Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-августу № 407
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 18-августундагы № 65 жарыяланды
Премьер-министр | К.А.Боронов |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна киргизилүүчү өзгөртүүлөр
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- "Каттоо, маалымдама, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана жуп нускаларын берүү тармагында" деген III бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 86-глава менен толукталсын:
"
86. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүүнү шашылыш каттоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 4-главасынын 76-1-пункту |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Жарандык абалдын актылары жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздоочу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жана анын ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинде аймактык органдары (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрү) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | 16 жашка чыккан жеке адамдар жана алардын атынан мыйзамдуу өкүлдөр көрсөткөн 16 жашка чейинки курактагы жашы жете элек адамдар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси; "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү санитардык ченемдерге жооп берген жайларда жүргүзүлөт. Жайларда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалар), жылуулук, суу түтүктөрү, телефон менен жабдылган. Келүүчүлөрдүн, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын (мындан ары - ДМЧА) пандус, кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдуксуз кирүүсү камсыздалган. Калкты тейлөө борборлорунда керектөөчүлөр электрондук кезек боюнча, башка пункттарда кызмат көрсөтүүнү алуу - жандуу кезек күтүү принциби боюнча тейленет. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер консультация берүү үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу убактысы - 30 мүнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 4 иш күндөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү убактысы - 30 мүнөттөн ашык эмес |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу органдын сайтынан: grs.gov.kg; - электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынан: e.gov.kg; - мамлекетгик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук порталынан: portal.srs.kg; - керектөөчү (алардын расмий ыйгарым укуктуу өкүлдөрү) жеке кайрылган учурда ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнөн; - оозеки түрдө (жеке өзү байланышканда, ыйгарым укуктуу органдын Телефондук тейлөө борборунун (колл-борбору) 119 номери боюнча телефону аркылуу. Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат менен кызмат көрсөтүүнү алуу пункттарында жайгаштырылган маалымат такталарындагы буклеттерден жана брошюралардан таанышууга болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты (grs.gov.kg); - электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы: e.gov.kg; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук порталы: portal.srs.kg; - жеке кайрылуу жана МККнын колл-борборунун - 119 телефону боюнча байланышуу; - маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери, электрондук почтасынын даректери жана иштөө режими ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат: grs.gov.kg |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык такталар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдж) болот. Керектөөчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешүүчүнү уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар үчүн (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкү документтерди берүү керек: 1) он алты жашка чыккан адамдардын фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү каттоо үчүн: - ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ; - фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү жөнүндө арыз; - фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү каалаган адамдын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү; - эгерде арыз ээси никеде турса, никелешүү жөнүндө күбөлүк; - эгерде арыз ээси никеси бузулганына байланыштуу ага никеге чейинки фамилиясын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч менен кайрылса, никесин бузуу жөнүндө күбөлүк; - арыз ээсинин жашы жете элек ар бир баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү. 2) 16 жашка чыга элек, жашы жете элек балдардын фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүүнү каттоо үчүн: - фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү жөнүндө арыз; - баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү; - ата-энесинин паспортторунун көчүрмөлөрү; ата-энесинин никелешүү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү; - ата-энесинин никесин бузуу жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү; - эгерде бала 10 жаштан улуу болсо, анын макулдугу; - баланын аты-жөнүн башка ата-эненин аты-жөнүнө өзгөртүүгө ата-энесинин биринин макулдугу (никесин бузуу жана аталыгын аныктоо учурларында); - жашы жете элек баланын ата-энесин (алардын бирин) ата-энелик укуктарынан ажыратуу, аракетке жөндөмсүз, дайынсыз жок деп таануу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү. Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тартиби, ошондой эле бардык талап кылынуучу документтердин үлгүлөрү жана формалары кызмат көрсөтүү жеринде маалыматтык такталарда, ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына (grs.gov.kg) жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Мамлекеттик алым алынбайт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат. Төлөмдү банк мекемелеринде же Калкты тейлөө борборлорундагы терминалдарда, "Кыргыз Почтасы" МИ филиалдарында жүргүзүү зарыл |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат: - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүү болушу жана өз убагында аткарылышы; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча кызмат көрсөтүүнү алуучу адамдарды басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат электрондук форматта көрсөтүлбөйт. Керектөөчү portal.srs.kg мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталында онлайн түрүндө консультация ала алат. Онлайн интерактивдүүлүктүн стадиясы - 1 |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз | Ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбеген жана 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер жок болгон учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү кызмат көрсөткөн органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн кызмат көрсөтүүсү боюнча талаш маселелер келип чыккан учурда керектөөчү жогору турган ыйгарым укуктуу органга белгиленген тартипте кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн атынан даттануу анын мыйзамдуу өкүлү тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, юридикалык дарегин, телефон номерин, дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колун жана датаны камтышы керек. Даттануулар жана дооматтар "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте каралат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси чечимди сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралып турууга тийиш |
".
- "Маалымат берүү тармагында" деген V бөлүмүндө:
37-главасы күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 53-57-главалар менен толукталсын:
"
53. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жарандык абалдын актыларындагы жазууларга оңдоолорду, толуктоолорду шашылыш киргизүү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеги) 6-главасынын 56-1-пункту |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Жарандык абалдын актылары жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздоочу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жана анын ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинде аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрү) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Укуктары чектелбеген жеке адамдар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча оңдолгон жана өзгөртүлгөн документтер |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү санитардык ченемдерге жооп берген жайларда жүргүзүлөт. Жайларда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалар), жылуулук, суу түтүктөрү, телефон менен жабдылган. Келүүчүлөрдүн, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын (мындан ары - ДМЧА) пандус, кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдуксуз кирүүсү камсыздалган. Калкты тейлөө борборлорунда керектөөчүлөр электрондук кезек боюнча, башка пункттарда кызмат көрсөтүүнү алуу - жандуу кезек күтүү принциби боюнча тейленет. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер консультация берүү үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу убактысы - 30 мөөнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 14 иш күндөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү убактысы - 30 мүнөттөн ашык эмес |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: ыйгарым укуктуу органдын сайтынан: grs.gov.kg; - электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынан: e.gov.kg; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук порталынан: portal.srs.kg; - керектөөчү (алардын расмий ыйгарым укуктуу өкүлдөрү) жеке кайрылган учурда ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнөн; - оозеки түрдө (жеке өзү байланышканда, ыйгарым укуктуу органдын Телефондук тейлөө борборунун (колл-борбору) 119 номери боюнча телефону аркылуу. Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат менен кызмат көрсөтүүнү алуу пункттарында жайгаштырылган маалымат такталарындагы буклеттерден жана брошюралардан таанышууга болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты (grs.gov.kg); - электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы: e.gov.kg; мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук порталы: portal.srs.kg; - жеке кайрылуу жана МККнын колл-борборунун - 119 телефону боюнча байланышуу; - маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери, электрондук почтасынын даректери жана иштөө режими ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат: grs.gov.kg; |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык такталар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдж) болот. Керектөөчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешүүчүнү уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар үчүн (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүдөй документтерди берүү зарыл: - жарандык абалдын актыларындагы жазууларга оңдоолорду, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө арыз; - арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ; - жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк (киргизилүүчү өзгөртүүлөргө байланыштуу алмаштыруу үчүн). Улутун өзгөртүүгө байланыштуу жарандык абалдын актыларындагы жазууларга оңдоолорду киргизүү үчүн документтердин тизмеси: - арыз ээсинин жана анын ата-энесинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн жана туулгандыгын каттоо жөнүндө актынын жазуусунун көчүрмөсү; - арыз ээсинин жана анын ата-энесинин никелешүү тууралуу күбөлүгүнүн (эгерде катталган никеде турса) жана никесин каттоо жөнүндө актынын жазуусунун көчүрмөсү; - арыз ээсинин жана анын ата-энесинин никесин бузуу тууралуу күбөлүгүнүн жана никесин бузууну каттоо жөнүндө актынын жазуусунун көчүрмөсү; - паспорттук столдон арыз ээсинин (ата-энеси же алардын бири менен) улутун өзгөртүү жөнүндө маалым кат; - улутун өзгөрткөн ата-энесинин биринин паспортунун көчүрмөсү; - жашаган жеринен маалым кат; - өлгөндүгү (арыз ээсинин ата-энесинин же алардын биринин) жөнүндө күбөлүктүн жана өлгөнүн каттоо жөнүндө актынын жазуусунун көчүрмөсү. Кызмат көрсөтүүнү алуучу үчүн керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тартиби, ошондой эле бардык талап кылынуучу документтердин үлгүлөрү жана формалары кызмат көрсөтүү жеринде маалымат такталарына жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына (grs.gov.kg) жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турууга тийиш. |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Мамлекеттик алым алынбайт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат. Төлөмдү банк мекемелеринде же Калкты тейлөө борборлорундагы терминалдарда, "Кыргыз Почтасы" МИ филиалдарында жүргүзүү зарыл |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат: - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүү болушу жана өз убагында аткарылышы; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча кызмат көрсөтүүнү алуучу адамдарды басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат электрондук форматта көрсөтүлбөйт. Керектөөчү portal.srs.kg. мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталында онлайн түрүндө консультация ала алат. Онлайн интерактивдүүлүктүн стадиясы - 1 |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз | Ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбеген жана 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер жок болгон учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү кызмат көрсөткөн органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн кызмат көрсөтүүсү боюнча талаш маселелер келип чыккан учурда керектөөчү жогору турган ыйгарым укуктуу органга белгиленген тартипте кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн атынан даттануу анын мыйзамдуу өкүлү тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, юридикалык дарегин, телефон номерин, дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колун жана датаны камтышы керек. Даттануулар жана дооматтар "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте каралат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси чечимди сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралып турууга тийиш |
54. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жарандык, калкты каттоо, документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматтарды ырастоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеги) 6-главасынын 59-пункту |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Калкты каттоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздоочу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жана анын ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинен аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрү) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 304 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментин түзүү жөнүндө" токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтарды камтыган маалым кат (кат): - Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгы; - каттоолук эсеби; - Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору; - жарандык абалдын актыларынын жазуулары |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; Жарандардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын (мындан ары - ДМЧА) пандус, кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдуксуз кирүүсү камсыздалган. - жандуу кезек күтүү/электрондук кезек боюнча Жайларда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалар), жылуулук, суу түтүктөрү, телефон менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу убактысы - 10 мүнөттөн ашык эмес. Ырасталган маалыматтарды берүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн (анын ичинен электрондук форматта) жалпы мөөнөтү - 14 иш күнү; Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү убактысы - 10 мүнөттөн ашык эмес |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: ыйгарым укуктуу органдын сайтынан: grs.gov.kg; - электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынан: e.gov.kg; мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук порталынан: portal.srs.kg; - керектөөчү (алардын расмий ыйгарым укуктуу өкүлдөрү) жеке кайрылган учурда ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнөн; - оозеки түрдө (жеке өзү байланышканда, ыйгарым укуктуу органдын Телефондук тейлөө борборунун (колл-борбору) 119 номери боюнча телефону аркылуу. Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат менен кызмат көрсөтүүнү алуу пункттарында жайгаштырылган маалымат такталарындагы буклеттерден жана брошюралардан таанышууга болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты (grs.gov.kg;); - электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы: e.gov.kg; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук порталы: portal.srs.kg; - жеке кайрылуу жана МККнын колл-борборунун - 119 телефону боюнча байланышуу; - маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери, электрондук почтасынын даректери жана иштөө режими ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат: grs.gov.kg |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык такталар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдж) болот. Керектөөчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешүүчүнү уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар үчүн (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүдөй документтерди берүү зарыл: - жарандын зарыл болгон маалыматтар көрсөтүлгөн жеке арызы (жаран жок болгон учурда - нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат жана ишеним берилген адамдын паспортунун көчүрмөсү); - Кыргыз Республикасынын жаранынын же чет өлкөлүк жарандын паспорту; - документтин же маалыматтын болушу жөнүндө маалыматты шашылыш алуу үчүн төлөгөндүгү тууралуу квитанция. Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тартиби, ошондой эле бардык талап кылынуучу документтердин үлгүлөрү жана формалары кызмат көрсөтүү жеринде маалыматтык такталарда, ыйгарым укуктуу органдын (grs.gov.kg), анан ведомстволук бөлүмдөрүнүн расмий сайттарына жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турууга тийиш |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат: ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүү болушу жана өз убагында аткарылышы; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча кызмат көрсөтүүнү алуучу адамдарды басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат алуучу жеке кайрылганда көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын жарандарына электрондук форматта кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык картасы - паспорту болгондо e.gov.kg жана portal.srs.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталдарынын арыздарды кабыл алуу бөлүгүндө жүргүзүлөт. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн иш-аракеттердин тартиби: - электрондук арызды тариздөө үчүн авторлоштуруу зарыл; - электрондук арызды толтуруу. Электрондук түрдөгү арызды толтуруу үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту керек болот; - арызды сактоо. Арыз PDF форматындагы файлга чыгарылат, аны арыз ээсинин компьютерине сактоо зарыл; - жыйынтык. Арыз кабыл алынганы жөнүндө ырасталгандан кийин арыз ээсине аны ийгиликтүү бергендиги жөнүндө кабарлоо келет. Онлайн интерактивдүүлүк баскычы - 3. Веб-баракча өтүнмөнү электрондук формада толтуруу жана аны кагазга басып чыгарбастан, мамлекеттик орган тарабынан кароого кабыл алуу функционалдык мүмкүнчүлүгүнө ээ. |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз | Ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбеген жана 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер жок болгон учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү кызмат көрсөткөн органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн кызмат көрсөтүүсү боюнча талаш маселелер келип чыккан учурда керектөөчү жогору турган ыйгарым укуктуу органга белгиленген тартипте кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн атынан даттануу анын мыйзамдуу өкүлү тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, юридикалык дарегин, телефон номерин, дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колун жана датаны камтышы керек. Даттануулар жана дооматтар "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте каралат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси чечимди сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралып турууга тийиш |
55. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жарандык, калкты каттоо, документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматтарды шашылыш ырастоо Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеги) 6-главасынын 60-пункту |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Калкты каттоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздоочу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жана анын ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинен аймактык бөлүмдөрү (мындан ары -ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрү) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 304 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментин түзүү жөнүндө" токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтарды камтыган маалым кат (кат): - Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгы; - каттоолук эсеби; - Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору; - жарандык абалдын актыларынын жазуулары |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жандуу кезек күтүү/электрондук кезек боюнча. Жарандардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын (мындан ары - ДМЧА) пандус, кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдуксуз кирүүсү камсыздалган. Жайларда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалар), жылуулук, суу түтүктөрү, телефон менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу убактысы - 10 мүнөттөн ашык эмес. Төмөнкүлөрдүн болушу же жоктугу жөнүндө маалыматтарды ырастоолорду берүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү (анын ичинен электрондук форматта): - жарандыгы - 2 иш күндөн ашык эмес; - каттоолук эсеби - 2 сааттан ашык эмес; - Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору -2 сааттан ашык эмес; - жарандык абалдын актыларын каттоо - 3 иш күндөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү убактысы - 10 мүнөттөн ашык эмес |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу органдын сайтынан: grs.gov.kg; - электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынан: e.gov.kg; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук порталынан: portal.srs.kg; - керектөөчү (расмий ыйгарым укуктуу өкүлү) жеке кайрылган учурда ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнөн; - оозеки түрдө (жеке өзү байланышканда, ыйгарым укуктуу органдын Телефондук тейлөө борборунун (колл-борбору) 119 номери боюнча телефону аркылуу. Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат менен кызмат көрсөтүүнү алуу пункттарында жайгаштырылган маалымат такталарындагы буклеттерден жана брошюралардан таанышууга болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты (grs.gov.kg); - электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы: e.gov.kg; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук порталы: portal.srs.kg; - жеке кайрылуу жана МККнын колл-борборунун - 119 телефону боюнча байланышуу; - маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери, электрондук почтасынын даректери жана иштөө режими ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат: grs.gov.kg |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык такталар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдж) болот. Керектөөчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешүүчүнү уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар үчүн (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүдөй документтерди берүү зарыл: - жарандын зарыл болгон маалыматтар көрсөтүлгөн жеке арызы (жаран жок болгон учурда - нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат жана ишеним берилген адамдын паспортунун көчүрмөсү); - Кыргыз Республикасынын жаранынын же чет өлкөлүк жарандын паспорту; - документтин же маалыматтын болушу жөнүндө маалыматты шашылыш алуу үчүн төлөгөндүгү тууралуу квитанция. Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тартиби, ошондой эле бардык талап кылынуучу документтердин үлгүлөрү жана формалары кызмат көрсөтүү жеринде маалыматтык такталарда, ыйгарым укуктуу органдын (grs.gov.kg), анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн расмий сайттарына жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турууга тийиш |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Мамлекеттик алым алынбайт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат. Төлөмдү банк мекемелеринде же Калкты тейлөө борборлорундагы терминалдарда, "Кыргыз Почтасы" МИ филиалдарында жүргүзүү зарыл |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат: - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүү болушу жана өз убагында аткарылышы; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча кызмат көрсөтүүнү алуучу адамдарды басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат алуучу жеке кайрылганда көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын жарандарына электрондук форматта кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык картасы - паспорту болгондо e.gov.kg жана portal.srs.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталдарынын арыздарды кабыл алуу бөлүгүндө жүргүзүлөт. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн иш-аракеттердин тартиби: - электрондук арызды тариздөө үчүн авторлоштуруу зарыл; - электрондук арызды толтуруу. Электрондук түрдөгү арызды толтуруу үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту керек болот; - арызды сактоо. Арыз PDF форматындагы файлга генерацияланат, аны арыз ээсинин компьютерине сактоо зарыл; - акы төлөө. Мамлекеттик алымды жана кызмат көрсөтүүгө акы төлөө үчүн төмөнкүлөрдү колдонууга болот: "Элсом" электрондук капчыгын; "VISA", "MasterCard" төлөм карталарын; "Terem Pay" төлөм терминалын. Акы төлөнгөндөн кийин арыз ээсинин өздүк кабинетине кабарлоо келет. - жыйынтык. Акы төлөнгөндөн кийин электрондук арыз ыйгарым укуктуу органга түшөт жана адис арыздын туура толтурулганын текшерет. Арыз тастыкталгандан кийин арыз ийгиликтүү берилгендиги жөнүндө жаранга билдирүү келет. Арыз кабыл алынганы жөнүндө ырасталгандан кийин арыз ээсине аны ийгиликтүү бергендиги жөнүндө кабарлоо келет. Онлайн интерактивдүүлүк баскычы - 3. Веб-баракча өтүнмөнү электрондук формада толтуруу жана аны кагазга басып чыгарбастан, мамлекеттик орган тарабынан кароого кабыл алуу функционалдык мүмкүнчүлүгүнө ээ |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз | Ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбеген жана 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер жок болгон учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү кызмат көрсөткөн органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн кызмат көрсөтүүсү боюнча талаш маселелер келип чыккан учурда керектөөчү жогору турган ыйгарым укуктуу органга белгиленген тартипте кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн атынан даттануу анын мыйзамдуу өкүлү тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, юридикалык дарегин, телефон номерин, дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колун жана датаны камтышы керек. Даттануулар жана дооматтар "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте каралат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси чечимди сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралып турууга тийиш |
56. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Улуттук паспорттор жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөр менен жерине барып документтештирүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеги) 6-главасынын 61-пункту |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Жарандык абалдын актыларын каттоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздоочу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жана анын ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинен аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрү) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | - "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 304 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментин түзүү жөнүндө" токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | 2017-жылдын үлгүсүндөгү (ID-card) жана 2006-жылдын үлгүсүндөгү паспортторду алууга документтерди үйүнө (же арыз ээси турган башка дарек боюнча) барып тариздөө; - 2017-жылдын үлгүсүндөгү (ID-card) жана 2006-жылдын үлгүсүндөгү даярдалган паспортторду үйүнө (же арыз ээси турган башка дарек боюнча) барып берүү; - жарандык абалдын актыларын каттоого документтерди үйүнө (же арыз ээси турган башка дарек боюнча) барып кабыл алуу; - жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү үйүнө (же арыз ээси турган башка дарек боюнча) барып берүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шартта жүргүзүлөт: - арыз ээсинин турак жайында; - арыз ээсинин иштеген жеринде; - жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде, шектүү жана айыпталуучу катары камакка алынган жерлерде. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн ыйгарым укуктуу органдын сайтында: http://grs.gov.kg кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | - паспорт алууга документтерди үйүнө (же арыз ээси турган башка дарек боюнча) барып тариздөөгө убакыт - 1 сааттан ашык эмес; - даярдалган паспортту үйүнө (же арыз ээси турган башка дарек боюнча) барып берүүгө убакыт - 1 сааттан ашык эмес; Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү: 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту (ID-card) берүү - 12 иш күндөн ашык эмес; 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортту берүү - 18 иш күндөн ашык эмес; Шашылыш баскычында - 8, 4, 2 иш күндөн ашык эмес. Жарандык абалдын актыларын каттоого документтерди үйүнө (же арыз ээси турган башка дарек боюнча) барып кабыл алууга убакыт - 1 сааттан ашык эмес. Жарандык абалдын актылары чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөргө ылайык жарандык абалдын актыларын каттоонун жалпы мөөнөтү. Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү үйүнө (же арыз ээси турган башка дарек боюнча) барып берүүгө убакыт - 1 сааттан ашык эмес |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу органдын сайтынан: grs.gov.kg; - электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынан: e.gov.kg; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук порталынан: portal.srs.kg; - керектөөчү (расмий ыйгарым укуктуу өкүлү) жеке кайрылган учурда ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнөн; - оозеки түрдө (жеке өзү байланышканда, ыйгарым укуктуу органдын Телефондук тейлөө борборунун (колл-борбору) 119 номери боюнча телефону аркылуу; - ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн кызматкерлери арыз ээсинин үйүнө же ал турган жерге барганда. Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү же ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн кызматкерлери арыз ээсинин үйүнө же ал турган жерге барган күнү жүргүзүлөт. Маалымат менен кызмат көрсөткөн мекемелерде жайгаштырылган маалымат такталарындагы буклеттерден жана брошюралардан таанышууга болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты (grs.gov.kg); - электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы: e.gov.kg; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук порталы: portal.srs.kg; - жеке кайрылуу жана МККнын колл-борборунун - 119 телефону боюнча; маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери, электрондук почтасынын даректери жана иштөө режими ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат: grs.gov.kg; |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Келүүчүлөр менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкаларынын (бейджилеринин) болушу зарыл. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | 1. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги: - аймактык бөлүнүштүн жана/же КТБ кызматкери тарабынан таризделүүчү анкета-арыз; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн акы төлөнгөнүн ырастоочу квитанция (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым төлөшпөйт). Жогоруда аталган документтерге кошумча төмөнкүдөй документтер берилет: 1) 16 жашка чыкканда: - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо; - арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) же ата-энесинин биринин (экинчиси жок учурда) паспорттору же жалпы жарандык паспорту (болсо) - КБМРде маалымат болбогондо; - 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү жөнүндө өтүнүч - камкорчу/көзөмөлчү катары чыккан юридикалык жак үчүн; 2) адам өз убагында документтештирилбеген учурда (18 жашка чыкканда жана андан улуу куракта): - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо; - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароо тартиби жөнүндө жобого ылайык арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы жөнүндө корутунду же жалпы жарандык паспорту (болсо); 3) 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алмаштырууда: - алмаштырылууга тийиш паспорт; 4) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун алмаштырууда: а) паспорттун колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу же арыз ээсинин каалоосу боюнча: - алмаштырылууга тийиш паспорт; б) жеке маалыматтары өзгөргөнүнө же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунда катасы менен жазылган жазуулар аныкталганына байланыштуу: - алмаштырылууга тийиш паспорт; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же фамилиясын, атын, атасынын атын алмаштыруу тууралуу күбөлүк (аты-жөнүн алмаштырууда), никелешүү же никесин бузуу тууралуу күбөлүк (никелешүүдө, никесин бузууда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортко № 1 форма болбогон учурда; 5) 1974-жылдын үлгүсүндөгү Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун жаранынын паспортун алмаштырууда: - алмаштырылууга тийиш болгон 1974-жылдын үлгүсүндөгү Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун жаранынын паспорту; - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы тууралуу корутунду; 6) 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортторунун бузулганына байланыштуу кайрылууда: - алмаштырылууга тийиш бузулган паспорт. Арыз ээсинин ким экендигин жана паспорттун (2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун жана КБМРда маалыматтар болбогондо) реквизиттерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн кызматкери мурда берилген паспортко № 1 форманын негизинде бузулган паспортту берүү фактысын текшерет; 7) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жоголгонуна байланыштуу: - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалыматтар болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортко № 1 форма болбогон учурда; - арыз ээсинин жоголгон паспортунун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү жөнүндө арызы; КБМРда маалыматтар болбогондо, жогоруда аталган документтердин негизинде Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын жана 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун жоготуу жөнүндө дело түзүлөт. Жоголгон паспорттун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө арыз 5 иш күндүн ичинде каралат. Паспортту жоготуу жөнүндө делону түзүү жана жүргүзүү тартибин ыйгарым укуктуу орган аныктайт; 8) 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун жоголгонуна байланыштуу: - арыз ээсинин жоголгон паспортунун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү жөнүндө арызы; 9) Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга же калыбына келтирүүгө байланыштуу: - чет өлкөлүк паспорт. Мурда Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандыгы болгон арыз ээлеринин чет өлкөлүк паспорттору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык алынууга тийиш; - арыз ээсин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу же калыбына келтирүү жөнүндө маалым кат - КБМРда маалыматтар болбогондо; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортко № 1 форма болбогон учурда; - фамилиясын, атын, атасынын атын алмаштыруу тууралуу күбөлүк (аты-жөнүн алмаштырууда), никелешүү же никесин бузуу тууралуу күбөлүк (никелешүүдө, никесин бузууда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) - КБМРде маалымат болбогондо; 10) эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган учурда, эгерде арыз ээси мурда 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттору менен документтештирилбесе: - эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулганы жөнүндө маалым кат; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалыматтар болбогондо; - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы тууралуу корутунду. II. Жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги: - аймактык бөлүнүштүн жана/же КТБ кызматкери тарабынан таризделүүчү анкета-арыз; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жалпы жарандык паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн акы төлөнгөнүн ырастоочу квитанция (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым төлөшпөйт). Жогоруда аталган документтерге кошумча төмөнкүдөй документтер берилет: 1) 16 жашка чыга элек адам үчүн: - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо; - 16 жашка чыга элек адамдын ата-энеси же ата-энесинин бири (эгерде ата-энеси жалгыз болсо, ата-энесинин бирин ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими болгондо, ата-энесинин биринин өлгөндүгү тууралуу күбөлүк болгондо, ата-энесинин бири эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза өтөп жатканда, ата-энесинин бирин дайынсыз жоголду деп, аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун чечими болгондо, ата-энесинин бири издөөдө болгондо) же башка мыйзамдуу өкүлү толтурган жана кол койгон арыз, анда жалпы жарандык паспортту алуунун себеби көрсөтүлөт; - 16 жашка чыга элек адамдын ата-энесинин же ата-энесинин биринин (ушул пунктчанын үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн учурларда, аталган учурларды ырастоочу документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен) же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн паспорттору. Эгер арыз ээсинин ата-энесинин бири чет мамлекеттин жараны болсо, анын 16 жашка чыга элек адам үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу берилет; 16 жашка чыга элек адамдын ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн арыздары жок болгондо, Кыргыз Республикасынан сырткары өз алдынча чыгуу зарыл болгон учурда, 16 жашка чыга элек жаран үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө соттун чечими боюнча уруксат берилиши мүмкүн; 2) 16 жашка чыккан адам кайрылганда: - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдык үлгүсүндөгү паспорту (болсо) же туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРда маалыматтар болбогондо; 3) төмөнкүлөргө байланыштуу жалпы жарандык паспортун алмаштырып жаткан жаран кайрылганда: а) визалык белгилер үчүн барактары бүткөнүнө, колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу: - алмаштырылууга тийиш жалпы жарандык паспорт; б) жеке маалыматтары өзгөргөнүнө же жалпы жарандык паспортунда катасы менен жазылган жазуулар аныкталганына байланыштуу: - алмаштырылууга тийиш жалпы жарандык паспорт; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же фамилиясын, атын, атасынын атын алмаштыруу тууралуу күбөлүк (аты-жөнүн алмаштырууда), никелешүү же никесин бузуу тууралуу күбөлүк (никелешүүдө, никесин бузууда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалыматтар болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортко № 1 форма болбогон учурда; в) жалпы жарандык паспорт бузулган учурда: - алмаштырылууга тийиш бузулган жалпы жарандык паспорт; Арыз ээсинин ким экендигин жана жалпы жарандык паспорттун реквизиттерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда (КБМРда маалыматтар болбогондо) ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн кызматкери мурда берилген жалпы жарандык паспортко № 1 форманын негизинде бузулган жалпы жарандык паспортту берүү фактысы текшерет; 4) арыз ээсинин каалоосу боюнча же виза барактары бүткөнүнө байланыштуу экинчи жалпы жарандык паспортту алууда жана колдонуу мөөнөтү аяктаган же аяктап жаткан жалпы жарандык паспортто чет мамлекеттин жарактуу визасы болгондо: - жалпы жарандык паспорт; 5) жалпы жарандык паспорт жоголгондо: - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту - КБМРда маалыматтар болбогондо. КБМРда маалыматтар болбогон учурда жалпы жарандык паспортту жоготуу жөнүндө дело түзүлөт. Жоголгон жалпы жарандык паспорттун ордуна жаңы жалпы жарандык паспортту берүү жөнүндө арыз 5 иш күндүн ичинде каралат. Жалпы жарандык паспорттун жоголгондугу боюнча делону түзүү жана жүргүзүү тартибин ыйгарым укуктуу орган аныктайт. III. Туулгандыгын мамлекеттик каттоо үчүн төмөнкүдөй документтер берилет: 1) ата-энеси катталган никеде турган баланын туулгандыгын каттоодо берилүүчү документтердин тизмеги: - медициналык мекеменин же жеке иштеген врачтын баланын туулгандыгы тууралуу маалым каты; - ата-эненин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер; - никелешүү тууралуу күбөлүк; - арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ; 2) ата-энеси катталган никеде турбаган баланын туулгандыгын каттоодо берилүүчү документтердин тизмеги (аталыгын аныктоо) ушул стандарттардын III бөлүмүнүн 64-главасынын 12-пунктунда көрсөтүлгөн. 3) катталган никеде турбаган эненин (жалгыз бой эне) арызы боюнча баланын туулгандыгын каттоодо берилүүчү документтердин тизмеги: - медициналык мекеменин же жеке иштеген врачтын баланын туулгандыгы тууралуу маалым каты; - эненин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ; - арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ. 4) бир жашка толгон же андан ашкан курактагы баланын туулгандыгын каттоодо берилүүчү документтердин тизмеги: - төрөткөн медициналык мекеме тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалым кат, же болбосо медициналык мекемеден сырткары төрөгөн учурда тийиштүү саламаттык сактоо органы ыйгарым укук берген врач же башка медицина кызматкери тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалым кат; - ата-эненин никелешүү тууралуу күбөлүгү (эгер нике түзүлсө); - ата-энесинин (алардын биринин) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер; Туулгандыгы тууралуу белгиленген формадагы документ жок болгон учурда бир жашка толгон жана андан ашкан курактагы баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо анын туулгандыгынын фактысын аныктоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жүргүзүлөт. 5) табылган баланын туулгандыгын каттоодо берилүүчү документтердин тизмеги: - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн арызы/өтүнүч каты. Арыз/өтүнүч кат менен бирге төмөнкүлөр берилүүгө тийиш: - бала табылган убактысы, жери жана жагдайы көрсөтүлүү менен ички иштер органы тарабынан берилген баланын табылгандыгы жөнүндө акт (эгерде табылган бала жөнүндө арыз ички иштер органына түшсө); - табылган (ташталган) баланын жашын жана жынысын ырастаган медициналык уюм тарабынан берилген документ. 6) өлүү төрөлгөн же жашоосунун алгачкы жумасында чарчап калган баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо: - өлүү төрөлгөн баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо медициналык уюм же жекече иштеген врач тарабынан берилген баланын перинаталдык өлүмү тууралуу белгиленген формадагы документтин негизинде жүргүзүлөт. Баланын өлүү туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилбейт. Ата-энесинин (ата-энесинин биринин) өтүнүчү боюнча баланын өлүү туулгандыгын мамлекеттик каттоо фактысын тастыктаган документ берилет; 7) адам 18 жашка чыкканда же андан ашкан куракта кошумча төмөнкүдөй документтерди берүү зарыл: - паспорттук столдон кайрылган адам документтештирилбегенин ырастаган маалым кат; - кайрылган адамдын жашаган жери боюнча айыл өкмөтүнүн чарба китебинен көчүрмө. IV. Никелешүүнү каттоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги: - никеге туруп жаткан адамдардын биргелешкен арызы; никеге туруп жаткан адамдардын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер; - эгерде адам (адамдар) мурда никеде турган болсо, мурдагы никесинин токтотулгандыгын ырастоочу документ; - эгерде арыз ээлеринин бири жесир/жесил болсо, жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк; - эгерде арыз ээлеринин бири никелешүү курагына жете элек болсо (18 жаш), никелешүү курагын төмөндөтүү жөнүндө белгиленген формадагы документ; - бланктык продукцияга акы төлөгөндүгү жөнүндө квитанция. Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлүк жарандар менен никеге туруусун мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтерди берүүдө жүргүзүлөт: - эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ал жараны болуп саналган мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан берилген, белгиленген тартипте легалдаштырылган же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосун тиркөө менен апостиль болгондо, чет өлкөлүк жарандын никесинин жоктугу жөнүндө маалым каты; - нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосун тиркөө менен чет өлкөлүк жарандын паспорту. V. Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү каттоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги: 1) он алты жашка чыккан адамдардын фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү каттоо үчүн: - фамилиясын, атын жана агасынын атын өзгөртүү жөнүндө арыз; - фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү каалаган адамдын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү; - эгерде арыз ээси никеде турса, никелешүү жөнүндө күбөлүк; - эгерде арыз ээси никеси бузулганына байланыштуу ага никеге чейинки фамилиясын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч берсе, никесин бузуу жөнүндө күбөлүк; - арыз ээсинин жашы жете элек ар бир баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү. 2) 16 жашка чыга элек, жашы жете элек балдардын фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүүнү каттоо үчүн: - фамилиясын, атын, агасынын атын өзгөртүү жөнүндө арыз; - баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү; - ата-энесинин паспортторунун көчүрмөлөрү; - ата-энесинин никелешүү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү; - ата-энесинин никесин бузуу жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү; - эгерде бала 10 жаштан улуу болсо, анын макулдугу; - баланын аты-жөнүн башка ата-эненин аты-жөнүнө өзгөртүүгө ата-энесинин биринин макулдугу (никесин бузуу жана аталыгын аныктоо учурларында); - жашы жете элек баланын ата-энесин (алардын бирин) ата-энелик укуктарынан ажыратуу, аракетке жөндөмсүз, дайынсыз жок деп таануу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү. VI. Никесин бузууну каттоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги: - жашы жете элек жалпы балдары жана бири-бирине мүлктүк жана башка доолору жок жубайлардын никесин бузуу жөнүндө биргелешкен арызы; - жубайлардын бири тарабынан берилген никесин бузуу жөнүндө арыз жана жубайына карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими (өкүмү), эгерде ал сот тарабынан дайынсыз жок, аракетке жөндөмсүз деп таанылса же кылмышы жасаганы үчүн үч жылдан ашуун мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолсо; - никесин бузуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими; - жубайлардын (жубайлардын биринин) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтери - паспорттору; - өкүлүнүн ким экендигин күбөлөндүрүүчү документи (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча тариздөөдө). Жубайлар (жубайлардын ар бири) же аракетке жөндөмсүз жубайдын камкорчусу башка адамдарга никесин бузууну мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз берүүгө жазуу жүзүндө ыйгарым укук бере алышат. Мамлекеттик же жеке нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча никесин бузууга жол берилет, анын негизинде никесин бузуу жөнүндө актылык жазуу жүргүзүлөт. Жубайлардын биринин арызы боюнча никесин бузуу жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт, эгерде экинчи жубай: - сот тарабынан дайынсыз жок деп таанылса; - сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылса; - кылмыш жасагандыгы үчүн үч жылдан ашуун мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолсо. Кызмат көрсөтүүнү алуучу үчүн керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тартиби, ошондой эле бардык талап кылынуучу документтердин үлгүлөрү жана формалары кызмат көрсөтүү жеринде маалымат такталарына жана ыйгарым укуктуу органдын (grs.gov.kg), анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн расмий сайттарына жайгаштырылат жана оз убагында жаңыланып турууга тийиш |
13 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат. Акы төлөөнү коммерциялык банктардын кассаларында, Калкты тейлөө борборлорунда жайгашкан терминалдарда, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын филиалдарында же болбосо ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн кызматкерине түздөн-түз тийиштүү чек алуу менен жүргүзүү керек. Жарандын арызы боюнча 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө жарандардын төмөнкү категориялары үчүн арыз ээсинин жашаган (турган) жеринин дарегине акысыз баруу менен жүргүзүлүшү мүмкүн: 1) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери; 2) карылар үчүн интернат-үйлөрүндө жашаган адамдар; 3) I топтогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар; 4) жетим балдар, интернат мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү жана ата-энесинен камкордугусуз калган балдар; 5) жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткандар, ошол мекемелердин администрацияларынын өтүнүч катынын негизинде; 6) шектүү жана күнөөлүү катарында камакта кармоо жайларында кармалгандар, алардын жазык иштери өндүрүшүндө турган органдын өтүнүч катынын негизинде |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат: - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүү болушу жана өз убагында аткарылышы; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча кызмат көрсөтүүнү алуучу адамдарды басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Ушул кызмат көрсөтүүнү электрондук түрдө алуу каралган эмес. Кызмат көрсөтүүнү керектөөчү portal.srs.kg порталынан онлайн консультация ала алат. Онлайн интерактивдүүлүк баскычы - 1. Кызмат көрсөтүүнү жол-жобосун баштоо үчүн керектүү маалымат жалпыга жеткиликтүү www.gov.kg веб-барагында бар |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз | Ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбеген жана 12-пунктуна ылайык зарыл болгон документтер жок учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү кызмат көрсөткөн органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн кызмат көрсөтүүсү боюнча талаш маселелер келип чыккан учурда керектөөчү жогору турган ыйгарым укуктуу органга белгиленген тартипте кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн атынан даттануу анын мыйзамдуу өкүлү тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, юридикалык дарегин, телефон номерин, дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колун жана датаны камтышы керек. Даттануулар жана дооматтар "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте каралат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси чечимди сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралып турууга тийиш |
57. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө маалыматты банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга, нотариалдык контораларга жана жеке нотариустарга берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеги) 6-главасынын 62-пункту |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздоочу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жана анын ведомстволук ишканасы (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук ишканасы) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Коммерциялык банктар, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар, нотариалдык кеңселер, жеке нотариустар, ошондой эле мобилдүү уюлдук байланыш операторлору |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жобо; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри жөнүндө жобо; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 544-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук сервиси аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө маалыматты банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга, нотариалдык контораларга жана жеке нотариустарга берүү боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө буйругу |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө маалыматтар |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат төмөнкүлөр аркылуу көрсөтүлөт: ыйгарым укуктуу органдын веб-сервиси аркылуу онлайн режиминде корголгон байланыш каналдары боюнча, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Ошол эле учурда - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүдөн суроо-талап жиберилген учурда |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу органдын сайтынан: grs.gov.kg; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук порталынан: portal.srs.kg; - керектөөчү (расмий ыйгарым укуктуу өкүлү) жеке кайрылган учурда ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук ишканасынан; - оозеки түрдө (жеке өзү байланышканда, ыйгарым укуктуу органдын Телефондук тейлөө борборунун (колл-борбору) 119 номери боюнча телефону аркылуу; Маалымат менен кызмат көрсөткөн мекемелерде жайгаштырылган маалымат такталарындагы буклеттерден жана брошюралардан таанышууга болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты (grs.gov.kg); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук порталы: portal.srs.kg; - жеке кайрылуу жана МККнын колл-борборунун - 119 телефону боюнча; маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери, электрондук почтасынын даректери жана иштөө режими ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат: grs.gov.kg; |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык такталар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдж) болот. Керектөөчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, маселени маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешүүчүнү уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн алдында мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр менен тийиштүү макулдашуу түзүлөт, анын үлгүсүн ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук ишканасынан алууга болот. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук ишканасынын кызматкерлери тарабынан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тартиби түшүндүрүлөт, ошондой эле бардык талап кылынган документтердин үлгүлөрү жана формалары берилет |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат: - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүү болушу жана өз убагында аткарылышы; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча кызмат көрсөтүүнү алуучу адамдарды басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат электрондук форматта көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн иш-аракеттердин тартиби ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн. Онлайн интерактивдүүлүк баскычы - 5 Кызмат көрсөтүү толугу менен автоматташтырылган жана арыз ээсинен анын маалыматтарын ырастоо үчүн кандайдыр бир документтерди берүү талап кылынбайт. Бул маалыматтар электрондук арыз берилген учурда башка органдардын автоматташтырылган маалыматтык системаларынан автоматтык түрдө генерацияланат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз | Ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбеген жана 12-пунктуна ылайык зарыл болгон макулдашууну түзбөгөн учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат |