Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 65 токтомуна) |
"Манас" - улут биримдиги жана ынтымагы" маалымат өнөктүгүнүн КОНЦЕПЦИЯСЫ
I. Киришүү
XXI кылымдагы социалдык-маданий трансформациялоо материалдык эмес маданий мурасты трансляциялоо мамилелерине, аны калыбына келтирүү мүмкүнчүлүктөрүнө жана муундардын ортосунда өткөрүп берүү ыкмаларына олуттуу таасирин тийгизген. Өнөр жайдын жана өндүрүштүн өнүгүшү, урбанизация, идеологиялык, андан кийин глобалдашуу процесстери коомдун социалдык түзүмүн гана өзгөртпөстөн, региондордун маданий өзгөчөлүгүнүн бузулушуна шарт түздү, ал эми айрым учурларда турмуш-тиричиликтин маани-маңызы жоголгондугуна байланыштуу "тирүү" мурастын айрым объекттеринин жок болуп кетүү коркунучун жаратты. Ушуга байланыштуу тарыхый-маданий мурастын элементтерин сактоо жана өнүктүрүү боюнча коомдук жана мамлекеттик иштин маанисин заманбап жашоодо жогорулатуу зарыл.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 1 "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" Жарлыгында "руханий-адеп-ахлактык, маданий баалуулуктарды жана технологиялык прогресстин жаңы жетишкендиктерин кылдат жана акылга сыярлык айкалыштыруу мамлекеттүүлүктү да, элдин биримдигин да сактай алат" деп аныкталган. Ошондой эле өлкөнүн Президенти кыргыз элинин жана Кыргыз Республикасында жашаган бардык улуттардын жана элдин каада-салтына, үрп-адатына таянып, биз цивилизацияга жетишкен жана гүлдөгөн мамлекетти ийгиликтүү куруп, алдыга илгерилей ала турганыбызды баса белгилеген.
Ата-бабалардын миң жылдык тарыхый жолундагы руханий табылгаларын, турмуштук тажрыйбасын, башынан кечирген ар кандай кырдаалдар жөнүндөгү маалыматтарды өзүнө камтыган баалуу казынанын милдетин аткарган кыргыз элинин негизги материалдык эмес мурасы "Манас" эпосу болуп саналат.
2027-жылдарга чейинки мезгилге каралган "Манас" - улут биримдиги жана ынтымагы" концепциясы "Манас" эпосун кеңири жайылтуу боюнча маалыматтык саясат аркылуу мамлекеттин маданий прогрессинин көз карашын билдирет жана өлкөнүн материалдык эмес маданий мурасын өнүктүрүүнүн принциптерин, негиздерин жана артыкчылыктуу багыттарын аныктайт.
Концепция "Маданият жөнүндө", "Манас" эпосу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Концепцияда дүйнөлүк маалыматтык өнүгүүнүн жаңы тенденцияларын, интеллектуалдык жана маданий потенциалды эске алуу менен орто мөөнөттүү келечекте "Манас" эпосун кеңири жайылтуу боюнча мамлекеттик саясатты өнүктүрүүнүн артыкчылыктары, калыптандыруу принциптери жана ишке ашыруу механизмдери түзүлгөн.
II. Концепцияда колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Концепцияда төмөндөгүдөй терминдер колдонулат:
материалдык эмес маданий мурас - улуттук баалуулуктардын, руханий мурастын, интеллектуалдык мурастын фондун камтыган улуттук дөөлөт;
тарыхый мурас - географиялык топонимдер, ачык асман алдындагы тарыхый эстеликтер;
гипертекст - "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторунун классикалык варианттарынын сюжеттик-композициялык түзүмүнөн турган бүткүл мазмундук талаасы;
убакыт жана мейкиндик - "Манас" эпосу дүйнөсүнүн убакыты жана мейкиндиги;
баалуулук - бул кыргыз элинин улуттук менталитетин чагылдырып турган баалуулук, элдин нукура өзүнө гана таандык кулк-мүнөзүнөн баш алган каада-салтынын, үрп-адатынын, ырым-жырымынын, ишениминин, тарбия берүү эрежелеринин жыйындысы;
руханий-адеп-ахлактык баалуулуктар - адамдардын бири-бирине, үй-бүлөгө жана коомго болгон мамилелериндеги достук жана кастык, жалган жана чындык критерийлерине. негизделген башкы ченемдер жана принциптер.
III. "Манас" - улут биримдиги жана ынтымагы" маалымат өнөктүгүнүн концепциясынын негизги принциптери
Ушул Концепциянын алкагында аныкталган багыттар боюнча иштелип чыккан бардык программалар төмөнкүдөй принциптерге шайкеш келиши керек:
- улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтык аркылуу тынчтыктын, күчтүн жана туруктуулуктун ишенимдүү фактору катары мекендин биримдигин чындоо;
- улуттук ар-намыс - келечек муунду улуттук ар-намыска атуулдук милдетке, мекенди сүйүүгө, ага жан дилинен кызмат кылууга тарбиялоо;
- кызматташтык аркылуу улуттук баалуулуктарды сактоо, улуттар аралык ынтымакты жана мамлекеттин өзгөчөлүгүн чыңдоо;
- "Өлүү болсок бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө бололу!" - деген ураандын алдында биригүү.
IV. Концепциянын багыттары максаты жана милдеттери
"Манас" - улут биримдиги жана ынтымагы" маалымат өнөктүгүнүн концепцясынын маңызы ушул теманы толук кандуу туюндуруу максатында ар тараптан иштелип чыккан. Ал төмөнкүдөй багыттарды камтыйт:
Улут биримдиги - Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, бул эне тилине, дин тутуусуна жана расасына карабастан тең укуктуу кыргыз коомунун биримдиги, ошондой эле мамлекеттин өзгөчөлүгүн сактоо жөнүндөгү туюндурма жана ага кам көрүү.
Географиялык ареал - "Манас" эпосунун гипертекстинде камтылган Борбор Азия региону, бабалар жашаган жерлер, анда кездешүүчү этностор, тарыхый-географиялык, топонимикалык жана ономастикалык аталыштар, алардын тарыхый издерди, кыргыз тилинин бир муундан түзүлүшү ж.б. Ушулардын бардыгы кыргыз элинин байыркы тилинен өнүп чыкканы, жалпы алтай альянсына кирген түрк тилдүү элдердин туткасы болуп элдин биримдигин чыңдашы керек.
Элдик каада-салттар жана үрп-адаттар - кыргыз эли адамзаттын тарыхындагы эң байыркы элдердин бири болуусу менен Кыргызстандын башка негизги, байырлаган элдеринде сакталган баалуулуктардын эрежелеринин типологиялык окшоштуктарынын болушу, жалпы алтай альянсына кирген түрк тилдүү элдердин маданий жан дүйнөсүнө жуурулушуп кетиши, ошондой эле инсандын руханий жактан калыптанышына тийгизген таасири зор экени, алардын "Манаста" сакталышы идеологиялык мааниге ээ.
Социалдык теңдик - Кыргыз Республикасынын Конституциясында, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана башка мыйзам актыларында каралгандай ар бир кыргыз жараны (этнос) мамлекеттин өзгөчөлүгүн сактоо менен өзүнүн тилин, каада-салтын, маданиятын сактоого, даңазалоого жана жайылтууга, ошондой эле улуттук идеологияны тутууга укуктуу, бул "Манаста" биримдик жана ынтымак үчүн жанын берүүгө даярдык катары чагылдырылган.
Толеранттуулук - өлкөбүздө туулган ар бир жарандын бала кезинен улуттук баалуулуктарды сактоого кам көрүүсү "Манаста" чоң мааниге ээ;
баланын коомдо руханий адеп-ахлактык багытта этабы менен калыптануусу;
ата-эне менен баланын ортосундагы мээрими, жылуу мамилеси, пикир алмашуусу, бири-бирине кам көрүүсү;
баланын билим алуусуна коммуникативдик көндүмдөрдү калыптандырууда мугалим билим берүүчү, насаатчы, жол көрсөтүүчү лидер, анык чебер жана даанышман болууга тийиш;
мамлекетте, коомдо жана үй-бүлөдө аял затынын жана эркектин ролу, абалы жана функциясы;
ата-эне очогу жана түндүгү - баланы чоң турмушка даярдоодо негизги психологиялык тирек, аны баалай билүү;
баланы ар тараптуу өнүктүрүү максатында ага колдоо көрсөтүү, заманбап технологиялык өнүгүүнүн нугуна багыттоо, ага кам көрүү,
Инсандын руханий дүйнөсүн калыптандыруудагы патриотизм "Манаста" төмөнкүдөй баяндалат:
Ата мекен түшүнүгү - "туулган жердин топурагы алтын", мекенден артык ыйык жер, ушул сыяктуу тирек, жылуулук, сыймык жана сүйүү табылбас;
Кыргызстан "Манаста" - жылдын төрт мезгилинин кереметине толгон бейиштин төрү, жер казынасы, суусу мол жер, жаратылышы флорага жана фаунага бай, экологияга аяр мамиле кылуу, аны көздүн карегиндей сактоо зарылдыгы өзгөчө белгиленген;
адамзатка таандык болгон даанышмандык, темирдей тартип, тынымсыз эмгек, эрктүүлүк, каармандык, эрдик, чечкиндүүлүк, ынсаптуулук, чындык жана гумандуулук менен катары эркиндикти, эркин ойлуулукту камсыз кылууда ар бирибиздин жүрөгүндө ата мекенди сүйүү жана патриоттуулук сезими болушу керек;
"Манастагы" мамлекеттин өзгөчөлүгү жана демократия -улуттук идеологиянын өзөгү;
өзүн таануу - мамлекетке күчтүү тиректи аңдап камсыз кылуу.
V. Концепциянын максаты жана милдеттери
Концепциянын максаты - кыргыз элинин тарыхын, каада-салтын, үрп-адатын, ырым-жырымын, адеп-ахлактык жүрүм-турумун, эстетикалык маданиятын, рухий жана коомдук турмуштун ар кыл жактарын чагылдыруу менен заманга жараша маданий кайра жаралуу принцибинде жана духунда тарбиялоо жана үндөө. Жаш муундун руханий маданиятын калыптандыруу жана байытуу, "Манастын" баалуулугун калктын кеңири катмарына жеткирүү, жаңы муунду туура багытта тарбиялоо.
Максатка жетүү:
- "Манас" эпосунун сюжеттик композициясында чагылдырылган баалуулуктардан: улуттук идеология, мамлекеттүүлүк, адамдын руханий жактан калыптануусу, элдин биримдиги, эркиндик, толеранттуулукту жайылтуу жана кеңейтүү, руханий жактан жаңылануу, жаш муунду тарбиялоо аркылуу.
"Манас" - улут биримдиги жана ынтымагы" маалымат өнөктүгүнүн концепциясынын артыкчылыктуу милдеттерин чечүү үчүн бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жана натыйжалуу жыйынтыктарга жетүү үчүн талыкпастан эмгектенүү;
- Кыргызстанда жашаган ар бир жаран, ар бир кыргыз, жогоруда белгиленген максаттарды ишке ашырууда мыйзамдын чегинен чыкпастан патриоттуулук менен атуулдук милдетин аткарууга тийиш.
VI. Концепциянын чаралары жана механизмдери
Жогоруда белгиленген милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй иш-чараларды аткарууну камсыз кылуу зарыл:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы - "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыктын алкагында уюштурулган иш-чаралар боюнча пресс-релиздерди даярдоо жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жайылтуу, маданий массалык иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле ар кандай темадагы республикалык илимий-теориялык, эл аралык практикалык конференцияларды, симпозиумдарды, тегерек столдорду, класстерлерди жана конкурстарды өткөрүү;
- кеңири жайылтуу үчүн "Манас" эпосунун эң мыкты делген классикалык варианттарынын негизинде түзүлгөн окумуштуу адистердин элегинен өткөн, элге сиңген, балдарга жетимдүү кыска кара сөз жана ыр түрүндөгү варианттарын көп нускада басып чыгаруу жана жайылтуу;
- кыргыз элинин маданий жана руханий кайра жаралуусунун нугунда өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоо боюнча бала бакчаларда, жалпы орто билим берүүчү жана жогорку окуу жайларында бир катар долбоорлорду ишке ашыруу;
- өсүп келе жаткан муундун жана чоңдордун аң-сезимине таасир этүүчү мамлекеттик телеканалдардагы элдик баалуулуктар жөнүндө атайын берүүлөрдүн долбоорлорун иштеп чыгуу;
- адистердин, окумуштуулардын жана "Манас" ысмын алып жүргөн жамааттардын жана бирикмелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда телерадиодо "Манастын" классикалык версияларынын комплекстүү көйгөйлөрү жана "Манас таануу" боюнча берүүлөрдү байма-бай уюштуруу;
- мамлекеттик телеканалдарда "Манас" эпосу боюнча документалдык жана көркөм фильмдерди көрсөтүү;
- ыр искусствосу жана күү жанрларында конкурстарды, "Манаска" байланыштуу этномаданий үлгүдөгү чыгармаларга, анын ичинде сүрөт жана скульптура боюнча конкурстарды уюштуруу;
- "Манас" эпосунун сюжеттик окуяларынын негизинде анимациялык фильмдер сериясын тартуу.
VII. Каржылоо булактары
1. Республикалык бюджет.
2. Жергиликтүү бюджеттер.
3. Атайын каражаттар.
4. Демөөрчүлүк каражаттар.
5. Коомдук фонддордун каражаттары.
6. Гранттык каражаттар.
VIII. Күтүлүүчү натыйжалар
Бул Концепцияны ишке ашыруу төмөнкүлөргө өбөлгө түзөт:
- "Манас" эпосунда баяндалган салттуу билимдерге жана эрежелерге ылайык, улуттук духта, инсандын руханий маданиятын жогорулатуу нугунда тарбияланган жаңы муунду калыптандырууга, көп улуттуу элдин биримдигин бекемдөөгө салым кошууга, жаш балдардан чоңдорго чейин өзүн-өзү таанууга, патриоттуулукка окутууга жана тарбиялоого багыттоого;
- элибиздин ар бир муунун социалдык-маданий ишке тартууга, "Манастын" идеяларынын алкагында кичинеден чоңго чейин маданий дүйнөнү жаңылоого жана жандандырууга, улуттук идеологияны өркүндөтүүгө, мамлекеттин өзгөчөлүгүн бекемдөөгө, кыргыз тилине муктаждыкты түзүүгө, руханий баалуулуктарды сактоого.
IX. Корутунду
"Манас" - улут биримдиги жана ынтымагы" маалымат өнөктүгүнүн концепциясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маданий кайра жаралуу доорунун жаңы барагы болуп саналат.
Мамлекет башчысынын 2022-жылдын 22-апрелиндеги "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы - "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгы улуттук идеологияны чыңдоо жана кыргыз элин элдик баалуулуктарга негизделген эрежелер менен айкалышкан анын бай маданий мурасы чыгармачылык потенциалы менен консолидациялоо боюнча стратегиялык лидер болууга арналган "Манас" эпосунун негизинде турган улуттук руханий модернизациялоо жана улуттук аң-сезим идеясы жөнүндө айтып турат.
Бүгүнкү күндө маданиятты жана маданий потенциалды өнүктүрүү дүйнөнүн көптөгөн элдерин жана мамлекеттерин өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Ийгиликтин маанилүү критерийлеринин бири маданий өнүктүрүүнүн деңгээлин көтөрүү, маданият мекемелеринин натыйжалуу иштеши элдин кеңири катмарынын маданий аң сезимине түздөн-түз таасирин тийгизет.
Жалпы контекстте бул Концепция менен байланышкан багыттардын бири кыргызстандыктар үчүн заманбап комплекстүү имараттарды куруу, шаар куруу индустриясын өнүктүрүү болуп саналат. Эл үчүн турак жай имараттарын курууда мамлекет алардын социалдык жана экономикалык шарттарына кам көрүүгө тийиш, ошону менен бирге кыргыз колоритиндеги имараттар шаарлардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртып гана тим болбостон, эл жана чет өлкөлүк коноктор үчүн энергетикалык булак болушу керек.
Ушул көз караштан караганда улуттук колоритти сактоо менен жаңы форматта жана жаңы деңгээлде чыгармачылык менен иштелип чыккан архитектуралык курулмалар, улуттук идеологиянын уңгусу болуп саналган "Манастагы" символдук элементтер адамдардын көрүү, угуу, кабылдоо жана эске тутуу сезимдерине зор таасирин тийгизмек.
Руханий жана маданий кайра жаңылануунун маанилүү аспекттеринин бири улуттук жана дүйнөлүк маданий мурасты сактоону жана байытууну камсыз кылган механизмдердин болушу, чыгармачылыкты колдоо, аны практикалык колдонуу, сапаттуу маданий баалуулуктардын маанисин кеңири коомчулукка жеткирүү, маданий тажрыйба алмашуу, келечекте атайын кадрларды даярдоо, инсанды руханий-адеп-ахлактык жактан өнүктүрүү, чыгармачылык өнүктүрүү жана активдүү иштөөгө шарт түзүү болуп саналат.
Ийгиликтүү мамлекеттин маданий саясаты жаратман баалуулук багыттарын калыптандыруунун негизинде коомдун руханий кайра жаралуусуна жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин турмушунун бардык маанилүү тармактарын өнүктүрүүнүн сапаттуу чарасы болуп саналат.
Маданият жаатындагы жетишкендиктер маданият бөлүмдөрүнүн, мекемелеринин иши, статистиканын сандык көрсөткүчтөрү жана белгилүү ысымдардын болушу менен гана өлчөнбөйт. Маданият бүгүнкү күндө инсандын руханий-эстетикалык өнүгүүсүнүн, улуттук биримдикти калыптандыруунун жана өлкөнү дүйнөлүк коомчулукка интеграциялоонун кубаттуу куралы болуп саналат. Улуттук жана маданий тамырлар, тарыхый тажрыйба, мыкты каада-салттар, ошондой эле улуттун жеке өзүнө таандык болгон өзгөчөлүгүн сактоо бул жерде негизги таяныч болуп кала берет.
Руханий маданияттын ролун түшүнүүгө заманбап мамиле жаңы социалдык-маданий чөйрөнү калыптандырууну талап кылат, анын маанилүү багыттары атаандаштыкка жөндөмдүүлүк, прагматизм, улуттук өзгөчөлүктү сактоо болуп саналат, билим берүүгө, аң-сезимдин айкындыгына жана мамлекетти өнүктүрүүнүн эволюциялык жолуна өзгөчө көңүл бурулат.
Ушул шарттарда руханий маданияттын кайра жаралуу саясатынын олуттуу артыкчылыгы болуп коомдун чыгармачыл ишке болгон мамилесин өзгөртүү жана инсандын, бизнестин жана жалпы мамлекеттин ийгилигинин маанилүү аспектилери катары анын атаандаштык артыкчылыктарын жогорулатуу саналат.
Бул үчүн биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын жакынкы келечекте өнүккөн өлкөлөрдүн катарына киришине өбөлгө түзүү зарыл, ошондой эле инфраструктураны жана маданий чөйрөнү уюштуруунун жана башкаруунун заманбап дүйнөлүк стандарттарга негизделген натыйжалуу моделин түзүү талап кылынат.
"Манастын" руханий маданиятынын нугунда кайра жаралуу саясатын камтыган, экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмуна кирген өлкөлөрдүн алдынкы тажрыйбаларын эске алуу менен алардын негизинде иштелип чыккан Концепция маданият жана искусство индустриясын чыңдоого багытталган Концепциянын бир тарабын толуктап турат.
Мындай шартта материалдык эмес маданий мурас экономикалык ресурстардын бири болуп саналат, бизнес-демилгелер үчүн жагымдуу маданий интеллектуалдык инвестициялык чөйрө болуп эсептелет, искусство жана маданият уюмдарынын айрым түрлөрүн экономикалык жактан рентабелдүү (кирешелүү) деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берет, атап айтканда: киноиндустрия, анимация, цирк искусствосу, музей, концерттик-театрдык иш, сүрөт, архитектура, скульптура жана башкалар.
Багытталган принцип боюнча калыптанган жана эгемендүүлүк жылдары интенсивдүү өнүгүүгө бет алган интеллектуалдык маданий дүйнө менен кызматташуу Кыргыз Республикасынын тарыхый маданиятын андан ары өнүктүрүүнүн базалык платформасы катары кызмат кылат.
Миңдеген китепканалардын санариптик түрдө өнүгүшү, илимий борборлордун заманбап мезгилде ийгиликтерди жаратууга умтулушу, музейлер, кинотеатрлар, маданий жана эс алуу парктары, зоопарктар жана балдар үчүн цирктер ж.б. маданий жана руханий байытуу объекттери болуусу менен улуттук идеологияны колдоого өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасында акыркы 40-50 жылда маданий заманбап улуттук колоритти пайдалануу менен маданий мураска жана баалуулуктарга арналып салынган инфраструктуралык мекемелер курулбаганына карабастан руханий кризистен чыгууга жардам берүүчү үмүткө жетелеген концепциялар бар.
Илимий чөйрөдөгү илимпоздор үчүн, маданий чөйрөдөгү маданий ишмерлер үчүн мындай институттардын болушу зарыл. Илимде, маданияттын жана искусствонун бардык жанрларында алар көргөзмөлөргө жана форумдарга, симпозиумдарга, конгресстерге катышуу, чет элдик фестивалдарга жолдомолорду алуу, конкурстарга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек.
Кыргыз искусствосунун негизги жанрларынын бири болгон классикалык музыкада улуттук идеологиянын өзөгүн түзгөн "Манас" эпосунун темасындагы классикалык чыгармалар жазылып, театрларда ойнолуп, аткарылып, көрөрмандардын назарын буруусу зарыл.
Бул Концепция элибиздин руханий кайра жаралуу маданий саясатын жүргүзүүдө улуттук маданияттын негизин сактоо менен классикалык кесиптик чеберчиликке үйрөтүүчү аянтчаларды күчөтүүгө, этномаданий чөйрөнү "Манастын" духунда колго алууга үндөйт.
Биздин эл "Манас" тууралуу учкай сөз айта алганы менен, ал кыргыз болмогунун маңызы, баа жеткис руханий азыгы экенин толук түшүнө элек.
"Манас" эпосунун адамзатынын ар тараптуу калыптанышындагы мааниси "Манас" эпосу элибиздин төрөлгөндөн өлгөнгө чейинки жашоосун жана руханий маданиятын, изин, азабын, кубанычын, кайгысын, кыялдарын, эркиндикке жетүү жолундагы бактысын чагылдыруу, өткөндү баалоо менен туюндурулат, мунун баары кыргыздардын ар бир муунун ата-бабалардын тажрыйбасынын кенчи катары баалоого түрткү берген түбөлүктүү уникалдуу баалуулук болуп саналат.