Загрузка документа…
|
| 12-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы) жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19, 2024-жылдын 12-июлундагы № 386, 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы) (мындан ары - Борбор) "Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-январындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын куткаруучулары жана ыктыярдуу куткаруучу кошуундары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу", 2018-жылдын 29-январындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясы жөнүндө" токтомдоруна ылайык түзүлгөн.
Борбор - бул суучулдардын иши жана суу-куткаруу иши боюнча кошумча атайын билим берүү тармагына; суу астындагы техникалык жумуштардын бардык спектрин жүргүзүү, гидротехникалык курулмалардын плотиналарынын суу астындагы бөлүктөрүн, суу чарба багытындагы объектилерди тейлөө жана оңдоо; Кыргыз Республикасынын бардык акваторияларында жана көлмөлөрүндө куткаруучу, авариялык-оңдоо, суучулдук жана башка жумуштарды уюштуруу жана өндүрүү жаатындагы адистешкен көп багыттуу мамлекеттик мекеме.
2. Борбор өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, мамлекеттер аралык макулдашууларды жана протоколдорду, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат. Суу астына түшүүнүн жана суучулдардын ишинин коопсуздугу тармагында Борбор суучулдар кызматынын стандарттарды, эрежелерди, РД 31.84.01-90 "Суучулдар ишинде эмгек коопсуздугунун бирдиктүү эрежелерин, анын аналогдорун, суу алдындагы техникалык иштер боюнча курулуш ченемдерин жана эрежелерин жетекчиликке алат.
3. Борбордун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана эмблемасы бар.
4. Борбордун толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы)";
- расмий тилде: "Центр подготовки водолазов и проведения подводно-технических работ (Водолазная служба) при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".
Борбордун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КР ӨКМ караштуу Суучулдар кызматы";
- расмий тилде: "Водолазная служба при МЧС КР".
5. Борбор Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - КР ӨКМ) ведомстволук бөлүмү болуп саналат. Билим берүү жана илимий ишин Борбор Кыргыз Республикасындагы жана ШКУ, ЖККУ, КМШ катышкан мамлекеттердеги суучулдардын иши боюнча колдонуудагы билим берүү стандарттары жана программалары боюнча ишке ашырат.
6. Борбордун жетекчиси плотиналардын коопсуздугу боюнча, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу мекемелерге, эс алуу үйлөрүнө, пансионаттарга жана көлмөлөрдүн жээктериндеги көпчүлүк эс алуучу жайларда менчигинин жана таандыктыгынын түрүнө карабастан ишин жүргүзүүчү башка чарбакер субъекттерге паспорт берүү боюнча комиссиянын курамына кирет.
7. Борбор юридикалык жак болуп саналат, ага бекитилип берилген мүлктү оперативдүү башкарат, Казыналык системасында өзүнүн эсеби, өз алдынча балансы, негизги жана жүгүртүү каражаттары болот, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары уруксат берген жана иштин максаттарына ылайык келүүчү фонддорду түзө жана пайдалана алат.
8. Борбордун юридикалык дареги: 722100, Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата шаары, Ахунбаев көчөсү, 2.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Борбордун түзүмүн жана штаттык ырааттамасын Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри бекитет.
10. Борбор өз ишин аткаруу бийлигинин башка органдары, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, суучул жана суу-куткаруу иши жаатындагы мамилелердин субъекттери - юридикалык жана жеке адамдар, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар, ошондой эле түздөн-түз ведомстволук органдар тарабынан жүзөгө ашырат.
2. Борбордун негизги милдеттери
11. Борбордун ишинин максаты болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- "суучулдар иши", "суу-куткаруу иши", "суудагы адам өмүрүнүн коопсуздугу жана коргоо", "дайвинг" тармагынын пайда болушун, өнүгүшүн жана өркүндөшүн уюштуруу; бардык суу объектилериндеги суу алдындагы техникалык, издөө-куткаруу, илимий-изилдөө жана эксперттик иштердин бардык спектрин өз алдынча жүргүзүү; Кыргыз Республикасынын дарыяларында, көлдөрүндө, суу сактагычтарында жана башка көлмөлөрүндө жарандардын жапырт эс алуу жайларын жабдуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана аткаруу, жалпы адистешкен "суучулдар жана суу-куткаруу иши" боюнча үзгүлтүксүз билим берүү ишин жүргүзүү.
12. Борбор бардык суучулдардын сууга кирүүсүнө жана жумуштарга (жээктеги куткаруучулук жана кеме суучулдук станцияларда, лабораторияларда, аймактык топтордо, спорттук дайвинг борборлорунда) уюштуруу-методикалык жетекчиликти ишке ашырат, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы менчигинин түрүнө жана таандыктыгына карабастан чарбакер субъектилердин суучулдук иш, суу-куткаруу иши, дайвинг адистери үчүн квалификациялык мүнөздөмөлөрдүн (суучулдук иштердин квалификациясын, суу-куткаруу иши адистигин ыйгаруу, ырастоо) талаптарын белгилейт.
13. Борбордун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- республиканын бардык суу объектилеринде суу алдындагы техникалык, авариялык-техникалык, издөө-куткаруучу жана илимий-изилдөө иштерин кеңири чөйрөдө уюштуруу жана жүргүзүү;
- менчигинин түрүнө карабастан бардык кызыкдар ведомстволор жана чарба жүргүзүү субъектилери үчүн алардын өтүнмөлөрү боюнча тиешелүү квалификацияда алган билими тууралуу күбөлүктөрдү жана суучулдар китебин берүү менен суучулдар ишинин 1, 2, 3-тобуна адистешкен кесиптик адистерди окутуу, даярдоо жана адистигин жогорулатуу;
- суу-куткаруу иши жана дайвинг боюнча адистерди даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын суу объектилеринде адам өмүрүн коргоонун эрежелерин ишке ашыруу;
- суудагы суучулдук жана суу-куткаруучулук иштин абалына, дайвингдин бардык түрүнө талдоо жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ведомстволордун, жергиликтүү администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, чарбакер субъектилердин башка юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен куткаруучу станцияларды (постторду) иштетүү боюнча иштерди уюштуруу;
- менчигинин түрүнө жана таандыктыгына карабастан, бардык жээктеги куткаруучу станциялардагы жана посттордогу суучулдук жана суу-куткаруу бөлүмдөрүнүн ишин координациялоо;
- Кыргыз Республикасынын борбордук суучулдар аттестациялык комиссиясын жана борбордук суучулдар медициналык комиссиясын түзүү, ишин уюштуруу;
- суучулдар жана суу-куткаруу иштеринин өндүрүшүнө жаңычыл ыкмаларды жана методдорду иштеп чыгуу жана киргизүү, суучулдар ишин өнүктүрүү жана жаңы суучулдар техникасын түзүү боюнча инженердик жана илимий-изилдөө иштерин жүзөгө ашыруу;
- кырсык болгон аймакта авариялык, издөө-куткаруу жана авариялык суу алдындагы техникалык жумуштарды уюштуруу жана жүргүзүү;
- тейленүүчү объектилер жана аймактар боюнча долбоорлорду жана чечимдерди ишке ашыруу үчүн болжолдонгон экспертизаны жүргүзүүгө катышуу;
- тейленүүчү объектилерде жана аймактарда авариялык-куткаруучу каражаттарды жана куткаруу мүлкүн, ошондой эле суу объектилеринде өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча өз ара аракеттенүү пландарын иштеп чыгууга катышуу;
- суучулдар ишинин бардык түрүн камсыз кылуу үчүн жеткиликтүү окуу, материалдык-техникалык базаны, материалдык ресурстарды түзүү, ШКУ, ЖККУ, КМШ катышкан мамлекеттердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен суучулдар тематикасы боюнча окуу, илимий эл аралык жана башка иш-чараларды өткөрүү;
- суучулдар тематикасы боюнча ар кандай долбоорлорду, стандарттарды, конструктордук жана технологиялык документтерди киргизүү боюнча иштерди уюштуруу;
- маалыматтык ишти түзүү жана өнүктүрүү, суудагы жүрүм-турум эрежелери, Борбордун иши жана багытталышы жана башкалар боюнча окуу куралдарын, плакаттарды, эстеткичтерди, баракчаларды, маркаларды камсыз кылуу, чыгаруу, жайылтуу;
- ченемде бекитилген мөөнөттө аттестацияларды, суучулдар иши, суу алдындагы техникалык жумуштар, суу-куткаруу иштери, дайвинг боюнча бардык адистер тарабынан квалификацияларды ырастоо жана жогорулатуу боюнча менчигинин түрүнө жана таандыктыгына карабастан бардык кызыкдар ведомстволор жана чарба жүргүзүү субъектилери үчүн алты айда бир жолудан кем эмес уюштуруу жана өткөрүү;
- суу алдындагы техникалык иштер, суучулдар иши, суу-куткаруу иши, суудагы адам өмүрүнүн сакталышы жана коопсуздугу, гидротехникалык курулмалар жана башка суу объектилери боюнча эксперттик корутундуларды даярдоо жана жүргүзүү боюнча эксперттик ишти уюштуруу;
- "суучулдар иши" жаатындагы эл аралык кызматташтык боюнча иштерге ШКУ, ЖККУ, КМШ катышкан мамлекеттердин жана башка мамлекеттердин окшош түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүү боюнча. катышуу.
3. Борбордун функциялары
14. Борбор өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- республиканцы гидротехникалык курулмаларында жана башка суу объектилеринде кеңири чөйрөдөгү суу алдындагы-техникалык жумуштарды жүргүзүү боюнча уюштуруу-техникалык иш-чаралардын комплексин аткарууну уюштурат;
- суу даты адамдардын өмүрүн сактоо жана коопсуздугу боюнча жана биринчи жардам көрсөтүү ыкмаларын өркүндөтүү боюнча иш-чараларды жана рекомендацияларды иштеп чыгат;
- менчигинин түрүнө карабастан бардык кызыкдар ведомстволор, уюмдар жана чарба жүргүзүү субъектилери үчүн окутуу, даярдоо, кайра даярдоо, "суучулдардын иши" адистешкен 1, 2 жана 3-топтогу, "суудагы-куткаруучу", "дайвинг" боюнча билим берүү ишин жүргүзүү боюнча белгиленген үлгүдөгү суучулдар китепчесин жана күбөлүктөрүн берүү менен адистештирүү топтору боюнча "3, 2 жана 1-класстагы суучул", суучул адиси, "суудагы куткаруучу" - 1, 2, 3-класстагы устаты, "дайвинг боюнча адис" иштерин уюштурат жана жүргүзөт;
- суучулдар иши, суу-куткаруу иши, дайвинг боюнча бардык адистер менен республикалык жыйындарга, окуу-методикалык квалификациялык семинарларга милдеттүү уруксат берүү, аттестациялоо, квалификациясын ырастоо жана жогорулатуу, алдыдагы иштердин белгиленген тереңдигине суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүүгө уруксат алууну жүзөгө ашырат жана өткөрөт, ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан;
- окуу планын жана окутуунун программаларын, окуу, методикалык, илимий-техникалык жана башка адабияттарды, видеофильмдер, диафильмдер үчүн материалдарды, суучулдар тематикасы жана Борбордун жана башка кызматтардын куткаруу иши боюнча плакаттарды иштеп чыгат, ошондой эле калк арасында суудагы коопсуздуктун чаралары жана үгүттөө боюнча баракчаларды, эстеткичтерди, открыткаларды, маркаларды жана башка адабияттарды басып чыгарат жана жайылтат;
- республиканын көлмөлөрүндө суучулдук жана куткаруу иштерин, адамдардын өмүрүн сактоо боюнча ишти аткаруучу менчигинин түрүнө карабастан бардык ведомстволук эмес, ыктыярдуу, жеке, коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенет;
- суучулдук, суунун алдындагы жабдыктардын, суу алдындагы техникалык иштер үчүн аппараттардын жана жабдуулардын, сууда кырсыкка кабылган адамдарга жардам көрсөтүү боюнча куткаруу каражаттарынын жаңы үлгүлөрүн өздөштүрүүнү жана киргизүүнү уюштуруу маселелерин иштеп чыгат;
- республикада суучулдар тематикасы боюнча зарыл болгон ченемдик-техникалык жана жетектөөчү ченемдик документтердин бардык түрүн иштеп чыгууну жана киргизүүнү уюштурат жана алар менен бардык кызыкдар түзүмдөрдү жана уюмдарды менчигинин түрүнө карабастан камсыз кылат;
- жарандардын эс алуучу жана сууга түшүүчү жайларын жабдуу, коопсуздук талаптарына шайкеш келбеген жерлерде пляждарды, сууга түшүүчү жайларды ачууга тыюу салуу боюнча тиешелүү сунуштарды берүү багытында кызыкдар ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте иштерди уюштурат;
- республиканын бардык көлмөлөрүндө суучулдук авариялык-куткаруучу жана издөө-куткаруучу жумуштарын уюштурат жана өткөрөт;
- борбордук суучулдар медициналык комиссиясын түзөт жана ишин уюштурат, медициналык күбөлөндүрүүнү ишке ашырат жана республикадагы суучулдар ишинин бардык түрүнө, анын ичинде келишимдик негизде уруксат берет;
- борбордук суучулдар квалификациялык комиссиясын түзөт, ишин уюштурат, суучулдар иши, суудагы-куткаруучулук иш, дайвинг боюнча адистерге белгиленген тереңдикте суу алдындагы техникалык иштерди аткарууга уруксат берет, аларды аттестациядан өткөрөт, квалификациясын тастыктайт жана жогорулатат;
- куткаруучулардын жана суучулдар ишинин адистеринин ден соолугун реабилитациялоо жана калыбына келтирүү боюнча жумуштарды уюштурат жана ишке ашырат, өтүнмөлөрү жана КР ӨКМдин буйруктары боюнча медициналык тейлөөгө алат, калк үчүн жана менчигинин түрүнө карабастан башка ведомстволор менен уюмдар үчүн келишимдик негизде ушул сыяктуу кызматтарды көрсөтөт;
- сууда адамдын өмүрүн сактоо, эмгекти коргоо, сүзүүчү каражаттарды, техникаларды жана башка куткаруучу техникаларды эксплуатациялоо эрежелерин ишке ашырууга катышат;
- көлмөлөрдөгү пляждарга, жарандар эс алуучу жайларга жана аймактарга бекитилген жетекчилер менен бирдикте көлмөлөрдүн сууга түшүүгө кооптуу жерлерин жана участокторун белгилөөчү тосуучу буйларды жана башка белгилерди орнотуу жана алуу (зарылдыгына жараша) боюнча мезгилдүү жумуштарды уюштурат;
- КР ӨКМ күчтөрү тарабынан жүргүзүлүүчү авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштарга катышат, муну менен адамдардын суудагы коопсуздугун жана өмүрүн сактоону камсыз кылат;
- кызыкдар болгон экономика объекттери, калк, эл аралык жана башка өкмөттүк эмес уюмдар менен биргеликте финансылык жана материалдык каражаттардын фонддорун түзөт жана алар менен макулдашуу боюнча иштин максаттарына ылайык аларды бөлүштүрөт;
- республикада суучулдар ишин, суудагы-куткаруу ишин өнүктүрүү, анын ичинде ыктыярдуу жана коомдук бирикмелердин катышуусунда эл аралык гранттарды алуунун жана пайдалануунун долбоорлорун иштеп чыгат;
- Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча экономика объекттерин, уюмдарды, мекемелерди, окуу жайларын жана жарандарды маалыматтык тейлөөнү уюштурууну камсыз кылат;
- ШКУ, ЖККУ, КМШ катышкан мамлекеттердин жана башка мамлекеттердин ушундай түзүмдөрү менен суучулдар ишин жүргүзүү методикалары, өз ара аракеттенүүнүн ар кандай маселелерин чечүү боюнча биргелешкен иш-аракеттер, өз ара маалымат жана тажрыйба алмашуу боюнча иштерди уюштурат жана пландайт;
- гидротехникалык жана башка суу чарбалык курулмалардын плотиналарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын ишине катышат;
- суучулдар техникасын ишке коопсуз эксплуатациялоону, аны өз убагында күбөлөндүрүүнү, өлчөө каражаттарын текшерүүнү уюштуруу боюнча иштерди жүргүзөт;
- Борбор тарабынан жүргүзүлүүчү медициналык камсыздоону жана суучулдар ишин коштоону, анын ичинде келишимдик негизде башка ведомстволор жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдар үчүн уюштурат;
- Суучулдар ишиндеги эмгек коопсуздугунун бирдиктүү эрежелеринин, Суучулдар кызматынын эрежелеринин талаптарын Кыргыз Республикасынын суучулдар ишинин бардык адистери тарабынан толук аткарылышын жана сакталышын камсыз кылат.
- министрликтерге, мамлекеттик комитетке жана административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга өндүрүштүк, ден соолукту чыңдоочу же спорттук багыттагы, ошондой эле жарандардын жалпы эс алуучу суу объекттеринде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет;
- суу транспорту менен сейилдөөнү жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 386 токтомунун редакциясына ылайык)
Эскертүүсу: Берилген Жобонун 14-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 14-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
15. Борбор тарабынан жүргүзүлүүчү жана ишке ашырылуучу суу алдындагы техникалык, авариялык жана издөө-куткаруу боюнча суучулдар иши жумуштун негизги түрүнө кирет.
4. Борбордун укуктары
16. Ушул Жободо аныкталган негизги милдеттерди ишке ашыруу үчүн Борборго төмөнкүдөй укуктар берилет.
- Борбордо бардык белгиленген жана кызыкдар болгон ведомстволор жана уюмдар үчүн бекитилген программалар жана стандарттар боюнча, анын ичинде акы төлөнүүчү негизде суучулдар иши, боюнча 1, 2, 3-топтордогу адистешкен, суу-куткаруу иши, дайвинг боюнча адистерди окутууну, даярдоону (кайра даярдоону), квалификациясын жогорулатууну жүзөгө ашырууга;
- билими жөнүндө белгиленген үлгүдөгү сертификаттарды жана суучулдар китепчелерин, дайвинг боюнча сертификаттарды белгиленген тартипте берүүгө;
- Борбордо окуган, кайра даярдоодон жана аттестациядан өткөн республикадагы бардык суучулдар ишинин, суу-куткаруу ишинин, дайвинг адистеринин суучулдар китепчесинин белгиленген графаларын жүргүзүүгө, толтурууга жана белгилөөгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көлмөлөрдө жарандардын эс алуусун чыңдоо үчүн ушул көлмөлөрдү пайдаланып жаткан ведомстволордун, жергиликтүү администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук жана жеке ишканалардын, башка юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен жээктеги куткаруу станцияларын (постторун) белгиленген тартипте түзүүгө;
- республиканын борбордук суучулдар медициналык комиссиясын, республиканын борбордук суучулдар квалификациялык комиссиясын түзүүгө жана анын ишин камсыз кылууга;
- республикадагы суучулдар иши, "суу-куткаруу иши, дайвинг боюнча бардык адистерге уруксат берүүнү, ырастоону жана квалификациясын жогорулатууну ишке ашыруу;
- тейленүүчү объекттер жана аймактар боюнча долбоорлорду жана чечимдерди ишке ашыруу, суучулдар тематикасы, суу объекттеринин, гидротехникалык курулмалардын плотиналарынын коопсуздугу боюнча эксперттик ишти уюштуруу үчүн болжолдуу экспертиза жүргүзүү;
- укуктук, экономикалык жана башка келишимдик мамилелерди түзүүгө, Борбордун максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттик жана коомдук, кооперативдик жана коммерциялык, кайрымдуулук жана башка уюмдар, юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө;
- Борбордун максаттарына жана милдеттерине ылайык 70 метрге чейин тереңдиктеги суучулдар ишине адистешкен 1 жана 2 топтогу суу алдындагы техникалык жумуштарды аткарууга жөндөмдүү менчик бөлүмдөрдү, ишканаларды белгиленген тартипте түзүүгө жана/же биргелешкен уюмдарды, илимий ишканаларды түзүүгө (ачууга);
- жарандардын, ишканалардын жана уюмдардын арасында окуу, методикалык, илимий-техникалык жана башка адабияттарды, видеофильмдер үчүн материалдарды, суучулдар иши жана суу-куткаруу кызматы боюнча плакаттарды, баракчаларды, эстеткичтерди, открыткаларды, маркаларды пропагандалоо жана суудагы коопсуздук чаралары боюнча башка материалдарды акы төлөө жана акысыз негизде иштеп чыгууга, басып чыгарууга жана жайылтууга;
- мамлекеттик, коомдук, эл аралык, башка уюмдардан, юридикалык жана жеке жактардан кайтарымсыз финансылык жана башка материалдык жардамдарды алуу;
- мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн стандарттарына жана регламенттерине ылайык калкка мамлекеттик кызматтарды, анын ичинде акы төлөнүүчү негизде уюштурууга жана көрсөтүүгө;
- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү, жабдууларды жана курал-жабдыктарды, курулмаларды, байланыш жана транспорт каражаттарын, Борбордун иши үчүн зарыл болгон башка мүлктү белгиленген тартипте сатып алууга;
- негизги фонддордон, жүгүртүүдөгү каражаттардан, башка материалдык баалуулуктардан жана финансылык ресурстардан турган, Борборго бекитилип берилген мүлктү белгиленген тартипте пайдаланууга жана башкарууга;
- эскирип, моралдык жактан эскилиги жеткен болсо же суу алдындагы техникалык, издөө-куткаруу жумуштарына пайдаланууда же болбосо окуу-машыгуу окууларын жүргүзүүдө жана сууга кирүүдө жараксыз абалга келген болсо, негизги фонддорду белгиленген тартипте эсептен чыгарууга;
- уюштуруу, өндүрүштүк, финансылык-чарбалык маселелерди өз алдынча чечүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген Борбордун ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон ар кандай финансылык жана материалдык каражаттардын фонддорун түзүүгө жана белгиленген тартипте сарамжалдуу пайдаланууга;
- атайын эсептерде мамлекеттик акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө түрүндө келип түшкөн финансылык каражаттарды топтоого жана бөлүштүрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашырууга;
- Борбордун алдында турган максаттарга жана милдеттерге жетүүгө шарт түзүүчү өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-аракеттерди жасоого.
5. Борбордун ишин уюштуруу
17. Борбордун негизги иши төмөнкүлөргө багытталган:
- Кыргыз Республикасында суучулдар иши, суу-куткаруу иши жана дайвингдин пайда болушу жана этап-этабы боюнча өнүгүшү;
- суучулдар иши, суу-куткаруу иши, дайвинг жаатындагы илимий-техникалык потенциалдын, бирдиктүү билим берүү жана квалификациялык процесстин өнүгүшү;
- суучулдар тематикасы боюнча ШКУ, ЖККУ, КМШга катышуучу мамлекеттердин жана башка мамлекеттердин ченемдик-техникалык базасын адаптациялоону жүргүзүү;
- суучулдар техникасын эксплуатациялоону өркүндөтүү;
- суучулдар ишинин бардык түрлөрүнүн техникалык деңгээлин жана өндүрүштүк сапатын жогорулатуу;
- ШКУ, ЖККУ, КМШ катышуучу мамлекеттеринин жана башка мамлекеттердин куткаруучуларынын, суучулдар ишинин адистеринин, анын ичинде куткаруу корпусунун ден соолугун реабилитациялоо жана калыбына келтирүү;
- суучулдардын эмгегинин коопсуздугун жана шарттарын камсыз кылуу.
18. Борборду Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу начальник жетектейт. Борбордун начальниги жеке башкаруунун негизинде Борборго жүктөлгөн максаттардан, милдеттерден жана функциялардан келип чыгуучу бардык укуктарды жана милдеттерди ишке ашырат.
Борбордун начальнигинин орун басары болот, ал Борбордун начальнигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
19. Борбордун начальниги өзүнүн ишинде түздөн-түз Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине баш иет.
Борбордун башчысы:
- адистиктин 1, 2, 3-топтору боюнча, суудагы куткаруу, дайвингдин ар кандай түрлөрү боюнча суучулдар иши - кошумча атайын билим берүү боюнча билим берүү ишин уюштурат;
- Борбордун бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду, билим берүү жана илимий ишмердүүлүк боюнча, курстук тапшырмаларды иштеп чыгуу боюнча документтерди, Борбордун персоналынын функциялык милдеттерин, суучулдар ишинин, куткаруу станцияларынын жана постторунун, дайвинг адистеринин квалификациялык мүнөздөмөлөрүн бекитет;
- билими жөнүндө күбөлүктөрдү, суучулдар китепчелерин, суудагы куткаруучунун күбөлүктөрүн, сертификаттарды берет;
- суу алдындагы-техникалык, авариялык, издөө-куткаруу жумуштары, гидротехникалык курулмалардын плотиналары жана башка суу объекттери жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
- суучулдардын суу тереңдигине, эксперименттик жана илимий сууга кирүүлөрү боюнча чечим кабыл алат жана жетектейт, анын ичинде ШКУ, ЖККУ, КМШ катышуучу мамлекеттеринин жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү менен биргеликте жетектейт;
- ченемдик укуктук актыларды, тармактык стандарттарды, табелдерди жана станцияларды (постторду) жабдуунун нормаларын, аларга коюлуучу талаптарды иштеп чыгууга катышат;
- суучулдар тематикасы, суу объектилеринин, гидротехникалык курулмалардын плотиналарынын коопсуздугу боюнча эксперттик ишти жүргүзүүгө катышат жана ишти уюштурат;
- республикадагы жарандардын массалык түрдө ден соолугун чыңдоо үчүн пайдаланылуучу республиканын көлмөлөрүндөгү адамдардын өмүрүн сактоонун эрежелеринин талаптарын сактоо боюнча корутундуларды берет;
- сууда адамдардын өмүрүн сактоо камсыз болбогон республиканын суу объекттеринде жарандардын сууга түшүүсүнө тыюу салуу жөнүндө жана калктуу конуштарга жакын сууларда жана жарандар жалпы эл алуучу жерлерде башка иш-чараларды өткөрүүнүн зарылчылыгы жөнүндө чечимдердин долбоорун иштеп чыгат;
- жарандардын эс алуусу үчүн жээктеги сууларды пайдалануучу эс алуу үйлөрүн, лагерлерди. балдардын ден соолукту чыңдоочу борборлорун, пансионаттарды, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу мекемелерин паспорттоштурууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чакыруусу боюнча катышат;
- Борбордун кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, КР ӨКМге башкы бухгалтерди кызмат ордуна дайындоону жана кызмат ордунан бошотууну сунуш кылат, ошондой эле Борбордун аскер кызматчыларына карата Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн тартиптик жана башка уставдарында каралган начальниктин укуктарынан пайдаланат;
- жарандардын арасында кокустан болуучу учурларды алдын алуу боюнча профилактикалык ишти уюштурууда жана өткөрүүдө, ошондой эле куткаруучу жана ташуучу иштерге катышууда өзгөчөлөнгөн Борбордун штаттык кызматкерлерин, ыктыярдуу куткаруучуларды жана жарандарды сыйлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине сунуш киргизет жана сыйлайт;
- Борбордун атынан ишеним катсыз иш алып барат, анын кызыкчылыктарын Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында, жалпы юрисдикциядагы соттордо коргойт, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- финансы каражаттарын, материалдык жана башка ресурстарды белгиленген тартипте башкарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишеним кат берет;
- аткаруу бийлигинин органдарында жана башка уюмдарда Борбордун атынан чыгат;
- Кыргыз Республикасындагы плотиналардын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын ишине катышат;
- Борбордун ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык уруксат берилген мыйзамдуу бүтүмдөрдү түзөт, келишимдерди (контракттарды), анын ичинде эмгек келишимин түзөт, эмгекти уюштуруунун жана дем берүүнүн формаларын, иштин күн тартибинин эрежелерин аныктайт, Борбордун бардык кызматкерлери үчүн пайдаланууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
- КР ӨКМдин буйруктарын жана тескемелерин аткарууну уюштурат;
- бөлүнгөн фонддорду түзөт жана бөлүштүрөт, аларды ишке ашырууну контролдойт;
- Борбордогу бардык суучулдар ишин жана аны медициналык жактан коштоо ишин жетектейт, ар түрдүү суучулдар иштерин жүргүзүүдө ШКУ, ЖККУ, КМШга катышуучу мамлекеттердин окшош суучулдар кызматы менен тажрыйба алмашуу боюнча жумуштарды түздөн-түз уюштурат;
- суучулдар техникаларын жана куткаруу каражаттарын өркүндөтүү боюнча илимий, техникалык, ойлоп табуучулук, акылга негизделген иштерди жетектейт;
- суучулдар ишинин бардык түрлөрүн өткөрүү жөнүндө акт түзүүнү жана эсепке алууну, республикадагы суучулдар ишинин жана дайвингдин бардык адистерине эсепке алуу кесиптик карточкаларын жүргүзүүнү контролдойт;
- менчигинин түрүнө жана тиешелүүлүгүнө карабастан, адистиги боюнча 1, 2, 3-топтордогу суучулдардын, суу-куткаруу ишинин, дайвингдин адистерин квалификациясын жогорулатуу жана ырастоо, аттестациядан өткөрүү үчүн милдеттүү жыл сайын республикалык жыйымдарды өткөрүүгө жетекчилик кылат жана корутунду берет;
- менчигинин түрүнө карабастан, Борбордун элементтеринин, жээктеги бардык куткаруу станцияларынын (постторунун) орун алышы жана жайгашуусу боюнча сунуштарды даярдайт;
- коррупциянын алдын алуу ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Борборго жүктөлгөн милдеттерден жана функциялардан келип чыгуучу башка ыйгарым укуктарды аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Борбордун начальниги дайыма иштеген суучулдар квалификациялык комиссиянын төрагасы болуп саналат.
21. Борбор убактылуу же туруктуу негизде келишим (контракт) боюнча аскер кызматчылары, кызматчылар, жарандык персонал адамдар менен толукталат.
22. Борборду жабдуулар жана мүлк менен материалдык-техникалык жактан жабдуу 1-разряддагы суучулдар станциясын жабдуунун ченемдери боюнча жүргүзүлөт, кошумча бир мобилдүү суучулдар станциясы, суучулдар иши үчүн тез жүрүүчү катер, көп функциялуу мобилдүү барокомплекс менен жабдылат.
6. Борбордун Терең суудагы мобилдүү суучулдар станциясы (Издөө-маневр ыкчам тобу)
23. Терең суудагы мобилдүү суучулдар станциясы (мындан ары - суучулдар станциясы) - Борбордун негизги курамдык түзүүчү элементи болуп саналат жана төмөндөгүлөрдү аткарууга багытталат:
- стратегиялык маанилүү гидротехникалык объекттерде атайын суу алдындагы техникалык иштерди; республикадагы гидротехникалык курулуш жана курулмаларды, башка суу объекттерин эксплуатациялоо жаатындагы долбоорлоо-технологиялык иштеп чыгуу жана инжиниринг жумуштарын аткарууга;
- бардык гидротехникалык курулмаларды, суу транспортунун, суу чарбасынын, жаратылышты пайдалануунун объекттерин курууда, реконструкциялоодо, кеме токтоочу курулмаларды жана республиканын көлмөлөрүнүн акваториясындагы башка өнөржай жарандык имараттарынын жана курулмаларды курууда суу алдындагы техникалык иштерди аткарууга;
- дарыялардын, көлдөрдүн жана суу сактагычтардын нугун тазалоо жана текшерүү, көлмөлөрдөгү адамдар көп эс алуучу жерлерде коопсуздуктун айландыра тосуучу белгилерин, буйларын орнотуу боюнча атайын суу алдындагы жумуштарды аткарууга.
24. Суучулдар бекетинин негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын бардык гидротехникалык курулмаларында, суу транспортунда жана суу объекттеринде бардык зарыл болгон суу алдындагы техникалык жумуштарды даярдоо жана аткаруу;
- издөө-куткаруучу, авариялык-калыбына келтирүүчү, оңдоо иштерин бардык суу объекттеринде жана акваторияларда уюштуруу жана өткөрүү;
- ведомстводон сырткаркы, коомдук, жеке ыктыярдуу жана башка куткаруу бекеттерин, постторду түзүү (зарыл санда), алар менен суудагы адам өмүрүн сактоо боюнча биргелешкен иш жүргүзүү шарттарын иштеп чыгуу боюнча уюштуруу жана техникалык иш-чараларды өткөрүү;
- ШКУ, ЖККУ, КМШга катышкан мамлекеттердин жана башка мамлекеттердин адистеринин катышуусу менен 100 метрге чейин жана андан да тереңдикте техникаларды жана терең сууга түшүүлөрдү сыноо жана биргелешкен машыгууларды өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында издөө-куткаруу операцияларына катышуу жана суу алдындагы, суу алдындагы техникалык жана инженердик өтө татаал жумуштарды, анын ичинде келишимдик негизде да аткаруу;
- жарандардын эс алуусу үчүн пайдалануучу көлмөлөрдүн жана акваториялардын түбүн текшерүү жана тазалоо;
- көлмөлөрдүн сууга түшүүгө кооптуу жерлерин жана участокторун белгилөөчү тосмо буйларды жана башка белгилерди орнотуу жана алуу боюнча мезгилдүү жумуштарды аткаруу;
- иштердин адистигинин 1, 2 жана 3 тобу боюнча суучулдар станциясынын персоналын даярдоо, суучулдар иши боюнча чеберчилигин жана көндүмдөрүн жогорулатуу, суу астындагы-техникалык жана башка бардык иштердин түрлөрүн сапаттуу аткаруу, суучулдар иштерин аткаруу жөнүндө өз убагында отчетторду берүү;
- жер-жерлерде жана республиканын аймагында менчигинин түрүнө карабастан көлмөлөрдүн акваторияларында ведомстводон тышкаркы, коомдук, ыктыярдуу, жеке жана башка 1, 2, 3-разряддагы куткаруу станцияларынын тармагын жана куткаруу постторун өнүктүрүү боюнча туруктуу ишти уюштуруу;
- Борборго жүктөлгөн башка милдеттер жана функциялар.
25. Суу объекттеринде, гидротехникалык курулмаларда өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү элементи болуп Борбордун ыкчам издөө-маневр тобу саналат.
Борбордун Ыкчам издөө-маневр тобу суудагы өзгөчө кырдаалдардын бардык түрлөрүнө атайын тез чара көрүүнүн, өзгөчө оор шарттардагы суучулдар иштеринде суучул-куткаруучуларга жардам берүүнүн, Кыргыз Республикасынын гидротехникалык курулмаларын суучул изилдөөнүн түздөн-түз милдеттерин, функцияларын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен ӨКМдин өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда дароо чара көрүүнү талап кылган башка милдеттерин аткарат.
7. Борбордун билим берүү иши
26. Суучулдар иши боюнча билим берүү ишинин элементи болуп даярдалган персонал жана Борбордун стационардык окуу комплекстери, окуу-машыгуучу базалары жана полигону (мындан ары - Суучулдар мектеби) эсептелет.
Суучулдар мектеби атайын кошумча билим берүү, суучулдар ишинин 1, 2, 3-топтогу адистиктердин суучулдар иши, суучул-куткаруучу иши, техникалык, ышкыбоздук жана спорттук дайвинг боюнча тиешелүү күбөлүктү жана суучулдун квалификациялык китепчесин кошо берүү менен адистерди даярдоо (кайра даярдоо) жана квалификациясын жогорулатуу боюнча түздөн-түз милдеттерди аткарат. Адистерди даярдоо КР ӨКМ тарабынан бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан макулдашылган окуу пландары жана окутуу программалары боюнча ишке ашырылат. Адистерди окутуу, башка ведомстволор жана экономиканын коомдук, жеке объекттери, куткаруу станциялары, посттор үчүн окуу жыйындары алардын суроо-талаптары боюнча акы төлөнүүчү жана келишимдик негизде ишке ашырылат.
27. Суучулдар мектебинин негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- үзгүлтүксүз окутуу цикли жана өндүрүштөн ажыратуу менен суучулдар иши боюнча адистерди - суучул адистерди, 3, 2, 1-класстагы, 1, 2, 3-топтогу адистиктердин суучулдарын, суучул-куткаруу ишинин адистерин - 3, 2 жана 1-класстагы мастерди, сууга кирүү жана суучулдар ишинин жетекчилерин, дайвингдин түрлөрү боюнча адистерди даярдоо жана окутуу боюнча окуу процессин уюштуруу;
- 1, 2, 3-топтогу адистиктердин "суучулдар иши" адистиги, "суучул-куткаруучу иши", "дайвинг", "суу астындагы-техникалык иштер", "авариялык-суу астындагы иштер", "гидротехникалык курулмалардын плотиналарынын экспертизасы", "суу астындагы ширетүүнүн негиздери" адистигинин бардык сабактары боюнча окуу пландарын, окуу жумушчу программаларын иштеп чыгуу жана бекитүү;
- окуу, методикалык, илимий-техникалык жана башка адабияттарды, видеофильмдер, диафильмдер, куткаруу кызматы боюнча плакаттар үчүн материалдарды иштеп чыгуу, суудагы коопсуздуктун чаралары жана үгүттөө боюнча баракчаларды, эстеткичтерди, ачык каттарды, маркаларды жана башка адабияттарды басып чыгаруу жана калк арасында жайылтуу;
- суучулдар ишинин, дайвингдин бардык адистеринин, менчигинин түрүнө карабастан куткаруу станцияларынын жана посттордун суудагы куткаруучуларынын квалификациясын ырастоо жана жогорулатуу, аттестациядан өткөрүү боюнча окуу тематикасын жана жыйымдарды өткөрүү программасын иштеп чыгуу;
- менчигинин түрүнө карабастан бардык кызыкдар ведомстволор жана уюмдар үчүн алардын суроо-талаптары боюнча суучулдар ишинин адистерин окутуу;
- тейленүүчү объекттер жана аймактар боюнча долбоорлорду жана чечимдерди ишке ашыруу үчүн болжолдонгон экспертизаны өткөрүүгө катышуу, суучулдар тематикасы, суу объекттеринин, гидротехникалык курулмалардын плотиналарынын коопсуздугу боюнча эксперттик ишти уюштуруу;
- суучулдар техникасынын, авариялык-куткаруучу каражаттардын, жетектөөчү, ченемдик жана техникалык документтердин, стандарттардын, ченемдердин жана эрежелердин жаңы үлгүлөрүн иштеп чыгууга катышуу;
- борбордук суучулдар квалификациялык комиссиясынын ишин түздөн-түз уюштуруу жана ишке ашыруу, суудагы куткаруучуларга, Кыргыз Республикасындагы суучулдар иши боюнча бардык адистерге, дайвинг боюнча адистерге уруксат берүү, квалификациясын ырастоо жана жогорулатуу;
- менчигинин түрүнө жана тиешелүүлүгүнө карабастан 1, 2, 3-топтогу адистиктердин суучулдар иши боюнча адистерин, суудагы, дайвингдеги куткаруучуларды аттестациядан өткөрүү, квалификациясын ырастоо, жогорулатуу үчүн ар жылкы республикалык жыйымдарды уюштуруу жана өткөрүү;
- жээктеги куткаруу станциялары (посттору) үчүн суудагы ыктыярдуу куткаруучуларды даярдоонун кыскача программасы боюнча көчмө окууларды өткөрүү менен квалификациялуу кадрларды тандап алууну ишке ашыруу;
- Борбордун ишинин максаттарына ылайык ар кандай эл аралык жана башка өкмөттүк эмес уюмдар менен финансылык жана материалдык каражаттардын фонддорун түзүүгө катышуу;
- Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча экономика объекттерин, уюмдарды, мекемелерди, окуу жайларын жана жарандарды маалыматтык тейлөө боюнча жумуштарды уюштуруу;
- Борбордун ишине ылайык келүүчү башка милдеттер жана функциялар.
28. Илимий, илимий-изилдөө иштерин жана окуу-методикалык милдеттерди аткаруу үчүн Суучулдар мектеби Кыргыз Республикасынын Улуттук академиясынын, Кыргыз Республикасынын илимий-изилдөө институтунун, Илимий-техникалык борбордун, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын илимий жамааттары менен иштерди уюштурат. Окуу милдеттери боюнча негизги өз ара аракеттенүү ишти айкалыштыруу жана КР ӨКМдин, Кыргыз-Россия Славян университетинин материалдык-техникалык жана окуу-материалдык базасын, анын ичинде келишимдик негизде биргеликте пайдалануу менен Кыргыз-Россия Славян университетинин жана КР ӨКМдин "Өзгөчө кырдаалдагы коргонуу" кафедрасы менен ишке ашырылат.
8. Борборду медициналык камсыздоо
29. Борборду медициналык камсыздоонун, суучулдар ишинин бардык адистерин жана суудагы куткаруучуларды реабилитациялоонун элементи болуп мобилдүү медициналык барокомплекс жана стационардык ден соолукту чыңдоо комплекси (мындан ары - медициналык комплекс) бар даярдалган медициналык кызматкер эсептелет.
Борбордун медициналык комплекси суучулдардын бардык сууга кирүүлөрүн атайын медициналык коштоо боюнча түздөн-түз милдеттерди жана функцияларды аткарат, мобилдүү медициналык барокомплексти жана стационардык ден соолукту чыңдоо комплексин пайдалануу менен борбордук суучулдар медициналык комиссиясынын, медициналык күбөлөндүрүүнүн ишин, анын ичинде келишимдик негизде уюштурат.
Борбордун медициналык комплекси суучулдар ишинин медицинасы боюнча илимий жана эксперттик иштерди уюштурат жана өткөрөт. Билим берүү процессинде "Суучулдар ишинин физиологиясы, гигиенасы жана медициналык камсыздоосу" окуу программасынын толук курсун уюштурат жана окутат.
9. Борборду каржылоо
30. Борбордун ишин финансылык камсыздоо төмөнкүлөрдүн эсебинен ишке ашырылат:
- КР ӨКМдин тиешелүү жылга бекитилген бюджетинин каражаттарынын;
- гранттардын, демөөрчүлүк жардамдын жана Борбордун материалдык-техникалык, окуу-материалдык базасын жана атайын камсыздоону жакшыртуу үчүн түшкөн башка каражаттардын;
- мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн каражаттардын;
- Борбордун адистери тарабынан суу алдындагы техникалык жана башка суу алдындагы инженердик жумуштарды аткаруудан, акваториялардын түбүн тазалоодон, буйларды жана тосмолорду орнотуудан жана менчигинин түрүнө карабастан экономикалык субъекттер менен келишим боюнча башка суучулдук иштерден түшкөн каражаттардын;
- төгүмдөрдүн, кайрымдуулуктун, ар кандай адабияттарды, маркаларды, баракчаларды, эскерткичтерди басып чыгаруунун жана жайылтуунун, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын.
31. Борбордун финансылык иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле КР ӨКМдин ченемдик актыларына ылайык ишке ашырылат.
10. Борбордун мүлкү
32. Борбордун мүлкүн негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген жана Борбордун балансында чагылдырылган материалдык баалуулуктар түзөт.
11. Кайра уюштуруу жана жоюу
33. Борборду кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык ишке ашырылат.
34. Борбордун иши токтотулган учурда анын уюштуруу жана архивдик документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылууга жана сакталууга тийиш.