ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-декабрындагы № 712 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99»Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Токтому

Редакция23.12.2022 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 23-декабры № 712

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү үчүн социалдык-экономикалык мааниге ээ болгон стратегиялык объектилерди тартипке келтирүү жана категорияларга бөлүү максатында, "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегинин "Жашоо-тиричиликти камсыз кылуучу объектилер" графасында:

- "А" категориясы (өтө маанилүү объектилер)" бөлүмүндө:

7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"Төрт-Күл";

төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:

"8. Ак-Суу (Исфара) дарыясында жайгашкан башкы суу топтоочу курулма (БСАК) ага жакын жайгашкан узундугу 19,7 км болгон суу агып келүүчү каналы менен";

- "Б" категориясы (маанилүү объектилер)" бөлүмүнүн 17-пунктунун сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин

              Төрагасы

 

А.У.Жапаров