Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 31-майы № 284
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Калктын аялуу катмарларына социалдык колдоону күчөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-майындагы № 153 "Калктын аялуу катмарларынын айрым категорияларына мамлекеттик колдоону күчөтүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемеси тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 "Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 81, 82, 83, 84-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджетте мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн жогорулатуу үчүн акча каражаттарын карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Тиркеме |
|
| "4-тиркеме |
Мамлекеттик жөлөкпулдардын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Мамлекеттик жөлөкпулдун түрү | Мамлекеттик жөлөкпулдун өлчөмү, сом менен |
1 | 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул - "үй-бүлөгө көмөк" | 1200 (бир миң эки жүз) |
2 | Пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпул - "социалдык жөлөкпул" (мындан ары - социалдык жөлөкпул): |
|
| 1) ВИЧ же СПИДге чалдыккан энеден төрөлгөн балдар; | 8000 (сегиз миң) |
| 2) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар; | 8000 (сегиз миң) |
| 3) ата-энесинин биринен айрылган балдар; | 3000 (үч миң) |
| 4) ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдар; | 6000 (алты миң) |
| 5) I топтогу бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар; | 8000 (сегиз миң) |
| 6) II топтогу бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар; | 6600 (алты миң алты жүз) |
| 7) III топтогу бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар; | 5400 (беш миң төрт жүз) |
| 8) I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар; | 5500 (беш миң беш жүз) |
| 9) II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар; | 3000 (үч миң) |
| 10) III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар; | 2000 (эки миң) |
| 11) баатыр энелер; | 3000 (үч миң) |
| 12) улгайган жарандар | 2000 (эки миң) |
3 | Ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул | 6000 (алты миң) |