Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 30-июну № 352

2022–2026-жылдарга Кыргыз Республикасына

инвестицияларды тартуу боюнча программаны бекитүү

жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

– 2022–2026-жылдарга Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу боюнча программа (мындан ары – Программа) 1-тиркемеге ылайык;

– Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;

– Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык.

– Программанын бюджети 4-тиркемеге ылайык.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) аны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке квартал сайын берип турсун.

3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчетту ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча 1-февралдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 16-сентябрында № 83 (3418) жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров

 

 

3-тиркеме

 

2022–2026-жылдарга Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу боюнча программаны ишке ашырууга мониторинг

жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун матрицасы

 

№

Милдеттер

Индикатордун аталышы

Өлчөө бирдиги

Базалык жыл

Аралык индикаторлору (жылдык)

Максаттуу көрсөткүчтөр

Жооптуу аткаруучулар

2022

2023

2024

2025

2026

1

Кыргыз Республикасына инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү

ИДПга карата негизги капиталга инвестициялардын деңгээли

%

2022

22

23

24

24.5

25

25%

ПИУА, ЭКМ, УСК (макулдашуу боюнча)

2

Кыргыз Республикасына тике чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу

ИДПга карата ТЧИ деңгээли

%

2022

11

11.5

12

12.5

13

13%

ПИУА, ЭКМ, УСК (макулдашуу боюнча)

3

Туруктуу экономикалык өсүшкө жетишүү

ИДПнын өсүшү

%

2022

3

5

6

7

7

7

ЭКМ, УСК (макулдашуу боюнча)

4

Жарандардын жашоо абалын жогорулатуу

Калктын жан башына ИДП

АКШ доллары

2022

1200

1300

1400

1500

1600

1600

ЭКМ, УСК (макулдашуу боюнча)

5

Региондорду бирдей өнүктүрүү

Кыргыз Республикасындагы инвестициялардын жалпы көлөмүнө карата негизги капиталга инвестициялардагы Ош, Нарын, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын үлүшү

%

2022

22

25

28

31

35

35

ЭКМ, УСК (макулдашуу боюнча)

6

Атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жакшыртуу

Дүйнөлүк экономикалык форумдун версиясы боюнча глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн индекси

Упайлар

2022

56

58

60

62

64

64

ЭКМ

7

Экономикалык эркиндикти жакшыртуу

Экономикалык эркиндиктин индекси

Баллдар

2022

58

60

63

66

70

70

ЭКМ

 

 

Кыскартуулардын тизмеси

 

ИДП – ички дүң продукт

ЭКМ – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги

ПИУА – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

УСК – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети

ТЧИ – тике чет элдик инвестициялар