Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-декабрындагы № 313 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-февралы № 67
Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-январындагы № 14, 2020-жылдын 16-декабрындагы № 613 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Аскер багытындагы товарларды жүгүртүүнү жөнгө салуу жана контролдоо боюнча тийиштүү чараларды көрүү максатында, "Кыргыз Республикасында тышкы соода иштерин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2021-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-январындагы № 14, 2020-жылдын 16-декабрындагы № 613 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 67 токтомунун 2-п. ылайык берилген Убактылуу жобо 2020-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат
|
| Тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 67 токтому менен бекитилген |
Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-январындагы № 14, 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө ушул Убактылуу жобо (мындан ары - Жобо) куралдарды жана аскердик техниканы, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукцияларды Кыргыз Республикасына импорттоодо, анын ичинде Кыргыз Республикасына убактылуу импорттоодо жана убактылуу экспорттоодо лицензия берүү тартибин белгилейт, алар контролдонууга тийиш, ошондой эле лицензия боюнча ишке ашырылат.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
билдирүүчү - лицензия алуу үчүн лицензиялоочу органга кайрылган юридикалык жак же жеке ишкер;
акыркы пайдалануучунун сертификаты - ташылып келген аскер багытындагы продукция билдирилген максаттарда гана колдонула тургандыгы, ошондой эле экспорттоочу чет элдик мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын уруксатысыз үчүнчү өлкөлөргө экспорттолбой тургандыгы жөнүндө кыргыз импорттоочунун милдеттенмесин ырастаган, Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген документ;
лицензия - расмий документ, аны менен анда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде куралдардын, аскердик техникалардын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортуна, экспортуна уруксат берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-январындагы № 14 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Куралдардын, аскердик техникалардын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортуна жана экспортуна лицензия берүү боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Лицензия тышкы соода келишиминде (сатып алуу-сатуу контрактында) камтылган санына, алардын аталыштарына карабастан товардын бир түрүнө берилет.
5. Лицензия берүү үчүн Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарынан, улуттук коопсуздугунан улам, куралдардын, аскердик техникалардын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын экспортунун же импортунун мүмкүндүгү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө коргоо маселесин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бүтүмү негиз болуп эсептелет.
Коргоо маселесин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган билдирүү келип түшкөн күндөн тартып беш иш күндүн ичинде куралдардын, аскердик техникалардын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын экспортунун же импортунун мүмкүндүгү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө билдирүүнү карайт.
6. Лицензиялардын бланктары типографиялык ыкма менен даярдалып, коргоо даражасы, эсептик сериясы жана номери болууга тийиш. Лицензиялардын бланктары так эсептеги документтер болуп эсептелет жана ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык формада таризделет.
7. Куралдардын, аскердик техникалардын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортуна жана экспортуна лицензия алуу үчүн төмөнкүдөй документтер тапшырылууга тийиш:
1) ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык белгиленген формадагы билдирүү;
2) тышкы соода келишими жана (же) ага кошумча тиркеме, эгерде тышкы соода келишими жок болсо, тараптардын ниеттерин тастыктаган башка документтер;
3) салык органына эсепке турганы жөнүндө документтин көчүрмөсү;
4) ишкердиктин лицензиялануучу түрүн жүргүзүүгө лицензиянын көчүрмөсү, эгерде иштин мындай түрү Кыргыз Республикасынын аймагында аларга карата лицензиялоо киргизилген товарларды жүгүртүү менен байланышта болсо;
5) товардын келип чыгышын тастыктаган документтин көчүрмөсү;
6) акыркы колдонуучунун сертификаты (экспорттоодо) - Кыргыз Республикасынан экспорттолгон аскердик багыттагы продукцияларды билдирилген максаттарда гана колдонууга жана аларды Кыргыз Республикасынын макулдугусуз реэкспортторго же үчүнчү өлкөгө берүүгө жол бербөөгө чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын милдеттенмелери камтылган, белгиленген тартипте мыйзамдаштырылган документ;
7) билдирүүнү карап чыгуу жана лицензия берүү үчүн лицензиялык жыйымды төлөгөнүн тастыктаган документ;
8) юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.
Берилген документтердин көчүрмөлөрүнүн ар бир барагы билдирүүчүнүн колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек.
Документтер чет тилде болсо, документтин тексти Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилине которулуп, нотариалдык күбөлөндүрүлүшү керек.
7-1. Акыркы пайдалануучунун сертификатын алуу үчүн тышкы экономикалык иштин катышуучусу Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына төмөнкүдөй документтерди берет:
1) акыркы пайдалануучунун сертификатын алууга арызды;
2) экспорттоочу жана/же акыркы пайдалануучу менен контракттын көчүрмөсүн жана аларды идентификациялоо үчүн түп нускасын;
3) аскердик багыттагы продукциянын техникалык мүнөздөмөлөрү жана аларды колдонуу чөйрөсү жөнүндө маалыматтарды;
4) импорттоочунун кепилдик милдеттенмесин (Кыргыз Республикасында аскер багытындагы продукциянын импорту жөнүндө акыркы пайдалануучунун күбөлөндүрүүсү, ушул продукцияны билдирилген максаттарда колдонуу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатысыз аны Кыргыз Республикасынын аймагында чарбалык иштин башка субъектисине өткөрүп берүүгө жана/же үчүнчү өлкөлөргө реэкспорттоого жол бербөө жөнүндө).
Акыркы пайдалануучунун сертификаты ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-январындагы № 14 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Төмөнкүлөр боюнча лицензия талап кылынбайт:
1) кыргыз өндүрүшүнүн аскердик багыттагы продукцияларын эл аралык көргөзмөлөрдө көрсөтүү (иш-аракетте демонстрациялоо) үчүн ташып чыгууда, анда коргоо иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген көргөзмө экспонаттарынын (көргөзмөдө көрсөтүлө турган аскердик багыттагы продукциялардын үлгүлөрүнүн) номенклатурасы жана саны болушу керек;
2) чет өлкөлүк өндүрүштүн аскердик багыттагы продукцияларын эл аралык көргөзмөлөрдө көрсөтүү (иш-аракетте демонстрациялоо) үчүн ташып келүүдө;
3) сыноо жүргүзүү, окутуу үчүн аскердик багыттагы продукцияларды ташып чыгууда;
4) аскердик багыттагы продукцияларды келишим (контракт, макулдашуу) боюнча милдеттенмелерге ылайык оңдоо же алмаштыруу үчүн ташып чыгууда;
5) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана күч органдарынын муктаждыктары үчүн аскердик багыттагы продукцияларды ташып келүүдө (коргоонун жана улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында).
Ушул пунктта көрсөтүлгөн аскердик багыттагы продукцияларды ташып келүү жана ташып чыгаруу түзүлгөн контракттардын (келишимдердин) негизинде, аскердик-техникалык кызматташуу багыты боюнча Кыргыз Республикасы катышкан, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларды ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин же Аскердик-техникалык кызматташуу жана экспорттук контролдоо боюнча комиссиянын чечимдеринин негизинде ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-январындагы № 14 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Билдирүүчү берген маалыматтарынын тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
10. Лицензия берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкү негиздер боюнча лицензия берүүдөн баш тартууга укуктуу:
1) бул категориядагы субъекттер үчүн ишкердиктин аныкталган түрүн жүзөгө ашырууга мыйзамда каралган тыюу салуу бар болсо;
2) билдирүүчүгө ишкердиктин бул түрү менен иштөөгө тыюу салынган соттун чечими бар болсо;
3) билдирүүчү тарабынан туура эмес же толук эмес маалымат берилсе;
4) билдирүүчү тапшырган документтер ушул Жобонун талаптарына туура келбесе;
5) карап чыгуу жана лицензия берүү үчүн лицензиялык жыйымдар төлөнбөсө.
11. Ушул Жобого ылайык берилген лицензия бажылык жол-жободо жайгаштырууга жана аскердик багыттагы продукцияларга бажылык контролдоо жүргүзүүгө байланыштуу бажылык операцияларды жүргүзүү үчүн зарыл шарт болуп саналат.
12. Лицензиянын колдонуу мөөнөтү билдирүүчүнүн кат жүзүндөгү жүйөлүү кайрылуусунун негизинде бир жолу узартылышы мүмкүн.
Лицензиянын колдонуу мөөнөтүн узартуу жана (же) ага башка өзгөртүүлөрдү киргизүү лицензиар тарабынан, аталган кайрылуу келип түшкөн күндөн тартып, беш иш күндөн ашпаган мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
Колдонуу мөөнөтү аяктаган лицензиялар узартылбайт жана (же) өзгөртүлбөйт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы органдарына берүүгө болбойт.
13. Лицензияны берүү (кайрадан тариздөө, узартуу) үчүн салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамга ылайык бир жолку лицензиялык жыйым алынат.
14. Ушул Жобонун талаптарын бузган жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
|
| Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобого 1-тиркеме |
Форма
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 токтомунун редакциясына ылайык)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА ЖАНА ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ | ||
1. Билдирүүчү (аты-жөнү жана дареги) | 2. Лицензиянын № | |
3. Экспорт/импорт (алды чийилет) | 4. Лицензиянын түрү башкы/бир жолку | |
5. Сатып алуучу/сатуучу (аты-жөнү жана дареги) | 6. Лицензиянын колдонуу мөөнөтү | |
7. Контракт (келишим) | ||
дата | № | |
8. Акыркы пайдалануучу (аты-жөнү жана дареги) | 9. Чыгарылган өлкө | |
10. Алуучунун/сатуучунун өлкөсү | 11. Акыркы пайдалануучу өлкө | |
12. Аты-жөнү жана ЕАЭБ ТЭИ ТН коду | 13. Өлчөө бирдиги | 14. Саны |
15. Төлөм валютасы | 16. Баасы | |
17. Лицензия берүүнүн негизи | ||
18. Кошумча маалымат | ||
19. Эксперт-уюм | 20. Лицензия берген ыйгарым укуктуу адам | |
Аты жөнү _____________________________ | ||
Кызматы _____________________________ | ||
Колу _________________________________ | ||
Мөөр ________________________________ | ||
Берилген күн __________________________ | ||
|
| Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобого 2-тиркеме |
Форма
Куралдарды, аскердик техникаларды, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукцияны импорттоого жана экспорттоого лицензия алуу үчүн АРЫЗ
Лицензиардын аталышы ___________________________________________________________
Билдирүүчү ______________________________________________________________________
АРЫЗ №
Импортко/экспортко лиценция берүүнү өтүнөмүн _______________________________________
Билдирүүчү жөнүндө маалымат: _____________________________________________________
Юридикалык жактын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүгү сериясы _____ № _______ берилген
__________________________________________________________________________________
(ким тарабынан, качан)
Жеке ишкердин паспорттук маалыматы сериясы ______ № ______________________ берилген
(ким тарабынан берилген, качан)
ИУЖК коду |
|
Дареги, телефон |
|
Идентификациялык салыктык коду (ИНН) |
|
Башка маалыматтар (арызды кароо үчүн зарыл маалыматтар көрсөтүлөт) |
|
Продукциянын коду ЕАЭБ ТЭИ ТН |
|
Продукциянын аталышы |
|
Лицензиянын жарактуулук мөөнөтү |
|
Импортер, анын дареги |
|
Импортер мамлекеттин аталышы |
|
Экспортер, анын дареги |
|
Экспортер мамлекеттин аталышы |
|
Продукция арналган өлкө |
|
Продукция чыгарылган өлкө |
|
Контракт (№ жана түзүлгөн датасы) |
|
Билдирүүчүнүн ыйгарым укуктуу адамынын колу |
|
"__" _____________ 2017-ж. | ______________________________ |
|
(дата) | (Колу, М.П.) |
|
________________ № _____ арызга тиркеме | ||||
№ | Товарды сүрөттөө | Саны | Өлчөө бирдиги | |
Наркы | ||||
№ | Товарды сүрөттөө | Саны | Өлчөө бирдиги | |
Наркы | ||||
№ | Товарды сүрөттөө | Саны | Өлчөө бирдиги | |
Наркы | ||||
№ | Товарды сүрөттөө | Саны | Өлчөө бирдиги | |
Наркы | ||||
№ | Товарды сүрөттөө | Саны | Өлчөө бирдиги | |
Наркы | ||||
№ | Товарды сүрөттөө | Саны | Өлчөө бирдиги | |
Наркы | ||||
№ | Товарды сүрөттөө | Саны | Өлчөө бирдиги | |
Наркы | ||||
Бардык барактар | Билдирүүчүнүн ыйгарым укуктуу адамынын аты жөнү | |||
Кызматы | ||||
Колу жана мөөр | Берилген күн | |||
|
| "Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобого 3-тиркеме |
Акыркы пайдалануучунун СЕРТИФИКАТЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-январындагы № 14 токтомунун редакциясына ылайык)
№ _________ сертификат | ||
1. Импорттоочу, анын дареги телефону | 2. Импорттун өлкөсү | |
3. Экспорттоочу, анын дареги телефону | 4. Экспорттун өлкөсү | |
5. Акыркы керектөөчү, анын дареги, телефону жана иштөө жааты | ||
6. Акыркы пайдалануу | ||
7. Продукциянын аталышы жана анын толук мүнөздөмөсү | 8. ТЭИ ТН боюнча продукциянын коду | 9. Төлөө валютасындагы жалпы наркы (миң): Сом АКШ доллары |
10. Сертификатты суратуу үчүн негиз | 11. Өлчөө бирдиги | 12. Саны |
13. 7-пунктта көрсөтүлгөн продукция өлкөнүн муктаждыгы үчүн гана пайдаланылары жана импорттоочу өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын уруксатысыз кайра экспорттолбой тургандыгы ушуну менен ырасталат | ||
14. Ушул документ кол коюлган күндөн тартып алты айдын ичинде экспорттоочу өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына берилүүгө тийиш | ||
15. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы
Аты-жөнү Кызматы Колу М.О. Датасы |
|
|