Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 6-апрели № 189
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 367 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 497, 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566, 2025-жылдын 10-июнундагы № 328, 2026-жылдын 18-майындагы № 348 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-июнундагы № 348-т тескемеси менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо боюнча координациялык кеңештин жыйналышынын протоколун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 115 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маселелери жөнүндө" Жарлыгынын 6-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин карамагына тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:
- туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функциялар;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти, аны Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти деп кайра атоо менен.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун 1-пунктчасындагы "тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен туризм чөйрөсүндөгү функцияларды Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине өткөрүп берүү менен" деген сөздөр алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жободо:
- 1-пункттун 1-пунктчасында:
экинчи абзацтагы ", инвестициялык" деген сөздөр алып салынсын;
алтынчы, он бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- туризм;";
- 11-пунктта:
6-пунктчадагы "өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана" деген сөздөр алып салынсын;
7-пунктчанын экинчи абзацындагы ", инвестициялык" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 10-пунктча менен толукталсын:
"10) туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.";
- 12-пунктта:
1-пунктчанын он экинчи, он үчүнчү, жыйырма сегизинчи, жыйырма тогузунчу, отуз жетинчи, кыркынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
2-пунктчада:
он сегизинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
жыйырманчы абзацтагы "инвестициялык, программалык" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма жетинчи-жыйырма тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- республикадагы туризмдин абалын изилдейт, жалпылайт жана талдайт, Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнүн негизги стратегиялык багыттарын аныктайт;
- туризмди өнүктүрүүнүн негизги тенденцияларына жана багыттарына комплекстүү талдоо жана болжолдоолорду жүргүзөт;
- туристтик объекттердин абалына, аларды сарамжалдуу пайдаланууга, сактоого жана калыбына келтирүүгө мониторинг жүргүзөт;";
3-пунктчада:
жыйырма биринчи абзацтагы "инвестициялык, программалык" деген сөздөр алып салынсын;
жыйырма бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
5-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы - он тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- туризмди өнүктүрүүгө чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча сунуштарды даярдайт жана туризм тармагына чет өлкөлүк капиталдын агылып келиши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын аймагында туризм чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке жактар тарабынан ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо маселелери боюнча маалыматтык, методикалык жана консультациялык жардам көрсөтөт;
- республиканын туристтик уюмдарына инвестицияларды тартуу үчүн туризм чөйрөсүндө алардын бизнес-долбоорлорун илгерилетүүдө, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен инвестициялык байланыштарды өнүктүрүүдө көмөк көрсөтөт;
- туристтик кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүүгө жана туристтик иштин бардык субъекттери үчүн бирдей шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтөт.";
2) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 497 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 497 токтомунун редакциясына ылайык)
4. КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 2-пункттагы "578", "118", "316", "74" деген цифралар тиешелүү түрдө "589", "121", "327", "77" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 11-пункттагы "410", "86", "181", "44" деген цифралар тиешелүү түрдө "399", "83", "170", "41" деген цифраларга алмаштырылсын;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566 токтомунун редакциясына ылайык)
6. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-майындагы № 348 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 702 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пункттун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти белгиленген тартипте:
1) бир айлык мөөнөттө түзүмүн жана штаттык расписаниесин ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
9. Бул токтом бекитилген штаттык сандын жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
".
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин (мындан ары - Департамент) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаментинин укук улантуучусу болуп саналат.
3. Департамент туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды аткарууну камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук түзүмү статусунда иштөөчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы болуп саналат.
4. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул жобону жетекчиликке алат.
5. Департамент өз ишин аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактардын бирикмелери жана башка уюмдар менен ишке ашырат.
6. Департамент юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган аталышы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү штампы, фирмалык бланктары жана казыналык системасында эсептери бар.
Уюштуруу укуктук формасы - оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме. Департамент өз атынан жарандык-укуктук мамилелерди түзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга укуктуу.
7. Департаменттин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти";
- расмий тилде: "Департамент туризма при Министерстве экономики и коммерции Кыргызской Республики".
8. Департаменттин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Туризм департаменти";
- расмий тилде: "Департамент туризма".
9. Департаменттин жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Биринчи май району, Киев көчөсү, 96 "Б".
2. Департаменттин максаты
10. Департаменттин максаты туризм чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу болуп саналат.
3. Департаменттин милдеттери
11. Департаменттин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) туризм чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу;
2) туризмди туруктуу өнүктүрүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүү;
3) туризм чөйрөсүнүн ишин координациялоо;
4) туризм тармагын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
5) өлкөнүн кадыр-баркын жогорулатуу;
6) туризм чөйрөсүнүн мыйзам базасын өркүндөтүү.
4. Департаменттин функциялары
12. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
1) тармактык саясат функциялары:
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган тартипте жана учурларда Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык башкаруу органдарында жана эл аралык уюмдарда кызматташууну ишке ашырат;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун мыйзамда белгиленген тартипте иштеп чыгат жана Министрликке киргизет;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу практикасын жалпылайт, аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- туризм чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
- туризмди мамлекеттик колдоо механизмдерин иштеп чыгат;
- туризм чөйрөсүндөгү концептуалдык-стратегиялык документтерди, анын ичинде туризмдин маркетингдик стратегиясын иштеп чыгат жана иштеп чыгууга катышат;
- дүйнөлүк туризм рыногунун конъюнктурасын изилдейт жана белгиленген тартипте туризм чөйрөсүн өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
- туризмди өнүктүрүүнүн негизги тенденцияларына жана багыттарына комплекстүү талдоо жана болжолдоо жүргүзөт;
- туристтик агымдардын абалына талдоо жүргүзөт;
- туристтик иштин субъекттери көрсөтүүчү кызматтардын сапатына талдоо жүргүзөт;
- туризм секторуна гранттарды, техникалык, донордук жана демөөрчүлүк жардамдарды тартууга өбөлгө түзүүчү документтик долбоордук базаны даярдайт жана түзөт;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы жаратылыш комплекстерин жана тарыхый-маданий объекттерди өзүнө камтыган туристтик ресурстарды сактоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- өз компетенциясынын чегинде туризм чөйрөсүндөгү эл аралык иш-чараларга Кыргыз Республикасынын катышуусу жана кызматташуусу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- жергиликтүү жана эл аралык деңгээлдерде туризм боюнча кызматташтыкты өнүктүрөт жана илгерилетет;
- Департаменттин компетенциясына кирген чөйрөлөрдө кызматташтык жөнүндө эл аралык келишимдерди ишке ашырат;
- эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча функцияларды ишке ашырат, ошондой эле компетенциясынын чегинде тиешелүү иш-чараларга катышат;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри менен макулдашуу боюнча туристтик мезгилдердин пландарын иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарына бекитүүгө киргизет;
2) координациялоо, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо функциялары:
- туризм чөйрөсүн комплекстүү өнүктүрүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялайт;
- туризм чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүү боюнча аткаруу бийлик органдарынын ишин тармактар аралык жана региондор аралык координациялоону жүзөгө ашырат;
- туризм чөйрөсүндөгү уюмдардын иштерине мониторинг жүргүзөт;
- белгиленген тартипте башка мамлекеттик органдар, өзүн-өзү башкаруу органдары, тармактык уюмдар жана мекемелер менен түздөн-түз аракеттенип, алардын туризм жаатындагы ишин жана туризм чөйрөсүндө белгиленген максаттуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышын контролдойт;
- Департаменттердин компетенциясына кирген маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана өкмөттүк эмес түзүмдөр менен өз ара аракеттенет;
3) колдоо функциялары:
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтык-аналитикалык материалдарды даярдоону жана жайылтууну ишке ашырат;
- туристтик иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук туристтик бирикмелерге маалыматтык жана административдик колдоо көрсөтүүнү жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын пропагандалоого өбөлгө болгон билим берүүчү, маркетингдик иш-чараларды жана жарнамалык роликтерди иштеп чыгат;
- туризм чөйрөсүндөгү субъекттерге методикалык жана консультациялык жардамдарды көрсөтөт;
- башка өлкөлөрдө ата мекендик туристтик уюмдардын кызыкчылыктарын илгерилетүүгө көмөк көрсөтөт;
- туризм чөйрөсүндө улуттук жана эл аралык уюмдар менен байланыштарды түзөт жана биргелешкен изилдөө, агартуу иштерин жүзөгө ашырат;
- туристтик иш жүргүзгөн объекттердин жана субъекттердин бирдиктүү реестрин жүргүзөт;
- туризмдин түрлөрү боюнча классификация иштеп чыгат жана бекитет;
- Департаменттин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин, ошондой эле Департаменттин милдеттерин аткарууга көмөк көрсөткөн башка жарандарга белгиленген тартипте ведомстволук сыйлыктарды (төш белгилер, сыйлыктар, грамоталар) уюштурат жана сыйлайт;
- Департаменттин компетенциясынын алкагында кызматташтык жөнүндө меморандумдарга, келишимдерге, макулдашууларга, протоколдорго жана башка документтерге кол коёт.
Департамент Кыргыз Республикасынын туризм чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык башка функцияларды да ишке ашырат.
5. Департаменттин укуктары
13. Департамент өзүнүн функцияларын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары жана Департаменттин ишинин маселелери боюнча сунуштарды киргизүү;
2) Министрлик менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдердин, макулдашуулардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга жана аларга белгиленген тартипте кол коюуга катышуу;
3) Департаменттин ишинин маселелери боюнча координациялык жана кеңешүүчү органдарды (кеңештер, комиссиялар, топтор), анын ичинде ведомстволор аралык органдарды түзүү;
4) Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча, анын ичинде ведомстволор аралык жана өкмөттөр аралык деңгээлдерде эл аралык институттардын, комиссиялардын, эксперттик топтордун, атайын жумушчу топтордун ишине катышуу;
5) Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык (региондук) уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоо;
6) туризм чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донор өлкөлөрдүн гранттарын белгиленген тартипте тартуу;
7) мамлекеттик программаларды, концепцияларды жана башка долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин, административдик ведомстволорунун, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, илимий-изилдөө жана башка тартылган уюмдардын, мекемелердин өкүлдөрүн, Департаменттин ишинин багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн эксперттерди тартуу;
8) аткаруу бийлигинин органдарынан, ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден туризм чөйрөсүн өнүктүрүү маселелери боюнча материалдарды, сунуштарды жана корутундуларды сурап алуу;
9) сот органдарына доо арыздары менен кайрылуу жана сотторго катышуу;
10) негизги фонддордон, жүгүртүү каражаттарынан, башка материалдык баалуулуктардан жана финансылык ресурстардан турган Департаментке бекитип берилген мүлктү пайдалануу жана аларды башкаруу;
11) Департаменттин адистери үчүн жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө квалификациясын туруктуу негизде жогорулатуу, тренингдерди жүргүзүү, тажрыйба алмашууну камсыз кылуу;
12) Департаменттин бюджетин түзүүгө катышуу жана сунуштарды киргизүү;
13) белгиленген иш чөйрөсүндөгү маалыматтарды жарыялоо үчүн жалпыга маалымдоо басма каражаттарын белгиленген тартипте уюштуруу, Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча башка материалдарды жайгаштыруу;
14) мыйзамдарда каралган башка укуктарды ишке ашыруу.
6. Ишти уюштуруу
14. Департаментти Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин (мындан ары - министр) сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу министрдин орун басары рангындагы директор жетектейт.
Департаменттин директору түздөн-түз министрге баш иет жана ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде Департаменттин ишин уюштурат.
15. Департаментте директордун орун басарынын кызмат орду каралган.
Директордун орун басары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаменттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Директордун орун басары директорго түздөн-түз баш иет жана жүктөлгөн милдеттердин чегинде өзүнүн ишин жүргүзөт, директор жок учурда анын кызматтык милдеттерин финансылык документтерге кол коюу укугу менен аткарат.
16. Департаменттин директору:
1) Департаменттин ишине жалпы жетекчилик кылат жана Департаментке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Кыргыз Республикасынын, чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен болгон мамилелерде Департаменттин атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдерге кол коёт;
3) директордун орун басарынын кызматтык милдеттерин аныктайт, Департаменттин компетенциясына кирген уюштуруу, кадрдык, финансылык жана башка маселелерди чечүү боюнча Департаменттин башка кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын белгилейт;
4) Департаменттин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, аларга карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
5) белгиленген эмгек акы фондунун жана штаттык бирдиктин чегинде Департаменттин түзүмүнүн жана штаттык расписаниесинин долбоорлорун министрдин бекитүүсүнө киргизет;
6) Департаменттин кызматкерлерине белгиленген тартипте класстык чендерди ыйгарат;
7) ведомстволук сыйлыктарды (төш белгилер, сыйлыктар, грамоталар) уюштуруу жана Департаменттин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин, ошондой эле Департаменттин милдеттерин аткарууга көмөк көрсөткөн жарандарды сыйлоо боюнча сунуштарды министрге белгиленген тартипте киргизет;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарылууга милдеттүү болгон, анын ичинде мамлекеттик органдардын жетекчилери менен биргеликте же макулдашуу боюнча буйруктарды жана башка актыларды чыгарат, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаменттин мүлкүн, финансылык каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат, ишеним каттарды берет, финансылык жана эмгек тартибинин сакталышын камсыз кылат;
10) Департаменттин, ошондой эле анын аймактык бөлүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
11) Департаменттин алдына коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
17. Департаменттин түзүмү жана штаттык расписаниеси бекитилген штаттык санынын жана эмгек акы фондунун чегинде Министрлик тарабынан бекитилет, алар Департаменттин милдеттери жана функциялары өзгөргөндүгүнө байланыштуу гана өзгөрүшү мүмкүн. Мында директорду дайындоо Департаменттин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп эсептелбейт.
7. Мүлкү жана каражаттары
18. Департаменттин мүлкүн негизги жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле ыкчам башкаруу укугунда бекитилген башка материалдык баалуулуктар түзөт, алардын наркы баланста чагылдырылат.
19. Департамент ага бекитилген мүлктү анын менчик ээсинин макулдугу менен гана ажыратууга же башкача ыкма менен тескөөгө укуктуу.
20. Департамент эксплуатациялоо ченемдерин жана эрежелерин сактоо менен мүлктүн сактыгын жана натыйжалуу колдонулушун камсыз кылат.
21. Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту, ошондой эле статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
22. Департаменттин ишин каржылоо белгиленген тартипте республикалык бюджетте каралган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында уруксат берилген башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.
8. Корутунду жоболор
23. Департамент өз ишинде Министрликке отчет берет.
24. Департаменттин ишин кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
25. Департаменттин иши токтотулган учурда иштин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.".