Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-июну № 341
Мамлекеттик мекемелер жана ишканалар тарабынан ажыратылган түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын кабыл алуу маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 589 , 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 661 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик мекемелер жана ишканалар, уставдык капиталында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети (катышуу үлүшү) бар чарбакер коомдор тарабынан түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын сатуу процессин тартипке келтирүү, түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын кайра иштетүү боюнча ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 230-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызметаллпром" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Кыргызметаллпром) мамлекеттик мекемелер жана ишканалар тарабынан ажыратылган түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын кабыл алууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу юридикалык жак болуп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 661 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекеттик мекемелер жана ишканалар тарабынан түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын ажыратуунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргызметаллпром төмөнкүлөргө укуктуу деп белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган ата мекендик кайра иштетүүчү металлургиялык ишканаларга гана түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын ички рынокко сатууга;
- түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын өз алдынча өнөр жайлык кайра иштетүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 661 токтомунун редакциясына ылайык)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 589 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 407 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын балансында турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын балансында турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жободо:
- 41-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"41. Мүлктү демонтаждоодон жана ажыратуудан кийин алынган төмөнкүлөрдү камтыган түйүндөр, материалдар жана агрегаттар:
- баалуу материалдарды жана асыл таштарды, "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктуу органда катталган сатып алуу пункттарында сатылууга тийиш;
- ишканаларда машиналарды, аспаптарды, жабдууларды оңдоо үчүн колдонулбаган түстүү жана кара металлдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген уюмга сатылууга тийиш.".
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргызметаллпром тарабынан түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын кабыл алуу жана кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк базанын ачылышын камсыз кылсын.".
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 661 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Уставдык капиталында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети (катышуу үлүшү) бар чарбакер коомдорго түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын ажыратууда ушул токтомду жетекчиликке алуу сунушталсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |