Загрузка документа…
| ||
2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-августундагы № 537 токтому менен бекитилген |
|
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери тарабынан атайын каражаттарды колдонуу эрежелери
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 223, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 666 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Ушул Эрежелер "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген милдеттерди аткарууда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери тарабынан улуттук коопсуздук органдарынын куралдануусунда турган атайын каражаттарды колдонуунун тартибин аныктайт.
2. Атайын каражаттар - улуттук коопсуздук органдарынын куралдануусуна кабыл алынган, кол салуунун мизин кайтарууда, кылмыш жасоого бөгөт коюуда, каршылык көрсөтүүдө, издөөдө, кармоодо, кармалгандарды жеткирүүдө, камактан качуусуна бөгөт коюуда, барымтага алынган адамдарды, басып алынган имараттарды, жайларды, курулуштарды, транспорттук каражаттарды жана участкаларды бошотууда, массалык тополоңго бөгөт коюуда, транспорт каражаттарын токтотууда объектиге өлүмгө алып келбеген калыбына келтирүүчү таасир көрсөтүү максатында улуттук коопсуздук органдары тарабынан колдонуу үчүн атайын жасалган жана дайындалган ар түрдүү буюмдар.
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери атайын каражаттарды "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-главасында жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставынын 11-121-пункттарында каралган тартипте жана учурларда гана колдонууга укуктуу.";
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 223, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 666 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Улуттук коопсуздук органдарынын түзүмдүк бөлүкчөсүнүн күжүрмөн жана дене тарбия даярдык үчүн жооптуу кызмат адамына атайын каражаттарды колдонуу эрежелери боюнча зачет тапшырбаган улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине аларды колдонууга тыюу салынат.
Атайын каражаттарды колдонууга байланышкан кырдаалдардагы аракеттерге карата кесиптик жарамдуулук жактан улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин жылдык текшерүүдөн өтүүсүн уюштуруу үчүн жеке жоопкерчиликти улуттук коопсуздук органдарынын тийиштүү жетекчилери тартат.
"4. Кызматкерлер зарыл атайын каражаттары жок болгон учурда "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставында белгиленген аларды колдонуу тартибин сактоо менен жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн улуттук коопсуздук органдарынын куралдануусунда турбаган ар кандай керектүү каражаттарды жана башка куралды пайдаланууга укуктуу";
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 666 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Эгерде күч колдонбоо жолу кызматкерлерге жүктөлгөн милдеттерди аткарууну камсыз кылбаса, анда мыйзамдуу талаптарга каршы аракеттенүүнү жеңүү үчүн кара күч, анын ичинде таймашуунун күжүрмөн ыкмалары колдонулат.
6. Атайын каражаттарды түздөн-түз колдонуу жөнүндө чечимди конкреттүү оперативдүү-күжүрмөн, оперативдүү-техникалык иш-чаранын, атайын антитеррордук операциянын жетекчиси же улуттук коопсуздук органынын түзүмдүк бөлүкчөсүнүн жетекчиси, же болбосо анын ордундагы адам кабыл алат.
Өзүнүн иш-аракетине жогору турган жетекчилик менен оперативдүү макулдашууга мүмкүн эмес болгон учурда улуттук коопсуздук органдарынын кызмат адамдары атайын каражаттарды колдонуу жөнүндө чечимди өз алдынча кабыл алат, кийин түздөн-түз рапорт түрүндө билдирет.
7. Атайын каражаттын түрү жана аны колдонуунун ыкчамдуулугу түзүлгөн абалды, укук бузуунун мүнөзүн (укукка каршы аракет (аракет же аракетсиздик), аны жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик каралган) жана укук бузуучунун ким экендигин эске алуу менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 666 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Атайын каражаттарды колдонууну кечеңдетүү жарандардын, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз кооптуулукту жараткан же башка оор кесепеттерге алып келе турган учурлардан тышкары атайын каражаттарды колдонуу каршылык көрсөтүү үчүн жетишээрлик убакыт берүү менен аларды пайдалануу ниети жөнүндө эскертүү берүү менен коштолушу керек.
Атайын каражаттарды колдонбоого мүмкүн болбогон бардык учурда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери жарандардын ден соолугуна, кадыр-баркына, ар-намысына жана мүлкүнө эң аз зыян келгендей, ошондой эле жабыр тарткандарга медициналык жана башка жардам берүүнү камсыз кылгыдай аракеттенүүгө милдеттүү.
"Кызматкер же бөлүкчөнүн (топтун) жетекчиси атайын каражаттарды колдонуунун натыйжасында жарандын же башка адамдын ден соолугуна залал же материалдык зыян келтирилген ар бир учур жөнүндө түздөн-түз башчысына же аларды колдонуу орду боюнча жетекчиге тиешелүү билдирме берүүнүн реалдуу мүмкүнчүлүгү пайда болгон учурдан тартып 24 (жыйырма төрт) сааттын ичинде жазуу жүзүндө жеткирүүгө милдеттүү. Кызматкердин атайын каражаттарды колдонуунун натыйжасында жарандын же башка адамдын өлүмүнө же жаракат алуусуна алып келген ар бир факты боюнча улуттук коопсуздук органынын ыйгарым укуктуу жетекчиси 24 (жыйырма төрт) сааттан кечиктирбестен прокурорго кабарлайт.
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставынын талаптарын бузуу менен атайын каражаттарды колдонуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.";
Улуттук коопсуздук органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары атайын каражаттарды колдонууга байланышкан шарттарда аракеттерге болгон жарамдуулугуна атайын даярдыктан өтүүгө, ошондой эле мезгил-мезгили менен текшерүүдөн (кайра даярдоодон) өтүп турууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 666 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Улуттук коопсуздук органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары, кызматкерлер тарабынан атайын каражаттар колдонулганда адамдардын оор жаракат алышына же өлүмүнө алып келген ар бир учур жөнүндө прокуратуранын тийиштүү органына, ал эми чет өлкөнүн атуулдарына карата тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирет.
10. Атайын каражаттарды колдонуудан кийин жабыр тарткандарды табуу, иштебей калган атайын каражаттарды жыйноо, жашоо-тиричиликти камсыз кылуучу объекттерде мүмкүн болгон өрт чыгуучу жана зыянга учуратуучу жерлерди табуу, башка терс кесепеттерди аныктоо максатында имараттарда жана жайларда текшерүү жүргүзүлөт.
11. Эгерде башка ыкмалар жана каражаттар менен мындай кол салуунун же каршылык көрсөтүүнүн мизин кайтарууга мүмкүн болбосо, кызматкердин же башка жарандын өмүрүнө коркунуч жараткан кол салуу, топтошуп кол салуу, же болбосо куралдуу каршылык көрсөтүү болгон учурлардан тышкары, кош бойлуулугу ачык көрүнүп турган аялдарга, майыптыктын ачык белгилери бар адамдарга, курагы кызматкерге айкын же белгилүү болгон жашы жете электерге карата атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 666 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Атайын каражаттарды эсепке алуу мындай каражаттардын түрү жана саны боюнча жүргүзүлөт, аларды берүү атайын журналга кол койдуруу менен жүргүзүлөт. Атайын каражаттарды берүү жана тапшыруу тартиби улуттук коопсуздук органдарынын жетекчиси тарабынан аныкталат.
13. Оперативдүү-күжүрмөн, оперативдүү-техникалык иш-чараларды, атайын антитеррордук операцияларды өткөрүүдөн кийин, же зарылчылык өткөндөн кийин атайын каражаттар улуттук коопсуздук органынын нөөмөтчүсүнө тапшырылат жана иш жүзүндө тапшырылган атайын каражаттарды көрсөтүү менен ал жөнүндө журналга тийиштүү белги коюлат.
14. Улуттук коопсуздук органдарынын жетекчилери (начальниктери) мыйзамдуулукту, атайын каражаттарды колдонуунун тартибин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу боюнча өздүк курам менен дайыма иш жүргүзөт жана атайын каражаттарды пайдаланууга жеке жоопкерчиликти тартат.
15. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери атайын каражаттарды колдонуу боюнча ыйгарым укуктарынан аша чапкандыгы үчүн жана ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.