Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-декабры № 666
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-августундагы № 537 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын куралдануусунда турган атайын каражаттардын тизмесин жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери тарабынан атайын каражаттарды колдонуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 6-бөлүгүн, 40-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-августундагы № 537 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын куралдануусунда турган атайын каражаттардын тизмесин жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери тарабынан атайын каражаттарды колдонуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуладагы "25" деген цифралар "40" деген цифраларга алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын куралдануусунда турган атайын каражаттардын тизмесинде:
- 3-пункт "автоматтар," деген сөздөн кийин "мылтыктар" деген сөз менен толукталсын;
- 8-пункт "тоскоолдукту," деген сөздөн кийин "жасалма дүрмөттөр," деген сөздөр менен толукталсын;
- 9-пункт "түзүлүштөр" деген сөздөн кийин ", шаймандар" деген сөз менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:
"12. Самолёт жана квадрокоптердик типтеги учкучсуз аба кемеси (УАК). Радиоэлектрондук күрөшүү каражаттары (РЭК) (дронго каршы мылтыктар, навигация системаларын басаңдаткычтар ж.б.). Аба мейкиндигин пассивдүү байкоочу портативдик жана стационардык радарлар.";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери тарабынан атайын каражаттарды колдонуу эрежелеринде:
- 2-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери атайын каражаттарды "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-главасында жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставынын 11-12-1-пункттарында каралган тартипте жана учурларда гана колдонууга укуктуу.";
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кызматкерлер зарыл атайын каражаттары жок болгон учурда "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставында белгиленген аларды колдонуу тартибин сактоо менен жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн улуттук коопсуздук органдарынын куралдануусунда турбаган ар кандай керектүү каражаттарды жана башка куралды пайдаланууга укуктуу";
- 7-пункт "укук бузуунун мүнөзүн" деген сөздөрдөн кийин "(укукка каршы аракет (аракет же аракетсиздик), аны жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик каралган)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пункттун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кызматкер же бөлүкчөнүн (топтун) жетекчиси атайын каражаттарды колдонуунун натыйжасында жарандын же башка адамдын ден соолугуна залал же материалдык зыян келтирилген ар бир учур жөнүндө түздөн-түз башчысына же аларды колдонуу орду боюнча жетекчиге тиешелүү билдирме берүүнүн реалдуу мүмкүнчүлүгү пайда болгон учурдан тартып 24 (жыйырма төрт) сааттын ичинде жазуу жүзүндө жеткирүүгө милдеттүү. Кызматкердин атайын каражаттарды колдонуунун натыйжасында жарандын же башка адамдын өлүмүнө же жаракат алуусуна алып келген ар бир факты боюнча улуттук коопсуздук органынын ыйгарым укуктуу жетекчиси 24 (жыйырма төрт) сааттан кечиктирбестен прокурорго кабарлайт.
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставынын талаптарын бузуу менен атайын каражаттарды колдонуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.";
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Эгерде башка ыкмалар жана каражаттар менен мындай кол салуунун же каршылык көрсөтүүнүн мизин кайтарууга мүмкүн болбосо, кызматкердин же башка жарандын өмүрүнө коркунуч жараткан кол салуу, топтошуп кол салуу, же болбосо куралдуу каршылык көрсөтүү болгон учурлардан тышкары, кош бойлуулугу ачык көрүнүп турган аялдарга, майыптыктын ачык белгилери бар адамдарга, курагы кызматкерге айкын же белгилүү болгон жашы жете электерге карата атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 8-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |