ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 18-ноябрындагы № 271 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы № 256»Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Академиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция18.11.2021 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 18-ноябры № 271

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы № 256 « Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Академиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Калкка билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы № 256 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Академиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы академиясы жөнүндө Жободо:

1,2-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларынын “Юриспруденция” жана “Укук коргоо иши” багыттары боюнча магистранттарды даярдоо.”;

1.5-пунктунун биринчи абзацындагы “Премьер-министри” деген сөз “Министрлер Кабинетинин Төрагасы” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Төрага

 

А. У. Жапаров