Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча конкурс өткөрүү эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомуна)
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомуна) |
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча конкурс өткөрүү эрежелери
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча конкурс өткөрүүнүн ушул эрежелери (мындан ары - Эрежелер) "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) долбоорлору боюнча конкурс өткөрүүнүн бирдиктүү тартибин аныктайт.
Конкурстун катышуучуларына коюлган квалификациялык талаптарга, жеке өнөктөштү баалоонун жана тандоонун критерийлерине тийиштүү бардык маалымат ар бир МЖӨ долбоору боюнча иштелип чыккан конкурстук документтерде (конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабы, конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабы) камтылат.
2. Ушул Эрежелерде колдонулган терминдер "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган маанилерде колдонулат.
3. Конкурс "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан өткөрүлөт.
4. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунушту даярдоонун алдында техникалык, финансылык, экономикалык, юридикалык, социалдык, экологиялык жана башка зарыл изилдөөлөрдү (конкреттүү МЖӨ долбооруна жараша) жүргүзүү сунушталат.
5. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунушту же жеке демилге жөнүндө сунушту бекиткенден кийин конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык конкурстук документтерди даярдайт жана конкурсту өткөрүүгө байланыштуу башка тиешелүү жол-жоболорду жүргүзөт.
6. Жогоруда белгиленген бардык жол-жоболор аяктагандан кийин конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган бир жуманын ичинде конкурстук документтерди бекитет.
7. Андан ары конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган ар бир МЖӨ долбоору боюнча конкурстук комиссияны түзөт жана бекитет. Конкурстук комиссиянын иши Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча конкурстук комиссия жөнүндө" жобо менен жөнгө салынат.
8. МЖӨ долбоорун даярдоо жана конкурсту өткөрүү үчүн конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте көз карандысыз консультанттарды тартууга укуктуу.
9. Конкурс эки этапта өтөт:
1) квалификациялык тандоо;
2) конкурстун жеңүүчүсүн тандоо.
2. Квалификациялык тандоо
10. Квалификациялык тандоо этабында конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган өзүнүн расмий веб-сайтында жана МЖӨ расмий веб-сайтында (ppp.gov.kg) конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабын жарыялайт. Болжолдуу инвестициялардын суммасы 100 млн. сомдон ашык болгон МЖӨ долбоорлоруна конкурс өткөрүлгөн учурда, көбүрөөк квалификациялуу катышуучуларды камсыз кылуу үчүн конкурска катышуунун квалификацияларынын суроо-талабы жалпыга маалымдоо каражаттарынын эл аралык ресурстарында да жарыяланышы мүмкүн.
Конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 3-пунктуна ылайык маалыматтарды камтыйт.
11. Квалификациялык тандоого катышуунун өтүнмөлөрүн чогултуу конкурстук комиссия тарабынан конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабында көрсөтүлгөн мөөнөттө, бирок "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөт.
12. Квалификациялык тандоону өткөрүү үчүн квалификациялык тандоого катышуунун бир өтүнмөсүн берүү жетиштүү.
13. Конкурстун катышуучуларына конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабында белгиленген квалификациялык талаптар коюлат.
14. Конкурстун катышуучуларында конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабына тиешелүү суроолор пайда болгон учурда конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган жазуу жүзүндөгү кайрылуулар боюнча зарыл болгон түшүндүрмөлөрдү берет. Түшүндүрмөлөр бардык кызыкдар тараптарга суроонун булагын көрсөтпөстөн, мындай кайрылуу түшкөн күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-сайтында жана МЖӨ веб-сайтында (ppp.gov.kg) жарыялоо аркылуу берилет.
15. Квалификациялык тандоо этабында өтүнмөлөрдү кабыл алуу конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабы жарыяланган күндөн тартып башталат жана квалификациялык тандоого катышуунун өтүнмөлөрүн берүү мөөнөтү аяктаган күндөн 15 (он беш) календардык күн мурун аяктайт.
16. Конкурска байланыштуу маселелерди түшүндүрүү үчүн конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган конкурстун катышуучуларын маалыматтык жолугушууга чакырууга укуктуу. Чакыруу квалификациялык тандоонун бардык катышуучуларына жөнөтүлүшү керек.
17. Конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык конкурска катышуу үчүн сунуштарга суроо-талабына же МЖӨ жөнүндө макулдашууну өзгөртүү жол-жоболоруна окшоштуруп өзгөртүлүшү мүмкүн. Мында конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабынын жаңы вариантын бардыгына жеткирип, бардык өзгөртүүлөр жөнүндө конкурстун бардык катышуучуларына билдирүү менен квалификациялык тандоого катышуучулардын тең укуктуулугун камсыз кылышы керек.
18. Квалификациялык тандоо этабында конкурска катышуу үчүн өтүнмө ээси жеке өзү же ишенимдүү адамы аркылуу конкурстук комиссияга өтүнмөнү эки нускада (түп нускасы жана көчүрмөсү) жана ага тиркелген бардык документтерди конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабында аныкталган тартипте берет. Өтүнмө мамлекеттик же расмий тилде машиналык ыкма менен толтурулуп, электрондук басып чыгаруу түзүлүштөр аркылуу басылып, тигилген түрдө, номерленген жана парафирленген (кол коюлган) барактары менен берилиши керек, акыркы бетине конкурска катышуучунун колу жана мөөрү коюлуп, өзүнчө чапталган конвертте берилет.
19. Конкурстун катышуучусу тарабынан берилген өтүнмөдө ошол өтүнмөнүн номерин көрсөтүү менен өтүнмө берилген күнү жана убакыты жөнүндө белги коюлат. Документтердин факсимилдик көчүрмөлөрү кабыл алынбайт жана жараксыз болуп эсептелет. Конкурстук комиссияга берилген өтүнмө документтерди каттоо журналында катар номерин жана анын берилген күнүн жана так убактысын (саат жана мүнөт) көрсөтүү менен катталууга тийиш.
20. Квалификациялык тандоого катышууга өтүнмө конкурстун катышуучусунун конкурстук документтерде белгиленген талаптарга жана шарттарга макулдугун билдирүү формасы болуп саналат.
21. Квалификациялык тандоого катышууга берилген өтүнмө конкурстук комиссияга келип түшкөн күнү каттоо журналында катталат. Квалификациялык тандоого катышууга өтүнмө берген конкурстун катышуучycy квалификациялык тандоого катышууга өтүнмө берүүнүн фактысын ырастоо катары каттоо журналынан көчүрмөсүн ала алат. Каттоо журналы - конкурстун катышуучуларынын квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөрдү жана конкурстук сунуштарды кабыл алуу, алмаштыруу жана чакыртып алуу датасын жана убактысын жазып алууга арналган документ, ал конкурстук комиссия тарабынан жүргүзүлөт жана сакталат.
22. Конкурстун катышуучусунун квалификациялык тандоого катышууга өзүнүн өтүнмөсүн өзгөртүүгө же чакыртып алууга, эгерде конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабында башкача каралбаса, өтүнмөлөрдү берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин каалаган убакта жол берилет. Квалификациялык тандоого катышуу өтүнмөсүн алмаштырган конкурстун катышуучусу квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөсүн алмаштырган фактысын ырастоо катары каттоо журналынан көчүрмөсүн ала алат.
23. Квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөнү өзгөртүү же аны кайра чакыртып алуу жөнүндө билдирүү, эгерде мындай өзгөртүү же мындай билдирүү конкурстук комиссияга квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөрдү берүүнүн мөөнөтү аяктагандан кийин келип түшсө, жараксыз деп эсептелинет.
Квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөрдү берүүнүн мөөнөтү аяктагандан кийин конкурстук комиссияга берилген квалификациялык тандоого катышуу өтүнмөсү менен конверт ачылбайт жана аны берген конкурстун катышуучусуна кайтарып берилет, мында квалификациялык тандоого катышуу өтүнмөсүндө аны кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө белги калтырылат.
24. Конкурстун бир катышуучусу квалификациялык тандоого катышуу үчүн бир гана өтүнмө берүүгө укуктуу.
25. Конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган конкурстук комиссиянын чечимине ылайык конкурстун катышуучуларына жана башка кызыкдар тараптарга квалификациялык тандоого катышуу өтүнмөлөрү менен конверттерди ачуу датасы жөнүндө кандай болбосун жеткиликтүү ыкмалар менен билдирет, мында ушундай билдирүүнү алгандыгы жөнүндө ырастоо милдеттүү түрдө алынгандыгы шарт.
26. Конкурстук комиссия өтүнмөлөр менен конверттерди конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабында көрсөтүлгөн мөөнөттө, конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси катышканда, ошондой эле конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын көзүнчө ачылат. Өтүнмөлөрдү кароодо конкурстук комиссия квалификациялык тандоого катышуу өтүнмөсүндө көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын текшерет.
27. Квалификациялык тандоого катышуу өтүнмөлөрү менен конверттерди ачып, аларды кароо башталгандан кийин конкурстук комиссия беш жумуш күндүн ичинде конкурстун бардык катышуучуларына квалификациялык тандоого катышуу өтүнмөсүнө байланышкан, конкурстук комиссия техникалык деп эсептеген каталарды оңдоого уруксат бере алат. Конкурстун катышуучулары тарабынан кетирилген техникалык ката грамматикалык же арифметикалык ката же ушуга окшогон ката болушу мүмкүн.
28. Конкурстук комиссия квалификациялык тандоого катышуу өтүнмөлөрүн жана аларга тиркелген документтерди конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабында белгиленген баалоо критерийлерине ылайык баалайт. Конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабында көрсөтүлгөн квалификациялык талаптарга жооп бербеген квалификациялык тандоого катышуу өтүнмөлөрүн конкурстук комиссия четке кагууга тийиш.
29. Квалификациялык тандоого катышуу өтүнмөсүнүн жоболору боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн конкурстун катышуучусу же анын ыйгарым укуктуу өкүлү конкурстук комиссиянын жыйналышына чакырылышы мүмкүн. Конкурстун катышуучусунун же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн түшүндүрмөлөрү конкурстук комиссиянын жыйналышынын протоколуна киргизилет.
30. Конкурстук комиссия конкурстун катышуучусу жана/же анын уюштуруучу(лары)су жана/же акционер(лер)и тиешелүү түрдө берген документтерди, маалыматтарды, арыздарды текшере алат жана конкурстун катышуучусунан квалификациялык тандоого катышуу өтүнмөсүнө жана ага тиркелген документтерге тийиштүү кошумча маалыматтарды сурай алат.
31. Квалификациялык тандоого катышуу өтүнмөлөрүн баалоонун жыйынтыктарынын негизинде конкурстук комиссия өзүнүн компетенциясынын жана чечимдерди кабыл алуу тартибинин чегинде квалификациялык тандоону өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду тариздейт.
32. Квалификациялык тандоонун жыйынтыктары жана конкурстук комиссия кабыл алган чечимдер конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабында аныкталган тартипте конкурстун катышуучуларына билдирет.
33. Конкурстук комиссия, квалификациялык тандоого катышуу өтүнмөлөрүн берүүнүн мөөнөтү аяктаган күндөн кийин өтүнмө конкурстук комиссияга түшкөн учурларды кошпогондо, квалификациялык тандоого катышууга түшкөн өтүнмөлөрдү жана аларга тиркелген документтерди конкурстун катышуучуларына кайтарып бербейт.
3. Конкурстун жеңүүчүсүн тандоо
34. Конкурстун жеңүүчүсүн тандоо этабында конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган квалификациялык тандоодон өткөн конкурстун катышуучуларына белгиленген тартипке бекитилген конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабын жана МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорун берет. Сунуштардын суроо-талабы конкурстун катышуучуларынын финансылык жана техникалык сунуштарынан турган конкурстук сунуштарга коюлуучу талаптарды камтыйт.
35. Конкурстук сунуштарды чогултуу конкурстук комиссия тарабынан конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабында көрсөтүлгөн мөөнөттө, бирок "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттүн алкагында өткөрүлөт.
36. Конкурстун жеңүүчүсүн тандоо үчүн бир конкурстук сунушту берүү жетиштүү.
37. Конкурстун катышуучусу конкурстук сунуштун кепилдик камсыздоосун бериши керек, анын шарттары конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабында аныкталат.
38. Конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабын жана/же МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорун өзгөртүү тартиби "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жөнгө салынат.
39. Квалификациялык тандоодон өткөн конкурстун катышуучусу жеке өзү же ишенимдүү адамы аркылуу конкурстук комиссияга техникалык сунушту (түп нускасын жана көчүрмөсүн) жана финансылык сунушту (түп нускасын жана көчүрмөсүн) камтыган конкурстук сунушту аларга тиркелген документтери менен берет, алар машиналык ыкма менен мамлекеттик же расмий тилде толтурулуп, электрондук басып чыгаруу каражаттарынын жардамы менен басылып, тигилген түрдө, номерленген жана парафирленген (кол коюлган) барактары менен берет, анын акыркы бети конкурстун катышуучусунун же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүп, өзүнчө ички конверттерге чапталат жана бир жалпы тышкы конвертке салынат.
40. Техникалык сунушу жана финансылык сунушу менен өзүнчө ички конверттер, ошондой эле ар бир конкурстук сунуш менен жалпы тышкы конверт желимдөөчү жеринде конкурстун катышуучусу же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан кол коюлушу жана (бар болсо) мөөр басылышы керек.
41. Конкурстун катышуучулары берген конкурстук сунушка бул конкурстук сунуштун номерин көрсөтүү менен анын берилген күнү жана убактысы жөнүндө белги коюлат. Документтердин факсимилдик көчүрмөлөрү кабыл алынбайт жана жараксыз деп эсептелет.
42. Конкурстук комиссияга берилген конкурстук сунуш каттоо журналында анын берилген күнү жана так убактысы (сааты жана мүнөттөрү) көрсөтүлгөн катар номери менен катталууга тийиш.
Конкурстун катышуучусу конкурстук сунушту берүү фактысын ырастоо катары каттоо журналынан көчүрмө ала алат.
43. Конкурстун катышуучусу конкурстук сунушту берүү мөөнөтү аяктаганга чейин аны бергенден кийин алмаштырууга же чакыртып алууга укуктуу. Мындай конкурстук сунуштарды алмаштыруу же чакыртып алуу каттоо журналында катталат.
44. Конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган конкурстук комиссиянын чечимине ылайык конкурстун катышуучуларына жана башка кызыкдар тараптарга конкурстук сунуштар менен конверттерди ачуу датасы жөнүндө ар кандай жеткиликтүү ыкма менен кабарлайт, ушундай кабарды алгандыгы жөнүндө ырастоону милдеттүү алуу шартында.
45. Конкурстук комиссия конкурстук сунуштар менен конверттерди конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабында көрсөтүлгөн мөөнөттө, конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси катышканда жана башка кызыкдар тараптардын көзүнчө ачат.
46. Конкурстук комиссия конкурстук сунуштарды (техникалык жана финансылык сунуштарды) конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабында белгиленген талаптарга ылайык баалайт.
47. Конкурстук комиссия конкурстун катышуучусу жана/же анын уюштуруучусу жана/же акционери тарабынан берилген ар кандай документтерди, маалыматтарды, билдирмелерди тиешелүү түрдө текшерүүнү жүргүзө алат жана конкурстун катышуучусунан конкурстук сунушка тиешелүү кошумча маалыматтарды (зарыл болгон учурда) берүүнү/түшүндүрүүнү сурай алат.
48. Техникалык сунуштар жана финансылык сунуштар толук жана анык болушу керек.
49. Конкурстук сунуштар, эгерде конкурстук документтерде башкача каралбаса, протоколду тариздөө жана кол коюу күнгө чейин жана конкурстук комиссия конкурстун натыйжалары жөнүндө чечимди жарыялаганга чейин күчүндө болот.
50. Конкурстун катышуучулары же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү конкурстук сунуштарды ачууда катышууга укуктуу.
51. Конкурстук сунуштарды баалоонун жыйынтыктарынын негизинде конкурстук комиссия өзүнүн компетенциясынын жана чечимдерди кабыл алуу тартибинин алкагында конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду тариздейт.
52. Конкурстук сунуштарды кароодо жана баалоодо конкурстук комиссия конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан тартылган консультанттардын пикирин эске алууга укуктуу.
53. Конкурстун жеңүүчүсү болуп техникалык жана финансылык сунуштары конкурстук комиссия тарабынан конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабынын талаптарына жооп берет деп таанылган жана МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн эң жакшы шарттарды камтыган конкурстун катышуучусу жарыяланат. Эгерде конкурстук комиссия бардык конкурстун катышуучуларынын техникалык жана/же финансылык сунуштарын конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабынын талаптарына жооп бербейт деп тааныган учурда, конкурстук комиссия конкурсту өткөн жок деп тааныйт жана кайрадан конкурс жарыялоого укуктуу.
54. Конкурстук комиссия конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө маалыматты конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-сайтында жана МЖӨнүн расмий веб-сайтында (ppp.gov.kg) конкурстун жеңүүчүсүн тандаган күндөн тартып үч календардык күндөн кечиктирбей жарыялайт.
55. Эгерде конкурстук комиссия конкурстун жеңүүчүсү тарабынан берилген маалыматтын шайкеш келбестигин аныктаса, мындай шайкеш келбегени документ менен ырасталган шартта конкурстук комиссия конкурстун жеңүүчүсүн же конкурстун башка катышуучусун дисквалификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алууга укуктуу, алар конкурска катышуудан четтетилет жана 5 жыл аралыгында МЖӨ долбоору боюнча конкурстарга катышуу укугунан ажырайт.
56. Конкурстун жеңүүчүсү дисквалификацияланган учурда, конкурстук комиссия конкурстун жыйынтыгы боюнча жеңүүчүдөн кийинки орунду ээлеген конкурстун катышуучусун жеңүүчү деп жарыялоого укуктуу.
57. Конкурстун жыйынтыгына карабастан конкурска катышууга байланыштуу конкурстун катышуучулары тарткан чыгымдардын орду толтурулбайт.
4. МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүү
58. МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүү "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинде каралган тартипте жана мөөнөттө жүзөгө ашырылат.