Загрузка документа…
1-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 66 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында жеке агрономиялык тажрыйбаны жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 688 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасында жеке агрономиялык тажрыйбаны жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасындагы агроөнөр жай комплекси системасында жеке агрономиялык тажрыйбаны жүзөгө ашыруу, Кыргыз Республикасынын аймагын карантиндик зыяндуу организмдердин кирип кетүүсүнөн жана жайылышынан коргоону, айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоону камсыздоо тартибин жөнгө салат.
2. Жеке агрономиялык тажрыйба менен алектенген адамдар "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө", "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алууга тийиш.
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
жеке агроном - агрономия чөйрөсүндө ар тараптуу билимге ээ, жогорку жана/же орто атайын билими бар айыл чарба жаатындагы адис;
жеке агрономиялык тажрыйба (мындан ары - жеке агрономия) - өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен жеке агрономдун ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык жарандардын, ишканалардын жана уюмдардын жеке каражаттарынын эсебинен агроөнөр жай комплекси системасынын мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерисиз карантиндик объекттерге эскертүү жана жайылтуу жана айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү ыкмалары боюнча өсүмдүктөр карантини чөйрөсүндө агрономиялык кызматтарды көрсөтүү боюнча иштин түрү.
4. Жеке агрономия менен агрономия чөйрөсүндө адистешкен жеке жана юридикалык жактар алектенүүгө укуктуу.
Жеке агрономия менен алектенүүгө уруксат алууга талапкер болгон юридикалык же жеке жак ушул Жобонун 5, 6-пункттарында көрсөтүлгөн арызды жана документтерди электрондук түрдө берүүгө укуктуу. Ушул Жобонун 5, 6-пункттарында көрсөтүлгөн арыз жана документтер электрондук түрдө берилген учурда, аларды арыз ээсинен кагаз түрүндө талап кылууга жол берилбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 688 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Жеке жактар үчүн жеке агрономияны жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
- жеке агрономия менен алектенүү укугуна уруксат берүүчү документтерди алууга арыз;
- жогорку жана/же орто атайын агрономиялык билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (өзүндө документтин түп нускасы болуу керек);
- паспорттун көчүрмөсү (өзүндө документтин түп нускасы болуу керек).
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 688 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Юридикалык жактар үчүн жеке агрономия тажрыйбасын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
- жеке агрономия менен алектенүү укугуна уруксат берүүчү документтерди алууга арыз;
- ишеним кат же юридикалык жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастаган башка документ. Эгерде юридикалык жактын өкүлү болуп анын жетекчиси чыкса, юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн аны шайлоо жөнүндө протокол же аны дайындоо жөнүндө буйрук берилет;
- мөөр менен күбөлөндүрүлгөн юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- агрономиялык билими бар адистин дипломунун көчүрмөсү (юридикалык жактын штатында агрономия чөйрөсүндөгү адистин штаттык бирдиги каралууга тийиш).
7. Ушул Жобонун 5 жана 6-пункттарында көрсөтүлгөн документтер белгиленген тартипте өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 5 жумуш күндүн ичинде төмөнкүдөй чечим кабыл алат:
- жеке агрономия менен алектенүүгө уруксат берүү жөнүндө;
- жеке агрономия менен алектенүүгө уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 688 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүдөй учурларда баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат:
- ушул Жобонун 5, 6-пункттарында көрсөтүлгөн документтер берилбесе;
- ушул Жобонун 5 жана 6-пункттарында көрсөтүлгөн документтерде анык эмес маалыматтар берилсе.
9. Жеке агрономия менен алектенүүгө уруксат берүүдөн баш тартылган учурда жеке жана юридикалык жактар өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимин административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык даттанууга укуктуу.
10. Жеке агрономдордун реестрине ушул Жобонун 5 жана 6-пункттарына ылайык келген жеке жана юридикалык жактар киргизилет. Жеке агрономдордун реестрин жүргүзүүнүн жана ага киргизүүнүн тартиби өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилет.
2-глава. Жеке агрономдордун укуктары жана милдеттери
11. Жеке агроном төмөнкүлөргө укуктуу:
- өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан жана анын аймактык башкармалыктарынан өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон методикалык, уюштуруучулук, консультациялык жардам алууга;
- лабораториялык экспертиза үчүн үлгүлөрдү тандап алуу менен айыл аймагынын тиешелүү аймагында иликтөө жүргүзүүгө;
- карантинге алынган объекттерди жана карантинге алынган продукцияны коргоочу тазалоону жүргүзүүгө;
- бекитилген участоктордо жүргүзүлүүчү чектөөчү жана карантиндик фитосанитардык иш-чараларды уюштурууга катышууга;
- айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча сунуштамаларды берүүгө, ошондой эле башка методикалык жана практикалык жардам көрсөтүүгө;
- карантиндик зыяндуу организмдерден коргоо боюнча консультацияларды өткөрүүгө жана сунуштамаларды берүүгө;
- өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан уюштурулган семинарларда, тегерек столдордо жана конференцияларда квалификациясын жогорулатууга.
12. Жеке агроном төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылып бекитилген иликтөө планына ылайык өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө отчетторду өз убагында берүүгө;
- өсүмдүктөрдүн илдеттеринин жана зыянкечтеринин очоктору табылгандыгы жөнүндө өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө ыкчам маалымдоого;
- лабораториялык экспертизалардын натыйжалары боюнча карантиндик жана карантиндик эмес зыяндуу организмдер табылган учурда жердин менчик ээсинин эсебинен заманбап коргоочу жана башка карантиндик иш-чараларды жүргүзүүгө;
- өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин чөйрөсүндө квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүүгө;
- өзүнүн кесиптик деңгээлин дайыма жогорулатууга;
- агрономиялык кызматтарды көрсөтүүгө жана көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө жарандарга жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө маалымдоого;
- бекитилген участоктордо ушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматты (мамлекеттик жана расмий тилдерде) жайгаштырууга;
- жарандардын арыздары боюнча бекитилген аймакта зыянкечтерге, илдеттерге жана отоо чөптөргө каршы фитосанитардык алдын алуу иш-чараларын өз убагында жүргүзүүнү камсыз кылууга;
- химиялык препараттарды колдонууда коопсуздук техникасынын сакталышын камсыз кылууга.
13. Жеке агроном тарабынан көрсөтүлүүчү агрономиялык кызматтар тууралуу маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде көрсөтүлүүгө жана милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- жеке агроном тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрү, дареги жана иштөө режими көрсөтүлгөн маалыматты;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган кызматтар көрсөтүлгөндүгү үчүн акы төлөөдө жеңилдетилген арзандатууга укугу бар жарандардын категорияларынын тизмегинде каралган жеңилдиктер жөнүндө маалыматтарды;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү кеңеши тарабынан бекитилген акы төлөнүп көрсөтүлүүчү агрономиялык кызматтарга баалардын прейскурантын.