Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 726, 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан ишке ашыруу тартибин аныктайт.
2. Ушул Жобо "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентине (мындан ары - Регламент) негизделет.
2. Өткөрүп берүү тартиби
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу укугуна Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тиешелүү чөйрөлөр боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары ээ.
4. Өткөрүлүп берилген ыйгарым укук Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтому күчүнө кирген күндөн тартып колдонулат жана ченем жаратуу ыйгарым укуктары берилген мамлекеттик органдардын буйруктары же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын чечимдери менен ишке ашырылат.
5. Министрлер Кабинети өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын кабыл алынган ченемдик укуктук актыларын жокко чыгаруу, күчүн жоготту деп таануу же колдонулушун токтото туруу жөнүндө чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
6. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары аларга өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук актыны жокко чыгаруу, күчүн жоготту деп таануу же колдонулушун токтото туруу жөнүндө өз алдынча чечим кабыл алууга укуктуу.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын талаптагыдай ишке ашырылышына мониторинг жана контролдоо жүргүзөт.
Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан өткөрүп берилген ыйгарым укукту ишке ашырууга тиешелүү болгон укук бузууларга жол берилген учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы аларды жоюу боюнча жазма буйрук берет.
8. Өткөрүп берилген ыйгарым укуктарды сапаттуу жана талаптагыдай жүзөгө ашыруу, анын ичинде "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Регламентте белгиленген ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик ченем жаратуу ыйгарым укугу өткөрүп берилген мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчисине жүктөлөт.
Ченем жаратуу ыйгарым укуктары өткөрүп берилген мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары бул ченем жаратуу ыйгарым укугун башка органга өткөрүп берүүгө укуктуу эмес.
9. Өткөрүп берилүүчү ченем жаратуу ыйгарым укугу төмөнкүдөй негиздер боюнча колдонулушун токтотот:
- тиешелүү ыйгарым укуктар өткөрүп берилген мөөнөттүн аякташы;
- Министрлер Кабинети тарабынан тиешелүү ыйгарым укуктар өткөрүп берилген ченемдик укуктук актыны жокко чыгаруу, күчүн жоготту деп таануу жөнүндө чечимди кабыл алуу;
- тиешелүү ыйгарым укуктар өткөрүп берилген ченемдик укуктук актыны конституциялык эмес же жараксыз деп таануу.
Өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын колдонуу Министрлер Кабинети тарабынан тиешелүү ыйгарым укуктар өткөрүп берилген ченемдик укуктук актынын колдонулушун токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алынганда токтотулушу мүмкүн.
3. Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын алкагында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана макулдашуу тартиби
10. Өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан демилгеленген ченемдик укуктук актынын долбоорунда ага белгиленген ченемдик укуктук актыны кабыл алуу укугу өткөрүп берилген Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актысы көрсөтүлөт.
11. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Регламентте жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 "Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускамада каралган талаптарды сактоо менен иштелип чыгат.
12. Жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын түздөн-түз козгогон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталынын (мындан ары - Бирдиктүү портал) сайтында, ошондой эле ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыккан мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын веб-сайтында милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.
Мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлору өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын алкагында аларды иштеп чыккан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын веб-сайтында же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн веб-сайтында милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 726 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Министрлер Кабинети тарабынан өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору жыйналыш өткөрбөстөн жазуу жүзүндө сурамжылоо аркылуу кабыл алынуучу Министрлер Кабинетинин токтомдорунун долбоорлору үчүн Регламентте каралган тартипте жана мөөнөттө макулдашылат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун макулдашууда Министрлер Кабинетинин тогуздан кем эмес мүчөсүн сурамжылоону камсыздоо талап кылынбайт.
Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартын бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун макулдашуу жол-жобосу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын ички регламентине ылайык жүргүзүлөт.
Мамлекеттик органдар жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка аткаруу органдары менен мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды көрсөтүү процессинде ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү болгон учурда стандарттарды бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлору аталган мамлекеттик органдар жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен макулдашылууга тийиш.
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, алардын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан берилүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлору төмөнкүлөр менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш:
- кызмат көрсөтүүлөрдү же айрым жол-жоболорду электрондук (санариптик) форматка которуунун максатка ылайыктуулугу жана мүмкүндүгү боюнча маалыматташтыруу, электрондук башкаруу, электрондук өкмөт жана электрондук кызмат көрсөтүүлөр жаатында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырган жана тармактар аралык координациялоону жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги.
Министрлер Кабинети тарабынан өткөрүлүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыгуучу, мамлекеттик органдарда жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарында коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 726, 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
14. Макулдашуунун жыйынтыгы боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорунун демилгечиси келип түшкөн сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен долбоорду толуктап иштеп чыгууга же аларды эске албоого, же долбоорду андан ары илгерилетүүнү токтото турууга укуктуу. Ченемдик укуктук актынын долбоорлору боюнча эске алынган жана эске алынбаган сын пикирлер жана сунуштар жөнүндө маалымат жана аларды эске албоо себептеринин негиздемеси долбоордун негиздеме-маалымкатында чагылдырылат.
Ченемдик укуктук актынын долбоорунун акыркы редакциясы, анын колдонуудагы мыйзамдарга шайкештиги үчүн жоопкерчиликти долбоорду иштеп чыккан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси тартат.
4. Ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу
15. Ченемдик укуктук актынын долбоору биротоло жеткире иштелип чыккандан кийин ченем чыгаруу ыйгарым укуктары өткөрүп берилген мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы ченемдик укуктук актыны кабыл алат.
16. Өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук акт аны кабыл алган мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан катталууга тийиш.
Ченемдик укуктук актыларды каттоо ченемдик укуктук актыларды кагаз же электрондук түрдө каттоо жөнүндө журналга жана электрондук маалыматтар базасына, анын ичинде тиешелүү ыйгарым укук берилген ченемдик укуктук актынын түрүн жана аталышын, анын кабыл алынган датасын жана каттоо номерин көрсөтүү менен ченемдик укуктук акт кабыл алынган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде жазуу киргизүү аркылуу ишке ашырылат.
Өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды каттоо үчүн кагаз же электрондук түрдө журнал ачылат, ал мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын ведомстволук актыларын каттоо журналдарынан өзүнчө толтурулат.
Өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук акт жокко чыгарылган, күчүн жоготту деп таанылган же колдонулушу токтотулган учурда ченем жаратуу ыйгарым укугу өткөрүп берилген мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы ченемдик укуктук актыны жокко чыгаруу, күчүн жоготту деп таануу же колдонулушун токтото туруу жөнүндө чечим күчүнө кирген күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды каттоо жөнүндө журналга тиешелүү маалыматтарды киргизет.
17. Өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктардын алкагында мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна ылайык милдеттүү түрдө расмий жарыяланууга тийиш.
18. Өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктардын алкагында мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары кабыл алган ченемдик укуктук актылар Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилүүгө тийиш.
Өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында ченемдик укуктук актыны кабыл алган мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ченемдик укуктук актынын эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аны жарыялоонун булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберет.
19. Өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын көчүрмөлөрү алар күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберилет.
5. Корутунду жоболор
20. Эгерде жокко чыгаруу же күчүн жоготту деп таануу жөнүндө актыда башкача каралбаса, өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине ченем жаратуу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын колдонулушу токтотулганда өзүнүн колдонулушун токтотот.
21. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүлүп берилген чөйрөлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү актыларын өз алдынча кабыл алуу укугун жокко чыгарбайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларынын колдонулушун токтотуу үчүн негиз болуп саналбайт.