Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 704 «Кыргыз Республикасынын»Келечек булагы«туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясы жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабры № 704
Кыргыз Республикасынын "Келечек булагы" туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын "Келечек булагы" туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясы 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын "Келечек булагы" туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясын ишке ашыруу боюнча жол карта (мындан ары - Жол карта) 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер жана административдик ведомстволор:
1) Жол картаны белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна Жол картаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Жол картаны аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалымат берсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын "Келечек булагы" туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясын ишке ашыруу боюнча ЖОЛ КАРТА
№ | Милдеттер | Чаралар | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Ишке ашыруу каражаты (сумма) |
I. Тарифтик саясат | ||||||
1 | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун тарифтик саясатын өркүндөтүү | Төмөнкүлөр каралган ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу: - ЧОБ үчүн дем берүүчү ставкаларды киргизүү; - юридикалык жакты түзбөгөн ДФЧ үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин кайра карап чыгуу | Камсыздандырылган жарандардын ар түрдүү категорияларына карата пенсиялык системанын адилеттүүлүгүн жогорулатуу максатында КР Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты | Соцфонд, ФМ, ЭКМ | 2022-ж. IV кварталы | Социалдык фонддун жана республикалык бюджеттин каражаттары |
2024-ж. IV кварталы | ||||||
II. Пенсиялык саясат | ||||||
2 | Пенсиялык укуктарды түзүү шарттарын оптималдаштыруу | Төмөнкүлөр каралган ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу: - майыптык боюнча пенсия чектөө саясатын өркүндөтүү; - пенсия чектөө жол-жобосун жөнөкөйлөтүү; - пенсияга укук алуу үчүн 5 жылдан 20 жылга чейин минималдуу камсыздандыруу стажын этабы менен киргизүү; - мөөнөтүнөн мурда пенсияларды жокко чыгаруу (пенсиянын өлчөмүн азайтуу менен жана азайтпастан); - жеңилдетилген категориялардын пенсияга чыгуу курагын жалпы белгиленген куракка ылайык келтирүү; - мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтарда иштеп жаткан пенсионерлерге пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөнү токтото туруу; | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун катышуучулары үчүн адилеттүү шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты | Соцфонд, ФМ | 2022-ж. IV кварталы - 2023-ж. I кварталы | Социалдык фонддун жана республикалык бюджеттин каражаттары |
- жаңыдан чектелген пенсионерлерге электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөрдү жокко чыгаруу | 2024-ж. IV кварталы | |||||
III. Пенсиялык системанын топтомо компоненти | ||||||
3 | 1. Пенсиялык системанын топтомо компонентинин жагымдуулугун күчөтүү | Төмөнкү каралуучу ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү: - инвестициялык портфелди кеңейтүү; - пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө механизмин өркүндөтүү | Уруксат берилген финансылык инструменттердин санын көбөйтүү, пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө механизмин өркүндөтүү аркылуу пенсиялык топтоо каражаттарынын сакталышын жана көбөйүшүн камсыз кылуу максатында ЧУА кабыл алынды | Соцфонд, Мамфинкөзөмөл, УБ (макулдашуу боюнча) | 2023-ж. II кварталы | Социалдык фонддун (МТПФ) каражаттары |
| 2. Ыктыярдуу топтомо системаны өнүктүрүү | Төмөнкүлөр каралган ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү: | Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорго жана башкаруучу компанияларга катышуучуларды тартуу максатында ЧУА кабыл алынды | Мамфинкөзөмөл, УБ (макулдашуу боюнча), Соцфонд | 2022-2023-жж. 2023-2024-жж. | МПФ, БК каражаттары |
- мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор жана башкаруучу компаниялар үчүн инвестициялык портфелди кеңейтүү; - мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо боюнча салыктык дем берүүлөрдү өркүндөтүү | МСК Мамфинкөзөмөл, Соцфонд | |||||
IV. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жагымдуу имиджин түзүү | ||||||
4 | Социалдык фондду маалымат мейкиндигинде жаңыча позициялоо | Социалдык фонддун жаңы брендбугун иштеп чыгуу; - коммуникациялык стратегияны иштеп чыгуу; - коммуникациялык стратегияда каралган иш-чараларды ишке ашыруу | Медиа мейкиндигинде Социалдык фонддун ачык-айкындуулугун, медиаактивдүүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатуу; - Социалдык фонддун иши жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу; - калктын пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу; - калктын пенсиялык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматка жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, Социалдык фондго ишенимди арттыруу жана жарандарды пенсиялык камсыздандыруу системасы менен камтууну жогорулатуу | Соцфонд | 2022-ж. IV кварталы - дайыма | Социалдык фонддун каражаттары |
V. Трансформациялоо жана иштин адамга багытталган моделине өтүү | ||||||
5 | Социалдык фонддун санариптештирүүсүн өнүктүрүү
| Жаңы санариптик көз карандысыз платформаны иштеп чыгуу жана киргизүү | Камсыздандырылган адамдын жеке санариптик профили (электрондук пенсиялык иш), Соцфонддун интерактивдүү картасы иштелип чыкты. | Соцфонд | 2022-2023-жж. | Социалдык фонддун каражаттары, тартылган каражаттар |
Соцфонд тарабынан башкаруунун жаңы платформасын өз алдынча иштеп чыгуу үчүн IT-топтор ишке тартылды. IT-топторду ишке тартуу үчүн тиешелүү укуктук база даярдалды жана КР Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизилди (эмгек акынын атаандаштык деңгээли менен, башка мамлекеттик органдардагы жана IT чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканалардагы ушундай топтордун деңгээлинде) | 2022-ж. III кварталы
2022-2024-жж. | |||||
Соцфондду башкаруунун жаңы санариптик платформасы иштелип чыкты жана киргизилди. Кызматтарды жана сервис көрсөтүү үчүн калк жана бизнес коомчулугу менен өз ара аракеттенүү үчүн санариптик система иштеп жатат | 2022-2023-жж. | |||||
Көп функциялуу КТБ | Сапат менеджментинин эл аралык стандарттарын колдонуп, калк менен иштөөнүн бирдиктүү фронт-офиси | Соцфонд, Санариптик өнүктүрүү министрлиги, "Инфоком" МИ, МСК, "Кыргыз почтасы" ААК (макулдашуу боюнча) | 2023-ж. |
| ||
Кыскартуулардын тизмеси:
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
Мамфинкөзөмөл | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
"Инфоком" МИ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы |
КР | - | Кыргыз Республикасы |
ДФЧ | - | дыйкан (фермердик) чарба |
Санариптик өнүктүрүү министрлиги | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ЧОБ | - | чакан жана орто бизнес |
УБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
МПФ | - | Мамлекеттик эмес пенсиялык фонд |
ЧУА | - | ченемдик укуктук акт |
"Кыргыз Почтасы" ААК | - | "Кыргыз Почтасы" ААК |
Соцфонд | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
БК | - | Башкаруучу компания |
КТБ | - | Калкты тейлөө борбору |