Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-сентябры № 534
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ведомстволук ишканаларын оперативдүү башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин потенциалын күчөтүү аркылуу Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун чыңдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын жылуулук энергиясы жана отун ресурстары менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
5-2-пункту "Чоң-Алайкөмүр мамлекеттик ишканасына" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө жободо:
- 10-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - "Кыргызкөмүр" МИ) пайдасынын бөлүгүн чегерүүлөрдү эсепке алууну жүргүзөт, алардын республикалык бюджетке өз учурунда төлөнүшүн камсыздоо боюнча чараларды көрөт жана контролдойт;";
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Министр:
- Министрликтин, анын коллегиясынын, борбордук аппаратынын, ведомстволук мекемелеринин, мамлекеттик ишканаларынын ишине жалпы жетекчилик кылат, Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- министрдин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
- Министрликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук мекемелеринин (мамлекеттик ишканаларды кошпогондо) штаттык ырааттамасын жана түзүмүн бекитет;
- белгиленген тартипте "Кыргызкөмүр" МИнин жетекчисин тандоону жана көрсөтүүнү уюштурат;
- "Кыргызкөмүр" МИнин уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын макулдашат;
- "Кыргызкөмүр" МИнин жылдык бюджетин, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетун бекитет;
- "Кыргызкөмүр" МИнин республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон таза пайдасынын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитет;
- "Кыргызкөмүр" МИнин жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитет;
- "Кыргызкөмүр" МИни өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитет;
- "Кыргызкөмүр" МИнин жетекчисинин ишин баалайт;
- Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына министрдин орун басарларын жана ведомстволук мекемелеринин жетекчилерин кызмат ордуна дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына "Кыргызкөмүр" МИнин жетекчисин кызмат ордуна дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга сунуштарды киргизет, ага карата сыйлоо же тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот жана аны менен эмгек келишимин түзөт;
- "Кыргызкөмүр" МИнин жетекчисинин сунушу боюнча "Кыргызкөмүр" МИнин жетекчисинин орун басарларын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, аларга карата сыйлоо же тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот жана алар менен эмгек келишимин түзөт;
- министрдин орун басарынын сунушу боюнча Министрликтин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, аларга карата сыйлоо же тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
- Министрликтин системасынын кызматкерлери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна ведомстволук бөлүмдөр жөнүндө жоболордун жана мамлекеттик ишканалардын уставдарынын долбоорлорун киргизет;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык бүтүмдөрдү/келишимдерди түзөт;
- белгиленген тартипте эл аралык келишимдерге кол коёт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык министрдин орун басарынын сунушу боюнча Министрликте жана ведомстволук мекемелерде мамлекеттик жарандык кызмат өтөө менен байланышкан маселелерди чечет;
- Министрликтин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
- Министрликтин мамлекеттик жарандык кызматчыларына белгиленген тартипте класстык чендерди ыйгарат;
- Министрликтин системасынын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, ардактуу наамдарды ыйгарууга белгиленген тартипте көрсөтөт;
- белгиленген тартипте Министрликтин ведомстволук сыйлыктарын уюштурат;
- белгиленген тартипте ведомстволук сыйлыктар жөнүндө жоболорду жана алардын сыпаттамасын бекитет;
- Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнө тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Министрликтин атынан белгиленген тартипте ишеним каттарды берет;
- кызмат орду боюнча Министрликтин Жарандык коргонуусунун начальниги болуп саналат жана Министрликте Жарандык коргонууну жетектейт;
- эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында чечимдерди жокко чыгаруунун башка тартиби белгиленбесе, Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын уставы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, техникалык регламенттерди жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав саналат. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги саналат.
5. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Кыргызкомур" при Министерстве энергетики Кыргызской Республики".
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргызкөмүр" МИ;
- расмий тилде: ГП "Кыргызкомур".
Ишкананын юридикалык дареги: 720070, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Жибек-Жолу көчөсү, 326.
6. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди, бүтүмдөрдү түзүүгө, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
7. Ишкана белгиленген тартипте финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валютадагы эсептерди ачууга укуктуу.
8. Ишкананын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилчилик (кепилдик) алган учурлардан тышкары, Ишкана Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Ишкананын өкүлчүлүгү жана филиалдары бекиткен жоболордун негизинде иштейт.
11. Ишкананын түзүмүнө "Ысык-Көл кемечилиги", "Кара-Кече", Миң-Куш" жана "Түштүк" филиалдары кирет.
"Ысык-Көл кемечилиги" филиалынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары, Озерный көчөсү, 221.
"Кара-Кече" филиалынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Жумгал району, Чаек айылы, Ак-Татыр көчөсү, н/ж.
"Миң-Куш" филиалынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Жумгал району, Миң-Куш айылы.
"Түштүк" филиалынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Навои көчөсү, 54.
12. Ишкана көмүр казуу тармагындагы мамлекеттик саясатты аткаруу жаатындагы ишти жүзөгө ашырат, көмүр казуучу ишканалардын ички рынокту ата мекендик көмүр менен камсыздоо боюнча өндүрүштүк-чарбалык ишин координациялайт, ошондой эле автомобиль менен ташууларды, суу транспорту менен жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштурат жана камсыздайт, кеме оңдоо кызматтарын көрсөтөт.
2-глава. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
13. Ишкананын ишинин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) стратегиялык маанидеги товарларды өндүрүүдө, жумуштарды аткарууда же кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын муктаждыктарын канааттандыруу;
2) Ишкана тарабынан товарларды өндүрүү, жумуштарды аткаруу же кызматтарды көрсөтүү боюнча түздөн-түз мамлекеттик заказды аткаруу;
3) жалпы республикалык маанидеги мамлекеттик программаларды жана социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу.
14. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) калкты, бюджеттик уюмдарды, ошондой эле отун-энергетикалык комплексинин ишканаларын көмүр менен камсыздоо боюнча көмүр казуу тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
2) калкты, бюджеттик уюмдарды, ошондой эле отун-энергетикалык комплексинин ишканаларын көмүр менен камсыздоо боюнча тиешелүү келишимдерди түзгөн көмүр тармагындагы ишканаларга көмөк көрсөтүү;
3) суу транспорту чөйрөсүндө калкка кызмат көрсөтүүлөр рыногун уюштуруу жана өнүктүрүү.
15. Ишкана төмөнкүдөй негизги функцияларды аткарат:
1) төмөнкүлөргө багытталган иш-аракеттерди жүзөгө ашырат:
- көмүр казуучу ишканалардын көмүр казуу көлөмүн көбөйтүүгө;
- отун-энергетикалык комплексин Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан кендерден казып алынуучу көмүрдү пайдаланууга өткөрүү үчүн шарттарды түзүүгө;
2) Кыргыз Республикасынын жер казынасы, көмүр жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте:
- көмүр кендерин иштетет;
- көмүрдү казуу, кайра иштетүү, сорттоо иштерин жүргүзөт;
- концентрат жана көмүрдү кайра иштетүү продуктуларын чыгарат;
3) өзүнүн компетенциясынын чегинде:
- бекитилген кен иштеринин жылдык планына ылайык кен казуу жана кыртышты ачуу иштерин жүргүзүүнүн илимий негизделген ыкмаларынын маселелери боюнча көмүр казуучу ишканаларга методологиялык жана практикалык көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын көмүр казуучу ишканаларынын көмүрдү чалгындоо, казуу, сактоо, ташуу жана сатуу, ошондой эле брикеттерди, катанкаларды жана көмүрдөн жасалган продукциянын башка түрлөрүн өндүрүү боюнча иштеринде илимий негизделген, техникалык саясатты аныктоодо аларга методологиялык жана техникалык-экономикалык көмөк көрсөтөт;
- көмүр кендерин изилдөө жана иштетүү боюнча көмүр казуучу ишканаларга илимий негизделген долбоорлорду даярдоодо көмөк көрсөтөт;
4) илимий-практикалык сунуштарды иштеп чыгат жана көмүр казуу ишин коопсуз жүргүзүү боюнча көмүр казуучу ишканаларга практикалык кызматтарды көрсөтөт;
5) көмүр казууну көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын көмүр казуучу ишканаларынын ортосунда капиталдык салымдарды, кайтарылуучу бюджеттик каражаттарды жана кредиттерди бөлүштүрүү жөнүндө сунуштарды даярдайт жана мамлекеттик башкаруучу органга киргизет, ошондой эле алардын пайдаланылышын контролдойт;
6) Кыргыз Республикасынын көмүр казуу тармагындагы келечектүү ишканаларды модернизациялоого жана андан ары өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылат;
7) көмүр казып алат жана аны Кыргыз Республикасынын ички рыногунда жана анын чегинен тышкаркы жеке жактарга жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга сатат;
8) автомобилдик жана суу транспорту менен көмүрдү ташуу боюнча кызматтарды көрсөтөт;
9) жүктөп-түшүрүү иштерин жүргүзүүдө жана көмүр продукциясын жеткирүүдө суу, автомобиль жана темир жол транспортунун түрлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;
10) кемелерди, баржаларды жана жээктеги курулмаларды оңдоо боюнча иштерди уюштурат;
11) жүргүнчүлөрдү суу транспорту менен ташуу боюнча кызматтарды көрсөтөт;
12) курорттук сезондун мезгилинде суу транспорту менен туристтик жана сейилдөө кызматтарын көрсөтүүнү уюштурат.
Ишкана уруксат талап кылынган иштин түрлөрү боюнча өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте лицензиялоого (уруксат берүүгө) тийиш болгон иштин түрлөрүнө тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген лицензиялардын (уруксаттардын) негизинде жүзөгө ашырат.
3-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери
16. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык керектүү товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
2) рыноктук конъюнктурага жараша коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын, монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген нарктан төмөн эмес, өз алдынча аныктоого;
3) кеңешүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөө топторун түзүүгө;
4) өз функцияларын аткаруу үчүн эл аралык финансы жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
5) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өз атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди алууга жана милдеттенмелерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
6) юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканада жумуштарды аткаруу үчүн жеке жактарды тартууга;
8) Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышууга жиберүүгө;
9) Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө жана кызматташууга;
10) зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында Ишкананын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
11) Кыргыз Республикасынын жарандык, жер, турак жай мыйзамдарына ылайык, менчик ээсинин макулдугу менен келишимдик негизде ага чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарларды жана башка материалдык баалуулуктарды юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп берүүгө, ижарага берүүгө;
12) Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыздоо үчүн башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
17. Ишкана ушул Уставда аныкталган өз максаттарына жетүү, милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана жумуштарды аткарып жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттерди так аткарууга;
2) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери тарабынан аткарылуучу жумуштарды Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
4) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык камсыздоого жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
5) ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын зарыл болгон отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
6) чарбалык башкарууга берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоого;
7) коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга;
8) өндүрүштүк ишти жүргүзүүдө экологиялык коопсуздукту камсыздоого, техникалык коопсуздук эрежелерин жана жаратылышты пайдалануунун белгиленген режимин сактоого;
9) "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык объекттин иштөө тартибин, ошондой эле стратегиялык объекттерди иштетүүнүн жана эксплуатациялоонун режимине карата талаптарды камсыздоого.
Ишкана өзүнө таандык болгон кыймылсыз мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз сатууга укугу жок.
18. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого, анын ичинде Ишканада иштөөнү токтоткондон кийин да Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мөөнөттүн ичинде кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешеси бар маалыматтарды сыр катары сактоого милдеттүү.
4-глава. Ишкананын башкаруу органдары
19. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенцияларына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын уставын иштеп чыгуу, уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же уставды бекитүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
2) Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды уюштуруучуга киргизүү;
3) Ишкананын жетекчисин тандоону жана көрсөтүүнү уюштуруу;
4) Ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын макулдашуу;
5) Ишкананын жылдык бюджетин, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетун бекитүү;
6) Ишкананын республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон таза пайдасынын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
7) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
8) Ишкананы үч жылдык мөөнөткө өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
9) Ишкананын жетекчисинин ишин баалоо;
10) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарларына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
11) Ишкананын жетекчисинин сунушу боюнча Ишкананын жетекчисинин орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу;
12) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарларына карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;
13) Ишкананын жетекчиси жана анын орун басарлары менен эмгек келишимин түзүү;
14) канааттандырарлык эмес иши үчүн ишканалардын жетекчилеринин ыйгарым укуктары токтотулган адамдардын реестрин жүргүзүү;
15) Ишканага таандык мүлктү багыты боюнча пайдаланууну жана аны сактоону контролдоо;
16) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
17) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууга талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
18) Ишкананын башкы директорунун кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
19) Ишкананын коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын фонддорунун, ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
20) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына ылайык мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
20. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканага тейлөөчү иш чөйрөсүндөгү тармактык саясат маселелерине тийиштүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун документтерин, ошондой эле финансы-чарбалык ишине жана Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планына талдоо жүргүзүү үчүн керектүү материалдарды, маалыматтарды, түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
3) өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына келүүгө;
4) аткаруучу органдын отчетторун угууга;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына "Кыргызкөмүр" МИ жетекчисин кызмат ордуна дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга сунуштарды киргизүүгө, ага карата сыйлоо жана тартиптик жаза чарасын колдонууга жана аны менен эмгек келишимин түзүүгө.
Мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын тейлөөчү иш чөйрөлөрүндөгү тармактык саясатты башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга ээ.
21. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
2) Ишкананын иши менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары белгилүү болуп калса, алар тууралуу укук коргоо органдарына маалымдоого;
4) Ишкананын коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга айтпоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Мамлекеттик башкаруу органына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын тейлөөчү иш чөйрөлөрүндөгү тармактык саясатты башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттер жүктөлгөн.
5-глава. Ишкананын аткаруучу органы
22. Ишкананын ишин мамлекеттик башкаруу органынын сунушу боюнча кызматка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы дайындаган башкы директор жетектейт.
23. Ишкананын башкы директору мамлекеттик башкаруу органынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан ээлеген кызматынан бошотулат.
24. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалган башкы директор мамлекеттик башкаруу органынын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
25. Ишкананын башкы директору төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) ишине канааттандырылбаган баа алса жана Ишкананын жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту кароонун натыйжалары боюнча;
2) Ишкананын ишинин негизги натыйжалуулук көрсөткүчтөрү аткарылбай калганда;
3) эмгек келишими боюнча милдеттер аткарылбай калганда же талаптагыдай аткарылбаганда;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациялык эмес иш-аракеттер болгондо.
26. Ишкананын башкы директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын (бизнес- планын) ишке ашыруу;
3) мамлекеттик башкаруу органына Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүүгө киргизүү;
4) мамлекеттик башкаруу органына республикалык бюджетке которула турган Ишкананын таза пайдасынын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүүгө киргизүү;
5) Ишкананын финансы-чарбалык иши жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планын аткаруу жөнүндө кварталдык, жылдык отчетторду даярдоо жана тапшыруу;
6) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын тармактык саясат маселелери боюнча чечимдерин аткарууну уюштуруу;
7) мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;
8) кызматкерлерди жалдоо жана иштен бошотуу шарттарын, анын ичинде эмгек акы фондун бекитүү;
9) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
10) Ишкананын уюштуруу-тескөөчү документтерин кабыл алуу;
11) бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну уюштуруу;
12) ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
27. Ишкананын башкы директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик башкаруу органына анын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Ишкананын Уставына жана аны өнүктүрүүнүн стратегиялык планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык, жер, турак жай мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында керектүү маалыматты мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан белгиленген тартипте суроого жана алууга;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарды ишке ашырууга.
28. Ишкананын башкы директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик башкаруу органынын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун документтерин, ошондой эле финансы-чарбалык ишти жана Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын талдоо үчүн керектүү материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) мамлекеттик башкаруу органына чечимдерди кабыл алууну талап кылган маселелерди кароого киргизүүгө, ошондой эле Ишкананын ишинин ар кандай чөйрөсү менен байланышкан керектүү болгон маалымат жана документтер менен камсыздоого;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздоого;
4) Ишкананын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган фактылар белгилүү болуп калса, ал тууралуу укук коргоо органдарына маалымдоого;
5) Ишкананын коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыры болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жакка айтпоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын башкы директору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын тейлөөчү иш чөйрөлөрүндөгү тармактык саясатты башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерге ээ.
29. Ишкананын башкы директорунун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
30. Ишкананын башкы директору:
1) Ишкананын атынан ишеним катсыз иштейт;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларда жана мекемелерде Ишкананын кызыкчылыктарын коргойт;
3) Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана жумуштан бошотот;
4) Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо чараларын жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
5) өзүнүн компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
6) Ишкананын кызматкерлерине ишеним кат берет;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун абалына, Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдаланууга, өндүрүштөгү техникалык коопсуздуктун сакталышына жеке жоопкерчилик тартат;
9) Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
31. Ишкананын башкы директору өзүнө жүктөлгөн функциялык милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
32. Ишканада филиалдарды тейлеген башкы директордун орун басарларынын кызмат орундары каралган. Ишкананын башкы директорунун орун басарлары мамлекеттик башкаруу органы тарабынан Ишкананын башкы директорунун сунушу боюнча кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
33. Ишкананын башкы директорунун орун басарлары мамлекеттик башкаруу органынын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
34. Ишкананын башкы директору жок болгон учурда же ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулганда, анын милдеттерин аткаруу Ишкананын башкы директорунун орун басарларынын бирине автоматтык түрдө жүктөлөт.
35. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын башкы директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз башкы директорго баш иет, жоопкерчилик тартат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарды пайдаланат.
36. Мамлекеттик башкаруу органы ички аудитти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Ишканада ички аудит кызматтарын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
37. Ишкананын түзүмү жана штаттык ырааттамасы мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкананын башкы директору тарабынан бекитилет. Ишкананын башкы директору Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо тартибин өз алдынча аныктайт.
38. Ишкананын башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндөгү жарандар менен болгон мамилеси жарандык-укуктук келишимдердин негизинде түзүлөт.
6-глава. Ишкананын жетектөөчү курамы
39. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) башкы директор;
2) башкы директордун орун басарлары;
3) башкы бухгалтер.
40. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында аракет кылышы керек.
Жетектөөчү курамга кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
41. Ишкананын жетектөөчү курамына төмөнкү адамдар кире албайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) жеке менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштарды, коррупциялык жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштарды кылгандыгы үчүн соттолгон, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
3) уюмдун жетекчисинин кызмат ордунан канааттандырылбаган иши үчүн мурда бошотулган адамдар;
4) менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте мурда жетектөөчү кызмат ордун ээлеген жана аны банкроттукка алып келген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар кызмат ордун ээлеп турган мезгилде жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу бир убакта ишкердик менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкаруу ишине катышууга укугу жок.
7-глава. Эсепке алуу, пландаштыруу, отчеттуулук
42. Ишкана өз ишин мамлекеттик башкаруу органы бекиткен иштин жылдык планынын же 3 жыл жана андан ашык узак мөөнөттүү иш планынын негизинде жүргүзөт.
43. Ишкананын ишинин пландарынын негизин Ишкананын жеткирип берүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен болгон мамилесин жөнгө салган узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
44. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамына каршы келбеген келишимдин предметин эркин тандайт, милдеттерин, чарбалык өз ара мамилелердин ар кандай башка шарттарын эркин аныктайт.
45. Ишкана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчеттуулукту түзөт. Ишкананын финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүшү керек.
46. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджетти аткаруунун жүрүшү жөнүндө жана финансы-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө тапшырат:
1) ички аудиторго (эгерде ушундай кызмат болсо, ички аудит кызматына);
2) Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органына.
47. Ишкана өнүктүрүүнүн стратегиялык планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык финансы-чарбалык ишин жүргүзөт.
Өнүктүрүүнүн стратегиялык планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруучу органы тарабынан бекитилет.
Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планы төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) Ишкананын иш максаттарын жана негизги багыттарын сыпаттоону;
2) тармактын жана рыноктун сыпаттоосун, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөлөрүн;
3) Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногуна мамлекеттин катышуу зарылдыгынын негиздемесин;
4) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
5) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүнүн планын;
6) уюштуруу планын;
7) финансылык планды;
8) тобокелдерди талдоону.
48. Жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын башкы директору мамлекеттик башкаруу органына Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө, анын ичинде Ишкананын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту киргизет.
49. Ишкана салык салуу жана экономикалык маалыматты жыйноонун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн керектүү маалыматты компетенттүү мамлекеттик органдарга берет.
50. Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалымат бергендиги же аны бурмалагандыгы үчүн, ошондой эле отчетту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын башкы директору Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
51. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын ишин текшерүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүргүзүлөт.
8-глава. Ишкананын мүлкү жана финансылары
52. Ишкана мамлекеттик мүлктү чарбалык жүргүзүү укугуна негизделет жана өзүнө бекитилген мүлккө менчик ээсинин укугу берилген эмес. Мүлктү пайдалануунун негизи болуп мамлекеттин менчиги болгон жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен Ишкананын балансына берилген кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана башка мүлктү чарбалык башкаруу укугу саналат.
53. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
54. Ишкананын мүлкүн түзүүнүн булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилген мүлк;
2) бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган мүлк, анын ичинде кирешелер жана продукция;
3) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
4) гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ар кандай булактар.
55. Ишкананын өзүнүн финансы-чарбалык ишинен түшкөн кирешелердин же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жаңы түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык максаттарга жана иштин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижара) укугун ишке ашырат.
56. Ишкананын мүлкүн ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары киргизүү мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
57. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоого жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан белгиленген мөөнөттө жана тартипте инвентаризациялоонун жыйынтыгын берүүгө милдеттүү.
58. Ишкананын мүлктү пайдалануунун натыйжасында, ошондой эле финансы-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгы боюнча алынган таза пайдасы мамлекеттик башкаруу органынын алыш-бериш эсебине которулат, ал эми таза пайданын бөлүгүнүн бекитилген өлчөмү, бирок 50 пайыздан кем эмеси отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө андан ары республикалык бюджетке багытталат.
9-глава. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
59. Ишкананы кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык кошуу, бириктирүү, бөлүү, чыгаруу же өзгөртүп түзүү түрүндө ишке ашырылат.
Ишкананы кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруу органынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
60. Ишкана мамлекеттик мекеме, чарбалык коом же 100 пайыз акциялары (үлүшү) мамлекеттик менчикте болгон ачык акционердик коом (акционерлөө) болуп кайра уюштурулушу мүмкүн.
Ишкананы өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом, анын бардык укуктары жана милдеттенмелери боюнча, анын ичинде эмгек мамилелери жаатында укук улантуучусу болуп саналат.
61. Ишкана төмөнкүдөй тартипте жоюлат:
1) уюштуруучунун демилгеси боюнча;
1) мамлекеттик башкаруу органынын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
62. Ишкананы жоюу үчүн жоюу комиссиясы түзүлөт, анын курамына жоюлуп жаткан Ишкананын, мамлекеттик башкаруу органынын жана зарылдыгына жараша башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет.
Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси башкарат.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын иштерин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укукка ээ болот.
Эгерде жоюлуп жаткан Ишкананын чарбалык жүргүзүү укугуна негизделген мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, анда ал банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
63. Ишкананын ишинин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.".
|
| 2-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасын башкаруу СХЕМАСЫ