Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомуна) |
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун каражаттарынын эсебинен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоо тартиби жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун каржылоо фондунун (мындан ары - Фонд) каражаттарынын эсебинен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоо тартибин аныктайт.
2. Фонддун каражаттарынан каржылоо үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун (мындан ары - МЖӨ) тандоо жол-жобосу ушул Жободо белгиленген тартипте мамлекеттик өнөктөш тарабынан демилгеленет.
3. Бул Жободо төмөнкү терминология колдонулат:
- МЖӨ долбоорун даярдоо - долбоордук сунушту даярдоодон МЖӨ жөнүндө келишим түзүүгө чейинки процесс;
- долбоордук сунуш - сунуш кылынган МЖӨ долбоорунун функциялык, техникалык, финансылык, социалдык-экономикалык, юридикалык, экологиялык жана башка зарыл аспектилеринин кыскача баяндалышы жана баалоосу, анын ичинде негизги тобокелдиктерге жана аларды азайтуу боюнча чараларга алдын ала милдеттүү тартипте баа берүү, ошондой эле МЖӨ долбоору түрүндө ишке ашыруу үчүн негиздемеси. Долбоордук сунушта долбоордун бүткүл жашоо цикли үчүн алдын ала эсептөөлөр да камтылууга тийиш (жөнөкөйлөтүлгөн финансылык модель);
- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу планы - "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюлганга чейин жооптуу тараптарды камтыган МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун жол картасы;
- МЖӨ долбоорун даярдоо үчүн техникалык тапшырма - мамлекеттик өнөктөш же ал ыйгарым укук берген башка жак тарабынан даярдалган документ, ал төмөнкү милдеттерди камтыйт:
а) долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесинин (мындан ары - ТЭН) компоненттерине деталдуу талдоо же долбоорду ишке ашыруу боюнча башка комплекстүү баалоо жүргүзүү, анын ичинде фискалдык тобокелдиктерди баалоо жана аларды азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгуу, долбоордун бүткүл жашоо циклиндеги эсептерди (каржылык модель же толук финансылык план) даярдоо, ошондой эле долбоордун социалдык-экономикалык таасирин баалоо боюнча;
б) конкурстук документтердин пакетин даярдоо боюнча;
в) конкурстук жол-жоболорду өткөрүүнүн, конкурстун катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн жана МЖӨ жөнүндө келишим түзүү процессинин жүрүшүндө консультациялык колдоо көрсөтүү боюнча.
Консультанттын кызматтарынын/милдеттеринин курамы конкреттүү долбоорго жараша өзгөрүшү мүмкүн жана жогоруда аталган пунктчалардын кайсы бирин же бардыгын камтышы мүмкүн же болбосо бул кызматтар/милдеттер башка консультанттар тарабынан аткарылышы мүмкүн.
Техникалык тапшырмада ишти аткаруунун (кызмат көрсөтүүнүн) мөөнөтүнөн (календардык планынан) тышкары мамлекеттик өнөктөштүн аткарылган ишине оң баа берилгенден кийин же мамлекеттик өнөктөштүн сын пикирлерине жана сунуштарына ылайык консультант тарабынан МЖӨ долбоору боюнча зарыл болгон толуктап иштеп чыгуулар аткарылгандан кийин гана акыркы төлөмдү жүргүзүү механизми камтылууга тийиш;
- консультациялык компания жана/же консультант - МЖӨ долбоорлорун даярдоо жана конкурстук жол-жоболорду өткөрүү боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон квалификациялык талаптарга жана иш тажрыйбасына ээ болгон катталган жерине карабастан юридикалык жана/же жеке жак.
II. Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо максатында МЖӨ долбоорлорун даярдоо тартиби
4. Мамлекеттик өнөктөш төмөнкү документтерди даярдайт:
- ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча долбоордук сунуш;
- консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө техникалык тапшырманын долбоору;
- консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө бюджеттин долбоору;
- консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө келишимдин долбоору;
- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу планынын долбоору.
Ошондой эле мамлекеттик өнөктөш көрсөтүлгөн документтердин пакетин төмөнкүдөй учурларда бериши зарыл:
- ТЭНге өзгөртүүлөр киргизилгенде, МЖӨ жөнүндө келишимдин тараптарынан көз каранды болбогон себептер боюнча жеке өнөктөштөр менен МЖӨ жөнүндө келишимге кол коюу мүмкүн болбогон учурда МЖӨ долбоорунун ишке ашырылышына башка комплекстүү баалоону жана/же МЖӨ долбоору боюнча конкурстук документтерди;
- кызыкдар жак демилгелеген МЖӨ долбоорун жеткире иштеп чыгууну тең каржылоодо.
5. Мамлекеттик өнөктөш же кызыкдар жак даярдаган көрсөтүлгөн документтердин пакети МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча органГА экспертизага жөнөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)
6. МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча орган ушул Жобонун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн баалоо критерийлерине ылайык бир айлык мөөнөттө ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин пакетине экспертиза жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча орган төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
- ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн маалымат толук берилген учурда МЖӨ долбоорун жеткире иштеп чыгууга кайтарып берет;
- долбоор ушул Жобонун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн МЖӨ долбоорлорун тандоо критерийлерине ылайык келбеген учурда долбоорду четке кагат;
- МЖӨ долбоорун андан ары даярдоо жөнүндө чечим кабыл алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)
8. МЖӨ долбоорун андан ары даярдоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча орган бир жумалык мөөнөттө аны каржылоо жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан МЖӨ долбоорун кароо жол-жобосун демилгелейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Фонддун Байкоочу кеңеши МЖӨ долбоору боюнча жогоруда көрсөтүлгөн документтердин пакети киргизилгенден кийин бир айдан кечиктирбестен өзүнүн ыйгарым укуктарына ылайык карайт жана чечим кабыл алат.
10. Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан МЖӨ долбоору жактырылгандан кийин мамлекеттик өнөктөш бир айлык мөөнөттө мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө конкурс жарыялайт.
11. Консультанттын/консультанттардын ишинин бардык натыйжалары мамлекеттик өнөктөштүн интеллектуалдык менчиги болуп саналат жана тийиштүү келишимде көрсөтүлгөн формада ага толугу менен өткөрүп берилүүгө тийиш. Бул натыйжалар МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун финансылык моделин, финансылык тобокелдиктердин баалоосун (же ишке ашыруунун толук финансылык планын), анын ичинде финансылык моделдин баяндоо бөлүгүн камтыйт.
Консультант/консультанттар МЖӨ долбоорун даярдоонун жана конкреттүү МЖӨ долбоорунун өзгөчөлүктөрүн талкуулоонун жүрүшүн толук чагылдыруу максатында мамлекеттик өнөк жана анын башка чакырылган жактары үчүн презентация өткөрүшү керек.
12. Консультант/консультанттар ишти аяктагандан кийин мамлекеттик өнөктөш жумушчу тартипте тиешелүү келишимге ылайык ишке баа берет. Бул үчүн мамлекеттик өнөктөш ар кандай профилдеги көз карандысыз эксперттерди чакырууга укуктуу.
13. Эгерде техникалык тапшырманын алкагында негиздүү сын пикирлер жана сунуштар болсо, консультант/консультанттар кызмат көрсөтүүлөр үчүн кошумча төлөмсүз консультациялык кызмат көрсөтүү келишиминин мөөнөтүн тиешелүү узартуунун алкагында МЖӨ долбоорун жеткире иштеп чыгышы керек.
14. Консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча келишим, анын ичинде техникалык тапшырманын бардык жоболору канааттандырарлык аткарылды деп таанылгандан кийин мамлекеттик өнөктөш МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча орган менен макулдашуу боюнча консультанттын/консультанттардын ишинин натыйжаларын бекитет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун каражаттарынын эсебинен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоонун тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Долбоордук сунуштун ФОРМАСЫ(1)
I. МЖӨ долбоорунун баяндалышы
1. Долбоордун аталышы:
2. Инвестициялардын алдын ала суммасына ылайык долбоордун категориясы: _____________________
1) 100 млн. сомго барабар же андан аз;
2) 100 млн. сомдон ашык, бирок 1 млрд. сомдон аз;
3) 1 млрд. сомдон ашык.
3. Долбоордун демилгечиси: ______________________________________
4. МЖӨ келишиминин тараптары: ______________________________________
5. Долбоордун физикалык баяндалышы:
Долбоордун толук баяндалышын берген маалымат:
Мисалы: [калктуу конуш] менен [калктуу конуштун] ортосундагы 500 км эки тилкелүү автомобиль жолун [категориясын] куруу (же реабилитациялоо) же [___________] ашуу аркылуу тоннелди куруу [__________] же [___________] районундагы [____________] дарыясында ГЭСти [белгиленген кубаттуулук] куруу ж.б.
1) Маалымат/баалоо талап кылынат:
а) объекттин/активдин учурдагы физикалык/техникалык абалы жөнүндө (жумушчу абалында же реконструкциялоо/калыбына келтирүү талап кылынат; зарыл болгон техникалык коммуникациялардын болушу ж.б.);
б) же нөлдүк курулуш учурунда (объектке/активге менчик укугунун укуктук маселелери; жерди бөлүү маселелери ж.б.);
2) Объекттин жайгашкан жери;
3) Жеке өнөктөштүн милдеттерине эмне кирет:
а) 1-мисал: "долбоорлоо - куруу - каржылоо - тейлөө - эксплуатациялоо - өткөрүп берүү" долбоорунун толук цикли;
б) 2-мисал: курулуштун, эксплуатациялоонун же техникалык тейлөөнүн компоненттери бир нече жеке өнөктөштөрдүн ортосунда бөлүштүрүлөт;
4) Бул же ушуга окшош долбоор боюнча буга чейин изилдөөлөр болгонбу?
5) Долбоорду даярдоонун болжолдуу баасы (төмөнкү таблицаны караңыз)
Милдеттер/консультанттын кызмат көрсөтүүлөрү | Сом |
1) долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесинин (ТЭН) же башка ишке ашырылышы боюнча комплекстүү баалоосунун компоненттерине толук талдоо жүргүзүү, анын ичинде фискалдык тобокелдиктерди баалоо, аларды азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгуу, долбоордун бүткүл циклиндеги эсептөөлөрдү (каржылык модель же толук финансылык план) даярдоо, ошондой эле долбоордун социалдык-экономикалык таасирин баалоо же аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү |
|
2) конкурстук документтердин пакетин жана МЖӨ жөнүндө келишимдин долбоорун даярдоо жана/же аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү |
|
3) конкурстук жол-жоболорду өткөрүүнүн, конкурстун катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн жана МЖӨ жөнүндө келишим түзүү процессинин жүрүшүндө консультациялык колдоо көрсөтүү |
|
4) потенциалдуу инвесторлор үчүн презентацияны (көчмө же жергиликтүү) өткөрүү ("роуд-шоу") |
|
5) башка милдеттер/кызмат көрсөтүүлөр |
|
II. МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун максаттары жана милдеттери
1) Долбоор эмне үчүн керек? Ал кандай милдеттерди чечүүгө багытталган?
2) Долбоордун жардамы менен чечилүүгө тийиш болгон көйгөйлөрдүн маңызын жана масштабын жана бул көйгөйлөр кандайча чечилерин мүмкүн болушунча толук баяндоо.
3) Долбоордун түз жана кыйыр бенефициарлары ким, калктын кайсы тобу, административдик бөлүнүшү/аймагы ж.б. болот?
4) Алар конкреттүү түрдө эмнени алышат жана алардын кандай конкреттүү көйгөйлөрү чечилет?
5) Максаттар жана милдеттер мүмкүн болушунча конкреттүү жана өлчөнгөн болушу керек.
6) Долбоордун күтүлгөн натыйжалары - түз жана андан кийинки (долбоордун таасири). Мисалы: жакшы окуу базасы бар заманбап мектептердин курулушу балдардын билим деңгээлин жогорулатат, андан кийин өлкөнүн адамдык капиталынын сапатын жогорулатат. Же болбосо, бүткүл өлкө боюнча медициналык диагностикалык борборлор менен жабдуу келечекте дарылоого бюджеттик каражаттарды (б.а. өлкөнүн саламаттыкты сактоого) кеткен чыгымдарын азайтат. Ушул сыяктуу натыйжалар (долбоордун таасири) орто жана узак мөөнөттүү мезгилге эсептелиши керек.
7) Бул долбоор аяктагандан кийин кандай иш-чаралар пландалууда?
III. МЖӨ объектисине МЖӨ колдонуунун максатка ылайыктуулугун негиздөө
1) МЖӨ эмне үчүн инфраструктуралык көйгөйдү чечүүнүн оптималдуу жолу экендигине негиздеме?
2) Бул көйгөйдү башка жолдор менен (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн же сатып алуулардын алкагында мамлекет же жеке сектор тарабынан) чечүү мүмкүн эместигинин себептерин талдоо зарыл. Көйгөйдү чечүүнүн натыйжалуу жана таасирдүү альтернативаларынын жоктугун же башка (анын ичинде жеке) уюмдар тарабынан өндүрүлгөн алмаштыруучу продукциянын (жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн) жетишсиздигин түшүндүрүү.
3) Окшош экономикаларда МЖӨ алкагында ишке ашырылган ушул сыяктуу долбоорлорду баяндоо (укуктук система, тарифтер, мамлекеттик саясаттын социалдык багыты). Долбоорлордун канчалык ийгиликтүү болгонун түшүнүү үчүн жетиштүү көлөмдө анын натыйжаларын кыскача баяндап берүү. Аягына чейин ишке ашырылган долбоорлор гана көрсөтүлбөстөн, жүзөгө ашыруу процессинде убактылуу токтотулган же жокко чыгарылган долбоорлор да көрсөтүлөт.
4) Сунуш кылынган долбоор ишке ашпай калса, кесепеттери. Долбоор ишке ашпай калса, эмне болорун сүрөттөп бериңиз. Андан тышкары, кесепеттери дароо келеби, кесепеттери орто жана узак мөөнөттүү келечекте өзүн көрсөтөбү. Алар кандай болорун түшүндүрүү керек.
5) Сунушталган МЖӨ долбоору Кыргыз Республикасынын кандай стратегиялык жана башка программалык документтерине жана максаттарына ылайык келет?
IV. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн сунушталган инвестициянын көлөмү
1) Инфраструктура объектисин ишке киргизүү үчүн зарыл болгон чыгашалардын бардык статьяларын камтыган капиталдык салымдардын сметалык наркы (же долбоордун капиталдык бөлүгүн аяктоонун башка формасы).
2) Кош каржылоо же мамлекеттик бюджеттен грант керекпи? Эгер керек болсо, канча жана кандай график боюнча? Керектүү кошо каржылоонун же каржылоонун булактарын (республикалык же муниципалдык бюджеттер) көрсөтүү зарыл.
3) Инфраструктуралык объектисинин иштешин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон финансы каражаттарынын өлчөмү жана мезгил-боюнча бөлүштүрүлүшү (мисалы - жылдык).
V. МЖӨ долбооруна минималдуу талаптар
1) МЖӨ долбооруна минималдуу талаптар конкреттүү долбоорго жараша болот жана аны даярдоонун жүрүшүндө иштелип чыгат.
2) Долбоордон кандай экологиялык коркунучтар келип чыгышы мүмкүн? Алдын ала тобокелдик матрицасы жана аларды азайтуу жолдору тиркелиши керек.
3) Долбоордон кандай фискалдык тобокелдиктер келип чыгышы мүмкүн? Алдын ала тобокелдик матрицасы жана аларды азайтуу жолдору тиркелиши керек.
4) МЖӨ долбоору бенефициарлардын/максаттуу аймактын тургундарынын кандай социалдык аспектилерине таасир этиши мүмкүн жана аларды азайтуунун кандай жолдору бар?
VI. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу мөөнөтү
1) Долбоорду ишке ашыруунун күтүлүп жаткан мөөнөтү кандай - келишим түзүлгөндөн тартып аны токтотууга чейин?
2) Объектти ишке ашыруу боюнча иштерди баштоонун болжолдуу датасы - курулушту же модернизациялоону долбоорлоодон баштап.
3) Курулуштун жалпы планынын аткарылышын контролдоо үчүн контролдук этаптарды камтыган курулушту ишке ашыруунун болжолдуу календардык планы.
4) Объектти эксплуатациям берүүнүн алдын ала датасы жана активди (инфраструктура объектисин) тейлөө чыгымдары башталган дата.
VII. Финансылык, экономикалык жана укуктук талдоо
1) Каржылоонун кайсы бөлүгү инвесторлор тарабынан берилүүдө, ал эми кайсы бөлүгү карызга алынган болуп саналат?
2) Инвесторлордун рентабелдүүлүк талаптары кандай?
3) Финансылык уюмдардын карызга алынуучу каржылоонун шарттары кандай?
4) Карызга алынуучу каржылоонун мөөнөтү кандай жана долбоорду ишке ашыруунун бүткүл мезгилинде карызды кайра каржылоо пландалып жатабы?
5) Инвесторлордун кирешеси (каражаттардын кайтарымы) эмнеге негизделет?
Пайдалануучулардын төлөмдөрү, мамлекеттик бюджеттен жарым-жартылай же толук төлөмдөр же башка формалары?
6) Чыгымдар, тарифтер ж.б. боюнча болгон божомолдорго негизделген болжолдуу эсептөөлөрдү тиркөө.
7) Кандай уруксаттар, лицензиялар жана квалификациялар талап кылынат?
8) МЖӨ долбоорун даярдоодо келип чыгышы мүмкүн болгон укуктук маселелер, анын ичинде болгон активдерге ээлик кылуу, жерди бөлүү, уруксат документтерин берүү, сертификаттоо, аккредитациялоо, МЖӨ долбоорунун иш чөйрөсүн чектөө жана/же атайын жөнгө салуу, тараптардын негизги укуктары жана милдеттери ж.б.
VIII. Мамлекеттик финансылык жана/же мамлекеттик экономикалык колдоо көрсөтүүнүн түрлөрү жана шарттары
1) Мамлекеттик органдардан кандай финансылык кепилдиктер талап кылынат?
а) мамлекеттик өнөктөштүн милдеттенмелерин аткаруу кепилдиктери?
б) капиталдык чыгашаларды каржылоонун бир бөлүгүн же толук суммасын берүү?
в) улуттук валютанын курсунун төмөндөшүн компенсациялоо?
г) кайра каржылоодо карыздык каржылоо боюнча пайыздык ставканын жогорулашы?
д) тарифтерди субсидиялоо?
е) долбоордун минималдуу кирешелүүлүгүнө кепилдик берүү?
ж) салык жана/же бажы жеңилдиктери?
з) мамлекеттик активдерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу үчүн жеңилдиктер?
и) колдоонун жана кепилдиктердин башка түрлөрү?
IX. Фискалдык жана башка тобокелдиктердин түрлөрү
1) Болжолдонгон тобокелдиктерди жана аларды азайтуу боюнча чараларды баяндоо:
Тобокелдиктер | Азайтуу боюнча чаралар |
1. Фискалдык/бардык деңгээлдеги бюджеттер үчүн |
|
2. Каржылоо боюнча тобокелдиктер (инвестициялык жана карыз алуу боюнча) |
|
3. Тарифтик тобокелдиктер |
|
4. Мамлекеттик саясаттагы өзгөрүүлөрдүн тобокелдиктери |
|
5. Башка |
|
(1) Эгерде форманын суроосу (пункту) конкреттүү МЖӨ долбооруна ылайык келбесе - ылайык эмес деп жазып, себебин кыскача түшүндүрүү керек.
|
| Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун каражаттарынын эсебинен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоонун тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
МЖӨ долбоорлорун тандоо КРИТЕРИЙЛЕРИ
1. Сунушталган МЖӨ долбоорунун функционалдуулугун жана ишинин натыйжалуулугун так аныктоо мүмкүнчүлүгү.
2. Сунушталган МЖӨ долбоорунун зарылдыгынын негиздемеси.
3. Сунушталган МЖӨ долбоорунун стратегиялык өнүктүрүү программаларына шайкештиги.
4. Сунушталган МЖӨ долбоорун кызыкдар мамлекеттик органдар менен макулдашуу.
5. Объектти жеке секторго өткөрүп берүүнүн юридикалык жана башка мүмкүнчүлүктөрү.
6. Объекттин кызматтарынан пайдалануу үчүн төлөмдөрдү чогултуу мүмкүнчүлүгү.
7. Инвестициялардын жалпы суммасы менен аны даярдоого жана тендердик жол-жоболорду өткөрүү чыгымдары боюнча катышын эске алуу менен МЖӨ долбоорунун максатка ылайыктуулугу.
8. Объекттин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулардын инвестицияларды кайтарып берүүнү камсыз кылуу үчүн жетиштүү көлөмдө түшүүлөрдү генерациялоо мүмкүнчүлүгү.
9. Зарыл болгон учурда республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен МЖӨ долбоорун каржылоону камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү.
10. Ийгиликтүү ишке ашырылган окшош долбоордун болушу.
11. Өткөрүп берилген тобокелдиктерди жеке өнөктөштүн башкаруу мүмкүнчүлүгү.
12. МЖӨ долбоорун даярдоо үчүн жетиштүү убакыттын болушу.
13. МЖӨ долбоорун даярдоо жана башкаруу үчүн мамлекеттик өнөктөштүн зарыл болгон адам ресурстарынын болушу.
14. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жерди өз убагында берүү мүмкүнчүлүгү.
15. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн бардык зарыл болгон уруксаттарды өз убагында алуу мүмкүнчүлүгү.