Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-январы № 4
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- II "Социалдык чөйрөдө" деген бөлүмдүн 10-главасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 13-январындагы № 2(3451) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
| Тиркеме |
"
10. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Мамлекеттик программалардын, өкмөттөр аралык жана башка расмий макулдашуулардын алкагында иш издеген Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга көмөктөшүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 3-главасы, 4-1-пункту |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Миграция, анын ичинен иммигранттардын, этностук кыргыздардын жана качкындардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын алкагында адам сатуунун курмандыктарынын маселелери чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган (мындан ары - миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) Өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатка ылайык жүргүзгөн мамлекеттик орган (мындан ары - жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын 18 жаштан 60 жашка чейинки жарандары, ошондой эле иш берүүчүлөр |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтому; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 319 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жөнүндө жобо |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Эмгек контрактынын негизинде кошо изденүүчүнү чет өлкөдө ишке орноштуруу жана эмгек визасын ачуу (виза режими бар өлкөлөрдө) |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгүнүн, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн (мындан ары - ДМЧА) жабдылган пандустардын, кармагычтардын (имараттарда, жайларда) болушу; - кезек күтүү принциби боюнча. Жайда күтүү үчүн жерлер, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүндүгү жок учурда - сырттагы ажатканалар), жылытуу, суу түтүгү, телефон болууга тийиш. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар жайга көтөрүлүп чыга албаса, кызматкер арызын кабыл алуу үчүн төмөн түшөт. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык чыгуу алдындагы даярдыктын жеке жол-жоболору жана убактылуу мөөнөттөр белгиленген (документтерди кароо, тилдик жана кесиптик даярдоолор, чет тилин билүүгө тестирлөө, медициналык текшерүү, визалык колдоо). Жалпы баарына мөөнөттөр: эмгектик контрактка кол коюуга берилген убакыт - 15 күн. Адистер менен жеке аңгемелешүүдө алардын консультациясынын узактыгы 15 мүнөттөн кем эмес убакытты түзөт. Адистердин телефон аркылуу консультациясынын узактыгы 10 мүнөттөн кем эмес убакытты түзөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү 6 ай. Документтерди кабыл алууга жана тариздөөгө, кезек күтүүнү кошкондо - 30 мүнөт |
Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (зарыл маалыматтардын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган маалымдоо жөнүндө | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан (https://mlsp.gov.kg/); - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан (http://migrant.kg); - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан (http://portal.ttmduk.kg); - жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден; - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 237, Ош шаары, Ленин көчөсү 221 даректери боюнча кайрылган учурда; иштөө убактысы: дүйшөмбү - жума, 9:00дөн 18:00гө чейин, түшкү тыныгуу 12:30дан 13:30га чейин. Жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде төмөнкүдөй берилиши мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу, жеке байланышуу аркылуу). Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымат акысыз берилет |
9 | Мамлекеттик көрсөтүү маалыматты ыкмалары кызмат жөнүндө жайылтуу | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүдөй аркылуу жүзөгө ашырылат: - ЖМКда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында (https://mlsp.gov.kg/); - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында (http://migrant.kg); - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы такталарда, буклеттерде жана брошюраларда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасында; - тынымсыз байланыш боюнча - 1899 жана 1977 номерлери; - телефон аркылуу; - жарандарды жеке кабыл алууда; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (http://portal.tunduk.kg); - +996559189900 WhatsApp номери боюнча; - http://migrant.kg сайтындагы чат-ботто; - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын социалдык тармактардагы расмий баракчаларында (Facebook, Instagram). Даректери, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары менен биргеликте эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарында, сайттарында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принципиалдуу болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга жана анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди баалай жана аргументтештире билүү. Бардык кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдерди сактоону, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кызматтык нускама (функциялык милдеттер) сакталышы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар менен баарлашуу, ошондой эле аларга кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызматты алуу үчүн арыз ээси жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда анкетаны жеке өзү толтурат. Жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жумуш издөөчүнүн кайрылуусу боюнча ыйгарым укуктуу кызматкер (консультант): жумуш издөөчүгө кызмат көрсөтүү бөлүгүндө жана ишке орношуунун шарттары жөнүндө керектүү консультацияларды берет, кайрылган жарандарга жана иш берүүчүлөргө чет өлкөлөргө ишке орноштуруу менен байланышкан кызыккан маселелер боюнча маалымдайт; жумуш издөөчүгө жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы бош орундардын маалымат банкын кароо сунушталат. Ылайыктуу бош орун тандалып алынгандан кийин иш берүүчүгө анын талапкерлигин кароого жиберүү үчүн анкета толтурат. Белгиленген формадагы анкета жумушсуз жаран тарабынан колго (кабыл алып жаткан тараптын расмий тилинде) же migrant.kg порталында мамлекеттик кызмат көрсөтүү бөлүмүндө электрондук формада толтурулат. Жумуш издөөчүнүн анкетасын кароонун жыйынтыгы боюнча иш берүүчү аңгемелешүүнү (жеке, онлайн-аңгемелешүү) белгилейт. Иш берүүчү менен болгон аңгемелешүүдөн өткөн учурда ыйгарым укуктуу кызматкер иш берүүчү талап кылса же тандалып алынган бош орунга ишке орноштуруу үчүн милдеттүү шарт болуп саналса, тил билүүсү боюнча тесттен өтүүгө жиберет. Эгерде жумуш издөөчү чет тилдерин билбесе, ага каалаган тил үйрөтүү борборунан окуудан өтүү сунушталат. Иш издөөчү төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш: - толтурулган анкетаны (белгиленген формада); - паспорттун көчүрмөсүн (ID-карта, жалпы жарандык паспорт); - 4 даана сүрөттү (3,5х4,5); - соттуулугунун жоктугу тууралуу маалымкат; - медициналык кароо жөнүндө маалымкатты (белгиленген формада); - квалификациясын ырастоочу документтер (квалификациялуу жумушчулар үчүн): диплом, сертификат, эмгек китепчеси. Иш берүүчү төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш: - персоналды тандап алууга өтүнмөнү; - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү; - уставдын көчүрмөсүн; - салык төлөөчүнү каттоонун көчүрмөсүн; - квотанын бар экендиги жөнүндө ырастама-маалымкатты |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргызстандын жарандары ишке орношо ала турган өлкөлөр менен Кыргыз Республикасы түзгөн макулдашууларга ылайык аныкталат жана монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат. Кызмат көрсөтүүнүн наркы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарында, сайттарында баалардын прейскурантында мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге чагылдырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында көрсөтүлүшү; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ишенимдери, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайларынын белгилери боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандарт менен белгиленген талаптарга ылайык келүүсү: имаратка кире алуу, коммуналдык-тиричиликтик ыйгайлуулуктун, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, мамлекеттик колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүк (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө дал келиши |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат электрондук форматта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекетгик электрондук порталы (http://portal.tunduk.kg) аркылуу көрсөтүлөт. Эскертүү: кызмат көрсөтүүнү алууга жумуш издөөчүнүн электрондук анкетасын жөнөтүү үчүн арыз ээси Кыргыз Республикасынын жаранынын электрондук санарип колтамгасы аркылуу Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын бирдиктүү идентификациялоо тутуму аркылуу тутумга кирүүсү зарыл. Электрондук форматта кызмат "суроо-жооп" режиминде Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: portal.tunduk.kg аркылуу көрсөтүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл: migrant.kg сайтына кирүү. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын бирдиктүү идентификациялоо тутуму аркылуу Кыргыз Республикасынын жаранынын электрондук санарип колтамгасы аркылуу жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АМС тутумуна кирүү. 2017-жылдын үлгүсүндөгү ID-картаны же булуттагы электрондук кол тамганы колдонуу менен мүмкүн болгон каттоо жок болгон учурда каттоодон өтүү. Тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү тандоо. Суроо-талапты түзүү үчүн ИСНдин маалыматтарын, колдонуучунун паспортунун сериясын жана номерин киргизүү, "издөө" баскычын басуу керек. Киргизилген суроо-талап автоматтык түрдө иштелип чыгат, мамлекеттик кызмат көрсөтүүчүнүн маалыматтык тутумуна жөнөтүлөт жана маалыматтык документ түзүлөт. Онлайн интерактивдүүлүк баскычы - 5 (мамлекеттик кызмат көрсөтүү толугу менен автоматташтырылган жана жумуш издөөчүдөн анын маалыматтарын ырастаган кандайдыр бир документтерди көрсөтүү талап кылынбайт. Бул маалыматтар башка органдардын маалыматтык тутумдарынан жумуш издөөчүнүн электрондук анкетасын тапшырганда автоматтык түрдө генерацияланат). Жумуш издөөчүнүн толтурулган анкетасын басып чыгаруу мүмкүндүгү бар |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу төмөнкүдөй учурларда каралышы мүмкүн: - эгерде арыз берүүчүнүн статусу ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарына ылайык келбесе; - соттуулугу жоюлбаган, издөөдө жүргөн адамдарга; - ишке орношуу үчүн талап кылынган документтердин толук топтомун бербеген адамдарга |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда арыз ээси белгиленген тартипте жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине кайрылууга укуктуу Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасын жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсинин жоопту алуу мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда же сапатсыз көрсөтүлгөн учурда арыз ээси жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен үзгүлтүксүз каралып турууга тийиш |
".