Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Стандарттары
II. Социалдык чөйрөдө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-декабрындагы № 720, 2015-жылдын 9-февралындагы № 45, 2015-жылдын 12-февралындагы № 54, 2015-жылдын 26-мартындагы № 161, 26 мая 2015 года № 325, 2015-жылдын 15-июлундагы № 500, 2015-жылдын 29-декабрындагы № 890, 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 589, 2017-жылдын 16-январындагы № 20, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 54, 2021-жылдын 21-декабрындагы № 323, 2022-жылдын 25-мартындагы № 168, 2023-жылдын 10-январындагы № 4, 2023-жылдын 17-февралындагы № 81, 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 593 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
II. Социалдык чөйрөдө | |||||
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жекече реабилитациялоо программаларын иштеп чыгуу - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 3-главасы, 14-пункту | |||
2 | Мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору (мындан ары - РМСЭБ). Аймактык (райондор аралык жана шаардык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (мындан ары - аймактык МСЭК) | |||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын жарандары: - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар (мындан ары - ДМЧ балдар); - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) | |||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 "Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө" токтому | |||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Жекече реабилитациялоо программасы | |||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүдөй шарттарда берилет: - күтүү үчүн орундары, дааратканалары (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогондо - короодогу дааратканалар), жылытуусу, суу түтүгү, телефону бар, белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген имаратта; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгүндө, анын ичинде көрүүсү жана угуусу ДМЧА жана таяныч-кыймыл аппараттары бузулган ДМЧА үчүн пандустардын, кармагычтардын болушу; - кезек күтүү принциби боюнча. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | |||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кароонун максималдуу мөөнөтү 50 мүнөттү түзөт | |||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | |||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - аймактык МСЭКке жеке кайрылууда; - аймактык МСЭКтин маалымат такталарынан; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан; Аймактык МСЭКте кабыл алуу. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - жарандарды жеке кабыл алуу; - жалпыга маалымдоо каражаттары; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы; - аймактык МСЭКтин маалымат такталары; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - телефон боюнча. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге аймактык МСЭКтин маалымат такталарында, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жайгаштырылат | |||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | |||||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Аймактык МСЭКтин имараттарында жана жайларында аталыштары көрсөтүлгөн маалыматтык табличкалар бар. Жарандарды кабыл алган аймактык МСЭКтин кызматкерлеринин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдждери) болушу керек. Кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этиканы, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбай турган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл системасы боюнча майыптыгы бар адамдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | |||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн | |||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызматты алуу үчүн төмөнкү документтер берилет: - кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кат жүзүндөгү арызы, ал эми жашы жете электер жана аракетке жөндөмсүз адамдар үчүн - мыйзамдуу өкүлүнүн (ата-энелердин бири, камкорчу, көзөмөлчү) жазуу жүзүндөгү арызы; - өздүгүн далилдеген документ (паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү); - № 088/у форма (МСЭКке жолдомо), тиешелүү медициналык документтер (стационардык дарылоо жөнүндө көчүрмөлөр, консультативдик корутундулар жана текшерүүлөрдүн натыйжалары), колдонуудагы ЧУАга ылайык таризделген амбулатордук карта; - эмгекке жарамсыздыгы жөнүндө баракча жана эмгек китепчесинин көчүрмөсү - иштеген жарандар үчүн | |||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз негизде көрсөтүлөт | |||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болушу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алган адамдардын жынысы, расасы, тили, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү шарттарынын шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - керектөөчүнүн күтүүлөрүнө акыркы жыйынтыктын (көрсөтүлгөн кызматтын) дал келүүсү | |||
15 | Мамлекеттик кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: portal.tunduk.kg аркылуу кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талапты (арыз ээсин) кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта берилет. Эскертүү: кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмө жөнөтүү үчүн арыз ээси: portal.tunduk.kg порталында катталуусу зарыл. Онлайн интерактивдүүлүгүнүн баскычы - 3 (веб-баракчада өтүнмөнү электрондук формада толтуруу жана кагаз жүзүндө басып чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциясы бар). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, РМСЭБ, аймактык МСЭК арыз ээси жөнүндө маалыматты башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга укуктуу | |||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз жана даттануу тартиби | |||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - күбөлөндүрүүдөн өтүү үчүн документтердин толук эмес пакети берилгенде; - МСЭКке жолдомонун мөөнөттөрү сакталган эмес | |||
17 | Даттануу тартиби | Жаран же анын мыйзамдуу өкүлү аймактык МСЭКтин эксперттик чечимине макул болбогон учурда РМСЭБдин директорунун атына жазуу жүзүндө берилген арыздын негизинде ага даттанууга укуктуу. Күбөлөндүрүүдөн өткөргөн МСЭК арыз келип түшкөн күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө аны бардык документтери менен кошо РМСЭБге жиберет. РМСЭБ жарандын арызы келип түшкөн күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен жаранды күбөлөндүрүүдөн өткөрөт жана алынган жыйынтыктардын негизинде чечим чыгарат. РМСЭБдин чечимине макул болбогон жаран эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилген кеңейтилген атайын комиссия тарабынан кайра күбөлөндүрүүдөн өтөт, анын курамына эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү, ыйгарым укуктуу органдын врач-эксперттери, жарандардын саламаттыгын сактоо, социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын, Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын өкүлдөрү кирет. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кеңейтилген атайын комиссиясынын корутундусуна жаран же анын мыйзамдуу өкүлү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сотко даттана алат | |||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралып турууга тийиш | |||
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпулду (мындан ары - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу) дайындоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 3-глава, 18-пункт | |||
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек чөйрөсүндө, анын ичинде калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана эмгекти коргоо, калкты социалдык коргоо, мунун ичинен жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды колдоо маселелери, ошондой эле үй-бүлө жана гендердик өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган): - калктын социалдык аялуу катмарына натыйжалуу жана даректүү социалдык коргоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүнүшү (мындан ары - ведомстволук бөлүнүш); - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары - аймактык бөлүнүш). Ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат | |||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү он алты жашка чыга элек төмөнкү балдар: - Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары; - тарыхый мекенине кайтып келген жана "кайрылман" статусун алган этностук кыргыздар; - жөлөкпулдарды берүү чөйрөсүндө эл аралык келишим түзүлгөн жана күчүнө кирген мамлекеттердин жарандары болуп саналган, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жарандар | |||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги 133 " Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоонун механизмин өркүндөтүү жөнүндө" токтому | |||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун дайындоо жөнүндө же дайындоодон баш тартуу тууралуу арыз ээсин маалымдоо. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө же дайындоодон баш тартуу тууралуу арыз ээсине анын электрондук почтасына билдирүү жиберүү аркылуу маалымдалат. Арыз ээсинин электрондук почтасы жок болгон учурда арыз ээсине стационардык же уюлдук байланыш аркылуу маалымдалат. Арыз ээси менен электрондук почта же уюлдук байланыш аркылуу байланышуу мүмкүн болбогон учурда билдирүү почта байланышы аркылуу жиберилет | |||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Келүүчүлөргө кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - кезек күтүү тартибинде; - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - бардык жарандар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар жана кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолсуз кирүү шартында; - күтүү үчүн бөлүнгөн жерлерди эске алуу менен. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн аймактык бөлүнүштөрдө кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | |||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек тартибинде күтүү. Жарандардан документтерди кабыл алуу, арыздарды тариздөө убактысы - 30 мүнөткө чейин. Жарандарга телефон аркылуу жана жеке маектешүү учурунда консультация берүү мөөнөтү 10 мүнөттөн ашык жүргүзүлөт. Документтер толук көлөмдө келип түшкөн учурдан тартып. "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун дайындоо жөнүндө маселе үйгө барууну, келип түшкөн документтердин аныктыгын текшерүүнү, маалыматтар базасына информация киргизүүнү, жөлөкпул дайындоого документтерди тариздөөнү эске алуу менен он иш күндөн ашык эмес каралат. "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу төмөнкүдөй дайындалат: - кайрылган айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып окуу жайынан берилүүчү маалым катты арыз ээси жаңыртууга тийиш болгон айдын акыркы числосуна чейин (жөлөкпул дайындалган күндөн тартып 12 айга жетпестен бала 16 жаш курагына чыккан учурда; - калган учурларда - кайрылган айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып 12 айлык мөөнөткө | |||

8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жаран төмөнкүлөрдөн алса болот: - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан; - ведомстволук бөлүнүштөн; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында - www.mlsp.gov.kg көрсөтүлгөн графикке ылайык аймактык бөлүнүштөн. Жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүдөй түрдө кабарланышы мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон, "ишеним телефону" аркылуу, адис менен жеке байланышуу учурунда); - portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы аркылуу; - электрондук форматта (социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы - www.mlsp.gov.kg кызмат көрсөтүү жана анын жол-жоболору жөнүндө маалымат; - маалымат такталары, брошюралар жана буклеттер аркылуу. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: - радио, телекөрсөтүү, маалымат сайттар, гезиттер; - коомдук кабылдамалар; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты. Аймактык бөлүнүштөрдө: - маалымат такталарында, брошюраларда жана буклеттерде; - телефон аркылуу; - түздөн-түз арыз ээсине баруу менен. Кызмат көрсөтүү жөнүндө кабарлоо жазуу жүзүндөгү кайрылууларга, телефон, "ишеним телефону" боюнча жана адистерге оозеки түрүндөгү жеке кайрылууларга жооп берүү аркылуу республиканын региондорунда калк, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугушууларда жүргүзүлөт. Даректер, телефон номерлери, банк реквизиттери, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында, расмий сайтында жайгаштырылат | |||

10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүндө кызмат көрсөтүүгө жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин эшигинде маалымат табличкалары илинет. Калк менен иштеген аймактык бөлүнүштөрдүн бардык кызматкерлеринин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Кызматкерлер колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата адептүүлүктү, калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл тутуму боюнча ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | |||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалымат ачыкка чыкпоого тийиш жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттары үчүн колдонууга жана үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салынат. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин эске алуу менен берилиши мүмкүн | |||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Арыз ээси төмөнкүлөрдү тапшырышы керек: - арыз ээсинин паспортун; - баланын/балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн/күбөлүктөрүн; - жашаган/турган жери боюнча катталгандыгы жөнүндө маалыматты (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөмдөрдүн коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашагандар үчүн гана; - үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси жөнүндө маалыматтарды. Зарыл болгон учурларда жана мамлекеттик органдардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларында тийиштүү маалыматтар жок болгон учурда кошумча төмөнкү документтер тапшырылат: - кайрылмандын күбөлүгү - кайрылман же анын үй-бүлө мүчөлөрү "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алууга кайрылган учурда; - жашы жете элек аракетке жөндөмсүз адамга камкорчу/көзөмөлчү дайындоо тууралуу соттун чечими - арыз камкорчу/көзөмөлчү тарабынан берилген учурда; - жарандык мыйзамдардын талаптары боюнча таризделген ишеним кат - ишеним көрсөтүлгөн жак кайрылган учурда; - никеге туруу/ажырашуу тууралуу күбөлүк же никеге туруу/ажырашуу тууралуу актынын жазуусунан көчүрмө - арыз ээси жөнүндө маалыматтар баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндөгү маалыматтарга дал келбеген учурларда; - банк реквизиттери - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпул алуучунун банктык эсебине которулган учурда; - 9-формадагы маалым кат - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алууга "жалгыз бой эне" расмий статусу бар аял кайрылган учурда; - жашай туруу укугу - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алууга Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган, чет өлкөлүк жарандар, жөлөкпулдарды берүү чөйрөсүндө эл аралык келишим түзүлгөн жана күчүнө кирген өлкөлөрдүн жарандары кайрылган учурда; - иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кызмат органдарында катталгандыгы жөнүндө маалым кат (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардан жана улгайган жарандардан тышкары "үй бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алууга үй-бүлөсүндө жумушсуз жарандар бар адамдар кайрылган учурда; - медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын майыптыкты ырастаган маалым каты - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алууга үй-бүлөсүндө ДМЧА бар адамдар кайрылган учурда; - үй-бүлө мүчөсүнүн өлгөндүгү тууралуу күбөлүгү же үй-бүлө мүчөсүнүн өлгөндүгү тууралуу күбөлүк жоголуп калган учурда өлгөндүгү тууралуу актынын жазуусунан көчүрмө - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алууга жубайы каза болгон адамдар кайрылган учурда; - жер үлүшүнүн жана үйгө караштуу жер участогунун бар/жок экендиги тууралуу маалымат, алар болгон учурда өлчөмдөрүн жана сапатын көрсөтүү зарыл; - айыл чарба жаныбарларынын бар (түрлөрү жана саны жөнүндө) же жок экендиги тууралуу маалымат/маалым кат; - жеңил автомобилдин (чыгарылган жылын көрсөтүү менен), айыл чарба техникасынын (трактор, комбайн), жүк ташуучу автомобилдин, чакан автобустун бар/жок экендиги тууралуу маалымат; - иш менен камсыз болуу жана жумушсуздук статусу тастыкталбаган, ишке жарамдуу үй-бүлө мүчөлөрү үчүн - салыктык каттоосу же катталбагандыгы тууралуу салык органынан маалымат/маалым кат; - алынып жаткан алименттердин өлчөмү жөнүндө аткаруучу өндүрүштүн тараптарынын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде берилүүчү маалым кат; - атасы же энеси республиканын чегинде же чегинен тышкары эркиндигинен ажыратылган жайларда экендигин ырастаган маалым кат; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан ижара акысынын суммасын көрсөтүү менен жер үлүшүнүн ижарага берилишин ырастаган маалымат/маалым кат эгерде жер үлүшү иштетилбей, ижарага берилсе; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер үлүшү/же анын бөлүгү иштетилбей тургандыгын жана/же ижарага берилбей тургандыгын ырастаган маалымат/маалым кат, мында анын иштетилбегендигинин себеби көрсөтүлөт - жер үлүшүнүн бүткүл аянтын же анын кандайдыр бир бөлүгүн иштетүүгө мүмкүн болбогон учурда. Электрондук түрдөгү маалыматтарды алмашууну караган өз ара аракеттенүү тууралуу ведомстволор аралык макулдашуу түзүлгөн мамлекеттик органдар берген документтер ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнүн алкагында аймактык бөлүнүштөрдөн суралат | |||
13 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт | |||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - колдонуучу үчүн актуалдуулук; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алган адамдарга карата басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү үчүн стандарттарда көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын шайкештиги: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын имаратка, жайга кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү | |||
15 | Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүгү | Арыз ээсинде квалификациялуу электрондук кол тамга болгон учурда жеке кабинетке кирүү аркылуу жана Бирдиктүү идентификациялоо системасында катталган учурда электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга арызды кабыл алууда, ошондой эле кайрылууну кароонун жыйынтыгы жөнүндө арыз ээсине маалымат берүүдө кызмат көрсөтүү жарым жартылай электрондук форматта (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөмдөрдүн коэффициенттеринин өлчөмдөрү белгиленген калктуу конуштарда жашаган жарандар (үй-бүлөлөр) тарабынан берилүүчү арыздардан тышкары) берилиши мүмкүн | |||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | |||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат, эгерде: - арыз ээсине "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу дайындалган болсо же арыз ээси буга чейин "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алууга арыз менен башка жашаган жери боюнча кайрылган болсо; - берилген документтер жасалма экендиги аныкталса; - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу дайындала турган адам толук мамлекеттин камсыздоосунда турса; - арыз ээси тарабынан ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл болгон документтер тизме боюнча толук берилбесе; - кирешенин жашыруун булактары аныкталса же туура эмес маалымат берилсе; - тапшырылган документтердин жарактуу мөөнөтү аяктаса; - бузулган документтер берилсе, (барактары жулунган, тексти жана мөөрү түшүнүксүз); - үй-бүлө "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун дайындоо критерийлерине шайкеш келбесе; - мурда дайындалган "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун билип туруп жөлөкпул алууга укук жөнүндө жалган маалыматтарды бергендиги үчүн төлөп берүү токтотулган жана төлөм токтотулган күндөн тартып 12 ай өтө элек болсо; - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алууга 18 жашка толо элек адамдар кайрылса; - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алууга укугу жок адамдар кайрылса | |||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш ( маселелер жаралган учурда алуучу белгиленген тартипте жазуу жүзүндө (электрондук түрдө) кайрылууга укуктуу: - жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын алдындагы мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө жөнүндө жарандардын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча комиссияга (мындан ары - Комиссия); - аймактык бөлүнүшкө; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу эркин формада берилет жана анда кызмат алуучунун аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы, кызмат алуучунун колу жана дата коюлат. Кайрылууларды кароо административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууну кароо жана арыз ээсинин жооп алуу мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 иш күндөн ашпашы керек. Кайрылуу боюнча кабыл алынган чечим менен макул болбогондо, арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | |||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралууга тийиш | |||
3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Улуттук номерлөө ресурсун бөлүп берүү - Мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-бап, 8-пункт | |||
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы | |||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын аймагында электр байланышы кызмат көрсөтүүлөрүнө лицензиясы бар жеке жана юридикалык жактар | |||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы (14-берене); "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 2016-жылдын 16-июлундагы № 402 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтому | |||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Номерлердин диапазонун, тармактардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн коддорун бөлүп берүү | |||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Керектөөчүлөргө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - бардык керектөөчүлөр үчүн имараттын ичиндеги санитардык-гигиеналык жайларды (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолсуз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармоочтор (имараттарды, жайларды) менен жабдуу; - кезек күтүү тартиби боюнча. Имаратта күтүүчү жайлар, жылуулук, суу түтүгү, телефон, интернет бар. Жеңилдик берилген категориядагы жарандар (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар бөлмөгө көтөрүлүп чыга алышпаса, анда кызматкер арыз же жолдомо алуу үчүн аларга түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | |||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кызмат көрсөтүүнү алууга арызды каттоо убактысы - 30 мүнөттөн ашпайт. Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү арыз жана ага тиркелген документтердин пакети алынган күндөн тартып 30 календардык күндөн ашпашы керек | |||

8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө, аларды алуу жол-жоболору, арыз жазуу тартиби жөнүндө маалымат берүү төмөнкүдөй жүргүзүлүшү мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки (телефон, жеке байланыш аркылуу); - электрондук форматта (www.nas.gov.kg - расмий web-сайтында "суроо-жооптор"). Маалымдоо мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт. Телефон номерлери, банк реквизиттери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын расмий web-сайтында жана маалымат тактасында жайгаштырылган. Электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын иштөө режими: дүйшөмбүдөн жумага чейин 08.30 - 17.30 чейин, түшкү тыныгуу 12.00 - 13.00 чейин | |||
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө өз убагында жаңыланып туруучу маалымат бардык кайрылган жактарга акысыз негизде берилет. Кызмат көрсөтүүнү алуу жол-жобосу менен төмөнкүлөрдөн таанышууга болот: - электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын расмий сайтынан; - электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын кеңсесиндеги маалымат тактасынан | |||

10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын келүүчүлөрдү кабыл алган кызматкеринин столунда кызматкердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн маалыматтык табличка же кызматкерде маалыматтык бейдж болушу керек. Келүүчүлөрдү кабыл алган кызматкер кызматтык жана функциялык милдеттерди сактайт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол-бербестен, жарандарга адептүү мамиле кылууну, жарандардын эркиндигин жана аларга карата калыс болууну камсыз кылып, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбашы зарыл. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл тутуму боюнча ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана ооруктун ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт | |||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздерге ылайык берилиши мүмкүн | |||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн номерлөө ресурсун бөлүп берүү жөнүндө белгиленген үлгүдөгү жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылуу зарыл, анда суралып жаткан диапазон кайсы кызмат көрсөтүүнү уюштуруу үчүн жана кайсы лицензиянын алкагында колдонула тургандыгын көрсөтүлөт. Арызга тиешелүү номерлөө ресурсу суралып жаткан электр байланыш тармагын куруу схемасы тиркелет, анда Кыргыз Республикасынын башка электр байланыш операторлорунун тармактары же эл аралык байланыш тармактары менен туташтыруусу көрсөтүлүшү керек. Арыздардын бардык түрлөрү жана аларга коюлуучу талаптар Электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын маалымат тактасында жана расмий сайтында жайгаштырылган | |||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат акысыз көрсөтүлөт | |||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - керектөөчүлөр үчүн актуалдуулугу; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында көрсөтүлгөн шарттарына жана мөөнөтүнө ылайык кызмат көрсөтүүлөрдүн ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарына дал келүү: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, керектүү документтерди толтурууда кызматкерлердин жардам берүүсү жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары боюнча китепченин жеткиликтүү жерде болушу | |||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат жарым жартылай электрондук форматта көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүгө арыз nta@infotel.kg электрондук дарегине берилиши мүмкүн, жоопту дагы электрондук почта аркылуу берүүгө болот | |||

16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - кайрылуунун ээси ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына дал келбегенде; - керектөөчү тарабынан ушул стандарттын 12-пунктунда саналып өткөн зарыл болгон документтерди бербей койгон учурда; - берилген документтерде чындыкка дал келбеген маалыматтардын болушу; - мурда бөлүнүп берилип ишке киргизилбеген номерлөө ресурсу болгондо | |||
17 | Даттануу тартиби | Кайрылуунун ээси электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жетекчилигинин наамына даттануу (апелляция) жиберүүгө укуктуу. Электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы төмөнкүлөргө милдеттүү: - кайрылуунун ээсинин даттануусун (апелляцияны) кабыл алууга жана каттоого; - даттанууну (апелляцияны) кароого; - жазуу жүзүндө негиздүү жооп даярдап аны кайрылуу ээсине берүүгө. Жазуу жүзүндөгү кайрылуу каттоого алынгандан кийин 14 күндүн ичинде каралат. Жарандын кайрылуусун чечүү үчүн кошумча материалдарды сурап алуу же башка чара көрүү зарыл болгон учурда даттанууну чечүү мөөнөтү өзгөчө тартипте кайрылуунун ээсине алдын ала билдирүү менен 30 күнгө чейин узартылышы мүмкүн. Кайрылуунун ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын иш-аракеттерине сот тартибинде даттанууга укуктуу | |||
18 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарынын стандарттарын кайра карап чыгуу мезгил аралыгы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан аз эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу түрдө каралып турушу керек | |||
4-глава КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 593 токтомуна ылайык күчүн жоготту 5-глава КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 593 токтомуна ылайык күчүн жоготту | |||||
6. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды белгилөө жана төлөп берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-глава, 1-пункт | |||
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү борбордук мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын аймактык органдары. Аймактык органдардын тизмеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат | |||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүлөрүн ырастаган жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмөнүн маалыматтарына ылайык, эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, анын аймактык органдарына кайрылганга чейин акыркы үч жылда 12 айдан кем эмес үзгүлтүксүз камсыздандыруу стажы бар Кыргыз Республикасынын жарандары | |||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы (46-берене); Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (87-берене); "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (10-берене); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 токтому менен бекитилген Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү жөнүндө жобо | |||
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Жумушсуздук боюнча жөлөкпул алуу | |||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - бардык жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү камсыздалган, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда - сырттагы даараткана) жылытуу, суу түтүгү, телефон болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар бөлмөгө көтөрүлүп чыга алышпаса, кызматкер өзү ылдый түшүп, арызын алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | |||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүүнү кошкондо, арыз берүүчүнүн документтерин кабыл алууга чектелген убакыт - 30 мүнөт. Жарандарга жумушсуздук боюнча жөлөкпул дайындоо жөнүндө чечим аймактык органдар тарабынан алар катталган учурдан тартып 11-күнү кабыл алынат. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул ай сайын, бирок үч жылдын ичинде 12 календардык айдан ашык эмес төлөнөт. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду ай сайын төлөө бир ай өткөндөн кийин жумуш издөө жөнүндө маалымат өз убагында берилген учурда жүргүзүлөт. Аймактык органдын бланкында уюмдардын жана мекемелердин мөөрүн коюу менен ырасталган жумуш издөө жөнүндө маалыматтар чагылдырылууга тийиш | |||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | |||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык органдардын сайтынан; - zanyatost.kg порталынан; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында; - аймактык органдарга жеке кайрылууда; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан; - аймактык органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын буклеттеринен жана брошюраларынан, маалымат такталарынан. Аймактык органдарда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - массалык маалымат каражаттары; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык органдардын сайты; - zanyatost.kg порталы; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы; - аймактык органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында болгон буклеттер жана брошюралар, такталар; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - жеке кайрылууда; - телефон аркылуу. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык органдардын маалымат такталарында жана сайтында, zanyatost.kg порталында жайгаштырылат | |||

10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык органдарынын кабинеттеринин эшигинде алардын аталыштары көрсөтүлгөн маалымат табличкалары илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Керектөөчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди таразалоо жана аргументтөө. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар менен баарлашуу, ошондой эле аларга мамлекеттик кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада ишке ашырылат | |||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Мамлекеттик кызматты алууда жарандар жөнүндө жеке маалыматтар ачыкка чыгарылууга жатпайт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин эске алуу менен берилиши мүмкүн | |||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Жөлөкпул алуу үчүн паспортту жана эмгек китепчесин көрсөтүү зарыл. Эмгек жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмөнү "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алат | |||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Акысыз | |||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга дал келүүсү: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (көрсөтүлгөн кызматтын) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү | |||
15 | Мамлекеттик кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талапты (арыз берүүчүнүн) кабыл алуу бөлүгүндө мамлекеттик кызмат portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта көрсөтүлөт. Эскертүү: мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмөнү жөнөтүү үчүн кайрылуу ээси анын квалификациялуу электрондук колтамгасы болгон учурда жеке кабинети аркылуу portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында каттоодон өтүүгө тийиш. Онлайн интерактивдүүлүгүнүн баскычы - 3 (веб-баракчада өтүнмөнү электрондук формада толтуруу жана кагаз жүзүндө басып чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциясы бар) | |||

16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурда баш тартылышы мүмкүн: - арыз ээсинин статусу ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга ылайык келбесе; - арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин топтомун толук бербесе | |||
17 | Даттануу тартиби | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер келип чыккан учурда арыз ээси белгиленген тартипте аймактык органдын жетекчисине кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колун жана датаны камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо белгиленген тартипте эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын жетекчилиги тарабынан ишке ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жоопту жөнөтүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | |||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде каралып турууга тийиш | |||
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 168 токтомуна ылайык 7-глава күчүн жоготту | |||||
8. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруу боюнча программанын алкагында жарандарды убактылуу жумуш орундары менен камсыз кылуу - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-глава, 3-пункт | |||

3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Ылайыктуу жумуш табуу максатында иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодо турган, ошондой эле расмий жумушсуз статусун алган Кыргыз Республикасынын жарандары | |||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы (46-берене); "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (10-берене); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 токтому менен бекитилген Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү жөнүндө жобо | |||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Арыз берүүчүнү убактылуу ишке орноштуруу | |||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - жарандардын жана аймактык органдардын кызматкерлеринин имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканалар, жуунуучу бөлмө) тоскоолсуз кирүү мүмкүнчүлүгү камсыздалган, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган; - жандуу кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда - сырттагы даараткана) жылытуу, суу түтүгү, телефон болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар бөлмөгө көтөрүлүп чыга алышпаса, кызматкер өзү ылдый түшүп, арызын алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | |||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүүнү кошо алганда, документтерди кабыл алууга чектелген убакыт - 30 мүнөт. Кайрылган учурдан тартып кызмат көрсөтүүнү пайдаланганга чейин максимум мөөнөт - 1 ай. Кезек күтүүнү кошо алганда, жолдомо берүүгө чектелген убакыт - 30 мүнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 6 айга чейин | |||
Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымдоо | |||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык органдардын сайттарынан; - zanyatost.kg порталынан; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - аймактык органга жеке кайрылууда; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан; - брошюралардан, буклеттерден, аймактык органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат такталарынан. Аймактык органдарда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматтарды жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: - жалпыга маалымдоо каражаттары; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык органдардын сайттары; - zanyatost.kg порталы; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы; - аймактык органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы болгон буклеттер, брошюралар жана такталар; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - аймактык органга жеке кайрылууда; - телефон аркылуу. Даректер, телефон номерлери жана иш режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен бирге эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык органдардын такталарына, сайттарына жана zanyatost.kg порталына жайгаштырылат | |||

10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык органдарынын кабинеттеринин эшиктеринде алардын аталыштары көрсөтүлгөн маалыматтык табличкалар болот. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызматы көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин карманышат: сылык, мээримдүү, адептүү, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектешинин пикирин угуп, анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди таразалап, жүйөлөштүрүү. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдерди, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү сактоону камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоолору керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар менен пикир алышуу, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | |||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууда жарандардын жеке маалыматтары жөнүндө маалыматтар ачыкка чыгарылууга жатпайт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн колдонулушу мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымат жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин эске алуу менен тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн. Маалымат иш берүүчүгө жумушка орноштуруу максатында берилиши мүмкүн | |||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аракеттеринин тизмеги | Акы төлөнүүчү коомдук иштерге жолдомо алуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл: - Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - паспорт (ID-карта); - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн - Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык берилген жашоого уруксат; - качкындын расмий статусу бар жарандар үчүн - качкын күбөлүгү; - кайрылмандын расмий статусу бар адамдар үчүн - кайрылмандын күбөлүгү; - эмгек иши болгон учурда эмгек китепчеси | |||

14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кире алуу, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу болгон кабыл алуу графиги, мамлекеттик колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү | |||
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кызмат portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кызмат көрсөтүүнү алууга суроо талапты кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта көрсөтүлөт. Эскертүү: кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук арыз жиберүү үчүн өтүнмө ээсинин квалификациялуу электрондук колтамгасы болгондо өтүнмө ээси жеке кабинет аркылуу portal.tunduk.kg порталында катталышы керек. Онлайн интерактивдүүлүгүнүн баскычы - 3 (веб-баракчада арызды электрондук формада толтуруу жана кагаз жүзүндө басып чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциясы бар) | |||

16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн: - арыз берүүчүнүн статусу ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга ылайык келбесе; - арыз ээсинин паспорту жок болсо | |||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда арыз берүүчү белгиленген тартипте аймактык органдын жетекчисине кайрылууга укуктуу. Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колтамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге арыз ээси канааттанбаган учурда эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | |||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан аз эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде каралып турушу керек | |||
9. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Чет мамлекетте эмгектенип жүрүп каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүүгө байланышкан чыгымдардын ордун төлөп берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-бап, 5-пункт | |||
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндө, анын ичинде качкындар, кесиптик-техникалык билим берүү маселелери боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн мамлекеттик органы (мындан ары - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын аймактык органдары (мындан ары - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АО). Өзүнүн ишин мамлекеттик саясатка ылайык жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндө жүргүзгөн мамлекеттик орган (мындан ары - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы). Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдарынын тизмеси кызмат көрсөтүү стандарттары менен кошо, эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын такталарына жана сайтына жайгаштырылат | |||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Сөөктү же бир нече сөөктү мекенине алып келүүгө байланыштуу иш жүзүндө чыгым тарткан жана акы төлөө фактысын тастыктаган документтери бар юридикалык жана жеке жактар | |||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 40 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө иштеп жүргөн мезгилинде кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоонун өлчөмүн жана төлөнүшүн аныктоонун тартиби жөнүндө нускама; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-майындагы № 317 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу борбору жөнүндө жобо | |||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Чет мамлекетте эмгектенип жүрүп каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүүгө байланышкан чыгымдардын ордун төлөп берүү | |||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - бардык жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүүлөрү, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн (мындан ары - ДМЧА) пандустардын, кармагычтардын болушу; - кезек күтүү принциби боюнча, Имараттын ичинде күтүү үчүн жерлер, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда-сырттагы ажатканалар) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар бөлмөгө көтөрүлүп чыга алышпаса, кызматкер өзү ылдый түшүп, арызын алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | |||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Консультация берүүгө, документтерди кабыл алууга, анын ичинде кезек күтүүгө чектелген убакыт - 30 минут, Документтерди кароо мөөнөтү - 5 күнгө чейинки убакытты алат. Комиссия карагандан кийин оң чечилсе, акча чечим кабыл алынган учурдан тартып 15 календардык күндүн аралыгында которулат | |||

8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсуна жеке кайрылуу аркылуу; - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сайтынан; - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жеке кайрылуу аркылуу; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсунун маалыматтык такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсунда жарандарды кабыл алуу, алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |||
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтын жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сайты; - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын такталары, буклеттери жана брошюралары; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - "189 - шыр байланыш" боюнча; - телефон боюнча. Даректер, телефон номерлери жана иш режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен кошо, эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын АОсунун такталарына жана сайтына жайгаштырылат | |||

10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, аймактык органдарынын кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык тактачалары бар. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейджери) бар. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принципиалдуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамын уга жана анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди тең салмактоо жана аргументтештирүү. Бардык кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербеген, таламдардын кагылышуусун жокко чыгарып, жарандарга мамиле кылууда адепти, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кызматтык нускама (функциялык милдеттер) сакталышы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар менен баарлашуу, ошондой эле кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | |||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алуучу адам жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана берилиши мүмкүн | |||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Төлөөчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 40 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө иштеп жүргөн мезгилинде кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоонун өлчөмүн жана төлөнүшүн аныктоонун тартиби жөнүндө нускаманын негизинде жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын директорунун атына же эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОго компенсация төлөп берүү үчүн паспортун же аны алмаштырган документин көрсөтүү менен арыз берет (каза болгондон кийин алты айдан кем эмес убакытта). Компенсациялык төлөм алуу үчүн арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет: - өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; - акыркы иштеген жеринен мөөр менен күбөлөндүрүлгөн маалымкат, же каза болгондун иштеген жерин, иш берүүчүнүн реквизиттерин, иштеген мезгилин көрсөтүү 1 менен каза болгон адам келген жердеги 1 кыргыз диаспорасынын жетекчисинин же чет мамлекеттин жергиликтүү бийлик органдары тарабынан берилген чет өлкөдө эмгектенген фактысын тастыктаган башка документ; - расмий коштомо документтер транспорттук кызмат көрсөтүү келишими, сөөктү коштоп жүрүүгө ишеним кат, табытты каңдоо жөнүндө акты, жугуштуу оорулардын жоктугу жөнүндө маалымкат); - төлөөчү тарабынан чыгымдардын төлөнгөндүгү (коштомо кагаздар, төлөө жөнүндө дүмүрчөк); - төлөөчүнүн паспортунун же аны алмаштырган документтин көчүрмөсү | |||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Акысыз, анын ичинде консультация берүү, ошондой эле документтерди кабыл алуу жана кароо | |||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик тейлөөлөрдүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарынын бул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кире алуу, коммуналдык-тиричиликтик жайлуулуктар, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, мамлекеттик колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, тейлөөлөрдү көрсөтүүнүн бардык жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; акыркы жыйынтыктын (алынган тейлөөнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү | |||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Борбор компенсация алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги жөнүндө маалыматтарды бере алат | |||

16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Компенсациялык төлөмдөрдү алуу боюнча түшкөн арыздарды караган комиссия, компенсацияны төлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечимди төмөнкүдөй учурда кабыл алууга укуктуу: - керектүү документтердин жоктугу; - каза болгон адам Кыргыз Республикасынын жараны болбосо; - каза болгон адам чет өлкөдө легалдуу эмгектенбесе; - документтерди берүү мөөнөтү каза болгон күнүнө карата алты айдан ашып кетсе | |||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда, арыз берүүчү белгиленген тартипте Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органынын жетекчисине кайрылууга укуктуу. Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн аралыгында каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуга жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | |||
18 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарынын стандарттарын кайра карап чыгуу мезгилинин аралыгы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан аз эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу түрдө каралып турушу керек | |||
10. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Мамлекеттик программалардын, өкмөттөр аралык жана башка расмий макулдашуулардын алкагында иш издеген Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга көмөктөшүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 3-главасы, 4-1-пункту | |||
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Миграция, анын ичинен иммигранттардын, этностук кыргыздардын жана качкындардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын алкагында адам сатуунун курмандыктарынын маселелери чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган (мындан ары - миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) Өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатка ылайык жүргүзгөн мамлекеттик орган (мындан ары - жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) | |||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын 18 жаштан 60 жашка чейинки жарандары, ошондой эле иш берүүчүлөр | |||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтому; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 319 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жөнүндө жобо | |||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Эмгек контрактынын негизинде кошо изденүүчүнү чет өлкөдө ишке орноштуруу жана эмгек визасын ачуу (виза режими бар өлкөлөрдө) | |||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгүнүн, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн (мындан ары - ДМЧА) жабдылган пандустардын, кармагычтардын (имараттарда, жайларда) болушу; - кезек күтүү принциби боюнча. Жайда күтүү үчүн жерлер, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүндүгү жок учурда - сырттагы ажатканалар), жылытуу, суу түтүгү, телефон болууга тийиш. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар жайга көтөрүлүп чыга албаса, кызматкер арызын кабыл алуу үчүн төмөн түшөт. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | |||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык чыгуу алдындагы даярдыктын жеке жол-жоболору жана убактылуу мөөнөттөр белгиленген (документтерди кароо, тилдик жана кесиптик даярдоолор, чет тилин билүүгө тестирлөө, медициналык текшерүү, визалык колдоо). Жалпы баарына мөөнөттөр: эмгектик контрактка кол коюуга берилген убакыт - 15 күн. Адистер менен жеке аңгемелешүүдө алардын консультациясынын узактыгы 15 мүнөттөн кем эмес убакытты түзөт. Адистердин телефон аркылуу консультациясынын узактыгы 10 мүнөттөн кем эмес убакытты түзөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү 6 ай. Документтерди кабыл алууга жана тариздөөгө, кезек күтүүнү кошкондо - 30 мүнөт | |||
Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | |||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (зарыл маалыматтардын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган маалымдоо жөнүндө | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан (https://mlsp.gov.kg/); - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан (http://migrant.kg); - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан (http://portal.ttmduk.kg); - жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден; - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 237, Ош шаары, Ленин көчөсү 221 даректери боюнча кайрылган учурда; иштөө убактысы: дүйшөмбү - жума, 9:00дөн 18:00гө чейин, түшкү тыныгуу 12:30дан 13:30га чейин. Жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде төмөнкүдөй берилиши мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу, жеке байланышуу аркылуу). Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымат акысыз берилет | |||
9 | Мамлекеттик көрсөтүү маалыматты ыкмалары кызмат жөнүндө жайылтуу | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүдөй аркылуу жүзөгө ашырылат: - ЖМКда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында (https://mlsp.gov.kg/); - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында (http://migrant.kg); - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы такталарда, буклеттерде жана брошюраларда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасында; - тынымсыз байланыш боюнча - 1899 жана 1977 номерлери; - телефон аркылуу; - жарандарды жеке кабыл алууда; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (http://portal.tunduk.kg); - +996559189900 WhatsApp номери боюнча; - http://migrant.kg сайтындагы чат-ботто; - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын социалдык тармактардагы расмий баракчаларында (Facebook, Instagram). Даректери, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары менен биргеликте эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарында, сайттарында жайгаштырылат | |||

10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принципиалдуу болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга жана анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди баалай жана аргументтештире билүү. Бардык кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдерди сактоону, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кызматтык нускама (функциялык милдеттер) сакталышы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар менен баарлашуу, ошондой эле аларга кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | |||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | |||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызматты алуу үчүн арыз ээси жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда анкетаны жеке өзү толтурат. Жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жумуш издөөчүнүн кайрылуусу боюнча ыйгарым укуктуу кызматкер (консультант): жумуш издөөчүгө кызмат көрсөтүү бөлүгүндө жана ишке орношуунун шарттары жөнүндө керектүү консультацияларды берет, кайрылган жарандарга жана иш берүүчүлөргө чет өлкөлөргө ишке орноштуруу менен байланышкан кызыккан маселелер боюнча маалымдайт; жумуш издөөчүгө жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы бош орундардын маалымат банкын кароо сунушталат. Ылайыктуу бош орун тандалып алынгандан кийин иш берүүчүгө анын талапкерлигин кароого жиберүү үчүн анкета толтурат. Белгиленген формадагы анкета жумушсуз жаран тарабынан колго (кабыл алып жаткан тараптын расмий тилинде) же migrant.kg порталында мамлекеттик кызмат көрсөтүү бөлүмүндө электрондук формада толтурулат. Жумуш издөөчүнүн анкетасын кароонун жыйынтыгы боюнча иш берүүчү аңгемелешүүнү (жеке, онлайн-аңгемелешүү) белгилейт. Иш берүүчү менен болгон аңгемелешүүдөн өткөн учурда ыйгарым укуктуу кызматкер иш берүүчү талап кылса же тандалып алынган бош орунга ишке орноштуруу үчүн милдеттүү шарт болуп саналса, тил билүүсү боюнча тесттен өтүүгө жиберет. Эгерде жумуш издөөчү чет тилдерин билбесе, ага каалаган тил үйрөтүү борборунан окуудан өтүү сунушталат. Иш издөөчү төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш: - толтурулган анкетаны (белгиленген формада); - паспорттун көчүрмөсүн (ID-карта, жалпы жарандык паспорт); - 4 даана сүрөттү (3,5х4,5); - соттуулугунун жоктугу тууралуу маалымкат; - медициналык кароо жөнүндө маалымкатты (белгиленген формада); - квалификациясын ырастоочу документтер (квалификациялуу жумушчулар үчүн): диплом, сертификат, эмгек китепчеси. Иш берүүчү төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш: - персоналды тандап алууга өтүнмөнү; - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү; - уставдын көчүрмөсүн; - салык төлөөчүнү каттоонун көчүрмөсүн; - квотанын бар экендиги жөнүндө ырастама-маалымкатты | |||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргызстандын жарандары ишке орношо ала турган өлкөлөр менен Кыргыз Республикасы түзгөн макулдашууларга ылайык аныкталат жана монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат. Кызмат көрсөтүүнүн наркы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарында, сайттарында баалардын прейскурантында мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге чагылдырылат | |||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында көрсөтүлүшү; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ишенимдери, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайларынын белгилери боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандарт менен белгиленген талаптарга ылайык келүүсү: имаратка кире алуу, коммуналдык-тиричиликтик ыйгайлуулуктун, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, мамлекеттик колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүк (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө дал келиши | |||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат электрондук форматта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекетгик электрондук порталы (http://portal.tunduk.kg) аркылуу көрсөтүлөт. Эскертүү: кызмат көрсөтүүнү алууга жумуш издөөчүнүн электрондук анкетасын жөнөтүү үчүн арыз ээси Кыргыз Республикасынын жаранынын электрондук санарип колтамгасы аркылуу Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын бирдиктүү идентификациялоо тутуму аркылуу тутумга кирүүсү зарыл. Электрондук форматта кызмат "суроо-жооп" режиминде Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: portal.tunduk.kg аркылуу көрсөтүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл: migrant.kg сайтына кирүү. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын бирдиктүү идентификациялоо тутуму аркылуу Кыргыз Республикасынын жаранынын электрондук санарип колтамгасы аркылуу жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АМС тутумуна кирүү. 2017-жылдын үлгүсүндөгү ID-картаны же булуттагы электрондук кол тамганы колдонуу менен мүмкүн болгон каттоо жок болгон учурда каттоодон өтүү. Тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү тандоо. Суроо-талапты түзүү үчүн ИСНдин маалыматтарын, колдонуучунун паспортунун сериясын жана номерин киргизүү, "издөө" баскычын басуу керек. Киргизилген суроо-талап автоматтык түрдө иштелип чыгат, мамлекеттик кызмат көрсөтүүчүнүн маалыматтык тутумуна жөнөтүлөт жана маалыматтык документ түзүлөт. Онлайн интерактивдүүлүк баскычы - 5 (мамлекеттик кызмат көрсөтүү толугу менен автоматташтырылган жана жумуш издөөчүдөн анын маалыматтарын ырастаган кандайдыр бир документтерди көрсөтүү талап кылынбайт. Бул маалыматтар башка органдардын маалыматтык тутумдарынан жумуш издөөчүнүн электрондук анкетасын тапшырганда автоматтык түрдө генерацияланат). Жумуш издөөчүнүн толтурулган анкетасын басып чыгаруу мүмкүндүгү бар | |||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби | |||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу төмөнкүдөй учурларда каралышы мүмкүн: - эгерде арыз берүүчүнүн статусу ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарына ылайык келбесе; - соттуулугу жоюлбаган, издөөдө жүргөн адамдарга; - ишке орношуу үчүн талап кылынган документтердин толук топтомун бербеген адамдарга | |||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда арыз ээси белгиленген тартипте жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине кайрылууга укуктуу Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасын жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсинин жоопту алуу мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда же сапатсыз көрсөтүлгөн учурда арыз ээси жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | |||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен үзгүлтүксүз каралып турууга тийиш | |||
11. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Ыктыярдуу негизде камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн адамдар, анын ичинде жеке ишмердик жүргүзгөн жактар үчүн социалдык камсыздандыруу кызматы - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-бап, 6-пункт | |||
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган мамлекеттик орган (мындан ары - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу орган). Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын региондук органдары (мындан ары - региондук башкармалыктар). Мамлекеттик кызмат көрсөткөн региондук башкармалыктардын тизмеси, алардын байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат | |||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жактар: - Кыргыз Республикасынын жарандары; - чет өлкөлүк жарандар - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган башка мамлекеттин жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген жана кайсыл бир чет мамлекеттин жарандыгына таандык экендигин далилдей албаган, Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүргүзүүгө уруксаты бар жарандыгы жок адамдар; - жеке ишкерлер - Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу (убактылуу) жашаган, аймактык мамлекеттик статистика органдарында мамлекеттик каттоодон кийин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда патенти бар болсо аталган органдарда катталбастан өз ишин жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар; - текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн кызматкерлери | |||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; "Милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 193 токтому менен бекитилген Камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө тартиби жөнүндө жобо; Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-майындагы № 278 токтому менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускама | |||
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн акыркы жыйынтыгы | Камсыздандыруу полиси | |||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда берилет: - санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге жана өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп берген жайларда; - жарандардын санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга) тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыздоо боюнча ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармагычтар, жабдылган ажатканалар бар болгондо; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттар күтүү үчүн орундар менен жабдылышы жана жылуулук, суу түтүгү, телефон байланышы менен камсыздалышы керек. Жеңилдик берилген категориядагы жарандар (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү жайлардын көрүнүктүү жерлеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | |||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга жана кызмат көрсөтүүлөргө убакыттын чеги (камсыздандыруу полисин тариздөө жана алуучуга берүү) - 15 мүнөткө чейин. Камсыздандыруу полиси бир айдан кем эмес жана 12 айга чейинки мөөнөткө берилет | |||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды кабарлоо | |||||
8 | Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөр аркылуу алууга болот: - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органга, региондук башкармалыктарга жеке кайрылып; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтынан: www.sf.kg; - жазуу жүзүндө маалымдоо аркылуу (жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жооп); - телефон боюнча; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасынан. - Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө өз убагында жаңыланган маалыматтардын ар бир кайрылган адамга акысыз негизде берилиши кепилденет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат төмөнкүлөрдө чагылдырылышы мүмкүн: - радио, телевидение боюнча, маалыматтык сайттарда; - мезгилдүү басылмаларда; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында (www.sf.kg); - мамлекеттик жана расмий тилдерде стенддерде, буклеттерде жана брошюраларда. Даректер, телефон номерлери мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарында, расмий сайтында (www.sf.kg) жайгаштырылат | |||

10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органда жана региондук башкармалыктарда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин каалгаларында маалыматтык табличкалар жайгаштырылат. Калк менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнү жана кызматы көрсөтүлгөн жекече табличкалар (бейдждер) болушу керек. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташы керек: сылык, ак ниеттүү, сыпайы, чыдамкай, принциптүү, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамды уга билүү жана анын кез карашын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер тарабынан кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этиканы, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын жокко чыгарган кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек. Өзгөчө муктаждыктагы адамдар менен пикир алмашуу, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт | |||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана тийиштүү мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн | |||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Камсыздандыруу полисин сатып алуу үчүн арыз ээси ишкердик кылган жери боюнча же жашаган жери боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын региондук башкармалыктарына же Бишкек ш. соода базарларында атайын бөлүнгөн пункттарга кайрылышы керек. Арыз ээси төмөнкүлөрдү көрсөтүшү керек: - ким экендигин ырастаган паспортун же документин; - патент (эгерде иш патенттин негизинде жүргүзүлсө); - социалдык коргоо күбөлүгүн; - камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тийиштүү суммасын төлөгөндүгү жөнүндө квитанция, чек же төлөм тапшырмасын; - ишке орношууга уруксат (чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн). Камсыздандыруу полиси башка адам тарабынан сатылып алынса, арыз ээсинин атынан иш аракет кылуу укугун ырастаган нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат берилет | |||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акысыз берилет | |||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ушул стандартта айтылган шарттарга жана мөөнөттөргө ылайыктыгы жана өз убагында берилиши; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка шарттар боюнча кодулоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайыктыгы: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик ыңгайлуулугунун, жарандарды кабыл алуу үчүң ыңгайлуу графиктин, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басылган жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, зарыл болгон документтерди толтурууда жардам көрсөтүүсү жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө кеңеш берүүсү; - акыркы жыйынтыктын (алынган мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн) арыз берүүчүнүн күтүүсүнө шайкештиги; - даттануулар жана сунуштар китебинин жеткиликтүү жерде болушу | |||
15 | Электрондук түрдө кызмат көрсөтүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү документтерди берүү боюнча маалыматтык коопсуздукту эске алуу менен мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын корпоративдик тармагы боюнча электрондук форматта берилиши мүмкүн | |||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн: - белгиленбеген үлгүдөгү же кемтиги бар арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документтер берилгенде; - 16 жашка толо элек адамдарга; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл болгон документтер бербегенде | |||
17 | Даттануу тартиби | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер келип чыкканда алуучу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органга белгиленген тартипте кайрылууга укуктуу. Ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр талаптагыдай берилбесе, алуучу региондук башкармалыктын жетекчисине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндө даттануу эркин формада берилет жана мамлекеттик кызмат алуучунун аты-жөнү, жашаган жери, телефон номери, ошондой эле доонун маңызы, мамлекеттик кызмат алуучунун колу жана датасы камтылышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну бир жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Жазуу жүзүндө кайрылууну карап чыгуу жана алуучуга жооптуу жиберүү мөөнөтү аны каттаган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Региондук башкармалык тарабынан кабыл алынган даттануу боюнча чечимге макул болбогон учурда, алуучу жогору турган инстанцияга - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органга кайта даттанууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечим менен канааттанбаганда же сапатсыз берилгенде алуучу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын чечимин соттук тартипте даттанууга укуктуу | |||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуу мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен каралып турат | |||
12. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жалгыз бой жашаган улгайган жарандарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды үйүндө социалдык тейлөө - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 3-главасы, 26-пункту | |||
2 | Мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) | |||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын жарандары: - жалгыз бой жашаган улгайган адамдар; - өзүн-өзү тейлөө жана кыймылдоо жөндөмдүүлүгүн жарым-жартылай жоготкон жубайлар; - өзүн-өзү тейлөө жөндөмдүүлүгүн жарым-жартылай жоготкон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жалгыз бой адамдар (мындан ары - ДМЧА) | |||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; - "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2011-жылдын 27-майындагы № 255 "Кыргыз Республикасынын калкына берилүүчү кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө"; 2011-жылдын 5-июлундагы № 365 "Үйүнө барып социалдык тейлөө жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" | |||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Социалдык кызматкердин социалдык кызматтын кардарынын үйүнө графикке ылайык баруусу; - тиричилик жактан тейлөөнү уюштуруу; - баштапкы медициналык жардамды көрсөтүү; - баарлашуу жана маектешүү; - пенсияны же социалдык жөлөкпулду алуу үчүн, социалдык стационардык мекемеге же ооруканага жаткырууга документтерди тариздөөгө жардам берүү | |||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Үйүнө баруучу социалдык кызматкердин үйдө кызмат көрсөтүүсү социалдык кызматтын кардарынын үйүндө жүзөгө ашырылат. Үйүнө баруучу социалдык кызматкердин социалдык кызматтын кардарына баруусу аймактык бөлүмдүн жетекчиси тарабынан бекитилүүчү баруу графигине ылайык жумасына эки жолудан кем эмес ишке ашырылат. Социалдык кызматкердин жумуш убактысынын узактыгы жумасына 40 сааттан ашпоого тийиш | |||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Аймактык бөлүмдөр документтерди 30 мүнөттөн ашырбай кабыл алат. Турак жай-тиричилик шарттарын текшерүү, тиешелүү актын түзүү, керек болгон документтерди жыйноо жана аны иштеп чыгуу - 1 айдан ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү: - убактылуу социалдык тейлөө - 6 айга чейин; - туруктуу социалдык тейлөө - социалдык тейлөөнүн эсебинен чыгарылганга чейин | |||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдү маалымдоо | |||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - аймактык бөлүмдөргө жеке кайрылган учурда; - аймактык бөлүмдөрдүн маалымат стенддеринен; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлөт: - жарандарды жеке кабыл алуу; - жалпыга маалымдоо каражаттары; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы; - аймактык бөлүмдөрдүн маалымат стенддери; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - телефон боюнча. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен чогуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайттарында, анын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат стенддеринде жайгаштырылат | |||

10 | Келүүчүлөр менен пикир алышуу | Мамлекеттик кызмат социалдык кызматтын кардарынын үйүндө көрсөтүлөт | |||
11 | Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн | |||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тарабынан иш-аракеттердин тизмеси | Үйүндө социалдык тейлөө боюнча мамлекеттик кызматты алуу үчүн төмөнкүдөй документтер берилет: - белгиленген формадагы арыз; - турак жай-тиричилик шарттарын текшерүү акты; - салыштырып текшерүү үчүн түп нускасын көрсөтүү менен паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; - пенсиялык күбөлүк (көчүрмөсү); - жашаган жеринен маалымкат; - медициналык картадан көчүрмө; - майыптыгы тууралуу медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусу (көчүрмөсү); - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун жана ага теңештирилген адамдардын күбөлүгү (көчүрмөсү); - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарында социалдык маселелер боюнча комиссиянын чечими. Зарыл болгон учурда социалдык кызматкер социалдык тейлөөгө кабыл алынып жаткан адамдарга жогоруда көрсөтүлгөн документтерди тариздөө боюнча жардам көрсөтөт | |||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт | |||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы белгиси боюнча басмырлоого жол бербөө; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө социалдык кызматкердин сыпайылыгы, сылыктыгы жана сабырдуулугу; - акыркы жыйынтыктын (алган кызматтын) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу | |||
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү электрондук форматта берүү | Мамлекеттик кызмат электрондук форматта көрсөтүлбөйт | |||

16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн: - арыз ээсинде социалдык тейлөөдө медициналык каршы көрсөтмөлөрү бар болсо (процесстин активдүү стадиясындагы кургак учук, психотикалык айнып калуу (жөөлүү, галлюцинация, агрессия, импульсивдик жүрүм-турум), карантиндик инфекциялар жана адистештирилген медициналык уюмдарда дарылоону талап кылган башка оорулар бар болсо; - арыз ээси үй-бүлөдө жашаса | |||
17 | Даттануу тартиби | Арыз ээси же анын мыйзамдуу өкүлү кызмат көрсөтүүнүн сапатына канааттанбаган учурда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдүн жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кардардын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн Ф.А.А., жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кол тамгасын жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо белгиленген мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда кардар же анын мыйзамдуу өкүлү чечимди сот тартибинде даттанууга укуктуу | |||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде каралып турууга тийиш | |||
13. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын кыймылдоого көмөкчү каражаттарга болгон керектөөлөрүн аныктоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн протездик-ортопедиялык буюмдарды, майыптык кресло-коляскаларды, тиричилик шаймандарын (таяк жана балдак) даярдоо жана берүү (буюмдардын белгиленген тизмегине ылайык) - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 3-главасы, 12-пункту | |||
2 | Мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси (мындан ары - РПОБМ). РПОБМдин Ош шаарындагы филиалы жана облустардагы устаканалары. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) | |||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын жарандары: - кыймылдоого көмөкчү каражаттарга муктаж болгон I, II, III топтогу майыптыгы бар адамдар (чоң адамдар жана балдар) | |||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; - "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2003-жылдын 25-июлундагы № 469 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын бөлмөдө жүрүүчү кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"; 2011-жылдын 25-августундагы № 511 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жөнүндө"; 2014-жылдын 27-мартындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" | |||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Кыймылдоого көмөкчү каражаттарды берүү: - протездик-ортопедиялык буюмдар (колдун, буттун протездери, ортопедиялык аппараттар, ортопедиялык бут кийим, бандаждар, корсеттер, реклинаторлор, Виленский шинасы, Цито шинасы, манжа кармагычтар, лангеттер, батектер, тери шымдар, кошумча бут кийимдер); - тиричилик шаймандары (балдак, таяк), чакан габариттүү платформа (коляска) | |||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берген жайларда; - жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ДМЧА жана таяныч-кыймылдоочу аппараты бузулган ДМЧА үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү жеткиликтүү болгондо; - кезек күтүү принциби боюнча. Жайлар күтүү үчүн орундар, дааратканалар жана санузелдер (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогондо - короодо), жылытуу, суу түтүгү, телефон менен жабдылган. Жайда кызмат көрсөтүүчү зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылган | |||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу жана күтүү мөөнөтү - 15 мүнөттөн ашпайт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү, ченөөнү кошкондо: - татаал протездик-ортопедиялык буюмдар - 35 жумуш күндөн ашпайт; - аз татаалдыктагы протездик-ортопедиялык буюмдар - 10 жумуш күндөн ашпайт; - тиричилик шаймандары, чакан габариттүү платформа (коляскалар) - Бишкек шаарында жашагандар үчүн 5 жумуш күндөн ашпайт, региондордо жашагандар үчүн - 30 жумуш күндөн ашпайт. Даяр протездик-ортопедиялык буюмдарды берүү убактысы - 15 мүнөт. Протездик-ортопедиялык буюмдарды пайдалануу мөөнөтү - 1 жыл | |||

8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан: www.mlsp.kg; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - аймактык бөлүмдөргө, РПОБМге жана Ош шаарындагы филиалына жеке кайрылган учурда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат стенддеринен; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан; - телефон боюнча. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлөт: - ЖМК (газеталар, радио, телекөрсөтүү); - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты: www.mlsp.kg; - маалымат стенддери, брошюралар жана буклеттер; - жеке кайрылууда жана телефон боюнча байланышуу; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен чогуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында, анын аймактык бөлүмдөрүнүн, РПОБМдин жана Ош шаарындагы филиалынын, маалымат стенддеринде жайгаштырылат | |||

10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Мамлекеттик кызмат түздөн-түз өндүрүштүк мекеменин ичинде көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр жана аларды коштоочу адамдар менен пикир алышууда кызматкерлер төмөнкү этиканын негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле жасоого, сабырдуу жана принциптүү болууга, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүүгө, маектешип жаткан адамды уга билүүгө жана анын позициясын түшүнүүгө, ошондой эле жүйөлүү кабыл алынган чечимдерди жүйөлөштүрүүгө тийиш. Бардык кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдерди сактоону, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталат | |||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн | |||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр тарабынан аракеттердин тизмеги | Протездик-ортопедиялык буюмдарды алуу үчүн керектөөчү төмөнкүдөй документтерди берет: - медициналык мекеменин врачынын жолдомосу; - паспорт; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк (16 жашка чейинки балдар үчүн); - иштеген жеринен маалымкат (иштеп жаткан ДМЧА экинчи протезди алуу үчүн); - медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты. Республиканын региондорунан келген адамдар кайрылган учурда, реабилитациялоону алуу жолдомону РПОБМ берет | |||

14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы белгиси боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, мамлекеттик кызматты алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн талаптарына шайкештиги: имаратка кирүүнүн жеткиликтүүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графигинин болушу, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө социалдык кызматкердин сыпайылыгы, сылыктыгы жана сабырдуулугу; - акыркы жыйынтыктын (алган кызматтын) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу | |||

16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына ылайык келбегенде; - арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бербегенде | |||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай эмес көрсөтүлгөн учурда арыз ээси эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмүнүн жана РПОБМдин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн Ф.А.А., жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасын жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар белгиленген тартипте эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдөрүнүн жана РПОБМдин жетекчилиги тарабынан каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана жооп жиберүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдөрүнүн жана РПОБМдин чечимин сот тартибинде даттанууга укуктуу | |||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде каралып турууга тийиш | |||
14. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына ылайык келбегенде; - арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бербегенде | |||
2 | Мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүмдөр). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борбору (мындан ары - ДМЧА реабилитациялоо борбору). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси (мындан ары - РПОБМ). РПОБМдин Ош шаарындагы филиалы жана облустардагы устаканалары | |||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын жарандары: - кыймылдоого көмөкчү каражаттарын оңдоого муктаж болгон I, II, III топтогу майыптыгы бар адамдар (чоң адамдар жана балдар) | |||

5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Оңдолгон протездик-ортопедиялык буюмдар. Оңдолгон тиричилик шаймандары | |||

7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди берүү жана күтүү убактысы - 15 мүнөттөн ашпайт. Протездик-ортопедиялык буюмдардын жана ортопедиялык бут кийимди оңдоонун жалпы мөөнөтү - 7 жумуш күндөн ашпайт. Оңдолгон протездик-ортопедиялык буюмдарды алуу убактысы - 15 мүнөттөн ашпайт | |||

12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр тарабынан аракеттердин тизмеги | Протездик-ортопедиялык буюмдарды ал уу үчүн керектөөчү төмөнкүдөй документтерди берет: - медициналык мекеменин врачынын жолдомосу; - паспорт; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк (16 жашка чейинки балдар үчүн); - иштеген жеринен маалымкат (иштеп жаткан ДМЧА экинчи протезди алуу үчүн); - медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты. Республиканын региондорунан келген адамдар кайрылган учурда, реабилитациялык кызматтарды алуу үчүн РПОБМ ДМЧА реабилитациялоо борборунан жолдомо берет | |||

15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү электрондук форматта берүү | Мамлекеттик кызмат электрондук форматта көрсөтүлбөйт, анткени РПОБМге келүү талабы бар | |||

16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Эгерде протездик-ортопедиялык буюм, тиричилик шайманы же чакан габариттүү платформа (коляска) оңдоого мүмкүн болбой калса, мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат | |||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай эмес көрсөтүлгөн учурда арыз ээси эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмүнүн жана РПОБМдин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн Ф.А.А., жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасын жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар белгиленген тартипте эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдөрүнүн жана РПОБМдин жетекчилиги тарабынан каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана жооп жиберүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдөрүнүн жана РПОБМдин чечимин сот тартибинде даттанууга укуктуу | |||

15. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоонун жеке программасы боюнча реабилитациялоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 3-главасы, 15-пункту | |||
2 | Мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүмдөр). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борбору (мындан ары - ДМЧА реабилитациялоо борбору) | |||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (мындан ары - ДМЧА): - ар кандай патологиялардан улам буттары же колдору кесилген ДМЧА; - таяныч-кыймылдоо аппараты тубаса ооруган ДМЧА; - муундардын ар кандай патологиялары менен ооруган ДМЧА | |||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө"; - "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө"; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2016-жылдын 24-октябрындагы № 560 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды реабилитациялоонун мамлекеттик базалык программасын бекитүү жөнүндө"; - 2011-жылдын 29-июлундагы № 429 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө" | |||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Мамлекеттик кызматтарды керектөөчүнүн кыймылдоо функциясы бузулган кол-буттарын калыбына келтирүү жана жакшыртуу же компенсациялоо үчүн реабилитациялык иш-чаралардын комплекси, ошондой эле кесилген кол-буттарды протездөө. Кийин тиешелүү документ берүү менен үй-бүлөгө жана коомго адаптациялоо жана интеграциялоо максатында таяныч-кыймылдоочу аппараттын бузулган функцияларын жакшыртуу, турукташтыруу, компенсациялоо (реабилитациялык картадан көчүрмө) | |||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ДМЧА жана таяныч-кыймылдоочу аппараты бузулган ДМЧА үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү жеткиликтүү болгондо; - кезек күтүү принциби боюнча. Жайлар күтүү үчүн орундар, дааратканалар жана санузелдер (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогондо - короодо), жылытуу, суу түтүгү, телефон менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары жана аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет же эгерде алар жайга көтөрүлө албаганда, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн аларга түшөт. Кызмат көрсөтүүчү жерде келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | |||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу жана кезекте күтүү убактысы - 15 мүнөттөн ашпайт. Реабилитациялык кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 1 айдан ашпайт. Протездөөнүн татаалдыгына жараша реабилитациялык кызмат көрсөтүү кошумча 30 жумуш күнгө чейин узартылат | |||

8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан, ДМЧА реабилитациялоо борборунан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан: www.mlsp.kg; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, анын аймактык бөлүмдөрүнө жана ДМЧА реабилитациялоо борборуна жеке кайрылган учурда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын аймактык бөлүмдөрдө жана ДМЧА реабилитациялоо борборунда маалымат стенддеринен, брошюралардан, буклеттерден. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын аймактык бөлүмдөрдө жана ДМЧА реабилитациялоо борборунда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлөт: - ЖМК (газеталар, радио, телекөрсөтүү); - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты: www.mlsp.kg; - маалымат стенддери, брошюралар жана буклеттер; - жеке кайрылууда жана телефон боюнча байланышуу; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен чогуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында, аймактык бөлүмдөрүнүн, ДМЧА реабилитациялоо борборунун маалымат стенддеринде жайгаштырылат | |||

10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык такталар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдждери) бар. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер төмөнкү этиканын негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле жасоого, сабырдуу жана принциптүү болууга, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүүгө, маектешип жаткан адамды уга билүүгө жана анын позициясын түшүнүүгө, ошондой эле жүйөлүү кабыл алынган чечимдерди жүйөлөштүрүүгө тийиш. Бардык кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдерди сактоону, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталат. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар үчүн (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | |||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | |||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ДМЧА реабилитациялоо борборуна төмөнкүдөй документтер берилет: - реабилитациялоого жолдомо (Үй-бүлөлүк медицина борборунан, медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынан же эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин медициналык бөлүмүнөн); - кандын жана зааранын жалпы анализинин жыйынтыктары; - флюорографияга тартуу; - салыштырып текшерүү үчүн түп нускасын көрсөтүү менен паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү | |||

15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү электрондук форматта берүү | Мамлекеттик кызмат жарым-жартылай электрондук форматта, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынын (www.mlsp.kg) "Суроо-жооптор" бөлүмүндөгү суроолорго жооп бөлүгүндө көрсөтүлөт | |||

16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга ылайык келбегенде; - арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтерди бербегенде; - арыз ээсинде реабилитациялык кызматтарды көрсөтүү үчүн медициналык каршы көрсөтмөлөр бар болгондо | |||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай эмес көрсөтүлгөн учурда арыз ээси эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмүнүн, ДМЧА реабилитациялоо борборунун жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн Ф.А.А., жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасын жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар белгиленген тартипте эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдөрүнүн жана ДМЧА реабилитациялоо борборунун жетекчилиги тарабынан каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана жооп жиберүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдөрүнүн, ДМЧА реабилитациялоо борборунун чечимин сот тартибинде даттанууга укуктуу | |||

16. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды дайындоо жана төлөө - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеги) 3-бабынын, 19-пункту | |||
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн мамлекеттик органы (мындан ары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Социалдык камсыз кылуу департаменти (мындан ары - СКД) Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары- аймактык бөлүнүштөр). Аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат | |||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды алуучулар: - Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары; - Улуу Ата мекендик согуштун майыптары; - согуштагы эрдиги үчүн сыйланган Советтер Союзунун Баатырлары; - согуштагы эрдиги үчүн Даңк орденинин бардык үч даражасы менен сыйланган адамдар; - "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон адамдар; - концлагердин мурдагы жашы жетпеген туткундары; - "За оборону Ленинграда" медалы жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдар; - башка мамлекеттердин аймактарындагы согуштарда жаракат алган майып аскер кызматчылар; - аскер кызматчылардын ичинен СССРди коргоодо же башка мезгилдерде аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда алган жараттын, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун кесепетинен майып болуп калган адамдар; - башка мамлекеттердин аймактарындагы согуштук аракеттердин катышуучулары; - Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетинен жабыркаган майыптар жана нур оорусуна кабылган жана ооруган адамдар; - 1986-1987-жылдарда Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар; - Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптык топко кирген адамдар; - Улуу Ата мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз мажбурлап мобилизациялоого дуушарланган жана кийин реабилитацияланган жарандар; - Саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиянын кесепетинен жабыркап, реабилитацияланган жарандар; - 1988-1989-жылдарда Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар; - Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетинен курман болгондордун, нур оорусунун кесепетинен өлгөндөрдүн, каза болгон майыптарынын жана каза болгон 1986-1987-жылдардагы катышуучуларынын үй-бүлөлөрү; - Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында радиациянын таасирине чалдыккан ата-энелериндеги генетикалык өзгөрүүлөрүнөн улам тукум куучу илдеттери жана өнүгүүсүндө аномалиялары бар биринчи жана кийинки эки муундун балдары; - Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптык топко кирбеген адамдар; - Улуу Ата мекендик согушта курман болгон аскер кызматчылардын үй-бүлөлөрү; - Аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчылардын үй-бүлөлөрү; - Кызматтык милдеттерин же кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгон, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде алган жараттын, мертинүүнүн, оорунун кесепетинен кызматтан бошогондон кийин каза болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү; - Улуу Ата мекендик согушта каза болгон майыптарынын кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесирлери); - Улуу Ата мекендик согуштун каза болгон катышуучуларынын кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесирлери); - "За оборону Ленинграда" медалы жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган каза болгон адамдардын майып деп табылган, кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесирлери); - "Кыргыз Республикасынын ардактуу донору" төш белгиси менен сыйланган адамдар; - бала кезинен көрүүсү жана угуусу боюнча (I жана II топтогу майыптуулугу бар) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, көрүү органдарынын ооруларынан (III топтогу майыптуулугу бар) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ошондой эле 2013-жылдын 1- мартына аймактык бөлүнүштөрдө эсепте турган көрүүсү жана угуусу боюнча майыптыгы бар 18 жашка чейинки балдар | |||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: - "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын "Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө"; - "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө"; - "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө"; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 1994-жылдын 22-февралындагы № 79 "Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө"; - 1995-жылдын 28-сентябрындагы № 401 "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укуктары жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө"; - 1996-жылдын 31-июлундагы № 348 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары жөнүндө"; - 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" | |||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыктары | Жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсация | |||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын имараттарга жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү болгондо, анын ичинде көрүүсү жана угуусу боюнча ДМЧАлар жана кыймылдоо-таяныч аппараты бузулган ДМЧАлар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган имараттар, жайлар болгондо; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн жерлер, даараткана (региондордо, борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошуу мүмкүн болгондо-короодо) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана ага теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар тепкичтен чыга албаса, кызматкер сыртка чыгып, арызын кабыл алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | |||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүү жана документтерди кабыл алуу, арыздарды тариздөө 30 мүнөттөн ашпайт. Керектөөчүгө кызматты алуу үчүн керектүү документтерди кабыл алгандан кийин дароо акчалай компенсациянын дайындалышы кабарланат. Компенсация үстүдөгү жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин (12 айга), кийин компенсация алуучулардын жыл сайын кайра катталып туруусу менен чектелет жана ай сайын төлөнөт | |||

8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси), аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.kg сайтынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын аймактык бөлүнүштөрүнө жеке кайрылууда; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн брошюраларынан, буклеттерден даярдалган маалыматтык такталарынан. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында жана анын аймактык бөлүнүштөрүндө жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты www.mlsp.kg; - маалыматтык такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланыштар; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштөрдүн такталарында, сайтында жайгаштырылат | |||

10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштөөчү бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле жүйөлүү чечим кабыл алуусу зарыл. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербей, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуш жана эмгек ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формаларда жүргүзүлөт | |||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | |||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди тапшырат: - жашаган жеринен маалымкат; - салыштырып текшерүү үчүн түпнускасын көрсөтүү менен паспорттун көчүрмөсү; - компенсация алуучунун статусу жөнүндө белгиленген үлгүдөгү күбөлүктүн көчүрмөсү; - чет өлкөлүк жарандын (Россия Федерациясынын жана КМШнын башка мамлекеттеринин жарандары үчүн) жашай туруу укугунун көчүрмөсү. Кошумча төмөнкүдөй документтер берилет: - башка мамлекеттердеги согуштук аракеттердин катышуучулары жана майыптары үчүн, ошондой эле аскердик кызматтын милдеттерин (кызматтык милдеттерин) аткаруу учурунда майып болгон адамдар үчүн согуштук аракеттерге катышканы жөнүндө коюлган белгиси бар аскердик билеттин көчүрмөсү; - экинчи дүйнөлүк согуштун убагында фашисттер жана алардын союздаштары Германиянын жана ага союздаш өлкөлөрдүн аймактарында, ошондой эле мурдагы СССРдин жана Европа өлкөлөрүнүн басып алынган аймактарында түзүшкөн концлагерлерде, геттолордо, мажбурлап кармаган башка жерлерде болгон фактысын ырастаган согуш мезгилиндеги документтердин, же концлагерлердин жашы жете элек (мурдагы СССРдин басып алынган аймактарында улутчулдук куугунтуктоо колдонулган учурга карата 18 жашка чейинки курактагы) туткундары үчүн архивдик жана башка мекемелерден керектүү маалыматтарды камтыган маалымкаттардын же башка документтердин көчүрмөсү; - Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар үчүн аскердик белеттин же ишкананын маалымкатынын катышкан жылдар көрсөтүлгөн көчүрмөсү, ошондой эле Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин корутундусу; - "За оборону Ленинграда" медалына, "Жителю блокадного Ленинграда" белгисине күбөлүктөрдүн копиясы; - "Кыргыз Республикасынын ардактуу донору" төш белгисине күбөлүктүн копиясы; - саясый жана диний ишенимдери үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиялардын кесепетинен жабыркап, акталган жарандар үчүн, ошондой эле Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында жумушчу колонияларга (эмгек армиясына) мыйзамсыз мажбурлап мобилизацияланган жарандар үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, ошондой эле КМШ мамлекеттеринин прокуратура, сот органдары жана ички иштер органдары берген реабилитация жөнүндө маалымкаттын копиясы; - Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдардын биринчи жана кийинки эки муунундагы балдары (18 жашка чейин) үчүн ата-энеси радиоактивдүү нурланышынын мүмкүн болгон генетикалык кесепети менен шартталган тукум кууган оорулар болгон учурда туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн копиясы, ошондой эле Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин алдындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык-дозиметриялык регистрдин маалымкаты. Майып болуп калган адамдардын өздүк делолорунда Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын күбөлөндүрүү актысынан көчүрмөнүн копиясы майыптыктын тобун жана майыптыкты белгилөөнүн мөөнөтүн көрсөтүү менен милдеттүү түрдө болууга тийиш, анын ичинде: - Улуу Ата мекендик согуштун майыптары үчүн, "жаракат (травма) Улуу Ата мекендик согуштун учурунда алынганы" жөнүндө белгиси менен; - аскер кызматчылар үчүн, "жаракат (травма) 2010-жылдын 12- февралындагы аскердик кызматтын милдеттерин аткаруу учурунда алынганы" жөнүндө "аскер жаракаты" белгиси менен; - Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюучулар үчүн, оору ЧАЭСтеги кырсыкка байланыштуу экени жөнүндө белгиси менен, Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин корутундусун тиркөө менен. Курман болгондордун жесирлеринин жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн өздүк делолорунда төмөнкүлөр болууга тийиш, алар: - нике жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; - Улуу Ата мекендик согуштун майыбы жана катышуучусу, "За оборону Ленинграда" медалы жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган, майып деп таанылган адам өлгөнү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; - аскер кызматчы Улуу Ата мекендик согушта же аскердик кызматтын милдеттерин аткаруу учурунда курман болгондугу жөнүндө маалымкаттын көчүрмөсү; - ички иштер органдарынын кызматкерлери кызматтык милдеттерин же кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгону жөнүндө маалымкаттын же кызмат өтөө учурунда алган жаракаттын, травманын, оорунун кесепетинен кызматтан бошонгондон кийин өлгөнү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; - Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен курман болгону жөнүндө маалымкаттын же Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюучу майыптын нур оорусунун кесепетинен өлгөнү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү. Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдардын өздүк делолорунда ордендин китепчесинин же сыйлыктардын күбөлүктөрүнүн көчүрмөсү болууга тийиш. Андай сыйлыктарга Улуу Ата мекендик согуштун мезгилинде шаарларды жана аймактарды коргоодогу өтөгөн эмгегин жана үлгү болгонун сыйлоо үчүн уюштурулган медалдар кирет, алар: - "За доблестный труд в Великой Отечественной войне 1941-1945 гг."; - "За победу над Германией в Великой Отчечественной войне 1941-1945 гг."; - "За победу над Японией"; - "За отвагу"; - Медаль Ушакова; - "За боевые заслуги"; - Медаль Нахимова; - "За трудовую доблесть"; - "За трудовое отличие"; - "За оборону Москвы"; - "За оборону Одессы"; - "За оборону Севастополя"; - "За оборону Сталинграда"; - "За оборону Киева"; - "За оборону Кавказа"; - "За оборону Советского Заполярья". Сыйлоо жөнүндө документтери жоголуп кетсе, согуштан кийинки мезгилде (1945-1949-жылдарда) сыйлангандыгын эмгек китепчедеги жазуулар боюнча, күбөлүктүн номерин жана сыйлык ыйгарылган күндү көрсөтүү менен же архивдик мекемелердин маалымкаттары менен далилдесе болот. "За доблестный труд в Великой Отечественной войне 1941-1945 гг." медалы менен облустук, шаардык жана райондук мамлекеттик администрациялардын 1988-1995-жылдардагы чечимдери боюнча сыйланган адамдардын өздүк делолорунда медалдардын күбөлүгүнүн көчүрмөлөрү же аталган чечимдердин көчүрмөлөрү болууга тийиш. - көрүүсү жана угуусу боюнча ДМЧА үчүн - медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) маалымкатынын көчүрмөсүн жана МСЭК күбөлөндүрүү актысынан көчүрмөнү майыптуулукту дайындоо мөөнөтүн көрсөтүү менен күбөлөндүрүлөт, андан: - угуусу боюнча ДМЧА үчүн - "бала кезинен угуусу боюнча ДМЧА"-деген жазуусу бар жалпы профилдеги МСЭК берген күбөлөндүрүү актысынан маалымкат жана көчүрмө. МСЭК маалымкаты жана көчүрмө бөлүк тиешелүү МСЭК мөөрү менен күбөлөндүрүлөт; -биринчи же экинчи топтогу көрүүсү боюнча майыптуулугу бар ДМЧА үчүн - МСЭК маалымкаты жана райондор аралык офтальмологиялык МСЭК берген көчүрмө төмөнкү жазуулары менен: "Көрүүсү боюнча ДМЧА". Тиешелүү офтальмологиялык МСЭК күбөлөндүргөн колу, мөөрү бар МСЭК маалымкаты. Мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн мыйзамдуу өкүлү керектөөчүнүн атынан мамлекеттик кызматты алуу укугуна нотариуста күбөлөндүрүлгөн ишеним катты берүүсү зарыл | |||

14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга дал келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтин ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, кызмат көрсөтүү жол-жобосунун бүткүл жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу | |||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет, атап айтканда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы www.mlsp.kg "Суроо-жооп" бөлүмүндөгү суроолорго жооптор берилет | |||

16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартса болот: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга ылайыксыздыгы; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтерди арыз ээси бербесе | |||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | |||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралууга тийиш | |||
17. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | 11-иш күнүнөн баштап кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-глава, 20-пункт | |||
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган): - калктын социалдык аялуу катмарына натыйжалуу жана даректүү социалдык коргоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүнүшү (мындан ары - ведомстволук бөлүнүш); - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары - аймактык бөлүнүш); Ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат | |||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | 1. Кызматкерлер (иш берүүчү менен эмгек мамилелерде тургандар). 2. Юридикалык жакты түзбөгөн жеке ишкерлер. 3. Жер участогунун менчик ээси же пайдалануучусу (ижарачысы) болуп саналган юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбанын мүчөлөрү. 4. Белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу аялдар | |||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 "Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому | |||
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | 11-иш күнүнөн тартып республикалык бюджеттин каражатынан кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөндү | |||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн пандустар жана кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолсуз кирүү шартында; - жандуу кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалар), жылытуу, суу түтүгү жана телефон болот. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү кош бойлуу аялдар кезексиз тейленет. Эгерде алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн аймактык бөлүнүштөрдө кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү илинген такта жайгаштырылат | |||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Жандуу кезек күтүү тартибинде. Жарандардан документтерди кабыл алуу, арыздарды тариздөө - 30 мүнөткө чейин. Жарандарга телефон аркылуу жана жеке маектешүү учурунда консультация берүү мөөнөтү 10 мүнөттөн ашпайт. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо жөнүндө арыз, анын ичинде Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук арыз бардык зарыл болгон документтер берилгенден кийин аймактык бөлүнүш тарабынан отчеттук айдын 20сына чейин 3 иш күндүн ичинде каралат. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул ай сайын 25инен 30уна чейин керектөөчүлөрдүн банктагы транзиттик эсептерине төлөнүп турат | |||

8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан; - ведомстволук бөлүнүштөн; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.gov.kg расмий сайтында көрсөтүлгөн графикке ылайык аймактык бөлүнүштөн. Жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүдөй кабарланышы мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон, "ишеним телефону" аркылуу, адис менен жеке байланышуу учурунда); - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы аркылуу; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.gov.kg расмий сайтында; - маалымат такталары, брошюралар жана буклеттер аркылуу. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуунун ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: - радио, телекөрсөтүү, маалыматтык сайттар, гезиттер; - коомдук кабылдамалар; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы; Ведомстволук, аймактык бөлүнүштөрдө: - маалымат такталарында, брошюраларда жана буклеттерде; - телефон аркылуу; - түздөн-түз арыз ээси барганда. Кызмат көрсөтүү жөнүндө кабарлоо жазуу жүзүндөгү кайрылууларга, телефон, "ишеним телефону" боюнча жана адистерге оозеки түрүндөгү жеке кайрылууларга жооп берүү аркылуу республиканын региондорунда калк, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугушууларда жүргүзүлөт. Даректер, телефон номерлери, банк реквизиттери, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында, расмий сайтында жайгаштырылат | |||

10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүндө кызмат көрсөтүүгө жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин эшигинде маалымат табличкалары илинет. Калк менен иштеген аймактык бөлүнүштөрдүн бардык кызматкерлеринин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөөгө жөндөмдүү болушу зарыл. Кызматкерлер колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, объективдүүлүктү камсыз кылып, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар менен пикир алмашуу жана аларга кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | |||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалымат ачыкка чыкпоого тийиш жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттары үчүн пайдаланылышы жана үчүнчү жактарга берилиши мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин эске алуу менен берилиши мүмкүн. | |||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн кызматкерлер, жеке ишкерлер, дыйкан чарбанын мүчөлөрү, жумушсуздук боюнча жөлөкпулга укугу бар расмий жумушсуздар төмөнкүлөрдү беришет: - паспортту; - кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоого арызды; - эмгекке жарамсыздык баракчасынын түп нускасын. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн керектүү маалыматтар тиешелүү мамлекеттик органдардан "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу суратылат | |||

14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандарттарда көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүң ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө шайкештиги; - жарандардын даттануулары жана сунуштары үчүн китептин жеткиликтүү жерде болуусу | |||
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү юридикалык жакты түзбөгөн жеке ишкерлерге, дыйкан (фермердик) чарбалардын мүчөлөрүнө жана жумушсуздук боюнча жөлөкпул алуу укугуна ээ расмий жумушсуз адамдарга (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөмдөрдүн коэффициенттеринин өлчөмдөрү белгиленген калктуу конуштарда жашаган дыйкан (фермердик) чарбалардын мүчөлөрү тарабынан берилүүчү арыздардан тышкары) мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн суроо-талапты (арызды) берүү бөлүгүндө Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: portal.tunduk.kg аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык ишке ашырылат. Эскертүү; жеке ишкерлерге, дыйкан (фермердик) чарбаларынын мүчөлөрүнө, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укугу бар расмий жумушсуздарга кызматтарды алууга электрондук арыз жөнөтүү үчүн portal.tunduk.kg порталына катталуу керек. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 3 (веб-баракча өтүнмөнү электрондук түрдө толтуруу жана аны мамлекеттик органдын кароосуна кагаз жүзүндө басып чыгарбастан кабыл алуу функциялык мүмкүнчүлүгүнө ээ) | |||

16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат, эгерде: - арыз ээсине кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул башка аймактык бөлүнүштө мурда дайындалгандыгы аныкталса; - тапшырылган документтер жасалма экендиги аныкталса; - арыз ээси тарабынан ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл болгон документтер тизме боюнча толук берилбесе; - тапшырылган документтердин жарактуу мөөнөтү аяктаса; - бузулган документтер берилсе (барактары жулунган, тексти жана мөөрү түшүнүксүз); - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктунда коюлган талаптарга шайкеш келбесе | |||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер жаралган учурда керектөөчү белгиленген тартипте жазуу жүзүндө (электрондук түрдө) төмөнкүлөргө кайрылууга укуктуу: - аймактык бөлүнүшкө; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колу жана дата коюлат. Кайрылууларды кароо административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууну кароо жана арыз ээсинин жооп алуу мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 иш күндөн ашпашы керек. Кайрылуу боюнча кабыл алынган чечим менен макул болбогондо, арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | |||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралууга тийиш | |||
18. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-глава, 21-пункт | |||
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); - калктын социалдык аялуу катмарына натыйжалуу жана даректүү социалдык коргоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүнүшү (мындан ары - ведомстволук бөлүнүш); - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары - аймактык бөлүнүш). Ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат | |||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр болуп каза болгон адамдын сөөгүн иш жүзүндө койгон адамдар - үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөлөрү же туугандык даражасына карабастан башка адамдар саналат. Жөлөкпул төмөнкү категориядагы жарандар каза болгон учурларда дайындалат: - кызматкер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү; - жеке ишкер же анын багуусундагы үй- бүлө мүчөсү; - дыйкан чарбанын мүчөсү же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү; - расмий жумушсуз же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү; - социалдык жөлөкпул алган адам же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү; - жумушсуз адам же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү | |||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2018-жылдын 18-сентябрыңдагы № 434 "Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекизүү тууралуу"; - 2012-жылдын 23-мартындагы № 192 "Расымдык (сөөк коюу үчүн) жөлөкпулду эсептөө үчүн орточо бир айлык эмгек акынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө" | |||
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул республикалык бюджеттин каражатынан төлөндү | |||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн пандустар жана кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолсуз кирүү шартында; - жандуу кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалар), жылытуу, суу түтүгү жана телефон болот. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, улгайган жарандар, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн аймактык бөлүнүштөрдө кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү илинген такта жайгаштырылат | |||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Жандуу кезек күтүү тартибинде. Жарандардан документтерди кабыл алуу, арыздарды тариздөө - 30 мүнөткө чейин. Жарандарга телефон аркылуу жана жеке маектешүү учурунда консультация берүү мөөнөтү 10 мүнөттөн ашпайт. Расымдык жөлөкпулду дайындоо жөнүндө арыз, анын ичинде Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук арыз зарыл болгон документтер берилгенден кийин отчеттук айдын 20сына чейин 3 иш күндүн ичинде каралат. Расымдык жөлөкпул ай сайын 25инен 30уна чейин керектөөчүлөрдүн банктагы транзиттик эсептерине төлөнүп турат | |||

9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуунун ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: - радио, телекөрсөтүү, маалыматтык сайттар, гезиттер; - коомдук кабылдамалар; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты. Ведомстволук, аймактык бөлүнүштөрдө: - маалымат такталарында, брошюраларда жана буклеттерде; - телефон аркылуу; - түздөн-түз арыз ээси барганда. Кызмат көрсөтүү жөнүндө кабарлоо жазуу жүзүндөгү кайрылууларга, телефон, "ишеним телефону" боюнча жана адистерге оозеки түрүндөгү жеке кайрылууларга жооп берүү аркылуу республиканын региондорунда калк, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугушууларда жүргүзүлөт. Даректер, телефон номерлери, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары маалымат такталарында, расмий сайтта жайгаштырылат | |||

10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүндө кызмат көрсөтүүгө жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин эшигинде маалымат табличкалары илинет. Калк менен иштеген аймактык бөлүнүштөрдүн бардык кызматкерлеринин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөөгө жөндөмдүү болушу зарыл. Кызматкерлер колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, объективдүүлүктү камсыз кылып, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, улгайган жарандар, УАСтын катышуучулары жана майыптары, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана аларга кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | |||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалымат ачыкка чыкпоого тийиш жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттары үчүн пайдаланылышы жана үчүнчү жактарга берилиши мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин эске алуу менен берилиши мүмкүн | |||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээси төмөнкүлөрдү берет: - паспортту; - расымдык жөлөкпулду дайындоого арызды; - маркумдун ИЖНин. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул дайындоо үчүн зарыл болгон маалыматтар тиешелүү мамлекеттик органдардан "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу суратылат | |||

14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги. мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандарттарда көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө шайкештиги; - жарандардын даттануулары жана сунуштары үчүн китептин жеткиликтүү жерде болуусу | |||
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн суроо-талапты (арызды) берүү бөлүгүндө Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: portal.tunduk.kg аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык ишке ашырылат. Эскертүү: кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук арыз жөнөтүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталына катталуусу керек. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 3 (веб-баракча өтүнмөнү электрондук түрдө толтуруу жана аны мамлекеттик органдын кароосуна кагаз жүзүндө басып чыгарбастан кабыл алуу функциялык мүмкүнчүлүгүнө ээ) | |||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жапа даттануу тартиби | |||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат, эгерде: - арыз ээсине расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул башка аймактык бөлүнүштө мурда дайындалгандыгы аныкталса; - тапшырылган документтер жасалма экендиги аныкталса; - арыз ээси тарабынан ушул эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралууга тийиш | |||
Көңүл буруңуздар! Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-декабрындагы № 323 токтомуна ылайык, 17-18-пункттар жок. | |||||
19. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | 2010-жылдын апрель-июнь окуяларынын натыйжасында каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо жана төлөп берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 3-бабынын, 22-пункту | |||
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн мамлекеттик органы (мындан ары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Социалдык камсыз кылуу департаменти (мындан ары- СКД). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары- аймактык бөлүнүштөр). Аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат | |||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар | 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 2010-жылдын 7-апрелинде - Бишкек жана Нарын шаарларындагы, 2010-жылдын 13, 14, 19-майында Жалал-Абад облусундагы жана 2010-жылдын июнунда Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү деп таанылган адамдар: - курман болгон адамдын өзүнүн жана асырап алган балдары; - курман болгон адамдын пенсия курагындагы ата-энеси (атасы, энеси), эгерде каза болгон адам жалгыз баласы болсо; - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү деп таанылган адамдар | |||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | "2010-жылдын апрель, июнь айларында болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22- февралындагы № 91 "2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартиби жөнүндө" токтому | |||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Кошумча ай сайын социалдык жөлөкпул (мындан ары-КАСЖ) дайындоо тууралуу арыз ээсинин кабарламасы | |||

7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезекке туруу тартибинде күтүү жана жарандардан документтерди кабыл алуу, арызды 30 минуттан ашпаган убакытта тариздөө. Жарандарга адистердин телефон аркылуу жана жеке кеңешүү жолу менен кеңеш берүүсү 15 мүнөттөн ашпоого тийиш. Документтер толук көлөмдө түшкөн учурдан тартып берилген документтердин аныктыгын текшерүүнү эске алуу менен КАСЖны дайындоо, маалыматтар базасына маалыматты киргизүү, төлөөгө протоколду жана документтерди тариздөө тууралуу маселе 10 иш күндөн кеч эмес мөөнөттө каралып чыгат | |||

9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты- www.mlsp.kg; - маалыматтык такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланыштар; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштөрдүн такталарында, сайтында жайгаштырылат | |||

10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, СКД, аймактык бөлүнүштөрдө кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштөөчү бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле жүйөлүү чечим кабыл алуусу зарыл. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербей, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуш жана эмгек ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формаларда жүргүзүлөт | |||

12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээси жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) аймактык бөлүнүшкө кайрылышы керек. Арыз ээси төмөнкү документтерди тапшыруусу зарыл: а) курман болгон жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө АКСЖ дайындоо үчүн: - паспорт же ким экенин күбөлөндүргөн башка документ; - баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк; - жашаган жеринен маалымкат; - каза болгондугу жөнүндө күбөлүк; - соттук-медициналык экспертизанын көчүрмөсү, окуяларда жабыр тарткан адам деп таануу жөнүндө ички иштер органдарынын же прокуратуранын маалымкаты; - камкордукка/көзөмөлдүккө алуу жөнүндө чечим - жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз жарандын камкорчусу/көзөмөлчүсү жөлөкпул алуу үчүн кайрылса; - курман болгон адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү - курман болгон адамдын ата-энеси жөлөкпул алышы үчүн. Эгерде курман болгон баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болсо, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китебинен көчүрмө көрсөтүлөт. б) ДМЧА үчүн: - паспорт же ким экенин күбөлөндүргөн башка документ; - баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк - жашы жете элек, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн; - жашаган жеринен маалымкат; - медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты. КАСЖны алып жаткан учурда керектөөчү паспортту (инсандыгын тастыктаган башка документти) көрсөтүүсү керек | |||

14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга дал келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, кызмат көрсөтүү жол-жобосунун бүткүл жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу | |||

16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартса болот: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга ылайыксыздыгы; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди арыз ээси бербесе | |||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, СКД, аймактык бөлүнүштүн жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | |||

20. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Социалдык стационардык мекемелерде социалдык тейлөө - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 3-главасы, 25-пункту | |||
2 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын социалдык стационардык мекемелери (мындан ары - ССМ). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) | |||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандары: - психоневрологиялык патологиялары бар балдар; - психоневрологиялык оорулары бар чоң адамдар; - биринчи жана экинчи топтогу майыптыгы бар, жалпы оорулары бар балдар жана чоң адамдар; - өзүн-өзү тейлөө жөндөмүнөн толугу менен же жарым-жартылай ажыраган улгайган адамдар; - жетим, жарым-жартылай жетим жана кароосуз калгандар категориясына кирген балдар; - белгилүү жашаган жери жок, буттары же колдору кесилген жарандар | |||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө"; "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө"; "Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 273 "Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдык социалдык стандарттарды бекитүү жөнүндө" токтому | |||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Эмерек жана инвентарлар, таза шейшептер, төшөктөр, жеке гигиена каражаттары, ич кийимдер, кийим-кечек жана бут кийимдер менен турак жай аянтын берүү; - баланстуулуктун жана калориялуулуктун талаптарын, санитардык-гигиеналык ченемдерди сактоо менен кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн жаш курагын жана ден соолугунун абалын эске алуу менен сарамжалдуу, анын ичинде диеталык тамактанууну уюштуруу; - кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн ден соолугун чыңдоого, социалдык реабилитациялоого, жаңы жагдайга адаптациялоого багытталган иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу | |||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Документтерди кабыл алууга, медициналык кароону жана алгачкы санитардык тазалоону жүргүзүүгө чектүү мөөнөт - 2 сааттан ашпайт; Социалдык стационардык тейлөө боюнча эсепке алуу жөнүндө ССМдин буйругун чыгаруунун чектүү мөөнөтү - 1 саат, керектөөчүнүн жолдомо менен ССМге келген күнү | |||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга, медициналык кароону жана алгачкы санитардык тазалоону жүргүзүүгө чектүү мөөнөт - 2 сааттан ашпайт; Социалдык стационардык тейлөө боюнча эсепке алуу жөнүндө ССМдин буйругун чыгаруунун чектүү мөөнөтү - 1 саат, керектөөчүнүн жолдомо менен ССМге келген күнү | |||

8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси), аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - аймактык бөлүмдөргө жеке кайрылууда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат такталарынан; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөрдө жайылтылат: - жарандарды жеке кабыл алууда; - жалпыга маалымдоо каражаттарында; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында; - аймактык бөлүмдөрдүн маалымат такталарында; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасында; - телефон боюнча. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн такталарында, сайттарында жайгаштырылат | |||

10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | ССМде келүүчүлөрдү (кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн ата-энелерин, туугандарын жана мыйзамдуу өкүлдөрүн) кабыл алуу үчүн шарттар бар. Келүүчүлөр ССМдин администрациясынан көрсөтүлүүчү кызматтын көлөмдөрү жана түрлөрү, ССМдин ички тартибинин эрежелери тууралуу маалыматтарды ала алат. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда ССМдин кызматкерлери этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле жасоо, сабырдуу болуу. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү сактоону камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоого тийиш | |||

12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | ССМде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөр берилет: аймактык бөлүмдүн жолдомосу; аймактык бөлүм менен комплекттелген төмөнкү документтердин топтому: - жазуу жүзүндөгү арыз, ал эми жашы жете электер жана аракетке жөндөмсүз адамдар үчүн - мыйзамдуу өкүлүнүн (ата-энесинин бири, камкорчу, көзөмөлчү) жазуу жүзүндөгү арызы; - турмуш-тиричилик шартын текшерүү актысы (эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык кызматкери тарабынан таризделет); - ДМЧА, анын ичинде ДМЧ балдар үчүн, майыптыгы тууралуу МСЭКтин маалымкатынын көчүрмөсү менен ССМдин тибин аныктоо боюнча медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) чечими; - туугандарынын камкорчулуктан жана көзөмөлчүлүктөн баш тартуусу тууралуу арыз. Туугандары, камкорчулары жана көзөмөлчүлөрү жок учурда баш тартуу жөнүндө арыз талап кылынбайт; - салыштырып текшерүү үчүн түп нускасын көрсөтүү менен паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; - медициналык карточкадан көчүрмө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 365 "Үйүнө барып социалдык жактан тейлөө жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген форма боюнча); - үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалымкат; - ВР, ВИЧ/СПИДге, баңгизатка жана алкоголго көз карандылыгына, ичеги-карын инфекцияларын козгогучтарга кандын жалпы клиникалык анализдери (ичеги-карын ооруларынын козгогучтарынын тобуна бактериологиялык изилдөөлөр жөнүндө маалыматтар берилген күндөн тартып эки айдан ашык убакыт өтпөсө жарактуу); - көкүрөк клеткасынын органдарынын флюорографиясы; - ала турган пенсиясынын (жөлөкпулдун) өлчөмү жөнүндө маалымкат; - кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кыймылсыз мүлкү бар экендиги тууралуу маалымкаты; - 6x4 см өлчөмүндөгү эки сүрөт (психоневрологиялык ССМ үчүн - 4 сүрөт); - ДМЧА реабилитациялоонун жеке программасынан МСЭК бөлүгүнүн көчүрмөсү; - пенсиялык күбөлүгүнүн көчүрмөсү; - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун, майыптарынын жана аларга теңештирилген адамдардын статусун ырастоочу күбөлүктүн көчүрмөсү | |||

14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө ССМдин кызматкерлеринин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бүтүндөй жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу | |||
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Мамлекеттик кызмат электрондук форматта көрсөтүлбөйт, анткени кызмат көрсөтүүнү керектөөчү менен байланышты талап кылат | |||

16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - кайра күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы боюнча үчүнчү топтогу майыптыкты алса; - үчүнчү жолку протокол менен таризделген тартип бузуудан же коомдо кабыл алынган укуктук ченемдерге каршы келген жүрүм-турумдан кийин; - ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбөө аныкталса; - медициналык каршы көрсөткүчтөр аныкталса | |||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүүнү керектөөчү же анын мыйзамдуу өкүлү кызмат көрсөтүүнүн сапатына канааттанбаган учурда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине, ССМдин администрациясына оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн же анын өкүлүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кол тамгасын жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар белгиленген мөөнөттөрдө каралат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда кызмат көрсөтүүнү керектөөчү же анын мыйзамдуу өкүлү чечимди сот тартибинде даттанууга укуктуу | |||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма каралып турууга тийиш | |||
21. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Дарыгердин жолдомосу боюнча майыптуулук тобу жок муктаж болгон жарандарга белгиленген тизмектен сырткары протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо жана берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеги) 3-главасы, 28-пункту | |||
2 | Мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси (мындан ары - РПОБМ). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) | |||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Дарыгердин жолдомосу боюнча протездик-ортопедиялык буюмдарга муктаж болгон, бирок майыптуулук тобу жок жарандар | |||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-мартындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому | |||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Протездик-ортопедиялык буюмдарды (колдун, буттун протездери, ортопедиялык бут кийим, бандаж, корсет, лангет, реклинатор, ортопедиялык батектер, Виленский шинасы, Цито шинасы, балдактар жана таяктар) берүү | |||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгон учурда, анын ичинде көрүүсү жана угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган; - кезек күтүү принциби боюнча. Имаратта күтүү жайлары, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы дааратканалар), жылытуу, суу түтүгү, телефон бар. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар жайга көтөрүлө албаса, аларга кызматкер түшүп келип арызын алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | |||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүү жана арыз берүү убактысы - 30 мүнөттөн ашпайт. Арызды кароо мөөнөтү (кызмат көрсөтүүдө же кызмат көрсөтүүдөн баш тартууда) - 10 мүнөттөн ашпайт. Даярдоо мөөнөтү: - протездик-ортопедиялык буюмдар - 30 жумуш күнгө чейин; - корсеттер, бандаждар, реклинаторлор, батектер, Виленский жана Цито шиналары - 10 жумуш күнгө чейин; - протездик-ортопедиялык буюмдарды куюлган кеби боюнча даярдоодо - 35 жумуш күнгө чейин; - зарыл болгон учурда кошумча өлчөө үчүн - 15 жумуш күнгө чейин. Акыркы жыйынтыкты берүү убактысы - 15 мүнөттөн ашпайт (төлөнгөндүгү тууралуу квитанциясын берүүнүн негизинде). Кызмат көрсөтүүгө жалпы убакыт - 35 күндөн ашпайт | |||

8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтын тизмеси), аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан: www.mlsp.kg; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, анын аймактык бөлүмдөрүнө жана РПОБМге жеке кайрылууда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын аймактык бөлүмдөрүндө жана РПОБМде маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, аймактык бөлүмдөрүндө жана РПОБМде жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөрдө жайылтылат: - ЖМКларда (газеталар, радио, телекөрсөтүү); - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында: www.mlsp.kg; - маалымат такталарында, брошюраларда жана буклеттерде; - жеке кайрылууда жана телефон боюнча байланышууда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасында. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдөрүнүн жана РПОБМдин такталарында, сайттарында жайгаштырылат | |||

10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, аймактык бөлүмдөрүндө, РПОБМде кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин каалгаларында маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген таанытмалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле жасоо, сабырдуу болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектешип жаткан адамды уга билүү, анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди аргументтештирүү. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү сактоону камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоого тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуш жана эмгек ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | |||

12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет: - медициналык мекеменин врачынын жолдомосун; - паспортун; - пенсиялык күбөлүгүн; - туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн (16 жашка чейинки балдар үчүн); - иштеген жеринен маалымкатты (иштеген ДМЧАларга экинчи протез алуу үчүн) | |||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмүнүн жана РПОБМ маалымат такталарында жана расмий сайттарында жайгаштырылат | |||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бүтүндөй жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу | |||
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кызмат жарым-жартылай, атап айтканда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы (www.mlsp.kg) "Суроо-жооп" бөлүмүндөгү суроолорго жооптор бөлүгүндө электрондук форматта көрсөтүлөт | |||

16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына ылайык келбесе; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбеген учурда | |||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмүнүн жана РПОБМдин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасын жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмүнүн жана РПОБМдин жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жоопту жөнөтүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмүнүн жана РПОБМдин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | |||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда кеминде бир жолку мезгилдүүлүк менен дайыма каралып турууга тийиш | |||
22. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Ай сайын социалдык жөлөкпулдарды белгилөө жана берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-глава, 17-пункт | |||
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган): - калктын социалдык аялуу катмарына натыйжалуу жана даректүү социалдык коргоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүнүшү (мындан ары - ведомстволук бөлүнүш); - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары - аймактык бөлүнүш). Ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат | |||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Ар айлык социалдык жөлөкпул (мындан ары - АСЖ) алуучулар: - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү (мындан ары - ДМЧ) 18 жашка чейинки балдар; - бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) - пенсиялык камсыздоого укугу жок болгондо; - атасынан же энесинен айрылган балдар - пенсиялык камсыздоого укугу болбосо; - ата-энесинен айрылган балдар - пенсиялык камсыздоого укугу болбосо; - ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдар - алар 18 айга толгонго чейин; - улгайган жарандар (65 жашка чыккан эркектер, 60 жашка чыккан аялдар) - пенсиялык камсыздоого укугу болбосо; - 55 жашка чыккан баатыр энелер - пенсиялык камсыздоого укугу болбосо | |||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтому | |||
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Арыз ээсин АСЖ дайындоо жөнүндө же дайындоодон баш тартуу тууралуу маалымдоо. АСЖ дайындоо жөнүндө же дайындоодон баш тартуу тууралуу арыз ээсин кабарлоо АСЖ дайындалган/баш тартылган күндөн тартып 5 иш күндөн кечиктирбестен ага билдирүүнү жиберүү же электрондук почтаны же болбосо мобилдик байланышты пайдалануу менен маалымдалат | |||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Келүүчүлөргө кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - жандуу кезек күтүү тартибинде; - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - бардык жарандар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар жаңа кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык- гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолсуз кирүү шартында; - күтүү үчүн бөлүнгөн жерлерди эске алуу менен. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн аймактык бөлүнүштөрдө кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү илинген такта жайгаштырылат | |||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Жандуу кезек тартибинде күтүү. Жарандардан документтерди кабыл алуу, арыздарды тариздөө - 30 мөөнөттөн ашпайт. Жарандарга телефон аркылуу жана жеке маектешүү учурунда консультация берүү мөөнөтү - 10 мүнөттөн ашпайт. АСЖ дайындоо жөнүндө же дайындоодон баш тартуу тууралуу чечим бир иш күндүн ичинде, ал эми маалыматты кошумча тактоо талап кылган учурларда - арыз кабыл алынган күндөн тартып 10 иш күндүн ичинде | |||

8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан; - ведомстволук бөлүнүштөн; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.gov.kg расмий сайтында көрсөтүлгөн графикке ылайык аймактык бөлүнүштөн. Жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүдөй кабарланышы мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон, "ишеним телефону" аркылуу, адис менен жеке байланышуу учурунда); - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы аркылуу; - электрондук форматта (кызмат көрсөтүү жана анын жол-жоболору жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында: www.mlsp.gov.kg); - маалымат такталары, брошюралар жана буклеттер аркылуу. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуунун ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: - радио, телекөрсөтүү, маалыматтык сайттар, гезиттер; - коомдук кабылдамалар; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы; Аймактык бөлүнүштөрдө: - маалымат такталарында, брошюраларда жана буклеттерде; - телефон аркылуу; - түздөн-түз арыз ээси барганда. Кызмат көрсөтүү жөнүндө кабарлоо жазуу жүзүндөгү кайрылууларга, телефон, "ишеним телефону" боюнча жана адистерге оозеки түрүндөгү жеке кайрылууларга жооп берүү аркылуу республиканын региондорунда калк, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугушууларда жүргүзүлөт. Даректер, телефон номерлери, банк реквизиттери, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында, расмий сайтында жайгаштырылат | |||

10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүндө кызмат көрсөтүүгө жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин эшигинде маалымат табличкалары илинет. Калк менен иштеген аймактык бөлүнүштөрдүн бардык кызматкерлеринин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Кызматкерлер колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, объективдүүлүктү камсыз кылып, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл тутуму боюнча ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | |||

12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | АСЖ дайындоодо аймактык бөлүнүштөр тарабынан "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларынан төмөнкү маалыматтар суралат: - баланын/балдардын төрөлгөндүгү тууралуу маалымат/күбөлүгү(төрү); - майыптыкты ырастаган медициналык- социалдык эксперттик комиссиянын маалыматы; - пенсиялык камсыздоого укугунун жоктугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан маалымат; - ата-энесинин/атасынын же энесинин каза болгондугу жөнүндө күбөлүк же актынын жазуусунан көчүрмө; - жашаган/турган жери боюнча катталгандыгы жөнүндө маалымат (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашагандар үчүн гана). Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди тапшырат: 1) 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар, бала кезинен I, II, III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, I, II, III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар: - арыз ээсинин паспорту; - баланын/балдардын төрөлгөндүгү тууралуу маалымат/күбөлүгү(төрү) (мамлекеттик органдын маалымат системасында маалымат болбогон учурда); 2) улгайган жарандар (65 жашка чыккан эркектер, 60 жашка чыккан аялдар), баатыр энелер: - арыз ээсинин паспорту; - баатыр эне күбөлүгүнүн ырасталган көчүрмөсү (баатыр энелер үчүн). 3) атасынан же энесинен/ата-энесинен айрылган балдар: - арыз ээсинин паспорту; - баланын/балдардын төрөлгөндүгү тууралуу маалымат/күбөлүгү(төрү) (мамлекеттик органдын маалымат системасында маалымат болбогон учурда); 4) АИВ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдар - 18 айга толгонго чейин: - арыз ээсинин паспорту; - баланын/балдардын төрөлгөндүгү тууралуу маалымат/күбөлүгү(төрү) (мамлекеттик органдын маалымат системасында маалымат болбогон учурда); - АИВ/CПИДге чалдыккан энелерден баланын төрөлгөндүгүн ырастаган республикалык СПИД борборунан маалымкат. Зарыл болгон учурда төмөнкү документтер кошумча берилет: - кайрылмандын күбөлүгү - мамлекеттик жөлөкпулга кайрылман же анын үй-бүлө мүчөлөрү кайрылган учурларда; - жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз адамга камкорчу/көзөмөлчү дайындоо тууралуу соттун чечими - арызды камкорчу/көзөмөлчү берген учурда; - жарандык мыйзамдардын талаптары боюнча таризделген ишеним кат - арыз ишеним көрсөтүлгөн жак тарабынан берилгенде; - никеге туруу/ажырашуу тууралуу маалымат/күбөлүк же никеге туруу/ажырашуу тууралуу актынын жазуусунан көчүрмө - арыз ээси тууралуу маалыматтар бала төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн маалыматтарына дал келбеген учурларда - мамлекеттик органдын маалымат системасында маалымат жок болгон учурда; - банктык реквизиттер - мамлекеттик жөлөкпул керектөөчүнүн банктык эсебине которулушу керек болгон учурларда; - 9-форма боюнча маалымкат - "жалгыз бой эне" расмий статусу бар эне каза болгондо томолой жетимдерге социалдык жөлөкпул үчүн кайрылган учурда; - окуган жеринен маалымкат - 16 жашка жеткен курактагы адам атасынан же энесинен (экөөнөн тең) айрылганда социалдык жөлөкпул алууга кайрылган учурда - мамлекеттик органдын маалымат системасында маалымат жок болгон учурда; - жашай туруу укугу - жөлөкпул берүү чөйрөсүндөгү эл аралык келишим түзүлгөн жана күчүнө кирген өлкөлөрдүн жарандары болуп саналган, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жарандар мамлекеттик жөлөкпулга кайрылган учурда - мамлекеттик органдын маалымат системасында маалымат жок болгон учурда | |||

14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - керектөөчү үчүн актуалдуулук, - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болушу; - кызмат көрсөтүүлөрдү алган адамдарга карата жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү үчүн стандарттарда көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын шайкештиги: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү | |||
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арызды берүү бөлүгүндө Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: portal.tunduk.kg аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык жарым-жартылай электрондук форматта ишке ашырылышы мүмкүн (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөмдөрдүн коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашаган жарандар тарабынан берилүүчү арыздардан тышкары). Эскертүү: кызматтарды алууга электрондук арыз жөнөтүү үчүн portal.tunduk.kg порталына катталуу керек. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 3 (веб-баракча өтүнмөнү электрондук түрдө толтуруу жана аны мамлекеттик органдын кароосуна кагаз жүзүндө басып чыгарбастан кабыл алуу функциялык мүмкүнчүлүгүнө ээ) | |||

16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат, эгерде: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбесе; - берилген документтер жасалма экендиги аныкталса; - ата-энесинен айрылган балдардан тышкары, АСЖ дайындалууга тийиш болгон адам толук мамлекеттин камсыздоосунда турса; - арыз ээси тарабынан ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл болгон документтер тизме боюнча толук берилбесе; - тапшырылган документтердин жарактуу мөөнөтү аяктаса; - бузулган документтер берилсе (барактары жулунган, тексти жана мөөрү түшүнүксүз ж.б.) | |||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер жаралган учурда керектөөчү белгиленген тартипте жазуу жүзүндө (электрондук түрдө) төмөнкүлөргө кайрылууга укуктуу: - жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана шаардын мэриясынын алдындагы мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө жөнүндө жарандардын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча комиссияга (мындан ары - Комиссия); - аймактык бөлүнүштөргө; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колу жана дата коюлат. Кайрылууну карап чыгуу административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууну кароо жана арыз ээсинин жооп алуу мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 иш күндөн ашпашы керек. Кайрылуу боюнча кабыл алынган чечим менен макул болбогондо, арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминде сот тартибинде даттанууга укуктуу | |||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш | |||
23. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү паспорту | |||||
1 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын Интернет-журналына илимий макалаларды жарыялоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 3-главасынын 9-пункту | |||
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана жүргүзүүчү, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоону ишке ашыруучу мамлекеттик илимий-эксперттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) | |||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Аспиранттар, окумуштуулук даражаларды жана окумуштуулук наамдарды изденүүчүлөр, илимий жана илимий-педагогикалык кадрлар | |||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: "Илим жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери жөнүндө"; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө" токтому | |||
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы | Макаланы сайтка жайгаштыруу жана илимий макаланын жайгаштырылгандыгы тууралуу маалымкат | |||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүчө жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык эрежелерге жооп берген жайларда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгүнүн болушу; - жандуу кезек принциби боюнча. Кызмат көрсөтүлүүчү жерлерде ыңгайлуулуктун болушу үчүн кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана алардын үлгүлөрү жайгаштырылат | |||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Ченемдик мөөнөтү - 3 айдан ашык эмес | |||

8 | Керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (зарыл маалыматтардын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасынан; - ыйгарым укуктуу органдын сайтынан (www.nakkr.kg); - ыйгарым укуктуу органга жеке кайрылуу учурунда; - ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен алууга болот. Ыйгарым укуктуу органда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |||
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуунун ыкмалары (мүмкүн болгон бардык ыкмаларды мүнөздөө же саноо) | Көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалыматтар төмөнкүлөр аркылуу таратылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын сайты; маалымат такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу; - ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасы аркылуу. Дареги, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары менен бирге ыйгарым укуктуу органдын такталарына, сайтына жайгаштырылат | |||
Тейлөө жана мамлекетгик кызмат көрсөтүү | |||||
10 | Келген адамдар менен баарлашуу | Ыйгарым укуктуу органдын кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин иш бөлмөсүнүн каалгаларына маалымат жазуулары илиниши керек. Эл менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке бейджиктери болот. Келген адамдар менен баарлашууда кызматкерлер этиканын: сылык мамиле жасоо, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, аңгемелешип жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле, кабыл алынган чечимдерди жүйөлөштүрүү сыяктуу негизги принциптерди сакташы керек. Бардык кызматкерлер жарандарга карата этикалык ченемдерди, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, жеке кызыкчылыктардын кагылышын туудурбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген кесиптик-этикалык ченемдерди жана кызматтык нускамаларды (функционалдык милдеттерин) сакташы керек | |||
11 | Купуялуулукту камсыз кылуунун ыкмалары | Кардар жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | |||
12 | Зарыл документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн пайдалануучу адамдар аткара турган аракеттердин тизмеги | Арыз ээси төмөндөгү документтерди берет: - жеке арыз (интерактивдүү формаларды толтуруу, электрондук санариптик кол тамга); - илимдин ушул тармагындагы окумуштуулардан сунуштар (пикирлер) (тексттин сканерден өткөрүлгөн графикалык сүрөттөмөсү бар pdf же word форматындагы көрүнүшү); - көрсөтүлгөн кызмат үчүн төлөнгөн акы тууралуу квитанциянын көчүрмөсү (сканерден өткөрүлгөн); - электрондук түрдө илимий макала (орус же кыргыз тилдеринде) | |||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитилет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы баалардын прейскурантында берилет, ал ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында (www.nakkr.kg) жайгаштырылган | |||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтардын стандарттарында белгиленген кызмат көрсөтүүнүн шарттары жана мөөнөттөрүнө ылайык толук жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жашы, саясий жана башка ишенимдери, билими, теги, мүлктүк белгилери же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларына жараша басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан стандартта көрсөтүлгөн кызматтарды алуу үчүн керек болгон документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкеш келиши: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, кабыл алуунун жарандарга ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (алынган кызмат көрсөтүүдөн) арыз ээсинин күтүүсүнө шайкеш келиши; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу | |||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Арызды кабыл алуу, маалымат алмашуу стадиясында кызмат көрсөтүү электрондук форматта жүргүзүлөт | |||

16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер жок учурда; - ушул стандарттын 3-пунктунда көрсөтүлбөгөн адам тарабынан арыз түшкөн учурда | |||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат тиешелүү түрдө көрсөтүлбөгөн учурда ушул кызмат көрсөтүүнү алуучу ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндө даттануу эркин формада берилет жана анда кардардын аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, даттануу себеби, кардардын колу жана датасы көрсөтүлөт. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттоодон өткөрүп, жетекчиликке кароо үчүн жөнөтөт. Даттануу жана доо арыздары ыйгарым укуктуу органдын жетекчилиги белгилеген тартипке ылайык каралат. Жазуу жүзүндөгү даттанууну кароо жана арыз ээсине жоопту жөнөтүү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Арыз ээси ыйгарым укуктуу органдын доо арызы боюнча кабыл алган чечимине канааттанбаган учурда соттук тартипте даттанууга укуктуу | |||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турушу керек | |||
24. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын социалдык стационардык мекемелерине жана социалдык тейлөөгө жолдомолорду берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин), 3-главасы, 24-пункту | |||
2 | Мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандары: - психоневрологиялык оорулары бар балдар жана чоң адамдар; - жалпы оорулары бар, биринчи жана экинчи топтогу майыптуулугу бар балдар жана чоң адамдар; - өзүн-өзү тейлөө жөндөмүнөн толугу менен же жарым-жартылай ажыраган улгайган адамдар; - жетим, жарым-жартылай жетим жана кароосуз калгандар категориясына кирген балдар; - белгилүү жашаган жери жок, бутары же колдору кесилген жарандар; - жалгыз жашаган улгайган адамдар; - өзүн-өзү тейлөө жана басып-туруу жөндөмүнөн жарым-жартылай ажыраган жубайлар; - өзүн-өзү тейлөө жөндөмүнөн жарым-жартылай ажыраган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү (мындан ары - ДЧМА) жалгыз жашаган адамдар | |||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандары: - психоневрологиялык оорулары бар балдар жана чоң адамдар; - жалпы оорулары бар, биринчи жана экинчи топтогу майыптуулугу бар балдар жана чоң адамдар; - өзүн-өзү тейлөө жөндөмүнөн толугу менен же жарым-жартылай ажыраган улгайган адамдар; - жетим, жарым-жартылай жетим жана кароосуз калгандар категориясына кирген балдар; - белгилүү жашаган жери жок, бутары же колдору кесилген жарандар; - жалгыз жашаган улгайган адамдар; - өзүн-өзү тейлөө жана басып-туруу жөндөмүнөн жарым-жартылай ажыраган жубайлар; - өзүн-өзү тейлөө жөндөмүнөн жарым-жартылай ажыраган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү (мындан ары - ДЧМА) жалгыз жашаган адамдар | |||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө"; "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө"; "Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө". - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2013-жылдын 17-майындагы № 273 "Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдык социалдык стандарттарды бекитүү жөнүндө"; 2011-жылдын 5-июлундагы № 365 "Үйүнө барып социалдык тейлөө жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" | |||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | 1. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын социалдык стационардык мекемесине жайгаштырууга аймактык бөлүмдүн жолдомосу. 2. Аймактык бөлүмдүн үйүнө барып социалдык тейлөө боюнча эсепке алуу жөнүндө буйругу | |||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген, күтүү жайлары, дааратканалары (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүн болбогон учурда - сырттагы дааратканалар), жылытуу, суу түтүгү жана телефон бар жайларда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгон учурда, анын ичинде көрүүсү жана угуусу боюнча ДМЧА жана таяныч-кыймыл аппараты бузулган ДЧМА үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган (жайлар, имараттар); - кезек күтүү принциби боюнча. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | |||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн бардык керектүү документтер болгон учурда документтерди кароонун максималдуу мөөнөтү 60 мүнөттү түзөт | |||

8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - аймактык бөлүмдөргө жеке кайрылууда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат такталарынан; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүдөй жайылтылат: - жарандарды жеке кабыл алууда; - жалпыга маалымдоо каражаттарында; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында; - аймактык бөлүмдөрдүн маалымат такталарында; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасында; - телефон боюнча. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн сайтында, маалымат такталарында жайгаштырылат | |||

10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин каалгаларында маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген таанытмалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле жасоо, сабырдуу болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектешип жаткан адамды уга билүү, анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди аргументтештирүү. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү сактоону камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоого тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган жарандар, согуш жана эмгек ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | |||
11 | Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн | |||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Керектүү документтердин тизмеги: социалдык стационардык тейлөө үчүн: - жазуу жүзүндөгү арыз, ал эми жашы жете электер жана аракетке жөндөмсүз адамдар үчүн - мыйзамдуу өкүлүнүн (ата-энесинин бири, камкорчу, көзөмөлчү) жазуу жүзүндөгү арызы; - турмуш-тиричилик шартын текшерүү актысы (эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык кызматкери тарабынан таризделет); - ДМЧА, анын ичинде ДМЧ балдар үчүн, майыптыгы тууралуу МСЭКтин маалымкатынын көчүрмөсү менен ССМдин тибин аныктоо боюнча медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) чечими; - туугандарынын камкорчулуктан жана көзөмөлчүлүктөн баш тартуусу тууралуу арыз. Туугандары, камкорчулары жана көзөмөлчүлөрү жок учурда баш тартуу жөнүндө арыз талап кылынбайт; - салыштырып текшерүү үчүн түп нускасын көрсөтүү менен паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; - медициналык карточкадан көчүрмө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 365 "Үйүнө барып социалдык жактан тейлөө жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген форма боюнча); - үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалымкат; - ВР, ВИЧ/СПИДге, баңгизатка жана алкоголго көз карандылыгына, ичеги-карын инфекцияларынын козгогучтарына кандын жалпы клиникалык анализдери (ичеги-карын ооруларынын козгогучтарынын тобуна бактериологиялык изилдөөлөр жөнүндө маалыматтар берилген күндөн тартып эки айдан ашык убакыт өтпөсө жарактуу); - көкүрөк клеткасынын органдарынын флюорографиясы; - ала турган пенсиясынын (жөлөкпулдун) өлчөмү жөнүндө маалымкат; - кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кыймылсыз мүлкү бар экендиги тууралуу маалымкаты; - 6x4 см өлчөмүндөгү эки сүрөт (психоневрологиялык ССМ үчүн - 4 сүрөт); - ДМЧА реабилитациялоонун жеке программасынан МСЭК бөлүгүнүн көчүрмөсү; - пенсиялык күбөлүгүнүн көчүрмөсү; - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун, майыптарынын жана аларга теңештирилген адамдардын статусун ырастоочу күбөлүктүн көчүрмөсү; үйүнө барып социалдык тейлөө үчүн: - белгиленген форма боюнча арыз; - турмуш-тиричилик шартын текшерүү актысы; - салыштырып текшерүү үчүн түп нускасын көрсөтүү менен паспорттун же туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; - пенсиялык күбөлүк (көчүрмөсү); - жашаган жеринен маалымкат; - медициналык картадан көчүрмө; - майыптыгы тууралуу медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусу (көчүрмөсү); - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун жана ага теңештирилген адамдын күбөлүгү (көчүрмөсү); - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарында социалдык маселелер боюнча комиссиянын чечими. Документтердин көчүрмөлөрү аймактык бөлүмдөргө түп нускалары менен чогуу берилет, алар салыштырылып текшерилгенден жана социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасына (мындан ары - СЖКМС) киргизилгенден кийин арыз ээсине кайтарылат | |||

14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бүтүндөй жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу | |||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кызмат көрсөтүүнү алууга арызды кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта көрсөтүлүшү мүмкүн. Кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмө жиберүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталында катталуусу керек. Онлайн интерактивдүүлүгүнүн баскычы - 3 (веб-баракча өтүнмөнү электрондук формада толтуруу жана кагаз жүзүндө басып чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциялык мүмкүндүгүнө ээ) | |||

16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга ылайык келбесе; - арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бербесе | |||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, түзүмдүк бөлүмүнүн, ССМ жана СКД жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасын жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, аймактык бөлүмү, ССМ жана СКД тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жөнөтүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмүнүн чечимине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотто даттанууга укуктуу | |||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда кеминде бир жолку мезгилдүүлүк менен дайыма каралып турууга тийиш | |||
25. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген I топтогу майыптарга 5 жылда бир жолу ден соолугун чыңдоого санаториялык-курорттук жолдомолорду берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-бап, 27-пункт | |||
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик органы (мындан ары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Социалдык камсыз кылуу департаменти (мындан ары - СКД). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары - аймактык бөлүнүштөр). Аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат | |||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | I топтогу майыптуулугу бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) санаториялык-курорттук жолдомонун наркы жеңилдиктердин ордуна алуучу акчалай компенсациянын өлчөмүнө кирген алуучулардан тышкары | |||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" токтому | |||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо | |||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн орундар, ажаткана (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошуу мүмкүн болбогондо - короодо) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана ага теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | |||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүү жана документтерди кабыл алуу убактысы - 10 мүнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнү алуунун жалпы мөөнөтү арыз ээсинин кезек күтүп турган ордуна жараша аныкталып, 1 жылдан ашпашы керек. Кезек күтүү жана жолдомолорду алуу убактысы - 15 мөөнөттөн ашык эмес | |||

8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын аймактык бөлүнүштөрүнө, СКДне жеке кайрылууда; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн, СКДнин маалыматтык такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык бөлүнүштөрүндө, СКДде жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телеберүү); - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - маалымат такталары, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана анын аймактык бөлүнүшүнүн, СКДнин маалымат такталарына, сайттарына жайгаштырылат | |||

10 | Келүүчүлөр менен пикир алышуу | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалымат такталары жайгаштырылат. Калк менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнүн жана кызматын көрсөтүү менен жекелештирилген таанытмасы (бейждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сактайт: сылыктык, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтештирет. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана ыңгайлуу формаларда жүргүзүлөт | |||
11 | Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | |||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Дарыланууга санатордук-курорттук жолдомо алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет: - жолдомо алууга эркин түрдө жазылган жеке арыз; - күбөлөндүрүү актысынын көчүрмөсү жана майыптуулук тобу жана аны дайындоо мөөнөтүн көрсөтүү менен медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын көчүрмөсү; - сунуш кылынган курорттун аталышын көрсөтүү менен санаториялык-курорттук дарылануу үчүн саламаттык сактоо уюмдарынан медициналык көрсөтмөлөрдүн бар экендиги жөнүндө белгиленген формадагы маалымкат; - санаториялык-курорттук мекемеде коштоп жүрүү зарылдыгы жөнүндө I топтогу майып ДМЧА үчүн саламаттык сактоо уюмунун корутундусу; - психикасы бузулгандыгы боюнча майыптуулугу бар ДМЧАга санаториялык-курорттук дарылануусу үчүн психиатрдын корутундусу; - жашаган жеринен маалымкат; - паспорттун көчүрмөсү. Дарылануу мөөнөтү аяктап, санаториялык-курорттук мекемеден кайтып келгенде социалдык өнүктүрүү башкармалыгына санаториялык-курорттук мекемелерде дарылоо мөөнөтүн көрсөтүү менен курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемеси берген, толтурулган жолдомонун кайтарылма талонун тапшырууга милдеттүү. Документтердин көчүрмөлөрү аймактык бөлүнүштөргө анык нускасы менен чогуу берилет, алар салыштырылып текшерилгенден жана социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасына (мындан ары - СЖКМС) киргизилгенден кийин арыз берүүчүгө кайра кайтарылат. Кызматты алуу үчүн документтерди берүүдө керектөөчү катыша албаса, ушул функцияны бекитилген социалдык кызматкер аткара алат | |||

14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык толуктугу жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу | |||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү электрондук түрдө арыз берүү жагында берилиши мүмкүн. Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет, атап айтканда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы "Суроо-жооп" бөлүмүндө берилген суроолорго жооптор берилет | |||

16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылат: - арыз берүүчү ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга ылайык келбеген; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин топтомунун арыз берүүчү тарабынан толук берилбеген | |||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык бөлүнүшүнүн жана/же СКДнин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык бөлүнүштөрдүн жана/же СКДнин жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчүгө жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жана/же СКДнин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | |||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек | |||
26. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | 5 жылда бир жолу ден соолугун чыңдоого санаториялык-курорттук жолдомолорду берүү: - медициналык көрсөтмөгө ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген I топтогу майыпты кошпогон адамга - 50 пайыз жеңилдик; - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген II топтогу майыпка - 50 пайыз жеңилдик; - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген III топтогу майыпка - 30 пайыз жеңилдик -Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-бап, 27-1-пункт | |||
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик органы (мындан ары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Социалдык камсыз кылуу департаменти (мындан ары - СКД). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары - аймактык бөлүнүштөр). Аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат | |||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү төмөнкүлөр болуп эсептелет: - медициналык көрсөтмөгө ылайык I топтогу майып ДМЧАны коштоп жүргөн адам; - II топтогу майып ДМЧА; - III топтогу майып ДМЧА. Жолдомолорду башка адамдарга сатууга жана берүүгө салынат. Санаториялык-курорттук мекеменин врачынын же врачтык-консультациялык комиссиясынын тиешелүү маалымкаты болгон учурда санаторийде жүргөн учурда ден соолугун абалы боюнча туугандарынын коштоосуна жана кошумча тейлөөгө муктаж болгон II же III топтогу майыптарга бир жолдомону эки кишиге пайдаланууга уруксат берилет. Мындай учурда, орун бар болсо, санаторийде дарылануу күндөрүнүн саны койка-күндүн жана жолдомонун наркынын чектеринде эки адамга бөлүштүрүлөт. I топтогу майып ДМЧАны коштоп жүргөн адамга берилүүчү жолдомодо милдеттүү тартипте "коштоочу" деген белги коюлат | |||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" токтому | |||
5 | Көрсөтүлгөн кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо | |||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн орундар, ажаткана (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошуу мүмкүн болбогондо - короодо) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана ага теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | |||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу жана кезек күтүү - 10 мүнөттөн ашык эмес. Жалпы мөөнөтү: - жолдомо болгондо - 1 айдан ашык эмес; - жолдомо болбогондо - 5-6 айдан ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын алуу - 15 мөөнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүү 5 жылда бир жолу берилет | |||

9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телеберүү); - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - маалымат такталары, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүнүшүнүн, СКДнин маалымат такталарына, сайттарына жайгаштырылат | |||

10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалымат такталары жайгаштырылат. Калк менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнүн жана кызматын көрсөтүү менен жекелештирилген таанытмасы (бейждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сактайт: сылыктык, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтештирет. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана ыңгайлуу формаларда жүргүзүлөт | |||

12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр тарабынан аракеттердин тизмеги | Дарыланууга санаториялык-курорттук жолдомо алуу үчүн жашаган жери боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгына төмөнкү документтер берилет: - жолдомо алууга жеке арыз; - күбөлөндүрүү актысынын көчүрмөсүн жана майыптуулук тобу жана аны дайындоо мөөнөтүн көрсөтүү менен медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын көчүрмөсү; - сунуш кылынган курорттун аталышын көрсөтүү менен санаториялык-курорттук дарылануу үчүн саламаттык сактоо уюмдарынан медициналык көрсөтүүлөрдүн бар экендиги жөнүндө 088/У белгиленген формадагы маалымкат; - санаториялык-курорттук мекемеде коштоп жүрүү зарыл болгон учурда I топтогу майып үчүн саламаттык сактоо уюмунун корутундусу; - психикасы бузулгандыгы боюнча майыптуулугу бар ДМЧАга санаториялык-курорттук дарылануусу үчүн психиатрдын корутундусу; - жашаган жеринен маалымкат; - паспорттун көчүрмөсү. Документтердин көчүрмөлөрү аймактык бөлүнүштөргө анык нускасы менен чогуу берилет, алар салыштырылып текшерилгенден жана социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасына (мындан ары - СЖКМС) киргизилгенден кийин арыз берүүчүгө кайра кайтарылат. Дарылануу мөөнөтү аяктап, санаториялык-курорттук мекемеден кайтып келгенде социалдык өнүктүрүү башкармалыгына санаториялык-курорттук мекемелерде дарылоо мөөнөтүн көрсөтүү менен курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемеси берген, толтурулган жолдомонун кайтарылма талонун тапшырууга милдеттүү | |||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөмө негизинде көрсөтүлөт. II же III топтогу майыптар жолдомонун наркынын тиешелүү түрдө 50 же 70 пайызын санаториялык-курорттук мекеменин кассасына төгөт. Коштоочу адам жолдомонун наркынын 50 пайызын санаториялык-курорттук мекеменин кассасына төгөт | |||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык толуктугу жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардан даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу | |||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет, атап айтканда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы "Суроо-жооп" бөлүмүндө берилген суроолорго жооптор берилет | |||

17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык бөлүнүштүн, ССМнин, СКДнин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык бөлүнүштөрдүн, ССМнин, СКДнин жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчүгө жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ССМнин, СКДнин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | |||

| 27. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||
| 1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Чектелген пенсия жөнүндө маалымат-Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеги) 3-главасы, 29-пункту | ||
| 2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган мамлекеттик орган (мындан ары -мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу орган). Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын региондук органдары (мындан ары - региондук башкармалыктар). Мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү региондук башкармалыктардын тизмеси, байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында жайгаштырылат | ||
| 3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жактар: - Кыргыз Республикасынын жарандары; - чет өлкөлүк жарандар - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган башка мамлекеттердин жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган, пенсионер болуп саналган жана Кыргыз Республикасында пенсия алган жарандыгы жок адамдар | ||
| 4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 363 «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтому менен бекитилген Жарандарды жекече эсепке алуу системасына каттоонун жана камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берүүнүн тартиби тууралуу нускама | ||
| 5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Пенсиянын эсептелген өлчөмү, камсыздандыруу стажынын эсепке алынган мезгилдери менен пенсия чектөө жөнүндө маалымат | ||
| 6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызматтар көрсөтүлөт: - санитардык-эпидемиялык ченемдерге жана өрткө каршы коопсуздук талаптарына жоом берген жайларда; - жарандардын санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана бөлмөлөрүнө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгүн камсыздоодо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармоочтор, жабдылган дааратканалар болгон учурда; - «жандуу кезек» принциби боюнча; - Калкты тейлөө борборлорунда; - www.socfond.kg сайтындагы Камсыздандырылган адамдын жеке кабинети аркылуу. Имарат күтүү үчүн орундар менен жабдылып, жылытуу, суу түтүгү, телефон байланышы менен камсыз кылынат. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлгөн жерлерде көрүнө жерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | ||
| 7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Суроо-талапты (арызды) кабыл алуунун чектүү убактысы - 5 мүнөткө чейин. Маалыматты тариздөө мөөнөтү - 1 жумуш күндүн ичинде. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө чектүү убакыт - 10 мүнөткө чейин | ||
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||
| 8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органга, региондук башкармалыктарга жеке кайрылганда; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында: www.socfond.kg; - жазуу жүзүндө маалымдоо аркылуу (жазуу жүзүндөгү cуроо-талапка жооп); -телефон аркылуу; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасында; - маалыматтык системалардын ортосундагы интеграция аркылуу (ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы, корголгон каналдар ж.б.); - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | ||
| 9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө өз убагында жаңыланган маалыматтарды берүү бардык кайрылган адамга акысыз негизде кепилденет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөрдө чагылдырылышы мүмкүн: - радио, теле көрсөтүү боюнча, маалыматтык сайттарда; - басылмаларда; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын сайтында (www.socfond.kg); - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу; - стенддерде, буклеттерде жана брошюраларда, мамлекеттик жана расмий тилдерде. Даректер, телефон номерлери мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын маалымат стенддеринде, расмий сайтында (www. socfond .kg) жайгаштырылат | ||
| Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||
| 10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органда мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин каалгаларында маалыматтык табличкалар жайгаштырылат. Калкты тейлөөнү жүзөгө ашырган бардык кызматкерлерде аты-жөнү жана кызматын көрсөтүү менен жекелештирилген таанытмасы (бейдждер) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сактайт: сылыктык, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтештирет. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдерди, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (көрүүсү жана угуусу боюнча жана таяныч-кыймыл системасынын бузулууларына ээ ДМЧА, улгайган жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана ыңгайлуу формаларда жүргүзүлөт | ||
| 11 | Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана тийиштүү мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн | ||
| 12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу бул кызмат көрсөтүүнү алууга мүмкүн болбогон учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээси мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органга, региондук башкармалыктарга кайрылышы керек. Арыз ээси ким экендигин ырастоочу документти көрсөтүүгө тийиш. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү башка адам тарабынан алынган учурда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн, арыз ээсинин атынан иш-аракет кылуу укугун ырастаган ишеним кат берилет. Кызмат көрсөтүүнү электрондук түрдө алуу үчүн жеке жак төмөнкүлөргө милдеттүү: - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында авторизациядан (идентификациядан) өтүүгө; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө суроо-талап кылууга. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясатты жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу орган «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан арыз ээси жөнүндө маалымат алууга укуктуу | ||
| 13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт | ||
| 14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - ушул стандартта билдирилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык толуктугу жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, б.а. жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жүрүшүндө зарыл документтерди толтурууда кызматкерлердин жардам көрсөтүүсү жана консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; -даттануулар жана сунуштар китебинин жеткиликтүү жерде болуусу | ||
| 15 | Электрондук түрдө мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Мамлекеттик кызмат электрондук форматта «суроо-жооп» режиминде portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу көрсөтүлөт. Алынган маалыматты басып чыгаруу мүмкүндүгү бар. Кызмат көрсөтүүнүн алуу үчүн арыз ээси төмөнкүлөргө милдеттүү: - portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында авторизациядан өтүү; - 2017-жылдын үлгүсүндөгү ID картаны пайдалануу менен мүмкүн болгон каттоосу же электрондук сапариптик кол тамгасы жок болсо - каттоодон өтүү; - тийиштүү кызматты табуу; - суроо-талапты түзүү үчүн «жөнөтүү» баскычын басуу керек; - киргизилген суроо-талап дароо иштелип чыгып, кызмат көрсөтүүчүнүн маалыматтык системасына жөнөтүлөт жана маалымат түрүндө маалыматтык документ берилет. Онлайн интерактивдүүлүктүн баскычы-5 (кызмат толугу менен автоматташтырылган жана арыз ээсинен анын маалымдарын жана дайындарын ырастаган документтерди берүү талап кылынбайт. Бул маалыматтар башка органдардын маалымат системаларынан электрондук арыз бергенде автоматтык түрдө түзүлөт) | ||
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби | ||||
| 16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер: - кызмат көрсөтүү үчүн кайрылган адамдын аны алууга укугунун же башка жактын атынан иш алып барууга ыйгарым укуктарынын жоктугу; - документтердин ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш эместиги (зарыл документтердин топтому толук берилбеген жана/же туура эмес толтурулган учурда каталарды оңдоо жана документтерди чогултуу үчүн убакыт берилет) | ||
| 17 | Датгануу тартиби | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер жаралганда алуучу белгиленген тартипте мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу. Ошондой эле мамлекеттик кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөсө, алуучу региондук башкармалыктын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну бир жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Жазуу жүзүндогү кайрылууну кароо жана алуучуга жооп жөнөтүү мөөнөтү ал катталган күндөи тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Региондук башкармалык кабыл алган даттануу боюнча чечим менен макул болбогон учурда алуучу жогору турган инстанцияга - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органга кайрадан даттанууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечим канааттандырбаган же сапатсыз берилген учурда алуучу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | ||
| 18 | Мамлекеттик кызмат керсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда кеминде бир жолку мезгилдүүлүк менен кайра каралат | ||
| 28. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||
| 1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Төлөнгөн пенсия жөнүндө маалымат-Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеги) 3-главасы, 30-пункту | ||
| 2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган мамлекеттик орган (мындан ары - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу орган). Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын региондук органдары (мындан ары - региондук башкармалыктар). Мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү региондук башкармалыктардын тизмеси, байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында жайгаштырылат | ||

| 4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ||
| 5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Айлар боюнча төлөнгөн пенсия жөнүндө маалымат | ||
| 6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызматтар көрсөтүлөт: - санитардык-эпидемиялык ченемдерге жана өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп берген жайларда; - жарандардын санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана бөлмөлөрүнө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгүн камсыздоодо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармоочтор, жабдылган дааратканалар болгон учурда; - «жандуу кезек» принциби боюнча; - Калкты тейлөө борборлорунда; - www.socfond.kg сайтындагы Камсыздандырылган адамдын жеке кабинети аркылуу. Имарат күтүү үчүн орундар менен жабдылып, жылытуу, суу түтүгү, телефон байланышы менен камсыз кылынат. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлгөн жерлерде көрүнө жерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон докуметтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | ||
| 7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Суроо-талапты (арызды) кабыл алуунун чектүү убактысы - 5 мүнөткө чейин. Маалыматты тариздөө мөөнөтү - 1 жумуш күндүн ичинде. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө чектүү убакыт- 10 мүнөткө чейин | ||

| 8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органга, региондук башкармалыктарга жеке кайрылганда; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында: www.socfond.kg; - жазуу жүзүндө маалымдоо аркылуу (жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жооп); - телефон аркылуу; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасында; - маалыматтык системалардын ортосундагы интеграция аркылуу (ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы, корголгон каналдар ж.б.); - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | ||
| 9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө өз убагында жаңыланган маалыматтарды берүү бардык кайрылган адамга акысыз негизде кепилденет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөрдө чагылдырылышы мүмкүн: - радио, теле көрсөтүү боюнча, маалыматтык сайттарда; - басылмаларда; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын сайтында (www.socfond.kg); - стенддерде, буклеттерде жана брошюраларда, мамлекеттик жана расмий тилдерде. Даректер, телефон номерлери мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын маалымат стенддеринде, расмий сайтында (www.socfond.kg) жайгаштырылат | ||

| 10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органда мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин каалгаларында маалыматтык табличкалар жайгаштырылат. Калкты тейлөөчү бардык кызматкерлерде аты-жөнү жана кызматын көрсөтүү менен жекелештирилген таанытмасы (бейдждер) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сактайт: сылыктык, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, припциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, аны позициясын түшүпүн, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтештирет. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдерди, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (көрүүсү жана угуусу боюнча жана таяныч-кыймыл системасынын бузулууларына ээ ДМЧА, улгайган жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана ыңгайлуу формаларда жүргүзүлөтн | ||

| 12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу бул кызмат көрсөтүүнү алууга мүмкүн болбогон учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн алуу үчүн арыз ээси мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органга кайрылышы керек. Арыз ээси ким экеидигин ырастоочу документти көрсөтүүгө тийиш. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү бапшка адам тарабынан алынган учурда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн, арыз ээсинин атынан иш-аракет кылуу укугун ырастаган ишеним кат берилет. Кызмат көрсөтүүнү электрондук түрдө алуу үчүн жеке жак төмөнкүлөргө милдетгүү: - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында авторизациядан (идентификациядан) өтүүгө; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө суроо-талап кылууга. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясатты жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу орган «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан арыз ээси жөнүндө маалымат алууга укуктуу | ||

| 14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - ушул стандартта билдирилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык толуктугу жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, б.а. жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - даттануулар жана сунуштар китебинин жеткиликтүү жерде болуусу | ||
| 15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Мамлекеттик кызмат электрондук форматта «суроо-жооп» режиминде portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу көрсөтүлөт. Алынган маалыматты басып чыгаруу мүмкүндүгү бар. Кызмат көрсөтүүнүн алуу үчүн арыз ээси төмөнкүлөргө милдеттүү: - portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында авторизациядан өтүүгө; - 2017-жылдын үлгүсүндөгү ID картаны пайдалануу менен мүмкүн болгон каттоосу же электрондук санариптик кол тамгасы жок болсо - катгоодон өтүүгө; - тийиштүү кызматты табууга; - суроо-талапты түзүү үчүн «жөнөтүү» баскычын басуу керек; - киргизилген суроо-талап дароо иштелип чыгып, кызмат көрсөтүүчүнүн маалыматтык системасына жөнөтүлөт жана маалымат түрүндө маалыматтык документ берилет. Онлайн интерактивдүүлүктүн баскычы -5 (кызмат толугу менен автоматташтырылган жана арыз ээсинен анын маалымдарын жана дайындарын ырастаган документтерди берүү талап кылынбайт. Бул маалыматтар башка органдардын маалымат системаларынан электрондук арыз бергенде автоматтык түрдө түзүлөт) | ||
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүден баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби | ||||
| 16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат корсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер: - кызмат көрсөтүү үчүн кайрылган адамдын аны алуу укугунун же башка жактын атынан иш алып барууга ыйгарым укутарынын жоктугу; - документтердин ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш эместиги (зарыл документтердин топтому толук берилбеген жана/же туура эмес толтурулган учурда каталарды оңдоо жана документтерди чогултуу үчүн убакыт берилет) | ||
| 17 | Даттануу тартиби | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер жаралганда алуучу белгиленген тартипте мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу. Ошондой эле мамлекеттик кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөсө, алуучу региондук башкармалыктын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну бир жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана алуучуга жооп жөнөтүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Региондук башкармалык кабыл алган даттануу боюнча чечим менен макул болбогон учурда алуучу жогору турган инстанцияга - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндо саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органга кайрадан даттанууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечим канааттандырбаган же сапатсыз берилген учурда алуучу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | ||
| 18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда кеминде бир жолку мезгилдүүлүк менен кайра каралат. | ||
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 29-майындагы № 288
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|