Загрузка документа…
|
| 4-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун мамлекеттик реестринде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Жобо "Мамлекеттик жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык иштелип чыккан жана тиешелүү макулдашуулар түзүлгөн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун, ошондой эле алардын субъекттерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун мамлекеттик реестринде (мындан ары - МЖӨ долбоорлорунун мамлекеттик реестри) мамлекеттик каттоонун (мындан ары - МЖӨ долбоорлорун мамлекеттик каттоо) тартибин аныктайт.
2. МЖӨ долбоорлорун мамлекеттик каттоо МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча орган тарабынан МЖӨ долбоорлорунун мамлекеттик реестрине маалыматтарды киргизүү жолу менен жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)
3. МЖӨ долбоорлорунун мамлекеттик реестри мамлекеттик жана расмий тилдерде, электрондук жана кагаз түрүндө жүргүзүлөт, анда тиешелүү макулдашуулар түзүлгөн каттоого алынган МЖӨ долбоорлору, ошондой эле алардын субъекттери жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
4. МЖӨ долбоорлорунун субъекттери деп мамлекеттик өнөктөш, биргелешкен мамлекеттик өнөктөш, жеке өнөктөш жана долбоордук компания эсептелет.
5. МЖӨ долбоорлорунун мамлекеттик реестрине төмөнкү маалыматтар киргизилет:
- катар номер;
- МЖӨ долбоорунун аталышы;
- МЖӨ долборунун субъекттери;
- МЖӨ долбоорунун кыскача баяндамасы;
- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу мөөнөтү;
- МЖӨ долбоорунун категориясы (болжолдонгон инвестициялардын суммасы 100 млн. сомдон аз же ага барабар болгон чакан МЖӨ долбоору; болжолдонгон инвестициялардын суммасы 100 млн. сомдон ашкан МЖӨ долбоору; түз сүйлөшүүлөрдүн негизинде инвестициялардын суммасы 1 млрд. сомдон ашык МЖӨ долбоору же "долбоордук алкак режими" боюнча МЖӨ долбоору);
- МЖӨ жөнүндө макулдашуунун статусу (колдонууда, өзгөртүлгөн же колдонулушун токтоткон).
6. МЖӨ долбоорунун мамлекеттик реестрине маалыматтар МЖӨ жөнүндө тиешелүү макулдашуу белгиленген тартипте түзүлгөн датадан тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбестен киргизилет.
7. МЖӨ долбоорлорунун мамлекеттик реестри МЖӨнүн расмий сайтында жайгаштырылат (www.ppp.gov.kg).
8. МЖӨ долбоорлорунун мамлекеттик реестринде камтылган маалыматтарды акысыз негизде пайдаланууга болот. МЖӨ долбоорлорунун мамлекеттик реестринде камтылган маалыматтар кызыкдар тарапка көчүрмө түрүндө берилиши мүмкүн.
9. МЖӨ долбоорлорунун мамлекеттик реестрине маалымат киргизилген датадан тартып МЖӨ жөнүндө макулдашууга белгиленген тартипте кол коюлган МЖӨ долбооруна 3 жылга чейин салыктык текшерүүлөрдөн тышкары, укук коргоо жана текшерүүчү органдар тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилбейт.
10. МЖӨ долбоорлорунун мамлекеттик реестринде маалыматы чагылдырылган МЖӨ долбоору боюнча мамлекеттик өнөктөш макулдашуудагы жана тиешелүү МЖӨ долбоору менен байланышкан башка документтердеги бардык өзгөрүүлөр жөнүндө алар киргизилген датадан тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбестен кабарлоого милдеттүү.
11. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонулушу белгиленген тартипте токтотулгандан кийин жана бардык кызыкдар тараптан дооматтар болбосо, анда мамлекеттик өнөктөш жана жеке өнөктөш 5 жумуш күндүн ичинде МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча органга МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонулушу токтотулгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Мында тиешелүү макулдашуу колдонулушун токтоткон МЖӨ долбоору жөнүндө маалыматтар МЖӨ долбоорунун мамлекеттик реестринде сактала берет.
12. МЖӨ долбоорлорунун мамлекеттик реестринде маалыматтар мөөнөтсүз сакталат.