Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 397 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоо эрежелери
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 622, 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 509 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоо эрежелери (мындан ары - Эрежелер) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы № 146 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын уюштуруу жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобого ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын (мындан ары - эл аралык стипендия) ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоону уюштуруу жана жүзөгө ашыруу тартибин аныктайт.
2. Талапкерлердин документтерин кабыл алуу жана кароо тартиби
2. Эл аралык стипендияга талапкерлерди тандоо боюнча ишти координациялоо жана уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) катчылык түзүлөт, ал өз ишин ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык жүргүзөт.
Эл аралык стипендияга талапкерлерди тандоо Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобонун 7-главасына ылайык Республикалык комиссия тарабынан аныкталган тышкы оператор тарабынан да жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 509 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Документтерди кабыл алуу жана конкурс өткөрүү мөөнөттөрү жыл сайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет жана документтерди кабыл алуу мөөнөтү башталганга чейин 14 (он төрт) календарлык күн мурда Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылат. Документтерди кабыл алуу мезгили 30 (отуз) календарлык күндөн кем эмес мөөнөттү түзөт.
4. Талапкерлер конкурска катышуу үчүн жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобонун 3-главасында белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
5. Конкурска катышууга чет мамлекеттин жогорку окуу жайына (мындан ары - жож) окууга кабыл алуу жөнүндө сунуш кат менен кабыл алынган талапкерлерге жол берилет.
6. Талапкерлер конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди берет:
1) ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча эл аралык стипендияны ыйгаруу конкурсуна катышуу үчүн талапкердин толтурулган анкетасы;
2) паспорт/инсандын күбөлүгү;
3) транскриптти тиркөө менен бакалавр/адис/магистр диплому;
4) программаны, адистикти, окуу мезгилин көрсөтүү менен мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен академиялык окууга кабыл алынгандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
5) чет өлкөлүк жогорку окуу жай тарабынан берилген жетишкендиктер жөнүндө расмий документ/адистигин, курсун (окуу жылын), ошол окуу жайда пайдаланылган баалоо системасы жөнүндө маалыматты, ошондой эле чет өлкөнүн алдынкы жогорку окуу жайларында академиялык окууда окуп жаткан адамдар үчүн мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен ошол окуу жайда учурдагы жетишкендиктин орточо баллын көрсөткөн белгиленген үлгүдөгү маалымкат;
6) жарыялоолор, автордук күбөлүктөр, баяндамалардын тезистери, дипломдор ж.б. менен ырасталган илимий-изилдөө иштерине активдүү жана натыйжалуу катышуу жөнүндө маалыматтар;
7) эл аралык стипендияны ыйгарганга чейин эки жыл ичинде башка коомдук сунуштар жөнүндө, илимий-изилдөө иштеринин натыйжалары жөнүндө маалыматтар, анын ичинде эл аралык, республикалык же ведомстволук конференцияда, семинарда, тиешелүү деңгээлдеги тегерек столдо баяндама (билдирүү) менен чыгып сүйлөө аркылуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 622 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Талапкер тарабынан документтердин топтому документтерди кабыл алуунун белгиленген мөөнөтүнүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын/тышкы оператордын веб-порталы аркылуу берилет.
Берилген документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча талапкердин порталдагы жеке кабинетине документтерди кабыл алуу жана конкурска катышууга уруксат берүү же аларды кабыл алуудан жүйөлүү баш тартуу жөнүндө билдирүү жиберилет.
Документтер Эрежелердин талаптарына жана шарттарына ылайык келбеген, ошондой эле документтердин топтому толук берилбеген учурда, талапкер бузууларды четтетүүгө жана документтерди кабыл алуу үчүн белгиленген мөөнөттүн ичинде документтердин топтомун кайра тапшырууга укуктуу.
Талапкердин жана конкурска катышууга уруксат берүү үчүн документтердин топтомунун Эрежелердин талаптарына ылайык келүүсүн кароо ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 509 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Документтерди караган учурда талапкерге конкурска катышуудан баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) дипломдо (бакалавр же адис) көрсөтүлгөн багыттын/адистиктин окуу программасынын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы № 146 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн багыттардын/адистиктердин окуу программаларынын бирине шайкеш келбесе;
2) академиялык окууга кабыл алынгандыгын ырастаган документте көрсөтүлгөн адистикти алуу үчүн окуу программасы адистиктин окуу программасына ылайык келбесе;
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 622 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) талапкер ушул Эрежелердин 3 жана 4-пункттарынын талаптарына ылайык келбесе.
Документтерди кабыл алуу же конкурстан өтүү баскычында атайылап жалган маалыматтар берилгендиги аныкталган учурда талапкерге ушул жылы конкурска катышууга жол берилбейт.
3. Талапкерлерди тандоону уюштуруу жана өткөрүү
9. Конкурс эки турдан турат.
10. Биринчи тур ыйгарым укуктуу орган/тышкы оператор тарабынан уюштурулат жана өткөрүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 509 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Биринчи турда документтерди тандоо ушул Эрежелердин 2-главасына ылайык жүргүзүлөт.
12. Ыйгарым укуктуу орган талапкерлердин материалдарын Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссиянын (мындан ары - Республикалык комиссия) кароосу үчүн экинчи турга киргизет.
Эл аралык стипендияга талапкерлерди тандоо тышкы оператор тарабынан жүргүзүлгөн учурда тышкы оператордун сунушу боюнча ыйгарым укуктуу орган талапкерлердин материалдарын Республикалык комиссиянын кароосу үчүн экинчи турга киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 509 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Республикалык комиссия эл аралык стипендияны ыйгаруу же ыйгаруудан баш тартуу жөнүндө акыркы чечимди кабыл алат, ал жөнүндө талапкерге ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-порталына маалыматты жайгаштыруу аркылуу маалымдалат.
14. Конкурстун жеңүүчүсү Республикалык комиссия тарабынан талапкерге эл аралык стипендияны ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 90 (токсон) календарлык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган менен келишим (контракт) түзөт, анын типтүү формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 622 токтомунун редакциясына ылайык)