Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-июлу № 401
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 "Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Байма-бай автобустук каттамдарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого конкурс (тендер) өткөрүү жол-жоболорун электрондук форматка өткөрүү, адам факторун болтурбоо, ошондой эле транспорттун экологиялык жактан кыйла экологиялык түрлөрүнө өтүү үчүн автоташуучулардын автобус паркын жаңылоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 "Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринде:
1) 3-пункттун экинчи абзацы "автобустук" деген сөздөн кийин "(троллейбустук)" деген сөз менен толукталсын;
2) 4-пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү-жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"автобекет - калктуу конуштардагы жүргүнчүлөрдү тейлөөнү камсыз кылган жана 75тен ашык адам сыйган күтүү залы менен имараты, билеттик кассалары, жүргүнчүлөрдү олтургузуу жана түшүрүү үчүн перрондору, автобустар токтой турган аянтчасы, сактоочу камерасы, эне жана бала бөлмөсү, айдоочулардын эс алуу бөлмөсү, санитардык түйүндөрү жана маалыматтык-сурап-билүү системасы бар станциялык курулма;
"Каттамдарды тейлөөгө электрондук конкурс" автоматташтырылган маалыматтык системасы ("КЭК" АМС) - билдирмелерди электрондук түрдө берүү, билдирмелерди автоматтык түрдө иштеп чыгуу боюнча сервисти, маалыматты электрондук базада сактоо менен жеңүүчүнү баалоону жана аныктоону камтыган маалыматтык система;
автопавильон - калктуу конуштардагы жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн автожолдордун боюнда жайгашкан линиялык курулма;
автостанция - калктуу конуштардагы жүргүнчүлөрдү тейлөөнү камсыз кылган станциялык курулма, 75тен ашык адамды сыйган күтүү залы менен имараты, билеттик кассалары, жүргүнчүлөрдү олтургузуу жана түшүрүү үчүн перрондору, автобустар токтой турган аянтчасы, санитардык түйүндөрү жана маалыматтык-сурап-билүү системасы бар;";
он экинчи абзац "автобустук" деген сөздөн кийин "(троллейбустук)" деген сөз менен толукталсын;
жыйырманчы абзац "автобустук" деген сөздөн кийин ", троллейбустук" деген сөз менен толукталсын;
жыйырма бешинчи абзац "автобустардын" деген сөздөн кийин "жана троллейбустардын" деген сөздөр менен толукталсын;
жыйырма тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ташуучу - жеке менчик укугунда же башка мыйзамдуу негиздерде жүргүнчү транспорт каражатына жана автотранспорт каражаттарын сактоо, оңдоо үчүн өндүрүштүк-техникалык комплексине ээ болгон, жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташуу боюнча кызматтарды көрсөткөн, ишкердик субъект катары катталган жана белгиленген тартипте берилген тийиштүү уруксаты (лицензиясы) бар юридикалык жак же болбосо жүргүнчү транспорт каражатына ээ болгон, жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташуу боюнча кызматтарды көрсөткөн, ишкердик субъект катары катталган жана белгиленген тартипте берилген тийиштүү уруксаты (лицензиясы) бар жана юридикалык жактардан өндүрүштүк-техникалык мүнөздөгү, ошондой эле автотранспорт каражаттарын оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алган жеке жак;";
3) 9-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Республика ичиндеги каттамдарды ачуу үчүн транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (облус ичиндеги жана облустар аралык катнаштын шаар четиндеги жана шаарлар аралык каттамдары боюнча) тарабынан жол шарттарын иликтөө жана каттамдын узактыгын ченөө боюнча төмөнкүдөй курамдагы комиссия түзүлөт (мындан ары - комиссия):";
4) 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- шаардык каттамдардын баштапкы жана акыркы токтоочу пункттарындагы контролдук-диспетчердик пункттардын.";
5) 15-пункттун төртүнчү абзацындагы "төрт катар" деген сөздөрдөн кийин "же үч катар" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. Тийиштүү органдар жаңы ачылган каттамдын документтерин түзүп, бекиткенден кийин транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан автобустук каттамдын (облус ичиндеги жана облустар аралык катнаштын шаар четиндеги жана шаарлар аралык каттамдары боюнча) паспорту түзүлөт, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан конкурс өткөрүлгөнгө чейин каттамды тейлөө (Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык каттамдары боюнча) ташуучуга убактылуу бекитип берилет.";
7) 29-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- муниципалдык транспорт ишканалары тейлеген автобустук, троллейбустук каттамдар конкурс өткөрбөстөн бекитилет.";
8) 31-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31. Бекитилген каттам бир айдын ичинде ташуучу тарабынан тейленбеген, ташуучу тарабынан каттамды тейлөөгө контракттын (келишимдин) шарттарын системалуу түрдө бузган учурда транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы (Бишкек жана Ош шаарлары үчүн) каттамды тейлөөгө контрактта бузат жана бул каттам конкурс өткөрүлгөнгө чейин ушул Эрежелердин 29-пунктуна ылайык башка ташуучуга убактылуу өткөрүп берилет.";
9) 32-пунктта:
он төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ташуучунун, станциялык курулмалардын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ташуучунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын (Бишкек жана Ош шаарлары үчүн) ортосундагы контракттын шарттарын аткаруу;";
төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма тогузунчу жана отузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- коопсуздукту камсыз кылуу жана жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча айдоочуларга байма-бай нускамаларды өткөрүү;
- ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимдерин түзүү.";
10) 36-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"36. Төмөнкү учурларда автобустарды линияга чыгарууга жол берилбейт:
- техникалык бузугу бар жана автобустардын салонундагы люктарды, эшиктерди, терезелерди авариялык ачуунун түзүлүштөрүндөгү бузугу болгон, ошондой эле өрт өчүрүү үчүн зарыл болгон жабдуулардын оң абалы камсыз болбогон;
- медициналык кутучасы жок;
- авариялык токтотуу белгилери, жылып кетүүгө каршы тирөөчтөрү жок;
- айнектерди сындыруу үчүн балка комплекттери жок;
- жол-транспорт кырсыгы болгон учурда автобустардын салонунан люктарды, терезелерди жана эшиктерди шашылыш ачуу жана айнектерди чыгаруу ыкмалары тууралуу жүргүнчүлөргө маалымдаган жазуусу жок;
- жайгашкан жерин аныктоо үчүн орнотулган спутниктик прибору, ошондой эле шаардык, шаар четиндеги, шаар аралык жана эл аралык каттамдарда жүрүү процессин жазуучу прибору (видеокаттагыч) жок;
- шаардык каттамдардагы токтоо пункттары жөнүндө жүргүнчүлөргө маалымдоочу аудио, графикалык жана тексттик орнотулган прибору жок.";
11) 62-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"62. Айдоочулардын иш убактысынын графиктери бардык айдоочулар үчүн ай сайын, ар бир күнгө же сменага, иш убактысынын күн сайынкы жана суммалык эсебинде транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары (Бишкек жана Ош шаарлары үчүн) менен макулдашуу боюнча түзүлөт жана ташуучу тарабынан бекитилет, 13-тиркемеге ылайык айдоочуга күн мурдатан берилет.";
12) 64-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"Калктуу конуштун көчөлөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө, жолдорду тосууга алып келген массалык иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу маршруттук схемаларды убактылуу өзгөртүү жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын чечими менен ишке ашырылат.";
13) 106-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- жарандардын даттанууларын жана сунуштарын кароо үчүн лицензиардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын байланыш маалыматтары.";
14) 158-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"158. Жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташууда төлөм кабыл алуу ар кандай түрдө уюштурулат (билеттик, накталай эсептешүү, накталай эмес эсептешүү, электрондук).
Бишкек жана Ош шаарларында коомдук жүргүнчүлөр транспортунда жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташуу үчүн төлөмдү алуунун тартиби жана ыкмалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
Билеттер боюнча жүргүзүлүүчү жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташуу контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен жүзөгө ашырылат, ошондой эле курчалган жана түрмөктөлгөн билеттерди пайдаланууга жол берилет.";
15) 166-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"166. Шаардык, шаар четиндеги, облустар аралык жана шаарлар аралык каттамдар боюнча жалпы пайдалануудагы транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташуу тарифин ташуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгат жана төмөнкүдөй бекитилет:
- шаардык каттамдарда - шаардык кеңештер тарабынан;
- шаар четиндеги каттамдарда - Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан;
- облустар аралык жана шаарлар аралык каттамдарда - аймагында автобус каттамынын кыймылы башталган жана аяктаган тийиштүү шаарлардын мэриялары жана Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан.";
16) 169-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Адамдардын айрым категориялары үчүн жол жүрүү жеңилдиктерин белгилөөдө ташуучунун киреше жоготуусу, эгерде жеңилдиктер жергиликтүү кеңештин чечими менен киргизилсе, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен компенсацияланат.";
17) 173-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Шаардык жүргүнчүлөр транспортунда жол кире акысын накталай эмес, электрондук төлөө системасын киргизүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүргүнчүлөрдү автобустарга жана троллейбустарга бекитилген тариф боюнча төлөө жана жол жүрүү фактысын каттаган электрондук түзүлүш орнотулган эшик аркылуу гана отургузуу талабын коюуга укуктуу.";
18) жогоруда аталган Эрежелердин 19-тиркемесинде:
- 1-пунктундагы "(Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары)" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21. Ушул Жобонун 5, 6 жана 7-главаларында каралган конкурстук сунуштарды кабыл алуу, Катышуучу жөнүндө маалымат жана баалоо жол-жоболору "КЭК" АМС аркылуу ишке ашырылат. Электрондук форматта берилген маалыматтын аныктыгы үчүн Катышуучу жоопкерчилик алат. Баалоодон кийин Комиссия ушул Жобонун 42-пунктуна ылайык маалыматтардын аныктыгын текшерет.";
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Конкурс транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (Бишкек жана Ош шаарларында муниципалитеттер) тарабынан Конкурсту уюштуруучунун (мындан ары - Конкурсту уюштуруучу) эсебинен өткөрүлөт.";
- 11, 28, 30-39-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 13-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Конкурстук документтердин пакети электрондук түрдө Конкурсту уюштуруучунун электрондук порталына же сайтына берилет жана төмөнкү документтерди камтыйт:";
экинчи абзац "катышуу" деген сөздөн кийин "электрондук" деген сөз менен толукталсын;
төртүнчү абзацта "абалы" деген сөз "бардыгы" деген сөз менен алмаштырылсын;
алтынчы, сегизинчи жана он экинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
он үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогоруда көрсөтүлгөн документтерди жана маалыматтарды (Конкурска катышууга арыз (2-тиркеме), конкурстук сунуштар (3-7-тиркемелер), Катышуучу жөнүндө маалымат (8-тиркеме)) электрондук түрдө берүү Нускамага ылайык Уюштуруучунун сайтында жарыяланган ушул Жобонун 18-тиркемесине ылайык жүргүзүлөт. Электрондук форматта берилген бардык маалыматтар Система тарабынан андан ары иштеп чыгуу үчүн "КЭК" АМСке автоматтык түрдө киргизилет.";
- 14-пункттун жетинчи жана сегизинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 15-пункттун экинчи, үчүнчү, бешинчи, алтынчы, онунчу жана он биринчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 17-пункт "каражаттарында" деген сөздөн кийин "жана расмий сайтта" деген сөздөр менен толукталсын;
- 19-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Паритеттик тейлөө мүмкүнчүлүгү бар каттамдар өзүнчө лотторго бөлүштүрүлүшү керек.";
- 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Бул Жобонун 20-пунктунда көрсөтүлгөн, конкурска катышууну каалаган жактар Конкурстун уюштуруучусунун электрондук порталында же расмий сайтында "КЭК" АМСке арыз берет жана ал жерден керектүү маалыматтарды алат.";
- 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. Катышуучу тууралуу маалыматтарды жана конкурстук сунуштарды тийиштүү документтердин сканерленген көчүрмөлөрүн тиркөө менен электрондук түрдө тапшыргандан кийин Катышуучу ушул Жобонун 14-тиркемесине ылайык документтердин кабыл алынгандыгы жөнүндө электрондук билдирүүнү автоматтык түрдө алат.";
- 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27. Эгер кандайдыр бир лот боюнча бир гана Катышуучу катталса, бул лот боюнча конкурс болуп өткөн деп саналат жана жеңүүчү болуп жалгыз Катышуучу эсептелет.";
- 29-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29. Катышуучуну каттоо, арыздарды, конкурстук сунуштарды жана Катышуучу жөнүндө маалыматтарды кабыл алуу, сунуштарды баалоо жана лоттор боюнча рангга бөлүү менен жеңүүчүнү аныктоо автоматтык түрдө 15-тиркемеге ылайык "КЭК" АМС тарабынан жүргүзүлөт.";
- 42-пунктта:
"эмгек китепчесинен жана айдоочулук күбөлүктөн көчүрмөлөрдү (айдоочулар персоналы үчүн)" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Контролдук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Комиссия өндүрүштүк-техникалык базаны, транспорт каражаттарын, инженердик-техникалык кызматкерлер боюнча маалыматтарды текшерүү жана Катышуучунун иши тууралуу процессти видео же фото сүрөткө тартуу менен протокол түзүлөт.";
- 19-тиркеменин 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 19-тиркеменин 3-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 19-тиркеменин 4-тиркемесиндеги эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү: II жана III графалар - Катышуучу тарабынан толтурулат, IV графа - баалоо шкаласынын негизинде "КЭК" АМС эсептейт.";
- 19-тиркеменин 5-тиркемесиндеги эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү: III жана IV графалар - Катышуучу тарабынан толтурулат, V графа - баалоо шкаласынын негизинде "КЭК" АМС эсептейт.";
- 19-тиркеменин 6, 8-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын;
- 19-тиркеменин 7-тиркемесиндеги эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү: III, IV жана V графалар - Катышуучу тарабынан толтурулат, VI графа - баалоо шкаласынын негизинде "КЭК" АМС эсептейт.";
- 19-тиркеменин 11-тиркемесинин 8-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Контракт тараптардын биринин жазуу жүзүндөгү арызы/кабарлоосу алынган күндөн тартып 30 күндүн ичинде бузулат.";
- 19-тиркеменин 15-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 19-тиркеменин 18-тиркемеси ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 521 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 "Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 2, 3-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 74 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринин 36-пунктунун экинчи абзацынын колдонулушун убактылуу токтото туруу жөнүндө" токтому.
3. Бул токтом 2023-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кире турган 1-пунктунун 18-пунктчасын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
| "Байма-бай автобустук каттамдарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо конкурстарын (тендерлерин) уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
Конкурстук сунуштарды баалоо шкаласы
№ | Көрсөткүчтөр | Баллдын саны | ||||||
I | II | III | ||||||
1 | Автобустардын классы, отун тиби, сыйымдуулугу (жургүнчүлөр): | Дизелдик отун | Газмотор отуну | Электр кыймылдаткычы | ||||
- 45 жана андан көп орундуу автобустар | 40 | 60 | 80 | |||||
- 32-45 орундуу автобустар | 30 | 40 | 60 | |||||
- 18-32 орундуу автобустар | 15 | 22 | 30 | |||||
- 11-18 орундуу автобустар | 10 | 15 | 20 | |||||
- 11 орунга чейин автобустар | 5 | 10 | 15 | |||||
2 | Автобустарды эксплуатациялоо мөөнөтү: | Баллдын саны | ||||||
1 жылга чейин | 40 | |||||||
1 жылдан 3 жылга чейин | 20 | |||||||
3 жылдан 6 жылга чейин | 10 | |||||||
6 жылдан 9 жылга чейин | 4 | |||||||
9 жылдан 12 жылга чейин | 3 | |||||||
12 жылдан жогору | 1 | |||||||
3 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ылайыкташтырылган жабдыктары бар автобустар | 10 | ||||||
4 | Өндүрүштүк-техникалык базасынын болушу | Жеке менчик | Ижарага алынган же кызмат көрсөтүү келишими боюнча | |||||
20 | 10 | |||||||
5 | ИТК квалификациясынын деңгээли жана болушу | Баллдын саны | ||||||
Жүргүнчүлөрдү ташуудагы иш стажы (жыл) | ||||||||
1ге чейин | 1-3 | 3-6 | 6-10 | 10-15 | 15 жана андан жогору | |||
жетекчи | 0 | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||
КК жана КТ инженери | 0 | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||
механик | 0 | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||
диспетчер | 0 | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||
6 | Жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу боюнча Катышуучунун иш стажы | Баллдын саны | ||||||
1 жылга чейин | 0 | |||||||
1 жылдан 3 жылга чейин | 1 | |||||||
3 жылдан 5 жылга чейин | 2 | |||||||
5 жылдан 10 жылга чейин | 3 | |||||||
10 жылдан жогору | 4 | |||||||
7 | Автобустарга жеке менчик укугу: | Баллдын саны | ||||||
жеке менчик (баланста) | 4 | |||||||
келишим боюнча (тартылгандар) | 1 | |||||||
8 | Катышуучунун жайгашкан жери: | Баллдын саны | ||||||
каттам башталган облустун/шаардын аймагында | 5 | |||||||
облустун/шаардын аймагынан тышкары | 1 | |||||||
9 | Акыркы жылда Катышуучунун авариялык коэффициенти |
| ||||||
0,03кө чейин | Минус 5 балл | |||||||
0,03төн жогору | Минус 10 балл | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
".
|
| 2-тиркеме |
|
| "Байма-бай автобустук каттамдарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо конкурстарын (тендерлерин) уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө жобонун 3-тиркемеси |
Форма
Жүргүнчү транспорт каражаттарынын болушу жана абалы
№ | Отундун тиби | Отун үчүн баллдын саны | Автобус чыгарылган жыл | Эксплуатациялоо мөөнөтү үчүн баллдын саны | Автобустун салонунун сыйымдуулугу (техпаспортко ылайык) | Сыйымдуулугу үчүн баллдын саны | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ылайыкталган жабдуулары бар автобустардын болушу | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ылайыкталган жабдуулары бар автобустар үчүн баллдын саны | Автотранспортко жеке менчик укугу | Жеке менчик үчүн баллдын саны | Баллдын жалпы суммасы |
I | II | III | IV | V | VI | VII | VIII | IX | X | XI | XII |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Орточо балл | |||||||||||
Лот № ________
Эскертүү: IV, VI, VIII, X жана XII графалар - Катышуучу тарабынан толтурулат, V, VII, IX, XI, XIII жана XIV графалар - баалоо шкаласынын негизинде "КЭК" АМС тарабынан эсептелет.
Комиссиянын төрагасы | ____________________________________ | ____________________________ |
| (аты-жөнү) | (колу) |
Комиссиянын мүчөлөрү | ____________________________________ | ____________________________ |
| (аты-жөнү) | (колу)". |
|
| 3-тиркеме |
|
| "Байма-бай автобустук каттамдарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо конкурстарын (тендерлерин) уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө жобонун 15-тиркемеси |
Конкурстун Катышуучуларынын конкурстук сунуштарын жалпы баалоо
Лот № __________
| Катышуучунун аталышы | Транспорттук каражаттар | Өндүрүштүк-техникалык база | Катышуучунун иш стажы | ИТК квалификациясы | АТМдин жайгашуусу | Жол кырсыктарынын коэффициенти | Бардык баллдын саны | Катышуучуну рангга бөлүү |
I | II | III | IV | V | VI | VII | VIII | IX | X |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү: Таблица баалоо шкаласынын негизинде "КЭК" АМС тарабынан эсептелет.
Комиссиянын төрагасы | ____________________________________ | ____________________________ |
| (аты-жөнү) | (колу) |
Комиссиянын мүчөлөрү | ____________________________________ | ____________________________ |
| (аты-жөнү) | (колу)". |
|
| 4-тиркеме |
|
| "Байма-бай автобустук каттамдарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо конкурстарын (тендерлерин) уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө жобонун 18-тиркемеси |
Форма
Конкурстук сунуштарды жана Катышуучу жөнүндө маалыматтарды толтуруу боюнча НУСКАМА
1. Конкурстун катышуучулары Каттамдарда жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого ачык конкурстарды өткөрүү жөнүндө жобо менен таанышууга, конкурстук документтерди, ошондой эле конкурстук сунуштардын жана конкурстун Катышуучусу жөнүндө маалыматтардын туура толтурулушун ушул Нускамага ылайык билиши керек.
2. Конкурстун Катышуучуларынын өкүлдөрү конкурска катышууга арыз берилгенге чейин конкурсту Уюштуруучусунан консультация ала алышат.
3. Бул Нускаманын "Конкурстук сунуштарына", "Катышуучу тууралуу маалыматына", ошондой эле "Конкурска катышуудан четтетүү шарттарына" өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Конкурстук сунуштар.
4. 3-тиркеме, II, IV, VI, VIII, X жана XII графалар автомобилдердин техникалык паспортторуна ылайык конкурстун Катышуучусу тарабынан толтурулат, III, V, VII, IX, XI, XIII жана XIV графалар баалоо шкаласынын негизинде "КЭК" АМС тарабынан эсептелет.
5. 4-тиркеме, II жана III графалар Катышуучу тарабынан толтурулат, IV графа баалоо шкаласынын негизинде "КЭК" АМС тарабынан эсептелет.
6. 5-тиркеме, III жана IV графалар конкурстун Катышуучусу тарабынан толтурулат, V графа баалоо шкаласынын негизинде "КЭК" АМС тарабынан эсептелет. "Адистиги" графасы дипломго ылайык, ал эми "Жүргүнчүлөр транспортундагы иш стажы" графасы эмгек китепчесине ылайык толтурулат.
7. 6-тиркеме, II, III жана IV графалар конкурстун Катышуучусу тарабынан толтурулат, V графа баалоо шкаласынын негизинде "КЭК" АМС тарабынан эсептелет. "Туулган жылы, айы, күнү" графасы паспортко, "Жүргүнчүлөр транспортундагы иш стажы" графасы эмгек китепчесине, "Лицензиянын номери, датасы жана иштөө мөөнөтү" графасы транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген колдонуудагы лицензияга ылайык толтурулат.
8. 7-тиркеме, III, IV жана V графалар конкурстун Катышуучусу тарабынан толтурулат, VI графа баалоо шкаласынын негизинде "КЭК" АМС тарабынан эсептелет. Аталган графалар каттамды бекитүү жөнүндө транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечимине ылайык же транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен Катышуучунун (эгер азыркы учурда автобустук каттамдарды тейлесе) ортосунда түзүлгөн Контрактка ылайык толтурулат.
9. 8-тиркеме, I, II, III жана IV графалар конкурстун Катышуучусу тарабынан, V графа конкурстук Комиссия тарабынан толтурулат.
Катышуучу тууралуу маалымат
10. Конкурска катышуу арызында бул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн бардык документтер тиркелиши керек.
11. 9, 10-тиркемелер бул Жобонун 5, 6-тиркемелерине окшош. Катышуучу тарабынан бардык графалар, Конкурска катышууга сунушталган жетекчилердин, адистердин жана айдоочулардын аты-жөнүн көрсөтүү менен төмөнкү документтердин: дипломдун, эмгек китепчесинин, айдоочулук күбөлүктөрүнүн, лицензиялардын негизинде толтурулат.".