Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 18 токтомуна) |
2030-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасында кыймылдуу мүлккө талап укуктарын өнүктүрүү концепциясы
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-августундагы № 500 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо
Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасында кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо системасы өнүгүү процессинде турат.
2017-жылы кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндө укуктук жана институттук негиздерге реформа жүргүзүлгөн. Реформа төмөнкүлөргө багытталган:
1) күрөөлүк камсыздоо менен кредит берүүнү жана карыздарды кайра түзүмдөштүрүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө;
2) онлайн режиминде күрөөлүк камсыздоону каттоонун интерактивдүү системасын иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө;
3) мыйзамдардагы өзгөртүүлөр жөнүндө маалымдуулукту жана каттоонун интерактивдүү системасын пайдалануу боюнча мамлекеттик кызматчылардын жана кызыкдар жактардын потенциалын жогорулатууга.
Реформанын алкагында төмөнкүдөй натыйжалар жетишилген:
- кыймылдуу мүлккө талап укуктарын электрондук түрдө ыктыярдуу каттоону киргизүү менен кыймылдуу мүлккө күрөө жөнүндө келишимди милдеттүү мамлекеттик каттоо жокко чыгарылган;
- мүлккө башка катталбаган талап укуктарынын алдында бул кыймылдуу мүлккө катталган талап укугунун артыкчылык институту киргизилген;
- Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - КМТУБМР) түзүлгөн;
- кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо жол-жобосу жөнөкөйлөтүлгөн;
- финансы-кредиттик уюмдарга (мындан ары - ФКУ) жана башка жактарга КМТУБМРде кыймылдуу мүлккө талап укуктарын өз алдынча каттоого, күрөөгө коюлган мүлк тууралуу маалыматты издөөгө мүмкүнчүлүк берилген.
Ошону менен бирге, реформа жүргүзүлгөндөн кийин кыймылдуу мүлккө катталган талап укуктарынын саны олуттуу кыскаргандыгын белгилей кетүү зарыл. Катталган талап укуктарынын мурдагы саны жыл сайын көбөйгөн жана 2014-жылы каттоонун милдеттүүлүгүнүн натыйжасынан улам 56 миңге жеткен. Ушул көрсөткүч кыймылдуу мүлктү күрөөгө коюу менен кредит берүүнүн реалдуу абалын жана өнүгүү тенденциясын чагылдырат. Милдеттүү каттоо жокко чыгарылгандан кийин ушул көрсөткүч жылына 3000 катталган талап укуктарына чейин төмөндөгөн.
2-глава. Негизги проблемалар
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды, каттоо жол-жоболорун, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн сунуштарын талдоонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасында кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын системасын андан ары өнүктүрүүгө тоскоол болгон бир катар негизги проблемалар аныкталган:
- кыймылдуу мүлккө укуктук чектөө жөнүндө бирдиктүү мыйзамдын жоктугу жана кыймылдуу мүлккө талап укуктары чөйрөсүндөгү укуктук мамилелерди жөнгө салуучу ар кандай мыйзамдардын ченемдеринин карама-каршылыгы;
- кыймылдуу мүлк боюнча талап укуктарынын бардык түрлөрүн камтыбаган жана негизинен мүлктү күрөөгө коюу жөнүндө келишимдерден келип чыккан милдеттенмелерди каттоого багытталган КМТУБМРдин функциялык чектелүүлүгү;
- өндүрүп алуунун мөөнөттөрүн создуктурган жана кайрылуу наркын жогорулаткан өндүрүп алуунун начар механизмдеринен улам кредиторлордун өз укуктарын натыйжалуу коргоонун чектелген жөндөмдүүлүгү;
- кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын артыкчылык институтунун кемчилиги;
- КМТУБМРде кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоодо ФКУнун кызыгуусунун төмөндүгү.
Болгон проблемаларды чечүү үчүн мыйзамдарды, ошондой эле кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бүткүл системасын өркүндөтүү жана аны башка өлкөлөрдө узак убакыттан бери колдонулган заманбап талаптарга жана практикаларга ылайык келтирүү зарыл.
3-глава. Негизги максаттар жана багыттар
Концепциянын негизги максаты кыймылдуу мүлктү камсыздоо менен кредиттердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүүчү мыйзамдарга жана кыймылдуу мүлккө укуктук чектөөлөрдүн бардык түрлөрүн каттоонун заманбап маалыматтык системасына негизделген кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын системасын түзүү болуп саналат.
Концепциянын негизги артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын системасынын институттук механизмдерин өркүндөтүү;
2) кыймылдуу мүлккө талап укуктары чөйрөсүндө жөнгө салуунун мыйзамдык базасын өнүктүрүү;
3) укуктук мамилелердин катышуучуларынын жана кызыкдар тараптардын потенциалын жана маалымдуулугун жогорулатуу.
4-глава. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары
§ 4.1. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын системасынын институттук механизмдерин өркүндөтүү
Бул багыттын алкагында төмөнкү милдеттерге жетишүү зарыл:
1) кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо системасынын институттук механизмдерин өнүктүрүү;
2) КМТУБМРди модернизациялоо.
4.1.1- милдет. Каттоо системасынын институттук механизмдерин өнүктүрүү
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо системасынын институттук механизми төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) каттоочунун жана реестр кармоочунун функцияларын аткарган, кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укуктарын каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги);
2) системанын пайдалануучулары болуп саналган, кыймылдуу мүлккө талап укуктарын КМТУБМРде каттоо боюнча укуктарга ээ болгон ФКУ (күрөө кармоочулар).
Каттоо системасын модернизациялоонун жана өркүндөтүүнүн алкагында анын функциялуулугун кеңейтүү менен КМТУБМРди пайдалануучулардын санын көбөйтүү талап кылынат, бул анын натыйжалуу иштөөсүн камсыздоо үчүн каттоо системасынын институттук жана функциялык архитектурасында төмөнкүлөргө багытталган толугу менен өзгөртүүлөрдү талап кылат:
- транзакциялардын ар кандай түрлөрүн, мүлктүн түрлөрүн кошуу менен КМТУБМРди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүгө;
- кыймылдуу мүлккө (жеке, ошондой эле мамлекеттик) карата милдеттенмелердин башка түрлөрү боюнча ФКУ тарабынан да, субъекттер тарабынан да пайдалануучулардын максималдуу санын тартууга;
- каттоо системасынын жакшы иштешине жетишүүгө;
- каттоо жол-жоболорунун ыкчамдыгын жана ыңгайлуулугун камсыздоого.
Каттоо системасынын институттук бөлүгүн эки багыттын бири боюнча өнүктүрүү мүмкүн.
Биринчи вариантта кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укуктарын каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функцияларын каттоо үчүн бир кыйла кеңири инфраструктурага жана системанын туруктуу иштеши үчүн чоң технологиялык жана техникалык мүмкүнчүлүктөргө ээ мамлекеттик органга, мекемеге же мамлекеттик ишканага өткөрүп берүү. Системанын көзөмөлдөө жана жөнгө салуу функциялары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
Экинчи вариантта Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги КМТУБМРдин администратору (реестр кармоочусу) жана кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын системасын жөнгө салуучу катары чыгат. Мында каттоо функциясы тиешелүү түрдө борбордон ажыратылат жана КМТУБМРдин түздөн-түз пайдалануучулары болуп саналган ФКУга өткөрүлүп берилет.
Эки учурда тең КМТУБМРдин администраторунун (реестр кармоочусунун) функцияларын жүзөгө ашырган органга төмөнкүлөрдү камсыздоо жоопкерчилиги калат:
- КМТУБМРдин туруктуу, ишенимдүү жана натыйжалуу иштешин;
- КМТУБМРда камтылган маалыматтардын сакталышын;
- системанын жана маалыматтарды резервдик көчүрүүнүн коопсуздугу боюнча шарттарды.
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын системасын институттук кайра түзүүлөр "бир жерде укуктук чектөө" принцибине жетишүү максатында башка мамлекеттик органдардын электрондук маалымат базалары менен КМТУБМРди маалыматтык интеграциялоого багытталууга тийиш. Кыймылдуу мүлктү укуктук чектөө тууралуу маалыматтар кызыкдар адамдардын, мамлекеттик органдардын кыймылдуу мүлккө укуктук чектөө бар экендиги/алынгандыгы жөнүндө маалыматтарды алуусу үчүн бир эле убакта башка маалыматтык системаларда көрсөтүлүүгө тийиш.
Бул багыттагы биринчи кадам КМТУБМРде жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "ТК регистри" автоматташтырылган маалыматтык системасында автотранспорт каражаттарына карата кыймылдуу мүлккө укуктук чектөөнүн бар экендиги/алынгандыгы жөнүндө маалыматты синхрондоштуруу болууга тийиш.
Маалыматтык системаларды синхрондоштуруу/интеграциялоо кыймылдуу мүлккө укуктук чектөөнүн болушуна карата пайдалануучуларга жана калкка бир кыйла так жана толук маалымат берүүгө мүмкүндүк берет жана мындай маалыматты башка мамлекеттик органдардан алууга алардын финансылык жана убактылуу чыгымдарын азайтат.
4.1.2-милдет. Автоматташтырылган маалыматтык каттоо системасын модернизациялоо
КМТУБМР кыймылдуу мүлккө талап укуктары жөнүндө маалыматтын негизги булагы болуп саналат. Аны модернизациялоонун алкагында пайдалануучулар жана кыймылдуу мүлккө укуктук чектөөнүн бар экендиги жөнүндө маалымат алуу үчүн кайрылган адамдар үчүн ачык-айкындуулукка жана ыңгайлуулукка жетишүү зарыл.
КМТУБМРдин негизги функциялары:
1) үчүнчү тараптарга кыймылдуу мүлккө укуктук чектөөнүн болгондугу жөнүндө кабарлоо;
2) каттоо датасынын негизинде кыймылдуу мүлккө катталган талап укуктарынын артыкчылык статусун белгилөө.
КМТУБМРди модернизациялоо төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) идентификациялоого мүмкүн болгон кыймылдуу мүлктүн бардык түрлөрү боюнча укуктук чектөөлөрдүн бардык түрлөрүнүн (күрөөлөр, милдеттенмелердин башка түрлөрү) бирдиктүү реестрин түзүү;
2) кыймылдуу мүлккө укуктук чектөөлөрдү каттоонун кабарлоо мүнөзү (документтерди талап кылбастан). Күрөө кармоочу ага ылайык укуктук чектөөлөр салынган келишимдерди каттабастан укуктук чектөөнүн бар экендиги жөнүндө кабарламаны гана каттоого тийиш. Кабарлама белгилүү бир кыймылдуу мүлккө укуктук чектөөнүн бар экендиги жөнүндө үчүнчү тарапка маалымдоо үчүн жетиштүү болгон маалыматтардын минималдуу санын камтууга тийиш. Мында кабарлама эч кандай укуктарды жаратпайт, ал кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын болушу жөнүндө жарыя катары гана кызмат кылат (укуктук чектөө жөнүндө маалымдайт). КМТУБМРде кабарламанын төмөнкү түрлөрү жеткиликтүү болууга тийиш:
- укуктук чектөөнү каттоо жөнүндө;
- өзгөртүү жөнүндө (кабарламага өзгөртүүлөрдү киргизүү);
- укуктук чектөөгө каршы болуу жөнүндө;
- укуктук чектөөнү колдонууну токтотуу жөнүндө.
КМТУБМРде кабарламаны каттоо үчүн талаптардын (карызкорду жана кредиторду идентификациялоо, күрөөнү сыпаттоо) минималдуу санын ырастоочу документтерсиз камсыздоо зарыл;
3) КМТУБМР кыймылдуу мүлктү укуктук чектөө жөнүндө маалыматтарга кеңири жана тоскоолдуксуз жетүүнү, кыймылдуу мүлккө талап укуктарын тез каттоону, маалыматтарды издөөнү жана берүүнү камсыздоого тийиш.
§ 4.2. Кыймылдуу мүлккө талап укуктары чөйрөсүндө жөнгө салуунун мыйзамдык базасын өнүктүрүү
Бул багыттын алкагында төмөнкүдөй милдеттерге жетишүү зарыл:
1) кыймылдуу мүлк камсыздоо катары пайдаланылган, келишимдин формасына жана түрүнө карабастан бирдей укуктук статуска ээ болгон функциялык мамилени киргизүү;
2) камсыздоонун эсебинен өндүрүп алуу жөнүндө кредиторлордун талаптарын тездетип кароонун натыйжалуу механизмдерин киргизүү;
3) кредиторлордун артыкчылыктарынын кезектүүлүгүнүн балансталган системасын түзүү;
4) укуктук чектөөнү негизсиз (мыйзамсыз) каттоодон коргоону камсыздоочу адилеттүү системаны түзүү жана каттоонун маалыматтык системасы тарабынан кыймылдуу мүлктү укуктук чектөөлөр жөнүндө анык маалыматтарды берүү.
4.2.1-милдет. Функциялык мамилени киргизүү
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо системасындагы функциялык мамиле кыймылдуу мүлк камсыздоо катары пайдаланылган бүтүмдөрдүн алкагында укуктук чектөөлөрдүн бардык түрлөрүн (күрөө, камсыздоо катары карызды кайра өткөрүп берүү, лизинг, консигнация, финансылык ижара, менчик укугун кармап калуу менен сатуу, комиссия, мүлктү камакка алуу ж.б.) жөнгө салуунун бирдиктүү эрежелерин түзүүнү болжолдойт.
Функциялык мамиле кредиторлорго жана карызкорлорго укуктук мамилелерди бир кыйла ийкемдүү негизде курууга мүмкүнчүлүк берет. Укуктук чектөөнүн бир дагы түрү башкаларга караганда артыкчылыкка ээ болбоого тийиш, кредиторлордун ортосундагы артыкчылыктар "каттоодо биринчи - артыкчылыкта биринчи" деген жалпы эреже боюнча аныкталат.
Бул милдетти ишке ашыруу кыймылдуу мүлктү укуктук чектөөлөр жөнүндө мыйзамды иштеп чыгууну жана кабыл алууну же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылат. Ошондой эле кыймылдуу мүлк камсыздоо катары пайдаланылган бүтүмдөрдүн бирдиктүү системасын түзүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин жалпы жана өзгөчө бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.
4.2.2-милдет. Өндүрүп алууну камсыздоонун натыйжалуу механизмдерин киргизүү (өндүрүп алуу процессин жөнөкөйлөтүү жана тездетүү)
Өндүрүп алуу жол-жобосунун (сот өндүрүшү, мүлктү алып коюу жана аны сатуу) узактыгы коюлган талаптарды жоюуда конкреттүү келечексиз орточо бир жылдан ашык убакытты түзөт. Бул убакыттын ичинде камсыздоонун (кыймылдуу мүлктүн) наркы кыйла төмөндөйт, анткени ал карызкордун пайдалануусунда болот, ал өндүрүп алуу процессин атайын кечиктириши мүмкүн.
Буга байланыштуу төмөнкү максаттарда өндүрүп алуу жол-жобосунун негизги механизмдерин өркүндөтүү зарылдыгы келип чыгат:
1) өндүрүп алуунун соттон тышкары процессинин кыйла ийкемдүү жана жөнөкөйлөтүлгөн системасын түзүү;
2) өндүрүп алуунун соттук процессин жөнөкөйлөтүү жана тездетүү;
3) өндүрүп алуу жол-жоболорун жүргүзүүгө чейин жана жүргүзүү убагында кабарлоо мөөнөттөрүн кыскартуу;
4) күрөө кармоочулар тарабынан мүлктү экинчи жана кийинки кезектерде сатып алуу укугун кеңейтүү.
Өндүрүп алуунун соттук процессин тездетүү үчүн камсыздоонун эсебинен өндүрүп алуу үчүн талашсыз негиздер боюнча сот буйругун берүү жол-жобосун колдонуу сыяктуу механизмдерди киргизүү мүмкүн, төмөнкүлөр алар катары каралат: күрөө келишиминин болушу, кредит берүү, карызкор тарабынан кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбоо фактысы. Мында карызкор берилген сот буйругу менен макул болбогон учурда, анда даттануу укугу калат, бирок бул соттун буйругун аткарууну токтото турбоого тийиш.
Ошондой эле камсыздоонун эсебинен өндүрүп алууну камсыздоо максатында сот процессин тездетүүнүн башка укуктук механизмдерин киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо зарыл.
Камсыздоонун эсебинен соттон тышкары өндүрүп алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнү кредитордун карызкордун кыймылдуу мүлкүнө укуктарды төмөнкүлөрдүн негизинде соттон тышкары тартипте алуу механизмдерин киргизүү аркылуу жүзөгө ашырууга болот:
1) карызкордун макулдугу (жазуу жүзүндө) жөнүндө пункттарды камсыздоо жөнүндө макулдашуунун өзүндө милдеттүү түрдө чагылдыруунун;
2) милдеттенмелердин белгилүү бир түрлөрүндө карызкордун макулдугун талап кылбаган механизмдердин жана жол-жоболордун (мисалга алсак, дебитордук карыз милдеттенмелерди камсыздоонун предмети болгондо, өндүрүп алууну ишке ашырууну төлөмдөрдү кредиторго которуу аркылуу жүзөгө ашырууга болот ж.б.).
4.2.3-милдет. Кредиторлордун артыкчылыктарынын кезектүүлүгүнүи балансталган системасын түзүү
Кыргыз Республикасында кыймылдуу мүлк боюнча талап укуктарын каттоо системасында "каттоо боюнча биринчи - артыкчылык боюнча биринчи" эрежеси колдонулат. Бирок бул эреже күрөө жөнүндө келишимдердин негизинде келип чыккан кыймылдуу мүлккө талап укуктарына гана жайылтылат.
Артыкчылыктардын кезектүүлүгүнүн жалпы эрежесинен алып салуу каржылоого, кредиторлордун жана карызкорлордун кызыкчылыктарын коргоого карата балансталган мамилени камсыздоо үчүн зарыл. Артыкчылык системасын эл аралык практикага ылайык келтирүү керек. Бул үчүн, атап айтканда төмөнкүлөр үчүн алып салууну жөнгө салуу жана белгилөө зарыл:
- сатып алууларды каржылоо;
- камсыздоо предметинен түшүүлөр;
- кармап калуу укугу;
- кадимки чарбалык иштин алкагында мүлктү сатуу.
Сунушталган алып салуу, эгерде мурдагы күрөө кармоочулар карызкордун келечектеги активдерине карата кепилдик берсе, кийинки күрөө кармоочулардын укуктарын коргогон шартты түзөт. Артыкчылык эрежелеринен алып салуулардын жоктугу кийинки күрөө кармоочуларды ыңгайсыз абалга алып келет, анткени аларда карызкордун мүлкүн жакшыртуу (мисалы, күрөөгө коюлган техниканы оңдоо) аркылуу же болбосо кошумча мүлктү берүү (мисалы, сатып алынуучу жабдууларды күрөөгө коюу менен кредит берүү) жолу менен ага көмөк көрсөтүү үчүн стимулдар жок.
Мындан тышкары, мамлекеттик жана жеке күрөө кармоочулардын ортосундагы балансталган мамиле жөнүндө маселелерди чечүү зарыл. Мамлекеттик органдар салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздарды төлөө боюнча талаптарды коюу боюнча артыкчылыкты алуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү жазууну киргизүүгө тийиш. Мында мыйзамдарга ылайык мамлекеттик органдарга карызкордун бардык мүлкүнө талап укуктары берилиши мүмкүн (эгерде мамлекеттик орган башкача көрсөтпөсө).
Балансталган мамиле мамлекеттин жана бизнестин кызыкчылыктарын коргоону камсыздайт, анткени мамлекеттик органдар тарабынан белгиленген карызкордун кыймылдуу мүлкүнө мүмкүн болгон укуктук чектөөлөрдүн болушу жөнүндө маалымат ишкерлер жана инвесторлор үчүн мындай жактар менен бүтүмдөрдү түзүүдө жеткиликтүү болот. Бул механизм салыктардын жана башка милдеттүү төлөмдөрдүн аз чыгымдар менен чогултулушун көбөйтүүгө да мүмкүндүк берет.
§ 4.3. Кызыкдар тараптардын потенциалын жогорулатуу
Мыйзамдардын колдонуу чөйрөсүн, камсыздоо менен бүтүмдөрдүн ар кандай түрлөрүн, мүлктүн түрлөрүн кошуу менен КМТУБМРди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, пайдалануучулар үчүн КМТУБМРди жакшыртууга жана жөнөкөйлөтүүгө багытталган жаңы механизмдерди киргизүү кызыкдар тараптардын жана КМТУБМРдин пайдалануучуларынын маалымдуулугун жогорулатуу жана окутуу боюнча ишти жүргүзүүнү талап кылат.
Маалыматтык иш-чаралардын комплексин жүргүзүү төмөнкүлөр боюнча милдеттерди чечүүгө багытталууга тийиш:
1) кызыкдар тараптардын потенциалын жана маалымдуулугун жогорулатуу;
2) кызыкдар тараптарды интерактивдүү каттоо системасын колдонууга үйрөтүү.
4.3.1-милдет. Укуктук мамилелердин катышуучуларынын потенциалын жана маалымдуулугун жогорулатуу
Жогоруда көрсөтүлгөндөй, кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын системасын өнүктүрүү үчүн мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү, жаңы жөнгө салуучу механизмдерди киргизүү, ошондой эле КМТУБМРди модернизациялоо зарыл.
Бул ишке сунушталган жаңылыктардын максималдуу натыйжалуулугуна жетишүү жана алардын Кыргыз Республикасындагы экономикалык иштин шарттарына жана реалийлерине ыңгайлашуусун камсыздоо үчүн бардык кызыкдар тараптар активдүү катышуусу керек. Институттук жана укуктук өзгөртүүлөр киргизилген сайын кызыкдар тараптардын төмөнкүлөрдү түшүнүүсүн камсыздоо максатында алардын потенциалын жогорулатуу зарыл:
- талап укуктарынын, каттоо жол-жоболорунун жана өндүрүп алууну камсыздоонун жаңы системасынын артыкчылыктарын;
- мыйзамдардагы өзгөрүүлөрдү;
- пайдалануучулар үчүн КМТУБМРдин жаңы механизмдерин жана мүмкүнчүлүктөрүн.
4.3.2-милдет. Кызыкдар тараптарга каттоонун маалыматтык системасын колдонууну жана ченемдик жоболорду үйрөтүү
Бардык кызыкдар тараптардын (күрөө кармоочулардын, күрөө берүүчүлөрдүн, ишкерлердин ж.б.) КМТУБМР боюнча көндүмдөргө ээ болууга жана билимдерди алууга багытталган окутуу иш-чараларын (семинарлар, тренингдер) туруктуу негизде өткөрүүнү камсыздоо зарыл.
5-глава. Концепцияны ишке ашырууну координациялоо жана мониторинг жүргүзүү
Концепциянын максаттарына жана милдеттерине жетишүүдө Концепциянын иш-чараларын ишке ашырууну финансылык камсыздоо системасы маанилүү этап болуп саналат. Концепцияда каралган милдеттерди ишке ашырууга өбөлгө түзгөн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ресурстарын тартуу талап кылынат.
Мониторинг жүргүзүү системасынын негизги объекттери жана инструменттери Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан иштелип чыга турган жана бекитиле турган Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы болот, анткени Концепцияны ишке ашыруу ушул мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ошентип, мониторинг жүргүзүүнүн бул механизми Концепцияны аткаруунун натыйжалуу ыкмасын түзөт.
6-глава. Концепцияны ишке ашыруунун күтүлгөн натыйжалары
Концепцияны ишке ашыруунун күтүлгөн натыйжалары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) бардык ФКУ тарабынан колдонулуучу каттоонун жөнөкөй, ыңгайлуу жана функциялык маалыматтык системасын киргизүү;
2) камсыздоо предмети кыймылдуу мүлк болуп саналган жана күрөө кармоочулардын укуктарын натыйжалуу коргоочу бүтүмдөрдү түзүүгө дем берүүчү ченемдик укуктук базаны түзүү;
3) камсыздоо предмети кыймылдуу мүлк болуп саналган бүтүмдөрдүн катышуучуларынын финансылык жана убактылуу чыгымдарын азайтуу;
4) кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоонун натыйжалуу жана туруктуу институттук системасын түзүү;
5) камсыздоо предметин өндүрүп алууну камсыздоонун соттук жана соттон тышкары жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү;
6) КМТУБМРди пайдалануучулардын потенциалын, маалымдуулугунун деңгээлин жана ишенимин жогорулатуу.
Жалпысынан Концепцияны ишке ашыруу экономикалык мамилелердин катышуучуларынын ачыктыгын, маалымдуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыздоого, артыкчылыктын так эрежелерин белгилөөгө, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, кредиторлор үчүн тобокелдиктер төмөндөйт жана тиешелүү түрдө зайымчылар үчүн бир кыйла пайдалуу шарттарда кредит берүү келишимдери түзүлүшү мүмкүн.
Мыйзамдык реформаларды ишке ашыруу каржылоонун жаңы методдорун мисалы, дебитордук карыз менен кредит берүүгө
негизделген методдорун кеңири жайылтууга мүмкүндүк берет, алар Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө багытталышы мүмкүн болгон ресурстарды бошотууга өбөлгө түзөт.
Жалпысынан Концепциянын милдеттерин ишке ашыруу кумулятивдик социалдык жана экономикалык натыйжага ээ болот, ал кредит берүү чөйрөсүн жана чакан ишкердикти өнүктүрүү, инвестициялар чөйрөсүн кеңейтүү жана кыймылдуу мүлктүн негизги массивин экономикалык жүгүртүүгө тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
7-глава. Чакырыктарды жана тобокелдиктерди баалоо
Ушул Концепцияны аткаруу төмөнкүдөй ишке ашырылуучу тобокелдиктерге байланыштуу:
- жумушчу топтун ишин колдоо, улуттук деңгээлде кеңири дискуссияны уюштуруу, тышкы эксперттерди тартуу, КМТУБМРди модернизациялоо үчүн ресурстардын жетишсиздиги;
- кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын системасын реформалоонун зарылдыгын Концепцияны ишке ашырууга тартылган жактардын жана органдардын жетишсиз түшүнүүсү.
Аталган тобокелдиктерди башкаруу максатында Концепцияны ишке ашыруу процессинде төмөнкүлөр боюнча чаралар жүзөгө ашырылат:
- ар кандай максаттуу топтор менен кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү.