Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-марты № 129
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 "Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 "Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөрүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жободо:
- 33-пункттун "а" пунктчасындагы "1 жана 2-формалар боюнча" деген сөздөр "1, 2, 4-формалар боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 9-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 4-форма менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
"4-форма
20___-ж. _____________________ электрондук лотерея өткөрүү жөнүндө ОТЧЕТ
Тираждын номери жана датасы __________________
Лотереяны уюштуруучу __________________________________________________________________________ (аталышы, юридикалык дареги, телефон номери)
Лотереянын аталышы ___________________________________________________________________________
Лотерея ишин жүзөгө ашырууга лицензия берилген номер жана дата
______________________________________________________________________________________________
Электрондук лотереялык программаны даярдоочу
______________________________________________________________________________________________ (аталышы, юридикалык дареги, телефон номери)
№ | Көрсөткүчтөр |
|
1 | Сатылган лотереялык билеттердин саны (даана) |
|
2 | Сатылбаган лотереялык билеттердин саны (даана) |
|
3 | Лотереялык билеттин баасы (сом) |
|
4 | Лотерея өткөрүүдөн түшкөн акча (сом) |
|
5 | Отчеттук мезгилдин башына карата түзүлгөн сыйлык фонду (сом) |
|
6 | Лотереянын сыйлык фонду (%) |
|
7 | Иш жүзүндө төлөнгөн сыйлык фонду (сом) |
|
8 | Сыйлык фондунун талап кылынбаган бөлүгү (сом) |
|
9 | Лотереянын кирешеси (сом) |
|
10 | Лотереяны өткөрүүгө сарпталган чыгымдар (сом) |
|
Лотереяны уюштуруучунун жетекчиси |
|
|
_________________________________________ колу _________________ (кызмат орду, аты-жөнү) |
| |
М.О.".