ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 783 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 94»2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бизнести өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө«токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция24.12.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 24-декабры № 783

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 22-февралындагы № 94 "2026-жылга чейин Кыргыз

Республикасынын бизнести өнүктүрүү программасын бекитүү

жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин милдеттенмелерин актуалдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 94 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бизнести өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бизнести өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планында:

- 6.1.4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 100 (3655) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев