Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 24-декабры № 347
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 616, 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чараларын көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр кайра аталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти болуп;
2) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору болуп.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-пунктунун 35-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"35) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине фитосанитардык коопсуздук функцияларын өткөрүп берүү менен тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат болуп;".
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине 3-тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 1-февралындагы № 13 жарыяланды
Төрага | А.У. Жапаров |
2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын башкаруу СХЕМАСЫ
|
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 616, 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин башкаруу схемасында:
"Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча кызмат" деген сөздөр "Ветеринардык кызмат" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктта:
- 1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 1 жана 2-тиркемелерге ылайык;";
- 3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 5 жана 6-тиркемелерге ылайык;";
- 5-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 10 жана 11-тиркемелерге ылайык;";
- 7-12, 14-16-пунктчалардагы ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 13-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары-дармектерди жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификациялоо боюнча департамент жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 24 жана 25-тиркемелерге ылайык;";
- 19-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 34 жана 35-тиркемелерге ылайык;";
2) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы жөнүндө жобо";
- 1, 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы (мындан ары - Кызмат) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин суу ресурстарын башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуучу мамлекеттик мекемеси жана ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Кызмат Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин укук улантуучусу болуп саналат.";
- 3-пунктта:
"Агенттик" деген сөз "Кызмат" деген сөз менен алмаштырылсын;
", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 4, 6, 7, 9, 10, 16, 19-23-пункттардагы, 2-6-главанын аталышындагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "Агенттик" деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү "Кызмат" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 5-пунктта:
"Агенттик" деген сөз "Кызмат" деген сөз менен алмаштырылсын;
"Экономика жана финансы" деген сөздөр "Финансы" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Кызматтын расмий аталышы:
1) толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы" мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде: "Государственное учреждение "Служба водных ресурсов при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики";
2) кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: "СРК";
расмий тилде: "СВР".";
- 11-пунктта:
биринчи абзацтагы "Агенттиктин" деген сөз "Кызматтын" деген сөз менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацындагы ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 12-пунктта:
биринчи абзацындагы "Агенттик" деген сөз "Кызмат" деген сөз менен алмаштырылсын;
1-пунктчанын экинчи абзацындагы, 2-пунктчанын үчүнчү, төртүнчү абзацтарындагы, 7-пунктчанын экинчи, үчүнчү, бешинчи абзацтарындагы ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
5-пунктчанын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат менен бирге төмөнкүлөрдүн сакталышын белгиленген тартипте контролдойт:";
- 13-пунктта:
биринчи, экинчи, төртүнчү, бешинчи, сегизинчи, тогузунчу, он сегизинчи абзацтарындагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "Агенттик" деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү "Кызмат" деген сөз менен алмаштырылсын;
алтынчы, он үчүнчү абзацтарындагы ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 14, 15, 18-пункттарда:
ар түрдүү жөндөмөдөгү "Агенттик" деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү "Кызмат" деген сөз менен алмаштырылсын;
", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 17-пунктта "министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөр "мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган тартипте министр" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы ушул Өзгөртүүлөрдүн 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
4) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы күчүн жоготту деп таанылсын;
7) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик жер жана суу инспекциясы жөнүндө жободо:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө жобо";
- 1, 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат (мындан ары - Кызмат) Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Кызмат Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик жер жана суу инспекциясынын укук улантуучусу болуп саналат.";
- 3, 12-пункттарда:
"Мамжерсууинспекция" деген сөз "Кызмат" деген сөз менен алмаштырылсын;
", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 4, 6-9, 11, 14-22-пункттарда, 2-6-главалардын аталышында ар түрдүү жөндөмөдөгү "Мамжерсууинспекция" деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү "Кызмат" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кызматтын расмий аталышы:
1) толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба миннстрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат";
- расмий тилде: "Служба по земельному и водному надзору при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики";
2) кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Жерсуукөзөмөл кызматы";
- расмий тилде: "Служба земводнадзора".";
- 10-пунктта:
"Мамжерсууинспекция" деген сөз "Кызмат" деген сөз менен алмаштырылсын;
он төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарына ылайык аны сарамжалдуу пайдалануу максатында жер жана суу фондунун абалына мониторинг жүргүзүүгө.";
- 13-пунктта:
биринчи жана үчүнчү абзацындагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "Мамжерсууинспекция" деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү "Кызмат" деген сөз менен алмаштырылсын;
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кызматтын директорунун орун басары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган тартипте министр тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.";
8) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик жер жана суу инспекциясынын башкаруу схемасы ушул Өзгөртүүлөрдүн 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
9) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти жөнүндө жободо:
- аталышындагы жана 1, 3, 11-пункттардагы ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 2-пунктта "чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин" деген сөздөр ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пунктта "Экономика жана финансы" деген сөздөр "Финансы" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 6-пунктта:
экинчи абзацындагы мамлекеттик тилдеги текстте ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацындагы расмий тилдеги текстте ", водного хозяйства и развития регионов" деген сөздөр "хозяйства" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 9-пункттун 2-пунктчасынын он алтынчы абзацында:
", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
"финансы" деген сөз "коммерция" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 12-пункттагы "Министрликтин статс-катчысынын сунушу боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
10) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 616 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаменти жөнүндө жободо:
- аталышындагы жана 1, 3-пункттардагы ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 2-пункттагы "чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация" деген сөздөр ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пункттагы "Экономика жана финансы" деген сөздөр "Финансы" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 7-пунктта:
экинчи абзацтагы мамлекеттик тилдеги текстинде ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы расмий тилдеги текстинде ", водного хозяйства и развития регионов" деген сөздөр "хозяйства" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 13-пунктта:
биринчи абзацтагы ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы "Министрликтин статс-катчысынын сунушу менен" деген сөздөр алып салынсын;
12) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 616 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
13) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаменти жөнүндө жободо:
- аталышындагы жана 1, 15-пункттардагы ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 2-пункттагы "чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация" деген сөздөр ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пункттагы "Экономика жана финансы" деген сөздөр "Финансы" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 6-пунктта:
үчүнчү абзацтагы мамлекеттик тилдеги текстинде ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацтагы расмий тилдеги текстинде ", водного хозяйства и развития регионов" деген сөздөр "хозяйства" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 17-пункттагы "Министрликтин статс-катчысынын сунушу боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
14) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаментинин башкаруу схемасында:
бүткүл текст боюнча ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
15) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаменти жөнүндө жободо:
- аталышындагы жана 1, 11-пункттардагы ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 2-пункттагы "чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация" деген сөздөр ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пунктта:
экинчи абзацтагы мамлекеттик тилдеги текстинде ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы расмий тилдеги текстинде ", водного хозяйства и развития регионов" деген сөздөр "хозяйства" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 12-пункттагы "Министрликтин статс-катчысынын сунушу менен" деген сөздөр алып салынсын;
16) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментинин башкаруу схемасында:
бүткүл текст боюнча ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
17) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Балык чарба департаменти жөнүндө жободо:
- аталышындагы жана 1, 3, 12-пункттардагы ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 2-пункттагы "чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация" деген сөздөр ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пункттагы "Экономика жана финансы" деген сөздөр "Финансы" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 6-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"6. Департаменттин расмий аталышы:
1) Толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаменти";
- расмий тилде: "Департамент рыбного хозяйства при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики".
2) Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "БЧД";
- расмий тилде: "ДРХ".
Департаменттин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96а.";
- 13-пунктта "статс-катчынын сунушу боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
18) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 616 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
19) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жөнүндө жободо:
- аталышындагы жана 1, 13-пункттардагы ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Департамент Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын фитосанитардык коопсуздук укуктары, милдеттенмелери бөлүгүндө укук улантуучусу болуп саналат.";
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Департаменттин расмий аталышы:
1) толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти" мамлекеттик мекемеси;
- расмий тилде: Государственное учреждение "Департамент химизации, защиты и карантина растений при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики";
2) кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: "ӨХККД";
расмий тилде: "ДХЗКР".";
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- өсүмдүктөрдүн карантинин камсыздоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жеке жана юридикалык жактар тарабынан бузууларды алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу.";
- 11-пункттун 1-пунктчасында:
биринчи абзац "контролдоо" деген сөздөн кийин ", көзөмөлдөө" деген сөз менен толукталсын;
он жетинчи жана он сегизинчи абзацтар "контролдойт" деген сөздөрдөн кийин "жана көзөмөлдөйт" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма биринчи абзац менен толукталсын:
"- өсүмдүктөн алынуучу продукцияларды өндүрүүчүдөн баштап акыркы керектөөчүгө чейин жүгүртүүнүн бардык этаптарында менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар тарабынан өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын сакталышына мамлекеттик карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү жүргүзөт;";
- 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндө табылган бузууларды жоюу боюнча иш-чаралардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө;
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузууга жол берген адамдарды жоопкерчиликке тартууга;";
- 14-пункттагы "Министрликтин статс-катчысынын сунушу боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
20) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин башкаруу схемасында:
бүткүл текст боюнча ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөзгө алмаштырылсын;
21) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык дары-дармектерди, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбор жөнүндө жободо:
- жобонун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары-дармектерди жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификациялоо боюнча департамент жөнүндө жобо";
- 1, 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары-дармектерди жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификациялоо боюнча департамент (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ветеринардык дары-дармектерди жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификациялоо функцияларын жүргүзүүчү ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык дары-дармектерди, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбордун укук улантуучусу болуп саналат.";
- 3, 4, 6, 8, 16, 18-22-пункттарда, 2-8-главанын аталышында түрдүү жөндөмөдөгү "Борбор" деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү "Департамент" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Департаменттин расмий аталышы:
1) толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификациялоо боюнча департамент";
- расмий тилде: "Департамент по регистрации и сертификации ветеринарных лекарственных средств и кормовых добавок при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики";
2) Департаменттин кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: "ВДДТККСБД";
расмий тилде: "ДРСВЛСКД".";
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Департаменттин ишинин максаты ветеринардык дары-дармектердин жана тоют кошулмаларынын сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.";
- 9-пунктта:
экинчи абзацтагы ", тоюттарды" деген сөз алып салынсын;
үчүнчү абзацтагы "Борбордун" деген сөз "Департаменттин" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 10-пункттун үчүнчү-алтынчы абзацтарында түрдүү жөндөмөдөгү ", тоюттар" деген сөз алып салынсын;
- 11-пунктта:
экинчи-бешинчи абзацтарда түрдүү жөндөмөдөгү ", тоюттар" деген сөз алып салынсын;
алтынчы абзацтагы "Борбордун" деген сөз "Департаменттин" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 13-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтарында ", тоюттарды" деген сөз алып салынсын;
- 14-пункттун бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "Борбор" деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү "Департамент" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Департаментти директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.";
- 17-пунктта:
бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Борбор" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "Департамент" деген сөз менен алмаштырылсын;
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ветеринардык дары-дармектердин жана тоют кошулмаларынын каттоо күбөлүктөрүнө жана сертификаттарына кол коёт;";
төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу-он биринчи абзацтар менен толукталсын:
"- Департаменттин кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Департаменттин кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө маселени чечет;
- Департаменттин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды Министрликке киргизет.";
22) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык дары-дармектерди, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбордун башкаруу схемасы ушул Өзгөртүүлөрдүн 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
23) аталган токтом
менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту жөнүндө жободо:
- аталышындагы жана 1, 4, 14-15, 19, 21, 22, 30-пункттардагы ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 2-пункттагы "чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация" деген сөздөр ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пункттагы "Экономика жана финансы" деген сөздөр "Финансы" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 6-пунктта:
экинчи абзацтагы мамлекеттик тилдеги текстинде ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы расмий тилдеги текстинде ", водного хозяйства и развития регионов" деген сөздөр "хозяйства" деген сөз менен алмаштырылсын;
24) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 616 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
25) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту жөнүндө жободо:
- аталышындагы жана 1, 4, 15-пункттардагы ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 2-пункттагы "чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация" деген сөздөр ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пункттагы "Экономика жана финансы" деген сөздөр "Финансы" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 6-пунктта:
экинчи абзацтагы мамлекеттик тилдеги текстинде ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы расмий тилдеги текстинде ", водного хозяйства и развития регионов" деген сөздөр "хозяйства" деген сөз менен алмаштырылсын;
26) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун башкаруу схемасында:
бүткүл текст боюнча ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
27) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу "АгроСмарт" санариптештирүү жана маркетинг борбору" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- аталышындагы жана 1-2-пункттардагы ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөзгө алмаштырылсын;
4-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пунктта:
экинчи абзацтагы мамлекеттик тилдеги текстинде ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы расмий тилдеги текстинде ", водного хозяйства и развития регионов" деген сөздөр "хозяйства" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Ишкана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу "АгроСмарт" санариптештирүү жана маркетинг борбору" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.";
28) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору жөнүндө жободо:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору жөнүндө жобо";
- 1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын (мындан ары - Кызмат) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
Борбор Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун укук улантуучусу болуп саналат.";
- 2-пунктта:
", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
"Маминспекциянын" деген сөз "Кызматтын" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Борбордун расмий аталышы:
1) толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору";
- расмий тилде: "Центр ветеринарной диагностики и экспертизы Ветеринарной службы при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики";
2) кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ВДЭБ";
- расмий тилде: "ЦВДЭ".";
- 7-10, 12, 13-пункттарда түрдүү жөндөмөдөгү "Маминспекция" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "Кызмат" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 11-пункттагы ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
29) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун башкаруу схемасында:
аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун башкаруу схемасы".
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин өзгөртүүлөргө 1-тиркеме |
|
| "2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ
".
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин өзгөртүүлөргө 2-тиркеме |
|
| "6-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ
".
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин өзгөртүүлөргө 3-тиркеме |
|
| "11-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын башкаруу СХЕМАСЫ
".
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин өзгөртүүлөргө 4-тиркеме |
|
| "25-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары-дармектерди жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификациялоо боюнча департаменттин башкаруу СХЕМАСЫ
".
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 24-декабры № 347
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 616, 2024-жылдын 4-мартындагы № 91, 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чараларын көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-пунктунун 35-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"35) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине фитосанитардык коопсуздук функцияларын өткөрүп берүү менен тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат болуп;".
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 1-февралындагы № 13 жарыяланды
Төрага | А.У. Жапаров |