Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2012-жылдын 2-августу № 537
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын куралдануусунда турган атайын каражаттардын тизмесин жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери тарабынан атайын каражаттарды колдонуу эрежелерин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 223, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 666 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36 жана 43-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 223, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 666 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын куралдануусунда турган атайын каражаттардын тизмеси 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери тарабынан атайын каражаттарды колдонуу эрежелери 2-тизмеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | О.Бабанов |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын куралдануусунда турган атайын каражаттардын ТИЗМЕСИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 666 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Мыйзам бузуучуларга психофизиологиялык таасир этүү жана аларды (кылмыштуу элементти) убактылуу алсыратуу үчүн сокку уруп-эстен тандыруучу резина таяктары жана электр менен эстен тандыруучу атайын таяктар.
2. Мыйзамга каршы же кооптуу аракеттерди чектөө үчүн мыйзам бузуучуну (кылмыштуу элементти) таңууга (байлоого) кол кишендер жана керектүү каражаттар.
3. Өлүмгө алып келбөөчү (сокку уруп-эстен тандыруучу, жаш агызуучу-дүүлүктүрүүчү, түтүндүү, жаркылдоочу, үн чыгаруучу) жана имитациялык аракеттеги атайын курал-жарактар (тапанчалар, мылтыктар, автоматтар, мылтыктар, гранатометтор, гранаталар ж.б.) жана алардын ок-дарылары, ошондой эле мыйзам бузуучуларга психофизиологиялык таасир этүү (алагды кылуу жана айласын кетирүү) жана аларды (кылмыштуу элементти) убактылуу алсыратуу үчүн штаттык куралга кирген өлүмгө алып келбөөчү жана имитациялык аракеттеги атайын ок-дарылар.
4. Атайын радио байланыштын жана видео байкоонун комплекстери (алып жүрүүчү станциялар, мобилдүү комплекстер, атайын системалар), анын ичинде башкарууну жана жетектөөнү камсыз кылуу үчүн, ошондой эле мыйзам бузуучуларды (кылмыштуу элементти) кармоо жана барымтага алынгандарды бошотуу боюнча оперативдүү-күжүрмөн иш-чараларды жана атайын антитеррордук операцияларды өткөрүү мезгилинде өз ара аракеттенген кызматкерлердин (бөлүкчөлөрдүн) ортосунда видео жана үн маалыматтарын берүү жолу менен байланышты сактоону камсыз кылуу үчүн жылып жүрүүчү байланыш системаларынын мониторингинин комплекстери.
5. Атуучу курал үчүн оптикалык, оптикалык-электрондук комплекстер жана каражаттар, ошондой эле кылмыштуу объекттерди, анын ичинде күндүзгү, түнкү, толук караңгы шарттарда жана татаал аба-ырайы шартында, имараттардын жайларында, транспорт каражаттарында (автомобилдерде, темир жол вагондорунда, учактарда, тик учактарда) жана жергиликтүү аймакта чүмбөттөлгөн объекттерди визуалдык издөө, табуу жана жашырын байкоо жүргүзүү үчүн оптикалык, оптикалык-электрондук комплекстер жана жергиликтүү аймакты чалгындоо каражаттары.
6. Жеке жана жамааттык сооттолгон коргонуучу каражаттар (алып жүрүүчү сооттолгон щиттер, сооттолгон чопкуттар, сооттолгон шлемдер, чабуул коюучу коргонуучу кийимдер, соот техника), ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин жана имараттарда, авиациялык, темир жол жана автоунаа каражаттарында жана жергиликтүү аймакта куралдуу мыйзам бузуучуларды (кылмыштуу элементтерди) кармоо жана барымтага алынгандарды бошотуу боюнча оперативдүү-күжүрмөн, оперативдүү-күзөт иш-чараларды жана атайын чабуул коюучу операцияларды өткөрүү учурунда аларга күзөткө алуу тапшырмасы жүктөлгөн адамдардын өмүрүн жеке жана жамааттык коргоо үчүн көрүү, дем алуу органдарын жана терини жеке коргоонун каражаттары.
7. Оперативдүү-техникалык, оперативдүү-күжүрмөн иш-чараларды, ошондой эле атайын антитеррордук операцияларды өткөрүүнүн жүрүшүндө жарылгыч заттарды жана жардыруучу каражаттарды кол менен жана аралыктан издөө, табуу (ачыкка чыгаруу), куралсыздандыруу, зыянсыздандыруу, алдын ала изилдөө жана идентификациялоо, жарылуучу кооптуу түзүлүштөрдү жана заттарды коопсуз сактоо, ташуу, жок кылуу (кыйратуу) үчүн жарылгыч заттарды табуунун жана зыянсыздандыруунун комплекстери жана каражаттары.
8. Табигый жана инженердик тосмолорду (тоскоолдукту жасалма дүрмөттөр, кыйратуучу каражаттар, чабуул коюучу шатылар, тепкичтер, жарылгыч түзүлүштөрдүн өткөргүчтөрүн алып салуу үчүн түзүлүштөр, транспортторду зордоп токтотуунун каражаттары ж.б.) өтүү үчүн шаймандар жана каражаттар.
9. Куралдуу мыйзам бузуучуларды (кылмыштуу элементтерди) кармоо жана барымтага алынгандарды бошотуу боюнча оперативдүү-күжүрмөн иш-чаралардын жана атайын операциялардын жүрүшүндө имараттардын эшиктерин ачуу үчүн, транспорт каражаттарынын (автомобилдердин, темир жол вагондорунун) айнек терезелерин, ошондой эле айнек орнотулган тешик жерлери бар башка объекттерди талкалоо үчүн түзүлүштөр, шаймандар.
10. Кылмыштуу жана террористтик иштердин объекттерин издөө жана кармоо, жарылгыч заттарды жана баңги каражаттарды табуу, объекттерди күзөткө алуу, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин өздүк коопсуздугун камсыз кылуу жана башка тапшырмаларды аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматтык, оперативдүү-кызматтык, оперативдүү-күжүрмөн иштеринде бөлүкчөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн кызматтык (тинтүүчү, издөөчү, мина издөөчү, атайын, күзөтчү жана кароолдук) иттер.
11. Дегазациялоонун, дезактивизациялоонун, дезинфекциялоонун, радиациялык, химиялык чалгындоонун жана радиоактивдүү нурланууну контролдоонун каражаттары.
12. Самолёт жана квадрокоптердик типтеги учкучсуз аба кемеси (УАК). Радиоэлектрондук күрөшүү каражаттары (РЭК) (дронго каршы мылтыктар, навигация системаларын басаңдаткычтар ж.б.). Аба мейкиндигин пассивдүү байкоочу портативдик жана стационардык радарлар.