөтүлгөн кызматтардын тармактарынын жана рыногунун баяндалышын, мүнөздөмөсүн;
- Ишкана аткарган жумуштардын, көрсөткөн кызматтардын рыногунда мамлекеттин болушунун зарылдыгын негиздөөнү;
- Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
- жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү планын;
- уюштуруу планын,
- финансылык планын;
- тобокелдиктерди талдоону.
53. Ишкананын директору жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы, анын ичинде Ишкананын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту берет.
54. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматтарды чогултуунун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматты берет.
55. Суралган маалыматты Кыргыз Республикасынын маалыматтарга жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте берүүдөн баш тартуу, маалыматты толук бербегендиги же аны бурмалагандыгы, ошондой эле отчетторду бурмалагандыгы үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
56. Ишкананын иши Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде текшерилет.
9. Ишкананын мүлкү жана финансы
57. Ишкана мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана ага бекитилген мүлккө менчик укугу берилбейт. Мамлекеттин менчиги болуп саналган жана Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана башка мүлктү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен чарбалык башкаруу укугу мүлктү пайдалануунун негизи болуп саналат.
58. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
59. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген мүлк;
- мүлк, анын ичинен ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган киреше же сатып алынган продукция;
- чарбалык иштин натыйжасында алынган киреше;
- гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
60. Ишкана тарабынан өзүнүн финансы-чарбалык ишинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан алынган кирешелердин эсебинен жаңы түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте, Уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижарага берүү) укуктарын жүзөгө ашырат.
61. Ишкананын мүлкүн ээликтен ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун Уставдык капиталына салым катары киргизүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
62. Ишкана жыл сайын өз мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген мөөнөттө жана тартипте берүүгө милдеттүү.
63. Мүлктү пайдалануунун натыйжасында, ошондой эле жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча алынган Ишкананын таза пайдасы мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине которулат, ал эми ал тарабынан бекитилген таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмү, 50 пайыздан кем эмеси отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жөнөтүлөт.
10. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
64. Ишкананы кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу же кайра түзүү түрүндө жүзөгө ашырылат.
Ишкананы кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
65. Ишкана мамлекеттик мекеме же чарбалык коом болуп кайра түзүлүшү мүмкүн.
66. Ишкана төмөнкү учурда жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
67. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуучу Ишкананын, мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ичинен жоюу комиссиясы түзүлөт.
Жоюлуучу Ишкананын жетекчиси жоюу комиссиясын башкарат.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын иштерин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
Эгерде жоюлуучу Ишкананын чарба жүргүзүү укугуна негизделген мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
68. Ишкананын иш процессинде келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.