Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-майы № 282
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-августундагы № 473 "Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоого байланышкан сатып алууларды жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 565 "Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун маселелери жөнүндө" Жарлыгын көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-августундагы № 473 "Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоого байланышкан сатып алууларды жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын алдындагы "Типография" мамлекеттик ишканасына жана "Учкун" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында колдонулуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесине ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маанидеги документтерин жана атайын мамлекеттик бланктарын даярдоого ыйгарым укук берилсин.".
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |