Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 166 токтомуна) |
Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган каражаттарды пайдалануу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-майындагы № 271, 2023-жылдын 14-августундагы № 403 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 159 (КПҮ) токтому менен бекитилген Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын (мындан ары - Программа) өз убагында жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн 500000000 (беш жүз миллион) сом өлчөмүндө республикалык бюджетте каралган каражаттарды пайдалануу жол-жоболорун жөнгө салат.
2. Ушул Тартипке ылайык республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 154 тескемеси менен түзүлгөн Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин чечими менен жактырылган инфраструктуралык жана экономикалык долбоорлорду (мындан ары - долбоор) ишке ашыруу үчүн пайдаланылат.
3. Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңеш Баткен облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Баткен облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттер тарабынан сунушталган долбоорлорду карайт.
2-глава. Терминдер жана аныктамалар
4. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) өтүнмө - жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ишкердик субъект тарабынан Программаны ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен долбоорду каржылоого Тартиптин 1-тиркемесине ылайык өтүнмөнүн типтүү формасы боюнча даярдалган долбоордун баяндалышы;
2) өтүнмө ээси - долбоорлорду тандоого катышуу үчүн өтүнмө берген жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ишкердик субъект;
3) инфраструктуралык долбоор - бул социалдык-экономикалык максатка ылайыктуулугун, капиталдык чыгымдарды ишке ашыруу мөөнөттөрүн жана көлөмүн негиздөө менен өндүрүштүк, социалдык, транспорттук, инженердик системалардын, туристтик тейлөө чөйрөсүнүн иштешин камсыз кылуучу инфраструктуралык объектти түзүүгө же жакшыртууга багытталган милдеттердин, иш-аракеттердин жана иш-чаралардын тизмеги;
4) экономикалык долбоор - киреше алуу максатында жаңы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү же иштеп жаткан өндүрүштөрдү реконструкциялоо же модернизациялоо үчүн ишкердик субъекттер тарабынан тикелей инвестициялоонун экономикалык максатка ылайыктуулугун, көлөмүн жана мөөнөттөрүн толук сыпаттоо жана негиздөө менен бизнес-долбоор;
5) ишкер субъект - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Баткен облусунда каттоодон өткөн жана уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан өзүнүн мүлктүк жоопкерчилиги астында киреше алуу максатында мыйзамда тыюу салынбаган ишти жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жак.
3-глава. Каражаттарды пайдалануунун артыкчылыктуу багыттары
5. Инфраструктуралык жана экономикалык долбоорлорго каражаттарды бөлүштүрүүнүн пропорционалдуулугу Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңеш тарабынан аныкталат.
6. Бөлүнүүчү каражаттар төмөнкү багыттар боюнча долбоорлорго бөлүштүрүлөт:
1) инфраструктураны, анын ичинде туризмдин, билим берүүнүн, саламаттык сактоонун, калкты социалдык коргоонун инфраструктурасын өнүктүрүү;
2) экономикалык долбоорлор.
7. Инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо багыттары:
1) саламаттык сактоо, билим берүү жана калкты социалдык коргоо объекттери;
2) транспорт жана жол;
3) чакан жана орто ГЭСтерди куруу;
4) байланыш, коммуникациялар жана маалыматтык технологиялар;
5) турак жай куруу жана чек ара жана аскердик инфраструктураны чыңдоо максатында жер участокторун, турак үйлөрдү (турак жай фондун) сатып алууга, ижарага алынган турак жайга, курулуш объекттерине компенсацияларды төлөө (сатып салуу);
6) туризм чөйрөсүнүн инфраструктурасы.
7) 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусунда болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыркаган калктуу конуштардын инфраструктурасын калыбына келтирүү (турак үйлөрдү тосуу).
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-майындагы № 271, 2023-жылдын 14-августундагы № 403 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Экономикалык долбоорлорду каржылоо багыттары:
1) айыл чарба продукциясын кайра иштетүү;
2) айыл чарба товарларын өндүрүү;
3) текстиль өндүрүшү;
4) тамак-аш өндүрүшү;
5) куроо өндүрүшү;
6) ар кандай экспортко багытталган өндүрүш;
7) иштетүүчү өнөр жай;
8) кен казуучу жана металлургия өнөр жайы;
9) соода тармагы.
4-глава. Долбоорлорду алдын ала тандоо
9. Республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен каржылоо үчүн келип түшкөн өтүнмөлөр боюнча долбоорлорду тандоо Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин жумушчу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 154 тескемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты саналат.
10. Республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен долбоорлорду каржылоо максатында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына төмөнкүлөрдү тапшырышат:
1) ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча долбоорлорду каржылоого өтүнмөнү;
2) ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча каржылоону кароо үчүн зарыл болгон документтерди.
11. Ишкердик субъекттердин өтүнмөлөрү зарыл болгон документтери менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) тарабынан ушул Тартиптин 3 жана 4-тиркемелерине ылайык критерийлерге шайкештигин баалоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына берилет.
12. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) ушул жылдын 1-июлунан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына пландалган жылга карата тандоо критерийлерине шайкеш келген өтүнмөлөрдү жана ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык талап кылынган документтерди беришет.
13. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты келип түшкөн өтүнмөлөрдүн жана документтердин тандоо критерийлерине шайкештигине, өтүнмөнү толтуруунун толуктугуна, техникалык документтердин болушуна, курулуштун жана башка ченемдердин жана эрежелердин (уруксат берүүчү документтердин, техникалык шарттардын, долбоордук-сметалык документтердин) шайкештигине талдоо жана баалоо жүргүзөт жана критерийлер боюнча баллдарды эсептейт.
14. Берилген документтер шайкеш келбеген учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты өтүнмө берилген күндөн тартып 10 (он) күндүн ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча), ишкердик субъекттерине аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштамаларды жөнөтөт.
15. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты зарыл болгон учурда өтүнмө ээсинен кошумча документтерди сурайт жана өтүнмө ээлери менен долбоорлорду талкуулайт.
16. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты ушул Тартиптин 3 жана 4-тиркемелерине ылайык критерийлер боюнча долбоорлорду тандайт жана ар бир долбоор боюнча корутундулары менен долбоорлор боюнча документтердин көчүрмөлөрүн Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында кароого 10 күн калганда Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөлөрүнө жиберет.
5-глава. Долбоорлорду тандоо жана долбоорлорду каржылоо жөнүндө чечим кабыл алуу
17. Долбоорлорду тандоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын коюлган баллын жана корутундуларын эске алуу менен Баткен облусун өнүктүрүү кеңешинин мүчөлөрү тарабынан жыйналышта жүргүзүлөт.
18. Долбоорду кароонун жана талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин ар бир мүчөсү долбоордук арызды жеке баалайт жана ушул Тартиптин 3 жана 4-тиркемелерине ылайык критерийлердин негизинде баалоо баракчасына ар бир долбоор боюнча жыйынтык баллды (бааны) коёт.
19. Долбоор боюнча баллды жалпы эсептөө Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөлөрү толтурган долбоорду тандоо боюнча баалоо баракчаларынын негизинде жүргүзүлөт.
20. Долбоор боюнча эң жогоркудан эң төмөнкүгө чейин баллдын рейтингинин негизинде каржылоо үчүн долбоорлордун тизмеги түзүлөт.
21. Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөлөрү республикалык бюджеттин каражаттарынан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлордун тизмегин жактыруу жөнүндө чечим кабыл алат, ал Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин чечими түрүндө таризделет.
22. Ар бир долбоор боюнча каржылоонун көлөмү долбоорду каржылоого өтүнмөгө ылайык суралган суммага жараша аныкталат.
23. Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты ушул жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен региондук өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча Жол картасын аткаруу боюнча ар жылдык иш-чаралар планына киргизүү үчүн Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңеш тарабынан жактырылган долбоорлордун тизмегин киргизет.
6-глава. Каржылоо жол-жобосу
24. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чыгымдардын сметасын ачат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн тиешелүү жылга республикалык бюджетте жыл сайын каралган каражаттардын чегинде каржылайт.
25. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү бюджеттик каражаттарды негизги тескөөчү болуп саналат жана чыгашаларды бөлүнгөн каражаттардын чегинде жүзөгө ашырат.
26. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кайрылуусунун негизинде бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган райондук мамлекеттик администрацияларга, облустук жана райондук шаарлардын мэрияларына андан ары каржылоо үчүн субэсептерди ачат.
27. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэриялары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча жол картасын аткаруу боюнча иш-чаралар планына киргизилген долбоорлорду ишке ашырууга эсептик-кассалык операцияларды жүргүзүшөт.
28. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрлери бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
7-глава. Долбоорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо
29. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүлөр боюнча туруктуу иш жүргүзөт:
1) каржыланган долбоорлордун алкагында аткарылуучу иштердин сапатына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо;
2) иштердин долбоордук-сметалык документтерге шайкештигин контролдоо;
3) алынган каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо.
30. Аткар ылган иштерге мониторинг жүргүзүүнүн жана контролдоонун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) квартал сайын Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына каражаттардын пайдаланылышы/өздөштүрүлүшү жөнүндө маалыматтарды берип турат.
31. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты квартал сайын долбоорду ишке ашыруу, каражаттардын пайдаланылышы/өздөштүрүлүшү жөнүндө маалыматты региондорду өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берип турат.
8-глава. Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик
32. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери төмөнкүлөр үчүн тартиптик жоопкерчилик тартат:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумуштарды, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жол-жоболорун жүзөгө ашыруу;
2) долбоорду ишке ашыруунун алкагында подрядчы менен келишимдик мамилелерди аткаруу;
3) долбоорлорду ишке ашырууга багытталган финансы каражаттарын максаттуу пайдалануу;
4) долбоорлорду ишке ашырууда экологиялык жана санитардык ченемдерди сактоо.
33. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аткарылган иштер, объекттерди эксплуатациялоого кабыл алуу жөнүндө отчетторду өз убагында берүү, каражаттарды максаттуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик тартат.
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы N 166 токтому менен бекитилген тартипке 1-тиркеме |
ӨТҮНМӨНҮН ФОРМАСЫ
Өтүнмө берилген күн ____________________________________________________________________ Өтүнмө ээсинин аталышы ________________________________________________________________ Мамлекеттик мекеменин/ЖӨБ аткаруу органынын/ишкердик субъектинин жетекчисинин аты-жөнү _______________________________________________________________________________________ _______________________________________________________________________________________ Байланыш маалыматтары: почта дареги, тел., факс, эл. почта _______________________________________________________________________________________ Долбоордун аталышы ____________________________________________________________________ Суралып жаткан сумманын өлчөмү (миң сом) ________________________________________________ Долбоордун жалпы наркы (миң сом) ________________________________________________________ Долбоордун болжолдуу мөөнөтү ___________________________________________________________ 1. Район/шаар/айылдын көрсөткүчтөрү Калктын саны ___________________________________________________________________________ Айылдардын саны _______________________________________________________________________ Бюджеттик камсыздоонун көрсөткүчүнүн мааниси _____________________________________________ 2. Көйгөйдүн сыпаттамасы Чечүү үчүн бул долбоор багытталган түзүлгөн кырдаалдын жана көйгөйлөрдүн кыска жана так сыпаттамасы берилет (Аталган көйгөйдүн тиешеси бар болгон калктын топтору жана коомдук жашоо чөйрөлөрү жөнүндө так, сандык жана сапаттык маалымат берилет) _______________________________________________________________________________________ _______________________________________________________________________________________ 3. Долбоордун максаты Долбоордун максатын жана бөлүнгөн каражаттардын пайдаланылышын кыскача баяндоо _______________________________________________________________________________________ _______________________________________________________________________________________ 4. Долбоордун милдеттери Долбоордун максатына жетүү үчүн зарыл болгон кадамдарды кыскача баяндоо _______________________________________________________________________________________ _______________________________________________________________________________________ 4-1. Түзүлүүчү жумушчу орундардын саны (экономикалык долбоорлор үчүн) _______________________________________________________________________________________ 4-2. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн күтүлүп жаткан жумуш орундардын саны (экономикалык долбоорлор үчүн) _______________________________________________________________________________________ |
|
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы N 166 токтому менен бекитилген тартипке 2-тиркеме |
Баткен облусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардын эсебинен каржылоону кароо үчүн зарыл болгон документтердин ТИЗМЕГИ
1. Техникалык документтер жана уруксат берүүчү документтер (мисалы: архитектуралык-пландоо тапшырмасы, инженердик-пландоо тапшырмасы, объекттин долбоору ж.б.у.с.).
2. Дефект актысы.
3. Долбоордун деталдуу сметасы жана бюджети (долбоор боюнча иштердин наркын эсептөө, материалдардын жана жабдуулардын наркын эсептөө, жыйынды бюджет жана каржылоо планы).
4. Жалпы жарандык паспорттун, каттоо жана уюштуруу документтеринин гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (устав, каттоо жөнүндө күбөлүк, патент).
5. МСФО тарабынан белгиленген формага ылайык акыркы үч жыл ичиндеги финансылык отчеттуулук (эгер финансылык отчеттуулук жүргүзүлбөсө, анда салык декларациясы берилет) жана салык кызматынын мөөрү менен ырасталган кирешелер жөнүндө декларация.
|
| 2.1-тиркеме |
__________________________________ инфраструктура объектин текшерүүнүн ДЕФЕКТ АКТЫСЫ
Айыл/шаар ___________________________________________
Айыл аймагы _____________________________________________
Датасы _______________________________________________
Текшерүүнүн максаты: объекттин негизги конструкцияларынын жана элементтеринин техникалык абалын, оңдоо иштеринин көлөмүн, керектүү материалдардын жана жабдуунун түрлөрүн жана санын комиссия менен аныктоо.
Комиссиянын курамы: (мамлекеттик мекеменин, АК/АӨ өкүлдөрү; ИГ өкүлдөрү; коомчулуктун, КЭУ көз карандысыз өкүлдөрү; чакырылган техникалык эксперт)
№ | Комиссия мүчөсүнүн аты-жөнү | Уюм | Комиссиядагы кызмат орду |
1 |
|
|
|
2 |
|
|
|
Текшерүүнүн жыйынтыктары:
№ | Объекттин негизги элементтери | Техникалык абалы | Зарыл болгон оңдоо иштеринин түрү | Иштин көлөмү | Керектүү материалдар | Саны |
1 | Фундамент |
|
|
|
|
|
2 | Дубалы |
|
|
|
|
|
3 | Чатыр |
|
|
|
|
|
4 | Тышкы жасалга |
|
|
|
|
|
5 | Ички жасалга |
|
|
|
|
|
6 | Жылытуу системасы |
|
|
|
|
|
7 | Пол |
|
|
|
|
|
Техникалык абалын баалоо: "жакшы", "канааттандырарлык", "канааттандырарлык эмес", "авариялык абалда".
Колу:
№ | Комиссиянын мүчөлөрүнүн аты-жөнү | Уюм | Комиссиядагы кызмат орду |
1 |
|
|
|
2 |
|
|
|
|
| 2.2-тиркеме |
Долбоордун деталдуу сметасы жана бюджети
1-таблица. Долбоор боюнча иштин наркын эсептөө
№ | Долбоордун курамы жана иштин түрү | Өлчөө бирдиги | Көлөмү же саны | Бирдигинин баасы | Жалпы наркы (сом) | Каржылоо/салым булагы | ||
Суралып жаткан сумма | Республикалык/ жергиликтүү бюджет | Башка булактар | ||||||
1. |
|
|
|
|
|
|
|
|
1.1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Иштин 1 түрү боюнча жалпы |
|
|
|
|
|
|
|
2. |
|
|
|
|
|
|
|
|
2.1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Иштин 2 түрү боюнча жалпы |
|
|
|
|
|
|
|
| Жалпы: |
|
|
|
|
|
|
|
2-таблица. Долбоор боюнча сатып алынуучу материалдардын жана жабдуулардын наркын эсептөө
№ | Сатып алынуучу материалдардын жана жабдуулардын түрлөрү | Өлчөө бирдиги | Көлөмү же саны | Бирдигинин баасы | Жалпы наркы (сом) | Каржылоо/салым булагы | ||
Суралып жаткан сумма | Республикалык/ жергиликтүү бюджет | Башка булактар | ||||||
1 | Материалдар |
|
|
|
|
|
|
|
1.1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Материалдар боюнча жалпы |
|
|
|
|
|
|
|
2 | Жабдуулар |
|
|
|
|
|
|
|
2.1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жабдуулар боюнча жалпы |
|
|
|
|
|
|
|
| Жалпы: |
|
|
|
|
|
|
|
3-таблица. Долбоор боюнча жыйынды бюджет жана каржылоо планы
| Долбоор боюнча чыгымдар беренеси | Жалпы бюджет | Каржылоо/салым булагы | |
Республикалык бюджет | Башка булактар | |||
1 | Иштин наркы |
|
|
|
2 | Материалдардын наркы |
|
|
|
3 | Жабдуулардын наркы |
|
|
|
4 | Башка |
|
|
|
| Бардык чыгымдар: |
|
|
|
|
| 2.3-тиркеме |
Долбоорду ишке ашыруу планы
1-таблица. Иштерди аткаруунун пландуу жана иш жүзүндөгү мөөнөттөрү
№ | Иштин түрлөрү | Мөөнөтү | Иштерди аткаруунун пландуу жана иш жүзүндөгү мөөнөттөрү | |||||||||||||||
_______ ай, жума | _______ ай, жума | _______ ай, жума | _______ ай, жума | |||||||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 1 | 2 | 3 | 4 | 1 | 2 | 3 | 4 | 1 | 2 | 3 | 4 | |||
1 |
| План |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Факт |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 |
| План |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Факт |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3 |
| План |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Факт |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
4 |
| План |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Факт |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы N 166 токтому менен бекитилген тартипке 3-тиркеме |
Баткен облусун өнүктүрүү программасын ишке ашырууга бөлүнүүчү каражаттардын эсебинен каржылоо үчүн социалдык, инфраструктуралык долбоорлорду баалоо критерийлери (баалоо баракчасы)
Долбоордун аталышы: ______________________________________________________________
Уюмдун аталышы ________________________________________________________________
(жергиликтүү мамлекеттик администрация/айыл аймагы/мэрия)
Район: ________________________________________________________________________
Айыл аймагы/шаар: ________________________________________________________________
Критерийдин аталышы | Индикатордун баяндалышы | Баалоо баллы | Иш жүзүндөгү балл (баасы) |
1. Өтүнмөнүн негиздемеси | Негиздөө төмөн | 5 |
|
| Негиздөө орточо | 10 |
|
| Негиздөө жогорку | 20 |
|
2. Көйгөйдүн актуалдуулугу жана мааниси | Төмөн - көйгөй актуалдуу эмес, көйгөйдү чечүү калктын жашоо сапатын жакшырта албайт | 5 |
|
| Орто - көйгөйдү чечүү калктын жашоо сапатын жакшыртат | 10 |
|
| Жогорку - көйгөйдү чечүү калктын жашоо шарттарын калыбына келтирүү жана сактоо үчүн зарыл | 15 |
|
3. Артыкчылыгын аныктоодо коомчулуктун катышуусу | социалдык мобилизациялоо жүргүзүлгөн жок | 0 |
|
| социалдык мобилизациялоо айрым жарандардын айрым топторунун катышуусу менен жүргүзүлдү | 10 |
|
| социалдык мобилизациялоо калктын калың катмарын тартуу менен жүргүзүлдү | 20 |
|
4. Техникалык документтердин болушу | техникалык документтердин талаптарга шайкеш эместиги | 0 |
|
| техникалык документтердин талаптарга жарым-жартылай шайкештиги | 10 |
|
| техникалык документтердин талаптарга толук шайкештиги | 20 |
|
5. Жергиликтүү бюджеттен, эл аралык уюмдардан жана башка булактардан салымдын болушу | жергиликтүү бюджеттин, коомчулуктун, донорлордун салымынын жоктугу | 0 |
|
| жергиликтүү бюджеттин, коомчулуктун, донорлордун салымы долбоордун жалпы наркынын 50%ынан төмөн | 5 |
|
| жергиликтүү бюджеттин, коомчулуктун, донорлордун салымы долбоордун жалпы наркынын 50%ынан жогору | 10 |
|
6. Долбоорду ишке ашырууда калктын эмгектик катышуусунун же материалдык салымынын болушу | калктын эмгектик катышуусу же материалдык салымы жок | 0 |
|
| калктын эмгектик катышуусу же материалдык салымы жалпы салымдын 50%ынан төмөн | 5 |
|
| калктын эмгектик катышуусу же материалдык салымы жалпы салымдын 50%ынан жогору | 10 |
|
7. Долбоор ишке ашырыла турган калктуу конуштун чек ара аймагынын өзгөчө статусунун болушу | статусу жок | 0 |
|
статусу бар | 10 |
| |
8. Долбоор ишке ашырыла турган айылдын бийик тоолуу жана алыскы статусунун болушу | статусу жок | 0 |
|
статусу бар | 10 |
|
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы N 166 токтому менен бекитилген тартипке 4-тиркеме |
Баткен облусун өнүктүрүү программасын ишке ашырууга бөлүнүүчү каражаттардын эсебинен каржылоо үчүн экономикалык долбоорлорду баалоо критерийлери (баалоо баракчасы)
Долбоордун аталышы: _____________________________________________________________
Уюмдун аталышы ______________________________________________________________
(жергиликтүү мамлекеттик администрация/айыл аймагы/мэрия)
Район: ____________________________________________________________________
Айыл аймагы/шаар: _______________________________________________________________
Критерийдин аталышы | Индикатордун баяндалышы | Баалоо баллы | Иш жүзүндөгү балл (баасы) |
1. Күтүлүүчү жумушчу орундардын саны | - 5 адамга чейин | 5 |
|
| - 5тен 10 адамга чейин | 10 |
|
| - 10дон ашык адам | 20 |
|
2. Жергиликтүү сырьену колдонуу | колдонулбайт | 0 |
|
колдонулат | 15 |
| |
3. Долбоорду талкуулоого жана тандоого бизнес коомчулугун тартуу | ишкерлер менен талкуулар жүргүзүлгөн эмес | 0 |
|
| ишкерлердин катышуусу төмөн | 5 |
|
| ишкерлердин катышуусу жогору, долбоорду талкуулоо боюнча чогулуштардын протоколдору бар | 10 |
|
4. Техникалык документтердин болушу | техникалык документтер талаптарга шайкеш келбейт | 0 |
|
| техникалык документтер талаптарга жарым-жартылай шайкеш келет | 10 |
|
| техникалык документтер талаптарга толук шайкеш келет | 20 |
|
5. Мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн пландаштырылган жумушчу орундар | пландалган эмес | 0 |
|
| - 5 жумушчу орунга чейин | 10 |
|
| - 5тен 10 жумушчу орунга чейин | 20 |
|
6. Мамлекеттик/муниципалдык менчиктин объекттерин каржылоонун экономикалык тобокелдиктери | тобокелдиктер жогору, объект өндүрүштүк иште колдонулат жана долбоорду ишке ашыруу ийгиликсиз болгон учурда объект (жабдыктар, шаймандар) өзүнүн наркын жоготот | 0 |
|
| тобокелдиктери орточо, объект башка инвестициялык долбоорлор (имарат, тосмолор, курулуш жабдуулары) үчүн пайдаланылышы мүмкүн | 10 |
|
| тобокелдиктер төмөн, объект бир эле учурда жергиликтүү маанидеги маселелерди (трансформатор, скважина, жүк ташуучу автомобиль, трактор ж.б.) чечүү үчүн колдонулушу мүмкүн | 20 |
|
7. Долбоордун инновациялуулугу | инновация жок | 0 |
|
| инновациялар белгилүү бир уюмдун ишин жакшыртууга таасирин тийгизет | 5 |
|
| инновациялар аймактагы бул тармактын өнүгүшүнө таасирин тийгизет | 10 |
|
8. Долбоор ишке ашырыла турган калктуу конуштун чек ара аймагынын өзгөчө статусунун болушу | статусу жок | 0 |
|
статусу бар | 10 |
| |
9. Долбоор ишке ашырыла турган калктуу конуштун бийик тоолуу жана алыскы статусунун болушу | статусу жок | 0 |
|
статусу бар | 10 |
| |
10. Өз салымынын болушу |
| 5 |
|