Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-декабры № 712
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү үчүн социалдык-экономикалык мааниге ээ болгон стратегиялык объектилерди тартипке келтирүү жана категорияларга бөлүү максатында, "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегинин "Жашоо-тиричиликти камсыз кылуучу объектилер" графасында:
- "А" категориясы (өтө маанилүү объектилер)" бөлүмүндө:
7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Төрт-Күл";
төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8. Ак-Суу (Исфара) дарыясында жайгашкан башкы суу топтоочу курулма (БСАК) ага жакын жайгашкан узундугу 19,7 км болгон суу агып келүүчү каналы менен";
- "Б" категориясы (маанилүү объектилер)" бөлүмүнүн 17-пунктунун сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |