Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 30-декабры № 636
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Калкка медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү уюштурууну жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө" токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 12-январындагы № 2 (3181) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө" токтомуна киргизилүүчү ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө" токтомунда:
1) аталышындагы жана 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасында" деген сөздөр алып салынсын;
2) жогоруда токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасында:
- Программанын аталышындагы жана 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасында" деген сөздөр алын салынсын;
- 6-пунктунда:
бешинчи жана алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- адистештирилген психиатриялык, онкологиялык, гематологиялык жардамдан тышкары амбулатордук шартта адистештирилген медициналык жардам;
- адистештирилген психиатриялык, онкологиялык, гематологиялык жардамдан тышкары стационардык жардам;";
- төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи жана он экинчи абзацтар менен толукталсын:
"- амбулатордук жана стационардык шарттарда адистештирилген психиатриялык, онкологиялык, гематологиялык жардам;
- паллиативдик жардам.";
- 8-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"кандагы гликирленген гемоглобинди аныктоо (кант диабети менен ооруган бейтаптарга - жылына 1 жолу);
Грам боюнча түсүн өзгөртүү методу менен бактериурияга зааранын анализи (кош бойлуу аялдарга биринчи үч айлыкта);";
- 171-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"171. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк кемтиги менен ооругандарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары тарабынан жүргүзүлөт.";
- 19-пунктунун 2-пунктчасынын төртүнчү абзацы "социалдык" деген сөзгө чейин "ай сайын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 41 - 42-параграфтар менен толукталсын:
"§ 4-1. Амбулатордук жана стационардык шарттарда адистештирилген психиатриялык жардам
241. Амбулатордук шартта адистештирилген психиатриялык жардам төмөнкүлөр тарабынан көрсөтүлөт:
- үй-бүлөлүк медицина борборлору;
- жалпы дарыгерлик практика борборлору;
- үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору;
- психикалык ден соолук борборлору.
242. Лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр жана консультативдик-дарылоо жардамы төмөнкү адистер тарабынан көрсөтүлөт:
- психикалык ден соолук борборлорунун кабыл алуу-диагностикалык жана консультативдик бөлүмдөрүнүн;
- күндүзгү стационарлардын;
- сүйлөө речинин патологиясы бөлүмдөрүнүн;
- психикалык ден соолук борборлорунун алдындагы кризистик борборлордун;
- мобилдүү адистештирилген бригадалардын.
Лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр жана консультативдик-дарылоо жардамы төмөнкүлөргө акысыз көрсөтүлөт:
- психикасынын бузулуусунан жабыркаган адамдарга;
- 18 жашка чейинки курактагы балдарга;
- контракт боюнча кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына (офицерлер, прапорщиктер, старшиналар, сержанттар жана катардагы курам) жана мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына;
- аскердик кызмат өтөөнүн натыйжасында майып болгон интернационалист аскерлерге;
- Чернобыль атомдук электростанциясындагы кыйроонун кесепеттерин жоюунун катышуучуларына жана анын натыйжасында майып болгондорго;
- сот же тергөө органдарынын чечими боюнча баштапкы психиатриялык күбөлөндүрүүдөн, баштапкы соттук-психиатриялык экспертизадан, баштапкы соттук-психологиялык жана баштапкы соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизадан өтүп жаткан адамдарга;
- ай сайын социалдык жөлөкпул алуучу адамдарга.
Адамдардын калган категорияларына, ошондой эле сот же болбосо тергөө органдарынын чечими боюнча кайрадан психиатриялык күбөлөндүрүүдөн, кайрадан соттук-психиатриялык экспертизадан, кайрадан соттук-психологиялык жана кайрадан соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизадан өтүп жаткан адамдарга лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр жана консультативдик-дарылоо жардамы баалардын прейскуранты боюнча медициналык кызматтардын толук наркын төлөө менен көрсөтүлөт.
243. Стационардык шартта адистештирилген психиатриялык жардам психикалык ден соолук борборлору тарабынан көрсөтүлөт.
Психосоматика жана наркология бөлүмдөрүнө госпиталдаштырылган учурлардан тышкары стационарга госпиталдаштырууда психикалык оорулар менен жабыркаган адамдардан кошумча төлөөлөр алынбайт.
Психосоматика жана наркология бөлүмдөрүнө госпиталдаштырууда терапевттик профилдеги кошумча төлөм алынат. Ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 19-пунктуна ылайык жеңилдиктерге укуктары бар экендигине жараша кошумча төлөөнүн дифференцияланган өлчөмдөрү ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 2-тиркемесинде берилди.
"§ 4-2. Амбулатордук жана стационардык шарттарда адистештирилген онкологиялык жана гематологиялык жардам
244. Амбулатордук шартта адистештирилген онкологиялык жана гематологиялык жардам төмөнкүлөр тарабынан көрсөтүлөт:
- үй-бүлөлүк медицина борборлору;
- үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору;
- жалпы дарыгерлик практика борборлору;
- адистештирилген онкологиялык жана гематологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары.
245. Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгерлик практика борборлорунда төмөнкү оорулар менен ооругандарга диспансердик байкоо жүргүзүлөт:
- онкологиялык оорулар менен;
- курч кармаган жана өнөкөт лейкоздор менен;
- гемофилия менен;
- залалдуу лимфомалар менен, анын ичинде лимфогранулематоз менен;
- апластиялык анемия менен;
- миелодисиластикалык синдромдор менен.
Диспаисердик байкоо акысыз жүргүзүлөт.
246. Адистештирилген онкологиялык жана гематологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарында, лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр жана консультативдик-дарылоо жардамы клиникалык-диагностикалык бөлүмдөрдүн адистери тарабынан көрсөтүлөт.
Лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр жана консультативдик-дарылоо жардамы төмөнкүлөргө акысыз көрсөтүлөт:
- каттоодо турган адамдарга;
- 18 жашка чейинки балдарга;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына, Ленинград блокадачыларына, концлагерлердин жашы жете элек туткундарына;
- контракт менен кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына (офицерлер, прапорщиктер, старшиналар, сержанттар жана катардагы курам) жана мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына;
- аскердик кызмат өтөөнүн натыйжасында майып болгон интернационалист аскерлерге;
- Чернобыль атомдук электростанциясындагы кыйроонун кесепетин жоюунун катышуучуларына жана анын натыйжасында майып болгондорго;
- 16 жашка чейинки балдары бар, "үй-бүлөгө көмөк" ай сайын жөлөкпулун алуучу адамдарга;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана эмгектик майып болуунун, кесиптик же жалпы оорунун кесепетинен I топтогу майыптыгы бар адамдарга;
- курч кармаган жана өнөкөт лейкоз менен ооругандарга;
- гемофилия менен ооругандарга;
- залалдуу лимфомалар, анын ичинде лимфогранулематоз менен ооругандарга;
- апластиялык анемия менен ооругандарга;
- миелодиспластикалык синдромдор менен ооругандарга.
Адамдардын калган категорияларына лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр жана консультативдик-дарылоо жардамы баалардын прейскуранты боюнча медициналык кызматтардын толук наркын төлөө менен жүргүзүлөт.
247. Пландуу адистештирилген онкологиялык жардам стационардык шартта адистештирилген онкологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары тарабынан төмөнкүчө көрсөтүлөт:
1) акысыз:
- 18 жашка чейинки курактагы балдарга;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына, Ленинград блокадачыларына, концлагерлердин жашы жете элек туткундарына;
- аскердик кызмат өтөөнүн натыйжасында майып болгон интернационалист аскерлерге;
- Чернобыль атомдук электростанциясындагы кыйроонун кесепетин жоюуга катышкандарга жана анын натыйжасында майып болгондорго;
- 12 айдын ичинде кайталап операцияга жүргүзүүгө жана кайталап нур менен дарылоого муктаж болгон адамдарга;
- мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына.
2) минималдык деңгээлдеги кошумча төлөө шарты менен:
- пенсионерлерге жана 70 жаштан ашкан эмгек ардагерлерине;
- бала чагынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга;
- 16 жашка чейинки балдары бар, "үй-бүлөгө көмөк" ай сайын жөлөкпулун алуучу адамдарга;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана эмгектик майып болуунун, кесиптик же жалпы оорунун кесепетинен I топтогу майыптыгы бар адамдарга;
3) орточо деңгээлдеги кошумча төлөө шарты менен:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камсыздандырылган жарандарга;
- контракт боюнча кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына (офицерлер, прапорщиктер, старшиналар, сержанттар жана катардагы курам);
4) максималдык деңгээлдеги кошумча төлөө шарты менен - адамдардын калган категорияларына.
248. Жеңилдиктерге укуктары бар экендигине, оорунун профилине, стационардык шартта көрсөтүлгөн кызматтын түрүнө жараша кошумча төлөөнүн дифференциялануучу өлчөмдөрү ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 21-тиркемесинде көрсөтүлдү. Оорунун профилине жана көрсөтүлгөн кызматка жараша төмөнкүлөр белгиленет:
- терапевттик профилдеги кошумча төлөөлөр;
- хирургиялык профилдеги кошумча төлөөлөр.
Терапевттик профилдеги кошумча төлөөлөрдүн өлчөмүнө медициналык кызматтардын төмөнкү түрлөрү теңдештирилет:
- саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү аз чыгымдалуучу хирургиялык жана гинекологиялык операциялардын жана манипуляциялардын тизмеси боюнча операциялар жана манипуляциялар;
- хирургиялык жана гинекологиялык профилдеги бөлүмдөрдө операциясыз дарылоо.
Стационардык дарылоодо химиотерапия жана паллиативдик жардам көрсөтүү бөлүмдөрүндө дарыланууда жаткан оорулуулардан кошумча төлөөлөр алынбайт.
249. Онкологиялык оорулуулар үчүн химиялык препараттарды сатып алуу республикалык бюджеттин каражаттарынын, милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
2410. Стационардык шартта план боюнча адистештирилген гематологиялык жардам адистештирилген гематологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары тарабынан төмөнкүчө көрсөтүлөт:
1) акысыз:
- курч кармаган жана өнөкөт лейкоз менен ооругандарга;
- гемофилия менен ооругандарга;
- залалдуу лимфомалар, анын ичинде лимфогранулематоз менен ооругандарга;
- апластиялык анемия менен ооругандарга;
- миелодиспластикалык синдромдор менен ооругандарга.
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына, Ленинград блокадачыларына, концлагерлердин жашы жете элек туткундарына;
- аскердик кызмат өтөөнүн натыйжасында майып болгон интернационалист аскерлерге;
- Чернобыль атомдук электростанциясындагы кыйроонун кесепетин жоюуга катышкандарга жана анын натыйжасында майып болгондорго;
- мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына.
2) минималдык деңгээлдеги кошумча төлөө шарты менен:
Чернобыль атомдук электростанциясындагы кыйроонун кесепетинен жабыр тарткан адамдардын балдарына (18 жашка чейинки);
- пенсионерлерге жана 70 жаштан ашкан эмгек ардагерлерине;
- бала чагынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга;
- ай сайын социалдык жөлөкпул алуучу адамдарга;
3) орточо деңгээлдеги кошумча төлөө шарты менен:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камсыздандырылган жарандарга;
- контракт боюнча кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына (офицерлер, прапорщиктер, старшиналар, сержанттар жана катардагы курам).
4) максималдык деңгээлдеги кошумча төлөө шарты менен - адамдардын калган категорияларына.
2411. Жеңилдиктерге укуктары бар экендигине, оорунун профилине, стационардык шартта көрсөтүлгөн кызматтын түрүнө жараша кошумча төлөөнүн дифференциялануучу өлчөмдөрү ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 22-тиркемесинде көрсөтүлдү.";
- 38-пунктунда:
биринчи абзацындагы "жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык психикалык ден соолук борборунун" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- гипертониялык оору менен ооругандар;";
жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул пунктта көрсөтүлгөн жогоруда саналган оорулуулардын категориялары үчүн үй-бүлөлүк медицина борборлорунун/үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун финансы каражаттарынын отчеттук мезгилде калган суммасынын чегинде жеңилдетилген рецепттерди кошумча жазып берүүгө жол берилет.";
- сегизинчи абзацынын төртүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жеңилдиктер дары каражаттарынын белгиленген базистик баасынын 50 пайызы өлчөмүндө жеңилдиктер берилүүчү гипертониялык оору менен ооругандардан тышкары дары каражаттарынын белгиленген базистик баасынын 100 пайыз өлчөмүндө берилет.";
3) жогоруда аталган Программанын 1-тиркемесинде:
- үстүңкү оң жак бурчундагы "Кыргыз Республикасында" деген сөздөр алып салынсын;
II бөлүмдүн 9-пунктундагы "Психикалык оорулуулар" деген сөздөр "Психикалык бузулуу менен ооругандар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
III бөлүмдүн 3-пункту "Социалдык" деген сөздөн мурда "ай сайын" деген сөздөр менен толукталсын;
4) жогоруда аталган Программанын 2-тиркемесинде:
- үстүңкү оң жак бурчундагы "Кыргыз Республикасында" деген сөздөр алып салынсын;
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Адистештирилген онкологиялык жана гематологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынан тышкары Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарында стационардык шартта медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн кошумча төлөөнүн деңгээли";
5) жогоруда аталган Программа төмөнкүдөй мазмундагы 21 жана 22-тиркемелер менен толукталсын:
|
| "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын 21-тиркемеси |
Адистештирилген онкологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарында стационардык шартта медициналык кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн кошумча төлөөнүн деңгээли
№ | Профили | Кошумча төлөөнүн түрлөрү | Стационарда дарыланууда кошумча төлөөнүн өлчөмү (сом менен) | Күндүзгү стационарда дарыланууда кошумча төлөөнүн өлчөмү (сом менен) |
1 | Терапевттик | Минималдык деңгээл | 1093 | 546 |
Орточо деңгээл | 4198 | 2099 | ||
Максималдык деңгээл | 6613 | 3306 | ||
2 | Хирургиялык | Минималдык деңгээл | 3188 | 1596 |
Орточо деңгээл | 12220 | 3055 | ||
Максималдык деңгээл | 14293 | 4810 |
|
| Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын 22-тиркемеси |
Адистештирилген онкологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарында стационардык шартта медициналык кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн кошумча төлөөнүн деңгээли
№ | Кошумча төлөөнүн түрлөрү | Стационарда дарыланууда кошумча төлөөнүн өлчөмү (сом менен) |
1 | Минималдык деңгээл | 330 |
2 | Орточо деңгээл | 1190 |
3 | Максималдык деңгээл | 4780 |
";
6) жогоруда аталган Программанын 3-тиркемесинде:
- үстүңкү оң жак бурчундагы "Кыргыз Республикасында" деген сөздөр алып салынсын;
- "Айрым ооруларда жеңилдетилген шарттарда дарыкана тармагы аркылуу дары каражаттарын берүүнүн нормалары" таблицасы төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"
4 | Гипертониялык оорулар | Бисопролол, таблеткалар | 3600 мг |