Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-июлу № 367
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 733 "Балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү тартиби жөнүндө жобону, ошондой эле Адам ооруп калганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын тизмегин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
ВИЧ менен жашаган адамдардын асырап "алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне болуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 27-январындагы чечимин аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 733 "Балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү тартиби жөнүндө жобону, ошондой эле Адам ооруп калганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын тизмегин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 13-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пунктча менен толукталсын:
"8-1) натыйжалуу үзгүлтүксүз медициналык байкоо жүргүзүү, анын ичинде вируска каршы өзгөчө терапия өткөрүү жөнүндө ВИЧ-инфекциясы, СПИД менен жашаган адамдын медициналык корутундусу ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык;";
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 2-тиркеме менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Адам ооруп калганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын тизмегинде:
- 39-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 22-июлундагы N 64 жарыяланды
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Тиркеме |
|
| "Балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
ВИЧ-инфекциясында натыйжалуу үзгүлтүксүз медициналык байкоо жүргүзүү, анын ичинде вируска каршы өзгөчө терапия өткөрүү жөнүндө медициналык корутунду(*)
1. Саламаттык сактоо уюму __________________________________
2. Бейтаптын аты-жөнү ______________________________________
3. Туулган күнү ____________________________________________
4. ВИЧти аныктоо күнү______________________________________
5. Вируска каршы терапиянын башталышы _____________________
6. Активдүү оппортунисттик оорулар
Бар/жок (керектүүсүнүн астын сызыңыз)
7. Вирустук жүктөм
а) жыйынтыгы, дата ______________________________________
б) жыйынтыгы, дата ______________________________________
8. CD4 лимфоциттеринин саны (жыйынтыгы, дата) ______________
Корутунду: натыйжалуу үзгүлтүксүз медициналык байкоо жүргүзүү, анын ичинде вируска каршы терапия өткөрүлүүдө.
Корутунду берген адистин кызмат орду, аты-жөнү
________________________________________________________
Колу __________________
Дата __________________
МО (уюмдун штампы жана адистин жеке мөөрү)
(*) ВИЧ-инфекциясында натыйжалуу үзгүлтүксүз медициналык байкоо жүргүзүүнүн критерийлери ВИЧ-инфекциясын дарылоо маселелери боюнча клиникалык протоколдор жана клиникалык колдонмолор менен аныкталат.".