Загрузка документа…
|
| 7-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245, 2022-жылдын 31-майындагы № 293, 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 515, 2023-жылдын 31-июлундагы № 376 , 2024-жылдын 15-мартындагы N 116 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (мындан ары - Министрлик) актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, жамааттык келишимди, Ишкананын локалдуу актыларын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
3-1. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Министрлик эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ишкананын фирмалык толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Инфоком" при Министерстве цифрового развития Кыргызской Республики";
- англис тилинде: "The State Enterprise "Infocom" under the Ministry of Digital Development of the Kyrgyz Republic".
Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Инфоком" МИ;
- расмий тилде: ГП "Инфоком";
- англис тилинде: SE "Infocom".
5. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак статусуна ээ, ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлккө ыкчам башкарууну жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы менен мөөргө, штампка, бланктарга, логотипке жана башка атрибутикага ээ, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
6. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде аракеттенет, өз алдынча баланска ээ, келишимдерди түзүүгө жана бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык милдеттерди алууга укуктуу.
7. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чолпон-Ата көч., 2.
Ишкана филиалдарды жапа өкүлчүлүктөрдү түзүүгө, аларга белгиленген тартипте өткөрүп берүү жолу менен мүлктүн бир бөлүгүн ыйгарууга укуктуу.
2. Ишкананын максаттары, милдеттери жана функциялары
8. Ишкананын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволор аралык жана мамлекеттер аралык электрондук өз ара аракеттенүүсүн камсыздоочу маалыматтык системаларды, ресурстарды, маалыматтар базаларын камтыган Кыргыз Республикасынын маалыматтык-коммуникациялык инфратүзүмүнүн бирдиктүү комплексин калыптандыруу;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) мамлекеттер аралык жана ведомстволор аралык, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине кирүүсүнө жана башка эл аралык бирикмелерге катышуусуна байланышкан маалымат алмашууну жүзөгө ашыруу;
4) мамлекеттик маанидеги документтерди,мамлекеттик катто белгилерин бекитилген технологияга жана стандартка ылайык өз убагында жана сапаттуу тариздөө жана даярдоону уюштуруу;
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Ишкананын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, юридикалык жана жеке жактарга маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин сунуштоо, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн натыйжалуу жана үзгүлтүксүз берүүнү камсыздоо;
2) өз компетенциясынын чегинде, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында маалыматтык системалардын, ресурстардын, маалыматтар базаларынын ведомстволор аралык жана мамлекеттер аралык электрондук өз ара аракеттенүүсүн түзүү, интеграциялоо жана уюштуруу;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык-коммуникациялык инфратүзүмүн өнүктүрүү жана тейлөө;
4) мамлекеттик жана муниципалдык, анын ичинде эл аралык маалыматтык системаларга интеграцияланган маалыматтык системаларды, ресурстарды жана маалыматтар базаларын түзүү, коштоо жана иштешин камсыздоо;
5) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7) электрондук кол тамга, электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, мамлекеттик маанидеги документтер жана мамлекеттик каттоонун номердик белгилери чөйрөсүндөгү долбоорлорду иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү;
8) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коомго жүктөлгөн башка милдеттерди ишке ашыруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Ишкананын функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, байланыш жана электрондук кол тамга чөйрөсүндөгү ишти камсыздоо боюнча функциялар:
- Министрликке Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш чөйрөсүндөгү бирдиктүү саясатты ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
- маалымат алмашуу максатында эл аралык, улуттук жана эки тараптуу долбоорлорду даярдоонун жана ишке ашыруунун алкагында программалык-аппараттык каражаттарды жана телекоммуникациялык жабдууларды, анын ичинде Кыргыз Республикасы колдонуучу жабдууларды коштоп жүрүү боюнча маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүү;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- маалыматтык-коммуникациялык инфратүзүмдү, телекоммуникациялык тарамды, техникалык каражаттарды жана электрондук башкаруу системаларын долбоорлоо, иштеп чыгуу, монтаждоо, коштоо, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча ишти жүзөгө ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсү үчүн локалдык жана глобалдык маалымат сактагычтарды түзүү;
- электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык долбоорлонуучу, иштелип чыгып жаткан, ишке киргизилип жаткан техникалык каражаттардын жана маалыматташтыруу системаларынын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо боюнча ишти жүргүзүү;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын маалыматтык системаларын, ресурстарын, маалыматтар базаларын иштеп чыгуу, ишке киргизүү, коштоо жана өнүктүрүү;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларында, ресурстарында, маалыматтар базаларында жана банктарында эксплуатациялануучу программалык-аппараттык каражаттардын жана телекоммуникациялык жабдуулардын техникалык талаптарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маалыматтык системаларын, ресурстарын, маалыматтар базаларын жана банктарын түзүү, өнүктүрүү, ишке киргизүү, эксплуатациялоо жана эксплуатациялоодон чыгаруу тартибине коюлган талаптарга шайкеш келүүсүнө корутундуларды берүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларынын, ресурстарынын, маалыматтар базаларынын ээлерине методологиялык колдоо көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларын, ресурстарын, маалыматтар базаларын жана банктарын байланыш каналдары менен камсыздоо;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү техникалык тапшырмалардын, техникалык шарттардын долбоорлорун жана башка долбоорлоо документтерин иштеп чыгуу жана экспертизалоо;
- автоматташтырылган маалыматтык системаларды камсыздоонун заманбап каражаттарын тестирлөө жана ишке киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, башка юридикалык жактар үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш чөйрөсүндөгү долбоорлорду иштеп чыгуу, ишке ашыруу, эксплуатациялоо, башкаруу жана коштоо;
- маалыматтардын ири көлөмдөрүн сактоо жана иштеп чыгуу үчүн долбоорлорду долбоорлоо жана ишке ашыруу;
- электрондук башкаруу жана электрондук кол тамга чөйрөсүндөгү программалык-аппараттык чечимдерди ишке киргизүү;
- документтерди нукка салынган сканерлөө жана киргизүү, электрондук архивдерди түзүү;
- күбөлөндүрүүчү борбордун базасында жеке жана юридикалык жактардын кол тамгалар ачкычтарынын берилген сертификаттарынын реестрин жүргүзүү;
- күбөлөндүрүүчү борбордун базасында жеке жана юридикалык жактарга электрондук санариптик кол тамганын ачык ачкычынын сертификаттарын берүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш тармагындагы окутууларды, маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү жана консультация берүү кызматтарын көрсөтүү;
- Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча конференцияларды, семинарларды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды уюштуруу;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, электрондук башкаруу, электрондук кол тамга, мамлекеттик маанидеги документтер жана мамлекеттик каттоонун номердик белгилери жаатындагы илимий-изилдөө жана инновациялык ишти жүргүзүү;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш чөйрөсүндөгү иштин артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу үчүн чет өлкөдөн инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтүү;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, электрондук башкаруу, электрондук кол тамга жаатындагы ченемдик укуктук актыларды, жоболорду, нускамаларды, стандарттарды жана коюлуучу талаптарды, мамлекеттик маанидеги документтерди жана мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин иштеп чыгууга катышуу;
- мамлекеттик башкаруу органы жана анын ведомстволук бөлүмдөрү үчүн маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, ишке киргизүү, техникалык коштоо жана модернизациялоо;
- "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган транспорт агымы, видеобайкоо маалыматтары жана Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар жөнүндө комплекстүү маалыматты күнү-түнү, автоматтык түрдө, үзгүлтүксүз берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү.
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча функциялар:
- Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мамлекеттик маалыматтык системалардын жана маалыматтык технологиялардын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдары менен мамлекеттик маалыматтык системалардын, ресурстардын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо, алардын бүтүндүгү, жеткиликтүүлүгү жана купуялуулугу, маалыматтык технологияларды мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында колдонуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүү;
4) техникалык оператордун милдеттерин аткаруу боюнча функциялар:
- Кыргыз Республикасынын ишеним артылган үчүнчү тарабынын Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоосу;
- Кыргыз Республикасынын башкы (түпкү) күбөлөндүрүүчү борборунун үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо;
- маалыматтарды иштеп чыгуу мамлекеттик борборунун (булут сактагычынын) үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо;
5) өндүрүштүк ишти камсыздоо функциялары:
- жекелештирилген, идентификациялоочу жана мамлекеттик маанидеги башка документтердин үлгүлөрүн долбоорлоону уюштурууну, өндүрүүнү, жекелештирүүнү жана даярдоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу;
- так отчеттуулуктун адистештирилген бланктарын сактоо жана жеткирүү;
- транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин даярдоо;
- автотранспорт каражаттары үчүн сандардын жана/же тамгалардын өзгөчө комбинациясы менен мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин, ошондой эле энчилүү номердик белгилерди сатуу;
- полиграфия кызматтарын көрсөтүү, мөөрлөрдү, маалымат карталарын (SMART) даярдоо;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын милдеттерин аткарууну камсыз кылуучу башка функцияларды ишке ашыруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 , 2024-жылдын 15-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
11. Ишкана ушул Устав менен аныкталган өзүнүн милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) юридикалык жана жеке жактардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте материалдык ресурстарды, мүлктү сатып алууга;
2) Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдары менен мамлекеттик маалыматтык системалардын, ресурстардын, маалыматтар базаларынын коопсуздугун камсыздоо, алардын бүтүндүгү, жеткиликтүүлүгү жана купуялуулугу, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында колдонуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүгө;
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, юридикалык жана жеке жактарга кызматтарды белгиленген тартипте көрсөтүүгө;
5) накталай жана накталай эмес эсептешүү аркылуу материалдык ресурстарды, мүлктү, анын ичинде негизги каражаттарды юридикалык жана жеке жактардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сатып алууга;
6) менчик ээсинин макулдугу менен ыкчам башкаруу укугунда ага таандык болгон мүлктү күрөөгө берүүгө;
7) юридикалык жана жеке жактар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эсептешүүлөрдү, анын ичинде накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырууга;
9) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө;
10) коом үчүн жеткиликтүү контакт-борборлорду жана колл-борборлорду түзүүгө;
11) Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чектеринен тышкары филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүүгө;
12) Кыргыз Республикасында жана анын чектеринен тышкары юридикалык жана жеке жактардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коммерциялык жана башка негизде алынган кредиттик каражаттарды колдонууга;
13) жарнама берүүчү болууга;
14) Министрлик жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча аткарылуучу иштерге жана көрсөтүлүүчү кызматтарга карата акы төлөө өлчөмдөрүн бекитүүгө;
15) менчик ээсинин макулдугу менен ага ыкчам башкаруу укугунда таандык болгон жабдууну, транспорт каражаттарын, инвентарды жана башка материалдык баалуулуктарды юридикалык жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижарага берүүгө, акысыз убактылуу пайдаланууга берүүгө;
16) Кыргыз Республикасынын аймагында жаңы муундагы заманбап телекоммуникациялык тарамын түзүүгө жана аларды коммуникациялардын дүйнөлүк тарамына интеграциялоого;
17) Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чектеринен тышкары керектөөчүлөргө телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүгө;
18) телекоммуникациялардын шаар аралык жана эл аралык тарамдарынын оператору катары башка мамлекеттердин, керектөөчүлөрдүн, эл аралык уюмдардын байланыш администрациялары менен иш алып барууну электр байланышынын эл аралык регламентине, төмөнкүлөр үчүн эсептешүүлөрдү жүргүзүү укугу менен жүзөгө ашырууга:
- байланыштын магистралдык жана эл аралык линияларын долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо;
- Интернет тарамын пайдаланууга мүмкүндүк берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;
- мобилдик байланыш кызматтарын көрсөтүү;
- маалыматтарды жана билдирүүлөрдү зымсыз берүү кызматтарын ишке киргизүү, эксплуатациялоо;
- байланыштын транкинг системаларын ишке киргизүү жана эксплуатациялоо;
- байланыштын геостационардык спутниктеринин радиожыштык спектрин пайдалануу;
- курулуш-монтаждоо, оңдоп-түзөтүү жана ишке киргизүү-жөндөө иштерин жүргүзүү;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы метрологиялык ишти жүзөгө ашыруу;
- телекоммуникациялык жабдууларды сатуу;
19) электрондук башкаруу инфратүзүмүн түзүү, өзгөртүү жана модернизациялоо боюнча сунуштарды киргизүүгө;
20) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
21) жумушчу жана башка топторду жана комиссияларды түзүүгө;
22) эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын белгиленген тартипте тартууга;
23) Ишкананын кызматкерлерине консультация берүү, окутууларды өткөрүү жана башка максаттар үчүн келишимдердин негизинде адистерди белгиленген тартипте тартууга;
24) Ишкананын кызматкерлерин эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуусу үчүн иш сапарга белгиленген тартипте жөнөтүүгө;
25) зарыл болгон маалыматты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан белгиленген тартипте сурап алууга;
26) компетенциясынын чегинде башка акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ишти жүзөгө ашырууга укуктуу.
13. Ишкана ушул Уставда аныкталган өзүнүн милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өз функцияларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Ишкананын жамааттык келишимине, локалдуу актыларына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык аткарууга;
2) салык органдарына Ишкананын отчетторун өз убагында берүүгө жана салыктарды Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталуучу тартипте жана өлчөмдөрдө төлөөгө;
3) ыкчам башкарууга өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоого;
4) Ишкананын бардык кызматкерлери менен түзүлгөн келишимдерге ылайык толук эсептешүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Ишкананын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктары жана милдеттери болушу мүмкүн.
15. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды, анын ичинде Ишканада иштөөсүн токтоткондон кийин да, мамлекеттик жашыруун жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилдин аралыгында сактоого, кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда алынган, жарандардын жеке жашоосуна, абийирине жана кадыр-баркына тиешелүү болгон маалыматтарды купуя сактоого милдеттүү.
16. Ишкана кызматкерлердин жыл сайын акы төлөнүүчү өргүүлөрүнүн узактыгын Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык өз алдынча аныктайт.
4. Ишкананы башкаруу
17. Ишкананын ишин жалпы координациялоону Министрлик жүзөгө ашырат.
18. Ишкананын ишине жалпы жетекчиликти Ишкананын директору жүзөгө ашырат.
19. Ишкананын директору квалификациялык талаптарга ылайык келген, Министрлик сунуш кылган талапкерлердин ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат. Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу Министрлик менен макулдашуу аркылуу, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ишкананын директору жүктөлгөн иш милдеттерин талаптагыдай аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат жана ушул Уставдын жана эмгек келишиминин негизинде аракеттенет.
Ишкананын директору ээлеген кызматынан төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
- Ишкананын жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту кароонун натыйжалары боюнча канааттандырарлык эмес баа алса;
- иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаса;
- эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаса же талаптагыдай эмес аткарса;
- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлоого алып келген квалификациялуу эмес аракеттери үчүн;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 515, 2023-жылдын 31-июлундагы № 376 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
20. Ишкананын директору:
1) Ишкананын өндүрүштүк, финансылык-экономикалык жана чарбалык ишине жалпы жетекчилик кылат;
2) Ишкананын бюджетин иштеп чыгууну жана белгиленген тартипте Министрлик менен макулдашууну камсыздайт;
3) Ишкананын финансылык каражаттарын жана башка мүлкүн өз ыйгарым укуктарынын чегинде тескейт;
4) өз ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын атынан жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасайт;
5) ишеним каттарды берет;
6) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында аныкталган тартипте кызматкерлерди жалдайт;
7) ыкчам, бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну уюштурат, анын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат;
8) өз компетенциясынын чегинде Ишкананын ишинин маселелери боюнча буйруктарды чыгарат;
9) ишеним катсыз Ишкананын кызыкчылыктарын соттордо, ишканалар жана мамлекеттик органдар, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар менен болгон өз ара мамилелерде билдирет;
10) финансылык абал, эсепке алуу жана отчеттуулук, иш кагаздарын жүргүзүүнүн абалы, иштеги финансылык бузуулар үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
11) Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгуучу жана Министрлик бекитүүчү Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууну камсыздайт;
12) тармактык саясаттын маселелери боюнча Министрликтин чечимдерин аткарууну камсыздайт;
13) келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчетту, анын ичинде Ишкананын өткөн жылдагы бюджетин аткаруу тууралуу отчетту Министрликке макулдашууга киргизет;
14) Ишкананын ишине байланышкан башка маселелерди чечет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293, 2023-жылдын 31-июлундагы № 376 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
21. Төмөнкүлөр Ишкананын директору, директордун орун басарлары жана башкы бухгалтери боло албайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, коррупциялык же мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчисинин кызматынан мурда бошотулган адамдар;
4) менчигинин түрүнө карабастан чарба субъектисинде жетекчилик кызмат орундарын мурда ээлеген жана аны банкроттукка алып келген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
22. Ишкананын директору, директордун орун басарлары жана башкы бухгалтер кызмат ордун ээлеген мезгил ичинде бир эле убакта жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик ишин жүргүзүүгө, алардын уюштуруу-укуктук жана менчигинин түрүнө карабастан, коммерциялык юридикалык жактарды башкаруу ишине катышууга укугу жок.
23. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, директорго түздөн-түз баш иет, ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктардан пайдаланат.
24. Ишкананын кызматкерлери Ишкананын штаттык ырааттамасына ылайык Ишкананын директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызмат орундарынан бошотулат.
Ишкананын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо жана камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери жана Ишкананын жамааттык келишиминин жоболору менен жөнгө салынат.
25. Ишкананын түзүмү жана штаттык ырааттамасы мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Ишкананын кирешелеринин жана чыгашаларынын жылдык бюджети Министрлик менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Ишкананын штатында Ишкананын директорунун төрт орун басарынын кызмат орундары каралган, алар Ишкананын директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Директордун орун басарларынын бири Ишкананын директору жок учурда Ишкананын директорунун милдеттерин аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Ишкананын директорунун орун басарлары өз ыйгарым укуктарын Ишкананын директору бекитүүчү милдеттерге ылайык жүзөгө ашырат.
29. Ишкананын кызматкерлери электрондук башкаруу, электрондук кол тамга, жеке мүнөздөгү маалымат жана киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларга кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарга жетүү мүмкүндүгүнө ээ болушат жана аны ачыкка чыгаргандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
5. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
30. Ишкана өз ишин Министрлик менен макулдашылган жылдык иш планынын жана кирешелер жана чыгашалар бюджетинин негизинде, ошондой эле Министрликтин стратегиясынын алкагында Министрлик тарабынан бекитилген үч жылдык мезгилге иштелип чыгуучу Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын негизинде жүзөгө ашырат. Ишкананын жылдык жана учурдагы иш пландарын Ишкананын жамааттык келишиминин жоболорун эске алуу менен Ишкананын директору бекитет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Ишкана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жүргүзөт.
32. Ишкана финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетторун Министрликке белгиленген тартипте берет.
33. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматты жыйноонун жана иштетүүнүн жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматты берет.
34. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалыматты бергендиги же аны бурмалагандыгы үчүн, ошондой эле отчеттуулукту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
35. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик контролдоочу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
36. Ишкана жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөрдү бекитүү үчүн киргизет:
- Министрлик менен макулдашылган келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун;
- финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө, анын ичинде Ишкананын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетту.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
361. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган 20-мартка чейинки мөөнөттө төмөнкүлөрдү бекитет:
- келерки жылга Ишкананын бюджетин;
- финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө, анын ичинде Ишкананын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетту;
- Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгы боюнча ушул жылда республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн жана келерки жылга республикалык бюджетке чегериле турган таза пайданын бөлүгүнүн пландуу маанисин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
37. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Ишкананын мүлкү
38. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
39. Ишкананын кирешелерин жана мүлкүн түзүүчү булактар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
2) ыкчам башкарууда турган мүлк;
3) гранттар, банктардын кредиттери жана башка кредиторлордон алынган кредиттер;
4) эл аралык уюмдардын, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
5) өздүк мүлкүн пайдалануудан алынган пайда;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кирешелер.
40. Ишкананын мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана өзүнө бекитилип берилген мүлккө ээлик кылуу, аны пайдалануу жана тескөө укуктарын Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген чектерде жүзөгө ашырат.
41. Ишкананын алган кирешелери, ошондой эле ушул кирешелердин эсебинен сатылып алынган мүлк Ишкананын өз алдынча тескөөсүнө келип түшөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат.
411.Ишкана жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары боюнча алынган таза пайданын бөлүгүн төмөнкүлөргө багыттайт:
- Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууга;
- Ишкананын чарбалык-материалдык инфратүзүмүн өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө, анын ичинде имараттарды, жайларды курууга жана капиталдык оңдоого, сервердик аппараттык-программалык комплекстерди, заманбап программалык камсыздоону сатып алууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293, 2023-жылдын 31-июлундагы № 376 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
42. Ишкананы кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
43. Ишкананын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча токтотулушу мүмкүн.
44. Ишкананын ишинин жүрүшүндө келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.